Кышкы Никола майрамы келген күнү койчу керээли кечке кой кайтарып жүрүп келсе аялы майрамдык дасторконду алда немедей даярдап коюптур. Бирок койчу дасторконду бир карап эле нааразы боло сурайт:

— Эй эмне, балык жокпу?

— Базарга бара албадым, колум бошободу, — дейт аялы актанып.

— Ыйык Николаны балыгы жок кантип майрамдамак элек, — койчу ошол замат базарды карай чуркайт. Шаша-буша жетип барса базар тарап кетиптир, тээтигил бурчта гана бир соодагер менен поп соодалашып жатыптыр. Койчу жетип барып эле текчедеги балыктарды көрүп сүйүндү да, дароо эле соодагерден аны бүт тартып берүүсүн суранат. Муну уккан поп койчуга атырыла бир тиет:

— Эй, эмне жутунасың, кезек меники, демек балык да меники! Бербе эй, буга!

— Сен аябай арзан алганы жатпайсыңбы, андай баада бере албайм, — соодагер балыктын баарын койчуга тартып берип коёт. Поп сөгүнүп туруп калат. Өзүн буга күнөөлүү сезе түшкөн койчу поптон кечирим сураганы менен балыкты бере албасын,  ушундай майрамда шылтоолоп балык жебесе башка күндөрү мындай чүйгүн тамак оозуна тийбесин айтып, андан көрө сый көрүп кетүүсүн айтып, попту үйүнө конокко чакырат. Арзан балык алмак тургай аны бекер жегени калганына ичинен кудуңдап сүйүнгөн поп калп эле кыйылымыш этип макул болот. Поптун куулугун байкаган койчу ага балыкты жөн бергиси келбейт, мындан улам үйүнө келип балыкты бышыртканы менен аны дасторконго койдурбайт.

Бир маалда эшик какпай поп атаке кирип келип, төрдөн орун алат.

— Эй койчу, кана балык? – дейт ал дасторконго көз жүгүртө берип.

— Шашпа атаке, ар бир үйдүн өз эрежеси бар, — койчу аны башка тамактары менен сыйлап кирет. Бир топ убакыт өтүп жакшы сый көрүп, курсагы тоюп, ичи аракка ысыган поп дагы сурайт:

— Эй койчу, кана балык?

— Шашпа атаке, ар бир үйдүн өз эрежеси бар, — койчу кебелбей.

Ичип-жеп дагы бир топ отургандан кийин поп балыкты дагы сурайт:

— Эй койчу, кана балык?

— Шашпа атаке, ар бир үйдүн өз эрежеси бар, — дейт койчу кайрадан.

— Аныңды билбейм, мени батыраак балык менен сыйла! – поп чыр чыгара баштаганда ушуну эле күтүп турган койчу аны чуу эттире жаактан ары тартып жиберип:

— Эй, эмне “конок деген койдон жоош, кожоюнду угушу керек” деген сөздү поп башың менен билбейсиңби! Билбесең ме анда жечи! – деп балыкты алдына коё салат.

Жаактан ары ушинтип шапалак жеген поп бир кызарып, бир бозоруп, балыкты жакшы көргөнүнөн улам же чыгып кете албай, же койчуга татыктуу жооп бере албай отуруп калат, аздан кийин өзүн кармай албай алкын агытып балыкка кол сунат. Анткен менен ичинен ызаланып, койчуга кек сактап калган ал көпкө ойлонгону менен аны кантип жазалаарды билбей, акыры өзүнүн башчысынан кеңеш сурайт.

— Мени баш кылып чиркөө кызматкерлерин конокко чакыр, бизге койчуну кош. Ал келгенде баарыбыздан өйдө өтүп отуруусун суран. Буга анын эрки жетпей тарткынчыктап баш тартканда сен дагы “конок деген койдон жоош, кожоюнду угушу керек” деп аны жаактан ары берип калбай жаның жокпу?! — дейт. Буга поп макул болуп, дал ошондой кылат, бирок койчу анын суранычынан баш тартпай баарынан өйдө өтүп сый көрө баштайт.

— Эй кана, төрдө отургандан кийин баарыбызга бата тартып жиберчи, — дейт бир маалда чиркөө башчысы эрки да, билими да жетпегендиктен койчу мындан баш тартат деген ойдо. Бирок койчу бул буйруктан баш тартпай, билишинче батасын берип жиберет. Кыскасы, койчу поптордун айтканын айткандай аткарат, бир да буйруктан баш тартпагандыктан алар аны жазалай алышпайт. Бир маалда үй ээси поптун абдан ачуусу келип койчуга кандайча ызырынып жибергенин билбей калат:

— Кудай урган неме экенсиң! Көзүмө көрүнбөчү!..

— Ляппай! Конок койдон жоош, кожоюндун айтканын эки кылбайт, көзүңүзгө көрүнбөйүн! – деп койчу ошол замат бул жерден жылт коёт.

Кандай болбосун койчудан өч алышты ойлогон поп жер муштап кала бериптир.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.