بسم الله الرحمن الرحيم

الحمد لله رب العالمين، و صلى الله تعالى على رسولنا محمد و على آله و أصحابه أجمعين، أما بعد:

Кээ бир жаштарды эске албаганда жаңы муун китеп окубай калды… Анын бир канча себебин айтсак болот:

  • Интернет жана башка маалымат булактарынын кеңири жайылуусу;
  • Убакыттын тардыгы;
  • Күнүмдүк жашоо менен алек болуу;
  • Китеп баасынын кымбаттыгы…

Бирок булардын баары китеп окууну өзүнө маданият катары сиңирген, жашоосунун бир бөлүгү катары караган адамга тоскоолдук деле болуп саналбайт.

А балким, олуттуу түрдө китеп окуудан тоскон нерсе -негизги себеп катары — жаштардын “китепке болгон муктаждыкты” сезе албай жатышканындадыр.? Албетте, бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. А балким, алар чындап эле инсан менен коомдун өсүп өнүгүүсүндөгү китептин маанисин, кымбат кадырын билишпейт. Акыйкатта, китеп окуу, өсүп-өнгөн коомдун, аң-сезимдүү маданият ээсинин эң жаркын белгилеринен болуп таанылат.

Адам психологиясын изилдеген окумуштуулар менен тарбия берүүнүн адистери бардык жаш курактагыларга китеп окууну сунушташат. Китеп окуу окурманга илим менен билимдин, интеллектуалдык байлык менен ырахаттануунун эшигин ачып берген жалгыз эшик. Ал маданияттын, жогорулоонун, өсүп-өнүгүүнүн ачкычы.

Ар бир окулган жакшы китеп, жаңы тажрыйба, акыл-эстүүлөрдүн акылы менен байланышуу демектир. Анткени жакшы китеп адамга жаңы пикир тартуулап, өзүндөгү чечилбеген маселеге жооп берип, туңгуюктан чыкканга себеп болот. Билбегенин билип, чала билгенин толуктайт. Жан-дүйнөсүн азаптаган балээден кутулат.

Китеп окуу жөнүндө сөз болгондо китеп текчеге жыйылган кооз китептерди сатып алуу жөнүндө айткым келген жок. Кээ бирлер кабинетти же конок үйдү өзүнүн окумал маданияттуу экендигине басым коюу үчүн чогултушат. Туш кийиздин жаңыча түрүн пайдаланышат десек да туура болот. Ал эле эмес жаңы кызматка келген чиновниктерге да кымбат китептерди белекке беришет, бергени да алганы да китепти окумак турсун барактап да көргөн эмес. Китеп окуу дегенде түбөлүк жашоого укук алган дүйнөлүк классиканы, илимий-агартуу жана жалпы маданият тармагындагы жаңы пайдалуу китептерди  “аш кылып” окууну эске туткум келди.

Кээ бир адамдардын абдан кооз, кенен жана бай китепканасына күбө болуп, бирок андан азыраак болсо да пайдалангандыгын сезе албай каласың. Же китепти такыр окубайт, окуса да китептин негизги мазмун-маанисине, айткысы келген пикирине эмес, кээ бир фактыларга, окуяларга гана маани берип окуйт. Тагыраагы, китеп менен бирге жашабай туруп окуп койгон болот. Анткени, китепти чындап окуган адамга анын берекеси көрүнүүгө тийиш. Ач калган арык адам тамак жей берсе жылтырап семиргендей эле, китеп окуган да аруулануу менен улуулуктун жана даанышмандыктын жолуна түшүүсү кажет эле…

Эң жакшы китептерди терең ойлонуп окуу менен чала барактап, үстүртөн окуп, убакытты кескилеген оокат таптакыр эки  башка нерсе.

Эмнени окуйбуз жана кантип окуйбуз?

Китепти ынтаа менен окуу өмүрдүн бардык кезеңинде өтө пайдалуу. Эске алчу жагдай, эмнени окуп жатабыз? Эң эле күмөндүүсү жеңил желпи окуулар, убакытты өткөрүүгө арналган азгырык китепчелер маалыматыбызды байытууга салым кошуп жатуусу. Эгер инсан дүйнөлүк адабияттын дөө-шааларынын чыгармаларын, инсан акылын көркөм жемиштерин окуп жүргөн болсо, ошого көнөт, калыптанат. Андан оңой менен суурулуп чыга албайт. Илимий техникалык прогресс канчалык алдыга жылса да, аң-сезимдер менен баалуулуктар канчалык алмашса да, муундар канчалык жаңыланса да адамзат тарыхынын сабагын өзүнө камтыган, акыл-эстин жыйындысын сиңирген, жашоо тажрыйбасынын эскерүүлөрүн кылдаттык менен сүрөттөгөн, даанышмандыктын чөбөгөсүн кыттай кылып куйган дүйнөлүк классика өзүнүн ордун эч кимге бербейт.

Аалам, жаратылыш жөнүндө айткан илимий китептер билимибиздин кеңейүүсүнө, элестетүүбүздүн жандуу болуусуна, фантазиябыздын чындыкка жакындоосуна жана табиятты дагы да тереңдеп түшүнүүбүзгө данакер болот. Тарыхий, маданий китептер маалыматыбызды көбөйтүп, учурга жана келечекке болгон бекем кадам таштоого өзүнүн сабактары менен көмөкчү болот.

Биографиялык эмгектер менен эскерүүлөр тарыхты жасаган жана жасалуусуна салым кошкон инсандардын тажрыйбалары, акыл тунмалары колго кирет.

Башкача айтканда, китеп окубаган адам бир эле өмүр жашаса, китеп окуган адам бир  учурда бир канча өмүрдү жашайт.

Жакынкы күндөргө чейин эле китепкөй жан катары таанылып келгенбиз, аялдамаларда, коомдук авто-унааларда, кезек күткөн жерлерде, үйдө, жумушта айтор, бардык жерде китеп окуу адатка айланган эле. Балким маалымат алуунун башка булактары ал убакта өтө аз болгон үчүндүр. Интернет, акылдуу телефондор жок болгон, ал эми сыналгы тартса эки каналды тартып, ал да толук текшерүүдөн кийин гана экранга чыкчу….

Китеп окууга маани берилбей калуу бул бүтүндөй ааламдын проблемасы. Поссоветтик аймак, араб ааламы, түрк ааламынын баары, япондор менен батышты эске албаганда, адамзат китеп окууну дээрлик таштап койду. Азыркы эң окумал деген Батыш деле мурункудай эмес, пайыздык көрсөткүч кыйла азайган…

Албетте, коомдун маданияттуулугунун  деңгээли китеп окууну жайылтуу менен  же ар бир жан жылына белгилүү бир өлчөмдө китеп окууга жетишип калуу менен чектелбейт. Шексиз сөз эркиндигинин болуусу кажет.

Китеп окуу менен массалык маалымат каражаттарынан маалымат алуунун айырмасы асман менен жердей. ММКлар жарыя берүүнүн, рекламанын эсебинен капчыгын толтурууга аракеттенет. Саясый идеологиялык күрөштүн, пропаганданын шамалы кадимкидей эле бүксүп уруп турат. Ал эми китептер мындан оолак.

Адистер, күнүнө эки сааттан жакшы адабий  китептерди окуп турууну сунушташат. Китеп, ошол китептин мазмуну тартылган фильмге караганда алда канча жакшыраак экендигинен шектенишпейт. Жазылгандын баарын көрсөтүп аткарып берүү өтө кыйын.  Сөз керемети актёрлук чеберчиликке караганда алда канча күчтүү… анан калса кыйла жугумдуу. Адам фильмден түшүнбөгөндү  китептен түшүнө алат.

Тилге маани берген жазуучулардын китептери тил байлыгын ашырууга, сезимди толук айтып берүүгө болгон кудуретти  курчутууга көмөкчү болот.

Адамдар жаттагандарынын эң жакшыларын сүйлөшөт, жазгандарынын эң жакшыларын жатташат, уккандарынын эң жакшыларын жазышат. Бекеринен аалымдар адамдарды экиге бөлүшпөйт: китеп окугандар жана китеп окугандарды уккандар.

Табигый абал катары айтканда адамдын маданияты ал окуган нерселердин көлөмүнө эле карап калбайт, жакшы китептерди канчалык түшүнүүсүнө, пайдалануусуна, камтып алуусуна байланыштуу болот.

Инсан китеп окуган сайын башкаларга окшош болуусу азайып, барган сайын өзүнүн өздүгү түптөлө берет.

Улуу Толстой эң жакшы китептерди тизмектеп жазганда Библиядан баштап жазган экен. Жашаган чөйрө, чөйрөдөгү абал салымын кошкон болуу керек. Мусулман чөйрөсү, ал эле эмес жалпы адамзат эң жакшы китептердин алдыңкы сабына алгачкы аяты “Оку!” деп башталган касиеттүү Куранды койсо, чөйчөгү эч качан бөксөрбөйт эле….

Китеп окууга адегенде өзүмдү, андан соң өзгөлөрдү үндөгөн бир тууганыңар Чубак ажы.. 11.10.2018.

P. S. Чубак ажы Жалилов «РухЭш» сыйтынын окурмандары үчүн атайы макала жазып бергендиги үчүн авторго ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.