<<<<<<<<<<<<<Башы

БАТИНКЕНИН БИРӨӨСҮ АГЫП КЕТКЕНИ…

Бизди ойготуп албайын деп апам акырын турду. Эшикти ачып, сыртка чыкты. Мен анын адымын угуп, көздөрүмдү ачтым. Сырт жарык. Карындашым түшүндө жылмайып, али уктап жатыптыр. Жаздыгында чачтары жайылат. Таянем көрүнбөйт. Ал эбак турса керек. Батинкелер ордунда экен. Мен карындашымды ойготтум:

– Оксана, тур. Күн чыкты!

Ал муштуму менен мурдун сүртүп, ойгонор эмес. Кулагына эңкейип шыбырадым:

– Батинкелерибиздин турганын, кийгиле деп. Оксана-а, тур!

Ал көздөрүн ачып, секирип турду. Экөөбүз жүз чайкоого шаштык. Тайенем эбак уй саап, чакадагы сүтүн көтөрүп келатыптыр.

– Жүзүңөрдү чайкап, сүттү жылуусунда ичкиле, – чыныларыбызга жыты аңкыган жылуу сүт куйду.

Тайенем Оксананын чачтарын тарап, кызыл бантигин байлады. Башында кызыл бантик, бутунда боосу кызыл жаңы батинкеси жарашып эле калды.

– Менин балдарым тың, күн менен жарыша турушат! – арыдан апам чыкты. – Тамак ичкенге чейин кан жүгүртүп чуркап келгиле. Андан соң жаңы көйнөгүңөрдү кийип, майрамга барасыңар.

Көчөдөгүлөрдүн караганы эле – биздин батинкелер. Биз да каранып коёбуз. Күн да карайт. Агер күн бизге карабаса, батинкелерибиз жылтырайт беле? Күн тийген үчүн жылтырайт да алар.

Адегенде Мансур авалардыкына бардык. Фархуниса эне бир уучтан жаңгак берип:

– Жаныңар бекем, батинкеңер морт болсун, – деди.

Анын көздөрү көрбөсө да, батинкелерибиз кооз экенин билет. Анткени Ай жылдыздарга айткандай, Мансур ава деле кемпирине эбак айтып баргандыр.

– Батинкелерибизди тайенем апкелди, – деп кабарлады Оксана.

– Кана кызым, көрсөтчү, – Фархуниса эне Оксананын батинкесин сыйпалады. – Ай-иий, жумшактыгын! Тайенеңерге зор алкыш!

– Фархуниса көз эмес, көөдөнү менен көрөт, – деп койду Мансур ава.

Биз анан Маратка жөнөдүк. Чымын-куюндап жеткибиз бар, бирок жай басып, буттарыбызды каранып баскыбыз келет.

Марат кампанын жанындагы дөңгөчтө кылыч жасап олтуруптур. Көз кыйыгынан батинкелерибизге карап:

– Бут киймиңер жаңырып калгандагысы го?

– Жаңырды!

– Менин ичимди күйөт деп ойлобогула! А мага өтүк жагат, – ал өзүнүн өтүгүн бычагы менен тыкылдатып койду. А көздөрү болсо биздин батинкеде.

– Булар Москвада жасалган. Мына, жазуусу бар, – Оксана таманын көрсөттү.

Мараттын карагысы жок.

Мен ага жаңгак бердим.

– Ыракмат. Жаңгакты кайдан алганыңды билем. Жаңы батиңкеңерди майлап беришти да… Сага да кылыч жасап берейин, – деп калды күтүүсүздөн эле.

Кызык ушу Марат! Өзүнчө керкейип, биздин жолбашчы, мага дос.

Фагима да үйүнөн чыкты. Жаңы көйнөгүнүн жайнаган гүлдөрү шамалда желбиреп, а чачтары туйлаган кулундун жалындай.

– Менин көйнөгүмдү карагылачы! – жетине албай жар салды.

Биз анын көйнөгүнө суктанып, Оксана Фагиманын көйнөгүн сылап, сыйпалап ийди.

– Ай-и-ий, сонун экен! – деп мактады. Фагима да буттарыбызга кадалды.

– Мына, сага батинке! – таңгалган ал ишенимдүү кошумчалады: – Келийке маа да так усундай сатып бейисет. Жүйгүлө айыкка!

«Жүргүлө арыкка» дегенин түшүндүк. Марат үндөбөстөн кылычын жоон жыгачтын арасына катып, этегиндеги кабыктарды кагынып:

– Жүргүлө! – деди.

Жөнөп калдык. Фарит менен Заман артыбыздан кууп келишти.

– Быштак менен бышырылган токоч жасадык! – Заман мактана кетти оозундагыны күрмөп. Ал эңкейип, карындашымдын боосун чойду эле, Оксана аны түртүп:

– Үзөсүң, эй, Заман! – дегенине ал тултулуңдаган жок: Сагида эженин баласы Иляс болгондо ал тултуңдамак.

Биз ойногон көлмө суусун көргөнүңөр барбы? Жок ко. Ал Фариттин огородунун жанында агат, анан барып көлмөгө куят. Биздин огородго жетпейт, анткени ал өрдө. Көлмөбүздүн аты Күмүш. Ага жайында киринебиз, азырынча муздак. Агер үстүнөн таш кайытып ыргытсаң, аркы жээгине жетпейт. Анткени жайыгы чоң! Күмүш көлмөбүздүн суусу агып-агып, алыскы Акбуурага кошулуп, андан ары сапар улашат. Мансур ава: «Күмүш дайрабыз деңизге дейре жетет» деп айткан. Жетпегендечи, анткени агыны шар да.

Оксана экөөбүз чоңойсок, биз дагы балыкчы карыя алтын балык кармаган деңизге барабыз. Биздин Күмүш дайрабыз ушундай укмуш. Ошон үчүн аны Күмүш атайбыз.

Адегенде нымдуу кумга изибизди калтырып, жээгинде сейилдедик. Анан жалпак таштарды кайыта ыргытып, суу үстүндө секиртип ойнодук. Ыргыткан сайын чурулдап кыйкырабыз: «Канча куймак жейм?» Таш канча жолу секирсе, демек, ошончо куймак жейсиң. Марат менен Фарит баарыбыздан көп жеди куймакты. Оксана менен Фагима таштарын секирте алышпады эле: мен Оксана үчүн, Марат Фагима үчүн таш секирттик. Жалгыз Заман гана эч кимге көңүл бөлбөй, жээкте тегирмен куруп отурду.

Акыры таш секирткенден да жадап, сууга сал агызмай болдук. Жоон-жоон талдарды чогулттук да Фарит аларды мажүрүм талдын кабыктары менен бекем байлады.

Мен салдын үстүнө кургак камыш төшөп атканымда Оксана менен Фагима суу жээгине отуруп буттарын чечип, кумдарын какмай болушту. Оксана бир батинкесинин кумун кагып, жанына койду да экинчисин чече баштады. Бул маалда ылдыйкы көчөнүн балдары бизге келип кошулушту. Алар менен Хайбулланын баласы Рушан да келди. Жеткен кудай урган бала ал. Оксана экөөбүз ылдыйкы көчөдөгү почтага барган сайын ал дайыма чөнтөгүндө шыкалган таштар менен бизди ургулайт. Бирок ушунча болуп ал соккон таштар таамай тийе элек бизге.

– Салам, өйдөкү көчөдөгүлөр! – Ахмет аттуу бала Марат менен кол алышып учурашып калды.

– Салам ылдыйкы көчөдөгүлөр! – саламга салам узатты Марат.

Чоң кишиче каада менен саламдашкан тигилер биздин салга кызыгып калышты.

– Даяр болду! – деп команда берген Марат салды сууга акырын жылдырды.

Салыбыз толкун менен калтылдап агып жөнөдү. Фарит шымын түрүнө салып, салды түртүүгө камынды. Анан капилеттен эле боосу кызыл сары батинке салдын үстүнө асмандан топ этип кулагандай көрүндү мага. Менин байкаганым: жанымда турган Рушандын колу шилтенгендей болгон. А мен эмне болуп кеткенин дароо түшүнгөн эмесмин. Батинкемди карасам – бутумда эле. Оксананыкына карасам – ал бир батинкесин кармап, кумда отурат: Фагима менен кажылдашып. А батинкесинин түгөйү көрүнбөйт. Алдастаганымдан, не дээримди билбедим. Марат өтүгү менен сууга жүгүрүп калды кыйкырып: «Батинке!»

Сал болсо суунун агымы менен кетти. Марат батинкеге жетпей, шөлбүрөп суу болуп кайтты. Оксана озондоп ыйлап берди. Балдар тытышып жатып калды. Карасам, Ахмет Рушанды аркага коюп калды, Фарит да Рушанды көтөрүп чапканга аракет кылды эле, ал дыр коюп качты.

Салыбыз суунун ортосуна чейин те алыска кетип калыптыр, боосу кызыл батинке анын үстүндө жатат.

Балдардын күйбөгөнү күл болду:

– Кап ата-а, кайык болгондо!

– Суу жылуу болгондобу, артынан сүзүп…

– Мен деле сүзмөкмүн…

– Ыйлаба, Оксана, – карындашымды соорото албай мен чебелектейм. Ага кошулуп Фагима, Заман бышактап ыйлап берди.

– Ыйлаба. Өзүмдүкүн сага чечип берем азыр.

Сал агын суу менен улам алыстап, кызыл боосу көзгө илээшпей калды. Тайенемдин 1-Майга белекке деп алып келгени ошентип суу менен алыстай берди!

Суу боюнда биз дайыма ары-бери өткөн жалгыз аяк жол бар эле. Бажылдап отурбастан, ошол жол менен чуркап жөнөдүм. Батинке алыстап агып барат. Мен андан көзүмдү албай тызылдап баратып оңкомон сайылып, бетим менен үймөк чырпыкка куладым. Ээгимден ылдый жылуу нерсе аккансыйт, кол менен сүртсөм – кан. Өйдө болсом, сал алыстап барат. Озондоп ыйлап, кайрадан жүгүрдүм.

Салга жетериме аз калды. Арыктан кайрылышынан жетчүдөймүн. Батинкеге жетериме аз эле калды! Эх, аттиң, жомоктогудай болуп: ак куу учуп келип, тумшугу менен иле калып, колума салса батинкени. Мен дагы анын каалаганын аткармакмын…

Оппа! Сал сууга кулап жаткан карт дарактын бутагына илинип, бир саамга токтоду да, суу аны кайра агызып барып, бир ордунда айланып турду. Айлантып-айлантып, жээкке жакындатпаса да, бирок кетирбеди. Эгер колумда узун илгич болгондо, салга жете турганмын.

Сууга чагылышкан күн нурунан көзүм уялып, бирдеңке эле жылтырайт. Күн эмне көрбөй атабы: эртең менен өзү суктана караган батинкенин шорго кабылганын?

Суу боюна туруп, не кылышты билбедим. Суу бетинде калкыган бутактар салга урунуп, кайра акты. Сал акса, мен чуркайм. Сал токтосо, мен токтойм… Деңизге дейре сапары негедир аз эле калгансыйт. Агер деңизге чейин агар болсо, мен деле артынан калышкым жок. Батинкени кармайм дедим.

Эски теректин тушунан чоң кулактары салаңдаган, килтейген боз ит көрүнгөндөй болду. Ал менден көзүн албай, жолдун ортосунда эле; оозунда тиши арсайат. Коркконум жок андан, тек, ыйым тып басылды. Айланып өтөйүн десем, алдыга секирип үрүп калганда, теректи көздөй чуркадым. Ал артыман кууду. Ит турат, сал болсо Күмүш дайрада агып барат. Агер азыр атам кылычын, мылтыгын алып ат менен келип калса, ит коркконунан артына карабай дыр коймок. Мен бирде түрү суук итке, бирде сууда агып бараткан салдан көзүмдү албай ордумда каттым. Сал бир убакта көздөн кайым болду.

Ушул маалда токойдон бирөөнүн үнү чыкты: «Барбос! Барбос!» Тиги делдейген кулагын силкип, мени бир карап алды да, жүгүрүп кетти. Мен жээкке чуркадым. Чуркап баратып жыгылганымды, тиземди оорутуп алганымды, тикенектүү бадалдарга бети-башымды кантип тыттырганымдын баарын айтып отургум келбейт азыр. Сөздүн кыскасы, салды кууп жеттим. Ал жай агып баратты. Батинкенин үстүнө бир чымчык конуп алыптыр. Эх, аттиң, агер ошол чымчык жомокто болгондобу, мен ага бир гана сөз айтмакмын!..

Күтүүсүздөн алдыман ак сакалду карыя чыкты, белинде – чабра[1], ийнинде – кайыктын калагы бар.

– Балам, каякка чуркап? Бети-башың эмне кан!

– Тетиги батинке, чымчык конуп турган, – шашып жооп бердим. – Аны биз эмес, Рушан ыргыткан салга. Карындашым Оксананын батинкеси! Ыйлап атат ал. Тигине, тигине-е, көрдүңүзбү?

Карыя колу менен көзүн күндөн калкалап, суу жакка үңүлдү:

– Көзүмдүн курчу ага кайдан жетсин, балам.

– Карасаңыз, чоң ата… карасаңыз… тигине батинке!

Чоң ата белиндеги чабраны чечип, аны даракка илди да, жээкке карай шаша-буша жөнөдү. Артынан жетип-жетпей мен жөнөдүм. Чоң ата кайык турган сууга түшүп, аны байланган казыгынан чечери менен:

– Отур балам, отур, кеттик! – деди мага.

Мен шып эле отура калдым кайыкка.

Сал кайрадан көздөн кайым болду. Алиги чымчык алып кетпесе экен! Агер ал да Рушандай жарыбагыр болсо, батинкени сууга ыргытат. Жетип калсак экен!

Чоң ата да кайыкта тикесинен туруп, калакты тез-тез шилейт экен ырас! Мен аны сууга кулап кетпесе деп кооптонуп бараттым. Жок, кулабады. Кууп жеттик салды. А чымчык учуп кетиптир. Адегенде чоң ата салды айланып өттү негедир. Кайра кууп жетип, кайыкты капталынан кайырды. Анан эң кызыгы – сал өзү кайыкка жакындап жылды. Анан чоң ата колун созуп, карындашымдын боосу кызыл батинкесин кармады. Сонун киши экен! Ал мага батинкени дароо бербеди, кайыктын түбүнө салды. Менимче ал: «Берип койсом, сууга түшүрүп алат» деп ойлоду. Бирок менен кулатпай калайын. Мен аны колумдан чыгарбайт болчумун!

Биз кайра кайттык. Чоң ата калагын шилеп баратканда, андан акырын сурадым:

– Чоң ата, сиз жомоктогу киши эмессизби?

– Жо-ок, мен Жакшыгол деген балыкчы карыянын өзүмүн, – деди ал.

Мына, атына заты жарашкан чоң ата! Жакшыгол – жакшы сөз да! Ал өзү жакшы адам үчүн жакшы ат коюшкандыр.

– Жакшыгол ата, сиз жакшы адам экенсиз, – мен аны бекем кучактагым келди.

– Чыныгы адам – адам болушу керек, уулум. Жакшы ат деген ошол.

Биз кай жерден кайыкка отурсак, ошол жерге жеттик. Кайык жээкке күү менен токтогондо, мен ыргып кетейин дедим.

– Түшөгой, балам!

Мен түшкөндө, артыман батинкени кармаган чоң ата да түшүп, кайыкты байлап, өргө карай беттедик. Ошондо гана боосу кызыл батинкени колума карматты.

– Мэ, балам. Абыдан татынакай бут кийим экен. Карындашың эми аярлап кийип жүрсүн.

Мен чоң атага ыраазычылыгымды айтып, мойнунан кучактагым келди, бирок боюм жетпегенден – буттарын кучактадым.

Экөөбүз чогуу үй жакка кайттык. Чоң ата колумдан кармап алды. Кичинекей булакка келгенибизде, бетимди жууп берди. Экөөбүз булак суусунан кочуштап ичтик. Жеңилдей түштүм. Куштар сайрап, көктөгү күн нуру төбөдө төгүлүп турду! Суу үстүндө чардактар чурулдап-чуркурашат. Теребелде теректер, байчечектер, канаттуулар, чоң ата да, мен да – баарыбыз кубанычтуу элек. Көктөм жаздын демине кантип кубанбайсың! Колумда болсо батинке!

Жакшыгол ата бутакта илинген чабрасын алып, жонуна кайра асынды да, чөнтөгүнөн чынжыры чубалган кол саатын алып кобуранды:

– Ой, балам, майрамдан кечикпейли! Саат тогуз болгону калыптыр, тезде!

Чын эле майрам эстен чыгып кеткенин! Кечикпей калайын! Аны канча күттүм эле…

– Болуңуз, чоң ата, тездейли!

– Мен тарпылдаган өтүгүмдү сүйрөп жеткенче качан, өзүң чурка, балам.

Батинкени боорума кыскан бойдон жүгүрдүм. Агер майрам бүтүп калсачы? Баары Рушан үчүн болду. Ушунун баары ошонун айынан да – карындашым чырылдап ыйлап… Чуркап баратып кылчайсам, чоң ата те алыста калыптыр.

Бет маңдайымда жүгүрүп келатышат – бирөөсү чоң, экөөсү кичине. Алардын да батинкелери сууга акты бекен? Алар мени көрүп эле чурулдап чуркап келатышат. Тааныдым! Алдыдагысы апам экен! Тигилерчи? Марат экен, артындагысы – Оксана. Апам эң биринчи жүгүрүп жетип эле, мени таптак көтөрүп, деми кыстыга сүйлөдү:

– Жаным чыгып кетсечи, каралдым!

Апам бети-башымдан өпкүлөп жиберди кучтактап. Мен майрамды эстей калып кыйкырдым:

– Майрам бүтө элекпи?

– Жок, баштала элек, – деди тебетейинен ылдый аккан терин аарчынган Марат.

Мени кучактаган Оксана энтикти:

– Жамил, Жамил! Сени ойлоп, жүрөгүбүз түшпөдүбү! – деп кубанып алыптыр.

Колуна батинкесин карматып:

– Жакшыгол ата менен кууп жеттик, кайыкта.

Карындашым батинкесин бооруна кысып кубанса, баарыбыздан да мен, анан батинке табылганына апам катуу кубанды.

Артыбыздан Жакшыгол ата жетип келди:

– Майрамыңар менен, Күнбике! Бул сенин уулуңбу?

– Меники. Ыракмат ава! Ушундай чоң майрамда, аз жерден кырсык чалбады!

– Эч нерсе болгон жок, жакшы… Чыйрак бала экен. Турмушка эркек-уул ушундай болсо.

– Бут кийим үчүн сууга чөгүп кетпесе экен деп коркконумчу… Карындашы үчүн жанын берет, – деген апам балдарды шаштырды, – Чуркагыла эми!

Биз апамды, чоң атаны калтырып, айылга сыздык. Ылдыйкы көчөдө күнгө жетчүдөй желбиреген кызыл желек, жалынга окшоп бизди чакыргансыйт: «Келгиле балдар, Биринчи Майга, келгиле!»

ЧЫНЫГЫ ЖЕЛЕКТИ КӨТӨРҮП БАРАТТЫМ

Тайенемдин сөзү менен айтсам, биз кайра көчөгө чыкканда «койкойгон куурчак» болуп калдык. Балдар жайнайт! Арабызда эң улуубуз – Базамша аванын кызы Тэзкирэ. Ал алтынчы же жетинчи класста эле.

Баарыбыз клубга шаштык. Майрам болгон сайын эл жабыла чогулуп, желектерди, жолбашчынын портретин бийик көтөрүп, көчөдө чубап жөнөйт дайым. Мындай майрамдарга апам менен эки жолу баргамын. Бир жолу – май майрамда, экинчиси – жетинчи ноябрда.

Мен былтыр майда кичирээк болчумун. Апам мени чарчаганым үчүн колуна көтөрүп алган.

– Эмнеге майрамда эл чогулуп, баары көчөгө чыгат? – деп сурагам ошондо.

– Жер үстүндө досторубуз да, душманыбыз да көп. Биз советтик элдер көчөгө чогуу чыкканыбызда, алыскы өлкөдөгү досторубуз бизди көрүп сүйүнүшөт: «Мына, биздин досторубуз көп! Ошон үчүн ынтымагыбыз менен биз күчтүүбүз,» – деп кубанышат, – деген эле апам.

– А душмандарыбызчы? Аларчы? – деп сурадым.

– Душмандарыбыз ынтымагыбыздан, күчүбүздөн коркот.

Мен эми биздин душмандарды жакшылап билдим. Алар фашисттер. Биздин өлкөгө кол салган үчүн алардын мизин кайтарууга атам да эл менен согушка аттанган.

Бүгүнкү сүймөнчүк майрамдын урматына көчөдө эл толо. Демек, бизди көрүп, душманыбыз чочулап, досторубуз кубанат!

Алдыда жолбашчыбыз – Марат, анан Фарит, соңунан биз – кичинекейлер, каптал жагыбызда – Таскира баратты. Биз ылдыйкы көчөгө жакындаган сайын, катарыбызга кошулгандар арбыды. Баардык балдар бизге кошулуп, майрам шаңы күчөдү!

Клубдун айланасында эл котолоп, чоңдор өз ара бак-бак сүйлөп, бири-бирин куттуктагандар. Кыздар-балдар өзүнчө үймөк-үймөк. Жоон топтун ортосунда не кызык болуп жатканы көрүнбөйт, мүмкүн бий башталды бекен… Бир кыз созолонто ырдап атат, а мага окшогондор тызылдап ойноп жүрөт.

– Абышкалар келдиңерби деги? Кыбырабай, тездесеңер боло, – деп бир чоң ата бизге күлүп калды. Анын аты – Рашит. Балдарды ал «абышкалар» деп күлдүрө бермейи бар.

– Балдар келишти, эми жолго чыга берели, Рашит, – деди Сания эжей.

Татынакай бул эжейди тааныйм. Ал биздин көчөдө жашайт.

Эл сап-сапка тизиле баштады. Бизди, майда балдарды, алдыга тизишти. Оксана экөөбүз бекем кармашып алдык. Бир тарабымда – алыскы көчөнүн баласы турду. Аны тааныйм, бирок атын билбейм. Фарит менен Фагима – аркабызда эле. А Марат кай жагында жүрөт – көрбөдүм. Апамды кылчак-кылчак карап, таба албай атсам, Оксана колумдан тарткылап калды:

– Жамил, тигине апам!

Алдыбыздан баарынан ажарлуу, баарынан көңүлдүү апам жарк деп чыга калды!

– Кол кармашып чогуу жүргүлө, макулбу? – деген апам, арыда чоңдор тизилген катарга жөнөдү.

Оксана экөөбүз артынан кол булгаладык.

Пионер-кыз баарыбызга кичинекей кызыл желек таратып берип, мага келгенде жетпей калды. Ал мени байкаган да жок. Кантип байкабай калууга мүмкүн эле! Мен анчалык кибиреген бала эмес элем го…

– Пионер эже, моногу балага желек жетпей калды! – Оксана чыркырап жиберди.

Мага Оксананын «моногу бала» дегени жаккан жок. Жамил дегенден – оозу кыйшыйып калабы?

Көңүлүм дароо чөгүп: батинке, Рушан, алиги тили салаңдаган ит эсиме келди негедир. Же ушунчалык ырысым кемби…

– Жамил, сен экөөбүз желекти кезектешип кармайбыз, – Оксана сооротумуш болду мени.

Алдыбызга эки кыз тура калды; алар алтын тамгалар менен жазылган кызыл кездеме кериле тартылган таякчаларды кармап алышыптыр. Жолго чыга берерибизде, алиги пионер-кыз мага чуркап келди. Колундагысы чыныгы желек экен. Мүмкүн анча чоң эместир, бирок ал желекче эмес, а желек эле.

– Карасаң, карасаң, кандай желбирейт! Сага эң жакшысын берип атам! – деди мага желек карматкан пионер-кыз.

Мен желекти бекем тутуп, өйдөгө карадым. Кызыл чүпүрөк төбөмдө желбиреп турду. Ал кудум жомоктогу кызыл чымчыктай, мени өйдөгө тартып, өзү менен ала кетчүдөй сезилди.

Кокус ал мени өйдөгө тартып кетсе, менин адегендеги парзым – атама учуп жетмекмин да, желекти атам минген аттын ээрине бекитмекмин. Анан экөөбүз бирге душмандарды жете кууп, жеңмекпиз. Фашисттер кызыл желектен коркуп, дыр коюп качышмак! Агер бүтүндөй элибиз алардын алдын кызыл желектер менен жапырт каптаса, душмандардын жүрөгү ооздоруна кептелмек. Досторубуз ошондо чындап кубанышмак!

Оксана колумдан тарткылап, алдыбыздагы кыздар эбак озуп кетишти. Алардын артынан элдин баары жылды. Мен аз жерден артта кала жаздадым. Дагы жакшы, жанымда карындашым бар! Ылдамдадым эле, желегим ошол замат желбиреди.

Биз дүпүйгөн бак-дарактуу үйлөрдү аралап бараттык. Жанымда кадам шилтеген балдар мага кибирегенсип, майда сезилди. Же мен ошончолук зоңкоюп өсүп кеттимби? Негедир, мен кадам шилтебей эле, колумдагы кызыл желек мени жел менен кошо алып учуп бараткандай.

Ким-бүрөөсү арт жактан ыр созду. Мен ал ырды мурда да уккандаймын, азыр ал мага алыстан-алыстан жаңырыктады. Мен да элге кошулуп ырдайын десем, өз үнүм өзүмө угулбай, жок болуп кетти. Көз кыйыгымдан Оксананы карайм. Анын да эриндери кыбырап, бирок үнү угулбады. Элдин үнүнөн да бийик жаңырта ырдаган ким болду экен алыстагы?

Башымды көтөрсөм, желек да ырдын шаңында ыргалып барат.

Оксананын колдору колдорума акырын тийди:

– Ырда, Жамил! Сонун экен!

– Ооба, сонун, Оксана!

Карындашым мага жакындап, экөөбүз ырды чогуу создук.

Биздин үйдүн жанына келгенибизде, дарбаза жанында чубаган элди карап, тайенем көрүндү күлүмсүрөгөн. Анын көздөрү көптүн арасынан Оксана экөөбүздү издеди. Биз да бутубуздун учуна көтөрүлүп кыйкырдык:

– Тайене!…

Көрдү, тааныды бизди! Башын ийкеңдетип, жүзү жарк дей бергенде, бетиндеги бырыштары жок боло түштү. Тайенемди тиктеп, дароо бут кийимим эске келди. Карап койдум аны. Жаңы батинкелүү Оксана экөөбүздүн буттарыбыз жер таптап баратты.

Ыр эми мага алыстан эмес, жакындан угулуп, көчө жаңыртты. Кудум менин көкүрөгүмдөн ушунча бийик чыккан үндөн бетер оболоду. Үйлөр, бак-дарактар байсалдуу көрүнүп, мен өзүмдү эл аралап жүргөн эң бактылуу бала деп сездим! Жанымда ылдыйкы көчөдөн келген бала бар эле, анын топчудай мурду нымшып тердеп алыптыр. А бултуйган жаак эти кадам шилтеген сайын силкилдеп атты. Кызык, эмнеге силкилдейт минтип?

Карындашыма шарт кылчайып карасам, ал бет маңдайын тиктеп бут шилтеп барат. Анын көк көздөрү жүлжүңдөп, колундагы желекчеси сары чачтарынан сылагансыйт. Оксана негедир мени карабады. Ким-бирөөсү кулагыма шыбырайт: «Жамил, сага желекче көтөргөнгө караганда чыныгы желек көтөргөн абыдан жарашат экен. Чыныгы желекти башкалар деле көтөрсө деп ойлодуңбу?»

Жок, муну мага эч ким шыбыраган жок, өзүм ушинтип ойлондум. Оксана, Фарит, Фагима – баарына-баарына жакшылык кааладым. Желекти мүмкүн Оксанага берсем, ал кийин Фаритке берет. Ошентип – биринен бирине өтсө, ошол жакшы го!.

Желекти карындашыма бермек болуп, кайра эстедим муну: Апам окуган бир китепте жазылбады беле: бир солдат тууну эч кимге бербептир, ал эмес эң оор согушта жаракат алса да. «Туу деген ыйык», – деп айтпады беле апам. Туу – ыйык нерсе, демек бербеш керек. Туу да, желек да – бул бир эле маани. Азыр менин колумдагысы туу… Ансайын сабынан бекем кармадым. Ыр басаңдаган кезде –желектин шуудурагын угушум керек. Андыктан колумдан чыгарбаганым эп, аны кимден алсам, ошого кайтарам. Желекти ким карматса, ошонун өзүнө гана тапшырам.

Биринчи катардагылар Темирболот аванын көчөсүндөгү Кыржакка кайрылышты. Эл таш менен коюлган бийик трибунага жетип токтогондо, жаныма алиги пионер-кыз келип колумдагы желекти алды.

– Колуң чарчап кеткендир, – деди ал.

Колдорум эч чарчабады, желек көтөргөн адам да чарчайбы! Манжаларым гана уюп кетти, ал бирок кеп бекен.

Чоңдор трибунаны курчап, Рашид ава бийик таштын үстүнө барып турганын көрдүм. Кайдан-жайдан Марат пайда болду.

– Лал-ла-лэ! Чыныгы желек көтөргөнүңө дердейбе! – калп күлүмүш болуп, ийниме колун койду. – Жамил, мүмкүн сага ичим күйдү деп ойлоп атпа? Жок, ичим күйгөн жок, көзүм гана бир аз күйдү.

Мен жооп бергенге үлгүрбөдүм, Оксана колумдан тартып кетти.

– Жүр, апамды табалы, Жамил, – деп калды. – Сен чыныгы желек көтөрүп баратканың укмуш болду! Апам, тайенем, Мансур ава да кубанды. Мен дагы.

Экөөбүз кол кармашып, топту аралап баратканыбызда, артыбыздан бирөө келип кучактап калды. Апам экен ал. Апам Оксананы көтөрүп, ийнине отургузду. Дагы бир байке мени көтөргөндө – мен асманга учуп бараткандай болуп, мен да ийинге кондум. Эми Оксана экөөбүзгө айлананын баары көрүнө түштү. Рашит ава таш үстүндө туруп, фуражкасын булгалап бирдеңке деп атты. Фуражкесиндеги жылдызча күнгө чагылышкан күзгүдөй жаркылдап.

– Жашасын биздин Атамекен! – деп аяктады Рашит ава өз сөзүн.

– Ура, ура! – кыйкырык, кол чабуулар коштоду. Оксана экөөбүз да алакан кызыта кол чаптык. Анан экөөбүздү тең жерге түшүрүштү.

– Чарчадыңар го дейм, берекелерим. Үйгө кайталы. А сен кызым, желекчеңди келе, аны пионер-кызга карматайын, – деди апам.

Үйгө чуркадык. Үйүбүзгө имериле бергенде артка кылчайсак, эл да тарап баштады.

Тайенемдин колунан ал күнү эмнени гана жебедик! Ал ушул майрам күндү, бизди абыдан сүйгөндүктөн, даам-татымдуу көп нерсе жасаптыр. Үстөл үстүндө жайнагандар эсимде да калбады. Тайенем айтмакчы, «эмне жеп-ичкенди кеп кылуу» да кеппи. Муну мага эмес, бир эжеге айтканын угуп калгамын. Ошон үчүн эси-дартым тамакта деле эмес.

Ошол күнү түштөн кийин карындашымды бакчадагы кайыңга ээрчитип барып, өзүмдүн болгон кенчимди казып алып:

– Мэ, Оксана, баары сеники, – дедим.

Ал жерде эмнелер гана жок эле! Жалаң оюнчуктарга, кызыл таштарга эле чөнтөктөрүбүз толуп калды. Арасында ар кандай темирлер да көп экен, аларды албадык, Оксана жактырбады. Мейли, жата берсин дедим, кийин алардан бирдеңке жасайм да.

БИЗДИН АТАБЫЗДЫ КӨРБӨДҮҢӨРБҮ?

Көп өтпөй дагы бир майрам келди. Бул эң өзгөчө майрам эле.

– Согуш бүттү! Биз жеңдик! – чоңдор бири-бирин кучакташып, элдин баары клубдун айланасына кайрадан чогулушту. Марат, Фагима болуп биз да жөнөдүк. Клубда биздин көчөдө жашаган татынакай эжейибиз сүйлөдү. Ал сүйлөгөндө көпчүлүк аялдар ыйлап да, кубанып да алышкан.

– Ава, тигилер неге ыйлап атышат? – дедим.

– Кагылып кетейиним десе, бул ый – кубанычтын ыйы, татуу ый эмеспи, – деди Мансур ава.

Муну укканда мен да ыйлагым келди, бирок кармандым, анткени балдар арасынан ыйлаган эч кимди көрбөдүм. Менин байкаганым: аялдар, өзгөчө кемпирлер кемшеңдеп ыйлашты кубангандан. Анан абышкалар да кемшеңдеп отурушту.

Бир эже Оксананы колуна көтөрүп, заңк этти:

– Айланайын, чырактай болгон бөбөктөр, силер эми бактылуусуңар. Биз канкорлорду жеңдик!

Кечиндеси Мансур ава байбичеси менен биздикине келип чай ичишти. Оксана экөөбүз караңгы киргенче көчөдө ойнодук, а баардык үйлөрдө чоңдор дасторкон жайып, бири-бирин сыйлашты, ырдашты. Адамдар кубангандан ырдашат тура: апам да атамдан кат келген сайын ырдап калат. Айланаңдагылардын кубанычы кандай сонун!

Ошол күндөн тарта атамды күтө баштадык. Мөмө дарактары гүлдөп бүтүп калган, буудай себилип, түшүмүн терер учур да келди. А атам али кайтпады. Андан: «Жакында көрүшөбүз» деген кат келгенине канча күн өттү. Апам күүгүмдө ишинен келери менен үй иреттеп, терезелерди тазалап, дубалдарды актайт.

Оксана экөөбүз да жардамдашып, эшик-эликти зымыратып койгонбуз. Ал экөөбүз күн сайын айыл четине чыгып, качан келет деп атамдын жолун карайбыз!

– Уктуңбу, ким келгенин Күнбике? – деп кабарлап калды Мансур ава. – Көпүрөдөгү Бакирдин уулу Рамазан. Демек, жакында башкалары да келет.

– Буйрук чыкканына деле көп өттү. Ошондон бери эле биздин атабыз төрт мерте жарадар болду, – деп муңайды апам.

Буйрук дегени эмне – мага түшүнүксүз. Ырас, буйрук чыкса, атамдын келери күмөнсүз дегени го.

Оксананы акырын чыгырам да, сурайм:

– Уктуңбу?

– Имнени?

– Рамазан келгенин. Жүрү ошого. – Ал мага дароо көндү.

Биз дарбаза алдынан сойлоп чыгып, чымын-куюндап көчөгө салдык. Ушундай тызылдап чуркаган экенбиз, Рушан бизди байкабады. Байкаган күндө да, бизге мурдагысындай таш ыргытууга даабайт болчу. Ал Оксананын батинкесин салга ыргыткандан бери бизге тийгис кылып сазайын окутканбыз. Ошондо Рушанды колго түшүрүп, колдорун толгоп, көздөрүн Фагиманын жоолугу менен таңып, адам болууга ант бердиргенбиз. Марат аны урмакчы болуп, кайра жайына койду да: «Жеңиштин урматына кечирдик сени», – деп эскертти. Ошентип Рушанды туткундан бошотконбуз. Ал да бейбаш болбой калды.

Көпүрөгө жакын үйдө Бакир ава жашарын билем. Жыгач кашаа тосулган бакчасында кичинекей кызыл алмалар бар, бирок алар али чийки экенин почтага барганда көргөмүн.

Оксана экөөбүз Бакир аваныкына жетип токтодук. Короосу ачык экен, кирүүгө батынбадык. Мен акырын башбактым ичке.

– Ким арыда шыкаалаган? – короодон бирөөнүн катуу үнү угулду. – Чоң дарбазаны ачалыбы?

Чочуганымдан кайра артыма дыр коёюн деп турсам, алиги катуу угулган үн азырэркелеткендей угулду.

– Киргиле, балдар! Конокко келген киши босогодо турчу бел.

Оксана экөөбүз ичкериге кирдик. Далисте кызыл-аскер ава өтүгүн щёткалап атыптыр, төшүндө медалдары шылдырап.

Ал бизге карап жылмайды.

– Ушул киши, – деп Оксанага шыбырадым.

Кызыл-аскер ава өтүк тазалаганын токтотуп:

– Йе, секетиң кетейиндер, каалаганыңарды айткыла, – деп калды.

– Эч нерсе, – дедим ойдолоктоп. Оксана колуман тарткылады.

– Жамил унутуп калды, сизге иш менен келдик, – Оксана алдыга чечкиндүү басты, – Сиз атабызды көрбөдүңүзбү? Атабыз качан келет?

– А атаңар ким силердин?

– Атабыз – кавалерист. Анын үч медалы бар.

– Анда тааныйм! – деди шаңдуу. Күлүп-жайнаганынан эле – биздикилер фашисттерди жеңип, үйлөрүнө кайтып келе баштаганы көрүнүп турду. – Мен келерде аны менен кезигише албадым. Бирок ал жакында келет, жакында.

Ушул мүнөттөрдө атам келип, үйгө кирип бараткандай туюлду. Чын эле ошондой болуп жүрбөсүн!

– Биз анда кеттик, ава, – дедим да, карындашымды колдон тарттым.

– Токтогула эми! – кызыл-аскер ава бизди токтотуп, ачык турган терезеге кыйкырды: – Апа, конокторго даам ооз тийгизесизби.

Үйдөн бир жакка барчудай кийинген чоң эне чыгып, экөөбүзгө жаңгак, момпосуйларын карматканына – биз ыракматыбызды айттык. Кызыл-аскер ава сурап калды:

– Экөөң эгизсиңерби? Боюңар тең экен.

– Жок, эгиз эмеспиз, – дедим. – Биз жөн эле экөөбүзбүз. Бул менин карындашым.

Биз жүгүргөн бойдон кеттик.

– Мен мындай кызыл-аскерлерди көп жолу көргөмүн, – деп калды Оксана.

– Кайдан?

– Согуштан. Ал жак аябай алыста. – Оксананын бул кебине түшүнбөдүм! Согуш болгон жерге балдар да барабы?.. Бирок Оксананы таарынтып аламбы деп, тактап сурабадым.

Үйгө келсек, апам жок экен, жумушуна кетиптир. Каалга кулптанбаптыр, чынжырынына гана илиниптир. А атам али келбептир.

*     *     *

Кимдир-бирөө күнүгө фронттон кайтат. Мараттын, Фагиманын аталары менен Бадамша аванын улуу баласы, башка коңшулардын баары келди. Оксана экөөбүз согуштан келгендердин үйлөрүнө кирип, атабызды сураштырабыз. Бирок эч ким эч нерсе айта албады. Кээси атамды мурда көргөнүн, кээси ал жөнүндө укканын, кээси ал жөнүндө гезиттен окуганын гана айтат.

А биз жол карап, станцияга барып, ким-бирөө көрүнсө чуркап барабыз. Бирок атамдан дайын жок.

Биз атамды күткөн күндөн баштап кибиреп жүргөн каздын балапандары эбак дүңкүйүп чоңоюшту. Каздардын эң эле коозу – мен «Оксана» деп ат койгону. Чоң каздардар жолобосок да, бирок кичинелеринен акырындап жем берип жүрдүк, жакшы көрөбүз аларды.

Алма көчөттөрүнө күнүгө суу куйган сайын айтабыз: «Атам келгенче өсүп калгыла!» Ала көчөттөрүбүз гүлдөбөсө да, жалбырактары чыгып калды. А апийимдин гүлдөрү эбак күбүлүп бүткөн болчу… Ушунча күн өттү… Атам келгенче аярлайлы деп – батинкелерибизди да эскиртпедик.

Күнүгө жатарда, атамдын портретин тиктейбиз. Оксана ага:

– Ата, тезирек келиңизчи! – дейт.

– Атам душмандарды алыска-алыска кууп кетсе керек, ошон үчүн тез кайтып келелек, э Оксана?

– Ооба, – деген бойдон уктап калат ал.

«Эртерек таң атып, атам келип калса экен!» – деп тиленем күндө кечинде.

Оксана экөөбүзду карап, апам үшкүрүнүп коёт.

ӨҢҮМ ЖАНА ТҮШҮМ

Портрет өңүмдө сүйлөшпөйт, а түшүмдө сүйлөшөт, күлөт. Көзүм илинери менен түшүмө кирет. Керебеттин башында илинген атамдын сүрөтү жаныма келгенсийт. Кадам шилтеп, кол жаңсайт. Ылдыйга куюлган муруту кыймылдап, төшүндөгү медалы үн чыгарат. Атам жылмайып, көздөрү күлмүңдөйт. Кудум жандуу кишидей сүйлөдү. Көзүмдү ачып, кыйкырып ийгим келди, бирок ордуман былк этпедим. Түш деген кызык эй!

Акыры көзүмдү ачсам, терезеде күн жаркырап тийип турат. Эки портрет бар сыяктанды: бири – өз ордуна барса, бири – мага эңкейип, бооруна кысып, өзүнө тартты. Мен дароо ойгондум. Апам керебетке жүгүрүп келди, сүйүнгөнүнөн бирдеңкени тез-тез айтканы – кулагыма кирбеди.

– Ата!.. – деп кыйкырдым. – Эмне үчүн көптөн бери келбедиңиз, ата?..

Оксана да ойгонуп, бизге таңгала тиктеп, өйдө болду. Атам эми ага жакындап, колунан алды:

– Мына, кызым да ойгонду. Мени таанып атасыңбы, кызым?

Оксананын күлкүсү шыңкылдап, атамды чопулдатып өпкүлөгөн кезде гана мен атам менен өбүшкөндү унутканымды эстедим.

– Ата… а биз сизди канча күттүк… – деди Оксана.

Атам экөөбүздү колдон алып, сандыкка көчүк койду.

– Мына, мен да аман-соо келдим, себеби силер мени чыдамсыз күттүңөр. Көрсө, балдарымдын бактысы тоодой экен!

Медалдарын санай баштадым: бир, эки, үч, төрт, беш… Чөнтөгүнүн үстүндөгү эки сары, эки кызыл сызыкка гана түшүнбөдүм. Кийин билдим: атам төрт жолу жарадар болгонун.

Сандыкта көпкө отурдук, анан үйгө коноктор чубап келе баштады. Оксана келгендегиден да көп конок болду. Баары амандашып, кол кысышып, кээси кош колдошо саламдашты. Кемпир-кесектер атамды жондон сылап, Мансур ава да кирип келип:

– Эрдигиңерге миң мертебе алкыш: согушту жеңдиңер. Кыйраганы – ордуна келер, бөксөргөнү – толор. Бир гана жетим-жесирлердики убал, – деди каңырыгы түтөп.

Атам оор күрсүнүп алды. А Мансур ава башка сөзгө өттү:

– Бизге да кыйын болду. Алыбыз жеткенинче тырбаңдадык. Өзүң көрөрсүң…

Биринчилерден болуп Марат, Фагима келип, алар каалгага жөлөнгөн бойдон тура беришти.

– Келгиле, киргиле! – дедик биз.

Бирок алар ордуларынан козголбоду. Атамдан уялышты.

Заман эң артында келип, чуркап барып атамды буттан кучактады. Биз ага таңгалдык. А атам Заманды тик көтөрүп:

– Мына, баарыңардан ким катуу сагынганы! – деди.

– Байке, мылтыгыңыз барбы, аткан? – деди Заман.

– Душмандар жок да бу жерде! – деди ага атам.

– Айры куйрук аттыңыз беле? Ал бүгүн бир балапаныбызды көтөрүп кетти.

Баары күлүп жиберди, а Заман эч нерсе болбогондой кебин улады:

– Мага кылычыңды көрсөтчү.

– Кылыч алып келбедим да. Шарга барганда сага кичинекей кылыч сатып ала келем, мейлиби?

– Мейли, кичинекей болсо да, – деген Заман атамдын тизесинен шыпырылды.

Апам баардык балдарга даам сунду. Заман да өз үлүшүн алып, үйдөн сыртка сызды. Марат менен Фагима бизди оюнга азгырды эле, бирок биз атамдын жанынан карыш жылмак белек! Апам да жумушуна барган жок. Ал кечке чейин түрлөп тамак жасоодон бошободу. А биз атамдан айланчыктап кетпедик. Апам да жаныбызга улам келип, көзү – бизде. Ал да маңдайы жарыла сүйүнүп, үнү шаңкылдап турду. Апамдын жүзү жанып, көздөрү күлмүңдөсө – биздин үйүбүз эле эмес, бүтүндөй көчөбүз шаңга бөлөнгөнсүп сезилди мага.

Ал кышындасы алыскы шаарга аттангандагы калың ак жоолук салынып, жонуна мүшөк артынган апама эч окшободу. Бирок ал баары бир ошондогу эле апабыз.

Улуу шашкеден кийин Темиртоодон тайенебиз келди. Оксана экөөбүз аны терезеден көрөрүбүз менен чуркап чыгып тостук. Бу жолу тайенемдин чоң чөнтөгүндө не бар экени бизди кызыктырган жок.

– Во менин күлүктөрүм! – деген тайенем бизди колдон алып, үйгө киргенче шашты.

Үйдөн ал атамды кучактап да, бышактап да алды.

– Оксана, билесиңби, – шыбырадым ага, – бул кубанычтын ыйы, таттуу ый.

– Сен кайдан билесиң?

– Мансур ава шонтип айткан.

– Кайратыңыз бекем экен, апа! Мүмкүн майышпаган темирден болуп жүрбөңүз, Темиртоодон келген? – тамаша чалды атам.

– Темирди деле дат басат, балам! А кыйың кезеңде темирдей бекем болбоско арга барбы…

Мен арсалаңдап күлүп ийдим.

– Имне күлөсүң? – дейт Оксана.

– Тайенем кантип темир болмок эле? Ал жупжумшак ко, а колдору кебездей.

Оксана мурдун чүйрүп, мен ага тайенемди келекелегендей көрүндүм.

Чай ичилгенден кийин атам пилоткасын кийди.

– Апа, мен балдар менен талааны көрүп келейин. Фронтто жүргөнүмдө өзүмө сөз бердим эле: эгер кайтып барсам, жонумдагы жүктү чечпей, киндик каным тамып, кирим чайкалган жерди түрө кыдырам деп… Же силер да биз менен барасыңарбы?

– Бу жолу менсиз эле баргыла. Иш чачтан көп, – деди апам Оксана экөөбүзгө тиктеп. – Эмне жылаңаяксыңар?

Батинкелерибизди унутуп койгонубузду, ой, ата десе! Мен дароо керебет алдындагы батинкеме эңкейдим:

– Ата, карачы, май майрамында тайенем аперген боосу кызыл батинкелерибизди.

– Менин бир батинкем Күмүшкө дайрага чейин агып кетип, Жамил кууп жетип кармап келген, – айып берди карындашым.

– Мен жалгыз эмес, Жакшыгол чоң ата да кармашкан…

– Бул батинкелер үчүн сүйүнгөндөн да күйүнгөнүбүз канча, – деп күлдү тайенем. – Сен келгенге чейин аярлап кийишкен жок. А сен келгенде батинкелерин да унутуп коюшканын кара. Ай-ай, балдар десе…

Биз шапа-шуп кийинип, атам менен талааны беттеп жөнөдүк. Атам ортодо, Оксана экөөбүз эки жагындабыз кудуңдап.

Атам жыттуу чөптөрдөн үзүп алаканына сүрүп жыттап-жыттап, күнгө жылыган таштарды эңкейип ала коюп жаагына такайт да бизден алдыга озуп, бийик жардын түбүнө жүгүрүп барып; караган-челге жармашып жогору көтөрүлүп барган жеринен төө тикендин кызгылт көк гүлдөрүн үзүп алып, зоңкойгон бийик таштын үстүнө чыгып теребелге көз чаптырды.

Атам бизди алыстагы кайың түбүндөгү булакка ээрчитип барды. Охо, ошол булак суусунун муздактыгы-ов! Атам ага жүзүн чайып, котуштап суу жутту. Оксана экөөбүз да ууртап, үчөөбүз анан булак жээгиндеги көк жайсаң чөпкө көчүк бастык.

– Ушул булактын көзүн чоң атаңар Батырша казган, – деди атам. – Мен анда так эле сендей кезим болучу. Ошондон бери Батыршанын булагы аталат. Бу жерден канчалаган адамдар жүз чайып, суу ичпеди… Канаттуу куш, жан-жаныбардын баары келет мында. Карасаңар, айланасындагы койкоюп өскөн кызыл гүлдөрдү…

– Ыракмат сизге чоң ата, – деген Оксананы кучактап, өөп койду атам.

– Акылдуу кызым менин!

– Ата, – дедим, – келиңиз, үчөөбүз үч… жок, төрт булак казабыз: сиз, апам, Оксана, мен болуп. Кийин бизге да ыракмат айтышат.

– Силер чоңойгондо чоң арыктарды казып, суу жүгүртөсүңөр. Кайрак жерлерди иштетип, көк-жашыл кылып гүлдөтөсүңөр… Элге көп ишти ошондо жасайсыңар!

Атамдын ушул айтканын макул көрдүм. Чынында, мага азыр булактын көзүн ачыш кайда. Адегенде чоңоёюнчу.

– Мен да жардам кылам э, ата? – карындашым чебелектеди.

Атам бизге кол созгондо – биз күлүп, аны ордунан көтөрүлгөнгө жардам кылдык.

– Эми жүргүлө, Эмен көлүнө. Чарчабадыңарбы? – деген атамдын суроосуна «жок» дедик. Жаныбызда атам баратса эмнеге чарчайлы.

Биз айылды айланып, анын тиги башындагы Күмүш дарыянын жанындагы көлгө жеттик. Эмен көлүн бойлой бергенде баштары жүндүү бийик камыштар өсөт; ага тийип эле койсоң – тыбыттар учат. Биз жебе жасоо үчүн камыштарды, жазы жалбырактуу лилияларды көп-көп үзүп, бадал арасындагы чыйрак чыбыктарды тандап жүрдүк.

Көлдөн көптөгөн майда, кичине өрдөктөрдү көрдүк. Алар бизден коркуп учуп кетишти. Бакалар андан көп экен, чардап жаткан. Арлар жөнүндө сөз да кылгым жок!

Биз жалгыз аяк жол менен көпкө жүрүп, акыры үйгө алпарар чоң жолго чыктык. Ал жол тоо беттеп кетет. Биз бир саамга тыныгуу үчүн дарак түбүндө отурганда, атамдын медалдарына кол тийгиздим. Алар салмактуу, анан таптаза экен.

Атам төшүндөгү эки медалын чечип, бирин менин, бирин Оксананын төшүнө төйнөдү. Дароо чаалыкканыбызды унутуп, көңүлүбүз ачыла түштү. Атам майданда жүрүп ушул медалдарды алганда да чаалыгып-чарчаганы жазылса керек, Мына, медалдын деми!

Тез-тез адымдап адырга чыктык. Атам чокуга жетип токтоду. Бу жерден айылыбыз алаканга салгандай көрүндү, ал эмес Күмүш дайранын өрөөнү, Эмен көлү, токойдон арыдагы Темиртоо айылы да көрүндү. Эң кызыгы – Темиртоого жакын токой гана көк-бозомтук, а башка токойлор жапжашыл көрүнгөнү.

Тайенем менен бир Теңиртоого барганда алардын токою эмнеге көк-бозомтук экенин өз көзүм менен көрүп келбесем элеби.

Бизден алыс тоого жакын жерде артынан узун түтүн чубалткан поезд барат. Андан беридеги аңызда комбайн буудай жыйнап, комбайнда отурган адам көрүндү. Ал кудум мендей кичинекей көрүндү алыстан.

Атам теребелге көпкө көз чаптырды.

– Мына, мунун баары силердин туулган жериңер. Тоо-таштын, токой-суулардын ары жагынан бери – баары силердин ата конушуңар. Мындан башка да ата журтубуздун силер көрө элек көп жерлер бар. Биз ошол ыйык жерлерибизди фашисттерге тебелетпей коргодук. Түшүнүп атасыңарбы кебиме?

Албетте, түшүндүк, бирок баарын эмес. Арийне, атам бизге маанилүү кеп айтканын туйдук. Биз чоңойсок, атам айткан, атам коргогон мекенибиздин алыскы жерлерине сөзсүз барабыз.

– Кусалык эмне, билесиңерби? – атам бизге суроолуу тиктеди.

– А ал эмне

– Силер сагындыңарбы мени?

– Ой ата, сиз согушта жүргөндө, сизди көргүбүз келип – ыйлачубуз, – деди Оксана.

– Мен да силерди сагынчумун. Тоо-таш, токой, суу, жолдорубуздан өйдө сагынгамын.

– А сиз ыйладыңыз беле? – карындашым сурады.

– Жок, кызым, ыйлабадым. Ыйлагым келчү, – кармандым да.

– А эмнеге кармандыңыз?

Солдат ыйлабашы керектигин Оксана кайдан түшүнсүн!

Жолдо баратсак, артыбыздан кара сакал киши жетип келди:

– А-а, аман-эсен келдиңби! Үйүңдө баары жайындабы, боорум? Талаага чыккансың го? Туура кыласың, боорум, туура. Куса болгондурсуң? Жакшы мунуң, эң жакшы…

Атам ооз ачып жооп кылгыча тиги кара сакал киши атамдын колун бошотпой сөзүн тез-тез улады:

– Талаага го чыгыпсың, а эмнеге огородубуздагы бригадага кайрылбадың, тууган? Дарбуз жебейт белеңер, а! Быйылкы помидорлор укмуш болду! Калп айткандай болбоюн: помидорлор эки муштумду бириктиргенден да чоо-оң болуп өстү эй! Балдарың менен кел андан көрө! Карасаң, буларың деле зоңкоюп калышыптыр… Түфү-түфү, көз тийбесин… Ашкабактардын чоңдугун айтпа эми. Сөзсүз келгиле, макулбу? – деген бойдон шашкалактап жөнөй берди. Иши көп болсо керек.

Атам артынан сүйлөнүп кала берди:

– Баягысындай эле өзгөрүлбөптүр тобо, чыйпылыктаган бойдон!

Үйгө жөнөдүк. Бирок тиги чыйпылыктаган Гарей аке бирдеңкени эстей койгонсуп, артына шарт кайрылып, бизге карай далдактап жүгүрдү.

– Тууганым, кап этпе. Эмне иш кылсам дейсиң? Кара жумуш кылсам дейсиңби же жеңил-желпиби? Агер шашылыш сунушума кап этпесең, биздин бригадада сонун иш бар. Кандай десем, кол жооруп, бел оорубайт. Жашылча жемиштерди шаарга сатканды колго алыш керек. Ооба!

– Сен да мага кап этпе, Гарей. Мен мурдагыдай эле жылкы баксам дейм, – деди атам.

– Капа болбо, өзүң бил аны. – Гарей аке шашкалактап кайра кайтты.

Биз айылга кирип келдик. Төртүнчө үйдөн кийин эле биздин үй

*     *     *

Мына, өзүңөр көргөндөй, адегенде экөө элек: мен, апам. Кийин карындашым Оксана кошулду. Эми атам келип, тайенемди санабаганда – төрт кишибиз. Ал Темиртоодон бизге мейманга гана келип турат. «А мени неге санабайсың?» дебейт тайенем, капа да болбойт. Ага конок болуп келип-кетип жүргөн жакшы эмеспи?

Мен али баарын баяндай элекмин силерге. Мынча бажырагандан кийин, баянга баарын батыргым келет: биздин бүлө, Оксана тууралуу. Силер да аягына дейре көңүл кушун салгыла эми. Бир курдай Мансур ава, үйү жарга жакын жашаган Загир дегенге: «Ишти жарым-жартылай калтыруу – жигиттикке жатпайт», – деген эле. Загир дегенибиз, огородунун жарымы тосулуп, жарымы тосулбаган неме. Анын сыңарындай, менин баяным да жарым-жартылай болуп калбасын.

ЖАКЫНДА МЕКТЕПКЕ БАРАБЫЗ

– Быйыл балдар мектепке барат, – деп калды атам бир күнү жумушунан келип.

– Бу жөнүндө өздөрү али ооз ачпады. Мүмкүн баргылары келбейт ко? – минтип суроо койгон апам, өзү күлүп калды.

Бул эми апамдын тамашасы дечи. Алиги кышындасы келген телеграмманы кантип унутайын. Не тайенем, не Мансур ава окуй алсачы аны. Анда эмне жазылганын түшүндүргөн мектеп окуучусу Махмут ишке жарабады беле. Апам аны билбейт да, билсе минтип тамаша кылбас эле.

– Апа, биз окугубуз эле, аябай. Сентябрь болгондо биз да балдар менен мектепке баргыбыз келет! – деди Оксана.

Мен телеграмманы окуганга эки көзүм төрт болгондогуну кантип унутайын.

– Сенчи Жамил, оюң кандай? – атам сурады менин оюмду.

– Менби, мен? Окуйм эле, ата! Сентябрь тезирек келсинчи! – дедим жулкунуп.

Мектеп жөнүндө сөзүбүз ошону менен бүттү.

Атам, апам жумушка кеткенде Оксана экөөбүз тепкичте отуруп кыялданабыз. Ал жерден мектеп имараты калдайып көрүнүп турат. Биринчи сентябрда сумкелерибизди асынып, ушул тепкичтерден түшүп, каалгадан сыртка чыгабыз да, мектепке жөнөйбүз!

– Биз аяктан окуйбуз, сүрөт тартабыз! Мен гүлдү тартам, э Жамил?

– А мен аттын, мылтыктын сүрөтүн тартам…

– Сонун ырларды жаттайбыз. Сен ырдайсың.

– Мугалим үйрөтөт ырдаганды…

Ырдагым келип өрөпкүп турдум. Эгер апапакай мектептин терезелери жаркырап, жолдору мизилдеп, дүпүйүп өскөн бак-дарагын көрсөңөр, кантип ырдагың келбейт.

Мен минтип ырдайм:

Тоо башында ак мектеп,
Биз барабыз мактап көп…

Карындашым көк көздөрүн сүзүлтүп, ал дагы ырдап кирди. Ыргак менен бирге буттарыбызды топулдатып, көңүлүбүз шат.

Китептери сүйлөтөт,
Мектеп бизди үйрөтөт,
Билбегенди билгенге,
Окуп, жазып, чийгенге.

Дарбаза алдынан Фагима көрүндү. Биз жым болдук. А коргон артындагысы ким? Албетте, Марат! Фагима жүгүрүп келди.

– Кимиңей ый ыйдадыңай, – деди «Р» тамгасына тили келбеген Фагима. Чыкпайсыңарбы деген Марат бизге кол булгап ышкырды. Оксана үйдүн каалгасын бышыктап жапты, антпесе биз кетерибиз менен үйгө балапандар кирип, кыйраканын чыгарышат.

– Баясыңайбы? – Фагиманын суроосу

– Кайда?

Марат дагы ышкырып, кыйкырды:

– Болгула тез!

– Кайда?

– Ой ата, – деди, – билбейсиңерби?! Биз кечээ силер менен токойдо жүргөндө бир эжей мектепке быйыл ким окуйт деп, баарын жазыптыр. Болгула, барып жазылабыз!

Марат айтканы ырас болбодубу. Чын эле биз кечээ токойго кетип калып, сонун жаңылыктан куру калган турбайбызбы.

– Жүрү тез! Болчу! – Оксана шаштырды.

Төртөөбүз жөнөп калдык антаңдап. Артыбыздан Фарит, Заман ээрчип жөнөштү.

Заман бизге сөөмөйдөн узун карандашын көрсөтүп:

– Менин да карандашым бар. Биздин мышык бүгүн бөдөнө кармап алайын дебедиби аз жерден. Бөдөнө учуп кетти. Сонун…

– Кайсы мышыкты айтып атасың?

– Карандашты.

Заман, быдылдап көп сүйлөйт. Апам да мага дайыма: «Көп сүйлөгөндү жакшы көрөсүң!» – деп калат мага. А Замандын жөнү башка, ал али кичинекей!

Биз Рушан жашаган көчөгө жөнөдүк. Ал бизге таптакыр таш ыргыткыс болгон. Жакында жамгыр жааганда, биздин торпок айдоо аянтка кирип кетиптир. Оксана экөөбүз торпоктун артынан бутубуз үзүлгөнгө кууп жетпедик. Ошондо Рушан кууп жетти, катуу чуркайт экен.

Рушан дарбазага чыгып ырдап отуруптур. Аны качан көрсөң бир балээни баштап турат. Качан көрсөң бийикке жармашып: же зым карагайга, же там башына чыгып ырдап отурат. Эмне ыр созуп отурганына түшүнбөйсүң.

– Жүрү, Рушан, мектепке, – деди Марат.

– Сентябрда барам. Кечээ эжей келип, окуу сентябрда башталарын айткан, – жооп узатты Рушан.

– А биз токойдо жүйүп, эжейди көйбөдүк, – деген Фагиманы Марат жактырбагандай карап:

– Сен мектепке барганда көп сүйлөбө. Билип кой, сенин тилиң чулдурак, – Фагимага эскетти.

Фагима сөзгө терикпестен, тармалданган сары чачтуу башын ийкеңдетип койду:

– Макуйл…

Биз мектеп босогосуна жетип токтодук. Эч ким биринчи болуп киргиси келбеди. Фагима тутканы кармады эле, аны Марат токтотту. Биз эки жакты элеңдеп карап турсак, мектеп бакчасынан Заман көрүндү. Колуна барпайган кызыл гүл көтөрүп алыптыр. Биз анын мектеп бакчасына кантип киргенин байкабаптырбыз.

– Тиякта гүлдөр көп экен, жүргүлө! Карандашымды ошол жактан жоготуп алдым, – деди Заман.

Фариттин ачуусу келип, Заманды тилдеди:

– Мектеп бакчасындагы гүлдү үзбөйт, жинди!

Заман чынында азырынча эмнени түшүнмөк эле.

Ангыча арыдан бир эжей чыкты:

– Бакчанын гүлүн кимиңер үздүңөр?

– Мен эмесмин, – Заман Фариттин далдасына жашынды.

Эжей күлүп ийди. Демек, ачуусу деле келбептир.

– Бул бакчада ойносоңор болот, бирок гүлүн үзбөгүлө, – эжей Замандын башынан сылап: – Барып ойногула, – деди.

– Биз ойногону эмес, иш менен келдик, – Марат билдирди.

– Эмне болгон иш экен ал?

– Биз окуюк деп кейдик, – деген Фагиманы Марат колдон тартты:

– Жок, окуганы эмес, азырынча жазылалы деп…

Эжей бизди мектептин чоң бөлмөсүнө киргизди. Ал жакта парталар бар экен.

– Отургула, балдар, – деген эжей чоң дептерди колуна алды.

Заман туйлап отура албайт да ушу. Азыр да тыбырчылап, кыйкырып айтты тим эле:

– Эже, биз кечээ токойдо болгонбуз

– А-а! Ким барды?

– Биз! – Заман эрдик кылгансып айтты.

Ой, жанын жегир бала экен! Каратып туруп калп айтканын: ал токойго биз менен барган эмес да!

– Кана, кимиңерди биринчи жазам? – эжей сурады.

Баарыбыз үн катпай калдык, эжей анан кезеги менен кимибиз канчага чыкканыбызды сурап баштады.

Кезек Заманга жеткенде, ал бакчадан үзүп алган барпайган кызыл гүлдү эжейге сунду:

– Меңиз, эже. Мен төрткө чыктым.

Эжей күлдү. Күлүп, Заманды баштан сылап, гүлдү алды да мындай деди:

– Сага эрте окуганга. Фагима, сага да эрте. А калгандарыңар биринчи сентябрга келгиле. Менин атым – Рауза.

Рауза эжей бизди далиске чейин чыгарып койду, биз анан жүгүргөн бойдон кеттик.

Үйгө жакын калганда токтодук.

– Рауза эжей жакшы экен э? – Оксана сурады.

– Ооба да, жакшы экен. Ал бизге окуганды, жазганды үйрөтөт.

– Он төрт күндөн кийин – сентябрь, унутпай эстеп койгула, – Марат эскертти.

Ошол күндөн тарта бизди мектепке дайындап башташты. Атам бизге карандаш, боёкторду сатып берди. Апам болсо Оксана экөөбүзгө  жаңы кийим, китеп-баштык тигип берди. Биз анан күнүгө мектепке барып, ал эмес бакчасында ойноп баштадык.

Мектебибиздин бакчасында түрдүү бак-дарактар менен кандай гана гүлдөрдүн түрү өстүрүлбөйт.

ЖАКШЫ КАБАР

Бир жолу кечиндеси төртөөбүз чай ичип отурганбыз. Оксана экөөбүз биринчи сентябрга канча күн калганын талашып калдык. «Жети күн» десем: «Сегиз» дейт ал, мен: «Жок, жети!» дейм. Оксана: «Жок, сегиз!» дейт. Атам, апам үндөбөстөн бизге карап күлүп отурушту.

Анан ал атамды кучактап суранды:

– Анда ата, туурасын сиз айтыңызчы.

Атам мурутун тарап айтканы:

– Эң туурасы – жети күн, сегиз түн бар али.

Мен күн менен түндү манжалап санадым. Бирок негедир жети да, сегиз да болбоду. Арийне, мейли, түндү санабай-ак койсо болот, анткени түндөсү адамдар уктайт да.

Талашыбыз токтоду. Апам болсо үстөлдө жаак таянып отурган, атам апамды бир карап, анан бизге акырын үн катты:

– Бүгүн, алыстан бир жакшы кабар келди, балдарым. Бизге эң жакын адамдан кат келиптир.

Кайсы алыстагы, кайсы адамдан кат келиши мүмкүн экенин атам түшүндүрүп отурбады.

Алыстагы бизге жакын адам ким деп ой чайкадым. Ал кай жак? Мүмкүн Темиртоонун жанындагы токойдун ары жагынанбы? Атамдан сурайын деп турсам, ал ордунан туруп, апама айтып калды:

– Эртең бал апкелдирип койгонду унутпа, Күнбике. Апама айттырып кой, Темиртоого. Ошенткенибиз оң го.

Апам баш ийкеп койду. Буюрса, тайенем келет экен деп кудуңдадым ичимден. Биз аны жакшы көрөбүз. Тайенем таттуу бал ала келгени да жакшы бизге.

– Силер эми уктай турган маал келди, балдар. Чечингиле да, жаткыла, – деп ордунан турган апамдын негедир бүгүн маанайы пас эле.

Биз атамдын айтканын түшүнүп-түшүнбөй, жаздыкка баш койдук.

А эртең менен турсак, үйдө өзгөрүү болуп калыптыр!

Апам мешти актап, дубалга саймалуу сүлгү илинип, терезеде апапакай парда илинип калыптыр. Керебетине болсо чакмак сүрөттүү чоң килем жаап коюптур. Самоору болсо жылтырайт! А атам короону зымылдата тазалаганычы. Баскан-турган жерлерден кенедей да отоо чөп таппайсың!

Көрсө, алыс жактан жакшы кабар келгенде ушундай болот окшобойбу!

Кечинде тайенем келди. Оксана экөөбүз аны алыстан көрүп, Рушандын үйүнө жакын калган жерден жолун тосуп чуркадык.

– Тайене, бизге жакшы кабар келди, алыстан. Ошон үчүн сизди да чакырттык, – тайенемди жабыша кучактадык.

– Оозуңарга май, жакшылык эле болсун ылайым, – бизге жылмайган тайенем ийнибизден, белибизден кучактады.

Атам кеч күүгүмгө дейре колхоз жылкыларынын жанынан чыкпады. Малдын баары бададан келди, а атам алигиче жок. Тайенем Оксананы ээрчитип Мансур аваныкына кеткен. А мен апам уй саап отурганда, жанына акырын келдим.

– Апа, – дедим шыбырап, – алыстан келе турган жакын адамыбыз ким?

Апам шарт кайрылды да, акырын күңкүлдөдү:

– Жакында баарын угасың, балам. Ар нерсенин өзүнүн сааты бар!

Бир күн өттү, эки күн өттү – биз эч нерсе деле укканыбыз жок. Тайенем айтмакчы, үчүнчү күнү гана биздин бүлөнүн кубанычы да, күйүтү да бар эле…

МЕЙМАН КЕЛДИ

Биз суу боюнда көпкө болуп, үйгө кеч келдик. Келсек, бакча жанындагы устунда атам менен отурган бейтааныш кызыл-аскер адам бизди көрүп эле ордунан секирип туруп кыйкырып калды:

– Оксана!..

Ал дагы бирдеңке деди – укпай калдым.

Карындашым экөөбүз тып токтодук. Бу бейтааныш Оксананы кайдан тааныйт? Же атам айтты бекен? Эмнеге экенин билбейм, жүрөгүм болк дей түштү. Оксана да эриндери титиреп, селт этип алды.

– Келгиле бери, – атам чакырды. – Бул сыйлуу мейманыбыз жаңыле келди.

Биз ордубузда катыдык. Мейман бизге чуркап келип, Оксананы колуна көтөрүп, көпкө тигилип, анан бооруна кысты. Оксананы чоочуркап ыйлап ийеби десем – жок. А тигил киши карындашымдан көзүн албады, башынан сылап шыбарлады:

– Оксана, Оксана, кызым менин…

«Кызым менин» – дегени кандай? Тигинде атамдын башы шылкыйып, колунун сырты менен көзүн сүртүнөт. Эмне, көзүнө кыпын кирип кетти бекен? А тайенем терезеден карап, оозун жүзарчынын учу менен жаап алган. Кире бериштеги апамдын же күлгөнүн, же ыйлап атканын түшүнбөдүм. Күлүп да, ыйлап да тургансыйт. Көзүндөгү жаш кубанычтын жашыбы же күйүттүнбү?

А мейманыбыз Оксананы көтөрүп: маңдайынан, чачынан, колдорунан өпкүлөп атты. Мен негедир тиги сыйлуу мейманды жактырбадым, ага ачуум келе баштады. Бирөөнүн кызына мынчалык эбедейи эзилгени болбойт да! Ал мен үчүн эми өтө деле сыйлуу мейман эмес эле.

Бир убакта ал Оксананы жерге түшүрүп, мени көтөргүсү келди эле, а мен качып барып, атамдын артына жашындым. Эгер тиги мейман мага жакындаар болсо, мен карындашымды алып, тайенем менен бирге Темиртоого безгим келди.

– Жапайы болбосоң, балам, – деди атам, – мейманыбыз дядя Пётр сени да жакшы көрүп атса, а сен…

– Жок, – дедим жер карап, – мени да, Оксананы да жакшы көрбөй эле койсун.

Оксана эбак дядя Пётрдин тизесине отуруп, анын бетин сылап, кулагына бирдеңке шыбырап атат.

Атамды, апамды, тайенемди карасам: бүгүн баары бир башкача. Аларды көрүп, ыйлашты да, күлүштү да билбедим. А Оксана мени унутуп койгонсуп, таптакыр башкача эле…

Жо, унутпаптыр, мени көздөй чуркады. Көпкөк көздөрү мурдагыдан да жанып турду. Демек, кубанганы да. Ал алакан чаап, көңүлдүү айтканы:

– Бизге ким келди, билесиңби?

– А ким?

– Айтайынбы?

– Айт.

– Келген киши… Таппадыңбы!

А силер табат белеңер, окурмандар?..

МЫНА, УРМАТТУУ МЕЙМАНЫБЫЗДЫН КИМ ЭКЕНИ!

– Күнбике, – атам чакырып калды, – апамды да чакыра келсең, кеп бар кеңешер.

Биз устуңга көчүк койдук. Оксана дядя экөөбүздүн ортодо отурду. Мен тетири кайрылып, көздөрүм Кыр жакта. Алыстагы тоонун аркасына күн жашынып баратты. Огородубуздан арыдагы дөңдө жылкылар оттоп жүрү. Жерде – алардын узун көлөкөлөрү. Эмен жанында турганы – Чабуул деген ат. Бул ат да согушта болуп, октон жаракат алып келген үчүн бир аз сылтып басат. Азыр аны тегеректеп тургандар – кунан-тайлар. Чабуул анда-санда башын кейкеңдетсе, а тигилер тынчтанып уккансыйт. Кыязы, Чабуул аларга кызыктуу бир болмушту божурап атса керек.

Бетине күндүн кызыл жалыны чакыраган атам болсо маңдайыбыздагы чоң ташта отурат. Анын жаагын, мурдун, чекесин кактаган күндүн табына муруттары да мына-мына күйүп кетчүдөй көрүнүп, чочулап отурдум.

– Силерге үйгө келген сыйлуу меймандын жөн-жайын айтып берейин, балдар, – акырын сөз баштаган атам дядя Пётрга, Оксанага, анан мага тигилди.

Дядя Пётр башын жерге салып, үндөбөй отурду ойлуу. Оксана экөөбүз атамдын кебин чыдамсыз күтүп калдык. Атам сөзүн кантип баштоону билбей отургансыды.

– Сөздүн ток этер жерин айтсам, – жөтөлүп улады кебин. – Согуш, кара жерге кирсин, балдар. Каргыштуу согуш нени кылбайт. Канчалаган кыштактар кыйрады – эсеби жок. Фашисттер – жырткычтан өтүп кетти го. Алар эненин да, наристенин да убал-сообуна карабады. Биз аларды Украина жергесинен зор күч менен гана кууп чыктык. Бир жолу аларды кыйроого учуратканыбыз күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кыйраканы чыккан айылда үйлөр талкаланып, көчөлөр ээндеп, туш тарабын өрт чалып, дем алууга аба жок эле. Көчөдө бир да жан калбай, четтеги үйлөрдүн биринен наристенин ыйы угулуп калды…

Атам кайра бир жөтөлүп алып, Оксананы жалт карады. Оксана да атамды карап, эриндери диртилдеп кете жастады. Эмне айтат деп чочулагансыган дядя Пётр атамдын сөзүнө үн-сөзсүз кулак төшөп отурду.

– Үйгө жүгүрүп кирсем, жерде жаны чыккан аял жатат. Жанында кенедей кыз ыйлап отурганын көрүп, катып калдым. Не кыларды билбей келдейдим. Кызды ордунан көтөрсөм, ал менин боорума жабышып: «Ата!» – дебеспи. Ал мени өз атам деп ойлоду көрүнөт, мүмкүн анын атасы да фронттодур. Ошондо тагдыр дедим: Жамилиме бир боор кылып асырап алайын…

Ушул учурда Оксана колун бооруна ала койду да:

– Ал мен болчумун? – дебеспи!

Атам Оксанага мээрим төгө кадалды:

– Ал, сен болчусуң, кызым… Андан аркысы… бурчтагы мештин үстүндөгү дубалга адресимди жазып коюп, кызымды шинелге ородум да, жолдошторумдун артынан кууп жетүүгө ашыктым… Уруштан кийин командирим кызымды шаардагы балдар үйүнө жеткирип келүүгө уруксат берди. Ошондо апаңарга кат жаздым, Оксананы алып кет деп. Апаңар бир нече айдан кийин гана алыс сапарга чыгууга туура келди… Апаң сенин карындашыңды алып келген ошол күн эсиңдеби, Жамил?

О, мен ал күндү кантип унутайын!.. Баары эсимде. Тек, атамдын оозунан сөздү жулуп алгым келбей тыңдап отурбадымбы.

– Силерге үч күн мурда айткан каттын жөнү ушул. Ал Пётрдан келген. Каттын артынан өзү да келип калды минтип. Оксананын атасы эми бизге сый конок да, биртууган да болуп калды, – атамдын үнү дирилдеп, сөзүн аяктады. Тамагына бирдеңке такалып калгансып, кайрадан жөтөлүп койду.

Өпкөм өпкөмө батпай ыйлап ийгим келип турганда – Оксана акырын шыбырады:

– Айттым эле го сага, Жамил, дагы бир апабыз бар экенин! Мына, биздикине дагы бир атабыз келди. Менин атам!

Дядя Пётрдын карылуу колдору Оксана экөөбүздү жерден тик өйдө көтөрдү да, бооруна бекем кысты.

– Жамил, балам… Силер менин балдарымсыңар… – үнү шыбырап, жүзүбүздөн сүйдү.

Анын биздин үйгө келген сыйлуу конок экенин ошондо чындап түшүндүм.

АКЫРКЫ ҮЧ КҮН

Мен дядя Пётрды жакшы көрүп калдым. Ал чынында жакшы адам экен! Ал күнүгө Оксана экөөбүздү мойнуна мингизип алып короодо ылдамдап чуркаса, биз бир аз коркобуз, ошондо да күлөбүз. Биздин үйдө дядя Пётрдай бою зоңкойгон киши жок. Ал сарайга кирип баратканда төбө жагын сүзүп албаш үчүн эңкейип кирет. Анын ар бир муштуму эле Замандын чоң тобундай.

«Баатыр деген силердин дядя Пётрдай болуш керек!» – деп калат Мансур ава.

Тайенем эле мейманга нааразы болгондой өзүнчө күңкүлдөй:

– Жанын тындырса боло, – деп кейийт. – Тынч алып, үйдө эс албайбы андан гөрө. Каякты гана кыдырбады! Колхозду түрө кыдырып келди!…

Тайенемдин айтканы да туура: дядя Пётр кайда гана барбады! Кайда барса да Оксана экөөбүздү ала жүрүп атты.

Биз адегенде Баатырша булагында болдук. Булактан чыгып, апамдар буудай жанчкан бригада талаасына бардык. Ал жерде да дядя Пётр карап турмакпы, шарт эле монолитке чыгып, анын барасына боолонгон самандарды ыргытышты.

А Оксана экөөбүз четтеги чоң үймөк самандын жанында карап турдук.

– Солдаттын колу жумушту көргөндө кычышкан экен э! – деп калды айры менен үймөк саманды ыргытып аткан киши.

– Ырасын айтасың, – коштоп сүйлөдү солдаттык кийимин чече элек жанындагысы.

Тамак маалы болгондо монолиттин да үнү өчүп, дядя Пётр жаныбызга келди. Үстү-башынын баары чаң, тиши эле калыптыр жылтыраган.

Ээрчишкен үчөөбүз ал күнү бир үйүр жылкысын жайган атамдын жанына да бардык. Жылкыларды көргөндө, мейманыбыздын жүзүн күлкү чайыды. Дядя Пётрга жылкыларыбыз жагып калды.

Барбаган жерибиз калбады: балчылардын жайына да бардык. Кайра келатканда кыш куйууга топурак казылып алынган чоң жарга да имерилдик.

Айтор, айлыбызга дядя Пётрдын көз кумары канбады. Кай жерде болсун: «Кош келипсиң, биртууган!» – дешип, колдорун көпкө силкилдетишет. Адатта кемпирлердин учурашкандары ушундай: адегенде кол кысып учурашып, анан далыдан сылайт.

Дядя Пётр сыйлуу мейман болгон үчүн ал барган жерде баары сый көрсөттү.

Баарынан мурда ага биздеги устакана жагып, ал жерде үч мерте болдук. Анда эки уста иштейт. Экөө тең – Габи. Бирөөсү – Семиз Габи, бирөөсү – Арык Габи. Эки Габи менен дядя Пётр тез эле тил табышып достошуп, бири-бирин жактырып калышты. Ой анан сөздөрү бүтсөчү.

Дядя Пётр устаканага келген сайын билегин түрүнөт да, барсканды алат. Барскандын башы менин башымдан чоң эми. Анан ошол барскан менен кыпкызыл темирди соккондо, темир дегениң куймактай жалпайып калат.

– Мына, анык уста дегениң! – Арык Габи Семизине кырданат. – Күчтүүнү көрүп ал!

Дядя Пётр экөөлөп мага бычак, апама көсөө жасадык. Оксанага гана эч нерсе жасай албадык. Эми устаканада куурчак жасоо мүмкүн эместигин түшүнөсүңөр да.

– Үч күн көз ачып жумганча өткөнүн кара, – деди апам кейиштүү.

Апам айткандай эле болду көрүнөт.

КУПУЯЛУУ МАСИЛЕТ

Оксана атасын ээрчип үйгө киргенде, мен устаканадан ала келген темир-тесек кенчтеримди катканы бакчага кайрылдым.

Жазында отургузулган алма көчөттөрүнүн жанына келдим. Оксананыкы мына, меники мына, а бул атамдыкы, мунусу апамдыкы. А бешинчи түпти апам кимдики деди эле?.. Коноктуку болот деген. Ырас айтыптыр, сыйлуу коногубузга арнап алма көчөтүн отургузганыбызды караң! Демек, бешинчиси дядя Пётрга. Эч кимибиз кур калбайт экенбиз!..

Кенч катылган кайың түбүн чукулап отуруп, кобурашкан үндөрдү уктум. Сүйлөшүп аткан кимдер деп башымды көтөрдүм. Менден алыс эмес жаңгак бадалынын далдасынан тайенем менен анын маңдайында отурган Мансуп аванын ак сакалы көрүндү.

– Баланы жакшы көрөт экен, – деди тайенем, – Өзү да ак жүрөктүгүчү. А колдору алтын экен. Жаңы боордошубуз ченебеген адам болуп чыкканына кош кубаныч менен тобо деп отурам…

– Ошондой де, байбиче. Жүрөк деген адамдарды бир боор кылып коёт. Бөлөк-бөтөн тилге да, бай-кедейине да карабайт ал. Кыйын кезеңде адамдар бири-бирине жүрөгүн ачпаса, жакшылык болорбу.

Тайенем оор үшкүрүнүп алып, кебин улады:

– Кызыбызга көнүп калыптырбыз, андан ажыроо жүрөк-боордон ажырагандай кыйын болуп атпайбы, Мансур аке. Анын атасы менен деле черибиз жазыла элек. Баарынан да Жамил менен Күнбикеге кыйын болор бекен. Агер баары чогу бир үйдө жашаганга көнсө, эч нерсемди аянбайт элем булардан. Бирок болор эмес…

Оор басырыктуу Мансур аванын үнү угулду:

– Болтурам деп, көңдүрөм деп убара болбо. Кай азамат өз жер, өлөң төшөгүн калтыргысы келсин! Ким болбосун өз киндик каны тамган жерден агарып, көгөргөнү жакшы: там тургузуп, тал тигет дегендей…

Экөөнүн масилетине акылым жете бербесе да, бирок бир мандем болорун сездим. Көкүрөгүм тыз деп ачышканы – жүрөгүм сыйрылганы го?

Экөөнүн сөзү Оксана менен дядя Пётр жөнүндө болгонун туйдум да, аларды кетип калбадыбы деп, үйгө карай тызылдадым. Карындашым атасына бирдеңкелерди айтып, сандык үстүндө олтуруптур. Көк көздөрү күлмүңдөп жанат… Экөөнү көрүп, санаам тына түштү.

– Экөөбүздүн кенчибизге барып келгениңди биле-ем. Жүрү, менин куурчагымды атыңа мингизип, конокко ээрчитип барабыз, – деди Оксана.

– А каякка?

– Алыска – Украинага.

Үйгө тайенем кирип, дароо самоорун кайнатканга шашты.

– Мен сөзгө кирип кетип, меймандар чай ичпей отуруп калганын, э-эп мен кара жерге кирейин, – чебелектей түштү.

Менин кулагыма: «…жүрөк-боордон ажырагандай кыйын болуп атпайбы» дегени жаңырып тургансыды.

– Бул эмне дегени?

Тайенемдин бул кебине кийин гана түшүндүм.

УЗАТУУ

Августтун соңу да келди. Таңкы маал жылуу-жумшак эле. Сыртта чөптөр саргайып, бак-дарактын жалбырактары дирилдеп, теребелге күн таажысы тегиз тийип турган.

– Жайкы саратан маалы да биз менен жылуу коштошуп турганын көр! – тайенем кобуранды.

Бул күнү дядя Пётр да, Оксана да айылдагылар менен коштошуп баштады.

А дарбаза оозунда арабага чегилген колхоздун аты Чабуул даяр туруп калыптыр. Чоңдор кобурашып, а кичинекей балдар-кыздар чуркап ойноп жүрүштү. Апам Оксанага көйнөктүн аземдүүсүн кийгизип, дядя Пётр сакал-мурутун кырынып, жолго камынып калышыптыр.

Атам үйдөн көтөрүнчөктөрдү алып чыгып арабага салып, кайра кирди. Тайенем эми баарын отургула деди. Апам мага кайрылып айтканы бул болду:

– Мына эми, Жамил, карындашыңды узата турган кезиң. Оксана бүгүн атасы менен Украинага жөнөйт. А биз кийин аларга конокко барабыз. Макулбу, кызым? –апам Оксанага мээрим чача тигилди.

– Ой, апа, бирок тезирээк келгиле ээ! – Оксана апамды колдон алды. – Жамил азыр биз менен бара берсинчи. Барасыңбы, Жамил?

– А экөөңөр тең кетип калсаңар, үйдө ким калат? Биз баарыбыз чогуу барабыз дебедикпи, – тайенем кошулду кепке.

Аңкайып таңгалдым: эмне үчүн Оксана кетип, мен… карындашымдан бөлүнүп калган атам?

Эмне үчүн муну түшүнүшпөйт? Өпкөм-өпкөмө батпай ыйлагым келди.

Бир саамга үн-сөзсүз каттык. Тайенем бир убакта эми козголгула деген ишаратын кылды.

Баарыбыз көчөгө чыксак, эл дядя Пётрды курчап, кол кыса айткандары:

– Жакшы бар, тууган, дагы көрүшөбүз!

Ким-бирөөсү Оксананы көтөрүп өөп, аны колдон колго өткөрүп, узатуу көпкө созулду. Эң акырында тайенем келип Оксананын жылтыраган чачынан сылады:

– Ырыстуу бол, өмүрүң өрнөктүү болуп өсөгой, кызым, – деп жашылданган тайенемдин көздөрү кыпкызыл эле.

Анан баарыбыз арабага көчүк койдук. Апам Оксананы тизесине отургузуп, атам тизгинди какты. Эл биздин дарбазанын жанында котолоп, артта кол булгаган бойдон калышты. Фагима озондоп ыйлап, Марат, Фарит арабаны кууп келатышты.

– Жакшы бар, Оксана, эсен бол! – деген арттагыларга карындашым да кол булгалады.

Марат, Фарит бизди далайга чейин кубалап келишти да, акыры бизди тиктеген бойдон туруп калышты.

Биз кыйла жолду басып өткөн кезде атам ат тизгинин тартты да, өзү арабадан секирип түштү.

– Жамил, Оксана, алдыга бир аз жөө баскыла, бутуңар эс алсын. Чарчаганда кайра отурасыңар.

Апам Оксананы арабадан аярлап түшүрдү, а мен секирип түштүм.

Биз саргайган талаада жүгүрүп бараттык. Көпөлөктөр көрүнбөдү. Гүлдөр болсо соолуган. Үймөк самандын үстүндө шоңшойгон бир куш отурат, көлөкөсүн далдайган.

– К-ш-ш!.. Кш-ш-ш! – десем да учкан жок.

– Чочутпа аны, Жамил, уйкусу келип аткандыр. Ал эмнеге жалгыз, балапандары кайда?.. Же конокко кетишкенби? – деген Оксана шыбырап кошумчалады: – Апам бүгүн мени самандын артына ээрчитип барып, мени бекем-бекем кучактап ыйлады…

Артта апам, атам, дядя Пётр арабаны ээрчип келаттышты.

Алыста биздин эгин талаа көрүнөр көрүнмөксөн. Анда өскөн гүлдөр жайындасы ушундай көпкөк: карындашымдын эле көздөрү сымал. Биз ал гүлдөрдү үзүп келип, стакандагы сууга салып койгон күндөр болгон. Азыр алар соолуду. Батинкелер болсо эскирди. Оксана кетип атат. Үйдө болсо Оксананын алма көчөтү менен эле, эң кооз казы калды.

– Оксана, кетпей эле койчу, – деп сурандым.

– Апам айтты, барышың керек деп. Атам аябай жакшы киши, Жамил. Ал сени да, мени да жакшы көрөт. Апам менен сен да биздикине конокко келесиң, а биздин жаңы үйүбүз болот ал жакта.

Арттан араба да жетип келди, Оксана экөөбүз ага кайрадан отурдук.

Көпкө жүрдүк, токой, көпүрө, көл жээгинен өттүк. Кайрадан тоо өрлөдүк. Алдыда узун поезд артынан түтүн булап өтүп барат. Бак-дарактардын далдасынан ак үй көрүндү.

– Мына, келип калдык, – деди атам.

Араба ак үйгө жетип-жетпей, дарак түбүнө токтоду.

Атам менен дядя Пётр кирип кетти, а биз аттын жанында калдык. Үйгө жакын жерде уч-кыйрына көз жеткис поезд каттачу рельс жатат.

Үй алдында тегиз төшөлгөн чоң таштарды Мансур ава балтасын кайраган ташка окшоштурдум. Үстүнөн адамдар өтөр ал таштар кыналып жаткырылыптыр. Айланада балдар көрүнбөйт, жалаң чоңдор. Убайымга баткан апам үн-сөз чыгарбай, Оксана экөөбүздү колдон жетелеп, төшөлгөн таштардын үстүнөн басып жүрдүк.

– Ырас, билет бар экен, – деген атам менен дядя Пётр артыбыздан жете келишти. – Поезд жакында келет, мен барып жүктөрдү апкелейин, – атам жөнөп кетти.

Дядя Пётр менен апам кобурашып калышты. Бирок башкырча эмес сөздөрүнө түшүнбөдүм. Көп өтпөй атам келип, үчөө кобурашып турган маалда кимдир-бирөө кыйкырды:

– Келатат!

Эл кайсалактаган курчап, паровоз көрүндү. Анын күүсүнөн таманыбыздагы жер силкинип, жаныбыздан өтө бергендеги күшүлдөгөнүнөн жүрөк оозго кептелди.

Апам колуман сүйрөп, вагон артынан жүгүрдүк. Бир вагондун тушунан дядя Пётр топчулары жылтырак кара костюмчан адамга билетин сунду.

Коштошор учур келди.

Дядя Пётр атамды кыса кучактап, апамды колдон кысып, мени үч мерте чопулдата өптү.

Оксана апама бой таштап кучактады да, экөө бирине бири жабышып, апамдын ийиндери сүлкүлдөп берди.

Атам апамдын колунан Оксананы шап ала коюп өөп-өөп алды да, жерге түшүрдү.

– Экөөңөр коштошкула эми, – деп калды атам мага кайрылып.

Карындашым мага кылчайды эле, буурчактап аккан көз жашы жамгыр суусундай куюлат. Боорума бекем кыстым аны:

– Оксана, бир тууганым, кетпечи!

– Жамил, ыйлаба, балам. Жакында эле көрүшөбүз кайра. Жер-Энебиздин бетинде далай кезигишебиз.

Вагондун тепкичинде турган дядя Пётр Оксананы өйдөгө шап тарткан кезде, паровоз от алып, вагон ордунан козголду.

Үчөөбүз поездге кол булгап кала бердик. Вагон терезесинен Оксана ак жүзаарчысын булгалады. Поезд бак-дарактардын далдасынан көрүнбөй калганча биз ордубузда кадалып турдук. Анан апам акырын үн катты:

– Балапаным өз уясына кайрадан учуп кетти…

Атамды ой жүгү басып тургансып, бир убакта гана:

– Антип айтпа, Күнбике. Кызыбыз качан болбосун биздин бүлөнүн кубанычы. Эми Оксананын гана эмес, ар бирибиздин эки уябыз бар. Пётр өз жеринде чоң үй курат жаңы. Биз эми өмүр бою кайгы-кубанычыбызды тең бөлүшкөн тагдырлаш адамдар болуп калдык. Бири-бирибизге катташып турабыз. Керек учурда жардамыбызды аяшпайбыз.

Мен алыстагы коюу түтүн жайылган тараптан көздөрүмдү албадым. Көз алдымда чоң үй элестеди, анын жанында – биздикиндей эле бакча, бир түп кайың, беш түп алма жайкалат. Короодо болсо апакай каздар жүрөт. А Оксана экөөбүз бекем кол кармашып тепкичте отурабыз…

Алыстан паровоз жаңырат.

Менин төбөмдө болсо Оксананын көпкөк көздөрүндөй шаңкайган асман – атам айткандай: биздин бүлөнүн кубанычы эмей не.

1947-1949

Орусчадан оодарган Олжобай Шакир

[1] Чабра – чырпыктан жасалган себет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.