“Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос аттуу адабий-философиялык этюддардан.  

Атактуу немец психиатры Карл Леонгард (Karl Leonhard) өткөн кылымда дүйнөлүк адабияттагы отузга чукул жазуучулардын классикалык чыгармаларындагы каармандардын мүнөзүн талдап чыгып, алардын психологиялык бешене-бейнесин түзгөн эле (Акцентуированные личности. 1976). Ошол монографиядагы аныктамаларга салсак, биздин Жамийла менен Данияр мүнөзү жагынан эки башка типтеги кейипкерлерге кирет: биринчиси – ачык-айрым, тайманбас, тамашакөй, кабак-кашым дебеген, өзгөлөргө жемин жедирбеген, тыкчыңдаган келин. Ушундан улам Жамийланы белгилүү өлчөмдө гипертимдүү мүнөздөгү каармандарга кошсок болот. Данияр болсо түнт, адамга анча ыгы жок, жалгыз-жабык жүргөндү жактырган, атүгүл шалкы бош – дистимдүү кейипкерлерге жакын турат.

Мүнөзү жагынан минтип кескин айрымаланган ургаачы-эркек адатта жуп боло албайт, бирин-бири сүйө албайт дешет. Реалдуу турмушта ар ким өзүнө окшош өнөк тапканга умтулат, кыялында билинбей жашаган белгилүү бир идеалга төп келген адамга ышкысы артылат. Андай болсо “Жамийлада” мүнөзү жагынан эки уюлдай типтеги адамга — антиподдорго кирген биздин каармандар кантип бирин-бири жактырып калышты? Эмне үчүн алардын сүйүүсү дүйнөдөгү эң улуу махабат деп таанылды? Деги алар баарын кечип салып, баарына кайыл болгудай бир-биринен кандай касиет табышты?

Мунун себеби Эросто. Бирок Эрос деген өзү эмне? Көпчүлүк түшүнүп жүргөндөй, ал -эротикабы, же Фрейд айткан либидо – жыныс кумарыбы?

Георгий Гачев орус эросу жөнүндөгү белгилүү  эмгегинде (“Русский Эрос: роман Мысли с Жизнью”. М.,1994) келтирген мисалдарга кайрылсак, Гесиоддун (б.з.ч VIII-VII кк.) дүйнө кантип башталганы тууралуу уламыштарында — «Теогония» поэмасында — биринчи болуп Хаос, андан соң Эрос пайда болгону айтылат. Ошолордон соң гана Космос (ирет, тартип, көркөмдүк), Логос (сөз, акыл, аң-сезим) жана башкалар жаралат. Башкача айтканда, жер бетиндеги болмуштун өзү Эростон барпаа болот, ал адегенде Хаосту, андан соң Космосту, акырында Логосту тартипке келтирип, ыраатка салат, ошентип баарын бириктирет.

Ушундан улам болсо керек, Сократ Эросту эң улуу кудай деп жарыялаган, анткени ал жарык дүйнөдөгү бардык чачыранды бөлүктөрдү бир болмушка бириктирип, аларга жашоо жана өмүр берип турат, ансыз дүйнө быркырап, быт-чыт болуп кетмек. (Аталган китеп. 10-17-бб).

Кийинчерээк Платондо дагы бир Эрос аталат. Ал Афродитанын уулу, аны кичи Эрос же Эрот деп коюшкан. Ошол идеяны азыр философтор «эротософия» дешет, карапайым түшүнүктө жөн гана секс делинет.

Платондун “Пир” сукбатында (диалогунда) бешинчи болуп Аристофанга сөз тиет. Беркилердей  ал да өз уламышын айтат, ага ылайык, дүйнөнүн башталышында эркек менен аялдын денеси бир бүтүн тулкудан турган экен, анын төрт колу, ошончо эле буту, жумуру башында бири артын, бири алдын караган эки бети, төрт көзү жана төрт кулагы, эки жынысы болуптур. Аристофан муну андрогин деп атайт. Андрогиндер титаниддердей эле ашкере сулуу жана күчтүү болот, ошонусуна эрдемсип, кудайларды кулатып, алардын ордун тартып алмакчы болушат. Алардын козголоңунан кооптонуп, Зевс андрогиндерди тең экиге бөлүп, бирин эркек, экинчисин аял кылып таштайт. Ошондон тартып адам баласы өзүнүн экинчи жарымын издеп, таппай келет имиш.

Булардын баарын жалпылап, Плантон “биздин ар бирибиз – экиге бөлүнүп калган бир адамдын жартысыбыз, ошондуктан ар бир адам такай өз жарымын издейт” деп ырастайт. Тапкандары өтө сейрек болот, аларга Эрос жардам берет. Ошону үчүн Эросту кишилер сүйүү дешет. (Платон. Собрание сочинений в 4-х тт.Т.2. Пир. Речь Аристофана. М.Мысль.1993).

“Жамийладан” дал ушул Эросту көрүүгө болот.

Каармандар бир-бирине арзуусун айткан жамгырлуу түндө Жамийла минтип шыбырайт: “…Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм…  Мына эми сен да мени издеп келдиң!… “

Данияр да минтет: “…Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып сени ойлогом! Көрсө, менин сүйгөнүм туулган жеримде тура! Көрсө, ал сен экенсиң, Жамийлам, кызыл гүлүм!”

Эми байкап, баам салып көрүңүз: экөө эзели бирин-бири көрбөсө, атүгүл бу жарык дүйнөдө бир-биринин бар экенин ныпым билбесе, анан кайдан жүрүп эс тарткандан баштап бирин-бири сүйүп калат? Карандай акылга салып аңтарганда, реалдуу турмушта мындай болушу мүмкүн эмес дейсиз, буга ишенбейсиз. Бирок карабайсызбы, жаралганда эле бирге бинаа болгонсуп, бирин-бири эзелтен эле билгенсип, бирин-бири сабылып күтүп жүргөнсүп Жамийла: “Мына эми сен да мени издеп келдиң! — деп атпайбы. Мындай туюм аларга кайдан, кантип келди?

Эмнеси болсо да бу эпизод андрогиндер жөнүндөгү мифти билген адамга дароо эле ошол уламышты эстетет. Айтмакчы, ал жалаң гректер ойлоп тапкан миф эмес. Мындай түшүнүк көп маданияттарда, айталы, индуизмде, буддизмде, “Упанишад” трактаттарында, төрт миң жыл мурдагы египет мифологиясында кезигет. Сүйүү – бир бүтүндүктү эңсөө, ошого умтулуу”,- деген Платондун ой-жорумун бир да маданият четке кага албайт.

Кыргыз деле эросту ушундай мааниде түшүнгөн. Керденге бүткөн, жараткан өзү атаа кылган теңин издөө, түгөйүн табуу түшүнүгү кыргыз болмушунда алмустактан бери жашаган. Болгондо да бу феноменди биздин эл өтө сейрек кезиккен, ар кимдин эле ыкыбалына туш келе бербеген шыбага катары баалаган. Биздеги бир катар ашыктык дастандары улуттук эростун бийик үлгүсүн көрсөткөн көркөм фактыларга кирет. Эллин маданияты маалында сүйүүнүн мындай түрүн «агапе», башкача айтканда, кудайдан бүткөн сүйүү деп эсептешкен экен. Кыргыздын арзуу ырларындагы «жан теңим», «жан биргем», «жанымдын жартысы» сыяктуу айтымдар ушул мааниде колдонулган метафоралар эмеспи.

Расул Гамзатовдун бир сөзүн эстетсек, Ромео менен Жулетта ар бир авар кыштагында болгон экен, бир гана Шекспир болбоптур. Бу сөз биздин кыргызга да жарашат десек болгудай. Бир айрымасы – бизде драматургдар болбогону менен агапени ыр түрүндө Шекспирден кем калбаган деңгээлде улуттук көркөм аң-сезимдин формасында чагылдырган акындар болгон. Ошолордун таланты аркасында биздин улуттук агапебиз кала берсе өмүрдөн өйдө турган махабат статусуна жеткирилген. Маселен, Кишимжанды алсак, Олжобай экөө качып чыгып, жарым жолго жеткенде артынан Кудаке баштаган куугун келип, ынтыгын өлтүрүп койот, ошондо ал «жээнимден кантип калам деп, жеңине каткан быгачын алып, өзүн жүрөккө сайып» жан кыят. Аксаткын болсо агалары өлтүрүп, көң дөбөгө көмүп койгон Кулмырзанын (Мырза уул деп да айтылат) кунун өзү бычат. «Айыбың алтымыш, кунуң жүз, досум, аягың чоро, башың кыз досум. Кыз ордуна өзүбүз, досум, болбосун жалган сөзүбүз, досум. Кулмырза өлсө куп болот, досум, Аксаткын өлсө жуп болот, досум”, — деп өзүнө канжар урат.

Элдик делинген ушул эки дастандын сюжети Шекспирдин атактуу трагедиясынан эчтемисинен кем калбайт, алтургай кудайдан буйруган сүйүү – агапе – биздин эки дастанда деле Овидийдин (б.з.ч. 43-17-жж.) “Метаморфозаларындагы” вавилиондук Пирам менен Фисбанын (Pyramus and Thisbe) махабат икаясынан башталган дүйнөлүк уламыштардагы сюжеттердин аңыты менен өнүгөт: алардын баарында арзышкан эки жаштын кошулушуна биринчи кезекте тууган-уруктары каршы болот, алардын каршылыгын жеңүү үчүн күрөш эки ынтыктын өлүмү менен бүтөт. Бу бир жагы.

Экинчи жагы — ошол эле Пирам менен Фисбанын окуясы Шекспирге чейин ондогон варианттарда поэма, кара сөз түрүндө жазылган. Ал пост-Ренессанс доорунда айрыкча живописте кеңири популярдуу болгон (Мифы народов мира. 1991. Т.2. с. 313). Биздеги сүйүү дастандарынын да ар кандай версиялары менен варианттары бар. Айрымдар аларды кара сөз түрүндө айтышкан, күүгө салып, комуз менен коштоп ырдашкан.

Ошол эле учурда биздин дастандарды бир беткей түрдө дүйнөлүк “көчкүн сюжеттерге” (кочующие сюжеты) алпбарып кошуш, ошолордун таасири менен түшүндүрүш кыйын сыяктанат. Эмнеге дегенде кыргыз дастанчылары менен акындары Овидий турсун Шекспирди деле эгерим угуп-билген эмес. Анда мындай окшоштуктар кайдан жаралган?

Маселе кайра эле Эросто. Гачев айткандай, ал ыйык Урухтай (Духтай) бардык жерде жолугат, ар бир элдин, улуттун өз Эросу болот, бирок анын мааниси менен маңызы, көрүнүштөрү жалпысынан окшош келет.

Анан калса бу болмуш өзү жалпы адамзат үчүн бирөө эле, анткени дүйнөнүн өзү бирөө. Нус (noys – ум, акыл) деле бир, болгону көбү өздөрүнүн өзгөчө акыл-эси бар сымактанып жашайт (Гераклит). Анткени болмушта ар бир эл өзүнчө тажрыйбага ээ болот, аны ар башка ыкмада кабылдайт жана анын чындыктарын өз алдынча ачат. Муну бүгүн улуттук өзгөчөлүк дешет.

Биздин кыргыз да бу болмуштун чындыктарын, анын ичинде өмүрдөн жогору турган, кудайдан буйруган сезим – улуу махабат болорун өз тажрыйбасында көрүп билген жана сүйүү дастандары ошол тажрыйбадан жаралган.

Бир сөз менен айтканда, биздин улуттук Эрос маданий мааниде алганда ошол эле дүйнөлүк Эростун составдуу бир бөлүгүн түзөт жана аны өзүнүн өзгөчүлүктөрү менен байытып, толуктап турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.