“РухЭш” сайтынын арышы катуулап, окурмандары калыңдап келе жатканына туура эки жыл толду. Эки жыл ичинде чыгармачыл чөйрө үчүн бир топ мыкты конкурстар өткөрүлүп келет. Адабий конкурстардан сырткары да өзгөчө бөлүп карай турган саамалыктардын бири – Салижан Жигитов атындагы “Улут абийри” (100 миң сом) жана Ишенбей Абдразаков атындагы “Руханий эш” (100 миң сом) сыйлыктары жыл сайын ушютурулуп келаткандыгы.

Өткөн 2017-жылы “РухЭш” сайтынын бир жылдык тушоо кесер аземинде аталган сыйлыктар айтылуу эколог Эмил Шүкүровго жана белгилүү журналист Нарын Айыпка ыйгарылган эле.

Быйыл дагы 18-октябрь күнү Кино үйүндө Салижан Жигитов атындагы “Улут абийри” сыйлыгы ыйгарылмакчы. “РухЭш” сайтынын интеллектуалдар альянсы негиздеген “Чеч-Дөбө”кеңешинин мүчөлөрү быйыл аталган сыйлыкка 28 жашында капылет жерден кайтыш болгон журналист-иликтөөчү Уланбек Эгизбаевди татыктуу деп тапты.

Ал эми Ишенбай Абдразаков атындагы сыйлыкка татыктуу талапкер болбогондуктан быйыл ыйгарылбай турган болду.

Албетте, “Улут абийри” сыйлыгы эмне үчүн көзү өткөн адамга ыйгарылды, бул сыйлыкты жылыга эле журналисттер ала береби деген суроолорго да жооп берип койгонубуз жөндүү.

Былтыр Алмазбек Атамбаевдин адилетсиз саясат жүргүзгөнү туурасында журналист Нарын Айып акыйкаттык үчүн мамлекеттик машине менен жалгыз кармашып, анын айынан мойнуна он миллиондогон айып пул салынып, токсондогу энеси менен чогуу жашаган жалгыз үйүнөн айрылып кала турганда да Нарын мырза журналист катары сынбады, чөкпөдү, өз чындыгынан кайтпады. Бүтүндөй эл, коомчулук буга көз салып турду. Мына ушундай кашкөйлүгү үчүн, “Чеч-Дөбө” кеңеши Нарын Айыпты “Улут абийри” сыйлыгына татыктуу деп тапкан.

Быйыл “Чеч-Дөбө” кеңешинин жыйынында Улан Эгизбаевден башка талапкерлердин ысымдары да аталды. Бирок көпчүлүккө салып, талашып-тартыша келгенде азыркы учурда Уландай жарк этип чыгып, эмгеги менен жалпы элдин оозуна алынган адам болбоду. Себеби, Улан Эгизбаевдин иликтөөлөрү ушу бүгүн да абдан актуалдуу, дагы эле курч бойдон калууда. Дагы бир себеби, азыркы Уландай жаштарга мындай кадам шык берип, алар үчүн кандайдыр бир деңгээлде стимул болуп калабы деген үмүт чоң.

Айтмакчы, бул сыйлык журналисттерге эле эмес, башка кесиптеги татыктуу адамдарга да ыйгарыла тургандыгын кошумчалай кетээр элек. Болгону, ал өз кесибин мыкты билип, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн көрүнүктүү эмгек сиңирген адам болушу керек.

Салижан Жигитов атындагы “Улут абийри” сыйлыгы 18-октябрда борбор калаабыздагы Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө саат 11-00дө ыйгарылат. Каалоочуларга эшик ачык.

Аскер САКЫБАЕВА, журналист, “Чеч-Дөбө” кеңешинин мүчөсү   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.