Чубак Жалилов: Эмне үчүн китеп окууга милдеттүүбүз?

بسم الله الرحمن الرحيم الحمد لله رب العالمين، و صلى الله تعالى على رسولنا محمد و على آله و أصحابه أجمعين، أما بعد: Кээ бир жаштарды эске албаганда жаңы муун китеп окубай калды… Анын бир канча себебин айтсак болот: Интернет жана башка маалымат булактарынын кеңири жайылуусу; Убакыттын тардыгы; Күнүмдүк жашоо менен алек болуу; Китеп баасынын кымбаттыгы… Бирок булардын баары китеп окууну өзүнө маданият катары сиңирген, жашоосунун бир бөлүгү катары караган адамга тоскоолдук деле болуп саналбайт. А балким, олуттуу түрдө китеп […]

Кубатбек Жусубалиев: Акындардын пири Секелек Сары Кыз шатысы бийик үйдө жашайт

АҢГЕМЕ Экөө үйдөн чыгышты. Атасы каалганы жапкан жок. Кызы коркуп кетти. — Жап, ата, каалганы жап! Атасы кайра үйгө кирип кетет деп коркту. Экөө шатынын түгөнгөн текчесинде турушту. Шаты ушул жабылуу окшош төрт каалганын босогосуна келип, шыпка чыгып кетет. Шыптын оозунан төөнүн көзүндөй күн түшөт. Азыр шатынын эң акыркы тепкичинде жатты. Экөө жанында турушту. Кеп кылышты. Акындардын пири Секелек сары кыз менен атасы күндү кеп кылышты. Экөө дайыма сүткө тойгон балтектей тепкичте уктап жатканын көрүшөт. — Дагы уктап жатат, — […]

Нурзада Кубанычбекова: Бөбөктүн ыракаты

ЭССЕ Терезеден тийген күндүн нуру мотурайган жүзүн аймалап, анын тынч укташына тоскоол болуп жатты, уйку-соо ортосунда быйтыйган алакандары менен бетин калкалаганга аракет кылганычы. Ансайын күн нурунун эсепсиз шоокуму кичкинтайдын бетин аймалаганы… Уйку сураган кичинекей көздөрүн, быйтыйган колдору менен ушалай берди… Таттуу уйкудан дароо ойгонуп, көзүн ача албай бир далайга дейре, улам-улам көздөрүн ушалап мойтоюп жата берди…  Күн болсо бөбөктүн жүзүнөн сүйгөнүн койбоду, эмнегедир кичинекей көздөр ачылууга чамасы жетпегендей… Бир аздан соң апасынын тааныш жыты, аяр дабышы, мээрим чачкан жүзү аны […]