Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

«РухЭш» сайты республикалык мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты – өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду өз эне тилибизде тили жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу. Конкурстун шарты: Бул конкурска 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары республиканын баардык аймактары боюнча катыша алышат. Дилбаяндын негизги темасы: «Айтматовдун мен окуган чыгармасы». Конкурска жөнөтүлгөн дилбаяндарды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2019-жылдын 10-майына чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу түрдө улантылат. Өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн […]

Кыргыз эл жомогу: Зыйфырым

Илгери, илгери бир кандын уулу өз вазиринин кызын алган экен. Күн өткөн сайын кандын уулуна: «Өзү кандын баласы болуп туруп вазиринин кызын алды. Башка падышанын балдары бүт кандын кызын алып жатат. Бул деле ошентсе болмок, бул кыз анын теңи эмес»,- деген сөздөр угулат. Бул өңдүү сөздөрдү уккан сайын кандын баласынын жини келип, аялын ура баштайт. Күндөрдүн биринде кыздын жеңеси келип: — Өзүң вазирдин кызы болсоң, күйөөң кандын баласы болсо, эмне көңүлүң пас, эмнеге жүдөйсүң?- деп сурады. Кыз мурун айтпай коюп, […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын башаты – Мекен

«Топурактан жаралганбыз, топуракка барабыз» деген элдик түшүнүктүн төркүнү эл тамыры менен жер тамыры киндиктеш экендигин шоораттап турат. Кыргыз баласы туулган жерин ата мекеним, ата журтум, ата конушум деп, жердин ээсин аталар деп түшүнгөн. Ошондуктан, уул балдарда мекенди, эл-жерди коргоочулук сапаттар тарбияланган. Жоокерчилик замандарда элибиз маркумдардын сөөгүн бөтөн жерге калтырбай, өз жерине алып келип жашырышчу экен («Өгүздүн (огуздун) өлгөн жерине өкүр»). Айылдан узап баратканда же ага келатканда адегенде арбактарды эсте деп, мүрзөнү айылдын кире беришине, же секиге, көрүнүктүү жерге коюшчу экен. […]

Жек Лондон: Мартин Иден

<<<<<<<<Башы X ГЛАВА Бул кечте Мартин Морздордукуна конок болуп калды жана Руфту чексиз кубандырып, анын атасына жагымдуу таасир калтырды. Аңгеме Мартин беш колундай жатка билген матростук кесип жөнүндө жүрдү: кийин мистер Морз аны абдан тапкыч жана акыл-эстүү жигит экен деп сыпаттады. Кеп үстүндө Мартин орой жана ыксыз сөздөрдөн сактанып, адептүү конок катары шашпай, айтайын дегенин жакшылап түшүндүрүп жатты. Түшкү тамактын алдында былтыркыдай кысынып-кымтынбастан алда канча эркин отурду, Мартинде пайда болгон мындай бурулуш кыздын апасы мисс Морзду да абдан таңыркатып, жагымдуу […]

Дооронбек Садырбаев: Диссертация

АҢГЕМЕ Өйдө-ылдый сөз чыгып кетпесин үчүн эмитен эскертээрим: Букеш экөөбүз баягыдай эле ынтымактуубуз. Кудайга шүгүр, эл катары оокатыбыз бар, эч кимден кем эмеспиз. Ырас, ал «окумуштуу болом» — деп оолукканга чейин мындан да ынтымактуураак элек. Баягыда эле, «мен дагы аспирантурага өтүп, башкаларчылап бир илимди бучкактап көрсөм кандай болор экен»? — деп калыптыр. Жок дебедим. Аялым аспирантурага өттү, аны менен кошо үй тиричилигинин түйшүгү жана жаңыдан тамтуң басып келаткан кызыбызды тарбиялоо милдети толук бойдон менин мойнума жүктөлдү. Мунусуна да көндүм. Акыры […]