Дилазык: Акылга шоола чачкан уламыштар

Эки сатуучу жөнүндө уламыш

Бут кийим чыгарган фабрика базарын кеңейтүү максатында Африкага эки кызматкерин чалгынга жөнөттү.

Бир жумадан кийин биринчи агент келип мындай дейт:

— Ал жакта бут кийимге суроо-талап жок, дегеле бут кийим кийген адам көрүнбөйт.

Экинчи агент келип мындай отчёт берет:

— Ал жакта мүмкүнчүлүк аябай чоң! Бардыгы жылаң аяк жүрүшөт!

Тыянак: Ишиңдин оңунан же тетири чыгышы адамдын астында турган маселеге кандай көз караш жана маанай менен карайт, ошого байланыштуу.

Мышык жана чычкандар жөнүндө уламыш

Чоң үйдө чычкандын үй-бүлөсү жашачу. Көп жылдар бою алар бактылуу турмуш өткөзүп келишти, ашканага кирип каалаган тамак-ашты ичип жешер эле. Анан эле бир күнү азаптуу жашоо башталды. Чычкандардын чабуулунан тажаган кожоюндар, мышык багып алышты. Мышык кандай болбосун өзүн көрсөтүүнү чечти, ал чычкандарды үйдөн чатырга, чатырдан жер төлөгө кубалап, ал тургай бир нечесин кармап жеп алганга да үлгүрдү.

Ошондо чычкандар шашылыш чогулуш чакырып, түзүлгөн абалдан кантип чыгабыз деген суроону талкуулашты. Чычкандар чыгармачыл жандыктар болгондуктан, “мээ чабуулу” ыкмасын колдонушуп, маселени чечүү үчүн көп сандагы идеяларды таап чыгышты: мышыкты ууландырыш керек, атып салуу керек, өлгүчө коркутуш керек жана башка ушу сыяктуулар.

Аягында эң акылдуу чычкан сөз алды:

— Эмне үчүн анын моюнуна коңгуроо байлап койгонго болбосун? Ал келе жатканын угуп, жашынганга үлгүрүп калмакпыз.

Бардыгы бул табылгыс идея экенин айтышып, акылдуу чычканды макташып, аны чыгармачылык менен тапкан мыкты идеясы менен куттуктап жатышты. Салтанаттуу учурду караңгы бурчта олтурган эң кичинекей чычкандын үнү бузду, ал ордунан тура калып, кичинекей алаканын көтөрүп:

— Суроо берсем болобу? — деди уялыңкы.

— Алибетте, болот, — деди чычкандардын башчысы, —сурай кой.

— Мен дагы бул идеяны аябай жакшы деп эсептейм, маанайыңарды бузайын деген ниетим жок… бирок мышыктын моюнуна коңгуроону ким тагат?

Тыянак: Чыгармачыл идеялар болгону эң жакшы, бирок ал аягына чейин ойлонулганда гана өз жемишин берет.

Туура урулган сокку жөнүндө уламыш

Англиянын бир фабрикасында буу генератору иштебей калды. Фабриканын ээси кандай гана инженерлерди, мастерлерди чакыртпады дейсиң, алардин бири да аны оңдой алышпады. Бир күнү жөн жай эле адам келип, аны оңдош менин колумдан келет деди. Фабрикант ага ишене бербей карады да, эмнеси болсо мүмкүнүлүк берүүнү чечти. Тиги киши машинанын ар кайсы жерин акырын тыкылдатып, тыңшап жатты. Он мүнөттөй убакытта ал басым көрсөткөн  приборду, термостаттарды, подшипниктерди жана башка шектүү көргөн жерлерин балка менен акырын тыкылдатып көргөнгө үлгүрдү. Анан машинанын бир тетигин балка менен бир аз катуурак урду эле, машина ошол замат эле иштей баштады.

Фабриканын ээси алкышын айтып, андан бухгалтерлердин талабына ылайыктап,  ар бир жасаган ишин баасын көрсөтүп, эсеп кагазын тотуруп беришин суранды.

Тиги киши эсеп баракчасына минтип толтурду: «Он мүнөт каккылап чыгуу — 1 фунт. Керектүү жерди таап урган үчүн — 9999 фунт. Жалпысы – 10000 фунт».

Тыянак: профессионалдуулук — бул жөн гана жасаганды билгендик эмес, ал керек убакта, керектүү нерсени жасаганды билүү.

Ташбака менен кара курт жөнүндө уламыш

Бир жолу Каракурт ташбакадан дарыянын аркы өйүзүнө өткөзүп коюшун суранды. Ташбака адегенде макул болгон жок, бирок Каракурт ар жак, бер жагына чыгып жатып көндүрдү.

— Мейли анда, — деп макул болду Ташбака, — бирок сен чакпайм деп сөз бер.

Каракурт чакпайм деп сөз берди. Ташбака аны жонуна олтургузуп сууга кирди. Жол бою Каракурт тынч олтуруп, жээкке жеткенде Ташбаканын желкесинен чагып алды.

— Кандай уятың жок, убада бербедиң беле? Сөзүңө эмне үчүн турбайсың!— деп бакырды көзүнөн от чагыла түшкөн Ташбака.

— Сөз берсем эмне экен? — дейт эч камырабаган Каракурт. — Сен менин мүнөзүмдү жакшы билип туруп, эмнеге макул болосуң?

— Мен дайыма бирөөлөргө жардам бергенге аракет кылам. Менин жаратылышым ошондой, — дейт Ташбака.

— Сенин жаратылышың — бардыгына жардам бермей, а меники — бардыгын чагуу. Мен дайыма кылып жүргөн ишимди жасадым!

Тыянак: убадага турбаган, адамдык сапаты начар адамдар менен жакын болуп жүрүп, ал адамдардан жамандык көрүп калсаң таарынба, алардын жаратылышы ошондой. Тек гана андай адамдардан алыс бол.

Аял жөнүндө уламыш

Бактылуу аялдын эки ысымы бар: биринчиси — «Сүйүктүүм», а экинчиси «Апа».

Которогон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.