Жаш акын Махабат Касеинованын чакан ыр топтомун окуп, жүрөгүм жылыды. Жасалма жок жөнөкөй кетип бараткан ыр саптардан жылт-жулт эткен көркөм ойлор көрүнө калганда – акын кыздын талантынын өзүнчөлүгүнө суктанып, толкунданып отурдум. Көңүлүм сергип, ырахаттанып, «ой» көрүнгөн жылтылдаган саптарды алдыдагы ырларынан да учуратарыма ишене бердим. Алгачкы ырын окуйлучу:

Абысын-ажын болор сырдашарым,
А чыны билгендерге бир казалмын.
Кыргызга атым мейли чыкпаса да,
Кызыма окуп берер ыр жазармын…

*     *     *

Толуктабай жакшы акындар катарын,
Толуктадым жакшы аялдын катарын.
Уурдап кетпей кимдир бирөө бактымды,
Ушул бойдон уланса дейм сапарым.

Ыр жазууга ырас кээде умтулам,
Ыйын уксам бышактаган бирөөнүн.
Оорусам да көөдөн толо бук болуп,
Ойлоп турам бейпилдигин бүлөмдүн.

Жаратканым кезиктирген жолдошум,
Жакын эмес жүйөсү жок ыр-чырга.
Ырас кээде ыйга толуп көөдөнүм,
Ыр жазылат ашкананын бурчунда.

Ушу төрт куплет ырды окуп – акын  кыздын көркөм жан дүйнөсүнөн кабардар болгонсудум. Анткени бул саптарга – акын кыздын толгонуп отурган кезиндеги абалы, ички сезим-туюму, ал турсун анын оор басырыктуу мүнөзү да (акын кыздын өзүн көрө элекмин) кадимкидей түшүп калган… Бул – тагдыр берген таланттын белгиси.

«Акын жашайт» деген дагы бир ырын окуйлу.

Акын жашайт, туя албайт аны эч ким,
Аалам туят, а туйганы курусун.
Көздөгөнү, көксөгөнү бийикте,
Көргөндөргө байкуш бирөө турушу.

Акын жашайт, анда көп сыр катылган,
А тагдырын адамзаты чечкендей…
Куюн өңдүү сапырылып дүйнөсү,
Аты-жөнү кумга сиңип кеткендей…

Акын жашайт, шордуу сезбе а бирок,
Акыл калчайт, ал да кээде жаңылат.
Азыр жүрсө бар жерлерден табылбай,
Бир кезде үнү жок жерлерден жаңырат.

Акын жашайт…

Бул ыр ушунчалык терең философиялуу ыр экен, «а-бу» деп чечмелөөгө сыйбайт… Жүрөгүндө бирок көп бир туюмдар, ойлор, сөздөр айтыла берет…

Гений жазуучубуз Чыңгыз Айтматов «Ырга түшүндүрмө берүү – көп туура эмес. Ыр өзүн-өзү сүйлөп турат. Аны тек гана окуш керек» деп айткан эмеспи. Анын сыңарындай, акын кыздын ырларына көп сүйлөп түшүндүрмө бергим келбейт. Зирек окурман анын ырларынын ойлуулугун, көркөмдүгүн адеп окуп эле сезет. Тек гана анын ырларында – түз кетип баратып көтөрүлүп кеткен жарыктай көркөм ойлор бар экенин айткым келет. Ошондой ыр саптарынан бөлүп-бөлүп келтирейин.

*     *     *
Менин жарым менден ырга жакын де,
Сансыз ойго оорутат бейм башын де.
Түнт мүнөзү тунжуратат дүйнөмдү,
Аты алыска угулбаган акын де.

*     *     *
Карек кадап канча жүрдүм арбалып,
Көп ойлондум өлчөп жети, бир кесип.
Кол кармаштык, узап менден жалгыздык,
Койдум сага жүрөгүмдү бийлетип…

Мезгил келип мен бактылуу болорго,
Мээрим менен карады бейм тагдырым…
Эки-экиден эми менде бардыгы,
Экөө болуп жалгыз жаткан жаздыгым.

*     *     *
Билбеймин жалганбы, чындыкпы,
Жомоктон үйрөндүм турмушту…
Жоготпой  өмүрдөн өзүмдү,
Жомоктор бутума тургузду…

*     *     *
Билбейм кимден күтүп жүрөм эмнени,
Билбейм не деп айтат экен эл мени?
Периштедей деле жашай алмакмын,
Пенделикке түртүп кеттиң сен мени…

Тазарса дейм ой-тилектер мендеги,
Тазарса дейм, бүт адамзат жердеги.
Периштедей келет жашоо кечиргим,
Пенделикке түртпө кайра сен мени…

*     *     *
Менин доорум мен жашаган доор да
Мен өткөндө бир кылымдын бүткөнү…
Анда бүтөт алдымдагы жол да,
Артып алган пенделиктин жүктөрү,
Шыпырылып түшөт жондон…

Бул өмүрдү оюн кылып бүткөндөр,
Мениби же башканы
Жаңылууга түрткөндөр,
Жашай берсин, а мейли,
Алардын да доору бүтөт жакында…

Курбума кат: Ыр окулду алда кайдан алыстан,
Ырлар менен  шөкөттөлдү жарык таң.
Түш көргөндөй бүлүк түшүп жан дүйнөм,
Түркүн саптар жаралууда Кайыптан…

Мына ушундай уйкаштарды өтө мизилдебеген, бирок жүрөгүңдү чагылгандын отундай чарпып өткөн көркөм ойлору, көркөм сүрөттөрү аркылуу акын кыздын өзүн көрбөсөм да, жан дүйнөсүн көрө алдым. Ал таза, назик, ошол эле учурда кайраттуу, чечкиндүү жан дүйнө акындын ырларынан «калкып» көрүнүп турат… Ал эми мындай жан дүйнө Кудай буйруса өмүрдүн узун жолунда – Поэзия деп аталган көзгө көрүнбөгөн, колго урунбаган, сезим серпилип, жүрөк туюнган далай мөлтүр ойлорду жаратар… Мен ага ишенем.

Андыктан акын кыз Махабат Касеиновага – Табият тартуулаган талантка, Кайыптан келип аткан Ыр шоокумуна аяр карап, аны багып, калемин колунан түшүрбөй дайыма изденүү жолунда болушун каалаймын.

Фатима Абдалова, акын, А.Осмонов сыйлыгынын лауреаты

*     *     *
Толуктабай жакшы акындар катарын,
Толуктадым жакшы аялдын катарын.
Уурдап кетпей кимдир бирөө бактымды,
Ушул бойдон уланса дейм сапарым.

Ыр жазууга ырас кээде умтулам,
Ыйын уксам бышактаган бирөөнүн.
Оорусам да көөдөн толо бук болуп,
Ойлоп турам бейпилдигин бүлөмдүн.

Жаратканым кезиктирген жолдошум.
Жакын эмес жүйөөсү жок ыр-чырга.
Ырас кээде ыйга толуп көөдөнүм,
Ыр жазылат ашкананын бурчунда.

*     *     *
Көөдөнүмө көк асман да, сыят жер,
Көздөгөнүм эмне экенин туят көл.
Башкалардын жары кандай экенин
Жоро-жолдош, тааныштардан сурап көр.

Менин жарым менден  ырга жакын де,
Сансыз ойго оорутат бейм башын де.
Түнт мүнөзү тунжуратат дүйнөмдү,
Аты алыска угулбаган акын де.

Балким айтаар жубайлары  кандайын,
Бири мактаар сөз тийгизбей алганын.
Туура жолду тандадымбы ким билет,
Турмуш өзү таразалайт калганын.

Жалбырттаган үмүт отун өчүрбөй,
Жанаша бас жашоо өмүр көчүндө.
Башкасына өкүн мейли, а бирок,
Акын болуп калганыма өкүнбө.

*     *     *
— Сен жазган ыр сонун экен.
— Сонунбу?
— Сонун экен, кайра-кайра уккум бар.
Көңүлүмдү көкөлөгөн бүгүнкү,
Көтөрүңкү маанайымды сүйүнтүп,
Көпөлөктөй ушул күнү учкум бар.

Ыза болор бир сөз айтып койбогун,
Арсар эмес тунук болсун ойлоруң.
Аалам тынчып таттуу уйкуда жатканда,
Аруулукту ыроологон ак таңда
Абай салчы айтып берем болгонун.

— Жаңы ыр жаздым, сага жазган алгачкы ыр,
Саамайымды сылап айттың “жакшы экен”.
Бүгүн менде сүйүү кайра жанданды,
Бүгүн чындап таппай жаттым айламды,
— Сага жазган алгачкы ырым…
— Жакшы экен.
— Сага ыр жазуу кандай бакыт, бах десең!

*     *     *
Сынашабы коңшу колоң ким билет,
Сырттан карап коомай көзүн тигишет.
Бул колдорум калем кармап ыр жазган,
Күл чыгарып от жакканды билишет.

Апам жагып биз турганча үй ысып,
Анда бизге оюн эле эң кызык.
Жашап келем эми мен да балам деп,
Жашап келем түйшүк тартып тырмышып.

Көөдөнүмдө көптөр билбес бош санаа,
Жан дүйнөмдө ыр жазбасам бош калам.
Апам мен дейт, а мен таңдан ойгонуп,
Кызым үшүп калбасын деп от жагам.

*     *     *
Өрүшкө жол алып нечен кез,
Өзүм да бакыттан кечеңдеп.
Турмушка туура жол сала албас,
Айтабы мендейди бечел деп.

Билбеймин жалганбы, чындыкпы,
Жомоктон үйрөндүм турмушту.
Жоготпой өмүрдөн өзүмдү,
Жомоктор бутума тургузду.

Жомоктор жол алган жакшыга,
Жомоктор жол салган бактыга.
Кызыма көп айтып берейин,
Кылымдар бак жолун ачкыла!

Курбума
Кайгы деле кайгы болуп туюлбай,
Каптаган сөз кулактарга угулбай.
Бойго сиңип, дене бойду эргиткен
Болсо гана жашоо сенин ырыңдай.

Жашоо башка, сен жараткан ыр башка,
Жайыңды айтып жан дүйнөмдү ыйлатпа.
Жазбай дагы коё албайсың чынында,
Жалын ырлар жүрөктөрдү туйлатса.

Чалынтчудай чыны-чайнек чачылган,
Чаржайыт ой анан кантип ыр жазам.
Дүйнөм түгөл андан көрө кызыма,
Бир төгүлүп бешик ырын ырдасам.

*     *     *
Билбейм кимден күтүп жүрөм эмнени?
Билбейм не деп айтат экен эл мени?
Периштедей деле жашай алмакмын,
Пенделикке түртүп кеттиң сен мени.

Карап коюп күндүн чыгып, батканын,
Карап коюп булут чалган асманын.
Келем жашап мен да сендей  күнөөлүү,
Бул турмуштун кечип чаңын  баткагын.

Улам барат күндөр чачтай суюлуп,
Улам жашоо мага кызык туюлуп.
Жамгыр менен бир ыйладым, тазардым,
Жамгыр болду жашым менин куюлуп.

Тазарса дейм, ой-тилектер мендеги,
Тазарса дейм бүт адамзат жердеги.
Периштедей келет жашоо кечиргим,
Пенделикке түртпө кайра сен мени.

*     *     *
Мен ката жаздым түзөтүп оку,
Ээ бербей кетет жан дүйнөм бирок,
Эркимди менин күзөтүп отур.

Кайрылып келдим чакырдың беле?
Кайгыга мени батырдың неге?

Жаз бирок чектен ашпагын дейсиң,
Жан сырың элге чачпагын дейсиң,
Пайдасы бардыр акылдын деле…

*     *     *
Алданган сайын акылым кирип,
Жаңылган сайын жакшырдым.
Өрттөнүп күйүп өкүттө жүрүп,
Өзөгүн таптым жакшы ырдын.

Жаңылдым дедим актанып канча,
Жашоого кайттым кайрадан.
Өзгөргөн үчүн жан дүйнөм бүгүн,
Бөлөнөт нурга айланам.

Карегим ар бир ирмелген сайын,
Кубаныч менен коштолот.
Душмандын сөзү айтылган анда,
«Дуу» дейт да барып жок болот.

*     *     *
Менин доорум, мен жашаган доор да,
Мен өткөндө бир кылымдын бүткөнү.
Анда бүтөт алдымдагы жол да,
Артып алган пенделиктин жүктөрү,
Шыпырылып түшөт жондон…

Жалганына эх, ошондо ишенип,
Ишенүүгө балким калам жетишпей.
Артка кайтчу жолдорум да бүтөлүп,
Баштагыдай эшигимди бекитпейм.

Менин доорум, мен жашаган доор да,
Жашап өтөм жаңылып да, жаңылбай.
Жанымды эзген жалгыз гана ой бар,
Жазган ырым калбас бекен жаңырбай.

Бул өмүрдү оюн кылып бүткөндөр,
Мениби же башканы
Жаңылууга түрткөндөр.
Жашай берсин, а мейли,
Алардын да доору бүтөт жакында…

Тирүүлүктүн шамалы
Бул шамалың барат каякка,
Бул шамалың келет каяктан.
Шашып мен да издеп артынан,
Шамал өңдүү сызып баратсам.
Сен элейип мага таң калба,
Шамал деги барат каякка?..

Курбума кат
Ыр окулду алда кайдан алыстан,
Ырлар менен шөкөттөлдү жарык таң.
Түш көргөндөй бүлүк түшүп жан дүйнөм,
Түркүн саптар жаралууда кайыптан.

Билген өңдүү жөнсүздүгүн бир иштин,
Бүгүн сага кат жазууга кириштим.
Ортобузда болгон бир кез таарыныч,
Мейли курбум билбегендер билишсин.

Актануу да башкасы да кеч эми,
Артта калды жакшы күндөр кечээки.
Ак санаган достор ичтен күйүшүп,
Алыс кетти бир-биринен дешеби?

Аны койчу, азыр кайда карааның?
Алда кайда сүрүүдөбү жай агым?
Кас санаган бир кездеги жан  досуң,
Кат аркылуу билдирсем дейт кабарын.

Айтор жүрөм сыр алдырбай башкага,
Азыр менин бир билгеним ашкана.
Бир кездерде окшош эле дүйнөбүз,
Балким азыр  менин дүйнөм жат сага.

Айылда эмне көр тирлик да күндөгү,
Аалам менен кошо айланып үйдөмүн.
Бирин-бири кубалаган күндөрдө,
Билбейм чыны эмне иш жасап жүргөнүм.

Жуурулушуп кете албадым эл менен,
Жумушуңа карап баалайт эл деген.
Укпас эч ким сен сыяктуу берилип,
Ушул тапта сырдашкым бар сен менен.

Жазам ырас алыс кетпей өзүмдөн,
Жазуу мага бүтпөс бакыт сезилген.
Күндөрүмдү көп эстейм да сүйүнгөн,
Күндөрүмдү эстегим жок эзилген.

Көтөрө албай көйнөгүмдү жер чийген,
Көксөөм ишке ашпай келет сен билген.
Туйдуң бекен ички муңун курбуңдун,
Турмуш жүгүн жеңген дагы жеңдирген.

Кабарыңды билип көзгө жаш алам,
Кат жөнөтөм, кайра сенден кат алам.
«Сан элдердин арасында сен барсың,
Сагынычтын ырын ырдап жашаган.»

Мезгил менен тең-тайлашып жарыштың,
Мерездиктен эчен ооруп айыктың.
Айтар элем мунун барын өзүңө,
Азыр бирок сен күнчүлүк алыссың.
Чоочун жердин билиндиби өөндүгү?
Чоочуркабай сенин дүйнөң көндүбү?
Каймак сымал калкып азыр чыккандыр,
Кайсыл иштин каталыгы жөндүгү.

Андагылар кандай кабыл алды экен,
Ажарыңа арбалгандар бар бекен.
Ыйлап ичтен сырдашарга адам жок,
Ыр жазууда атырдыңбы таңды эчен?

Андагы сен азыр деле ошолсуң,
Айтып бугуң сырыма сыр кошорсуң.
Мурункудай жүрөгүңдү ачып кой,
Муңга толгон ички дүйнө бошосун.

Катарынан орун албай кайгынын,
Калсын достук достук бойдон сан кылым.
Ыргыттыңбы үн угулбас жактарга,
Ошондогу таарынычтын сандыгын..

Оозун бек жаап ыргыт анан алыска,
Оо качанкы таарынычтын сандыгын.

Кайрадан жазгым келет сен жөнүндө
Жаш элем анда талдай жаңы бүрдөп,
Жаңырган айдай аруу, таза да элем.
Ал кездер жалаң сүйүү ыры болчу,
А азыр башаламан жаза берем.

Күткөнүм, сагынганым, издээрим жок,
Күйүтүм балким менин ушундадыр.
Жаз жайым сумсайыңкы өттү неге,
Жакшы күн күздө, балким кышындадыр…

Кайрадан сүйүү ырларын жазгым келет,
Капыстан жолуктуруп жолдон бүгүн.
Тарс этип таштай албайм үстүмдөгү,
Тагдырым эчак салып койгон жүгүн.

Кайрадан жазсам гана сүйүү ырларын,
Кайрадан кезиктирип сени бүгүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.