АҢГЕМЕ

Көккө тирешкен Улуу Тоонун койнундагы жумушчулардын шаарчасы. Ал төбөсүнөн асманга, теребелинен тоого курчалып… заңгыраган үйдүн ичиндеги ар кай жерге аземделип коюлган асыл буюмдар сыяктуу.

Бөлөк шаарларда көчөлөр болсо, мунуку — аянтчалар.

Шаарчанын борбору кууш капчыгайдагы асканы тепкилеп аккан шар суунун боюндагы № 1 аянт. Өзөндөн өйдө карай чокмороктошуп үйүлгөн дөбө, секи, адыр, белес, чоку, ашуулар — алп тоонун тулкусу. Ошолордун ар биринин жайпак, жантык боорлорунда эки-үч кабат таш үйлөр… Алардын ар кайсынысы баланчанчы, түкүнчөнчү аянт делинет.

Кырк жетинчи аянт ошончолук жогорку белеске орногондуктан, акыркы «чеп» аталат. Ойдон орто бөксөлөрдөгү аянттарды тепчий жумушчуларды үйлөрүнө жеткирип өрдөгөн автобус кышылдап араң жөрмөлөп акыркы токтоочу жер да ошо.

Дал ушул эң өйдөкү аянттагы четки тамдан таңата ак калпакчан эркек эшикке кылайды. Анын соңунан көк жоолукчан аял, кепкачан бала удаалаш суурулду.

Үйдүн астындагы тепейген таш кепеден алиги эркек ала бөйрөк кара уйду мүйүзүнө байланган көтөрмөдөн жетелеп чыкты. Аял уйду чыбык менен жаңсай өзүнчө кобурай басты:

— Мамат, уйду айдабай эле койсоң боло? Кыштын алтай оорсок саап, өзүбүз деле оңуп, коңшуларга да сатып… Ала бөйрөктүн сүтүнүн убайын көрдүк. Атаганат ая, эми багуусу кыйындады… Болбогондо… Деги аман-соосунда уйчу досуңа табыштаганыбыз оңбу ия, Мамат? — деп аялы ичи ачышканын айкындай ала бөйрөктүн жонун сылап эрине жакындады: — Деле жайытка чыгарбай, чөптү өзүм эле оруп, жулуп келип, тойгузуп турат элем…

Мамат үн катпай адымдоодо. Уйду жайлоого жеткирүүгө макулдашышпады беле. Аялы кайрадан айнып, оюндагысын безилдөөдө.

Жайкы каникулга тараган Сабыр алардын соңунда илең-салаң. Качан сокур том жыландай сойлогон тик жонду таянганда Мамат токтоду да, ала бөйрөктүн мүйүзүнө жибин шашпай түрдү. Чөкө таандын канатындай калдайган мурутун оңго, анан солго булка колун өйдө көтөрдү:

— Уулум, көзүңдү ач!

Сабыр күркүрөгөн дооштон селт эте, атасынын күржүйгөн бүкүр манжаларын тиктей, сөзүн тыңшады:

— Тэ-э-тиги бийик чокуну ашсаң эле… Жайык бет жайлоо. Жайылган мал. Малчылардын үйлөрү. Асан аяш атаң былтыр экөөбүз барган журтунда чыгар. Жолуккан малчынын четинен сурасаң айтып берет. Табасың ээ? — Сабыр чынында эле уйку-соонун ортосунда илкип келаткан. Ичинен таарынычтуу кыйылып турса да атасына каяша айталбай, эринин түтүктөй чормойтуп бурк этти:

— Табам!

Уулунун нааразылыгын айкындаган кебетесине, сөзүнө энеси негедир жым дей түштү. Айша баласын кучагына тарта, ага акылдашкансып жай кобурады:

— Жалгыз коркуп атасың бейм, каралдым. Бир ай чамасында атаң эс алууга чыгат. Ошондо чогуу айдаганыңар дурус го ээ. Деги чыныңды айтчы?

Мамат аялына акырая карап доошун бийик созду:

— Кой, ко-ой, Айша, саатыңды! Уулумду эркек тана дейт. Сабырдай кезимде түн ичинде жалгыз жылкы кайтарчумун. Кеч кире жетет. Аяш атасыныкына жүрүп, кымыз, айран ичип дегендей жайлоодо сергип келсин. Жөнө уулум! Кана, ала бөйрөк, башта жолду! — уйду алаканы менен тап сооруга чаап, өр изге салды.

Айша муңайым күлгөнсүдү. «Сабырдай чагымда…» Жашы араң сегизде. Күйөөсүн айныта албасына көзү жетип, чырлашпады. Ан үстүнө ичинен макул тапты. Уулу ушу таптан кагылып, эр түйшүгүнө көнгөнү жакшы. Энелик мээрими гана аяп турбайбы.

Сабыр атасынын айтканынан кайтпасын билчү. Курулай күттүрүп тил укпас үчүн, апасынын колундагы чыбыкты жулуп алып, букчуңдап уйдун соңунан жөнөдү.

Кылчайып караса, апасы көзүн ымдап чакырчудай, атасы «о жаман арам» деп жекирчүдөй. Апасын кубантып, атасын таарынтканда табары эмне?

«Артка ылайым кылчайбай калайын. Неге апам аяйт, а атам мага дайыма катуу. Кур дегенде окуудан тараган соң беш күн тың ойнотподу. Бүгүн туура бешинчи күн. Анын кыялын биле-ем. Мени жакшы көрбөйбү? Жакшы көрөт. Жанындай көрөт. Эркек баланын чыйрагы жакшы дейт. Ка-ап! Менин бүгүнкү ойлогондорум сонун эле го: Борборго, № 1 аянтка түшмөкмүн. Кечинде апам тыйын берген. Адегенде киного кирмекмин. Балмуздактан жеп, газдуу суудан шимирип суусунумду кандырмакмын… Анан балдар менен сууга чөмүлүп, балыктай сүзмөкмүн. А кеч курун стадионго бармакмын. Ай, атам, ай… Мектептен тараганда беш күн толук сеп алдырбай айдадың да… Балээ баскан уй, сен болбогондо бу маалда жыргап уктап жатмакмын. Анан… Жогортон таш куланып бутуңду сындырса экен… Тигилер үйгө жеткенче артынан кыйкырып токтотоюн. Атам сени айыктырып жатсын. А мен ээн жайкын оюнума даң салайын дейсиң…» — Бала элеңдеп боорго көзүн чачыратса, өзүнөн өзү кулап түшчү таш чалдыкпайт. Жаман ой курусун. Сабыр заматта ичиркене, башын чайкады.

— Кой, таш кулаба. Анда апам ыйлайт. Уйсуз, сүтсүз калабыз.

Улам өйдөлөгөн сайын чыйырдын жээгиндеги чөп коюуланып, кээде баланын башын көргөзбөй көмүүдө. Уй жашаңды ороктой аймап баратат.

Тоо. Тоонун артында тоо. Улам нары жагындагысы бийик. Атасы көргөзгөн тэ-тетиги чоку жакындай бадырайган менен мына жеттим деген сайын дагы эле алыс.

Күн жалынын чачып, асмандан берилеп түшүп келаткансыйт. Сабыр боргулданып терге чөмүлдү. Күрмөсүн сыйрып ийнине арта ыргытты. Чатыраш көйнөгүнүн жакасынын топчулуктарын бүт чыгарып желпингеничи. Денесиндеги ысыктык желге суубай, кайра бууланууда. Маңдайынан аккан тер сыгылып кирип көзүн ачыштырууда. Ботинкасын чечип, боосунан байлаштыра, күрмөсүнүн үстүнө ийнине арта салды.

Торгойбу, каракачпы, айтор таранчыдан чоңураак боз чымчык уйдун мүйүзүнө, андан жонуна конуп ойноктоп жорголой баштады.

Сабыр ага сонуркап, капалыгын, будаланганын унуткара, эринин чормойтуп ышкырып көрсө… чымчык чочубады. Уйдун жонуна алда немени чокугансып, бала ышкырса, берилеп, токтосо, нарылай койкоктоп, уйду минген боюнча, эрмек болуп бара берди.

Кайдан-айдан экенин ким билсин, Сабырдын башынан шуулдаган шоокум кайып, көз ирмемде канаты кылычтай учтуу неме арбайган көк тырмагын сунуп, эмелеки куунак чымчыкты чырылдатып илип учту.

— Ташта-а, акмак!!! — Бала үнүнүн жетишинче баркырады. Аны тоонун жапан жырткычы — жагалмай тоотобу? Зыпылдап көздөн кайым төндү.

Сабыр кайрадан, баштагысынан беш бетер тунжурады. Жоон сандары чымырап, буту оор тарта өйдөдө кыскара түшкөнсүп, зорго шилтелүүдө.

Ала бөйрөк көң жайлоого беттегенин сезгенсип, жолдон чыкпай туяктарын шылк-шулк таштап басыгын тездетүүдө.

Сабыр уйдун күчтүүлүгүнө көз арта, чачпактуу куйругунан кармап сүйөнсө, жеңилдене түштү. «Мьша кызык… Баятан минтпей неге чарчадым. Күчтүү мал эмессиңби, мени оордобо. Сени эс алдырууга атайын айдап баратпаймынбы. Ошону билсең…»

Уй ага муюгансып жыла берди. Кичине болсо да адам өзүн азаптан кутказуунун амалын издейт ко. Сабырдын тери кургагансып, көңүлү сергилең тартты. Акыры атасы көргөзгөн тоого жармашты белем. Уйду жамбашка жаңсады эле, буйт коюп, эки ача издин оң жагына имерилип шөмүрөңдөдү.

Көчмөн элдин төтө жолу эми жапалак арча, карагат, шилби, четин, бадалдар, борчук таштарды аралап төө мойнундай ийри-буйру созулду…

Бет маңдайында жалама аска тосулду. Анын боорунан эриген болоттой күнгө чагылыша, күр-шар түрмөктөлө ылдый атырылган шаркыратманы көргөндө уй ого бетер өкүрөңдөдү. Суусап таңдайы каткан Сабыр андан сүйүнүп кыйкырды:

— Өш! Өш! Тезде, ала бөйрөк!

Баланын үнүн зоока жаңыра кайталады.

Сабыр шуулдаган шаркыратмага көзү өтүп суусунун аябай кандырууга ашыгып тамшанды. «Кымыздай даамдуусуң, муздаксың ээ». Арчанын түбүндөгү жазы таштын үстүндө бейтаныш жигит отурат. Андан уялганынан чаңкаганын да унутту. Бейтаанышка ушу кейпи менен жолукканы кандай. Жылаңайлак, кемсел ботинкасы ийнинде артылуу. Өзү оорулуу, алсыз адамдан бетер уйдун куйругуна сүйрөлүүдө.

Уят-уят. Тигил аны алдыртан абайлоодо. Ооба. Сабырды күлүмсүрөй карап, сүрөт аспабын далдады… Азыр тартат ээ. Тартты. Сабырдын ушундай кейпи курган чабал абалын көргөндөр эмне дейт? Шылдыңдашат. Жарабайт. Башкараак түшөйүн. Кийинип, оңдоноюн. Жуунайын. Суусунумду кошо кандырайын. Уюмду да сугарайын. Анан сүрөтүңө бакыйып туруп берейин…

Сабыр жонундагыларды ыргытып, шар сууга чөгөлөй ууртап-татып башын көтөрө кылкылдатканча шайыр жигит негедир башка нерселерге сүрөт аспабын чык эттирет да, кагазга бирдеңкелерди чиймелейт. Жок, анысы жөн кагазга окшобойт. Кадимки карта. Кичинелиги гана дебесе, куду мектебиндеги картанын өзүндөй.

Тамашаң түшкүр, бу шайыр жигит неге минтип машакаттанат? Анын калеми ылдый кулады. Эңкейип алам дегенде койнунан карарган бир деме түшүп кетти. Жигит анысын тез апчып, кайтадан койнуна солоду. Сабыр даана байкап калды. Тапанча. Кинодон далай учуратып жүрбөйбү. Жүрөгү шуулдап корко баштады. Кыйкырайын десе деле дарманы жоктой. Ан үстүнө аны угуучу ким? А балким бекер эле коркпосун. Шайыр жигит өз шаарчасынын инженери чыгар. Аный, инженерлер тапанча алышпайт да. Милиционерлер койнуна катпастан курунан өткөрүп жамбашына тагынышат. Жок. Бу чоочун бирөө. Мына ушул оюнан улам Сабырды ого бетер коркунуч басты. Ую мурдун көтөрө акырын мөөрөп, жүрү алдыга дегенсип башын чулгуду. Сабыр аргасыз уюна бурулуп, алиги жигитке көз чаптырса, көздөн кайым житиптир. А мүмкүн таш-маштын уурчугуна далдаланып, уйду алып кетүү үчүн мага кол салууга камынгандыр? Антпесе неге жашынсын?

Токтоосуздан чымылдасамбы, ошентейин. А уйчу? Уйду коюп өзүңдү ойлосоңчу. Тиги тапанчачан экен, кыясы ууру, каракчы го. Ал аябайт. Тезинен үйгө жетип айтыш керек.

…Кандай күч аны түрткөнү белгисиз. Шарт бурулду да, уйду таштаган боюнча ылдый карай анда-санда бир тийип чимирилди.

Учуп-күйүп үйүнө алеки саатта эле жеткенсиди. Анын түрүн байкаган апасы ордунан атып, коопсуна кыйкырды:

— Не болду ботом?!

Сабыр аптыгып тили байлангансып сүйлөй алсачы. Апасы андан дапдаарып уулун бооруна тартты. Сабыр ошондо араң зорго булдурады.

— К-ки-ш-ши. Чо-очун…

Апасы чоочун киши уюн айдап жоготкон экен деп үн тарта озондоду.

— А-а… кокуй, айтпадым беле жалгыз жибербе деп, а…

Айша наалып үнүн баспай, уулун дегдеңдете колунан сүйрөгөн боюнча автобуска түшүштү. Элден өзгөчө туталанган экөө гана. Энеси менен баласы. Заводго жетишти. Маматты тез чакырып беришти. Мамат шүмүрөйүп ыйлаган аялы менен баласын көрүп, өңү кумсарды.

Ал жумуш кийимчен мурдагысынан башкача үксөйүп, колдурады:

— Не болду?

— Уйду ууруга алдырыппыз. Айтпадым беле, жалгыз жибербе деп…— Аялынын табалагансып безилдегенин укпамыш этип, Мамат уулуна шектүү ормойду. Бу чөлкөмдө андай жорук жок эле го. — Балпая басып Сабырга жакындады.— Кана, чыныңды айтчы уулум. Не болду? — Атасынын көңүлүнүн жайлыгы, калбеттиги уулун да чыйралтты.

— Чоочун киши… — Сабыр сөзүн энтиге баштап, баарысын атасына божурады… Атасы мурутун апчый бурап, ачуулу жана кооптуу күрүлдөдү:

— Чоочун дейсиң ээ? Андай болууга да мүмкүн. Шаркыратмага адашып барган турбайсыңбы? — Атасы жубайы менен уулун үйгө кеткиле деп өзү текилдеп арышын керди. Ылайым минтип чуркачу эмес. Бул эмнеси? Уйду издеп тоо таянбастан заводду карай дугдуңдады. Кызык, неге? Анын жандырмак жообун кечке дейре күтүүгө туура келди.

Атасы үйдүн босогосун аттаганда эле жайдаңдап сүйлөй кирди:

— Ээ уулум, жанакы сен көргөн киши кармалды.

Атасынын каргыл үнүнөн кубанганы байкалды. Сабыр таңыркады. Эмне үчүн? Балким, чоочун киши уйду алыс айдап кете алган эмес го? Жок. Кеп башкада. Уй жайында. Жайлоонун жайытында көлпүгүүдө. Атасынын сүйүнгөнү Сабыр шпионду кармоого жардамдашыптыр. Сабыр ууру, каракчыбы деп корккон чоочун киши шпион тура. Айырмасы не, бары бир жат киши.

— Шпион бекен?- Энеси бул сөздү укканда таңыркай кыйкырып, Сабырды көкүрөгүнө кысты.

— Мындан кийин тимеле кыямат түшсө да, тоого жалгыз жибербей калайын.

А Сабыр өзүнчө минтип ойлоду. Эгер атасы жумшаса сөзсүз барат. Ал эркек танаа — уул эмеспи.

Бая чоочун кишиге кабылганда, кантип алдастаганын Сабыр эскергиси келбеди. Корккону чын. Анткени — али кичине, борбую толо элек. Чоңойгондо эч качан, эч нерседен коркпогон азамат болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.