«РухЭш» сайты республикалык мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты – өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду өз эне тилибизде тили жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу.

Конкурстун шарты:

Бул конкурска 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары республиканын баардык аймактары боюнча катыша алышат. Дилбаяндын негизги темасы: «Айтматовдун мен окуган чыгармасы».

Конкурска жөнөтүлгөн дилбаяндарды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2019-жылдын 10-майына чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу түрдө улантылат. Өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн арттырууну каалаган улан-кыздар «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу дилбаянын «РухЭш» сайтынын ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.

Аталган конкурстун жеңүүчүлөрү окуу жылдын соңуна карата (2019-жылдын) аныкталат жана ар бир жеңүүчүнүн аты-жөнү ЭлТР каналынын түз обосу аркылуу жарыяланат. Андыктан ар бир дилбаяндын автору өзүнүн аты-жөнүн жана өзү окуган мектеби, жашаган аймагы туурасында так маалыматты жөнөтүүгө тийиш. Конкурстун калыстар курамы улан-кыздардын ар биринин көркөм ой жүгүртүү жөндөмүнө жана фантазиясына көңүл бурат.

Эскертүү: Ар бир автордун эки барактан ашпаган дилбаяны 4А\12-арип көлөмүндөгү Word форматында гана кабыл алынат, кол жазма түрүндө жөнөтүлгөн дилбаяндар кабыл алынбайт. Дилбаяндын мазмунунда Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын кошумчалоонун кажети жок. Ар бир мектеп окуучусу «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу теманын тегерегинде гана өзүнүн ой өрүшүн ачып берүүгө тийиш.

ӨҢҮ — кыргызча тамгасы жок дилбаяндар конкурска кабыл алынбайт!

Байге фонду 50 000 (элүү миң) сом

1-байге – 8 000 (сегиз миң) сом

2-байге – 7 000 (жети миң) сом

3-байге – 6 000 (алты миң) сом

4-байге – 5 000 (беш миң) сом

5-байге – 4 000 (төрт миң) сом

6-байге – 3 000 (үч миң) сом

7-байге – 2 000 (эки миң) сом

8-байге – 1 000 (бир миң) сом

Кызыктыруучу байгелер үчүн 14 000 (он төрт миң) сом каралат.

P.S. Урматтуу ата-энелерден жана мугалимдерден суранаарыбыз: уул-кызыңыздын же окуучуңуздун өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн арттырууну кааласаңыз, анын дилбаян жазуусуна көмөк көрсөтүүдөн алыс болуңуз. Арийне, уул же кызыңыздын, же өз окуучуңуздун чыгармачылык жөндөмүн сыноону кааласаңыз, сиз тек гана аталган конкурска кайдыгер карабай, конкурстун шартын түшүндүрүп берүүгө гана жардам бергениңиз жетиштүү!

Калыстар курамы:

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ — Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти.

Абдыкерим МУРАТОВ

Абдыкерим МУРАТОВ –жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору.

Дүйшөн ШАМАТОВ

Дүйшөн ШАМАТОВ – Билим берүү илиминин доктору, Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинин мугалими.

Жетиген АСАНБЕК – «РухЭш» сайтынын шеф-редактору, котормочу жана мугалим.

Жетиген АСАНБЕК

 

 

 

Бул конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевге «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты терең ыраазычылык билдирет!

1) Махамадсабирова Жаркынай: Танабай жана Гүлсарат (өспүрүмдөр конкурсуна)

2) Касымалиева Самара: Айтматовдун чыгармалары мени мугалим болууга шыктандырды (өспүрүмдөр конкурсуна)

3) Орозобекова Гүлнара: «Биринчи мугалим» повести (өспүрүмдөр конкурсуна)

4) Байышбекова Айданек: “Тоолор кулаганда” романы (өспүрүмдөр конкурсуна)

5) Алмазбек уулу Бексултан: Жамийланын образы (өспүрүмдөр конкурсуна)

6) Жусупова Риза: «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести (өспүрүмдөр конкурсуна)

7) “Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна (№7 дилбаян)

8) Болот кызы Нурзат: Мен окуган “Саманчынын жолу”

9) Аруулукка үндөгөн “Ак кеме” повести (№9 дилбаян)

10) Айтматов дайым бизге замандаш боло берет (№10 дилбаян)

11) Файзулдаева Бегимай: Адам бойдон калалы (№11 дилбаян)

12) Муктар уулу Максатбек: Айтматов – дүйнө элин таалим-тарбиячысы (дилбаян №12)

13) Рахим кызы Жазгул: Саманчынын жолуна карай (дилбаян №13)

14) Исламидин кызы Нилуфар: Айтматовдун каармандары (дилбаян №14)

15) Бекеева Айзирек: Аалам алпы Айтматовдун сырдуу обону (дилбаян №15)

16) Жумабек кызы Перизат: Бахиананы кечилдикке кыйган жокмун (№16 дилбаян)

17) Алтынбек кызы Айдай: Мен сүйгөн “Ак кеме” (№17 дилбаян)

18) Кадырбаева Нураида: Нан өлбөйт экен го… (№18 дилбаян)

19) Мирлан уулу Сыймык: Наристе өз ата-энеси менен жашасын (№19 дилбаян)

20) Жолдошбек уулу Бектур: Танабай менен Гүлсары (№20 дилбаян)

21) Бактыбек кызы Нурия: Туура жолду тандайын десеңиз… (№21 дилбаян)

 22) Мазарбекова Алия: Табият жана адам (№22 дилбаян)

23) Бакытбек кызы Перизат: Көөдөнүң жарды болбосун (№23 дилбаян)

24) Карагулов Акылбек: Аруулукка чакырган “Ак кеме” (№24 дилбаян)

25) Мурсалиева Бегимай: Өз курагынан эрте жетилген каармандар (№25 дилбаян) 

26) Рыскулова Айзирек: Аалам алпы Айтматов (№26 дилбаян)

27) Райымбек кызы Мээрим: “Ак кеме” — менин сүйүктүү чыгармам (№ 27 дилбаян)

28) Садыбакасова Каныкей: Жүрөк эңсөөсүн тапкан Жамийла (№28 дилбаян)

29) Орозалиева Алия: Ар адамдын өз Ак кемеси бар (№29 дилбаян) 

30) Бакытбек уулу Кутманбек: Садык акемди аядым… (№30 дилбаян)

31) Анарбеков Бекбосун: Өспүрүмдөр тагдырына “эрте келген” кесепет (№31дилбаян)

32) Алтынбекова Бегайым: Көл Энеге көз жаш төккөн Акбара (№32 дилбаян)

33) Муратова Назика: Балдарыңарды аягыла (№33 дилбаян)

34) Канат кызы Мээримгүл: Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала (№34 дилбаян)

35) Алимбекова Акбермет: “Адам өнөрдү бапестеп өстүрүүсү абзел” (№35 дилбаян)

36) Аманкелди кызы Асел: Абийир өлгөндөн артык өлүм барбы? (№36 дилбаян)

37) Умар кызы Айзирек: Жылдыздардан өрнөк алалы (№37 дилбаян)

38) Муратов Илимбек: “Саманчынын жолу” – кайратман, даанышман эненин тагдыры (№38 дилбаян)

39) Курманбеков Ырыскелди: Дүйшөн агай бүгүнкү күндө барбы? (№39 дилбаян)

40) Ажимамат кызы Айтунук: Эгерим согуш болбосун (№ 40 дилбаян)

41) Аманкелди кызы Асел: Адамдын абийир ѳлүмү (№41 дилбаян)

42) Кубатбек кызы Уулжан: Эне мээрими жана санаасы (№42 дилбаян)

43) Шамшиева Аида: Кызыл  алма – сүйүүнүн символу (№43 дилбаян)

44) Жекшенбай кызы Эльвира: Толгонайдын энелик айкөлдүгү (№44 дилбаян)

45) Эсен кызы Алтынай: Дүйшөндүн эмгеги жерде калган жок (№45 дилбаян)

46) Рахманкулова Алина: Толгонай — бүткүл адамзаттын энеси (№46 дилбаян)

47) Турдалиев Нурэлес: Бала — акактай тазалыктын, аруулуктун символу (№47 дилбаян)

48) Жыргалбаева Айдай: Бакыт алып келген турналар (№48 дилбаян)

49) Абдигапарова Канайым: Мен да Дүйшөндөй мугалим болгум келет (№49 дилбаян)

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.