Азыркы чалкеш заманда адамдар эч нерсеге деле таң калбай калды. Бирок Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде иштеген Аскар Медетов деген неменин – “РухЭш” сайты эң таамай жазгандай “адабий мутанттын” – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, бүгүнкү кыргыз адабият таануусу менен адабий сынынын тирүү классиги өзүн тарбиялап чоңойткон Кадыркул Даутовду койдой сүйрөгөн көркоолугу уккан адамдын төбө чачын тик тургузду. Айрым бирөөлөр бул жосунсуз жорукка “эки адабиятчынын ортосундагы илимий полемика”, “оппоненттер ортосундагы адабий талаш” дегендей өң-түс бергиси келип, А.Медетовдун көпчүлүктүн – болгондо да студенттердин көз алдында жасаган зөөкүрлүгүн жымсалдагысы келет.

Бирок окуя “илимий полемика”, “адабий талаш” эмес экендигин ошол осол окуяга күбө болгон окутуучулардын, студенттердин түшүнүк каттары “Жаңы ордо” гезитиндеги (2018, 9-март) кайрылуулары кашкайта далилдеп турат. Бул далилдүү документтердин баары А.Медетовго карата жүргүзүлгөн соттук иликтөөнүн делосунда кашкая тиркелип турат.

Сот демекчи, окуя болгон ушул жылдын 20-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө “…с письменным заявлением обратился К.Даутов о принятии мер в отношении Медетова А., …будучи в нетрезвом состоянии выражался нецензурными словами, душил его, пинал ногами”. Бирок 26-февраль күнү Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Бекжан Таалайбеков тарабынан КР кылмыш-жаза кодексинин 28-статья, 1-беренесиндеги 2-бөлүмчөсүнүн негизинде А.Медетовго карата кылмыш ишин козгоодон баш тарткан токтом чыгарылып, бирок 29-март күнү Бишкек райондук прокуратурасы тарабынан тергөөчүнүн бул токтому жокко чыгарылат да, кошумча иликтөөгө жиберилет.

Тергөөнү кайрадан эле баягы тергөөчү Б.Таалайбеков жүргүзүп, 20-апрель күнү кайрадан эле 26-февралдагыдай токтом чыгарып берет. Тергөөчүнүн бул токтому райондук прокуратура тарабынан 28-май күнү кайрадан жокко чыгарылып, кайрадан иликтөөгө берилет. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү менен райондук прокуратуранын ортосундагы ушундай мышык-чычкан оюн 28-май жана 8-июнь күндөрү да кайталанат. Бул мышык-чычкан оюндан жадаган аксакал адабиятчы Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомунун төрагасы К.С.Умаровго кат түрүндө кайрылат.

Мына ушундан кийин Биринчи Май райондук прокурордун орунбасары 2-июль күнү: “Изучение данного материала показало, что решение следователя принято необоснованно и преждевременно, без исследования всех обстоятельств дела, в связи с чем подлежит отмене…” деген жыйынтык менен тергөөчү Бекжан Таалайбековдун 8-июнь күнкү токтомун жокко чыгарып, кайрадан иликтөөгө жиберет. Бирок тергөөчү Б.Таалайбеков тээ баягы кыш чыгардагы (26-февралдагы) токтому менен кайра жооп берет.

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомунун катуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында 2018-жылдын 31-июль күнү Эрнис уулу Айбектин төрагалыгы, Т.Замирбекованын катчылыгы алдында Медетов А.С. үстүнөн соттук жараян болду. Соттук жараяндын башталышында “Устанавливается личность правонарушителя: Медетов Аскар Советович, 15 ноября 1961 года рождения, уроженец г.Бишкек, по национальности кыргыз, образование среднее, временно не работает, проживает по адресу: г.Бишкек, пр.Манаса – 68.” Бул анкеталык маалымат Медетов Аскардын жана анын колдоочуларынын чыныгы жүзүн толук көрсөтүп турат.

Калпты чындай айткан эки жүздүүлүгүнөн, өзүнүн өмүр баянын да танып кете берген кескелдирик мүнөзүнөн кабар берип турат. Суроо туулат: орто билими бар адам кантип жогорку окуу жайында, болгондо да улуттун жүзү болгон Улуттук университетте иштеп жатат?

Кантип жүздөгөн студенттерге лекция окуп, алардан сынак алып жүрөт? Буга ким уруксат берип жатат? Улуттук университетте иштеп, бул куттуу жердин маянасын алып, бала-чакасын багып олтуруп анан “временно не работает” болуу жүзүкаралыктын жеткен чеги го, куттуу университеттин бетине жаба түкүрүү эмеспи?! Ушундайларды да ичине батырып жүргөн кайран гана Улуттук университет!..

Соттук жараяндын жүрүшүндө Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык милициясынын расмий өкүлү А.Абдылканов өз сөзүндө минтип айтты: “…с заявлением обратился гр.Даутов К., который просит принять меры в отношении гр.Медетова, который находясь в здании 5 корпуса КНУ им.Ж.Баласагына будучи нетрезвом состоянии выражался нецензурными словами, душил его, пинал ногами”.

Соттун жүрүшү андан ары минтип уланат: “Правонарушитель суду пояснил: – Вину признаю полностью. Прошу строго не наказывать”. Аскар Медетовдун бул муңая жалдыраганы жогорудагыдай жойпулугунун, алдар көсөлүгүнүн фонунда кимди ишендирет да, кимди ынандырат?..

Анан калса атасындай болгон аксакалды ашата сөккөнүн, алкымдан ала муунтуп, тепкилегенин Медетов А.С. өзү моюнуна алып жаткандан кийин бул иш ХУЛИГАНДЫК катары карлыш керек эле го…

Соттук жараяндын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 66-10-статьясынын негизинде Медетов А.С.га 10 (он) эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндөгү айыппул салынды.

Бирок эми Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы элдик көзөмөл коому Медетов А.С. соттук тергөө иштерин атайылап аң-сезимдүү түрдө алдагандыгы, калп айтып, ошонун натыйжасында туура эмес өкүм чыгуусуна себепкер болгондугу үчүн ал КЫЛМЫШ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛУУ КЕРЕКТИГИ тууралуу иш алып барып жатат.

Айтмакчы, Медетов А.С. доценттик наамды да мыйзамдуу алганбы? Алакандын отундай брашюрасы жок туруп доценттикти кантип алган? Доценттикти ыйгаруу эрежелери одоно бузулган эмеспи? Каратып туруп сотту алдагандай бул жерде да алдамчылык болгон эмеспи? Алдамчылык болсо доценттигин жокко чыгаруу боюнча Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Б.Тыналиева айымга расмий түрдө кайрылуу керек болуп жүрбөсүн деген ойлор айтыла баштады КУУнун окутуучулар жамаатынын арасында.

Булак: Жаңы ОРДО гезити

Олжобай ШАКИР: Сын жанрынын корифейи Даутовго кара күч колдонгон адабий мутант

15 Replies to “Улуттук университетте орто билимдүү адам мугалим болуп иштей берсе болобу?”

  1. Иши кылса ит эле болупсунар Улуттук университет. АЛ жакта иштеген адамдар чындык эмне экенин билбей окшойсунар. Орто билимдүү экенин тастыктап жаткыла. Андай эле кыйын экенсиң эмнеге жыйынтыгынар жок. Күнөөлүү болсо жумуштан кетет эле да. Чырылдагандан пайда жок

  2. Акыркы учурда кичуулор озулорунун атасындай адамдарга кол которуп,жоруксуз нерселерди кылганын коруп атабыз…Алар го мейли,кочодогу максатсыз адамдар экен,а бул улуттун жузу болгон окуу жайдын мугалиминин кылганы чектен чыкканы.Чара корулуш керек мындайларга,келечек буларды коруп алып кандай тарбия алат?

  3. Аскар Медетов- жүрөгү карайган адам

    Жүрөгү карайган адамдар жашоону реалдуу көрө алышпайт, ал өзүн да, башкаларды да алдап, дайыма терс жагдайларды айтып , сиздин оюңузду бузганга аракет кылат. Башкаларга көө жаап,ушак-айыңды көп айтышып , жанындагыларга өзүн периштедей ак кылып көрсөткүсү келет.
    Улуттук университетибиздин күзгүсү болгон Даутов Кадыркул агайга кол көтөрүп,кол көтөрмөк турсун уруп-соккон А.Медетовго «АДАБИЙ МУТАНТ» деген псевдонимди туура эле беришиптир. Кыргыз эл жазуучусуна кол көтөрүү не деген шумдук.
    Бул жагдайдан : – Вину признаю полностью. Прошу строго не наказывать”-деп эле кутулуп кетсе болобу? Ушул бойдон бул маселе каралган эмес . Эмне А. Медетовдун таянган кишиси барбы?!
    Жогоруда айтылгандай өзүн таза,ак , периштедей көрсөткүсү келген
    А. Медетов :» Өзүн күнөөлүү эмесмин деп жанындагы жакындарын ынандырып алган». Коомчулукка да бул оюн синиргиси келет . Бирок » АДАБИЙ МУТАНТТЫН» бул провокациясына кыргыз эли ишенип отура бербейт!!!

  4. Заман кайда кетип жатат. Байкуш ата эне балдарын

    балам билим алып жатат дейт, биякта минтип мас болуп сабак берип, мушташып жүргөн агайдан сабак алып жаткандарын билбесе керек. Тан калганым эмнеге университет, жетекчилик чара корбойт? жэ чын эле таянганы барбы, жосунсуз жорук арданалы чечим чыгыш керек. ошондо тартим болот

  5. Заман кайда кетип жатат. Байкуш ата эне балдарын

    балам билим алып жатат дейт, биякта минтип мас болуп сабак берип, мушташып жүргөн агайдан сабак алып жаткандарын билбесе керек. Тан калганым эмнеге университет, жетекчилик чара корбойт? жэ чын эле таянганы барбы, жосунсуз жорук арданалы

    1. Кечиресиз, эмнеге күнөөлүү эмес? Агайга кол көтөргөн Медетов эмей ким анан?
      Кол көтөрүп алып ,жазасын албастан кайрадан эле университетте сабак берип жатыптыр.
      Бул окуядан жаштар кандай тарбия алышат?

  6. Орто билими тууралуу озунчо соз кылыш керек экен. Бирок акылга сыйбаган жанагыдай ишти жасаганы- А. Медетовдун педагогдук милдети корунот.Корсо арак- агайды арстан, доцентти дардан кылат турбайбы. Улуттун жузу болгон Улуттук университетте орто билими болмок турсун, аракеч агайлар иштей берсе болот экен да.Студенттерге кантип сабак берип журот? Жумуштан кетириш керек эле да. Же университет Медетовго муктажбы? Байкуш студенттер кесипкой адистен эмес, аракеч агайдан билим алып жатышкан экен да.

      1. Буга чейинки макалаларды деле окубайсызбы көзүңүздү чоңураак ачып. Ошончо билимдүү болсо ушундай пастык кылат беле өзүнөн улуу адамга кол көтөрүп. Орто билимдүү деп соттук жараяндын башында жазылып турат деп айтылып атат макалада.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.