*     *     *

Кош бол…
Унут…
Айып этпе…
А каттар өрттөлсүн…
көпүрөдөй…
Эрктүү кет
кеткенсип таң эрте,
А жолуң
болсун эң жөнөкөй…
Түнүңдө жылтырап сен үчүн,
жылдыздар тизилсин шуруга.
Жалбырттап өчпөсүн үмүтүң,
алакан жылытып турууга.
Борошо, жамгырдан, жалындан
оолакта,
болбосун көкүрөк.
Жашооңдо ийгилик ооматка,
жолуккун
сен менден көбүрөк.
Улансын көөдөндө күрөштөр
улуулук-сулуулук аралаш,
Суктанам… Эх кандай бактылуу
Болчулар сен менен сапарлаш…

*     *     *

Үзүндү (Октябрь бул санаа жана састумоо)

Октябрь бул санаа жана састумоо.
А таранчылар ээлешүүдө быжырап
уяларды, чыйырчыктар ашып тоо
кеткен кезде, кудум пролетариат
Смольныйдагы институтту баскандай.
А каргалар не, адатынча бактарда.

А негизи жалпыласак: Куштарга —
кыштан өткөн тозок жоктур. Болгону
биз жактагы узун тумшук Икарга —
үшүктөн да, алыс учуу кыйындай.
Ушунданбы «карк» этсе эле козголуп —
Жаӊырат патриоттун ырындай.

*     *     *
Кандай арман: сенин барлыгың мен үчүн
канчалык болсо, менин барлыгым
сен үчүн болбогону шончолук…
…канчанчы ирет, эски, ээн көчөдө
узатып жатамын, зым космоско
жез тыйынды, бетине герб чегилген,
чоӊ бакытты күткөн сыңар күтүп мен
туташуунун моментин… Аттиң ай,
жан дүйнөңдүн боштугун сен өзүӊ
жалгыз ээлей албаган соң, айла жок
чимиресиң телефондун дискасын
спиритикалык сеанстагы үстөлдөй,
көрүнчүлөр коюу түндөн жаӊырык
менен кайра кайтарганча, Зуммердин
кыйкырыгын акыркы…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.