ТАРЫХЫЙ ОЧЕРК

Биринчи басылышына алгы сөз

Кыргыз элинин тарыхы боюнча очерк басып чыгаруу жөнүндө Кыргыз Автономия областынын Эл агартуу бөлүмүнө караган Илимий Комиссиясы тарабынан капкачан эле ойлонулган болучу. Мындай басылманы чыгаруунун зарылдыгы кыргыз элинин өз тагдырын өзү чечүүгө жетишкенден кийин өзүн өзү таанууга, билимге, атап айтканда, өз тарыхын билүүгө кызыгуусунун өсүшүнөн келип чыкты.

Мындан тышкары, биздин илимий адабияттарда Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыз элинин тарыхы боюнча системага салынган бир да эмгектин жоктугун Илимий Комиссия эске алган; түркологдор жана советтик Чыгышка кызыккан сандаган адамдар үчүн мындай эмгектин зарыл экендиги талашсыз.

Кыргыз АССР Эл агартуу Котиссариатынын Акадетиялык борбору.

ЭҢ БАЙЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир дагы эл болбоо керек.

Моңгол мезгилине чейинки Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтардын дээрлик бардыгы официалдуу кытай историографиясынын чыгармаларынан алынган. Аларда эл аталыштары, анан да адамдардын, жерлердин энчилүү аттары, албетте, кытай иероглифтери менен транскрипцияланып берилген.

Кытай тексттерин которгондо орус илимпоздору адатта иероглифтердин азыркы пекиндиктердин тилиндеги, батыш европалык окумуштуулар болсо «мандарин» тили деп аталган кытай адабий тилиндеги айтылышын жетекчиликке алышкан; мындан тышкары, кытай изилдөөчүлөрүнүн айрымдары тигил же бул иероглифтер ошол эстелик таандык болгон мезгилде кандай окулгандыгын тил илиминин маалыматтарынын негизинде аныктоого аракеттенишкен; ушуга байланыштуу кээде кытайлар эскерген элдердин этнографиялык жактан келип чыгуу маселелери такталган.

Бул очеркте Батыш Европа синологдорунун ичинен көбүнчө Хирттин макаласына (Fr. Hirth) «Nachworte zur Inschrift des Tonjukyk » (1899), Шаванндын эмгегине (E. Chavannes) «Documents sur les Tou-kiue » (1903) жана де Гроттун эмгегине (M. De Groot) «Die Hunnen der vor christlichen Zeit» (1921) шилтемелер берилет.

Орто Азиянын элдери жөнүндө орус тилиндеги кытай маалыматтары кечил Иакинфтин (Бичурин) X кылымга чейинки мезгилди камтыган «Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена» (1851) аттуу эмгегинде топтоштурулган. В. П. Василевдин «История и древности восточной части Средней Азии от X до XIII века» (1857) аттуу эмгеги бул эмгектин уландысы катары кызмат кылышы керек болучу.

Кытай официалдуу историографиясынын мезгил боюнча эң алгачкы эстелиги болуп «Кытайдагы тарых атасы» Сыма Цяндын «Тарых запискалары» (Ши-цзи) эсептелет, ал өзүнүн эмгегин б.з.ч. 99-ж. жазып бүткөн. Ушул мезгилде Кытайдын түндүк тарабындагы коңшусу Орто Азия тарыхында алгачкы катары белгилүү болгон, кеңири аймакты ээлеген көчмөн империясын түзгөн хунндар (Hiung-nu) болгон; кытайлар өздөрү хунндарды адетте түрк тектүү элдер менен жакындатышкан; акыркы мезгилге чейин европалык илимпоздордун көпчүлүгү да хунндар түрктөрдөн чыккан деп эсептешкен, бирок Орто Азия жөнүндөгү кытай маалыматтары боюнча азыркы адис профессор Пельо (Pelliot) хунндар моңгол тегинен чыккан деген мурунку теорияга кайрылууга ынтызар. Баса, Сыма Цяндын айтканына караганда, хунндар, сыягы, б. з. ч. 201-ж. түндүктө Гэгунь (де Гроттун транскрипциясында (Kik=k’un) падышалыгын каратып алышат. Кытайлардын өздөрү, ошондой эле европалык да окумуштуулар бул транскрипцияны кыргыз деген сөздү билдирүү үчүн пайдаланылган бөлөк транскрипциялар менен жакындаштырышат, демек б.з.ч. 201-жылдагы окуялар жөнүндөгү кабарлар мезгил жагынан алганда кыргыздар жөнүндөгү маалыматтардын эң алгачкысы делип эсептелүүгө тийиш.

Бул транскрипцияны башкача түшүндүрүүгө да аракеттенишкен; биз азыр көрүп тургандай, Гянъ түрүндө айтылган биринчи муундан «Кем» дарыясынын аталышын, экинчи муундан болсо, «Орхон» дарыясынын атынын берилишин көрүшкөн, ошондуктан Енисей менен Орхондун ортосундагы аймакты кытайлар ушундай атаган деп болжошкон.

Чынында Енисейди түрк элдери дайыма «Кем» деп атап келишкен, бирок кытайлар бул Сөздү жазууда кыргыз деген аталыштын биринчи бөлүгүн жазууда колдонулуучу иероглифти эмес, башка иероглифти колдонушкан. Экинчи бөлүгү, чынында, кийинчерээк Орхон дарыясынын атын жазууда колдонулуучу иероглиф менен берилгендиктен, кытайлар кыргыз элинин атынын акырында мурунчул тыбыш айтылып жаткандай сезишкен деп ойлоого болот.

Пельонун ою боюнча, биз бул жерде кыркун деген сөздүн жекелик түрүнө гана ээ болуп жатабыз. Анткени кытайлар кыргыздар жөнүндө коңшусу хунндар аркылуу билишкен окшойт, эгер ушундай болсо, Пельонун бул элди моңголдордон чыкты деген пикири тастыкталмак.

Б.з.ч. 201-жылдагы окуялар тууралуу аңгемеде кыргыздар ээлеген аймактар, алардын турган жерлери жөнүндө да эч нерсе айтылбайт; ошондой болсо да, кыргыздар менен кошо, албетте, алардын коңшулары катары «енисейлик остяктар» деп аталган элдин бабалары делген динлин (Ting Ling) эли аталат. Ушунун негизинде кыргыздар ошол убакта эле кийинки мезгилдердегидей Енисейде жашашкан деп эсептөөгө болот.

«Улуу Хань тарыхынан» (б.з.ч. 206-ж. — б.з. 25-ж.) өтө аз болсо да, бир топ географиялык маалыматтарды таба алабыз; анын автору Бань Гу б. з. 92-ж. өлгөн. Б. з. ч. I кылымдын экинчи жарымындагы окуялар жөнүндөгү аңгемеде кыргыздар гянъгунъ (Шаваннда Kien koen, де Гротто Kin-k’un) деген аталыш менен эскерилет. Хунндардын падышалык кылган тукумунун өкүлдөрүнүн бири батышка, усун элинин ээликтерине коңшулаш өлкөгө журт которуп кеткен, автор усундар жөнүндө хунндардын батыштагы коңшусу жана душманы катары башка жерлерде да көп эскерет. Ал усундар өлкөсүнүн турган жерин абдан так аныктаган, анын борбору Ысык-Көлдүн түштүк тарабында жайгашкан, ал батыш тарабынан Фергана менен чектешкен, чыгышында Эби-Нор көлүнөн чыгышты карай жана Шихо шаарынан батыш тараптагы жерлерди камтыган.

Хунндардын жакындап келип калганын уккан усундар аларга каршы 8000 кишиден турган отряд жөнөткөн; бул отрядды хунндар, кыязы, усундардын ээлеген жеринде эмес, андан ары чыгышыраак жакта талкалашкан окшойт. Усундарды жеңип, хунндар түндүккө угэ элине каршы, ал жерден батышка гяньгунь элине каршы, ал жактан түндүккө динлин элине каршы аттанышкан; ушул «үч падышалыкты» бүт багындырып алып, хунндар аскерлерин усундарга тез-тез жиберип турушкан жана дайыма жеңишке ээ болуп турушкан. Хунндардын кол башчысы Гэньгунь өлкөсүндө бир нече убакыт жашаган, андан кийин усундардын батыштагы коңшусу, ээлеген жерлери Фергананын түндүк-батыш тарабына чейин жеткен каңгүйлөр (каңгүй, Шаваннда K’angөkiu, де Гротто K’ang-ki) менен союз түзгөн.

Хунндар каңгүйлөрдүн биздин өлкөгө өтүп келгиле деген чакыруусун кабыл алышып, бараткан жолдо алар чоң жоготууларга учурашкан (3000 аскери гана аман калган), ошондой болсо да алар эң чоң падышалыкты негиздөөгө жана усундарды катуу жеңилишке учуратууга жетишкен. Бул падышалыкты б.з.ч. 36-ж. кытайлар батышка жиберген аскерлер талкалап жок кылган, хунндардын падышалыкты негиздеген жол башчысы өлүм жазасына тартылган.

Гяньгунь өлкөсү жөнүндө ал хунндардын (Орхондогу же Толедеги) байтактысынан 7000 ли (ли—ошол мезгилде X верста) батыш тарапта жана Чеши же Гусу аймагынан, б.а. Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгүндөгү азыр Турпан шаары турган аймактан 5000 ли түндүк тарапта жайгашкандыгы да айтылат. Кийинчерээк мусулман географтары да Турпандын жанынан түндүктү карай Енисейдеги кыргыздардын өлкөсүнө кеткен жолду баяндап жазышканын көрөбүз.

Кытайлар белгилеген аралык чындыкка жакын болсо, анда кыргыздар Енисейде гана эмес, андан түштүгүрөөктө, азыркы Кыргыз-Нор (нор же нур моңголчо — ‘кол’) көлү тушта да жашашы мүмкүн; менин билишимче, көлдүн качан жана эмне үчүн мындай аталып калгандыгы жөнүндө маалымат жок. Эмнеси болсо да өткөн окуялар Гяньгунь өлкөсү усундар өлкөсүнөн чыгышыраакта жайгашкандыгын көрсөтүп турат жана аңгемеде кокусунан кеткен жаңылыштыктын негизинде гана хунндардын Гяньгунь өлкөсүнөн Каңгүй өлкөсүнө журт которушу айтылганда усундар жөнүндө эскерилбей калган; ушул жолдо келаткан хунндарга усундар кол салып, аларды көп жоготууларга учураткандыгы шексиз. Бань Гунун байкабастыгы менен кеткен ката Вей сулалесинин (220—264) тарыхынын б.з. III кылымында жазган автору Юй Хуанды чаташтырып салган; ал Гяньгунь өлкөсүн Каңгүй өлкөсүнө жанаша, ал түгүл анын түндүк-батыш тарабына жайгаштырат.

Динлиндер өлкөсүн ал Каңгүй өлкөсүнүн түндүк тарабына жайгаштырып, ошол эле жерде өзүнүн айтканына каршы болуп, Гяньгунь өлкөсү бөлөк эки «падышалыктын» ортосунан орун алгандыгын айтат.

Мындай каталар де Гротту да адаштырган.

Гяньгунь өлкөсүндө жана башка түндүктөгү өлкөлөрдө акимдер хунндарга кызмат көрсөтүүгө өтүшкөн кытай тегиндеги төрөлөрдөн дайындалганы жөнүндө да айтылат; бирок бул маалыматтар так даректерге негизделген эмес өңдөнөт. Б.з.ч. II кылымдын эң акырында көчмөндөрдөн чыккан төрө Вэй Люй хунндар тарапка өткөн, ал өз учурунда кытайда билим алган жана Кытайда кызмат аткарган, ал жактан хунндарга элчи кылып жиберилген. Тан сулалесинин (618—907) XI кылымда түзүлгөн тарыхында Вэй Люй динлиндерге падыша болуп дайындалгандыгы айтылат; бирок да улуу Хань тарыхында бул тууралуу ачык айтылбайт. Узак убакыт бою хунндарга каршылык көрсөткөн кытай кол башчысы Ли Лин алардан талкалангандан кийин б. з. ч. 99-ж. хунндарга кызматка өткөн; ал 74-ж. хунндар өлкөсүндө өлгөн, ошондон кийин хунн төрөлөрүнүн арасында анын уулу эскерилет.

Иакинфте ушул жердин котормосуна эскертүүдө «Ли Лин хунндарда калган жана Хягас (хягас — Тан сулалесинде колдонулган кыргыз ц,еген сөздүн транскрипциясы) жерин ээликке алган, ал жерде анын тукумдары дээрлик Чыңгыз-хандын мезгилине чейин падышалык кылышкан деп айтылат. Тан сулалесинин тарыхынан уйгур кагандыгын 840-жылы талкалап жок кылган жана өзү 847-ж. өлгөн кыргыз каганы Ли Линдин тукуму болгон деп эсептелгендиги гана белгилүү. Тан сулалеси да Ли чыккан уруудан болгондуктан, 841-жылкы сүйлөшүүлөрдүн учурунда кыргыз каганы Кытайдагы башкаруучу сулаленин тууганы катары таанылган. Анын атын падыша тукумунун катарына кошмокчу болушкан, бирок кийин «Хягас анчалык чоң уруу эмес, ошондуктан Тан тукумуна теңеле албайт» деп кайра баш тартышкан.

Кыргыз элинин б. з. алгачкы беш кылымындагы тагдыры жөнүндө эч кандай маалымат жок сыяктуу. Б. з. I кылымынын акырында хунндар мамлекетинин кулашы жана үстөмдүктүн кытайлар сяньби деп атаган элге өтүшү кыргыздарга кандай таасир тийгизгендиги таптакыр белгисиз (сяньбилерди ушул кезге чейин адатта тунгустар деп эсептешкен; Ленинградда окуган лекциясында Пельо сяньби типинин кытай сөздүгүнө таянып, аларды түрктөр деп атаган; басма сөздөн мен бул сөздүк жөнүндө маалымат кезиктире албадым). V кылымда гана түзүлгөн «Кичи Хань тарыхында» (25—220) сяньбилердин падышасы Тань-шихай (181-ж өлгөн) «түндүктө динлиндерди токтотуп, батышта усундарды талкал аган жана хунндар мамлекетине таандык жерлердин баарын ээлеп алган» деп айтылат.

Динлиндер менен күрөшү жөнүндөгү сөздөн кийин Таныпихай динлиндердин түштүктөгү коңшулары кыргыздардын жерлерин ээлеген деп ойлоого аргасыз кылат. Бул тарыхта кээде биз алардын түштүгүндөгү коңшуларын кезиктиребиз деп күткөн жерде динлиндер тууралуу айтылып калат. Ухуань элин кытайлар «чыгыштын варварларына» (дун ху) кошушкан, алар кайсы бир убактарда хунндардын чыгыш тарабындагы Гоби чөлүнөн түндүктү карай мекендеген коңшулары болгон; ошол эле учурда ухуандар ууру-кескилерди кабыл алган бул чөлд ү кытайлар динлиндердин түштүк-батышында жана усундардын түндүк-чыгышында да жайгашкан деп айтышат; мындан тышкары, б. з. Башында кытайларда түзүлгөн согуштук аскер кошуундарынын курамына динлиндер менен ухуандар чогуу киришкендиги айтылат.

II кылымдан кийин динлиндер эскерилбейт, ошондой эле көчмөн түркогуздардын мамлекети түзүлгөн VI кылымдын так өзүнө чейин кыргыздар жөнүндө да маалымат жок.

КЫРГЫЗДАР VI КЫЛЫМДАН IX КЫЛЫМГА ЧЕЙИН

618-жылдан 907-жылга чейин башкарган Тан сулалесинин (Тан-шу) тарыхынан мындан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларына караганда кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз. Кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы биринчи жолу географиялык жактан так көрсөтүлгөн; кыргыз элинин түспөлү жана тили жөнүндө алгачкы маалыматтар айтылган. Мындан тышкары бул маалыматтар ошол эле мезгилде башталган араб географтарынын маалыматтары менен толукталышы мүмкүн; эң акырында ошол убакта Моңголияда үстөмдүк кылып турган түрктөрдүн көбүнчө Орхон дарыясында калтырып кеткен «орхон» жазуулары деп аталган тарыхый жазууларында кыргыздар жөнүндө бир канча жолу эске салынгандыгы бөтөнчө маанилүү.

Кыргыздардын өлкөсүнө баруучу жол катары кытайлар Селенгадан «Кара тоолорго» же Таньмань тоолоруна чейинки жол жөнүндө баяндашат; Фр. Хирт сөз Саян тоолору жөнүндө болуп жатат жана орхон жазууларында Көнгү-Тарман же Көнгү-Тарбан деген ат менен эскерилген тоолор да ошол эле тоолор деп болжолдойт.

Жазууларга караганда, бул тоолор түрктөр ээлеген жерлердин эң батышкы чеги болгон, анын үстүнө бул жөнүндө кыргыздардын багындырылышы тууралуу аңгемеден кийин дароо айтылат, ал боюнча кыргыздар Кёгмен тоолорунун ары жагында жашаган.

Акыркы аталышты Кюй(Цюй)мань транскрипциясында башка бир кытай дарегинен (VIII кылым) Хирт тапкан. Анын пикири боюнча, Кюймань менен Таньмань түркчө Кёгман менен Көнгү-Тарман өңдүү бир эле тоонун аталыштары экендигине ишенүү кыйын. Кёгман тоолору кыргыздардын аймагынын түштүк-чыгыш чеги, Көнгү-Тарман тоолору батыш чеги экендиги чындыкка жакын, Тан-шуда кыргыздардын өлкөсү түштүккө Таньмань тоолоруна чейин созулуп жатат деп айтылса да, биринчи учурда Саян тоо кыркалары, экинчи учурда Алтай жөнүндө сөз болуп жатышы этимал.

Кёгман тоолору аркылуу кыргыздарга баруучу жолду түштүктөн, азыр Турпан турган аймактан кеткен жол катары мусулман географтары да эскеришет. Бул аймак менен Кёгман тоолорунун ортосунда Кемиз-Арт жана Манбек-Лу тоолору да болгон. Кёгман тоолору аркылуу өткөндөн кийин кыргыз каганынын ордосуна чейин дагы жети күн жол жүрүү керек болгон. Мусулман географтары кыргыздардын өлкөсү аркылуу агып өткөн дарыя жөнүндө кеп кылбайт; кытайларда бул дарыя Гянь, башкача айтканда Кем (Енисей) деп аталат.

Тан-шунун маалыматы боюнча, кыргыздар «динлиндер менен аралашып кеткен», ошол эле убакта алар сырткы түспөлү жагынан кытайлар бома деп атаган (бома— ‘ала аттар’ — сыягы бул элдин аттарынын түсү ушундай болгондугу үчүн) элге окшоп кетет деп айтылган. Бомалар (Шаваннда Pouo-ta) түрктөрдүн (огуздардын) түндүк жагында жашашкан; ал эми чынында кыргыздардын деш керек эле, анткени андан ары алар кыргыздар менен дайыма согушуп келген деп айтылган; алардын жерин дайыма кар басып жаткан, түндүгүндө деңизге чейин жеткен. Алардын түспөлү бомаларды сыпаттоодо эмес, кыргыздарды сыпаттодо «сары чач, кызыл жүздүү жана көк көздүү» деп айтылган.

Азыркы кыргыздардын тибине көп окшобогон ушундай эле белгилер («кызыл чач жана ак жүздүү») XI кылымдагы перс автору Гардизинин баянында кыргыздарга карата айтылган, ал, сыягы, VIII кылымда жазган Ибн Мукаффанын (757-ж. өлгөн) жазгандарынан алган болуш керек. Ушул сыпаттары боюнча Ибн Мукаффа кыргыздарды славяндардын туугандары деп эсептеген.

Кытайлар кыргыздар бомалардан тили менен да айырмалангандыгын белгилейт, анда бир канча кыргыз сөзү (маселен, ай— ‘месяц’ деген сөз) келтирилген, мындан кыргыздар ошол убакта эле түрк тилинин наречиелеринин биринде сүйлөгөндүгү көрүнүп турат. Мусулман авторлору да кыргыздарды тили боюнча түрктөргө таандык кылат.

Мына ушул бардык айтылгандардан улам, кыргыздар түрктөшүп кеткен Енисей остяктары болгон жана мурунку тилин сактап калган өздөрүнүн уруулаштары менен согушуп келген деп корутундулоого болот.

Енисей остяктарында аларга «жогору жактан», башкача айтканда, түштүктөн кубаттуу килики  элинин кол салгандыгы жөнүндө уламыштар сакталып калган, бирок бул уламыштар андан кийинки окуяларга да тийиштүү болушу мүмкүн.

Бома эли саясый жактан бириге алган эмес; ар бир жамааттын өзүнүн башкаларга көз каранды эмес акими болгон, ал эми кыргыздардын башында кытай тарыхында ажо деген титул менен аталган жеке бийликтүү аким турган. Кытай даректеринен башка түрк даректеринде да, башкаларда бул титул жок; профессор Н. Н. Козьмин аны 1701-жылдагы орус документинен билем деп ойлойт, анда «эзерлик (эзер — кыргыз урууларынын бири) бий Ожо» (төмөндө Ожо жана Оджа) деген сөз эскерилет. 1700-жылдагы документте Ботиажо деген ысым жолугат, мында бул ысымдын экинчи бөлүгүн титул деп түшүнүүгө болот.

Кытай жана башка кээ бир батыш (бөтөнчө византиялык) даректерден биз VI кылымда өздөрүн түрктөр деп атаган элдин биринчи жолу жортуулга чыкканын билебиз. Бул элдин башында кытайлар Тумынь жана Шэдеми деп атаган эки бир тууган турган. Бул ага-ини бүт талааны жана Кытай чек арасынан тартып Византия менен Персиянын чек араларына чейинки кээ бир дыйканчылык аймактарды баш ийдирүүгө жетишкен. Тумынь чыгышта калып, Шэдеми батышка кеткен; бул жерде андан кийин анын тукумдары акимдик кылган. Тумынь 553-ж. өлгөн, Шэдеминин өлгөн мезгилин кытайлар көрсөткөн эмес.

Шаванн Шэдеми Византиялык даректердеги 57б-ж. өлгөн Дильзибул же Сильзибул болгон деп далилдөөгө аракет кылат.

Орхон жазуулары Бумын (Буман деп да окуса болот) жана Истеми деген алгачкы түрк кагандары жөнүндө кыскача гана эске салат. Аларга баш ийген элдердин ичинде кыргыздар да эскерилет. Кытайлар кыргыздардын батыштүрк каганы Дулуга баш ийгендиги жөнүндө гана айтат, анын теги так аныкталган эмес. Шаванн ал Шэдеминин (Истеминии) бешинчи муундагы тукуму деп болжолдойт. Дулу бир нече жолу жеңилгенден кийин 658-ж. өлгөн, анын кубаттуулугу күчөгөн мезгил 638-ж. болгон, ошондо ага бома менен гегу (Шаваннда Кле-Кои), анда кыргыздар ушундай аталган, баш ийген. Бир аз мезгил түрктөрдүн бийлиги кыргыздарга гана эмес, алардын түндүктөгү кошуналарына да таркаган.

Кыргыздардын аймагынын түндүктөгү чеги кайсы жерден өткөндүгү жана ошондой эле түрк тилинин таркаган аймагы так көрсөтүлгөн эмес; бул суроого айрым жоопту Таншунун сөздөрү берет: «бардык дарыялар (Енисейдин алабындагы) түндүк-чыгышты көздөй агат. Хягастан (кыргыз деген сөздүн Тан сулалесинин тушунда көбүрөк колдонулган транскрипциясы) өткөндөн кийин алар биригип, түндүктү көздөй агат». Бул сөздөр ар кандай түшүндүрүлүшү ыктымал. Эгерде ага Ангара кошулган жерден ылдый Енисей имерилип аккан Енисей тушундагы жер жөнүндө сөз болуп жатса, анда кыргыз аймагынын чеги түрк элдеринин (революциядан кийин өзүлөрүн хакастар деп атаган «Сибирь татарлары») самоеддер жана тунгустар менен азыркы этнографиялык чек арасына болжол менен дал келер эле. Енисей остяктарынын аймагы азыр бир кыйла түндүгүрөөктө, Анцыферова кыштагына жакын жерден башталат, бирок мурда алар бир кыйла түштүгүрөөк жакта жашагандыгы жөнүндө эскерүүлөр сакталып калган.

Эгер Енисей Кан кошулган жерден төмөндө бурула тургандыгы эске алынса (горизонттун төрт тарабын аныктоого да ылайык келер эле), анда кыргыз аймагынын түндүк чек арасы (ошондой эле түрк тилинин таралышы) бир кыйла түштүгүрөөк жакта болор эле.

Кытайлар «мурда хягастардын мамлекети ал жерде жогорку көзөмөл үргүзүү үчүн өзүнүн гелифасын койгон» Сеяньто тукумуна көз каранды болгон деп айтышат. Гелифа (башка бир транскрипциясы боюнча сылифа) деген сөз, азыр далилдеп жатышкандай, орхон жазууларында жолуккан түркчө элтебер деген титул. Саясый мааниси жагынан жазуулар элдердин (будун) башында элтебер (элтеберлик будун) жана каган турган эки түрүн (кагандык будун) айырмалайт; элтебер титулу каган титулунан төмөн турган жана саясый жагынан өз алдынча болбогон чакан элдердин акимдерине берилген.

Сеяньто тукуму түрктөрдүн бийлик мураска калуучу тукумдарынын катарына кирген, анын үстүнө кытайлар «Сеяньтонун тукуму эки уруудан — Се жана Яньто тукумдарынан түзүлгөн» — деп айтышат. Бул аталыштарды түркчө сир жана тардуш деген сөздөрдүн транскрипциясы катары түшүндүрүүгө аракеттер болгон. Сир деген сөз турк сир будун деген сөздөрдүн айкашында бир гана жазууда жолугат, анын үстүнө сир деген сөздү энчилүү ат катарыбы же жалпы ат катары түшүнүү керекпи тексттен билинбейт. Тардуш деген сөз түрк элинин башкы эки канатынын биринин аталышы катары өтө көп жолугат, бирок сир тардуш деген сөз айкашы жазууларда жок, ошондуктан се-янь-то деген сөздүн Хирт сунуш кылган түшүндүрүлүшү шек туудурат; орхон жазуулары жөнүндөгү Томсенге таандык (жазууларды окуунун ачкычын Томсен тапканы белгилүү) эң жаңы эмгекте ал кабыл алынган эмес.

Тан-шунун Сеяньто муундары жөнүндөгү бабында кыргыздар эскерилбейт. Төмөндө келтирилген маалыматтарга караганда Чыгыш Моңголияда Сеяньтонун жогорулашы батыш түрк каганы Дулунун кубаттуулугунун жогорулаш мезгилине туш келет, демек кыргыздар, сыягы, бир эле мезгилде чыгыштан да, батыштан да түркөгуздардын эки канатынын кол салууларына дуушарланган. Сеяньто биринчи жолу VII кылымдын башында бир убактардагы жеңишчил батыш-түрк каганы Чулонун жеңилишине байланыштуу жогорулаган; 611-ж. Чуло Кытайга кетүүгө аргасыз болгон.

Бул мезгилде Сеяньто башка түрк эли менен, кыргыздардын түштүк-чыгыш жактагы коңшулары, Селенгадан батыш жактагы аймакты ээлеп турган уйгурлар менен союздаш болуп аракеттенген, кийин алардын ортосунда араздашуу болуп, 629-ж. Сеяньтонун акими Доми уйгзфлардын акими Тумиду менен болгон согушта каза болгон. Андан мурдараак батыш түрктөрдүн каганы Шегуйдун зоболосу бийиктегенде Сеяньтонун акимдери кагандыкка доомат коюудан баш тартышкан.

Бул дооматты кийинчерээк адегенде чыгыш-түрк каганы Хелиге (620—630) баш ийген, кийин ал жеңилишке учурагандан кийин Чыгыш Моңголиядагы эң таасирдүү адам болуп, 645-жылга чейин башкарган аким Инань кайрадан баштаган; сыягы, бул Сеяньтонун эң кубаттуу мезгили болуш керек, мына ушул эле учурга алардын кыргыздарды баш ийдирип алган мезгили туш келүүгө тийиш. Инань өлгөндөн бир канча жылдан кийин анын тагына отурган адам уйгурлар менен согушта курман болгон. Кытайга үстүртөдөн баш ийген, бирок өз ээликтеринде өзүн каган деп атап келген уйгурлардын акими Тумиду 648-жылы өзүнүн бир тууганынын баласы Угэнин колунан каза болгон. Угэ жана анын ишин улантуучулар эми анча мааниге ээ болбой калганда, кыргыздар өз алдынча бийлик жүргүзө алган.

Тумиду өлгөн жылы, Инань өлгөндөн 3 жылдан кийин жана батыш-түрк каганы Дулунун кубаттуулугу төмөндөгөн мезгилде, 648-ж. кыргыздар Кытайга биринчи элчилигин жөнөткөн.

Кытай бул убакта эң жогорку кубаттуулукка жетишкен, мурда түрк империясына, анын чыгыш (630-жылдан тартып), ошондой эле батыш (658-жылдан кийин) канаттарына кирген бүт жерлер үстүртөдөн ага баш ийген. Үстүртөдөн болсо да кыргыздардын өлкөсү Кытай империясынын аймагына кирген, анын үстүнө мурунку Гяньгунь деген кытайча аты калыбына келтирилген. Чындыгында талаанын бардык жери мурунку хандар менен акимдердин бийлигинде кала берген, бирок алар эми кытай губернаторлору катары эсептелип, кытай чиндерин алышкан жана Яньжань шаарында (Шаньси провинциясында, азыркы Датунфу шаарынан алыс эмес, бул азыр да «Түндүк Кытайдагы маанилүү стратегиялык пункттардын» бири катары эсептелет) жашаган кытай акимине баш ийген. Кыргыздардын өлкөсүндө «башкы аким» катары Шибокүйлөрдүн уруу аксакалы (сылифа) Ачжень такка отургузулган, ал кытай сарайына өзү барып келген.

Кыргыздардын Кытай менен алакасы алардын өлкөсүн уйгурлар басып алган 758-жылга чейин улантылган. 650—683-жылдардагы мезгилде эки элчилик, 705—711-жылдардагы мезгилде бир жана 713—755-жылдарда төрт элчилик барган. Бирок кытайлар VII кылымдын акырындагы жана VIII кылымдын башындагы окуяларга кыргыздар кандай катышкандыгы жөнүндө сөз кылбайт. Бул жөнүндө маалыматтарды биз Моңголиядан табылган ошо мезгилдеги түрк жазууларынан гана таба алабыз.

Бул жазуулардын негизги мазмуну— 680-жылдан кийин чыгыш түрктөрдүн кытай эзүүсүнөн кутулушуна жана чыгыш-түрк кагандыгынын калыбына келтирилишине байланыштуу окуялар. Кытайлар Мочжо деп атаган кагандардын бири (ал 692- же 693-жылдан тартып акимдик кылып, 716-ж. өлгөн) кыска мезгилге өзүнүн бийлигин батышты карай алыска тарката алган; дегинкисин ага, анын бир тууганы жана кагандыкты калыбына келтирген мурдагы акимге (кытайлар аны Гудулу деп аташат) кытайларга гана эмес кээде жаңы кагандарга каршы өз ара, ошондой эле кытай менен союз түзүп келген түрк кагандарына каршы согушууга туура келген. Жазууларда Илтерес (Томсендин окушу боюнча Элтериш) каган деп аталган Гудулунун душмандарынын арасында кыргыздар жөнүндө да баян бар; бирок кыргыздарга жана дегеле батыштагы элдерге каршы согуштун анда эч мааниси деле болгон эмес.

Илтерестин же Мочжонун (жазуулардын биринде буга Капаган-каган деген титул берилгендиги айтылат) убагында келишимге ылайык кыргыздардын акими Барс-бекке кагандык наам берилип, ал Илтерестин кызына үйлөнгөн. Илтерестин жана анын ордун баскандардын башкы кеңешчиси Тоньюкуктун атынан түзүлгөн жазууда Илтерескагандын түндүктүн, чыгыштын жана түштүктүн (кытайлардын) союзуна каршы күрөшү жөнүндө гана айтылган. Огуздардын башка бир бөлүгүнүн башында турган түндүктүн акими Баз-каган башкы душман катары эсептелген; ал эми мурда Мочжо акимдик кылган убакта кыргыздарга жана Барсбекке каршы күрөшкө зор маани берилген.

Түрктөрдүн салты боюнча хандардын жана баатырлардын бейитинин башына алар өлтүргөн душмандардын сөлөкөттөрү коюлган, Илтерес-кагандын бейитинин башына биринчи орунга Баз-кагандын, Мочжонун же Капаган-кагандын бейитинин башына кыргыздардын каганынын сөлөкөтү коюлган.

Тоньюкуктун жазууларында чыгыш түрктөрүнө каршы үч «кагандын»: кытай, батыш-түрк (ат убакта батыш-түрктөрүнүн башында түргөш уруусу турган) жана кыргыз кагандарынын коалициясы жөнүндө айтылган; ошентип бул жолу коалицияга кытайлардан тышкары батыштын элдери гана катышкан. Тоньюкук кыргыздарга кол салмак болгон. Бул согуш (710—711-жылдар) кышында болсо керек, жазууларда салгылаш жана кыргыздардын жеңилгендиги жөнүндө кыскача гана айтылган. Кёгман, башкача айтканда, Саян тоо кыркалары аркылуу өтүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө бир кыйла толук айтылат. Бул тоодо ошол убакта кар басып калган бир гана ашуу болгон; аз элинен (бул жөнүндө төмөн жакты кара) чыккан бир адамдан Тоньюкук Аны дарыясын бойлой аттар бирден чубап өтө алгыдай дагы бир кууш жол бар экенин билген.

Тоньюкук ушул жол менен бармак болот; кошуун Ак-Термел деген жерге чогулуп, ал жерден күрткүнү кечип жөө өтүшкөн. Адамдар адегенде атчан, анан дарыя менен аттарды жетелеп, бактарды кармап (чыны жыгач шыргыйлар болуу керек) жөө жүрүштү. Алдыңкы отряд карды жиреп жол салып, анын артынан кошуун жөнөгөн; Ыбар (?) ашуусунан ушинтип өтүшкөн; мындан кийин дагы он күн ушундай эле кыйынчылык менен, ушундай эле терең кар кечип ашуудан түшүшкөн; сол көрсөтүүчүнү алдамчы деп эсептеп, өлтүрүп салышкан. Аны дарыясына жеткен соң кошуун аттарына минип, кыргыздардын өлкөсүн каптап кирген; ошентип алар капыстан душманына кол салган.

Экинчи бир жазууларга караганда, салгылаш Сонга (же Сунга) тоолорунда болгон, түрктөр кыргыздардын каганын өлтүрүп, алардын мамлекетин каратып алган. Башка каратып алган жерлери сыяктуу эле Мочжо бул жеңип алган жерлеринен да бат эле ажыраган. 731-ж. Илтерес-кагандын уулу жана ал убакта такта отурган Билге-кагандын (кытайларда Могилянь) бир тууганы ханзаада Күл-тегиндин ашында кыргыздардын каганы Тардуш-Ынанчучурдун (чур — түрктөрдүн көп кездешчү титулу) элчиси да келген.

Түрк аскерлеринин кыргыздарга каршы жортуулу жөнүндө баянды териштирүү үчүн адегенде Саян тоо кыркаларынын ашуулары менен жакшылап таанышуу керек.

Биринчи дүйнөлүк согуш башталардан бир аз мурда Енисей боюнча өйдө карай кеме барып токтогон Означенная кыштагынан Усинское кыштагына чейин араба жолун салуу башталган; сыягы бул жол 1870-ж. Г. Н. Потанин өткөн жолго келип кошулмак. Ал мамлекеттик чек ара катары эсептелген Хатын-арка ашуусу аркылуу 18-сентябрда катуу бороондо Илим дарыясынын өрөөнүнө, ал жерден Енисейдин оң куймасы болгон Усдайрасынын өрөөнүнө түшкөн.

Означенная кыштагы Ус дайрасынын чатынан төмөн жайгашкан. Аны менен Устун чатынын ортосундагы аралык кеме жүрүү үчүн өтө коркунучтуу жер болуп саналат. Потанин Устун боюндагы кыштактардан Минусинскиге кеткен үч жолду «Саян тоо кыркаларынын тик тоолору аркылуу өтөт», «ал жолдордо салт атчан жайкы үч айда гана жүрүүгө болот» деп сүрөттөгөн. Ус дайрасы менен Енисей боюнча кышкы жол да бар; балким, түрктөр ушул жолду пайдаланган болушу мүмкүн.

Эгер ушундай болсо «Аны» деген сөз Енисейди түшүндүрөт; мындай аталыштын башка колдонулганын биз билбейбиз. Түрк жана татар публицисттеринин «Енисей» деген сөз түрк тилинен келип чыккан (Ени чай — «Жаңы өзөндөр») деп түшүндүрүүгө жасаган аракеттерине карабастан, тунгустарда Ионеси («Чоң суу») деген ат бар жана аны түрк элдеринин бири да колдонбогон.

Кыргыздардын жергеси түштүк-батыш тараптан алардын ошол убактагы союздашы, батыш-түрктөрдүн башында турган түргөштордүн ээлигине түздөн-түз канатташ жаткандыгы жөнүндө жазууларда сөз жок; түргөштөргө каршы жортуулга чыгуудан мурда Тоньюкук өзүнүн кошууну менен кыргыздардын жергесинен Саян тоо кыркаларынын түштүк тарабына кайрадан өткөн. Кыргыздар менен кошо аз эли бир канча жолу айтылган; бир жерде аздар түргөштөр менен бирге эскерилет, демек, кыргыздардан түштүк-батыш тарапта, Саян тоо кыркалары менен Алтайдын ортосунда жашаган болуш керек.

Кыргыздар менен кошо чик эли жөнүндө да эскерилет; түрктөр кыргыздарга каршы жортуулга чыгаардын алдында 709-ж. эле бул элге каршы жортуул жасаган, мында Саян тоо кыркалары аркылуу эмес, Кем дарыясы аркылуу өткөндүгү жөнүндө сөз бар; сыягы, чиктер бул тоо кыркасынан түштүк тарапта Енисейдин башталышы болгон суулардын бойлорунда жашаган. Кыргыздардын чыгыш жана уйгурлардын түндүк тарабында, анчалык чоң эмес көлдүн (Косогөл) түштүгүндө, кытай маалыматтарына караганда, дубо эли жашаган; азыр самоеддерди ушундай (туба) аташат; азыр самоед уруулары түштүктү көздөй анчалык алыс барышпайт. Кытайлар ошол эле мезгилде эле дубо элин жана аларга союздаш милегэ жана эчжи (бул уруулар дубо элине өтө жакын болгондуктан дубо үч урууга бөлүнөрү айтылат) түрк урууларына кошот. Балким, бул самоед уруулары ошол убакта эле түрктөшсө керек; алар лыжа менен жүргөндүктөн «жыгач атчан түрктөр» (кытайчалгуяш тугуй) деп аташкан. Гянь-хай (Иакинфтин пикири боюнча — Байкал) көлүнүн жээгинде кыргыздар менен ирегелеш дахань жана гюй элдери жашаган, анын үстүнө дахандар гюйлардын түндүгүндө турушкан. Кыргыз мамлекети чыгышта гулигань элинин аймагына чейин жеткен, бул эл орхон жазууларында курыкан деп аталат.

Иакинфтин которгонуна жана түшүндүргөнүнө караганда курыкандар Байкалдын түндүгүнөн тартып Муз океанына чейин, Шаванндын котормосу боюнча чөлдөн түндүктү карай жана Байкалдан түштүккө карай кеткен жерлерде жашаган. Эмнеси болсо да кыргыздардын ээликтери Байкалга чейинки кеңири аймакты камтыган, ошондуктан кыргыздар түрк-огуздардын эң кубаттуу доорунда да алар менен атаандашаалган.

Илтерес-кагандын кызын кыргыздардын каганына бергендиги, кыязы, өзгөчө деле иш болбосо керек, түрктөрдүн падышалык кылган тукуму адатта өзүнүн кыздарын кыргыздардын уруу башчыларына берип тургандыгын кытай жазуулары баяндайт.

Чыгыш Моңголиядагы бийлик түрк-огуздардан уйгурларга өткөндөн кийин кыргыздардын абалы начарлай баштаган. 734-ж. өлгөн Билге-кагандын атынан түзүлгөн жазуудан түрктөрдүн падышалык кылган тукуму өздөрүнүн кубаттуулугу узакка камсыз болду деп эсептешкендиги көрүнөт; уйгурларга ушунчалык аз көңүл бурулгандыктан, бул элдин аты жазууларда бир гана жолу жолугат; ошентсе да 745-ж.

Билге-каган өлгөндөн он бир жыл өткөндөн кийин Чыгыш Моңголияда түрктөрдүн бийлиги кулап, алардын ээлеген жерлери уйгурларга өткөн.

Кыргыздар жөнүндө Тан-шудагы баянда алар 758-ж. уйгурлардан жеңилгендиги айтылган, уйгурлар жөнүндөгү баянда бул окуя тууралуу айтылган эмес. 758-ж. кытайлар Гэлэ-хан Мояньчжо (745—759) деп атаган уйгур каганы башкарган, ошол эле 758-ж. анын элчиси Кытайдын борборунда араб элчиси менен кадыр-барк жагынан атаандашкан. Селенгага жакын жерде табылып, 1913-ж. финляндиялык окумуштуу Рамстедт басып чыгарган, өтө жабыркаган түрк жазуусу, сыягы, ушул каганга арналган болуш керек. Анда баяндалган окуялар 757-жылга чейин гана жеткирилген, бирок андан уйгурлар 750-жана 751-жылдары эле чиктер жана кыргыздар менен кагылышкандыгы көрүнүп турат, анын үстүнө кыргыздардын ханы да эскерилген.

Рамстедт басып чыгарган, уйгурлардын өлкөсүндө жашаган теги кыргыз аким тарабынан түзүлгөн жазуу андан бир кыйла кийинки мезгилге, VIII кылымдын акырына таандык. Жазууда анын насаатчысы жөнүндө айтылат, анда сириялык тар—»мырза» деген сөз колдонулган, мындан Рамстедт бул кыргыз ошол убакта уйгурлардын өлкөсүндө жайылган Алдыңкы Азияда чыккан манихей динин кабьш алган деген корутунду чыгарат.

Эгер кытайлар 758-ж. кыргыздарды уйгурлар биротоло багындырып алган деп эсептешсе, анда бул 758-жылдан кийин Кытайга кыргыз элчилеринин келбей калгандыгы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Кыргыздар уйгурларга каршылык көрсөтүп келгендиги 808-жылдан 821-жылга чейин бийлик жүргүзгөн башка уйгур каганынын падышалыгына байланыштуу кытай тилиндеги жазуудан көрүнүп турат. Бул кагандын убагында уйгурлар менен Гяньгунь падышалыгынын, башкача айтканда өтө кубаттуу делген кыргыздардын ортосунда кайрадан согуш болгон; аларда жаа менен куралданган 400 ОООге чейин жоокери (ал эми Тан-шунун жазганына караганда, кыргыздарда болгону 80 000 аскер) болгон имиш. Бул жолу кыргыз мамлекети биротоло талкаланып, мамлекет катары өзүнүн жашоосун токтоткон деп айтылат; бирок Тан-шуда кыргыздардан жаңы каган чыккандыгы жана 840-ж. анын уйгурларды толук жеңип чыкканы жөнүндөгү баянда өзүнүн жеңишине чейин бул каган «жыйырма жыл бою уйгурларга каршы согушканы» айтылган.

Эгер ушундай болсо, анда кыргыздардын уйгур каганына толук баш ийишине мезгил дээрлик калбайт.

Иакинфтин котормосу боюнча, Тан-шуда кыргыз акими уйгур каганынан каган деген сөз кошулбаган Пиңьсе Тунге Гинь деген титул алган; демек, кыргыздардын жеңилиши кагандыкты жана көз каранды эместикти жоготууга гана алып келген, бирок мамлекеттик өз алдынчалыкты жоготууга алып келген эмес. Эгер ыңгайлуу кырдаал болгондо жеңилгенден кийин көп убакыт өтпөй эле, кытайлар атагандай, кыргыздардын ажосу өзүнүн батыштагы союздаштарына таянып, уйгурларга каршы күрөштү жана кагандыкка дооматын кайра баштай алмак. Ал өзүн хан (каган) деп, түргөштөрдөн чыккан өзүнүн энесин жесир ханыша (хатун) деп, аялын, ябгу титулундагы карлук падышасынын кызын ханыша деп жарыялаганы айтылат. VIII кылымда батышка кетип, 766-жылдан кийин ал жерде борбору Чүй суусунун боюнда жайгашкан мамлекетти түзгөн карлуктар кийин да кыргыздардын коңшусу жана союздашы болгондугу жөнүндө маалыматтар дайыма жолугат. Бирок түргөштөрдүн эскерилиши кыйла таң каларлыктай көрүнөт: түргөш кагандыгын 740-ж. ченде эле арабдар талкалаган; 756—57-жылдан кийин түргөштөр эч кандай саясый мааниге ээ болгон эмес.

Уйгурлар менен болгон согуш 840-ж. кыргыздар уйгурлардын Орхондогу борборун (азыр Харыбамызанын урандылары) алганда кыргыздардын жеңиши менен аяктаган; кыргыз каганынын Енисейдеги ордосунан бул шаарга чейин төө менен 40 күндүк жол деп эсептелген; мында 832-жылдан бери бийлик жүргүзүп келген уйгур каганы өлтүрүлгөн. Бирок кыргыздар уйгурларды биротоло баш ийдире албады; өздөрүнүн борборун жоготкондугуна карабастан 841-ж. уйгурлардын жаңы каганы болуп Уге такка отурган, ал козголоң чыгарган букараларына каршы согушта каза болгончо, 847-жылга чейин өзүнүн душмандары менен согушуп келген; мына ушундан кийин уйгурлардын бир бөлүгү Моңголияны жеңип алган кыргыздардын букаралыгына өткөн, бир бөлүгү түштүккө кетип, эки хандыкты — бири Турпан аймагында, экинчиси Ганьчжоу аймагында, түзүшкөн. Моңголиядагы үстөмдүк кыргыздарга өтүп, мунун натыйжасында алардын мамлекети Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндөгү эң күчтүү көчмөн державага айланган.

IX ЖАНА X КЫЛЫМДАР. УЛУУ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ

Кыргыздардын Моңголияны жеңип алышы Орто Азия тарыхында басып алуу кыймылы батыштан чыгышты көздөй багытталган сейрек учур болуп саналат, анткени бардык басып алуу кыймылдары чыгыштан батышты көздөй жүрчү. Кыргыздардын ханы, сыягы, өзүнүн борборун уйгурлардын Орхондогу шаарына көчүрбөсө керек; өзү жеңишке жеткенден кийин ал уйгурлардын мурунку борборунан атчан жүргөндө он беш күндүк жолдогу «Лаошань же Думань тоолорунун түштүк жагына өткөн»; кыязы, Танну-Ола тоосу жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргыздардын согуш иштеринен кумдуу талаадан түштүктү карай 70 000 жоокер катышкан жортуулу гана белгилүү, мында кыргыздардын ханы жеңишке жетишкенден кийин уйгурлардын бир бөлүгүн өзү менен кошо алып, түндүк жакка кайра кайтып кеткен.

Кытайга улам кол салып келген уйгурлардан жана алардан мурдагы огуздардан айырмаланып, кыргыз хандары башынан эле Тан сулалеси менен достук мамилелерди түзүүгө аракеттенишкен. Уйгурлардын борборун алгада алар ал жерде Кытай падышасынын кызы Тайхэни жолуктурушкан жана кошуундун коштоосу менен аны кайра Кытайга жөнөткөн; бул кошуунга уйгур каганы Уге кол салып, падышанын кызын кайра туткунга түшүрүп алат, ал уйгурлардын туткунунан 843-ж. гана бошотулган.

Кыргыз каганы кытай Ли Линдин тукуму катары өзүн ошол эле Ли тукумунан чыккан Тан сулалесин туушканы катары эсептегендигин көрдүк. Кытай императорлору адегенде жаңы туугандарын таанымакчы болушкан; бирок император Сюань-цзунду (847—859) «Хягас Тан тукуму менен теңтайлашууга кудуретсиз чакан уруу» экендигине ынандырышкан. Бул маселе жогорку даражалуу төбөлдөрдүн жыйынынын чечимине коюлган; жыйын «уйгурлар кубаттуу мезгилде мындай грамоталар аларга берилип турган, азыр болсо алар кулады, болочоктогу бейкуттук үчүн кыргыздарды күчөтүп жиберүүнүн кереги жок»  деген чечимге келген.

Мындай чечимге карабастан кыргыздардын кытай менен алакасы улантыла берген; кийинки император И-цзун (860—873) падышалык кылган убакта кыргыздардын үч элчилиги барган. Уйгурларды жеңип чыккан хан 847-ж. эле, башкача айтканда, анын башкы душманы Уге дүйнөдөн кайткан жылы эле өлгөн; Тан-шуда анын эң жакын ордун басуучусунун ысымы жана титулу келтирилген, бирок ал жөнүндө, андан кийинки кыргыз хандары жөнүндө башка эч кандай маалыматтар айтылган эмес.

Дегеле кыргыздардын улуу державалык доорундагы Орто Азия жөнүндө кытай маалыматтары өтө аз. Жогоруда айтылган котормолордон тышкары кыргыздар жөнүндөгү Тан-шунун маалыматтары В. Шоттун «Über die ächten Kirgisen» (1865) макаласында чогултулган; бул кабарларда өлкө менен эл сыпатталган, бирок 847-жылдан кийинки кыргыздардын тарыхы боюнча эч кандай маалыматтар берилген эмес. Тарыхчы эмес илимпоздордун арасында кеңири тараган эмгек бул Клапроттун «Tableaux historiques de l’Asie» (1826) деген китеби; ушул китеп жөнүндө Шоттун пикири кыйла эле тескери жана атактуу географ Риттерди дүйнөнүн географиясы боюнча («Erdkunde») көлөмдүү эмгегин жазганда аны көпчүлүк учурда туура эмес пикирге алып келген Клапроттун ушул эмгеги деп далилдейт.

Клапроттун китебинин таасирлери Риттердин эмгеги аркылуу Радловдун «Aus Sibirien» (1884; экинчи басылышы 1893-ж., биринчи басылышынын эч өзгөрүүсүз кайра басылышы) аттуу белгилүү китебинин тарыхый баптарынан да орун алган. IX жана X кылымдардагы Орто Азия жөнүндө маалыматтарды кытайлардан башка мусулман авторлору да айтышат.

Орто Азия аркылуу өтүүчү жолдорду, ошонун ичинде кыргыздарга баруучу жолдорду абдан толук баяндап жазганда ошол мезгилдеги даректерден бир топ мурдагыларды пайдаланган XI кылымдагы перс автору Гардизинин баянын которуп, «1893—1894-жылдары Орто Азияга илимий максат менен барганым жөнүндөгү отчётто» жарыялагам.

Орто Азия, ошонун ичинде кыргыздар жөнүндө мусулмандардын маалыматтары талданган эң соңку эмгектердин ичинен Маркварттын эмгектери, айрыкча анын коман (кыпчак) эли жөнүндөгү эмгеги (1914) өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Бул эмгектин баалуу жактарын жана кемчиликтерин мен өзүмдүн «Орус тарыхый журналында» («Русский исторический журнал», кн. VII, 1921) басып чыгарылган рецензиямда көрсөтүүгө аракеттендим.

Кыргыздар менен мусулмандардын ортосундагы алакалар жөнүндө кытайларда да маалыматтар бар, алардын айткандарына караганда, кыргыз мамлекети дашилер (тажиктер ал убакта арабдарды ушундай атаган), туфандар (тибеттиктер) жана гэлолулар (карлуктар) менен дайыма достук байланышта болгон. Арабдардын өлкөсүнөн кыргыздарга ар бир үч жылда түр салынган (Шоттун котормосунда: алтын менен саймаланган) жибек кездеме жүктөлгөн 20 төөдөн турган кербен келип турган; кээде төөлөрдүн саны 24кө жеткен. Кыязы, Тан-шуда бул кербен кандай жолдор менен баргандыгы айтылбаса керек. Клапротто арабдардын кербенине тибеттиктер жөнүндө Тан-шуда айтылгандар таандык кылынган: уйгурлардын талап-тоноосунан корккон тибеттиктер карлуктардын өлкөсүнө барып, ал жерде узатуучуларды күтүшкөн.

Иакинфтин түшүндүргөнү боюнча, бул коштоочуларды аларга карлуктар, ал эми Шоттун түшүндүрүүсүндө кыргыздардын өздөрү берип турган.

Кыргыздардын арабдар, тибеттиктер жана карлуктар менен достугу жөнүндө айтылган сөздөр кыргыздар ал түгүл өзүнүн улуу державалык доорунда да Орто Азиянын батыш бөлүгүндө болуп жаткан согуштарга кийлигишпегендиги жөнүндө корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Белгилүү бир мезгилге чейин алардын душмандары уйгурлар гана болушу ыктымал, анткени алар 860-жана 873-жылдардын ортосундагы мезгилде азыркы Кытай Түркстанынын бөлүгүн Кара-Кожо (азыркы Турпанга жакын) жана Бешбалык (кытайларда Бейтин, азыркы Гучэнге жакын) шаарлары менен кошо басып алган болчу.

VIII кылымда бул жерде алардан мурда башка түрк элдери, адегенде басмылдар, андан кийин арабдар тугузгуздар (түркчө токуз-огуз, огуздардын тогуз урууга бөлүнүшү боюнча), кытайлар шато (алар бир канча мезгил жашаган чөлдүн аты боюнча) деп атаган түрк-огуздар жашаган. 794-ж. бул аймакты тибеттиктер басып алган жана ал жерде жашаган түрктөр IX кылымдын башында Кытай аймагына сүрүлгөн; демек, уйгурлар келгенде бул жерде түрктөр эмес, тибеттиктер болгон. Кыязы, бул жер менен ал огуздарга таандык учурда таанышкан арабдар кийинки өзгөрүүлөр жөнүндө билбегендиктен, жергиликтүү калкты тугузгуздар деп атай беришсе керек; араб тилинде жазган авторлордун ичинен Орто Азия жөнүндө китептер боюнча эмес, өлкө менен өзүнүн тааныштыгынын негизинде гана айта алган бирден бир автор Махмуд Кашкари гана XI кылымда «тугузгуз» дегендин ордуна бардык жерде «уйгур» деп жазган.

Моңголияда уйгурлар менен огуздардын ортосундагы күрөштөн кийин огуз элинин бир бөлүгү уйгурлар менен аралашып кеткен; жазуусун Рамстедт басып чыгарган VIII кылымдын ортосунда жашаган уйгур ханы өзүн он-уйгурлардын жана тогуз-огуздардын ханымын деген, кытай маалыматтары боюнча уйгурлар тогуз урууга бөлүнгөнү менен, моңгол мезгилиндеги тарыхчы Рашид ад-дин он-уйгурлар менен катар тогуз-уйгурларды да билген. Жок эле дегенде Рамстедт басып чыгарган жазуу уйгурлардын ханы, баарыдан мурда өзүн уйгур элинин акими катары сезгендигин көрсөтүп турат; эгер арабдар Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгү менен уйгурлар жашап жаткан убакта биринчи жолу таанышкан болсо, анда арабдардын географиялык адабиятына тугузгуз деген эмес, уйгур деген ат кирген болор эле.

Мунун натыйжасында, деги эле жалпысынан алганда деле географиялык мусулман адабиятындагы Орто Азия жөнүндөгү тиги же бул маалыматтардын кайсы мезгилге тиешелүү экендигин аныктоо кыйын болгондой эле, кээде тугузгуздар жөнүндөгү араб маалыматтарынын кайсынысы уйгурларга жана кайсынысы алардан мурункуларга тийиштүү экендигин аныктоо да кыйын.

Мусулман географтары өз маалыматтарын китептерден алышкан, көп учурларда кайдан алганын көрсөтүшпөгөн, азыркы учурдагыны эмес, качандыр бир убактарда, ал түгүл бир канча кылым мурда болгон нерсе жөнүндө айтып жатканын окурмандарга эскертип коюшкан да эмес. Бул, албетте, кыргыздар жөнүндө сөз болгон маалыматтарга да тийиштүү (дегеле ал кездеги түркчө артчыл «к» тыбышын «х» тамгасы аркылуу беришкендиктен ошол убактагы араб жана перс авторлору хирхиз деп жазышкан; маселен «харлук» деп, перс авторлорунда карлук дегендин ордуна харлух деп жазылган).

Эгер бизге чыгарма канчанчы жылы жазылгандыгы так белгилүү болгон күндө дагы, анда баяндалган фактылар кайсы мезгилге тийиштүү экендиги жөнүндөгү маселе эч чечилбейт.

XI кылымда жазган Гардизиден тышкары, перс тилинде хижранын 372-ж., башкача айтканда, биздин доордун 982-же 983-ж. жазьшган «Дүйнөнүн чектери» (Худуд ал-алат) деген автору белгисиз эмгек кызык маалыматтарды берет. Бизге жалгыз гана кол жазма түрүндө жеткен бул чыгарманы маркум А. Г. Туманский үчүн 1892-ж. Бухарадан табышкандыктан, эмгек орус илимий адабиятында адатта «Туманскийдин кол жазмасы» деген ат менен белгилүү. Бул дарекке караганда кыргыздар тугузгуздарды түндүктөгү гана эмес, батыштагы коңшулары да болгон.

Ошол эле автор Пенчула шаары жөнүндө (анын айтылышы толук аныкталбаган; кытай транскрипциясы боюнча Выньсу; жайгашкан орду боюнча азыркы Үч-Турпанга туура келет) жана ал карлуктардын жергесинде экендигин кабарлайт; анын акими мурда тугузгуздарга көз каранды болгон, «эми» бул шаарды кыргыздар ээлеп тургандыгын айтат.

Арабдар тугузгуздар менен карлуктардын ортосундагы согуштар жөнүндө айтканда эң мурда артыкчылык тугузгуздар тарабында болгондугун, кийин, тугузгуздар манихей динин кабыл алгандан кийин (балким, бул дин Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгүндө Моңголиядагы уйгурларга караганда мурда кабыл алынышы мүмкүн) ийгилик карлуктар тарабына өткөндүгү баяндалат. Бирок Туманскийдин кол жазмасынан тугузгуздар карлуктардын жерлеринин бир бөлүгүн тартып алгандыгын, тугузгуздардан чыккан ягма элине Кашкар жана Жети-Суу аймагынын Нарындын түштүгүндө жаткан бөлүгү таандык болгондугун билебиз.

Кашкар жөнүндө, ал ягма элинин, кыргыздардын, тибеттиктердин жана Кытайдын ортосундагы чек ара экендиги айтылган.

Туманскийдин кол жазмасынын орто азиялык элдердин ортосундагы чек аралар жөнүндө кабарлары анчалык так эмес; кыргыздар жөнүндөгү бапта тугузгуздардан башка да карлуктардын бир бөлүгү алардын түштүктөгү коңшулары болгону айтылган, бирок карлуктар жөнүндөгү бапта бул элдин коңшуларынын арасында кыргыздар эскерилбейт. Ошентсе да кыргыздар жети-суулук башка эки элдин — чигилдер менен тухсилердин коңшуларынын катарында айтылат; чигилдер Ысык-Көлдүн күңгөйүндө, түргөштөрдүн бир бөлүгүн (түргөштөрдүн башка канаты жогоруда аталган аз эли болгон) түзгөн тухсилер Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаган.

Мына ушулардан кыргыздар өздөрүнүн улуу мамлекет болуп турган доорунда аймагын түштүк-батыш жакка кеңейткен деген корутунду чыгарууга болот; бирок мунун качан жана кандайча ишке ашкандыгы жөнүндө даректерде эч кандай маалыматтар жок. Туманскийдин кол жазмасындагы «эми» деген сөз жок эле дегенде, андан кыйла мурдагы даректен алынган жана кыргыздар өзүлөрүнүн кыска мезгилдеги кубаттуулугун жоготкон учурдагы автордун мезгилине туш келтирилиши мүмкүн эмес.

Кыргыздардын башка элдер менен болгон мамилелери жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Тан-шунун маалыматына караганда кыргыздарга арабдардан гана эмес, Куча менен Бейтинден, башкача айтканда, уйгурларга таандык Бешбалыктан да кездеме алып келинип турган, мындан уйгурлар менен да келишим түзүлгөн деген корутунду чыгарууга болот. Муну Гардизинин айтканы боюнча жогоруда келтирилген «тугузгуздардын» аймагынан Енисейдеги кыргыз каганынын ордосуна чейинки Кёгман тоолорунан же Саян тоо кыркаларынан түндүккө карай 7 күндүк жол да ырастап турат.

Бул— мусулман адабиятында жазылып калган кыргыздарга баруучу бирден бир жол; дегинкиси, арабдар кыргыздарды тугузгуздардын жана анча-мынча карлуктардын түндүктөгү коңшусу жана четки түндүк-чыгышта жашаган эл катары гана билишкен.

Арабдардын элестетүүсү боюнча кыргыздар ээлеген жер чыгышта океанга чейин жеткен. Ислам аймактарынан түндүк-чыгыштагы талааны көздөй эки жол — бирөө Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы ченден, экинчиси Таластан (азыркы Олуя-Ата) кеткен. Эки жол тең борбору Иртыштан түндүк жактагы жердеги кимак элинин аймагына алып келген. Кыргыздардын батыштагы коңшулары кимактар кытайларга таптакыр белгисиз бойдон калган жана биринчи жолу мусулман адабиятында гана эскерилет. Кимактар өлкөсүнөн кыргыздар өлкөсүнө ислам жергесинен кимактарга кеткен жолдун уландысы катары соода жолу болгонбу жана бул эки элдин ортосундагы мамилелер дегеле кандай болгондугу таптакыр белгисиз.

Кыргыздар сыяктуу эле кимактар тили жагынан түрктөр болгон; кимактар өлкөсүндөгү бир жер жөнүндө Туманскийдин кол жазмасында ал жердеги адамдар кыргыздардын салтын жолдойт деп айтылган. Кимактар кыргыздардан мурда өздөрүнүн саясый биримдигин жоготкон болуш керек, бирок Туманскийдин кол жазмасында кимактардын каганы (араб жана перс авторлору ар дайым хакан деп жазышкан) жана элдердин башкы массасынан эрте бөлүнүп кеткен болсо да, кимактардын, кыпчактардын батыш канатынын акими кимак падышасынын букарасы деп эсептелген. XI кылымда, Махмуд Кашкаринин убагында, кимактар болгон эмес; Иртышта ал убакта кимак урууларынын арасында кыпчактар сыяктуу Гардизи сөз кылган йемек эли жашаган.

Кыпчактар кийинчерээк саясый бир бүтүндүктү түзбөсө да өзүнүн атын Түркстандын батыш бөлүгүндөгү жана Россиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү талаалардын аталышына калтыргандыгы белгилүү. Моңголдордон кийинки мезгилде ошол эле кыпчактар казак элинин уюткусун түзгөн, XVIII кылымда калмактар (ойроттор) жана орустар аларга «кыргыздар» деген жаңылыш ат беришкен.

Кыпчактардын бытырашына алардын чыгыштагы коңшулары көмөк бергендиги жөнүндө маалыматтар жок.

Туманскийдин кол жазмасына караганда, кыргыздардын өлкөсүнөн көптөгөн жыпар (мускус) жана аң терилери (кыргыз жыпары жөнүндө башка даректерде да айтылган), ошондой эле кайың жыгачтары (кабыгы болуу керек) жана бычактын сабы жасалуучу хуту мүйүзү сыртка чыгарылып турган; булар суу жолборстордун (морж) жана нарвалдардын алыскы түндүктөн алынып келинген азуулары деп далилдеп жүрүшөт. Кыргыз падышасы кыргыз-хакан (каган) деп аталган. Ошол эле автордун айтканына караганда кыргыздардын мүнөзү жапайы айбандарга кыйла окшош; өңдөрү серт, чачтары суюк; адилетсиз, мерезирээк болушат.

Алар жоокердиги менен айырмаланышат, бардык коңшулары менен согушуп, касташып турушат. Алардын арабалары (же кайыктары), кой, уй жана жылкылары бар; алар суу, жайыт, жагымдуу аба ырайын жана шалбааларды издеп көчүп жүрүшөт. Алар отко сыйынышат жана өлгөндөрүн өрттөшөт, чатырларда жана кепелерде жашап, мергенчилик кылышат.

Алардан чыгышты карай кыргыздардан чыккан фури деген эл бар; алар башка кыргыздар менен аралашпайт; алар таш боор киши жегичтер; алардын тилин башка кыргыздар түшүнбөйт; алар жапайы айбандарга окшош. Кыргыз каханы жашаган шаар Кемижкет аталат. Тоолордо кыргыздардан чыккан кесим деген эл бар: алар да чатырда жашап, аң терилерин, жыпар, хуту жана башкаларды жыйноо менен кесип кылышат.

Кыргыздардан чыккан башка эл бар, алардын тили карлуктардын тилине жакын, ал эми кийимдери кимактардын кийимине окшош. Кыргыздардын бир дагы канатында кыштак да, шаар да жок; хакан жашаган жердегилерден башканын баары чатырларда жашайт.

Бул текстте Тан-шудагыга караганда кыргыздар бир кыйла жапайы эл катары көрсөтүлөт; бул учурда, сыягы, кытай маалыматтары бир кыйла так болуу керек.

Кытайлардын кыргыздардын башка элдер менен бейкут алакалары жөнүндө айтканы менен перс авторунун кыргыздардын бардык коңшулары менен согушуп тургандыгын баяндагандыгынын ортосундагы айырмачылык бөтөнчө көзгө урунат. Өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөгөндөрү тууралуу маалыматты кытайлар ырастайт; кытайлар мындан тышкары өлүк өрттөлгөндөн кийин калган сөөктөрдү бир жылдан кийин жерге көмүшөрүн айтышат; түрктөрдөн айырмаланып, кыргыздар киши өлгөндө беттерин тытпайт.

Өлгөндөрдү өрттөө жөнүндө маалыматтарга Гардизи кыргыздардын ою боюнча от эң таза нерсе жана ар кандай ыпыласты жок кылат деп кошумчалайт, ошентип өлгөн адам да ыпыластан жана күнөөлөрүнөн от менен тазаланган. Башка кыргыздардан айырмаланып, фури эли өлгөн адамдарды тоого алпарып, чиригенче дарактарга коюп коюшкан. Кыргыздардын жапжалгыз шаарынын же кыштагынын аталышы жөнүндө болсо, анын кытайча транскрипциясы (Иакинфте — Мидичжы, Шотто — Мидичжита) перс текстинде Микиджкет (акыркы муун— шаарлар менен кыштактардын аталыштарына көп улануучу иран сөзү, маселен Ахсикет, Пянжикет д.у.с.) деп окулат деп болжоого мажбурлайт.

X кылымдагы автор Абу Дулеф кыргыздардын турмушун бир кыйла жагымдуу маанайда сүрөттөйт. Кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар бул автордун сөзсүз апыртылган саякатын сүрөттөөлөрдүн ичинен орун алган; анда географиялык көп так эместиктер бар, өзү жазгандай катар менен Абу Дулеф ал элдерге бара алмак эмес. Ал элдерге дегеле барбаган болуу керек жана өзү көргөн окуялар катары китептерден алган маалыматтарды келтирет, бирок ал пайдаланган даректердин арасында так маалыматтар болушу да ыктымал.

Кыргыздар жөнүндө алар таруу, күрүч жана төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгы айтылган; алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар; алар токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө аны өчүрүшпөйт. Сыйынганда колдонулуучу өзгөчө кыраат менен сүйлөнүүчү тили бар. Жыпары бар. Жылына үч майрам өткөрүшөт. Алардын асабасы жашыл түстө. Алар сыйынганда жүздөрүн түштүккө багышташат. Планеталардын ичинен Сатурн менен Чолпонго табынышат. Марсты жамандык кабарлоочу жылдыз катары карашат. Жырткыч айбанаттар көп. Түнкүсүн жарык чыгара турган таш бар, ошондуктан алар жарыкты колдонушпайт; ушул таштан буюмдарды алар гана жасашат.

Алардын падышасы элдин камын көрөт, алар да аны урматташат. Падыша барда жашы кырктан ашкан адам гана отура алат.

Бул баянда кыргыз жазмасы жөнүндө эскерилгендиги кызык, бул жөнүндө Таншуда да айтылган, кыргыздардын «жазмасы жана тили уйгурлардыкына абдан окшош» деп белгиленген. Кеп ошол убакта уйгурлардын арасында таркай баштаган жана кийин моңголдор кабыл алган алфавит жөнүндө эмес, андан кыйла байыркы жазуулар жөнүндө болуп жатат, орхон жазууларын ачуунун аркасында аларды окуу үчүн ачкыч табылар эле. Ошол эле алфавит кыргыздарга белгилүү экендиги Енисейдин алабындагы көп сандаган жазуулардан көрүнүп турат, бул жазуулар орхон жазууларына караганда илимге бир кыйла мурда белгилүү болгон, бирок тарыхый орхон жазууларын ачуунун аркасында гана териштирилген, орхон жазуулары илимге алгачкы берген материалдын негизинде табышмактуу жазууларды териштирүүгө киришүүгө мүмкүн болгон.

Енисей жазууларын которууга Радлов аракет жасаган. Жазуулардын бардыгы мүрзөдөгү жазуулар; аларда тарыхый маалыматтар жок, кыргыз деген сөз аларда жолукпайт; тарыхый маалыматтар боюнча Енисейде кыргыздар жашагандыктан, Радлов жазуулардын көпчүлүк бөлүгү кыргыздарга таандык деп болжойт. Жазуулардын эч биринде, жок дегенде айбанаттар циклинин доору боюнча да даталардын жоктугун белгилөөгө болот, ал эми Тан-шуда дал кыргыздар жөнүндө аларда жылдар он эки жылдык циклден турары жана айбанаттардын аты менен белгиленери айтылган; мына ушунун негизинде Абель-Ремюза 1820-ж. айбанаттар циклин ойлоп чыгарууну кыргыздарга таандык кылгысы келген. Тамгаларынын формалары орхон жазууларынын мезгилине караганда бир кыйла байыркы мезгилди көрсөтүп турат; ошондуктан, Радлов Енисей жазууларын VII кылымга, көбүнчө анын экинчи жарымына таандык кылууга ынтызар. Жазуулардын биринде бул маркум жети жаш курагында Кытай императоруна баргандыгы айтылган; Радловдун пикири боюнча бул Тан-шу боюнча кыргыздардын биринчи элчилиги Кытайга жиберилген 648-жылдан мурда болушу мүмкүн эмес. С. Е. Маловдун Енисей эстеликтери «орхон-селенга эстеликтеринен да эки-үч кылым мурда болгон» деп айтканы (1926-ж. 28-февралда Бакудагы түркологдордун курултайында жасаган докладында) да кыйла күмөндүү.

Мүрзөлөрдөгү ар кандай жазуулар сыяктуу эле Енисей жазуулары да элдин түшүнүктөрү жана дини жөнүндө ой жүгүртүүгө айрым бир материалдарды берет. Бирок тексттин жана анын котормосунун оңолгон жаңы басылышы жарыкка чыкмайын бул материалды илимий жактан пайдалануу мүмкүн эмес. Дини боюнча кыргыздар сөзсүз шаманисттер болушкан жана алардын сыйынуулары, сөздөрдү кыраат менен сүйлөшөрү жөнүндө Абу Дулефтин айткандары ушул динге тиешелүү. Кыргыздарда, ошондой эле башка түрктөрдө шамандарды кам деген сөз менен билдиришкен. Енисей жазууларында (орхон жазууларындагыдай эле) бул сөз жок, бирок ал Таншуда кыргыздар жөнүндөгү баянда айтылат. Буддисттер (тибеттиктер) жана мусулмандар менен соода боюнча алакалаш болгондугуна карабастан, будда же мусулман динин үгүттөөлөрдүн кыргыздар арасында кандайдыр бир ийгиликке жетишкендиги жөнүндө эч маалымат жок.

Мусулман өлкөлөрүндө кыргыздардын өлкөсүнөн сыртка чыгарылган товарлардын ичинен жыпар көбүрөк бааланган болуш керек. Бул товар менен, ошондой эле Ыраакы Чыгыштын өлкөлөрүнөн сыртка чыгарылган башка товарлар менен соода жүргүзүүдөн деңиз аркылуу соода жүргүзүү менен кургак жол аркылуу соода жүргүзүүнүн атаандаштыгы көрүнүшү мүмкүн; деңиз соодасынын өнүгүшү бул жагдайда кыргыздарга зыян келтирүүгө тийиш эле.

Азыркы убакта жыпар көбүнчө деңиз аркылуу Кытайдын портторунан, бөтөнчө Шанхайдан ташылып чыга тургандыгы белгилүү. Географ Ибн Хаукал X кылымда баасы жана сапаты боюнча эң мыкты жыпар Тибеттен жана кыргыздардын аймагынан кургак жол менен ташылып келерин айтат; бирок андан мурдагы географ Якуби (891-ж. жазган) баарынан жогору Тибет жыпарын баалап (мында кыргыз жыпары жөнүндө сөз жок), андан кийинки орунга согда жыпарын (Зеравшандагы жер боюнча), үчүнчү орунга гана Кытай жыпарын коюп, ал жыпардын эң мыкты сорту Ханфу (Кантон) гаванынан чыгарылып кетерин кошумчалайт.

Жыпар кийин Кытайдан Аденге алынып келинген товарлардын арасында эскерилет. Тышкы соодага карабастан, кыргыздарда өздөрүнүн металл өндүрүшү болгон, балким алар аны качандыр бир убакта мурда Енисейде жашаган, азыркы кезге чейин алардын кайсы этнографиялык типке кирерин, кайсы мезгилге таандык экендигин аныктоо мүмкүн болбой келе жаткан коло маданиятынын элдеринен мураска алып калган болушу мүмкүн. Темир, сыягы кыргыздарга эчак эле белгилүү болгон, Таншуда кыргыздар ханышага темирден курал жасап бергендиги айтылган, алар мурда түрктөргө салыкты темир менен төлөп келген; Темир буларда кяса (Kja-sa) деп аталган.

Шотт бул сөздү самоеддердин kues, vese, jesea сөздөрүнө жакындатат, бирок алтайлыктардын jäs — «жез» жана командардын (кыпчактардын) jâs — «сары жез» деген сөздөрү менен жакын болушу да мүмкүн экендигин көрсөтөт. Кыргыздардын жана жалпы эле түрктөрдүн металлдар менен тааныштыгы жөнүндөгү маселени чечүү үчүн бул маселеге тиешелүү тилдик маалыматтарды толугураак салыштыруу зарыл болор эле. Жергиликтүү элдик уламыштарга ылайык Радлов Абакандагы жана Енисейдеги соңку темир дооруна таандык буюмдар табылган мүрзөлөр кыргыздарга тиешелүү деп эсептейт.

Маданиятынын өнүгүү деңгээли боюнча кыргыздар өзүлөрүнүн түндүк жана чыгыш тараптагы коңшуларынан бир кыйла жогору турушкандыгы шексиз, ал жөнүндө биз кытай жана мусулман даректеринен айрым маалыматтарды кезиктиребиз.

Жогоруда Туманскийдин кол жазмасында кыргыздардын чыгыш тарабында жашаган фури эли жөнүндө маалыматтар келтирилген, анда бул эл ал түгүл киши жеген деп күнөөлөнөт. Фурилер жана алар менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер жөнүндө Гардизиде анча-мынча айтылат, анын айтымында кыргыз ханынын ордосунан фури элинин аймагына чейинки аралык үч айлык жол болгон. Фурилер сазда жашаган жапайы адамдар катары сүрөттөлөт; эгер аларды ал жерден сүрүп чыгара турган болсо, суудан сууруп алган балыкка окшоп калышат.

Эгерде алардан кимдир бирөө кыргыздарга туткунга түшүп калса, тамак ичпейт жана мүмкүн болсо эле качып кетүүгө аракеттенишет.

Башка кээ бир даректерде кыргыздардын батыш тарабын кун жана кай (же кайи) эли ээлейт, бирок анын үстүнө кун деген менен бирге кури деген жазуу да кездешет; булар — ошол эле фурипер (араб алфавитиндеги к жана ф тамгаларын көп чаташтырып алышат) болушу толук мүмкүн. Кытай даректерине салыштыруу кури деп окуу туура деп ойлоого мажбурлайт. Биз Тан-шуда жана Орхон жазууларында Тан-шу боюнча Байкалдын жанында жашаган курыкан эли эскерилээрин көрдүк; бир кыйла кийинки кытай чыгармасында (Юань-ши, моңголдор тарыхы) Ангаранын жанында жашаган кули эли айтылат; ошол эле эл XIV кылымдын башында жазган перс тарыхчысы Рашид ад-динде Байкалдын жанындагы аймакта кури деген ат менен эскерилет.

XIII кылымдын башындагы автор Ауфиде кури (же кун) элине чыгыш тарабындагы коңшусу— кай эли кол салгандыктан, алар батышка журт которуштуруп, ал жердеги башка элдерди сүрүп чыгаргандыгы жөнүндө маалымат бар; бул элдердин ичинде кыргыздар эскерилбейт, ошондуктан, Маркварт чоң маани берген Ауфинин бүт аңгемеси (Маркварттын пикири боюнча жогоруда эскерилген кимактардын бытырап кетиши ушул журт которууларга байланыштуу) башка даректер менен көп ырасталбайт.

Ошол эле Ауфинин бир кыргыздын дарыя кайда куярын билүү үчүн Енисей аркылуу төмөн карай жасаган саякаты тууралуу кызык баяны уламыш мүнөзүндө экени шексиз. Ауфинин баяны боюнча кыргыздар өлкөсүндө бир дарыяга төрт дарыя кошулат; андан кийин алардын дарыясы капчыгай-тоолорду аралап туңгуюк аркылуу агат. Ал кыргыз чакан кайык менен төмөн карай сүзүп жөнөгөн; үч күн, үч түн бою ал жарыкты, жылдызды, айды жана күндү көргөн эмес; акыры ал кең жайыкка келип, кайыктан түшкөн. Аттардын дүбүртүн угуп, ал даракка чыгып кеткен жана ким келээр экен деп күтүп отурган; чоңдугу уйдай болгон иттерди ээрчиткен узун бойлуу үч чабандес (алардын бою найзанын узундугу менен салыштырылат) келген. Алар кыргызды көрүп, аны аяшкан, дарактан түшүүнү өтүнүшкөн жана иттер Талабасын деп өзү менен бирге аттарынын бирине мингизишкен; андан кийин аны өзүлөрүнүн чатырына алып келишип, тамак беришкен жана мурда кичине киши көрбөгөндөй аябай таң калышкан; акыры алар ага өзүнүн үйүнө кетер жолду көргөзүп коюшкан; алардын ким болгондугун жана кайсы элден экендигин эч ким билбейт.

Ушул баянга байланыштуу Енисей Минусинскиге чейин жана кайра Ачы уездинин чек арасынан Красноярскиге чейин тоолор аркылуу өтөөрүн эске салса болот. Уйгурлар талкаланып, кыргыздардын улуу мамлекети түзүлгөндөн жүз жыл өтпөй эле бул улуу мамлекет да жашоосун токтоткон. X кылымдын башында Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө биринчилик бир канча кылым бою саясый турмуштун окуяларына катышып келген кытайларга, моңгол тегиндеги элге өткөн; VII кылымда эле кытайлар түрк-огуздардын кайта калыбына келтирилген кагандыгына каршы түзүлгөн коалициянын курамына кирген жана жалпы душманга чыгыш жактан кол салууга тийиш эле. Эми кытайлардын акими (анын аты кытай транскрипциясында А-бао-чжи же (Араокi) Түндүк Кытайдын бир бөлүгүн каратып алып, 917-ж. кытай императору титулун алат жана жаңы Ляо сулалесин негиздейт.

Кытайлар бүткүл «Орто империяга» эч качан ээ болгон эмес, анын түндүк бөлүгүнө гана акимдик кылышкан; ошондой болсо да алардын аты ар түрдүү өзгөртүлүп, Моңголиядан Индияга жана Батыш Европага чейинки көп элдер тарабынан Ыраакы Чыгыштын байыркы маданий мамлекетин атоодо колдонулуп келген. Орусча «Кытай» деген ат ушундан келип чыккан.

Ляо сулалесинин негиздөөчүсү Кытайдын кээ бир маданий аймактарын басып гана албастан, 924-ж. Моңголияга да жортуул жасаган, уйгурлардын Орхондогу мурдагы борборунун урандысында болгон, мурунку кагандардын жазуулары бар таштарды көрүп, өзү да жаңы эстелик орноткон (сакталып калган эмес). Сыягы кыргыздарды каратып алуу ушунун алдында болууга тийиш эле, ошентсе да ушул убакка чейин белгилүү болуп келген даректерде мындай жеңиш жөнүндө түздөн-түз маалыматтар жок өңдөнөт.

Моңголияда кыргыздардын улуу мамлекетине чейинки тартиптерди калыбына келтирүүгө умтулуу Ганчжоу шаарынын уйгур акимине Орхондогу уйгурлардын мурунку ээликтерине кайтышын сунуш кылганынан көрүнүп турат. Уйгурлардын акими уйгурлар Моңголиядан кеткенден бери он муун өтүп кетти деп жооп берген дешет, бул өтө апырткандык болор эле, акыйкатта, кыргыздар уйгурларды жеңген убактан бери 80 жыл гана, башкача айтканда, үч муун да өтө элек эле; бирок уйгурлар ушул мезгил ичинде өздөрүнүн жаңы мекенинде дыйканчылыкка жана шаар турмушуна көнүп калууга үлгүрүшкөн жана Моңголиядагы конуштарга кетүүнү каалашкан эмес.

Радловдун китебинде кыргыздардын ханы Енисейдеги өзүнүн мурунку ордосуна 970-ж. гана кайтып келген деп айтылган. Бул кабар Риттер аркылуу Клапроттон алынган (андагы 670 ката экени ачык көрүнүп турат); Шотт өзү пайдаланган даректерден бул датаны таппаса керек, аны Клапроттун кайдан алгандыгы да белгисиз. 924-ж. кытайлардын Орхонго жортуулу жөнүндө баян кыргыздар Моңголияда же эч болбосо анын бир бөлүгүндө 970-жылга чейин болушу жөнүндө күмөндөнүүгө мажбурлайт.

Кыргыздар Моңголияда үстөмдүк кылган акыркы түрк эли болгон; алар жеңилгенден кийин Моңголия азыркы убакка чейин сакталып калган кытайлардын Моңголиядан түрктөрдү кууп чыгарууга жана алардын жерлерин өздөрүнүн туушкандары — моңголдорго берүүгө атайылап умтулбагандыгын көрсөтөт. Уйгурлар баш тарткандан кийин Моңголияга барып жашай турган башка түрк эли болгон эмес жана түрктөрдүн жоктугунан моңгол тектүү элдер пайдаланып кеткен.

Кыргыздардын чыгыштагы коңшулары фури (же кури) эли да моңголдор болушу өтө ыктымал; муну Туманскийдин кол жазмасындагы «фури» тили башка кыргыздар үчүн түшүнүксүз экендиги тууралуу сөздөр да көрсөтүп турат. Түрк тилинен башка тилде сүйлөгөн элдер жөнүндө айрым маалыматтарды Махмуд Кашкари да баяндайт; тилекке каршы, бул маалыматтар анчалык так эмес жана алардан алыскы түндүк-чыгыштагы өлкөлөр менен жекече таанышкандыктын белгилери да байкалбайт. Махмуд Кашкари кыргыздарды таза түрк диалектинде сүйлөгөн элдердин катарына адилеттүүлүк менен кошкон, бирок алар четки түндүк-чыгышты жердейт деп эсептейт; түрк эмес кайи жана татар элдери анын сөзү боюнча, батышыраак жакта жашаган; бирок ошол эле убакта татарлар Өтөгөн деген жерде жашаган делет.

Орхон жазууларында дайыма айтылып келген тоо кыркалары ушундай аталат (жазуулардын авторунун айтымында бул түрктөрдүн чыныгы мекени болгон) жана бул жер Хангайга туура келиши ыктымал. XI кылымда бул жерде татарлардын (Чыңгыз-хандын убагында жана андан кийин дайыма азыркы моңголдорду ушундай аташкан) жашагандыгы орхон жазууларынын мезгилинен бери калктын курамында болуп өткөн өзгөрүүлөрдү ачык көрсөтүп турат.

Элдердин жайгашуусу жөнүндө бир кыйла так маалыматтар бизде XII кылымдын акыры жана ХIII кылымдын башы, башкача айтканда Чыңгыз-хандын жортуулунун доору үчүн гана бар. Ошол убакта ал түгүл Енисейдин жогору жагында кыргыздардын түштүк тарабында, моңгол тегиндеги ойрот эли жашаган, алардын тили Чыңгыз-хан моңголдорунун тилинен диалектилик жагынан гана айырмаланган. «Ойрадан Кэргисыга чейин», башкача айтканда, кыязы, ойроттордун жергесинин борборунан кыргыздардын жергесинин түштүк чек арасына чейинки аралык беш күндүк жол деп эсептелгендиги жөнүндө кытай маалыматтарында бар.

Бул жерде эки тил — түрк жана моңгол тилдери канчалык аралашып кеткендиги жөнүндө Рашид ад-диндин Енисейдин жогорку бөлүгүн түзгөн дарыялар Секиз-мурэн («Сегиз дарыя») деп аталганы тууралуу сөзүнөн көрүнүп турат. Моңголдордун мурэн («дарыя») деген сөзүнө түрктөрдүн санды билгизген сөзү кошулган. Азыр бул жерде моңголдордун катуу таасиринде болушса да түрктөр жашап тургандыгы белгилүү; азыркы убактагы карталарда дарыялардын аттарынын арасында моңголчо аталыштар да жолугат, алардын бири Ебе-усу Рашид аддинде да көрсөтүлгөн.

Моңголияда кыргыздардын үстөмдүгү кыска убакытка созулгандыгына карабастан, кыргыздар жөнүндө эскерүүлөр моңголдордо ушул кезге чейин сакталып калган, балким Моңголияны моңголдор ээлеп алганга чейин бул өлкөдө жашаган жана үстөмдүк кылган акыркы эл кыргыздар болгондугунан дал ушундай болушу ыктымал.

Батыш Моңголиядан дээрлик Орхонго чейинки бүт мейкиндикте кезиккен байыркы мүрзөлөр «кыргыздардыкы» делет, анын ичинде чынында кыргыздарга гана эмес, алардан мурда жашаган уйгурларга жана башкаларга таандык кабырлар да бар. Рамстедт Селенга менен Орхондун ортосундагы УШ кылымдагы уйгур кагандарынын биринин падышалыгы жөнүндө айтылган жазуусу бар эстеликке жакын жайгашкан ушундай «кыргыз» көрүстөндөрү жөнүндө эскерет.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.