АҢГЕМЕ

Адамкул сентябрда Финляндиядан келатты.

Хельсинки аэропортунан Адамкул он күндөн бери өзүн коштоп жүргөн, алп мүчөлүү ак көнүл жазуучу Элиэлдин кете берүүсүн өтүндү, аба ырайынын шарты болбой самолет Москвага учпай жатыптыр.

Эми Адамкул аэровокзалдын бир бурчунда ыңгайлуу олтуруп алып, күүгүмдөгөн айнектин ары жагындагы бири кетип, бири конуп аткан лайнерлерди карап, буерде жүргөн күндөрү көз алдына чубура берди: талаа-тоо аралап, деңиз бойлоп жүздөгөн чакырым жол басты, ак көңүл адамдар менен сүйлөшүп пикир алышты, конок болуп түркүн даам сызды, эми ушулардын бардыгы түндүк өлкөсүндөгү бир болуп өткөн элес катары гана кала берет.

Ырас, көргөн-билгенин быкы-чыкылардын бардыгы эсинде кайдан эле кала берсин, ошолордун ичинен сезимге жеткени гана жаңы буюмундай болуп көз алдына келет ко,— деп өзүнө ой жоруду колундагы журналга көз чаптыра. Ошон үчүн жылуу ордунан козголуп, бир жактарга барууну эңсейсиң да. Бирок оюнда эмне сакталып, эмне коёрун ким билсин. Бир калса деңиз, ак чардактар уялап толкун тиреген бийик аскалар, ак көңүл Элиэль жана көзүнө капа толгон анын карыган энеси калар.

Кемпир Тампер шаарынын четиндеги карагайлуу бир кыштакта туулуп-өсүп, алигиче ошерде жашайт экен. Кийинки согушта күйөөсү курман болгондон бери күлгөндү унуткан дейт.

Барпайып кылым жашаган тулкусу ташбаканын кабыгындай күдүрөйгөн чынардын саябанында кечкурун олтурушканда Элиэлдин айтканы Адамкулдун көкүрөгүнө туз куйгандай ачыштырып, тула боюн дүркүрөтүп жиберген.

— Бу жарык дүйнөдө, — деген Элиэль ошондо,— эненин күлкүсү өчкөн баяндан кайгылуу эч нерсе жок болуу керек…

Элиэль Адамкулдан өзү, энеси жөнүндө кеп салып берүүсүн өтүнгөн. Бир кечте эне жөнүндө баянды айтып бүтүү кайда-а…

…Эне бу түбөлүккө түгөнбөгөн дастан эмеспи. Энеси эсине түшкөндө Адамкулдун ичи жылып, ысык толкун арасында термелди. Жанатан бери гүүлдөгөн учактардын үндөрү угулбай, аэровокзалдын ичи тымтырс боло калгансып, Адамкулдун көз алдына эртелеп чачына ак кирген энеси тартылды. Ансыз деле түндөсү уйкусу он бөлүнүп, кургур эне күн санай жол тиктеп жүргөндүр уулунун караанына зар болуп. Азыркы мезгилде жол жүрүү мурдагыдай кыйын эмес, чет жерине баруу деген тиги көрүнгөн кырды ашкандай эле кеп, андан калса мындай узак жол Адамкулдун ишине да байланыштуу экендигин зар какшап айтса да баары бир эне такыр ынабай койгон. Бир жакка жөнөрүндө айылга келип, энеңдин батасын алып жүр деп дайым эске салат.

Эненин бу ак батасы бештен белгилүү болуп калса да, Адамкул бир жакка баратканда кокус жолугалбай сыртка чыгып кетсе кайта келер келгенче жүрөгү түпөйүл болуп, мөл булактан суусунун кандыра иче албай калган чөл кечкен селсаяктан мисал кыйнала берет.

Балким азыр ал чоң казанга сүт бышырып, чокко небересине деп дүмбүл көөмүп күйпөлөктөп очоктон чыкпай жүргөндүр. Дүмбүлдү оттон кыпчуур менен алып чыгып, чөпкө оонатып көөсүн үйлөп, анан тыттын жалбырагына коюп небереси ойгонгончо күтөт. Балким бир байлам ак чыт жоолугун жая салып, баласына төлгө ачып жаткандыр.

Бирок анын Хельсинкинин аэровокзалында минтип олтурганын кайдан биле койсун. Анан үйдөгүлөргө бир топ күндөн бери сол көзү тартаарын айтып, уулум аман-эсен келип кубандырат ко деп жүрөт.

«Жолоочу үйүнөн кырк кадам узагандан кийин мусапыр» дегендей энеси үчүн уулу да жолго чыкканда ошол мусапырдын киймин кийгендей туюлчу. Балким, илгери ошондой болсо керек. Жолоочу жүргөндө далай ак пейил адамдарга туш келсең деле, баары бир бөтөндүн иши бөтөн да. Бөтөн жерде үйдөгү кыялыңды карматмак белең. Андан калса ал убакта жолоочунун түйшүгү башынан ашып кетчү; минген атыңды зоруктуруп кыйнап койбо, түнкүсүн кокус адашып кетпе, жолуңдун шыдырын тиле… Деген менен эскилердин лакабы азыр да күчүндө экен, — деп күрсүнүп койду Адамкул өзүнчө аба-ырайынын кесепетинен кечигип жатканын ойлоп, — балким азыр Москвада эрте күздүн туман аралаш жамгыры башталгандыр жердин ысык көкүрөгүн сабалап.

Андай жамгыр илгери университетти окуп жүргөндө Адамкулга аябай жакчу. Алтайда туулуп-өскөн курсташ эстон жигит экөө ижарага алышкан Малаховкадагы жыгач үйдүн терезесинен жамгыр күндөрү суйдаң тумандын арасынан токойдун жашыл айдыңын, чөмөлөгөн чөптөрдү, бирин-бири ыкташа салынып, сокмо жолдон дүрбөп качкан кебетеленген жалпак майда үйлөрдү, анан ары жактагы кудум алп сыякттуу аттап-чаттап келаткансыган көп кабаттуу имараттарды тиктеп отура бергенден тажачу эмес…

Күн чоң шашкеден ооп калган.

Жан-жактарындагы жүргүнчүлөрдүн жашы өйдө-ылдый, өңдөрү бөлөкчө болуп турса да, эмнегедир аларды бирине бирин окшоштуруп аткан бир нерсе бар эле. Ал — булардын ачыктыгы, сүйлөө ыкмасы, анан чын дилинен күлүп, Элиэль сыяктуу кулак төшөп укканды биле турган окшоштуктары болучу. Деги булардын бардыгы тең Элиэлге окшош экен. Анан Адамкул алп мүчөлүү, ачык мүнөз, сүйлөөк жана ойчул кесиптешин эстеди. Ал азыр машинеси менен үйүнө небак жетип алгаңдыр. Энеси жалгыз калган кыштактагы үйүндө Элиэль төрөлгөндө атасы уулуна атап, кызыл карагайдын көчөтүн отургузган. Анан атасы барбалактап, аялы менен ашыналарына ар бир баласы төрөлгөн сайын көчөт отургуза берем, келечекте чарбагым токойго айланат деп мактанып калчу. Бирок жанагы кызыл дарак солдоюп жалгыз өсүп, көп мезгилдер бою Элиэлдин оюн санап аткансып желге ыргалып тура берди.

— Эгерде ошол жалгыз кызыл карагай болбогондо балким мен бала кезимде өз жалгыздыгымды анчалык сезбес элем. Ал ардайым эсимде турат, — деген Элиэль өгүнү Адамкул менен сүйлөшүп олтурган түнүндө. — Кыйып салайын деп да ойлодум, бирок бечара энемди аядым. Жакында жанына дагы эки көчөт отургузуп койдум, экөө тең жапжаш балаты. Ал экөөнү балдарыма арнадым. Атамдын мүдөөсүн аткарайын дедим.

Бу дүйнөдө канча бир окшош тагдырлар, азап-тозоктор, согуш каары апкелген кайгылар бар деп ойлоду Адамкул өзүнүн атасы эсине түшө калганда. Апасынын боюнда экенинде атасы майданга кетиптир. Ал атасын таптакыр билбейт, тирүү да, өлүү да кезин элестете албайт, атүгүл жалгыз сүрөтү да калбаптыр.

Ошентип, уулу атасын көрбөй, атасы уулдуу болгонун билбей курман болду.

Бир жолу, Адамкул кичинекей кезинде атасы кимге окшош экендигин апасынан сурап калат.

— Сага окшош болучу, — деп апасы уулун бекем кучактады, анан апасынын көз жашы Адамкулдун жаагы ылдый шоргологон.

Уулу далайга чейин күзгүнүн астына келип, өзүн атасына таптакыр окшоштура албай койгон. Ошондон ушу күнгө чейин Адамкулдун жүрөгүндөгү жара айыкпай койду.

Тагдыр татаал балалыкты маңдайларынажазган экен. Жаштары боюнча бала дешпесе турмуш аларды алчактатпай эрте жетилтип салды. Бечара апасы ушул тунжураган жалгыздыктан жана белди ийген турмуштун каарынан баласын балапандай калкалап өстүрдү. Ар убак уулуна сөзү менен да, иши менен да эне да болду, ата ордуна ата болду. Короону сугарыш үчүн балбалактаган көйнөгүнүн этегин белине кыстарып, шыйрагы кыпкызыл болуп чыкканына карабай аркыраган өзөндү кечип, койдой таштарды көңтөрүп белин ийип суу жьшат.

Суу жыккан арыгы менен шылдырап жүгүргөндө Адамкул да кетменин ийнине салып тыз коёт суу менен жарышып, демейде кичинекей эле көрүнгөн короо сугара келгенде дегеле түгөнбөй, Адамкул суй жыгылат. Аптаптуу жайдын чилдесинде сугатты күүгүмдө башташып, тээ түн ортосу оой араң бүтүшчү. Ошондо булардын чарбасындагы ар бир түп жыгач тургай, ар бир бутагы, жалбырактары кандайдыр бир сыйкырдуу нерселердей туюлуп, бул жашыл дүйнө көкүрөгүн толтура дем алып жаткандай элес калтырат.

Суунун жөөктөрдөгү бир калыптагы шылдыры саратандардын жанды тынчтандырып, бой сергиткен чыркыроолоруна эриш-аркак жуурулушуп, катар аралыктарда көлкүп жайылган күмүш суу желе өңдөнүп жылтылдап жатуучу. Ушундай бейкут түндө эне-бала жанаша отурушар эле. Энеси төрт чарчыланып айрылган кагазга шашпай тамеки ороп, анан аны түтөтө күйгүзөт, ошондо жылт-жылт эткен от көпкө өчпөй жылдыздай бүлбүлдөйт эле. Мындай убактарда эне менен бала үндөшпөй, бири-бирине арнаган эң бир кыйбас, кымбат сезимди ачык туюшуп үнсүз отурушту.

Эгин жыйымы бүткөндө эмгек күнгө бөлүнгөн буудайын алып, апасы үйдүн артындагы дөңсөөгө чыгат да, жерге таар төшөп, алиги данды сапырып кирер эле. Андай учурда да Адамкул энесинин кол арасына жарашка аракет кылуучу: ызылдата ышкырып, шамалды чакырып берет. Жел толкун сындуу түрүлүп келип, буудайдын топонун кудум ийнеликтердин канаттарындай учуруп кетип, барсайган кыпкызыл дандары таар үстүнө түшөт. Уулунун мындай аракетине бечара эне жетиналбай кубанар эле.

Кыш камын көрүп, Адамкул энеси экөө отунга да чогуу барыша турган. Жылаандай ийрилген кыя жол менен тоого чыгышып, туу жондун ары жагынан эки көтөрүм отун даярдашчу. Адамкул энесинин соңунан тепеңдеп жүрүп отурар эле. Апасы болсо дайым алдыда, жомоктогу жандуу алачык жылып бараткансып. Ушундай кадыресе эле күндөлүк турмуштун бир көрүнүшү болсо да Адамкулдун эсинде ошондогу бир окуя унутулбай кала берди. Адатындай эле отун көтөрүп келатышып, эс алганы олтурушкан. Энеси кыл аркандын бир учун колунан чыгарбай өзү көтөрүп келаткан отунга далысын такап көзү жумулуп үргүлөп кетги. Адамкул болсо чычырканактын арасынан бүлдүркөн терип жегени бараткан. Аңгыча таман алдынан канаттуу куш «пыр» этип учакачты. Караса торгой экен. Анан ал батпаректей болул абада калт-калт этип, Адамкулдун төбөсүнөн чыйпыйы чыгып айлана берди. Балким балапан дары үчүн тынчсызданып жатса керек деген ой кетти балага.

Ал торгойлордун каерге уя саларын билчү, алар көбүнесе бадалдарга, жылма таштардын коңулуна, айтор күйкө менен кулаалыга көрүнбөгөн жайларга салуучу. Адамдарга көз көрүнө ЭЛе уяларын сала беришчү, балким, кокус бир жамандык болсо адамдар коргоп калат деп ишенишеби, айтор, чынында эле ошондой болучу. Адамдар да канаттууларды жакшылыктын жарчысы деп билишчү.

Адамкул уяны көп деле издеген жок, ал топ шыралжындын түбүндө экен. Торгой уясын жылкынын туягынын изине салыптыр. Нөшөр жаанда жер жумшап, аттын терең изи калган. Ошол из торгойго уя бешик болду. Ичине жумшак, кургак чөптөн, куштун канат астындагы кебездей жумшак мамык төшөптүр. Уянын ичинде булактын түбүндөгү тоголок таштарга окшош чаар жумурткалар жатты. Күтүлбөгөн бул табылгасына Адамкул аябай кубанды.

Чааралакей жумурткаларды жоктон тапкандай сүйүнүп, апасына апкелди жүгүргөн тейде. Апасы кайра алпарып кой деди баланын кубанычына суу бурккөндөй. Эне торгой чебелене чырылдап-чыркырады, колго түшө калчудай болуп. Адамкулдун төбөсүндө айланып жүрдү. Олда бечера торгой ай! Бир кезде сенин түпкү бабаларыңдын үзүктөй канаттары күн бетин калкалап, жоон топ тоо эчкинин үстүнө көлөкө түшүргөн, ороктой тырмактары төөлөрдүн өркөчүнөн алып, кармаган жерин омуруп асманга чыгып кетчү эмес беле…

Адамкул апасына тултуюп таарынып калган болучу. Бир оокумдан кийин апасы уулуна буларды айтып берди; торгой деген сыйкырлуу канаттуу. Мээр чөптүн каерде өсөрүн билет. Анан ал ошол касиеттүү чөптү жан-жаныбарларга залал келтирбей, кайра аларды коргоп аягандарга апкелип берет экен. «Торгойдун уясын ошон үчүн бузбагын деген турбайбы апам деп ойлоду бала таңган отунун оңдоп жатып, — мен аны кайдан билдим, таарынба, апа. Аттиң ай! Мээр чөптүн атама жетпей калганын карасаң! Эми мен аны торгойдон алам. Мен аны энеме берем, ал кылымдап жаш сүрөт, башка адамдарга берем. Торгойжан, сенин мындай сыйкырлуу экениңди кайдан билдим…»

Ошол күнү бала үйүнө шайдоот келди мурдагыдай чарчабай.

Тумшугуна мээр чөп тиштеген торгойду түшүндө көрдү. Ошондон баштап Адамкул тоого күн сайын баруучу болду. Ойноп же бекерпоздук менен күн өткөрүү үчүн эмес, энесине кол кабыш кылып отун алуу үчүн бара турган. Анан ар күн сайын жолдо келатып баягы шыраалжындын түбүндөгү туяктын изине жасалган торгойдун уясына сөзсүз бурула кетүүчү…

Күндөр өтүп жатты, жумурткалар чегилип, сары ооз балапандар жарык дүйнөгө келди. Күндөн күн өткөн сайын кызыл эт балапандардын канаттары жетилип жатканын Адамкул өзүнчө байкап, эми торгой ага мээр чөптү качан алып келип берерин чыдамы кетип күтүп жүрдү. Ооба, ал торгойду шаштырбады, чыдамдуулук менен күттү, канча болсо күтүүгө деле даяр болчу. Бирок балапандар жакында канаттары жетилип, уясынан учуп чыгып, аны биротоло таштап кетет. Анан ошол уя тоо жолунун бир бурчундагы баягы эле жылкынын туягы түшкөн изге айланып, көп узабай аны нөшөрлөп жааган дагы бир жаан такыр жууп, балапандар да, торгой да учуп кете беришет эмеспи. Чынында эле ошондой болду. Торгой мээр чөптү алып келбеди.

Сыягы сыйкырдуу чөп Адамкулга буюрбаса керек, а мүмкүн, өзүнүн бир кездеги күнөөсүн, коркконунан жүрөгү жарылып кете жаздаган торгой кечирген эместир. Ошол күнөөсүн жакшы түшүнгөн Адамкул канткен менен андан ары да күтө бермекчи болду. Ошондон баштап, торгойдун асман айдыңына чыгып алып сайрашы анын жан-дүйнөсүндө айтып түшүндүрө алгыс таттуу сезимди козгоп кетүүчү болгон. Ал ушул кичинекей канаттууну өзгөчө жанына жакын сезээр эле, анткени, бул убакта экөөнүн ортосунда сыйкырлуу кереметте күтүүнүн сыры катылып жаткан болучу. Ошентап, торгой жөнүндөгү керемет баланын жан-дүйнөсүндө түбөлүккө орноп кала берди.

Жандуунун баары — акылга сыярлык нерсе анан анын бул дүйнөдөгү өтөөр иши өмүр берүү. Торгойго байланышкан сырдын түйүнү ошол керемет-сыйкырды күтүү да, өлбөстүн мээр чөбүнө ээ болсом деген каалоонун өзү да ушул тууралуу айтып берет.

Эресеге жетип акыл токтотуп калган кезде Адамкул адам баласы наристе чагында даанышман акылмандарга гана таандык ойлорду ойлой турганына түшүндү. Мээр чөп дегенин — адамзат умтулуп келаткан өлбөстүк түбөлүктүүлүк. Бул түшүнүктөрдүн уңгусу бирөө гана. «Жандуу нерсенин баарын сүйө билүү керек — дечү энеси, — ошондо гана мээр чөпкө жетүүгө болот». Мунун өзү — дыйкан адамдын кадыресе гана турмуштук даанышмандыгы эле. Азыр болсо табиятты кантип сактап калуу керек дешип баш катырып жүрүшөт. Ал эми ошол ойлор турмуштун сабагы болуп Адамкулга эне сүтү менен, эненин накыл кеби менен келген. Балалык жан-дүйнөгө үрөн болуп ташталып, андан тереңге сүңгүгөн тамырын жайган.

Түбөлүктүүлүк маселеси — адамзат өмүрүндөгү маселенин маселеси. Жер дагы канчага чейин бешик-уя болуп туралаарын алдын алып айтуу кыйын. Мүмкүн, он миңдеген, же миллиондогон жылдардын ичинде жердеги турмуш түгөнүп бүткөндө бир гана нерсени: бул планетада ошол турмуш түбөлүккө сенейип калбай турганын ачык баамдоого болот. Адамдын болушу-туюму да жашоонун биротоло бүтүп калышы менен келише албайт, ал анын уландысын издейт. Ошентип, ал кантсе да аны мезгил менен мейкиндиктен башка дүйнөдөн табары шексиз. Жердеги турмуштун бүтүшү дегендин өзү бала үчүн ата-эненин өлүмү кандай туңгуюк болгон сыяктуу эле түгөнбөгөн сыр ойго оңою менен сыйбай турган нерсе. Бирок канткен менен жердин кенч-байлыгы акыр аягы жүрүп отуруп түгөнөрү ырас эмеспи.

Андай болгон соң адам баласынын тукум-курут болбошу, аның түбөлүктүүлүгү тууралу ойлоого тийишпиз го. Бирок жердин өмүрүнө көп эле болсо миллион жыл калгандыр. Бул жердин жаралгандан берки жашынан беш миң эсе аз. Беш миң эсе деген оңой бекен! Демек, алдыда келе турган ошол миллион жыл бир эле ирмем. Ошондон улам ушул таптан баштап адамдын түбөлүктүүлүгү тууралу ойлонуу керек. Себеп дегенде, адам баласы ушул кезге чейин жашоо тиричиликтин белги-бетеси байкала элек Аалам үчүн мээр чөп, ал Ааламда аң-сезимге ээ жападан жалгыз пенде.

Эгерде адам баласы тукум-курут болуп кетсе Ааламда учу-түбү жок чексиз, ойсуз жана маңызсыз мейкиндиктен бөлөк эмне калат? Аң-сезим менен акыл-эс биротоло кыйрап жок болот. Эгерде Аалам койнунда аң-сезим болбосо, акыл-эстүү адам баласы болбосо мелмилдеген чексиз дүйнөнүн, жайнаган жылдыздардын, галактиканын кимге кереги бар?! Адам өзүнүн акыл-эси, аң-сезими менен Ааламды көрктөнтүп турат. Сыягы, жер космостон караганда торгойдун уясындай эле көрүнөр.

Баса десең, адамзат да торгой сыяктуу эле өз башынан өткөргөн өмүр издерине, көптөгөн муундардын эс-акылында тарых болуп калган небаккы кылымдар менен мезгилдердин издерине өз уяларын салып келатпайбы. Эгерде адам баласы ушул түгөнгүс ааламда дагы башка өмүр өнүгө турган мейкиндикти тапса, ошол жерде өз уясын кура алса — демек, бул өзүнүн түбөлүктүүлүгүн сактап калуу дегендик. Ошондо ал Аалам сыяктуу эле түбөлүктүүлүккө, айланат. Ал эми бул үчүн убакыт керек, а убакыт болсо аз. Демек, адам баласына азыр бөлүнүп-жарылуу, согушка даярдануу эмес биримдик керек.

Согуш адамдын өзүн жоготот же болбосо миңдеген жыл артка, үңкүрдө күн өткөргөн жапайычылык турмушка сүрүп таштайт. Тукум курут жок болуудан анын кандай айырмасы бар. Сен ушуга ынанасыңбы, Элиэль? Ооба, сен да макулсуң буга. Экөөбүз, бул тууралуу таң атканча көз ирмебей сүйлөшүп чыкпадык беле. Сен деле мага окшоп атаңдан ажырабадыңбы. Бирок өмүр шамын өчүрүү оңой эмес тура. Анткени менен эгерде кокус жаңы согуш болсо анын өртү өмүрдү да күлгө айландырат, анан ал жомоктогу сыйкырдуу Феникс кушка тең келалбай, сымал ошол күлдөн баш көтөрө албай калат, турмуштагы бардык болумуш дастандардын, бардык ыйык туткандардын бүткөнү ошол. Сен аны жакшы билесиң, Элиэль. Чын эле биз бүт адам баласын жоготууга, миллиарддаган жылдар бою курулгандарды жана келечектин түбөлүктүүлүгүн жоготууга жол беребизби, Элиэль!?

Үйүңдүн жанындагы карагайлуу токой чыны менен эле шуулдабай калабы, энесинин так жүрөгүнүн алдын бүлкүлдөтө тээп жаткан бала туулгандан кийин өз атасын көрбөй калабы? Бул жөнүндө сенин да ойлоп жатканыңды билем, Элиэль, кандай жооп берериңди да билем. Сенин оюңа мен да макулмун. Адам баласы мээр чөптү сөзсүз табат…

…Ооба, бул көз кайгыган чексиз дүйнөнүн түгөнбөгөн, учу-аягы көрүнбөгөн суроолору, ушунун өзүн акыл-эс дешет ко, торгойдун уясынан ой мейкинине агып чыккан эскерүүнүн толкуну го… Адамкул азыр акыл туюмунда ошол ойлорго кайтадан кайта кайрылып жаткан.

…Мына эми учак асманга учуп үй жакка бет алды, улам бийикке бой созуп, катмарланган аппак булуттарды шырымал тигип жаткан энесинин колундагы ийнедей элпек жиреп сапар улап баратты.

Адамкул жай алып отургандан кийин үйүн эстеди, босого аттаганда балдары астынан чуркап чыгарын ойлоду, жүрөгү жылып, өз ичинен күлүмсүрөдү. Алиги кичинекей кызын ойго салды. Бир жолу кышында айылга келишкен. Үч жаштагы небересинен чоң энеси: «Мээрим, бизди сагындыңбы, кагылайын?» дегенде ал алаканын отко кактап: «өзүңдү сагындым, апа, отту сагындым» деген.

Ошондо баланын бал тилине күлүп калышкан. Азыр болсо Адамкул кызынын сөзүнүн чындыгына көзү жетти, туулган үйдүн, тууган жердин коломтодогу оттун кусалыгы кыйын турбайбы.

Адамкулдун кыйры бүтпөс ойлорунун арасында көз алдына кайрадан күйпөлөктөп уулун күтүп жол караган энесинин, тоо ичиндеги кичинекей айылдын жана уясынын үстүндө абада канат кагып чебелектеген торгойдун элестери тартылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.