ЭССЕ

Терезеден тийген күндүн нуру мотурайган жүзүн аймалап, анын тынч укташына тоскоол болуп жатты, уйку-соо ортосунда быйтыйган алакандары менен бетин калкалаганга аракет кылганычы. Ансайын күн нурунун эсепсиз шоокуму кичкинтайдын бетин аймалаганы… Уйку сураган кичинекей көздөрүн, быйтыйган колдору менен ушалай берди… Таттуу уйкудан дароо ойгонуп, көзүн ача албай бир далайга дейре, улам-улам көздөрүн ушалап мойтоюп жата берди…  Күн болсо бөбөктүн жүзүнөн сүйгөнүн койбоду, эмнегедир кичинекей көздөр ачылууга чамасы жетпегендей…

Бир аздан соң апасынын тааныш жыты, аяр дабышы, мээрим чачкан жүзү аны ойгонууга аргасыз кылды. Төрөлгөндөн бери бул жытты эч айырбай тааныйт. Өзгөчө жыт, башкалардын жыты бул жытка түк окшошпойт. Энесинин жүзүнөн сүйө, моюнунан жытташы бөбөккө жага бербей калды. Кыткылыктап күлүп, эртеден бери ачыла албай жаткан көздөрүн акыры ачты. Алгач, дароо күндүн аптаптуу нурлары көзүнө чагылды, анан барып өзүн мээримдүү тиктеген апасынын жүзү урунду.

Кызгылтым тоголок жүзүндөгү эки уяча апасына куп жарашар эле, бөбөккө апасынын дал ушул ууртунан жылмайып мээримдүү тиктеши абдан жагат. Апасынын, бул мээримдүү көздөр менен жагымдуу жүзүн көргөнгө дайым куштар, ого бетер эркелегиси келет. Бул мээримге толгон көздөрдү канча ирет көрбөсүн, кумары канбайт. Дагы да көргүсү келет. Ааламда апасынан башка эң бир сонун жан жоктой сезилет ага. Таң эрте апасынын мындай эркелетиши бөбөктүн ар күнү күтө турчу жагдайы. Мына ушундан кийин гана жылуу төшөгүнөн турат. Болбосо жатканы жаткан.

Апасынын бир аз мурун уй саап келип, сүт жыттанган колдору, ал колдордун таңкы суукка бираз калып муздап, бирок ошол эле учурда мамыктай жумшактыгы… саамайынан сылап, кичинекей алакандарынан кармаганы… айтор бөбөктүн жандан артык туюму. Мына ушул жандан артык нерселер жуурканына жылып киргенде гана көзү умачтай ачылып, турууга камданат.

Адаттагыдай эле апасы мамык сымал колдору менен аны эркелете ордунан тургузуп, кийимдерин кийгизүүгө өттү. Апасы, анын ар бир кийимин кылдаттык менен кийинтет, ал ортодо ага жалынып-жалбара, улам-улам моюнунан, жүзүнөн сүйөт, эне-бала ортосундагы байланышты дагы да бекемдеп, дагы да ысытат. Буга карата бөбөк да өз ыраазычылыгын билдире, апасынын таңкы сууктан бир аз үшүп калган жүзүнө алакандарын басты, кенедей колдору менен моюнунан кучактап, жүзүнөн чоп эттире өөп койду. Апасы буга элжирей түштү, бөбөктү бооруна бекем кыса көтөрүп, асманга эки-үч сыйра көкөлөттү. Бөбөк кыткылыктап, боору эзилгенче күлө берди.

Анан барып экөө маңдай-тескей отуруп, жаңы эле көңкөдөн чыккан ысык нан менен сүт ичишти. Апасы ар дайым бөбөктүн курсагын дал ушундай тойгузат. Алгач көңкөдөн чыккан ысык нандын ортосун алып, аны сары майга аралаштырып, кумшекерге оонатып, мыкчып-мыкчып бөбөктүн колуна карматат. Сүттү да бир укмуш сапырып атып, даамдуу кылып берет. Жаңы эле мештин үстүндө көбүрүп-жабырып бышып калган сүттү чакан карапага куят да, алгач тээ үйдүн төрүндөгү керебеттин алдындагы коноктор үчүн сакталган балдан салат, ага сары май аралаштырып, экөөнү кошуп сапырып, дароо жутуп жиберме кылып даярдап берет. Бөбөк апасынын колунан берилген бул даамдарды тамшана жеп-ичип алат. Бөбөктүн апасыныкына окшош кызгылтым, туурулган тоголок жүзүндө сары майлуу сүттү ичкенден кийин калып калган сүт мурутчалар пайда болот. Булар бөбөктүн жүзүнө ого бетер нур тамызат.

Бөбөк, сүткө тойгон күчүкчө, курсагын тойгузуп алып торсоюп эшикти көздөй жөнөйт. Эшикке чыга берерде апасынын, аны токтотуп колуна бир сындырым нанды кармата, өз колу менен жасаган чыптамасын кийгизип, дагы бир жолу жүзүнөн сүйө эркелетиши – бөбөк үчүн жашоодогу баа жеткис кубанычы. Апасынын камкордугун, эркелетишин, сүйүшүн сезип,  ага бактылуу боло, апасын бекем кучактап бетинен аймалап өөп, тойтоюп сыртка бөйтөңдөп жөнөйт.

Эне-бала ортосундагы мындай ынактык, ысык байланыш көзгө көрүнбөгөн эң бактылуу көз ирмемдер экенин эстеген апасы да балапанын узата карай; өз оокатын кылмакка жоолук-башын түздөп ордунан копшолду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.