Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрынын курулушу 2017-жылдын дал ушул октябрь айында толук бүткөрүлүп, анын расмий ачылышына мурдагы КР Президенти А.Атамбаев барып лента кескени белгилүү. Анан эмне болду? Кызыгып көрсөк, кызык иши бар шекилдүү…

Аталган театр жалдануучу курулуш мекемеси ОсОО «Арсенал Курулуш БМ» тарабынан бүткөрүлгөнү коомчулукка маалым. Бу жерде театр курулушун бүткөргөн мекеменин атын атайы белгилеген себебибиз: Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев облус жетекчилигине дайындалганга чейин Талас облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) ачандиги болгон экен. Дал ушул кызматты аркалап турган учурунда К.Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрынын курулуш иштерин жыйынтыктоо, о.э. объектиге жумшалган финансылык иштерин жүргүзүү жана жетектөө Талас облустук ККБга жүктөлөт.

2016-жылы декабрда курулуш ишин аяктоого финансы жетишпегенден улам республикалык бюджеттен 20,0 млн. сом «Арсенал Курулуш БМ» эсебине бөлүнөт. Аныгында, бул объектинин сметалык чыгымы (жабдуулары менен кошо) 208,0 млн. сомду түзүп, ошону менен жалпы суммасы 20,0 млн. сом республикалык бюджеттен которулат.

Эми белгисиз жагдайына токтолсок: Талас облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев (КР экс-вице-премьер-министри) менен Талас облустук ККБны Марат Мураталиев жетектеп турган учурда театр курулушуна дагы 45,0 млн. сом талап кылынгандыктан ага А.Атамбаев Президенттик фонддун эсебинен аталган сумманы которттурат.

Өзүбүздүн ишенимдүү булактардын ырастоосуна таянып, ушул макаланы жазууга түрткү берген фактыларга көңүл бурбай коюуга мүмкүн болгон жок. Арийне, мындай маселеге бийликтегилердин жана коомчулуктун көңүлүн бөлүү зарылчылыгын туйдум. Себеби коррупция Кыргызстанды отоо чөптөй каптаганы кимге жашыруун? Отоо чөптү канча жулган менен, анын дүркүрөп өсө бермейи токтоп калбайт экен. Андыктан коррупция деген «отоо чөп» менен жамы журт жапатырмак күрөшмөйүн, манчырканган мансапкорлор эл ырыскысынан корко турган эмес.

Өзүм адабият, маданият маселесине келгенде дайыма тынчсызданып жүргөндөн улам – Талас облусунун музыкалык-драма театрынын айланасындагы коррупциялык иштер туурасында күмөнсүткөн жагдайлар өзүнөн өзү ачыкка чыга келди. А буга чейин Талас облусунун театр курулушу туурасында коомчулук арасында көп эле күңк-мыңк имиш кептерди кулагым чалып келген. Ал тургай театр иши толук бүткөрүлүп, экс-президент А.Атамбаев тарабынан кабыл алынып, театр ачылышында президент өзү лентасын кесип, расмий ачылышы белгиленди делгени менен, бирок театр имараты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына ушул күнгө чейин өткөрүлө электиги айтылып жүргөн эле.

Ошондон улам бул маалыматты тактоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун өзү менен байланышка чыктым. Бирок министрдин айтымында, К.Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрынын имараты бүгүнкү күндө аталган министрликтин карамагына толук өткөрүлүптүр. Бул жаңылык албетте, сүйүндүрдү. Эми күйүндүргөн жагына келели…

Бул курулуштун ыкы-чыкысын билген күбөлөр учурда КР Президенти Сооронбай Жээнбековго ушул маселе боюнча атайы кат жолдогону маалым болду. Бирок андан кандай жыйынтык чыгат, азырынча белгисиз… Бул ишке нааразы болгондордун айтымында, курулуш-монтаж иштеринде кетирилген кемчиликтер өтө эле арбын экен. Ал тургай андай кемчиликтери азыртан эле көзгө чалдыгып, имарат жаңы бүткөрүлгөнүнө карабай, сырттары сыйрылып түшө баштаганы…

Ал эми долбоордо көрсөтүлгөн боюнча театрга тиешелүү аянтчага эч кандай фонтан орнотулбаптыр. Жана да театр ичинде ушундай болуп курулат деп көрсөтүлгөн айлампа сцена (вращающаяся сцена) курулмак тургай, андан дайын да жок.

Адатта, барабан формасындагы айлампа сцена эки же үч кабаттуу конструкциянын негизинде тургузулууга тийиш. Мына ушунун өзү эле оңой эмес сумманы чапчып тынарын эске алсак, курулуштун долбоорунда чийилип, сметасында көрсөтүлүп, бирок эмнеге ошол айлампа сцена орнотулган эмес деген суроо туулат! Ошондон улам театр тегерегинде жемкорлук болгонбу деген тобокелчилик менен аткаминерлердин бетпардасын сыйырууга белсенип көрөлү…

Кызматтык тепкичтердин жандырмагы

Мүмкүн жогоруда коюлган суроолорго жоопту оңой эле табууга болор, бирок жоголгон суммаларды табууга жоопкерчиликтүү аткаминерлердин кимисине суроо узатсак экен?..

Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев облус жетекчилигине дайындалганга чейин Талас облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келгендигин жогоруда эскерттик. А ага чейинки Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев кийинчерек өкмөттүн вице-премьер-министрлик кызматына бекиген кезеңде Кенекеевдин колдоосу менен М.Мураталиев музыкалык-драма театрынын курулушуна жетпей калды деген жүйө менен 43 млн. сомду бюджеттен бөлдүрүп алууга жетишкени айтылууда.

Ушул жерден окурмандарга маалымдай кетчү дагы бир жагдай: 2010-жылдан тарта ошол кезде Койсун Курманалиева Талас облусун жетектеп турган маалда аталган театр курула турганы жалпы коомчулукка кеңири жайылган жаңылыктардан болду эле. Бирок финансылык тартыштыктардан улам театр курулушу кийинки келген Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Д.Кенекеев менен М.Мураталиевдин тушуна туура келет.

М.Мураталиев Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө дайындалгандан кийин эле анын Капиталдык курулуш башкармалыгына тиешелүү ОсОО «Арсенал Курулуш БМ» тармагындагы өзүнүн орун басары У.Нуралиев ККБ тармагынын жетекчилик кызматына бекийт. А мүмкүн дал ушул кызматтык дайындоолордун өзү музыкалык-драма театрынын курулушундагы финансылык көз боёмоочулуктарды көмүскө бойдон калтыруунун амалы беле? Айтор, кандай болгон күндө да учурда Талас облусу боюнча курулуш тармагынын узун саптуу укуругу М.Мураталиев менен У.Нуралиевдин колунда экендиги туурасында маалыматтык илинчектер табылууда. Бирок азырынча биз ал маалыматтарды дыкат тактоонун гана үстүндөбүз…

А колубуздагы такталган маалыматтар боюнча айта турган болсок: ушул тапта Талас облусу боюнча курулуш жаатындагы тендерге көбүрөк ээлик кылган тарап – «Арсенал Курулуш БМ» экени айтылууда. Анткени облусту өнүктүрүү фондун жетектеп турган М.Мураталиев болгондон улам, кол ийрисине тарткандай – ал мурдагы орун басары У.Нуралиев жетектеген бир нече курулуштук фирмалардын тендер утуп алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөк болуп жаткан жокпу?..

Айтор, суроо жаратаар жагдайлар арбын. Тек, азырынча шек жараткан гана жагдайлар туурасында сөз кылынды, андыктан бул боюнча экинчи тараптан да жогорудагы фактыларды төгүнгө чыгарар далилдери болсо, биз эки тараптын тең чындыгын чагылдурууга даярбыз…

One Reply to “Олжобай Шакир: Театр курулушунун айланасында жемкорлук болгонбу?”

  1. Ассолом алейкум кутман кунунуз менен баардык нерсе убактылуу сындай ала турган Бир кудай бар кунунуз жакшы отсун

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.