«РухЭш» сайтынын интеллектуалдар альянсы негиздеген «Чеч-Дөбө» кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында 2018-жылы ыйгарыла турган Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» наамына татыктуу талапкерди тандоо маселеси каралды. Талкуу жүрүшүндө басымдуу көпчүлүктүн пикири менен быйылкы жылдын «Улут абийри» наамына татыктуу лауреат деп чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев тандалды.

Өткөн жылдагы жыйындан айырмаланып, бул сапар аталган сыйлыкка татыктуу деп бир гана талапкердин аты аталганына байланыштуу – тандоо жабык добуш берүүгө салынган жок.

Эскерте кетчү жагдай: «Улут абийри» наамынын былтыркы жылдагы лауреаты белгилүү публицист Нарын Айып деп табылган. О.э. Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамы география илиминин доктору, белгилүү профессор Эмил Шүкүровго ыйгарылып, эки лауреатка тең статуэтка, диплом жана 100 000 (жүз миң) сомдон тапшырылган. Бул аталган сыйлыктын лауреаттары «Чеч-Дөбө» кеңешинин жыйынында жабык добуш берүү менен тандалган.

Арийне, быйылкы жылы мамлекеттик гана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамына татыктуу талапкерлер чыкпагандыгына байланыштуу, бул сыйлыкка эч ким көрсөтүлгөн жок.

Аталган сыйлыкты ыйгаруу аземи ушул жылдын 18-октябры күнү, саат 11-00дө Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө тапшырылып, «Улут абийри» наамы Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине жана келинчегине тапшырылат.

«Чеч-Дөбө» кеңешинин интеллектуалдар альянсынын мүчөлөрү (алфавиттик тартипте):

Таалайбек АБДИЕВ – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты.

Амирбек АЗАМ уулу (Усманов) – журналист жана котормочу.

Нарын АЙЫП публицист

Үмүт АСАНОВА — философия илиминин доктору, профессор.

Урматбек ЖАКШЫМБЕТОВ – «РухЭш» сайтынын менеджери.

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ – ассошиейт-профессор, Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенет.

Сулайман КАЙЫПОВ – жазуучу, адабиятчы, коомдук ишмер.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ – акын, публицист жана конфликтолог.

Үмүт КУЛТАЕВА – Эл агартуунун отличниги, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, филология илимдеринин доктору.

Орозбек МОЛДАЛИЕВ – Улуттук жана аймактык коопсуздук, диний экстремизм жана терроризм жаатында иш жүргүзгөн адис, саясат таануучу.

Абдыкерим МУРАТОВ жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору.

Элмира НОГОЙБАЕВА – эксперт, коомдук-саясый жана социалдык маселелерди иликтөөчү адис.

Эсенбай НУРУШЕВ – публицист жана котормочу.

Искендер ОРМОН уулу – Эларалык мамилелер боюнча эксперт. «Кереге» фондунун төрагасы.

Аскер САКЫБАЕВА – көзкарандысыз журналист.

Жолдош ТУРДУБАЕВ – публицист жана адабиятчы.

Эмил ҮМӨТАЛИЕВ Kyrgyz Concept компаниясынын президенти.

Олжобай ШАКИР жазуучу жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү.

Бекташ ШАМШИЕВ – Журналист, адабиятчы жана филология илиминин кандидаты.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.