Македон эл жомогу: Дыйкан менен Кожо

Бир дыйканга түрк тилинде кат келет. Буга абдан таңгалган сабатсыз дыйкан катты окуган соң македончо которуп бере турган кишини издеп жөнөйт. Бирок бир күн бою издесе да андай киши жолукпайт. Акыры суй жыгыла жаздаганда түркчө кийинип, апакай чалма чалынган Кожо алдынан чыгат. — Таксыр, улуу урматтуу таксыр! – деп ага кайрылат дыйкан. – Кудай үчүн катымды окуп берип коёсузбу… — Уулум, мен деле сен сыяктуу сабатсызмын, катыңды окуй албайм, — дейт Кожо. — Кандайча? Ушундай апакай чалманы чалынып жүрүп окуй […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (4-бөлүк)

<<<<<<< 1-бөлүк <<<<<<< 2-бөлүк <<<<<<< 3-бөлүк КАЙРЫМДУУЛУК Бир бай таанышынан сурап калды: – Мени эмне үчүн сараң дешет, а менин болгон байлыгымды өлгөндөн кийин кайрымдуулук фондусуна мураска калтырарымды баары жакшы билишет? – Мен сага чочко уйга кантип арыз-муңун айтканын айтып берейин, – дейт анда таанышы, – «Адамдар дайыма сени ак көңүл дешип, сулуу көздөрүңдү макташат. Ооба, сен аларга сүт менен май бересиң, бирок мен сенден да көп берип жатпаймынбы: колбаса, сан эт, кол, эт, котлеттер жана башка тамактарды менин этимден […]

Дилазык: Карагайчылар жөнүндө уламыш

Эки карагайчы — канадалык жана норвегиялык — мелдешке чыгышты. Аларга коюлган талап боюнча: эртең мененки саат сегизден баштап, саат төрткө чейин өздөрүнө бөлүнгөн аянтчада ким карагайды көп кыйса, ошол жеңүүчү болуп таанылмак. Саат сегизде ышкырык жаңырып, ар бири өз аянтчаларында ишин баштады. Алар карагайларды биринин артына бирин кулатып жатышты. Бир убакта канадалык карагайчы, норвегиялык карагайчынын токтоп калганын укту. Бул ага жеңүүгө берилген бир мүмкүнчүлүк экенин сезген канадалык эки эселенген күч менен иштеп кирди. Он мүнөттөн кийин норвегиялык ишин улантканы угулду. […]

Абдиламит Матисаков: Жакшы жазуучу жашообуздун редактору

Кыргыз журналистикасы жөнүндө сөз болгондо Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору, бир чети досубуз Абдиламит Матисаковдун чыгаан актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жөнүндө жазылган “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…” аттуу таланттуу чыгармасы эсибизге түшөт. Абдиламиттин журналисттик изилдөөсүнөн жаралган портреттик очерктер, адам ыйманы, анын улуулугун даңазалаган публицистикалары, “Тандыр”, “Ак Коргон”, “Атамды көргөн өлбөсүн…” аттуу китептери кыргыз окурмандарын ойлонтот, түйшөлтөт. Өз кезегинде Улуттук телерадио корпорациясын жана “Кыргыз Туусу” газетасын көп жылдар жетектеп, өтөлгөлүү ак кызмат өтөгөнүн коомчулук жакшы билет. Бүгүнкү күндө […]

Мустай Карим: Биздин бүлөнүн кубанычы (уландысы)

<<<<<<<<<<<<<Башы БАТИНКЕНИН БИРӨӨСҮ АГЫП КЕТКЕНИ… Бизди ойготуп албайын деп апам акырын турду. Эшикти ачып, сыртка чыкты. Мен анын адымын угуп, көздөрүмдү ачтым. Сырт жарык. Карындашым түшүндө жылмайып, али уктап жатыптыр. Жаздыгында чачтары жайылат. Таянем көрүнбөйт. Ал эбак турса керек. Батинкелер ордунда экен. Мен карындашымды ойготтум: – Оксана, тур. Күн чыкты! Ал муштуму менен мурдун сүртүп, ойгонор эмес. Кулагына эңкейип шыбырадым: – Батинкелерибиздин турганын, кийгиле деп. Оксана-а, тур! Ал көздөрүн ачып, секирип турду. Экөөбүз жүз чайкоого шаштык. Тайенем эбак уй саап, […]

Аскер Сакыбаева: Уланбек жаш болсо да «Улут абийри» деп таанылды

“РухЭш” сайтынын арышы катуулап, окурмандары калыңдап келе жатканына туура эки жыл толду. Эки жыл ичинде чыгармачыл чөйрө үчүн бир топ мыкты конкурстар өткөрүлүп келет. Адабий конкурстардан сырткары да өзгөчө бөлүп карай турган саамалыктардын бири – Салижан Жигитов атындагы “Улут абийри” (100 миң сом) жана Ишенбей Абдразаков атындагы “Руханий эш” (100 миң сом) сыйлыктары жыл сайын ушютурулуп келаткандыгы. Өткөн 2017-жылы “РухЭш” сайтынын бир жылдык тушоо кесер аземинде аталган сыйлыктар айтылуу эколог Эмил Шүкүровго жана белгилүү журналист Нарын Айыпка ыйгарылган эле. Быйыл […]