«РухЭш» сайты республикалык мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты – өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду өз эне тилибизде тили жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу.

Конкурстун шарты:

Бул конкурска 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары республиканын баардык аймактары боюнча катыша алышат. Дилбаяндын негизги темасы: «Айтматовдун мен окуган чыгармасы».

Конкурска жөнөтүлгөн дилбаяндарды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2019-жылдын 10-майына чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу түрдө улантылат. Өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн арттырууну каалаган улан-кыздар «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу дилбаянын «РухЭш» сайтынын ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.

Аталган конкурстун жеңүүчүлөрү окуу жылдын соңуна карата (2019-жылдын) аныкталат жана ар бир жеңүүчүнүн аты-жөнү ЭлТР каналынын түз обосу аркылуу жарыяланат. Андыктан ар бир дилбаяндын автору өзүнүн аты-жөнүн жана өзү окуган мектеби, жашаган аймагы туурасында так маалыматты жөнөтүүгө тийиш. Конкурстун калыстар курамы улан-кыздардын ар биринин көркөм ой жүгүртүү жөндөмүнө жана фантазиясына көңүл бурат.

Эскертүү: Ар бир автордун эки барактан ашпаган дилбаяны 4А\12-арип көлөмүндөгү Word форматында гана кабыл алынат, кол жазма түрүндө жөнөтүлгөн дилбаяндар кабыл алынбайт. Дилбаяндын мазмунунда Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын кошумчалоонун кажети жок. Ар бир мектеп окуучусу «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу теманын тегерегинде гана өзүнүн ой өрүшүн ачып берүүгө тийиш.

Байге фонду 50 000 (элүү миң) сом

1-байге – 7 000 (жети миң) сом

2-байге – 6 000 (алты миң) сом

3-байге – 5 000 (беш миң) сом

4-байге – 4 000 (төрт миң) сом

5-байге – 3 000 (үч миң) сом

6-байге – 2 000 (эки миң) сом

7-байге – 1 000 (бир миң) сом

Кызыктыруучу байгелер үчүн 12 000 (он эки миң) сом каралат.

P.S. Урматтуу ата-энелерден жана мугалимдерден суранаарыбыз: уул-кызыңыздын же окуучуңуздун өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн арттырууну кааласаңыз, анын дилбаян жазуусуна көмөк көрсөтүүдөн алыс болуңуз. Арийне, уул же кызыңыздын, же өз окуучуңуздун чыгармачылык жөндөмүн сыноону кааласаңыз, сиз тек гана аталган конкурска кайдыгер карабай, конкурстун шартын түшүндүрүп берүүгө гана жардам бергениңиз жетиштүү!

Калыстар курамы:

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ — Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти.

Абдыкерим МУРАТОВ

Абдыкерим МУРАТОВ –жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору.

Дүйшөн ШАМАТОВ

Дүйшөн ШАМАТОВ – Билим берүү илиминин доктору, Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинин мугалими.

Жетиген АСАНБЕК – «РухЭш» сайтынын шеф-редактору, котормочу жана мугалим.

Жетиген АСАНБЕК

 

 

Бул конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевге «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты терең ыраазычылык билдирет!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.