АҢГЕМЕ

Бюро ар бир айдын ушул күнүндө, ушул саатында башталат. Анын башталышы менен бүтүшүнө чейин ар кандай кырдаал өкүм сүрүшү мүмкүн. Иштин тагдыры. Адамдардын тагдыры. Бүтүндөй бир райондун тагдыры. Ошондуктан анын башында турган адамдын – Ашымовдун жоопкерчилиги баарынан жогору, баарынан татаал. Демек бюрону башкарган киши баарынан акылдуу, баарынан адилет, баарынан билерман, баарынан сезгич жана баарынан тажрыйбалуу болушу керек.

Ашымов жогорку сапаттардын өзүндө толук болушу үчүн дайыма аракеттенгендерден. Бюрого Ашымов кылдаттык менен даярданат. Анын күн тартибине коюлган ар бир маселе боюнча алдын ала даярдалган документтерди дыкаттык менен өзү карап чыкчу. Бюронун башка мүчөлөрүнөн да ошону талап кылар эле. Бу жолу да ошенткен. Кечээ түнкү саат ондордо гана үйүнө кайтты. Ошого чейин кабинетинде бүгүнкү бюронун материалдарын карап отурган. Бирок алардын ичинде бул кызды, анын бардык оюн асты-үстүнө оодарып таштаган кызды, элестеткен эч кандай кагазды жолуктурган эмес.

Саат онго беш минута калганда жанатан бери Ашымовдун кабинетинде аркы-беркини сүйлөшүп отурушкан бюро мүчөлөрү аны ээрчип, заседание залына киришти. Залдын бир башына коюлган узун стол. Мында бюро мүчөлөрү отурушат. Столдун терезе жактагы башында кафедра. Андан кишилер сүйлөшөт. Эшик жанында стол. Аерде отургандар да райкомдун кишилери. Секретардын жардамчысы, бөлүм башчылары, инструкторлор. Каралуучу маселеге жараша алар алмашып турат. Залдын чоң терезелериндеги тактайга жетип чубалжыган көгүш узун пардалар ачылып коюлган. Күн көтөрүлүп калганына карабастан, алиге илеби салкын эртең мененки жел терезелерден залга агылып кирүүдө.

Ашымов алдындагы күрөң папканы эки жагынан арык манжалуу колдору менен кармай берип, бирок ачпастан алиги жагымдуу жел агылып кирип жаткан жакты карады эле,алыстагы чокусу аппак тоо кырларын күн нуру сылап-сыйпап турган экен. Бул көрүнүш секретардын көөдөнүн алда кандай көңүлдүүлүк шилеп, курсантчылык тартуулады. Бул эки кабат имарат Ашымовдун тушунда атайын райком үчүн курулган. Бир жылча болду ишке киришкенине. Ашымов анан күрөң папкасынын үстүңкү бетин бери кайрып таштап:

– Жолдоштор, күн тартиби боюнча кимде кандай сунуш бар? – деди жанатан бери өзүнүн ички сезими менен буйдалып калганын беркилер байкап койдубу дегендей, ар бирине алдыртан тиктеп.

– Бекитилсин деген сунуш бар, – деди биринчи болуп, тигинин оң жагында отурган экинчи секретарь.

Ашымов башкаларга назар салды.

– Бекитилсин, – дешти анан үч-төрт үн удаасы менен.

– Анда ишке кирише берели. Биринчи маселе партияга кабыл алуу. Кана, чакыра бериңиз, – деди Ашымов, ал күн тартибин макулдашып жатканда эшик жанындагы дубалга такай коюлган стол четинен тура келип, азырынча жабык каалганын туткасынан кармай калган арык аялга карап.

Бул партиялык — уюштуруу бөлүмүнүн инструктору. Бөлүм башчысы да ушунда. Партияга өтүүчүлөр ушул бөлүм аркылуу даярдалат эмеспи. Партиялык уюмдун секретары колуна кармай кирген делону ачат да, берки жакта отургандардын жаңсоосу менен алдыңкы катардагы орундуктун бирине көчүк баскан жаңы өтүүчүнүн анкеталык маалыматын окуй баштайт. Бюро мүчөлөрү анан өтүүчүгө каалагандай суроо берүүгө акылуу. Программа, устав боюнча гана эмес, өмүр баянына, кызматына, окуусуна тиешелүү суроолорду да беришет. Кыскасы, партияга өтүүчү кишини бардык жактан текшерип көрүш керек. Татыктуубу, жокпу? Иште да, жеке турмушунда да башкаларга үлгү көрсөтүүчүлөрдүн, коммунист деген улуу наамды алып жүрүүчүлөрдүн катарын толуктаганы жатпайбы. Ошого арзыйбы, жокпу? Жаңылбоо керек.

Адамды баалоодон кеткен жаңылыштык – башка бардык жаңылыштыктан оор. Муну айрыкча, бүгүнкү бюрону башкарып отурган Ашымов жакшы билет. Он беш жылга жакындап баратат анын жалаң биринчи секретарь болуп иштегенине. Педагогикалык окуу жайын согуштун алдыңкы жылы бүтүп келип, бир жарым жылча мугалим болуп иштейт. Анан комсомолдун райондук комитетинин экинчи секретарлыгына көтөрүлөт. Анан согуш… Эки жыл майдан. Жеңил жарадар. Отпуска. Дагы согуш. Дагы кызмат. Улам бир тепкичтен жогору. Ашымовдун: «Адамдардан жаңылуу, демек өзүңөн жанылуу» – деген жыйынтыкка келгенине көп болду. Ошондуктан, партияга өтүүчүлөргө, кызматка көтөрүүчүлөргө анын бу кезде өзүнчө талабы бар.

Бардыгы өз нугу, өз тартиби менен өтүп жатты. Алтынчы болуп киргенди бюро кабыл алуудан баш тартты. Колхоздо башкы инженер экен. Эки жыл болуптур иштеп жатканына.

– Үй-бүлөң барбы? – деп сурады Ашымов адатынча жай гана коюу кашын бир аз жыйрып, тиги таржымалын айтып бүткөн соң.

Жигит эмнегедир шар жооп бербестен, мукактанып калды.

– Болгон, бирок…

– Бирок дегениң кандай?

– Ажырашып кеттик эле.

– Ажырашып?…

– Ооба.

– Бала барбы?

– Бар.

– Нече?

– Экөө.

– Алар кайда?

– Энеси менен.

– Эмне себептен ажыраштыңар?

Жигит кежигесин кашына бутунун башын тиктеп, дагы саамга буйдалып калды.

– Бул жерди бюро дейт. Андан эч нерсени жашырууга акың жок, эгер коммунист болууну кааласаң, – деди баятан берки тигинин жообуна алымсынбай отурган экинчи секретарь ага карап. – Партиядан жашыра турган эч нерсе болууга тийиш эмес, – деп кошумчалады Ашымов, экинчи секретарь анын оюндагысын айтты белем.

Жигит эми гана башын көтөрүп, өзүнө жабалактай тиктеп, жооп күткөн бюро мүчөлөрүн сыдыра карап алды. Анан жооп берди.

– Мунаса кыла албадык. Мүнөзүбүз келишпей калды.

– Өзүңөр баш коштуңар беле, же бирөө күчтөп үйлөндүрүп койду беле?

Бул суроону райондук аткаруу комитетинин председатели, ар убак күлүмсүрөп сүйлөгөн, кырктардан жашы ашкан кубакай киши берди.

Анын көзүнө тиктеп турган жигит тигинин күлүмсүрөгөн өңүнөн а дегенде тамашабы деп да ойлоду. Анан бюродо экени эсине түшө калдыбы, суз тартып салмактуу жооп берди.

– Ким зордомок эле. Өзүбүз табышып, өзүбүз үйлөнгөнбүз. Адегенде мен автодорожный техникумда окуганмын. Ал да ошерде окуучу. Аны бүткөндөн кийин, мен автобазада, ал ДЭУда иштеди. Бир жылдан кийин мен политехникалык институтка кирдим. Ал төрөп калып, бара албады. Анын үстүнө бирөөбүз иштеп, акча табышыбыз керек эле. Мен институтту бүттүм. Кызматым жогорулады. Демек акчам да көбөйдү. Картаң ата-энем бар. Анын ата-энеси жок. Башка райондо жүрөбүз. Айына аларга 20-30 сомдон акча салып турууну чечтик. Адегенде макул болгон аялым, жарым жылга жетпей жаңжал салды, ошол ырбап отуруп, акыры ажырашууга алып келди.

– Балдарчы? – деди Ашымов тигинин айтып жатканы жүйөлүү экенине ынанып турса да, тирүүлөй жетим калган балдарды элестеткендей кабагын чытып берип.

– Балдарга алимент төлөп атам.

– Демек, бул районго аялыңан, балдарыңан качып келген экенсиң го? – Бул суроону да райондук аткаруу комитетинин председатели берди. Анын жылмайганы эми каарданганга окшоп кетти.

– Жок, качканым жок, арызым боюнча которушкан.

– Азыр үй-бүлөң жокпу?

– Бар, бир жылча болду үйлөнгөнүмө.

– Эки баласы менен аялын таштап… Дагы партияга өтөт имиш.

Бул сөз бюро мүчөлөрүнүн кимиси тарабынан айтылганын өз ою менен болуп калган Ашымов байкабай калды. Бирок анын салмагын сезди. «Чын эле ушундай кишини, жашы отузга жетпей жатып, эки баланы жетим калтырууга үлгүргөн кишини партиянын катарына алууга болобу?»

– Дагы суроо барбы? – деп адегенде оң жагындагыларга, анан сол жагындагыларга тиктеген Ашымовго анын оюндагысын окушкандай баары:

– Жок, – дешти.

– Анда сунушум бар, – деди биринчи болуп, райондук аткаруу комитетинин председатели. – Менимче, Байматовду партиянын катарына алууга болбойт. Моралдык жагы шектүү экен. Окууну бүткөнчө гана эптеп жашап, бүткөндөн кийин таштап жүрө берген турбайбы. Беш жыл бою аялы багыптыр муну. Бүтүп алгандан кийин жанагыдай жок нерседен шылтоо таап, жолго салган турбайбы. Мен, маселен, ушундай деген жыйынтыкка келип отурам. Ошондуктан мунун партияга өтүшүнө каршымын.

– Менин пикирим да ушундай, – деди экинчи секретарь, баятан бери бир нерселерди күрөң папканын ичинен алган актай баракка чиймелеп жатканын токтото калып.

Ашымов жыйынтык сөзүн айтуунун ордуна дагы суроо берди:

– Балдар тууралу ойлодуңбу?

Байматов селт этип башын көтөрдү. Секретардын көздөрүнөн бир деме издегендей секундга тигиле тиктеген жигит анан акырын күңк этти.

– Ойлогондо эмне кылмак элем? Тиешелүү акчасын төлөп атам.

– Акча эмес, а дегенде балдарга ата-эне керек, түшүнөсүңбү ушуну? – секретардын үнү бийик чыкты.

Байматов кайрадан бутунун башын тиктеп калды.

– Партияга өткөрүүнү сурап арыз берүүдөн мурун жаман-жакшы жактарыңы таразага салып өлчөп көрүшүң керек эле. Кыскасы, татыктуу эмес экенсиң азырынча анын катарына өтүүгө. Бара бер, – деди Ашымов башка мүчөлөрдүн пикирин жана эле уккандыктан, экинчи аларга кайрылбастан.

Залга киргендин ар бирине бюро мүчөлөрү таңыркагандай жабыла жалт карап алып жатышты. Бул көз караш менен партияга өтүүчүнүн өңү-түсүн гана эмес, ойдогусун, башкача айтканда, улуу партиянын катарына кандай максат менен кире турганын да билүүгө аракеттенгендей алар сырдууда, сүрдүү да эле. Киргендерди адегенде буйдалтып, жалтанткан да ушул көрүнүш. Эми жанагы кара костюм, ичинен ак кофта кийген аялдын ачкан эшигинен сымбаттуу кыз көрүндү. Мезгил күзгө таянып калгандыктанбы, ал кара жүн көйнөк кийиптир. Анысынын кыйма жакасынан көкүрөк жагын көздөй беш агыш сызык жатат. Анысы ак жумуру моюнга түстөшүп, алиги тоо чокуларын аймалап турган күндүн нурларын элестетип жиберди, эмнегедир аны кадала тиктеп калган Ашымовдун көзүнө.

Башкалар адатынча бир жалт карап алып: «А сенсиңби?» – дегендей кайра эле баштарын бурушуп, алдыларындагы кагазга үңүлүп калышты. Ал эми Ашымовдун көздөрү кызга кадалды да калды…

Жазы маңдайы бирде жазыла калып, бирде тырышка толуп турду. Алиги кыз бюро мүчөлөрү отурган узун столдун орто ченине келип, так Ашымовдун маңдайына токтоду. Сол колунда кара сумка. Билегинде кичинекей саат. Биринчи секретарь терезеден түптүз тийип турган күнгө байкабастан карап алгансып, анан көздөрүн чылк жума саамга тунжурай түшүп, кайра ачты. Анан тигинден далдалангансып, алаканын көз үстүнө калканч кыла астындагы кагаздарга карап, тымтырс отуруп калды. Жанагы кыздын алдында он колуна эки делону (демек ал секретарь болуп иштеген баштапкы уюмдан бүгүн партияга өтчү эки киши экен) кармаган бойдон кирген толмоч, элүүлөр чамасындагы киши үстүңкү күрөң түстүү делону ачып, мурдагыларды туурагандай окуй баштады.

«Жолдош бюро мүчөлөрү, № 2 автобазанын алдындагы баштапкы партиялык уюмуна автобазанын диспетчери Дурусбекова Жумагүлдөн партиянын кандидаттыгына кабыл алууну өтүнгөн арыз түштү. Ага рекомедация бергендер», – деп андан ары алардын партиялык стажын, Дурусбекованы качантан бери билишерин айтып, анан жалпы чогулуштун бир добуштан кабыл алгандыгын билдирди да, делону жаап, биринчи секретарга сунду. Ашымов делого колун сунуп жатып да, алиги кыздан көзүн албады. «Качан, кайдан көрдүм эле?…» Боолголоп жатты.

Көөдөнүн алда кандай жагымдуу нерсе аралай чаап жөнөдү. Көптөн бери кийилбей калган эски кийимди ийнине сала койгондо мурунга урган эчаккы атыр жытындай бул сезими жүрөккө ушунчалык жакын, нары жагымдуу эле, Ашымовдун жан дүйнөсүн козголтуп жиберди… Кыздын бутунан тартып, башына чейин сыдыра тиктей берди… Көздөрү да, каштары да, бети тамылжып уялыңкы жер караганы да, болор-болбос ууртунан күлүмсүрөгөнү да, мурду, оозу, а түгүл бою да тааныш. Болгону үстүндөгү кейнөгү, бутундагы бийик такалуу кара туфлиси, күрөң байпагы башка. Чач түргөнү башкача. Болбосо, бул кызды тааныйт. «Ким эле? Кайдан көрдүм эле?»… Ашымов чарчаңкы, бирок акылга, мээримге толо көздөрүн дагы жумуп, кайра ачты. Дагы эле ошол кыз… Ошол кебете-кешпир… Тааныйсыңбы? Мени дегендей эми кыз аны тиктеп турду.

Анын көз карашынан жалтангандай секретарь алдында жаткан кагаздарды ары-бери оодарыштырып, анан өйдө карабастан:

– Өмүр баяныңы айтчы, кызым, – деди. Акыркы сөз кантип тил учуна келе түшкөнүн Ашымов байкабай калды. «Уулум», «кызым» – деп отургандай бюро үйү эмес да.

Ар убак баштапкы уюмдун секретары өзүнө сунган делону ачып, андагы кишинин атын, фамилиясын дагы бир жолу тактап алган соң, аты-жөнүнөн айтып гана кайрылчу. Ошондуктан бюронун башка мүчөлөрүнө Ашымовдун оозунан чыккан «кызым» деген сөз өөн учурады окшойт, ага жалт карашты. Бирок тиги көңүл бөлгөн жок. «Туура» – дегенсип, кебелбеди. «Мен, Дурусбекова Жумагүл, бир миң тогуз жүз кырк бешинчи жылдын төртүнчү мартында ушул районго караштуу Кашка-Суу кыштагында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулганмын»…

…Кыздын оозунан чыккан фамилия да, район да, кыштак да Ашымовго тааныш. Жана укканда «Окшош фамилия азбы» – деп анчейин этибарга албаган эле. Кыздын өңү-түсүн бирөөлөргө окшоштуруп, баятан бери кимге экенин эстей албай чалды-куйду ойго чырмалган Ашымовдун тынчсыздануусу ого бетер күч алды. Эртеден берки таттуу сезим мына ушул минуталарда бузулгансыды…

Ашымов эки колу менен чеке терисин түрүлтө кармаган бойдон кызга дагы телмире тиктеп отуруп калды. Кыз өмүр баянын айтып бүттү. Эмненин өмүр баяны анда. Жети жашында мектепке кириптир. Он сегизинде аны бүтүрүптүр. Турмуш жагдайы андан ары окуусун улантууга мүмкүндүк бербептир. Ашымов эми оң колунун көк тамырлары көрүнгөн муштумуна жаагын таянган калыбында карап отурду. «Добушу да тааныш. Муну укканмын. Бирок качан? Каерден? Кимден?… Өмүр баянын айтып бүткөн кыз баягыдан өзүн токтотуп алды көрүнөт, сол тизесин аз бүккөн калыбында оң кашына келип сеңселе берген биртал самаайын ак көпшөк манжалары менен кулак артына кайрып сылап койду да, биерде отургандарга эркин көз чаптырды. Ансыз деле наардуу бетинде кызыл ойноп турду. Дагы Ашымов сөз башташ керек эле. Ал болсо, жаагын таянган бойдон үн-сөзсүз. Анын ич туйгусун сезгендей, экинчи сектретарь суроо берди.

– Партиянын биринчи уставы, программасы качан кабыл алынган эле?

– 1903-жылы РСДПРнын экинчи съездинде.

– Кандай газет, журналдарга жазылгансың?

– «Ленинчил жаш», «Комсомольская правда» жана «Кыргызстан аялдары», «Ден соолук» журналдарын алам.

Үчүнчү суроону райаткомдун председатели берди.

– Үй-бүлөң тууралу айтпадың го?

– Атам жок, согушта курман болуптур, мен көргөн эмесмин аны. – Жумагүл башын төмөн салды. Кыздын өңү эмнегедир кубара түштү. Жашыгансып кетти. Муну байкаган председатель тигинин көңүлүн көтөрө сөз кошту.

– Андай ата менен сыймыктанууга тийишсиң. Биз да сыймыктанабыз алар менен. Демек, азыр апаң экөөңөр жашайт турбайсыңарбы? – деди ал дагы ушул ичине сыр каткандай ойлуу кыздын тагдырына кызыкканын жашырбай.

– Жок, өзүм эле… Апам да мени төрөгөндө каза болгон экен. Он бир жашка чейин таенем баккан. А киши өлгөндөн кийин балдар үйүндө тарбияланганмын.

Алиги оң жак жаак терисин муштуму менен улам өйдө карай түрүп бараткан Ашымов эми гана эсин жыйгандай акырын үшкүрүнө, так өзүнүн тушунда турган графинге кол узатты. Подноско көмкөрүлгөн жука стаканды алды да, ага суу куюп ичип жибергенден кийин ак бет аарчысы менен оозун сүртүп жатып, оң жагында отурган экинчи секретарына шыбырады: «Сиз уланта бериңиз». Анан чыгып кетти.

Коридордун ары жагындагы кабинетке кирди. Кабыл алуу бөлмөсүндө бир нерсени машинкага басып жаткан толмоч татынакай кызга: «Менин үстүмө эч кимди киргизбе, телефонго да кошпогунуң», – деди. Секретардын өңүн көрүп, кыз чочуп кетти. Жүзү купкуу эле Ашымовдун. «Ооруп турасызбы?» – деген суроосу кыздын тил учунда калып кетти.

Ашымов кара дермантин капталган бийик каалганы ошол замат бекем жаап алган эле. Креслосуна отургандан кийин бир ак, бир кара телефон турчу чакан столдун четиндеги графинден дагы суу ичти. Эми стаканды толтуруп ичти. Чалкалай олтурду. Мындагылардын бардыгы ушул имараттын бүтүшү менен кошо алынган буюмдар: береги сол жактагы дубалга жакын эки жагына күрөң кайыш капталган жөлөнгүчтөрү бийик он беш чакты орундук коюлган стол, кабинеттин оң канатына коюлган китеп шкафы, а түгүл тактанын үстүндөгү бүт бөлмөнү ээлеп жаткан өңдөш эки палас дагы жаңы. Ушул буюмдардын баары, төрт дубалы жашыл менен боёлгон, шыбы аппак кабинеттеги тазалык, жымжырттык да босогодон аттаары менен анын көөдөнүнө кандайдыр бир жагымдуу сезим тартуулаар эле.

Көңүлүн көтөрүп, сергитчү демейде. Демилгесин, жоопкерчилигин арттырып, албан-албан иштерди аткарууга чакыргансып турчу. Азыр болсо, алардын баары жупуну тартып кетти. Көчө тараптагы үч чоң терезенин ар бириндеги экиден бөлүнүп чубалжыгын агыш жибек пардалар да азыр бөлмөгө демейде агылып кирип турчу жарыкты, желди тосконсуп, кабинет караңгы тартып, абасы да жетишпей бараткансыды. Ашымов ансыз деле ичке мойнуна куушпай турган ак көйнөк жакасын сөөмөйүн сала төмөн басып койду. Тамагы кысылып турду. Чөнтөгүнөн сигарет алып чыкты. Анын түтүнүн калың эриндерин чормойто берип жогору үйлөгөндөн кийин бөлмө ичи ого бетер суз, ого бетер күңүрт тарткансыды.

Шадылуу арык колдорун креслонун жан жыгачтарына бош таштап, алды майда тырыштар менен тордолгон көздөрүн жума, башын жөлөнгүчкө бекем такай отуруп калды. Бул кебетесинде ал ой түбүнө сүнгүгөн окумуштууга, же жазуучуга окшоп турду. Сигаретинин боз күлү узарып отуруп, өзү түштү. Бир жолу соро тарткан бойдон ага ооз тийгизген жок. Сөөмөй менен ортонго кыстара кармалган ал акыры өчүп калды. Жанагы кыз көз алдында…

…1943-жыл эле. Ашымовго госпиталдагы комиссия үч айга үйүнө отпуска берет. Ал убакыт бүткөндөн кийин райвоенкоматтын алдындагы комиссия аны дагы бир жылга калтырат. Буга райком кийлигишет. Анткени Ашымов согушка кеткенге чейин комсомолдун райондук комитетинин экинчи секретары эле. Ал отпускага келерден мурдараак биринчи секретары согушка кетет. Ошонун ордуна киши таппай жатышканда тигинин келип калышы партиянын райондук комитетин кубандырган.

Советтик Армия чабуулга өткөндөн кийин райондогу комиссия да согушка бир жолу барып келгендерге мурдагыдан жумшагыраак мамиле кылып калган эле. Ошентип, Ашымов райондун белдүү активдеринин бири катарында атка минет да, колхоздон колхозго, айылдан айылга чапкылай баштайт. Госпиталдан кармай келген балдактарын ал үч айга жетпей таштаган. Эстүү-акылдуу жигит аз эле убакыттын ичинде элге таанылып, оозго алынып кеткен. Кенжеканга ал күтпөгөн жерден жолугат. Райондун борборунан он чакырымча жердеги колхозго комсомолдук чогулуш өткөргөнү барганда көрөт. Андагы жети жылдык мектепте ВЛКСМдин эки гана мүчөсү болгондуктан колхоздогу уюмга карашчу. Кенжекан ошол уюмдун секретары экен.

Колхоздо, мектепте иштеген жаштардан ал орунга андан ылайыктуусу табылган эмес. Педагогикалык окуу жайын бүтүп жатканда согуш башталып, Кенжекан ушул мектепке туш болгон. Өзүнүн айылы башка сельсоветте. Ашымов катышкан чогулушту, ошентип Кенжекан башкарат. Чогулуштан кийин ага катышкан колхоздун председатели конокко чакырат. Кыз каңырылып: «Ырахмат, менин ишим бар эле, эртеңки сабакка» – деп сөзүнүн аягына чыга электе председателден мурда озунуп, Ашымов сылык гана сүрөп койду: «Сабыр аке көп кармабайт ко. Мен да районго кайтмакмын. Эртең саат ондо бюробуз бар».

– Тамак даяр болуш керек, айтып келгем үйгө. Жүрө бер, Кенжекан, көп отурбайсыңар, – деди председатель.

Кенжекан тиги экөөнүн ортосунда баш көтөрбөй уялыңкы басты. Ашымов а кезде иччү эмес. Муну председатель билчү. Мурда да аныкында бир курдай болгон. Райкомдун бюро мүчөсү Ашымовдун жаш экендигине карабастан, кайда барбасын, чарба жетекчилери өздөрү тосуп алып, өздөрү узатып жүрүшөт. Анын үстүнө оор басырык, кеби-сөзү орундуу бул жигитти алар ичтеринен жактырышчу.

Сабыр өзүнө арак куйду да, берки экөөнө вино сунду. «Жок, агай, мен ичпейм» – деп Кенжекан тиги унчукпай эле анын алдына коё койгон стаканды бериге жылдырды.

– Такыр ичкен эмессизби? – деди Ашымов жагымдуу жылмайып.

– Такыр ичкен эмесмин.

– Бүтүрүү кечесинде да ичкен эмессизби?

– Жок, – деди Кенжекан катарында отурган Ашымовду жалт карап.

– Биз деле ичпей коёлу, Сабыр аке.

Ашымов муну чындап айтып жатты. Кыздын көзүнчө ичүү адептүүлүк эмес да. Анын үстүнө биринчи жолугушуп жатпайбы. Райондогу жаштардын жетекчиси деген аты да бар. Муну да унуткан жок секретарь. Жана эле алтымышка жакын кыз-уландар катышкан чогулушта жалаң гана алардын колхоз өндүрүшүнө катышуусу тууралу сөз кылбастан, жаштардын жүрүш-турушуна тиешелүү акыл-насыят айтканы да эсинде. Анын баарын азыр булардан уялгандай, ийменгендей дасторкон четин сөөмөйү менен акырын-акырын сайгылап, башын көтөрбөй отурган Кенжекан да уккан.

Ушуну түшүнгөн, нары ичкиликтин үстүнө түшө калганды билбеген Ашымов чындап эле баш тартып жатты.

– Мейли, Кенжекан ичпесе-ичпесин, кыз эмеспи, экөөбүз аз болсо да ичели. Ансыз жеңеңи таарынтып коёбуз. Бизди келет деп эртеден бери күймөнүп, баарын минтип камдап отурса, ооз тийбесек, экинчи жолу коноктобой коёт. Жеңеңердин сырын айтып коёюн. Кана, эсенчиликке, – деп, Сабыр өзүнүн стаканын Ашымовдун бери жылдыра берген стаканына кагыштырып токтотуп калды.

Ашымов тиги кишини кыя алган жок. Ооз тийип, кайра койду. Көп өтпөй Сабырдын узун бойлуу, бети түйшүктөн албырган кой көз аялы кирди. Ал эринин жанына тизелерин жупташтыра, көйнөк этегин шыйрагына жеткире тартып отурары менен, үйдүн ичи жандана түштү.

– Куп болбодубу келгениң, Кенжекан синдиң мындай немени алиге чейин оозуна албаптыр. Дурусбек кайниң да ичпейм дейм. Эми быягың өзүң билчи, – деп Сабыр оор тулкусун артка жылдырып, чарадагы этти устукандоого киришти.

Бурул кыйын экен, берки экөөн ичирди. Өпкө-боорун чапкылап отуруп, Кенжеканга да отуруштун аягына чейин жарым стаканды ичирип койду. Ашымов бир маалда Кенжеканга жагып калганын байкады. Кыз купулуна толуп отурганын сезген сайын, ал дагы орундуу, дагы орундуу, дагы салмактуу, дагы маанилүү сүйлөөгө тырышып жатты. Кечки саат тогуздарга тарашты. Мезгил кеч күз болгондуктан, түн эбак өз өкүмүн жүргүзүп калган булар сыртка чыкканда. А дегенде Сабырга, анан Бурулга кол сунган Ашымов мындай деди:

– Сабыр аке, сиз эми убара болбой кала бериңиз. Кенжеканды, колхоздун секретарын аман-эсен үйүнө жеткирүү милдетин мен мойнума алайын. Ат сарай ошерге жакын эмеспи. Андан ары өзүм аттанып кете берем.

Дурусбек менен Кенжекан жанаша басып кетишти. Коштошууга Дурусбек эшик алдында кол сунду эле, кыз шашкандай колун узата салды. Тиги бир топко кармап, кадала тиктеп туруп калды. Кенжекандын алаканы нымшып чыкты.

– Таанышып алдык, көрүшкөндө саламдашып туралы?

– Макул… «Ушинтип жооп бериш керек беле, же башкачараакпы» – деген кыязда кыз жер тиктеди.

– Мен эгер сиз ойлогондон көбүрөк көрүнүп, көбүрөк салам берсем, капа болбойсузбу?

– Жок… «Бул жообумчу» деп Кенжекан ичинен, тигинин эмне үчүн а деген жерден ушул суроолорду берип жатканына бир жагынан таңыркаса, экинчи жагынан жүрөгү ысыды.

– Эч кимди таарынтпайымбы, ары-бери каттаганда мектебиңизге, же үйүңүздү көрүп алдым, биерге тийип салам берип өтсөм?

– Кимди таарынтмак элеңиз?

– Анда көрүшкөнчө кошуңуз. Жакшы түш көрүп жатыңыз. Кийинки жолугушканда айтып бересиз, макулбу?

– Макул…

Эми биротоло тердеп чыккан колун бир азга коё бербей турса экен деп тилеген Кенжекан ошентип, Дурусбектин жанагы суроолоруна туура же натуура жооп бергенин сезбей калган. Бирок ал жоопторду ошол күнү, андан бир нече саат мурда пайда болгон купуя сезим айттырып жатканын кийинчерээк билди. Андан бир ай өтпөстөн Дурусбек мектепке келди. Башка колхоздон келатыптыр. Кенжекан иштеген мектеп жол боюнда эле. Бу сапар мындагы комсомол жана пионер уюмдарынын иши менен таанышуу үчүн кайрылыптыр. Кенжекан менен аңгемелешти. Аны колхоздун конторуна чейин, анан өзү менен бирге алып кетти. Ал башкарган уюмдун ишине тиешелүү кагаздарын баары ошол жерде эмеспи. Демек шылтоо жүйөлүү. Эч кимдин шек саноого акысы жок. Бүгүн ал Кенжекандын жүзүнөн, кыймылынан, сөзүнөн мурункудай кысылгандыкты, ийменгендикти байкаган жок. Тескерисинче, ал мунун тамашасына тамаша менен жооп берип жатты.

Бу жолу да Дурусбек аны үйүнө узатып койду. Кенжекан мектепке жакын жердеги бирөөнүкүндө өзүнчө бөлмөдө жашачу. «Баягыда үйгө кириңиз дегенден уялдым. Эми жакшы таанышып калдык, кирип даам татып чыгыңыз. Эшикке келип, үйгө кирбесеңиз, салтты бузгандык болот» – деп Кенжекан тигини чыканактан ала өзү жетелеп кирди бөлмөсүнө. Ошондон тартып, Ашымов бу колхозго, айрыкча мектепке көп келчү болду. Келген сайын Кенжекан жашаган узун тамдын четки бөлмөсүнө кирбей кетчү эмес. Алардын таанышканына беш ай толбой, жогор жактан келген жаңы көрсөтмө боюнча Дурусбекке окшогон жеңил жарадарларды кайрадан комиссиядан өткөрүштү. Дурусбек ошентип, экинчи жолу 1944-жылы согушка кетет. Биринчи катында мындай дептир: «Кенжеш, мен кайрадан жоокерлердин сабындамын. Польшанын жерине келдик. Кайрадан минометтук взводду беришти, офицер эмесминби. Буйрук экен, күтпөгөн жерден тааныштык эле, күтпөгөн жерден кайра ажыраштык. Бүгүн минтип кат жазып отурам, балким эртең… Жок, андайды оюма да алгым келбейт. Сени менен кайра жолугушууга тийишмин. Ошол күнү той өткөрөбүз. Ага чейин сагынбай коё тур, Кенжешим… Келечектен тезирээк көрүшүүнү тилеп, Дурусбегиң».

Ушул катты алганда Кенжекан эки күн мектепке барбай ыйлады. Ооруга шылтоолоп, үйүнөн чыкпай жатып алды. Дурусбек кеткенде да үч күн ыйлаган. Үйдүн кемпири араң соороткон. «Жалгыз сен эмессиң, кызым, эркегинен ажырап аткан, сабыр кыл. Аман болсо келип калар, уруш бүтөт имиш го жакында». Түркөй кемпир тигини Кенжеканга биротоло эр санап калган. Анткени жайдары жана ынамдуу Дурусбекти алар мында келген сайын көрүшчү. Кенжекандын коштоосу менен бул үйдүн босогосун аттар замат ал а дегенде карыларга салам айтып, анан кыздын белмөсүнө кирер эле.

Ал болочок күйөө экенин Кенжекан а дегенде кемпирге билдирет, ал болсо чалына. Ошол бойдон кат-кабарсыз кеткен Дурусбек 1946-жылы Ыраакы чыгыштан демобилизацияланып келет…

…«Андан бери мына, жыйырма бир жыл өтүптүр» – деди Ашымов, эсин эми гана жыйгандай креслосуна түз отура калып.

*     *     *

Кенжекан боюна бүткөнүнө толук көзү жеткенден кийин, апасын, жалгыздыгын, оорукчандыгын шылтоо кылып, окуу жылы бүтөрү менен райондон өз айлындагы мектепке буйрук алат. Жесир апасына ал болгон окуяны жаап-жашырбай, төкпөй-чачпай айтып берет. Апасы адегенде кубанып, «Согушка кайра кетип калды» – дегенде: «Бактысыз кызым, ай, жаштыгың ошол да, болбосо мени чакырбайсыңбы, никеңерди кыйдырып коёт элем. Эми келсе го дурус аман-эсен. Кокус келбей калсачы? Анда кантесиң? Ким ишенет, эрге тийген элем десең?» – деп ыйлаган. Ага кошулуп кызы да бар күнөөсүн ошондо сезгендей, көпкө шолоктоп басылган.

Анан Кенжекандын эсине Дурусбектин алыстан жазган каты түшөт. Ошону менен энесин, өзүн сооротуп: «Мына, каты анын. Буга да ишенбейби эл? Ишенет. Мен болсо ага өзүмө ишенгендей ишенем. Жер каратып кетүүчүлөрдөн эмес да. Аты Дурусбек, апа. Аты жакшы бекен? – деп анан ийинден ала жаркылдаган.

– Жакшы экен аты, жакшы экен, кызым. Эми бактыңа келип калса болгону. Ата-энеси бар бекен?

– Бар. Ага-туугандарым да бар деген.

– Жакшы экен анда, кызым. Өнүп-өскөн жер турбайбы. Сенин жалгыздыгыңа жараша күйөөң канат-бутактуу болсо экен деп тилечүмүн. Кудай тилегими берген экен. Кеткен жагынан аман келсин ылайым, эми экөөлөп ошону тилейли жараткандан, – деп күйөө баласына жалынып-жалбарып алган.

Кенжекандардын айылы борбордон алыс турчу. Анын толгоосу күтпөгөн жерден башталат. Төрт колхозу бар сельсоветте жалгыз фельдшер иштөөчү. Ал ары чуркап, бери чуркап, колхоздон бир унаа тапкыча күн батып, түн кирет. Түштө толгоосу башталган Кенжекан ошентип, таңга жуук көз жарат. Бала жерге түшкөндөн кийин эки саат өтпөй, кан көп кеткендиктен, өзү жан берет. Ошентип, Жумагүл атасын да, апасын да көргөн эмес. Алардын аттарын гана таенесинен угуп жаттап калган эле. «Атаң согушка кетип, келбей калды. Энең сени төрөгөндө көз жумган» – деген ал небереси жети жашка толуп, мектепке барар жылы.

Кайгырганды да билбесе керек ал курагында бала. Же ата менен эненин мээримине чулганбай өскөн перзент ошентип калабы. Кыз болпоюп бир чекитке тиктеген бойдон саамга отурат да, кайра эле ойноп кетет. Ал үчүнчү класста окуп жүргөн кезде таенеси да каза болот. Ошентип, кыздын калган өмүрү он биринчи класска чейин балдар үйүндө өткөн. Андан ары окууга барбастан, шартка жараша өз районуна келип, автобазага ишке орношкон эле.

Эки жылдан ашып баратат Жумагүлдүн мында иштегенине. Бирок ушу районду башкарып жаткан киши атасы экени анын түшүнө да кирген эмес. Кенжекандын өлгөнүн Дурусбек келгенден кийин билет. Андан кыз калганын да билет. Бирок аны издеп табууга, али жүз көрүшө элек кайын энесине көз көрсөтүп, кызын алып кетпесе да «Атасы менмин, жардам берип турамын» – дегендей адамгерчилик талап кылчу сөздү айтууга жараган эмес. Ата-энесине, ага-туугандарына да билдирген эмес. Мына ошону эстеп азыр дал ортосунан, маңдайынан муздак тер чыгып, өзүн-өзү күнөөлөп отурду.

Кылмышы көптөн кийин мойнуна коюлган кишидей кыжаалат тартып отурду. Отуз бир жылдан бери элден, мамлекеттен көргөн сый-урматы, азыркы кызматы да ал кылмышынын алдында өз маанисин жоготуп, башы айланып, көздөрү тунарып, шылкыя берди…

Ушул убакка чейин, ар убак дилин тазартып, көңүлүн көтөрүп, золобосун бийиктентип жүрчү өзү жөнүндөгү ишеним сууга тийген кесектей бир жагынан урай баштагансыды. Дурусбек согуштан кайткандан кийин бир гана жыл райкомдо бөлүм башчысы болуп иштеген. Анан Фрунзеге эки жылдык партиялык мектепке барат. Аны бүткөн соң райкомдун үчүнчү секретары, кийинчерээк ошол жерде райисполкомго председатель болуп иштейт. Ал кызматка көтөрүлгөнүнө төрт жылга жетпей районго райкомдун биринчи секретары болуп барат. Эки район кошулуп, ирилешкенде аны ушул өзүнүн районуна жиберишкен. Ошентип, жалаң гана секретарлык кызматына он беш жылга жакындап калды.

Анын ортосунда Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүп алган. Кайсы районго барса да, иши оңунан чыгып, макталгандардын, сыйлангандардын тизмесинен түшпөй жүрөт. Ушулардын баарын өтө тездик менен көңүл чотунан өткөрүп, тулку бою менен сезип отурган азыркы Ашымовду уят эки ийининен, төбөсүнөн төмөн ныгыра басканга, көөдөнү ого бетер алоолонду.

Креслодон бери жүткүнө берип графинден дагы суу куюп ичти. Тезирээк күнөөсүн мойнуна алып, ушул кыжаалат ойдон кутулгусу келди. «И, сиз менин атам турбайсызбы?… Эмне үчүн жашынып жүрдүңүз?»… Жанагы кыз, Дурусбекова деп өзүнүн атын фамилия кылып алып жүргөн кыз, эми ушул суроо менен өзүнө тике карап туруп алды…

Ашымов кайра залга келди. Он мүнөтчө жоголуп кеткен секретардын өзгөргөн өңүнө кудай жалгап бюро мүчөлөрүнүн эч кимиси караган жок.

– Жанагы Дурусбекова деген кыз эмне болду? – деди өзүн токтотуп алган соң Ашымов экинчи секретарына акырын шыбырап.

– Өттү, – деди берки да пас добуш менен.

Бюронун бүгүнкү күн тартибиндеги он бир маселе кечки саат жетиде барып араң бүттү. Ашымов жанагыдан кийин да эки-үч жолу кабинетине барып суу ичип келди. Алдында турган графинден кайра-кайра ичкенден уялды. Үч-төрт жылдан бери Ашымов катуу ачууланса, бир нерсеге капаланса, жүрөгү кысылчу дартка чалдыккан. Бүгүн да ошонусу кармады. Үйүнө барып, дарысын ичип, жатып алды.

Аялы Салый бул жолу да күйпөлөктөп, алды-үстүнө түштү. Тиги түнү менен уктаган жок. Кечээ партияга кабыл алынган тааныш кыздын элеси көз алдына келе берди, келе берди… Жүрөгүн мыкчыган ойдон тезирээк кутулуунун жолун издеп, түн бою алдастап чыкты. Секретарь эртеси кабинетинде көпкө буйдалган жок. Аяк-быякка телефон чалып сүйлөштү да, анан машинасына отуруп түз эле автобазага барды. Көптөн бери анда боло элек. Базанын начальниги өзүндө экен. Аны ээрчитип алып, ремонт цехтерине киришти.

Рейске чыкпай турган машиналарлы кыдырып көрүштү. Короонун ортосунда туруп, анан ал базанын кем каржысы, адамдары тууралу сурамжылады начальниктен. Ушундан кийин гана мында келген негизги жумушун тышка чыгарды.

– Кечээ партияга бир кызды кабыл алдык силердин базаңардан, билесиңби?

– Дурусбекованы айтасызбы?

– Ооба.

– Билбегендечи, диспетчер, былтыртан бери комсорг. Базада үч киши болсо, ошолордун бири да ал. Эң активдүү кыз.

– Кайда жашайт?

– Квартирада. Бир орус кемпирдин үйүндө.

– Азыр бу жердеби?

– Ушу жерде.

– Кана, жүрчү көрөлү, партияга өткөндөн кийин кандай болуп калды экен кызыңар, – деди Ашымов кечээтен берки суз өңүнө бир аз жылмаюу жиберип.

Кезектеги шоферго путевка жазып жаткан экен Жумагүл булар киргенде.

– Кандай, кызым, («кызым» деген сөз кечээтен бери дилинде нечен жолу кайталагандыктанбы, тил учунда эле) партияга өткөндөн кийинки маанайың?

– Жакшы, агай, – деп Жумагүл ордунан тура келди.

– Атайын сени куттуктайын деп келдим, кызым. Кечээ мен бир жумуш менен кабинетиме кирип, кайра чыкканча кетип калган экенсиң.

Кыз уялыңкы жер тиктеди.

– Ишиң жагабы өзүңө?

– Жагат.

– Окууну кантесиң?

Бул суроону кызга кечээ да беришкен. Бирок Ашымов аны уккан эмес да.

– Келерки жылы кетсемби деп турам.

– Кайсы институтка?

– Политехникалык институтка.

– Сөзсүз барыш керек. Жардам кылабыз.

Ашымов кыздан көзүн албай сүйлөшүп жатты. Кечээгилерин кайра тактап алгысы келди. Баарысы: уялыңкы күлгөнү, жылмайганда көрүнгөн тептегиз аппак тиштери, ак жуумал өңү, добушуна чейин Кенжеканга окшош экен. «Так өзү…» Ашымовдун чыныгы аталык мээрими ашып-ташып чыкты. Өзүнө ийменип, бирде бери карап, бирде жерди тиктеп суроосуна жооп берип жаткан келбеттүү кыздын колунан чап кармай: «Сен менин кызымсың, жүр эми, кеттик үйгө» – деп ээрчитип жүрө бергиси келип, өзүн араң токтотту, акырын гана коштошуп, артына жөнөдү.

Кечке жуук үйүнө келатканда мындай чечимге келди. «Жетишет муну жарыя кылуу керек. Эл билсин. Ушул убакка чейин аны издебегеним үчүн алар мени сөзсүз ачык да, купуя да жемелешет, айыпташат, күнөөлөшөт. Алар туура кылышат. Мен ошондой адилеттүү жемеге татырлык жаңылыштык кетиргеними азыр түшүнүп олтурам. Жумагүл – менин кызым. Демек, бүгүндөн баштап менин эки кыз, бир уулум эмес, үч кыз, бир уулум бар. Бул тууралу а дегенде үй-бүлөм билүүгө тийиш. Баарынан мурда жарым Салый билүүгө тийиш».

Аны менен Фрунзедеги эки жылдык партиялык мектепте окуп жүргөн кезинде баш кошкон. Экөөнүн тун кызы Москвадагы бир институтка кирди быйыл. Салый орто мектепте мугалим. Ашымовдун түшүнүгү боюнча ал мугалим гана эмес, ыймандуу жар, мээримдүү эне да. Ошого баарын айтат, өзүнө күнөөнү алып отуруп айтат. Ал туура түшүнөт. А дегенде чочуйт, демек өзү ойлоп жүргөндөй, ал Ашымовдун биринчи аялы эмес, экинчи аялы экенин билгенде, сөзсүз чочуйт, өгөйлөйт. Ыйлап алышы да мүмкүн, анан барып жоошуйт.

Анан көздөрүн аарчып алып, өңү кубара анын чечимин күтүп отурган күйөөсүнө карап: «Кызда күнөө жок. Сен күнөөлүсүң. Апасы күнөөлүү. Бирок экөөң үчүн кыз жазаланууга тийиш эмес», – дейт. «Ананчы? Анан билбейм…» Аялы менен бүгүнкү беттешүүнү жогоркудай элестеткен Ашымов каш карайганда келип, машинадан түштү да, терезелеринен тышка жарык мөл төгүлүп турган үйүнүн босогосунан чечкиндүү аттады…

1960

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.