Жакында интернеттен окуп калдым, кадимки Аскар Акаевдин заманында министр, өкмөт башчы болуп жүргөн, азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Кубанычбек Жумалиев, Апас Жумагулов деген аксакал 85 жашка чыккандыгына байланыштуу ага Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгарып койсок болбойбу дегендей сунушун айтыптыр.

Айрым адамдарга кээде таңгалбаска айла жок. Сыртта кайсы кылым, кай доордо жашап жатканыбыздан анча-мынча кабар алып турушса жакшы болор эле.

Биринчиден, Кыргыз Эл баатыры наамы адам кайсы бир жашка толгондугу үчүн эмес, чыныгы баатырлык иш кылганда берилсе керек эле. Экинчиден, Апас Жумагулов өз кезегинде өтөгөн мыкты кызматы үчүн совет доорунда эле кабат-кабаты менен сыйланыптыр. Үчүнчүдөн, Кыргыз Эл баатырлыгын бергидей Апас Жумагулов кыргыз элине кандай эмгек сиңиптир?

Ооба, ал кишинин өмүр жолу бай, совет доорунда эле кызматтын бардык тепкичтерин басып өтүптүр. Эң эле маанилүүсү, 1993-98-жылдарда КР өкмөт башчысы болуп иштегендиги. Ошол учурда Апас Жумагулов жакшы иштеген болсо, балким далай завод-фабрикалар талкаланбай, приватизация прихватизацияга айланбай, Кыргызстандын азыркы акыбалы бир топ жакшы болор беле?..

Апас Жумагулов 1998-жылы өкмөт башчылыктан кеткен соң, ордуна Кубанычбек Жумалиев  өкмөт башчылык кызматта иштеп калган. “Карга карганын көзүн чокубай жатканы” ушундан болсо керек. 1998-жылдан тарта Апас Жумагулов жалаң майлуу-сүттүү, кол оорутуп, бел жоорутпаган жерлерде: цемент, алтын чыгарган заводдордо башкармалык төрагасы, нече бир өлкөлөрдө элчи болуп иштеп, акыркы 12 жылда ал болгону жеке бизнес тармагында иштептир.

Кыргыз Эл баатырлыгын алыш үчүн акыркы кездерде кандайдыр бир эл эсинде кала турган кызмат өтөөсү зарыл эле го! Апас Жумагулов Кыргызстанды сазга тыгып коюп, бизнесмен болуп кеткени үчүн баатырлык наам алышы керекпи?!

Негизи, мындай каңкуу азыр эле чыга калган жок. Мындан беш жыл мурда да А. Жумагуловдун 80 жылдыгына байланыштуу Эл баатырлыгы берилсе дегендер чыккан. Анда да “Жаңы Агым” гезитине өз оюбузду жазып, каршы болгонбуз.

Жыргалбек Касаболотов замандашым айткандай, кагаз жазып, кабинетте отурган адамдарга баатырлык наам берилбеши керек. Бул жалпы элдин атынан ыйгарыла турган бийик да, ыйык да наам чыныгы баатырлык көрсөткөн адамдарга берилиши керек деген ойдомун.

2 Replies to “Аскер САКЫБАЕВА: Багы жок элдин баатыры көп”

  1. Уландысы. Ким даражага, байлыка Эмгек менен жетсе ал Адамдын эмгегин баалайт,Кубанычбек мырза Докторлукту,Министрликти, академикти Акаевдин жардамы менен Алды.Андыктан Эмгек (озгочо Илимий)эмне экенин билбейт.
    Депутаттыкты да байлыктын(ал эле эмес баардык депутаттар) кучу менен Алды.Андыктан биздин депутаттар Бекер олтурушат эмне кыларын билбей !!
    Откондо эле Кубанычбек мырза Атамбаевдин атын Тундук- Туштук жолуна ыйгарыш керек деп чыкты.Ушул эки сунуштан эле корунуп турат анын АкылЭс денгээли кандай экенин.
    Бизде бийлике туз ойпикирин айткандар аз эле, Маселен,Азимбек Бекназаров Акаевге ,Узонгу- куушту бербеш керек деп ,ачык каршы чыккан,ушул жигитке Сыйлык беруу керек .Атамбаев свйлыктардын баркын Биротоло кетирдиго,досторуна,» туугандарына» ыйгарып. Андыктан Сыйлык берууну Чёт олколорундой Жок кылуу керек деп ойлоймун!!!

  2. Аскер эжеке Азамат Пикирин мыкты жазган. Эми Апас Ж. элге эмне улкон эмгек кылды. Жада калса Апсамат Масалиевди да сыйлабай Президенттик шайлоодо Сатып кетти деп журушотко.Апсамат Масалиев канчасын бийлике алып барды -баары колдогон жок,Бир Гана Сооданбеков колдоп жатты- ачыктан ачык.Озу негизинен бизде Принцип жок,бийлик учун, акча учун баарын сатып ийебиз.Раззаковду деле улутчул деп озубуз сатып Москвага айдадык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.