Манапчылык жана дин

Бул макаланын максаты — конкреттүү тарыхый материалдардын негизинде мусулман дин кызматчыларынын «мүлктүүлөрдүн бийлигине» кандайча кызмат кылганын ачып көрсөтүү болуп саналат.

Кыргызстандагы ислам кийинки жүз жылда өзгөчөлүү саясий тарыхты башынан өткөрүү менен өзүнүн өнүгүшүндө кыргыз коомунун феодалдык төбөлдөрү — манаптар менен эң тыгыз түрдө байланышып келген.

Ушул мезгилге чейин сакталып келген жана кээде байлар менен бирдикте жеңиштүү социалисттик жүрүштү токтотууга аракет кылып жаткан манапчылыкка диний идеологияны калыптандырууда жана кыргыз эмгекчи массаларынын арасында исламды терең жайылтууда эң көрүнүктүү роль таандык; ошондуктан манапчылык менен диндин ортосундагы узакка созулган өз ара байланыштардын механизмин ачып көрсөтүү кыргыз элинин тарыхында болуп өткөн жана ушул азыр да болуп жаткан коомдук процесстерди аныктоо ишинде бир кыйла мааниге ээ.

I

«Кыргыздар Эркеш-туу көтөргүч Мухаммедден тараган». Манаптар менен алардын идеологдору бетине кармаган бул «тарыхий» шилтеме аларга тарыхый фактыларды өздөрү билгендей бурмалоо аркылуу кыргыздардын арасында исламдын жана анын ырым-жырымдарынын алда качантан бери жашап келе жаткандыгын жана анын козголбостугун баса көрсөтүү үчүн керек болгон. Бирок белгилүү болгондой, ислам Кыргыздардын арасында бир кыйла кечирээк пайда болгон көрүнүш.

Маалыматтары XVI кылымга таандык болгон тарыхчы Сейфи «кыргыздар — капыр да, мусулман да эмес» деп көрсөтөт. Демек ал кезде ислам кыргыздардын арасына эң эле аз тараган.

Эгерде биз бул крайда XIX кылымда келип кетишкен саякатчыларга (Венюков, Грумм-Гржимайло ж.б. ) кайрыла турган болсок, анда алардын кыргыздар жөнүндөгү жазмаларынан биз Сейфи сүрөттөп жазгандан аз айырмаланган көрүнүштү табабыз. Кыргыздар өтө начар мусулмандар катарында сүрөттөлүп, алар «ырым-жырымдарды айылга кожо келгенде, рамазан учурунда», бир жылда бир гана жолу аткарышаары, алардын арасында «өздөрүнүн пайгамбарынын аты-жөнүн билбегендери» да бар экени, ал эми даарат алуу, орозо кармоо ырым-жырымдарын, а түгүл намаздын өзүн да жалпысынан бир аз гана адамдар билишээри айтылат.

Эгерде бул сүрөттөп жазууларда кандайдыр бир даражада апыртууларга жол берилген күндө да, тарыхый фактылар менен таанышуу ислам кыргыздардын арасында, мисалы, казактардын арасындагыдай терең тамыр жая албагандыгына ишенүүгө мажбурлайт.

XVII кылымда кыргыздардын жерин калмактар басып алганда алар Фергананын аймактарына качып барган мезгилди кыргыздардын ислам менен таанышуусуна таасир берген бир кыйла олуттуу окуя катарында эсептөөгө болот.

Ферганада кыргыздар өзбек мусулман молдолоруна туш келишкен, ал молдолор ишенчээк жана куулук-шумдугу жок көчмөндөрдү мусулманчылыкка өткөрүп, муну менен өздөрүнө кирешелердин жаңы булактарын түзүү үчүн үгүт иштерин күчөтүшкөн.

Кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү Ферганадан өздөрүнүн эзелки жерине, Тянь-Шандын аймагына кайра кетишкенден кийин көпкө узабай кыргыз калкынын калың катмарын көздөй көпөстөр, алардын артынан пайдакеч жана фанатик өзбек молдолор менен эшендер келе башташат. Муну менен эле бирге, кыргыз жерлерин Кокон хандыгынын аскерлери басып алуу, өтө маанилүү стратегиялык жана соода пункттарында аскердик чептерди куруу аракеттери жүрүп жаткан эле. Ошентип, аймакты кокондук колонизациялоо мезгили башталып, бул иште алтын мүшөктүн, куралдын жана курандын өкүлдөрү жапа тырмак жана макулдашкан түрдө аракет кылышкан.

Ислам динин таратуу ишинде өзбек молдо-эшендерге манаптар жардамга келишти, алар өз карамагындагы «букараларга» идеологиялык таасир көрсөтүү үчүн аппарат түзүүгө жан-дилинен кызыгдар болушкан.

Өндүргүч күчтөрдүн деңгээлинин төмөндүгү, тез-тез кайталанып туруучу «жуттар» (малдын боо түшүп кырылышын пайда кылган кара тоңголок), уруулардын ортосундагы жана коңшу элдер менен болуп турган барымтачыл согуштук кагылышуулар, дыйканчылыктын начар өнүккөндүгү, ыдырап бүтүп калган уруулук түзүлүштүн күчүн жогото элек каада-салттары өзүнүн көпчүлүк бөлүгүндө шамандык көз караштардын калдыгы болуп саналган элдик диний ишенимдердин комплексинин сакталып туруусу үчүн негиз түзгөн.

Диний түшүнүктөрдүн мындай системасы феодалдык көчмөн төбөлдөрдүн белгилери ачык эле көрүнүп, мителик мүнөздөгү артыкчыл жогорку катмарга тез айланып бара жаткан жана өздөрүнүн кызыкчылыктары менен көздөгөн максаттары бар тап болуп түзүлүп калган манапчылыкты канааттандыра алмак эмес эле. Өз «букараларынын» мал-мүлкүнө, алардын өмүрүнө ээлик кылышып, уруу аксакалдарынан бийликти тартып алган манаптарга элдин тагдырын бийлеген өкүмдарлар катарында алардын кадыр-баркын колдоп, баш ийбегендердин колу-бутун байлап, матоого кызмат кылып бере турган жакшы калыптанган идеологиялык аппарат керек эле. Мындай ролду калкка таасир берүүдө чоң тажрыйбасы бар молдолор менен үгүтчүлөрдөн турган таасирдүү штатка ээ болгон ислам гана ийгиликтүү аткара алмак.

Манаптар исламды биринчилерден болуп кабыл алышып, анын артынан аны өз «букараларынын» арасында, көп учурда мажбурлоо менен тарката башташат. Ушул максатта айрым манаптар өздөрүнө өзбек молдолорун чакырышкан, алар алгач «букараларды» намаз окуу үчүн зарыл керектүү болгон маанилүү аяттарды жана негизги ырым-жырымдарды аткарууга үйрөтүшкөн.

Араб сөзүн биринчи жолу уккан жана анын маанисине түшүнбөгөн кыргыз аны өздөштүрө алган эмес, ушундан улам көп жолу күлкүлүү окуялар да болгон. Башкалар менен бирге молдодо окуп жүргөн Муратай деген кедей араб сөздөрүн айтканга тили келбей, аны өзүнчө жоромолдоп, кыргыз сөздөрү менен айтат. Арабдардын «paman ijahtьki kavbaoja» деген сөздөрүн айтуунун ордуна кыргызча «малдар жатат кепеде» деген экен.

Мына ушундан улам молдолор намаз окуганда кээ бир мусулман сөздөрү аралашкан байыркы дубаларды окууга жол берген, алар шамандык ырым-жырымдарга байланышкан дубалар болгон.

Кийинчерээк табынуу учурунда айтууга өтө кыйын болгон араб сөздөрүнүн айрымдарын ушул сөздөргө үндөшүп турган кыргыз сөздөрү менен алмаштырышкан. Жүрө-жүрө, исламдын андан ары таралышынын, сабаттуу адамдардын пайда болушунун натыйжасында бата-дубалар кыргыздар үчүн мүнөздүү болгон фонетикалык өзгөчөлүктөргө ылайыкташтырылып, араб тилинде окула баштайт.

Бирок бир нерсе жакшы белгилүү: кыргыздардын арасында ислам узак мезгил бою жана кыйынчылык менен жайылып отурган. Жаңы дин калайык калкка түшүнүксүз болгон, ал эми «букаралардын» бир бөлүгү исламдын ырым-жырымдарын аткарууга катуу талап коюп, адамдардан зекет түрүндөгү төлөмдөрдү жана башка диний садагаларды чогултуп ала баштаган молдолорго душмандык маанайда мамиле жасашкан. Молдолордун бачалык жасашкандыгы жөнүндө фактылар белгилүү болгондуктан жана молдолор кыргыздар жашаган аймактын олуттуу бөлүгүн өз колониясына айлантып, элдин канын соруп жаткан Кокондун мамлекеттик системасынын ажырагыс бир бөлүгү болгондуктан калк кокондук молдолорду жактырышкан эмес.

Ар кандай жыргалчылыктан пайдаланып жашоого умтулуп, ач көздөнгөн молдолор «букаранын» турмушу начар жана баарынан көбүрөк эзилген бөлүгүнүн арасында эч кандай сүймөнчүлүккө ээ боло албасы айтпаса да түшүнүктүү эле. Бирок бир кызык нерсе, исламды колдогон манаптардын өз ичинде да айрымдары молдолордун айыгышкан душманы болгон. Мисалы, аскердик-феодалдык төбөлдөрдүн эң ири өкүлү, XIX кылымдын биринчи жарымында сарбагыш уруусун башкарып турган Ниязбеков Ормон хан дал ошондой адам болгон (ага үстүртөн, ал эми кээ бир жерлерде, айрым бир мезгилдерде башка ири урук-уруу бирикмелери болгон бугу, саяк жана солто уруулары да иш жүзүндө баш ийип турушкан).

Ормон хан өзгөчө динчилдиги менен айырмаланган эмес; бирок орозо туткан, сейрек болсо да таңкы намазды окуп жүргөн. Эшендер менен ажыларды дегеле жек көрүп, аларды жанына жакын жолоткон эмес. Бир молдого гана өзүнүн «Ормондун жооп тамасы» деген тарыхын жаздырган, бирок тилекке каршы ал бизге жеткен жок.

Ормон хан жөнүндө төмөнкүдөй бир окуя айтылып жүрөт: Күндөрдүн биринде ал ажынын туура киши экенин сынап көрүү үчүн ушул максатта Кашкардан келген бир ажыга бир нече чоң жылкыны тартууга берип жатып, аялым ажыга тай-кунандардан тартуу кылыңыз деп кеңеш берди, мүмкүн тай-кунандардан аларсыз дейт. Ажы ага аялдын кеңешин укпоо керек деп жооп берет. Ормон хан ага чоң жылкылардан бир нечесин тартуулап, жолго салат. Бир жылдан кийин жакшы тартуу алам го деген үмүт менен ал дагы келет. Бул жолу Ормон хан ага аялым ажыга чоң жылкылардан тартуула деп кеңеш берди, мен өзүм тескерисинче тай-кунандардан тартуулайын деп турам дейт. Ажы ага: «Аял кандай кеңеш берсе ошондой иштесе да боло берет» деп жооп берет. Ормон хандын катуу ачуусу келип, ажыны белек-бечкексиз эле кууп жибергиле деп буйрук берген экен.

Ормон хан өзү молдолор менен эшендер элди алдап жүрүшөт деп айтчу экен, ошондуктан Ормондун заманында калк «азанчыны» (муэдзиндерди) «оозуңа таш» деген эпитет менен оозандырышкан.

Диний ырым-жырымдарды жетишээрлик даражада бекем тутпаган жана Ормон хан эшен-молдолорго ушундай мамиле жасаган шартта кээ бир изилдөөчүлөр Ормон хандын диний иштерге кийлигишээри жөнүндөгү келтирген маалыматтарды толук чындык деп эсептөөгө болот. Н. X. Калемин өзүнүн материалдарында мындай деп жазат: «Күндөрдүн биринде (Ормон ханга. С. Л.) анын уруулаштары чоң тартуулар менен келишип, отуз күндүк орозону күнү узак жана ысык жайкы мезгилден кыш айына которуу жөнүндө уруксат сурашат. Ормон дароо эле уруксат берет, ошентип орозо кышка калтырылат.

Бул окуяда Ормон хан ээ болуп турган зор кадыр-барк жана чексиз бийликти эске алуу керек. Буга, атап айтканда, Ормондун жол-жоболорду «мыйзамдаштырган» жарлыгы далил боло алат. Бул «жарлыкта» анын хандыгында төбөсү кызыл тебетейди анын өзүнөн башка эч кимдин кийүүгө укугу жок экендиги, (бирөөнү өлтүрсө) «кун» үчүн — 300 жылкы, бөлөк бирөөнүн аялын ала качып кеткендиги үчүн — 40 жылкы жана уурулук үчүн — 9 жылкы өлчөмүндө айып салына тургандыгы көрсөтүлгөн.

Ормон хандын молдолорго жасаган мындай мамилесинин, жалпы эле анын исламга карата начар мамилесинин негизинде жаткан нерсе исламдын өзбек соода капиталынын ажырагыс коштондусу катарында жайыла баштаганы болду; бул капитал крайды оторлоштургандан кийин кыргыздардын мал чарбачылыгына ургаалдуу түрдө кирип, анын натуралдык негизин буза баштаган болучу, Ормон хан болсо өзбек соода капиталынын кыргыз чарбасына жайылтылышына каршы болгон, ал кокондук хандыкка карама-каршы, туруктуу эмес болсо да, өзүнүн саясий биримдигин түзгөн эле. Бирок бул Ормондун өзүнө марал-бугулардын мүйүздөрүн сатуу боюнча ири операцияларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылган эмес.

Ошондой болсо да, булардын бардыгы манаптарга, алардын ичинде Ормон хандын айлана-чөйрөсүндөгүлөргө исламды өздөрүнүн таптык кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга тоскоолдук кылган эмес. Ормондун башкы кеңешчилеринин бири — өзүнүн ашынган динчилдиги менен таанылган жана кыргыз элинин келечеги жөнүндө алдын ала айткан көрөгөчтүгү менен атагы чыккан Калыгул болгон (ал Асык уруусунда жети жашынан эле «сопу», б.а. , суфий аталган).

Ислам, акырындык менен үстөмдүк кылган динге айланып отуруп, кыргыздардын арасында кеңири тараган байыркы диний ишенимдер жана ырым-жырымдар менен тил табышып, жашоосун уланта берген.

Бир нече мисал келтирели: казактардын султаны Кененсарынын бир тууганы — Ноорузбайды согуштун учурунда кыргыздар колго түшүрүп өлтүргөндө, казактар өлтүргөн Эркалпак деген кыргыздын аялы Ноорузбайдын ичин жарып, үч жолу канын ууртаптыр. Алибек деген душманын колго түшүрүп өлтүргөндө Ормондун уулу Үмөталы анын жүрөгүн кесип алып, жүрөктөгү канын ичкен экен.

Кыргыздарда «мүчөл» деген салт болгон, жигит үчүн жакшылык менен өткөн ар бир 12 жылда (айбандар цикли) той өткөрүлүп, кандайдыр бир кымбат баалуу курмандык чалынган. Ушундай тойлордун биринде Үмөталы бир чалды өлтүрүп, курмандык чалууга буйрук берген.

Уруулардын ортосундагы же коңшу элдер менен болгон согуштук кагылышууларда, кала берсе анча деле алыс эмес мезгилдерде колдонулуп келген мыкаачылыктарды сүрөттөп жазып отурса өтө эле көп орунду алаар эле.

Н. X. Калемин төмөнкүдөй бир мисал келтирет: бугу жана черик деген кошуна урууларды көп жолу талап-тоноо менен, ал (Ормон хан. С. А.) колго түшкөн туткундарды а дегенде «көгөнгө» (койлорду байлоо үчүн кыргыздар пайдаланган майда илмектери бар аркан) байлап туруп, койдой мууздачу экен. Мындай учурда көпчүлүгүндө желдеттин милдетин анын уулу Үмөталы аткарган.

Ормон хандын заманы жөнүндө аңгеме айтып бергендердин көпчүлүгү Ормондун ордосунда дарга болгонун, ал эми кыйыр түрдөгү маалыматтар айрым учурларда өлүмгө өкүм кылынгандарды өрттөп өлтүрүшкөнүнөн кабар берет.

Акырында келип, Ормондун тушунда кулчулук да сакталып турган. «Кулдар» ат чабыштарда мал менен бирге байгеге сайылган, бир манап экинчи бир манапка тартууга берген, малга айырбашталган, ал эми айрым учурларда кулдар мал менен бирге калыңга берилген.

Бул фактыларды келтирүү менен биз ислам кыргыздардын моралдык жол-жоболоруна жана турмуш-тиричилигиндеги эреже-тартиптерине эң эле аз өзгөртүү киргизе алгандыгын, өзүнүн таралышынын алгачкы мезгилдеринде өтө эле жупуну ролду ойногонун баса белгилеп кеткибиз келет. Шаманчылык менен байланышкан түшүнүктөр, «кара күчтөргө ишенүү» али жетишээрлик түрдө бекем болгондугунда эч кандай шек жок. Жогоруда эскерилген Үмөталынын жеке кол алдында Талканчы деген «ордолук» бакшысы болгонун айтсак эле жетиштүү болот.

Бакшыларды өздөрүнүн атаандаштары катарында эсептеген жана ошону үчүн аларды жек көргөн молдолор, ажы менен эшендер (ал кезде бакшылар эл арасында өтө зор кадыр-баркка ээ болуп турушкан) ар кандай жолдор менен калктын бакшыларга болгон ишенимдерин кетирүүгө аракеттенишкен.

II

Манаптар үчүн мусулман дин кызматчыларын пайдалануунун пайдасы бар экени ачык эле көрүнүп тургандыктан кийинчерээктеги манаптардын муундары алар менен эң эле тыгыз байланыштарды түзө башташат.

Буга олуттуу даражада 60-жылдарда крайды падышалык өкмөттүн аскерлеринин жеңип алышы түрткү берди. Ушундан кийин кыргыздарга прогрессивдүүрөөк болгон татар молдолор көбүрөк келе баштады, алар ырым-жырымдарды аткарууну анчалык катуу талап кылбай, зекет албай, кокондук молдолорго караганда калк арасында чоң кадыр-баркка ээ болууга жетишкен.

Биз бул жерде көптөгөн эски изилдөөчүлөр жол берип жүргөндөй исламды жайылтуу ишинде крайды орустардын каратып алышынын маанисине ашкере баа берилип келгенин белгилеп кеткибиз келет. Алсак, Наливкин өзүнүн «Кокон хандыгынын тарыхы» деген эмгегинде «… орустардын келиши менен кыргыздар эмне үчүндүр мусулманчылыкка ыкташууну зарыл деп табышканын» ачык эле айтат.

Мындай сын көз менен карабаган, идеалисттик маанайдагы пикир чындыкка ылайык келбейт, анткени исламга крайды орустар каратып алгандан алда канча мурда эле жол ачылып калган болучу, ал эми крайды орусиялык капитализм оторлоп алган доордогу турмушта пайда болуп жаткан жаңы социалдык-экономикалык жана саясий шарт- жагдайлар кыргыз калкынын калың катмарына исламды жайылтуу боюнча мурда эле башталган процессти тездетип жиберген жана исламга кыргыз жеринде алгачкы тамырларын жаюуга жардам берген ошол эле манаптар падышалык жеке бийликке кызматка өтүү менен бирге ислам идеологиясын жайылтууга мурдагыдан да зор күч-кайрат менен киришкен.

Жогоруда айтылгандардан манаптар кыргыз айылдарынын социалдык структурасы менен тыгыз байланышта болгон жана өзүлөрүнө киреше алып келип, кадыр-баркын көтөрө турган элдик диний ишенимдердин калдыктарын дегеле этибарга алган эмес деген тыянак чыкпайт.

Манаптардын ыйык токойлорду, булактарды (мазарларды) пайдаланганын айтсак эле жетиштүү болот; ал жерлерде манаптардын жетекчилиги менен чоң-чоң курмандык чалууларды — түлөөлөрдү өткөрүшкөн, мындайлар мусулман майрамдарынын учурунда да (мисалы курман айтта), ошондой эле кандайдыр бир табият кырсыктары болуп калса (кургакчылык, жут, жер титирөө ж.б. ) өткөрүлгөн.

Буга көп эл катышкан «тойлорду» (бала төрөлгөндө, үйлөнгөндө ж.б. ) жана «аштарды» да кошууга болот, аш берүүнүн жол-жобосу мусулмандаштырылган болсо да, олуттуу даражада элдик каада-салттарды да камтып турган. Дал «тойлор» менен «аштар» биздин күндөргө чейин манаптар үчүн жеңил олжо табуунун ыгы (буларды өткөрүү учурундагы зор чыгымдардын бүткүл оорчулугу айыл-кыштактардын кедей-орто катмарларынын мойнуна түшкөн) жана манаптардын калайык калкка болгон саясий таасирин бекемдөө үчүн белгилүү бир системасы болгондуктан Кыргызстандын өкмөтү «аш» менен «тойлорду» өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндөгү чечимге келген.

Манапчылыктын өзүнүн феодалдык маңызынын улам көбүрөк көрөңгөлөнүшүнүн, андан кийин капиталисттик эксплуатациянын усулдарын пайдаланып, падышалык жеке бийликтин бекем таянычына айлануу жолундагы андан аркы өзгөрүшү менен бирге мусулман диний кызматчылары да акырындык менен манаптардын бийлик системасы менен тамырланыша баштагандыктан көпчүлүк ири манаптардын кол алдында молдосу бар мечит (мындайча айтканда «диний бийлик») граждандык бийлик менен башкаруу аппаратынын курамдык бөлүгү болуп калат.

Солто уруусунан чыккан ири манап Чолпонкул Тыналин бийликтин кеңири уюмдашкан аппаратына ээ болгон. Анын уулу менен бирге 300 үй-бүлөдөн турган букаралары болгон, алар 10 жигиттин жардамы менен башкарылган.

Чолпонкулдун карамагында 965 букаралары бар 19дан көбүрөк майда манаптар болгон, аларды 44 аткаминер жана 54 жигит аркылуу башкарып турушкан.

Чолпонкулдун малдан турган капиталы (майда мал эсебинде) 44000 койду түзгөн, ал эми анын манаптарынын (алардын жеке менчигиндеги малы) капиталы 919400 койду түзгөн. Чолпонкулдун уулу жана ага баш ийген манаптардын бири молдонун милдетин аткарышкан, калган бардык манаптар үч мечитти кармап турушкан.

Чолпонкулдун өзү сабаттуу жана көп окуп, көптү билген адам болгон, ал түрк жана фарсы тилдеринде да окуй алган. Ал болуштук башкаруучу болгон, медалы жана ардак халаты бар, динчилдиги менен айырмаланган адам болуп, Мекеге да барып келген. Бирок булардын баары 1916-жылы кыргыздардын көтөрүлүшү учурунда көтөрүлүшкө катышууга даярданып жатышкан бир нече жүз кыргызды бийликтин колуна өткөрүп берүүгө жолтоо болгон эмес, аларды атып салышкан.

Сарбагыш уруусунан чыккан манап Жантайга 8 манап баш ийип, алар Жантайдын кеңешин түзгөн. Алардын карамагында 20 аткаминер, 20 жигит жана 770 үй-бүлөдөн турган «букаралары» болгон. Бул манаптардын жалпы капиталы (өздөрүнүн жеке менчигиндеги гана, майда малга которгондо) 117400 койго барабар болгон. Манаптын бешөө молдолору жана мусулман мударистери бар менчик мечиттерди кармап турушкан.

1000ге жакын кожолуктан турган «букаралары» бар манап Канат Абукин өзүнүн менчик мечитинен башка да жаңы усул мектебин (диний мектепти) кармап турган. Канат падыша өкмөтүнө карата жакшы мамилеси менен айырмаланган эмес, ал 1916-жылдагы көтөрүлүштүн учурунда анын башкы жетекчилеринин бири болгон. Ал Темирболот, Абаилде жана Кочкор болуштуктарына хан болуп шайланган.

Ири манаптардын менчик мечиттери болгон. Алар: Мусакожо Келдибеков (700 үй-бүлөлүү букарасы бар, болуштук башкаруучу болгон; анын бир тууганы Аалыны 1907-ж. өкүмчүлдүгү жана салык, параларды көп алгандыгы үчүн кедейлер өлтүрүп салышкан), Касымалы Мамбетов (болуштук башкаруучу, бай, 600дөй үй-бүлөдөн турган букаралары болгон, соода жүргүзгөн, «букараларынан» ири салыктары алып, аларды ырайымсыз түрдө эзгендиги менен айырмаланган), Түркмөн Сарпеков (мал жана кездеме саткан ири соодагер, сүткор, чоң помещиктик чарбагы болгон, кедейлерди эксплуатациялаган) жана дагы көптөгөн башкалар.

Көптөгөн манаптар өздөрүнүн «штаттык» молдолорун кармап турган. Алардын ичинде Калпа (саяк уруусунан чыккан белгилүү манап), Боогачы, Алагуш Мурзалин (манап, сарбагыш уруусунан), Султан Далбаев ж.б. бар. Султан Далбаев бир кызык адам болгон экен. Ал болуштук башкаруучу болгон, анын жигиттери уурулук кылып, өзү көп кой салык, пара алган, кыргыз кедейлери иштеткен жерлерди көчүрүлүп келген орус кулактарына оңду-солду сата берген.

Портреттердин бул тизмеги дин кызматчыларынын колдоосунан пайдалангандардын социалдык бейнесин жетишээрлик түрдө мүнөздөп турат. Манаптар менен дин кызматкерлеринин мына ушундай кошоктошуп кетишинин натыйжасында диндин таасири өзгөчө күчтүү болгон манаптардын өзгөчө очоктору түзүлүп, бул очоктор диний идеологиянын өзүнчө бир булагы болуп саналган, а түгүл азыр да алардын таасир чөйрөсүндөгү, мисалы, аялдардын арасындагы динчилдиктин күч алышы сыяктуу көрүнүштү байкоого болот.

Кыргызстандагы диндин мындай очокторун таап, аныктоо кудайсыздар кыймылынын эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Бирок бул динди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланган манаптардын өзүлөрү дайыма динчил болушкан дегендик эмес. Мына алардын айрым мисалдары.

Мурзабек Дыйканбаев — болуштук башкаруучу болгон, европалыктарча асем менен, бай жашаган, динсиздиги жана бузукчулугу менен белгилүү болгон. Өзбек (ысым) — манап, эң ири бай, дээрлик миллионер (бардык малын майда малга которгондо 80 миңге жакын кою болгон), динсиз, жеткен аракеч адам катарында белгилүү болгон.

Казы Чокинов оюна келгенин иштеген ээн баш манаптын үлгүсү болгон, «букараларын» кордогон. Анын кылык-жоруктары исламдын жол-жоболору менен дегеле сыйышкан эмес. Манаптардын ушундай тибин мүнөздөө үчүн Н. X. Калеминдин цитата келтирген материалдарынан Казы Чокин жөнүндөгү үзүндүнү келтиребиз, ал отуз жылдай болуштук башкаруучунун кызматын ээлеп турган, ал эми совет бийлигинин тушунда 1926-жылга чейин Ат-Башы болуштугундагы советтик жана партиялык аппаратты өз колунда тутуп, аны өзүнүн койгон жан-жөкөрлөрү аркылуу өз билгениндей башкарып турган.

«Казы өз уруусунун байлыгын чачкан, жеткен аракеч адам болгон. Жыл сайын, күзүндө Эсенгул болуштугунун ар бир кожолугунан анын пайдасы үчүн 10 койдон, ал эми жазында 10 рублден чогултулуп турган. Талап кылынган койлор менен акча колунда жок кедейлер аялдары менен ажырашып, кайрып алган калыңдан Казыга салык төлөөгө аргасыз болушкан. Ушундай жол менен алынган дүнүйө-мүлктү аракканаларда арак ичип, мас болуп, алаңгазарлык менен чачып түгөткөн, ар жолку ичкилик ичүүдө 200дөн кем эмес рубль төлөгөн.

Жолго чыккан учурларда анын артынан дайыма куржунга арак-шараптарды кошо ала жүрүшкөн. Ар кандай тейлөө кызматтарына жана майда-чүйдө буюмдарды сатып алганда жүз сомдук кагаз акча төлөп, ашыгын кайрып берсе алган эмес. Өзүнүн ат багарына да атынын жем-чөбү үчүн 100 рубль берген. Биринчи эле жолуккан адамдарды күрөшүүгө мажбурлап, жеңгенге караганда жеңилген адамга көбүрөк төлөгөн. Өзүнүн үч аялын Казы «физкультура» ойноого мажбурлап, чуркатып, жарыштырып, биринчи чыгып келгенин байге катарында эркелетип ыраазы кылчу экен.

Көлбай Кубатбеков деген неме орус дыйканынын укугуна ылайык дыйканчылык кылууну чечет. Казы наржаны (уруулук адат укугу) буздуң деп, нарындык полицейге Көлбайды сабоого буйрук берет. Бул буйрукту аткарган полицай айыпкердин бүт тишин кагып салат, ал эми Казы болсо тиши жок айыпкерди бир ай бою төөнүн этин (өтө катуулугу менен айырмаланат) жедирип, муздак суу берип багат. 1920-жылы макаланын авторун (газетадагы. С. А.) анын өткөн кылык-жоруктарын жазгандыгы үчүн Ак-Жарда жашаган Буудайчы Балбаев дегенди мажбурлап аялдын кийимин кийгизип, уйлар менен бээлерди саадырып мазактаган.

Шабдан Жантаев сыяктуу ири манап Казы Чокиновго толук карама-каршы бейнедеги адам болгон, ал өзүнүн бүткүл саясаты менен исламды бекемдеп, молдолордун кадыр-баркын көтөрүүгө умтулган. Ошондуктан манаптардын ичинде кээ бирөөлөрү өздөрү динчил болушпаса да, калайык калкка диний таасир көрсөтүүнүн маанисин түшүнүшүп, бул үчүн тийиштүү шарт-жагдайларды түзүп беришкен. Сооронбай Кудаяров деген манап ушундай адам болгон, анын 1500дөй үй-бүлөдөн турган кожолугу болгон, өзү уезддик начальниктин (Пишпек уездинин) кенже жардамчысынын кызматын ээлеген, Токмок шаарында өз каражатынын эсебинен чоң мечит салып, анда «Карамолдо» деген белгилүү молдону кармап турган.

Шабдан Жантаев XIX кылымдын соңундагы жана XX кылымдын башы чендеги Кыргызстандын түндүгүндөгү коомдук-саясий окуяларга көрүнүктүү таасир тийгизе алган эң ири тарыхый инсан болгондуктан, биз анын тушунда диндин ойногон ролуна жана өзүнүн саясий ишмердигинде Шабдан ага кандай орун бергендигине бир кыйла толугураак токтолуп өтөбүз.

Өзүнүн «бийик» манаптык тегин, кыргыз калкынын арасындагы өзүнүн зор кадыр-баркын жана өзүнө болгон ишенимди пайдалануу менен, Шабдан бул ишенимди падышалык өкмөттүн колонизатордук кызыкчылыгы үчүн билгичтик менен пайдаланган, крайды жеңип алгандан кийинки алгачкы жылдарда көчмөндөрдү жаңы бийликке «көнүктүрө» отуруп, калайык калктын көз алдында арааны ачылып, алкы бузулган орус баскынчылардын аракеттерин жымсалдап көрсөтүп, өзүнүн таасиринин күчү жана чексиз бийлигинин жардамы менен баш ийбегендерди тилге келтирип турган.

Шабдандын ролу кыргыз калкынын көпчүлүгү кол астында турган Кокон хандыгын багындыруу учурунда «орус куралынын» баалуу жардамчысы катарында гана эмес, падышалык өкмөттүн да колунан келбей турган, калайык-калкка таасир берүүнүн бүткүл тизгин-чылбырын өз колуна топтоп алган, монархтын эркин аткарып турган, берилген ээнбаш катарында да зор болгон.

Албетте, падыша өкмөтү Шабданга карыздар болуп калган эмес, ал ага падышанын ырайымдуулугу жана макулдугу менен ар кандай сыйлык, урматтарды жоомарттык менен төгүп берип турган. Александр IIIнү такка отургузуу асеми болгон күнү Шабдан полициянын аскердик старшинасы деген чин алган, ар түрдүү себептер боюнча ал медалдар, ордендер, ардак халаттар, алкыш грамоталары менен сыйланып турган, а түгүл омүрү өткөнчө пайдалануу үчүн 400 теше жер да алган.

Шабдан Пишкек уездинде жана ага жакын жаткан Верненск, Пржевальск жана Олуя-Ата уезддеринин болуштуктарында өзгөчө күчтүү таасирге ээ болгон, бирок ал таасир тигил же бул түрдө Кыргызстандын бүткүл түндүк аймагында да көрүнүп турган.

100 миң адамдан көбүрөк калкы бар мындай ири аймакты баш ийдирип кармап туруунун зарылдыгы Шабданды бийликтин өтө тармактанган аппаратын түзүүгө аргасыз кылган. «Чоң саясаттын» маселелери боюнча иш алып барышкан эң башкы кеңешчилери болгон Манантайдан, Байаке Күнтугановдон жана Боромбай Ыраевден башка да, акылдуулугу менен, же чечендиги менен, же калк ичинде чоң таасирдүүлүгү менен айырмаланган онго жакын кеңешчилери, бир кыйла жооптуу тапшырмаларды аткара турган 5-6 кенже кеңешчилери (алар улук жигиттер деп да аталган), ар түрдүү майда-барат тапшырмаларды аткара турган 15-20 чабарман жигиттери болгон.

Шабданга 30-35 болуштуктун башкаруучулары, алар аркылуу (жарым-жартылайы түздөн-түз) 500-600 айыл старчындары менен бийлер (эл соттору) түздөн-түз баш ийип турган; старчындар менен бийлер ири жана майда манаптар менен бирдикте бир нече миңдеген атка минерлер аркылуу калган бүткүл «букараны» мыкчып турган.

Ошентип, Шабдандын кызматында манаптардан, байлардан жана жергиликтүү администрациядан турган курама аппарат болгон. Ири уруулардын көбүрөк кадыр-барктуу манаптары Сарыбагыш Мыктыбеков, Рыспек Осмонбеков, Сулайман Корчуев (солто уруусу), Көкүмбай Чинин, Байзак Таукин, Рыскул Нарбутин (саяк уруусу) жана башка бир катары Шабдандын достору болгонун да эскертип кетүүбүз керек.

Шабдан уезддик жана облустук падышалык администрация менен тыгыз байланышып турган, Түркстан генерал-губернатору менен тааныш болгон. Өзүнүн ишмердигинде ал жергиликтүү соода буржуазиясы менен бир кыйла жакын алакада болгон. Шабдан өзүнүн жеке кол алдындагы аппаратында катчыларды, котормочуларды, эсепчини, квартирмейстерди жана ушу сыяктууларды кармап турган. Анын идеологиялык аппараты жөнүндө биз төмөндө айтабыз.

Шабдан өзү ашкере динчилдиги менен айырмаланган, буга, атап айтканда, чакырылып келген Жылма молдонун жардамы менен динчил атасы Жантайдын берген диний тарбиясы себеп болгон. Бирок бул жаш курагында шайдоот жигит, барымтачы болууга, жылкы уурдоого, бөлөк урууларга кол салып, жүздөгөн баш мал тийип келүүгө тоскоолдук кылган эмес. Дин жагынан Шабдан ага келген ажылардан көптү үйрөнгөн. Шабдан (кайсы убакта жатпасын) таң заарда туруп, муздак суу менен жуунган. Кайда барбасын, кайсы жерде болбосун — бардык намазын даарат алып окуган. Анын ырым-жырымдарды аткарууну катуу карманганын төмөнкүдөй бир окуя айгинелейт. Бир ири жер титирөө болгон күнү Шабдан Токмоктогу мечитте экен. Намаз окуп жатканда жер титирей баштаганда бардыгы мечиттен чыга качышат, жалгыз Шабдан гана ордунда калып, шашпай намазын окуп бүткөндөн кийин сыртка чыгат. Шабдан ичкилик ичкен эмес, чылым чеккен эмес.

1904-жылы декабрда Шабдан Мекеге ажыга барып, ал жактан 1905-жылы майда кайтып келет. Аны менен кошо анын квартирмейстери Өмүрзак, Байаке жана дагы бир нече киши барышат. Шабдандын Мекеге барууга даярданып жатканын уккан кыргыздар жолго деп ага көптөгөн акчаларды алып келип бере башташат, кала берсе эң алыскы райондордон да келишет. Жолдо да аны тосуп алышып, акча менен жабдышат. Мекеге барууга ага-туугандары тарабынан бир кыйла каражат чогултулса да, анын көпчүлүк бөлүгү калктан түшкөн, мында, албетте, башкы ролду манаптар ойногон, алар молдолордун колдоосу менен элдин диний маанайын көтөрүшүп, курмандык чалуунун толкунун пайда кылышкан. Бир маалымат боюнча Шабдандын жанында 10 миң рубль, башка бир маалымат боюнча — 30 миңдей рубль болгон. Саякаттын учурунда Шабдан Гежас темир жолун курууга 2500 руб. садага берген, бул үчүн ал медаль менен сыйланган. Кайтып келе жатканда Шабдан Константинополдо бир айга жакын туруп, ал жерде түрк төрөлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бул жерде биз, калыбы, белгилүү бир диний-улутчулдук, панислаллдык тенденцияны байкай алабыз, мындай тенденция Шабданга гана эмес, бир катар башка ири манаптарга да мүнөздүү болгон.

Шабдан өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү бардык адамдарга дин жагынан өтө катуу талап койгон. Өзүнүн бардык аялдарынан намаз окууну талап кылган, анын аялдарынын бири Шааке Мекеге саякатка да барып келген. Жолдо ал Бухаранын эмирине барып, Шабдандын ага берип жиберген тартуусун — кымбат баалуу тонду тапшырат. Шааке да негизинен калктын каражаты менен барып келген.

Шабдан дээрлик бардык жакын туугандары менен жан-жөкөрлөрүн ажыга барууга мажбурлаган. Мекеге анын үч бир тууганы — Төлө, Иманалы жана Мамут, 2 башкы кеңешчиси, улук жана кенже кеңешчилери менен жигиттеринен 10дон көбүрөөк адам барып келишкен.

Манапбай (ырым-жырымдарды бекем аткарган, өзүнүн менчик мечити болгон, уулу Бухара медресесинде окуган), Боромбай (ал өзү гана эмес, анын уулдары да Мекеде болушкан), Андаш, Байтума ж.б. сыяктуу динчил адамдар менен катар Шабдандын жан-жөкөрлөрүнүн ичинде өзүнүн ырайымсыздыгы менен кеңири белгилүү болгон, а түгүл «каничер» деген ылакап атка конгон Байаке да болгон. Дин менен желдет коюндашып жашап турган.

Чоң-Кемин суусунун өрөөнүндөгү Шабдандын чарбагында европалык типтеги үйдүн катарында наркы 15 миң рублге жакын болгон зор мечит курулган. Аны курууда жумшалган каражаттын негизги үлүшү зекет жана ошондой эле башка салыктар менен жыйымдар ж.б. түрүндө калктан чогултулган. Мечитте Шабдан имамды кармап турган, ал бир эле убакта балдарды диний сабаттуулукка окуткан. Алсак, Ялмиха деген татар он жылга жакын Шабданда имам болгон, ал куранды жатка билген деп айтышат. Анын 300гө жакын окуучусу болгон.

Окуучуларга акча төлөөдөн башка да калкка диний керектөөлөр үчүн зекеттер менен жыйылдарды да төлөөгө туура келген. Эгерде молдого эмгек акысы аз болуп көрүнсө, Шабдан ага өз каражатынан кошумча акы төлөгөн. Балдар атайын курулган медреседе окуган, мындан башка да Шабдандын уулдарынын бири, өзүнүн динчилдиги менен айырмаланган Хисаметдин медресе үчүн өз үйүн берген. Ал жаңы усул мектебин кармап турган, анда уралдык казак Нуретдин жана казандык татар Нурали Мамин мугалим болуп иштешкен. Хисаметдин диний билиллди Ферганада (Наманганда) жана Токмокто алган, бир аз убакыт орус-тузем мектебинде мугалим болуп иштеп, кийин узак убакыт бою молдонун милдетин аткарып, көптөгөн зекеттерди чогултуп алып турган. Бир жолкусунда ал 1000 баш койдон турган зекет чогултуп, калктын арасында чоң күңкүл туудурган экен.

Шабданга келген ислам дин өкүлдөрүнүн кимиси болбосун ал тарабынан жылуу тосулуп алынган. Ага келип-кеткен көптөгөн өзбек жана татар эшендер аныкында 1-2 айлап жатып, айрымдары мечитте 1-2 жылдай жашап, балдарды окутушкан. Ага келген ажылар менен имамдардын эч кимисин тартуу бербей куру кетирген эмес. 1895-жылы намангандык бир ажыга Шабдан 200 жылкы чогултуп берген, ал эми Шабданга «визит» менен келгенден кийин 50-100 жылкыны алдына салып айдап кеткендер аз эмес болгон. Шабдандын колунда эч кандай жеке менчиги жок болгондуктан, бул «белектер» жакынкы болуштуктардын «букараларынын» мойнуна сезирээрлик оор жүк болуп түшкөн.

Мындай жоомарттык Шабданга даңаза алып келип тургандыктан ал өзүн эч качан мындай даңазадан куру калтыргысы келген эмес, анын жоомарттыгы жөнүндөгү даңк-даңазалар Орто Азиянын бардык булуң-бурчтарына чейин тарап (Ферганадан, Бухарадан жана Ташкенттен гана келбестен, Кашкардан да келип турушкан), анын калк арасындагы кадыр-баркын чыңдаган, анткени алар Шабдандыкында болушканда диний үгүт-насыяттарды күчөтүп жүргүзүп турушкан.

Мусулман эшен-молдолорду Шабданга негизинен дал дүнүйө-мүлккө ээ болуу кызыкчылыгы тартып турган, анткени алар Шабдандан ал өзү каалап берген белек-тартууларды алуу менен гана чектелбестен, өздөрүнүн жигердүү аракеттери аркылуу да көптөгөн белек-бечкектерди чогулта алышкан. Бир кыйла ири ажылар менен эшендер өздөрүнүн келе тургандыгы жөнүндө Шабданга алдын ала кабар беришкен, Шабдан аларга жигиттерин жиберип, жолдон тосуп алышып, алар үчүн өзүнчө өргө көтөрткөн. Келген эшендердин айрымдары кыргыздардын арасынан өзүнө шакирт-мюрилдерди («мурут») тартышкан, ал муруттар кадимки эле кызматчы жигиттерге айланып, иш жүзүндө алардын бардык тапшырмаларьш аткарып турушкан.

Кыргыздарга белек-бечкек берип, аларды өздөрүнө тартуу үчүн кожолор менен эшендер таттуу даам-татымдарды, майда-барат буюмдарды (киш-миш, өрүк, топу, саймаланган кур ж.б. ) камдап ала келишип, аларды «колко» катарында пайдаланышкан. Алардын айрымдары айла-амалдарды колдонушуп, өздөрүн көчмөндөрдүн көз алдында жөнөкөй адам эмес экенин көрсөтүүгө умтулушканы жөнүндө кептер айтылып жүрөт. Алар боз үйдө отуруп, аларга тартуу үчүн кандай мал жетелеп келгенин так айтып беришкен. Көрсө бул өтө эле жөнөкөй нерсе экен. Аларда малдын түрүнө карата белгиленип коюлган жигиттери болгон. Эгерде үйгө жылкыны билдирген жигит кирсе, анда кожо жанында отургандарга ага тартуу кылып ат жетелеп келгенин жаңылбай эле айта алган.

Бийликтин жана башкаруунун шабдандык аппаратынын бул бөлүгү дервиштер («дубаналар») менен олуттуу түрдө толукталып турган. Шабдан кайырчыларга, көзү ачыктарга жана «дубаналарга» өзгөчө сүйкүмдүүлүк менен мамиле жасаган, алар зыяратка келгендей эле топ-тобу менен келе беришкен. «Дубана» Шабдан үчүн «пропагандачылардын штаттан тышкаркы институту», манаптар үчүн өзүнчө бир «агитпроп» болгон, аларга жоомарттык менен акы төлөнүп турган. Ал гана эмес, алар Шабдандан түнөк таап, камкордукка бөлөнүп, тамакашка тоюнушкан. Шабдан аларга акча берип, үстүндөгү кийип турган кийимин чечип бергенди, дайыма дээрлик мал жетелеткенди жакшы көргөн.

Шабдандан ат жетелеп кетпеген кайырчы же «дубаналар» өтө сейрек болгон. Эгерде анын колунда мал жок болуп калса, ал жигитин өз букараларынын кимдир-бирөөнө жиберип, алып келген атты же койду андайларга тартуу кылып жөнөткөн. Буга окшогон адамдар Шабдандын үйүнөн эч качан үзүлгөн эмес. Алардын айрымдары Шабдандыкында бир нече күн, ал эми кээ бирөөлөр жумалап жашаган. Жылуу-жумшак сый көрүп, тартуу алган «дубаналар» Шабдандыкынан чыгып, айыл-кыштактарды кыдырып ак уруп, Мухаммед менен Шабдандын ысымдарын даңазалашкан. Шабданга мындан башканын кереги жок эле.

Өмүрүнүн акырында Шабдан (ал 1912-ж. өлгөн) анын өзү жана ата- бабалары жөнүндө китеп жазмакчы болгон Осмонаалы Сыдыков деген кыргыз молдо менен көп аңгемелешип, ага акча жагынан да жандуу колдоо көрсөткөн. Бул китеп 1913-жылы Уфада кыргыз тилинде басылып чыгат. Анда манапчылык, айрыкча Шабдан макталат. Китеп калыс эмес, бир жактуу жазылып (баса бул кыргыз тилиндеги биринчи китеп), тарыхый фактыларды бурмалап, манаптарды идеалдаштырып көрсөтөт. Өз учурунда китеп манаптар үчүн, калыбы, баалуу документ катарында кызмат кылса керек, анткени ал манаптардын «букараларды» эзүүгө жана эксплуатациялоого болгон кебелбес укугун бекемдеген, анын үстүнө ал диний идеология менен өтмө катар сугарылган китеп болгон. Шабдандын өзү сабатсыз болгон менен мусулмандык диний аңгемелерди укканды өтө жакшы көргөн.

Шабданды көмүү жана «ашы» манапчылыктын төбөлдөрүнүн орус падышачылыгы менен байланышын, анын күч-кубаттуулугун жана эмгекчилердин калың катмарына тийгизген таасирин кеңири даңазалап көрсөткөн. Ошондуктан биз Шабданды көмүүнү жана анын ашын сүрөттөп жазууну кызыгарлык деп эсептейбиз.

Шабдандын сөөгүн көмүүгө Пишпек, Пржевальск жана Верный уезддеринен 7 миңдей адам келген, булардын арасында ал жерде жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү болгон. Жүз казак-орус менен Токмоктун приставы да катышат. Коноктор өлүктү көмүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу иретинде 350 жылкы, 2500 рубль акча, кымбат баалуу ат жабдыктар менен токулган 9 күлүк ат, үч ат чегилген 1 экипаж, 100дөн ашык ар түрдүү чепкендер (алардын ичинде парчадан жана жибектен тигилгени да бар), кездемелер ж.б. тартууга алып келинген. Өлүктү көмүү учурунда киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөдө отурган Шабдандын уулу — Мөкүш камактан чыгарылган. Бирок өлүктү көмүү иштин башталышы гана болучу. Чыныгы салтанат — Шабдандын «ашы» ошол эле жылы октябрда Жети-Суу облусунун губернаторунун атайын уруксаты боюнча өткөрүлөт.

Өлүктү көмүү менен (апрелде) «аштын» аралыгында Шабдандын үй-бүлөсүнө «көңүл айтуу» үчүн Кашкардан, Кулжадан, Бухарадан, Ташкенден, Ферганадан … молдолор, ажылар жана эшендер келип кетишет.

«Аш» жөнүндө Түркстан крайынын Жети-Суу, Сыр-Дарыя жана Фергана облустарынын калкына кабар берилет. Коноктор 7-октябрдан тартып келе башташат. Үч болуштук коноктор үчүн боз үйлөрдү тигишип, ар бир болуштук белгилүү бир уруудан же райондон келген конокторду күтүшкөн. Бул төрт болуштуктун ар бир 10 кожолугу 4 боз үй тигүүгө, анда жашаган конокторду тейлеп тамак-аш берүүгө милдеттүү болгон.

«Аш» өткөрүлгөн Кичи Кемин өрөөнүндө бардыгы болуп, коноктор үчүн 1500 боз үй жана тамак-аш даярдоого 100 боз үй тигилген. Июнда гана коноктор келип бүтөт. Болжолдуу эсеп боюнча, алардын саны 50 миң адамга жеткен. Булардын бардыгына тамак-аш берүү үчүн 10 миң кой жана 2 миң жылкы союлган. Орус аскер жана граждандык администрацияларынын чиндеринен 100гө жакын киши катышат (жүз казак-орусту кошпогондо), аларды Шабдандын уулдары өзүлөрү кабыл алып, күтүшөт. 2000 бөтөлкөгө жакын арак-шарап ичилет. Июндун 15ине чейин салтанат жана көңүл ачуу улантылат. Ат чабышка биринчи жолу кунандар коё берилет. Экинчисинде ири байгелер сайылган чоң чабыш болуп, ага мыкты күлүктөр катышат. Бардыгы болуп 25 байге белгиленип, алардын биринчиси — 500 рубль, акыркысы — 50 рубль жана 1 жылкы болот.

Жарыш башталган жерден марага чейинки аралык 60 чакырымга жакын келип, биринчи байгени таза кыргыз күлүктөрү, ал эми Ташкенден атайы алып келинген англиялык асыл тукум күлүк «Жакерия» 12-байгени алат.

Андан ары, жөө күрөштөн кийин, программанын «өзөгү» болгон найза менен куралданган атчандардын турнири («сайыш») болот. Спорттун бул түрүнүн максаты — найза менен каршысын ээрден сайып түшүрүү. Биринчи экөө — казак менен кыргыз — сегиз жолу беттешип, сайышып, мелдеште эч ким жеңбей, тең чыгышат. Экинчи жубу — экөө тең кыргыз — биринчи эле сайышта бирин бири оор жарадар кылышат (бир нече күндөн кийин алардын бири каза болот). Үчүнчү жупту сайышка чыгарышпай, токтотуп коюшат.

Меймандар үчүн бир топ оюн-зооктор уюштурулат. Мындан башка ал күндөрдө жарманкеде соода-сатык жүргүзүлүп, селкинчек тебилип, музыка жаңырып, эртең мененден кечке чейин чайканалар, ашканалар жана бозоканалар иштеп турат.

Меймандардан мечит жана медресе үчүн, жетим-жесирлерге көптөгөн садагалар чогултулат. Ушул эле каражатка Шабданга эстелик тургузулат.

Салтанаттын башкы башкаруучусу Хисаметдин Шабданов, ал эми ири манаптар, көпөстөр, байлар менен болуштук башкаруучулар анын жардамчылары болушкан. «Букаралардан» чогултулган жүздөгөн баш мал байлар менен манаптар тарабынан айдалып келип, тартуу кылынган. Алардын бир бөлүгү «ашка» кеткен чыгымдардын ордун толтурууга жумшалып, калган бөлүгү «накта киреше» катарында аш бергендердин колунда калган, эмнеси болсо да «ашка» кеткен укмуштуу чыгымдар акыры келип эле ошол эле элдин мойнуна түшкөн.

Шабдан дүйнөдөн кайтты, бирок анын артында уулдары жана таптык таламдары бирдей болгон көптөгөн достору калды, алар бекем тамыр жайып алууга үлгүргөн мусулман дин кызматчыларынын кеңири колдоосунан пайдаланышып, диний идеологияны мурдагыдай эле дилгирлик менен бекемдөөсүн уланта беришти.

1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшүндөгү дин кызматчыларынын ролу жөнүндө да бир-эки ооз сөз айтып кетүү керек. Көтөрүлүш кеңири жайылып жаткан учурда дин кызматчылары Түркияга каршы, мусулмандарга каршы согушка барбоо керек деген тактикалык чакырыкты ташташкан. Белгилүү молдо Исмаил-Ажы Кулдуванин калктын арасында падышалык өкмөткө каршы, көтөрүлүшкө чакырган үгүт иштерин күчөткөн. Шабдандын уулу Мөкүштү хан көтөрүү асеминде, мечиттин жанында жалпы эл катышкан дуба окулуп, бата берилет. Ошентип, көтөрүлүштүн белгилүү бир этабында ага жетекчилик кылууга болгон манаптардын эпкиндүү аракеттери эшен, молдолор тарабынан ушундайча мыйзамдаштырылган. Көтөрүлүшчүлөрдүн арасында колунда куралы бар көптөгөн молдолорду көрүүгө мүмкүн болгон.

Октябрь революциясынан кийин, динге каршы пропаганда жүргүзүү маселелери толук түрдө коюла баштаганда, кыргыздар динчил эмес деп эсептешип, эмгекчилердин арасында динге каршы иш жүргүзүүнүн кереги жок деген корутундуга келгендердин үндөрү көп жолу угулуп турган. Мындай пикирлер кыргыздардын диний ишенимдери менен үстүртөдөн тааныш болгондор тарабынан айтылган эле, кийин партиялык уюмдар маданий жактан артта калуунун жана айрым райондорду советтештирүүнүн кечиктирилип жатышынын себептерин иликтеп ачып жатып, диний уюмдардын зор ролуна туш болушканда, ал уюлдар манаптардын совет бийлигине каршы күрөшүндө билгичтик менен пайдаланылып жаткан курал болуп саналаары ачык байкалат.

Артта калган калайык калкты диний туунун астында совет бийлигине каршы күрөшкө бириктирүү аракети манаптар ажырап калган үстөмдүгүн кайра калыбына келтирүү үчүн жүргүзгөн күрөштүн ар кайсы этаптарында колдонуп келген усулдардын жалпы тизмегиндеги бир звеносу болгон.

1925-1926-жылдарда Шаркыратма болуштугунда бай-манаптар тарабынан уюштурулган «Таш-куран» жашыруун коому мунун эң сонун далили болуп саналат, ал коомдун максаты наркты (уруулук адат укугун) сактап калуу болгон. Бул коомдун контрреволюциячылдыгы эч кандай шек туудурбайт. Ал уюм тигил же бул талаш маселелерди чечүү үчүн совет органдарына кайрылышкан бардык эмгекчилерди куугунтукка алышып, коомдук бойкотторду, паралап сатып алууну жана советтик аппараттагы өздөрүнүн адамдары аркылуу байланыштарын пайдаланууну колдонушкан. 11 адамдан турган коомдун бардык мүчөлөрү коом өз алдына койгон максатка берилгендигин билдиришип, курандын үстүнө сепил символ-ташты коюшуп антташып, сөз байлашкан. Коомдун курамына мурдагы байлар, айылдык старчындар жана Усман Чулбеков сыяктуу 1000ге жакын кою, 130 бээси, 50 баш бодо малы жана 6-7 төөсү бар ири байлар кирген. Бул коомдун диний чүмбөтү антисоветтик иш-аракеттери үчүн ишенимдүү парда болгон.

Революция жылдарында байкалган мечиттердин санынын өсүшү да мүнөздүү көрүнүш. Эгерде алардын айрымдары түздөн-түз бай-манаптардын каражаттарына курулган болсо, калгандары белгилүү бир үгүт-насыяттардын жана манаптар тарабынан кысым көрсөтүүнүн натыйжасында чогултулган калктын каражаттарына курулган (мисалы — Барскон айылындагы мечит өз ара салык түрүндө жүздөгөн баш койлорду төлөшкөн калктын каражатына курулган). Эгерде Нарын кантонунда 1900-жылдан 1917-жылга чейин 25 мечит курулган болсо, революция жылдарында андан эки эсе аз убакыттын ичинде — 1917-жылдан 1926-жылга чейин 25 мечит тургузулган. Ушундай эле катышта мечиттердин санынын өсүшү Каракол кантонунда 3 жана 24, Чүй кантонунда — революцияга чейин 8, андан кийин 37 болгон.

Мечиттердин мындай өсүшү диний маанайлардын канчадыр бир даражада күч алганын көрсөтөт, мындай маанайды козутууга манаптар чоң «салым» киргизүүдө.

1929-жылы партактивдин чогулушунда жасаган докладында Обкомдун катчысы Ж. Шубриков биздин маданий фронтубуз менен динчилердин фронтунун куралданышы жөнүндө кызыгарлык цифраларды келтирген. Ошол учурда мугалимдердин кыргыз курамында толук эмес орто билими барлар бар болгону 2 пайызды жана төмөнкү билими барлар 98 пайызды түзгөн болсо, мусулман дин кызматчыларынын курамында (мурдагы Жалал-Абад кантонунда) жогорку диний билимдүүлөрү 30 пайыз, орто билимдүүлөрү 40 пайыз жана төмөнкү билими барлары 30 пайызга жакын болгон, бул динчилердин олуттуу бөлүгү эски диний борборлордон — Бухарадан, Уфадан, Казандан чакырылып келген, совет бийлигине каршы күрөш боюнча салмактуу стажы жана динийтарбия иштери боюнча тажрыйбалары бар адамдар болгон.

Жаңы, латындаштырылган алфавитти киргизүү боюнча иштер дин кызматчыларынын алардын колундагы күчтүү куралды — араб алфавитин алып коюуга каршы күрөшү менен коштолбой коё албайт эле. Өздөрүнүн алсыздыгын сезген диний кызматчылар амал ойлоп табышат да, куранды жаңы алфавит менен басып чыгарууга уруксат сурашып, ошол кездеги илимий комиссияга кайрылышат, аны ондогон миң даанада чыгарып таратуу жөнүндө кепилдик беришет. Динчилердин калкка өз таасирин сактап калууга бардык ыктар менен жол табууга жасаган бул уятсыз аракеттерине тийиштүү сокку берилет.

Азыркы учурда күчтөрдүн катышы кескин өзгөрдү. Айыл-кыштактардагы коллективдештирүүнүн жана маданий революциянын ийгиликтери эмгекчилердин арасында динчилдиктин тамырын улам көбүрөк кыйып, начарлатууда. Ошондой болсо да, кудайсыздар союзунун (СВБ) уюмдарын эмгекчилерди социалисттик кайра тарбиялоо боюнча чымырканган иштер жана өздөрүнүн контрреволюциячыл иштери үчүн диний чүмбөттү пайдаланып жаткан тап душмандарга каршы чечкиндүү күрөш күтүп турат.

Макаланын акырында автор өздөрүнүн баалуу көрсөтмөлөрү жана маалыматтары менен бул макаланын басмадан жарык көрүшүнө жардамдарын беришкен Касым Тыныстанов жана Белек Солтоноевге ыраазылык билдирүүнү өзүнүн парзы деп эсептейт.

Саул Матвеевич Абрамзондун «Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер» аттуу китебинен. /Котор. С.
Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.