Кыргыз элинин пайда болушу жөнүндөгү проблема Борбордук Азиянын этникалык тарыхынын көбүрөөк татаал жана талаш-тартышуу жактарына кирет. XVIII кылымдын экинчи жарымынан баштап бул проблема орус, батыш европалык, чыгыш тарыхчыларынын, географтарынын жана хронисттеринин көңүлүн өзүнө бекем тартып келген. Кыргыздардын пайда болушу жөнүндө гипотезалар биринин артынан бири пайда болуп, ой жоруулар жана божомолдоолор айтылып, алардын этникалык тарыхынын ар түрдүү жактары изилденип келүүдө.

Бул, биздин күнгө чейин айныбай, суубай келе жаткан кызыгуу көптөгөн себептер менен, айрыкча төмөнкүдөй кырдаал менен түшүндүрүлөт: тарыхый булактар далилдеп тургандай, бир кыйла мурдараак мезгилде Түштүк Сибирде, Енисейде, бир кыйла кийинчерээк мезгилде Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө, Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолорунда «кыргыз» деген ат менен эки этникалык жалпылык жашаган.

Кыргыздардын этникалык тарыхына болгон зор кызыгуу, ошондой эле, азыркы кыргыздардын ата-бабаларынын байыркы жана орто кылымдарда бир катар элдердин жана уруулардын тарыхый тагдырларында өзгөчөлүү бир роль ойногондугу менен да түшүндүрүлөт. Акырында, бул проблема башка маселелер менен эле бир катарда изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруп келгендигинин жана буруп жаткандыгынын себеби кечээ жакынга чейин эле илим көптөгөн маселелерди фактылардын бекем пайдубалына таяп чечүүгө мүмкүндүк бере турган иштиктүү булактарга ээ эмес болучу.

Азыркы кыргыздардын этникалык тарыхын изилдеп-үйрөнүүгө негиз салгандар деп толук негизде орус окумуштууларын эсептөөгө болот, алар бул проблеманы иштеп чыгууга алда канча орчундуу салым кошушкан. Алардын ичинде XVIII кылымдын окумуштуулары П. И. Рычковду жана академик В. Н. Татищевди,ошондой эле капитан И. Г. Андреевди атоого болот. Дагы бир кошуп айта кетчү нерсе бул, Ф. Ефремов 1770-жылдардын акыры ченде кыргыздар көчүп жүргөн аймактарда болуп, мындай деп билдирген: «Ушундан (Түштүк Кыргызстандын территориясындагы азыркы Ош шаары — С. А) Кашкарга (б. а. Кашкарга — С. А.) чейин 13 күндүк жол. Ош менен Кашкарынын ортосунда тоолордо кыргыз-кайсактардан айырмаланган кыргыздар көчүп жүрүшөт»

Бул проблеманы иштеп чыгууда XIX кылымдын изилдөөчүлөрү Н. Я. Бичурин (Иакинф), А. И. Левшин, Ч. Ч. Валиханов, академик В. В. Радлов жана Н. А. Аристов, ал эми совет мезгилинде Г. Е. Грумм-Гржимайло, академик В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам жана башка окумуштуулар ири салым кошушкан.

Бир катар чыгыш авторлорунун кыргыздар жөнүндө баалуу тарыхый жана этнографиялык маалыматтары бар чыгармалары да илимдин энчиси болуп калды, бул маалыматтар кыргыздар эң эле болбоду дегенде XV кылымдын экинчи жарымында Тянь-Шандын территориясында жашаган же аны менен кошуна жашаган деп ишенимдүү айтууга мүмкүндүк берет.

1950-жылдарда кеңири жайылган изилдөөлөр кыргыздардын этникалык тарыхын иштеп чыгууда жаңы этап болуп калды. Буга 1950—1951-жылдардагы Памир—Фергана археологиялык-этнографиялык экспедициясы (жетекчиси А. Н. Бернштам) негиз салды. Бул изилдөөлөр бир кыйла кеңири негизде 1953—1955-жылдарда СССР Илимдер академиясынын жана Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясы тарабынан улантылат (жетекчилери: 1953-жылы — А. П.

Окладников, 1954—1955-жылдарда— Г.Ф. Дебец). СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмү тарабынан (топтун жетекчиси В. А. Ромодин) чыгыш авторлорунун тарыхый жана географиялык чыгармаларынан материалдарды изилдөө жана бул чыгармалардан үзүндүлөрдү орус тилине которуу иши кыргыздардын этникалык тарыхын изилдеп-үйрөнүү үчүн олуттуу мааниге ээ болду. Ушул эле жылдарда жана кийинчерээк кыргыз тилчилери тарабынан да ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүлдү. Алардын эмгектери да кыргыздардын этногенетикалык байланыштарынын жана алардын этникалык тарыхынын айрым бир жактарын ачып көрсөтүүгө жардам берди. Археологдордун, этнографтардын, тарыхчылардын жана тилчилердин кыргыз элинин пайда болуу проблемасын изилдөө жагындагы иликтөөлөрүнүн корутундулары СССР Илимдер академиясынын жана Кыргыз ССР Илимдер академиясынын кыргыз элинин этногенезине арналып 1956-жылы ноябрда Фрунзе шаарында биргелешип өткөргөн илимий сессиясында жыйынтыкталат.

Бул сессиянын катышуучулары, кыргыз элинин негизги уюткусу же эң болбоду дегенде, анын курамына кирген бөлүктөрдүн бирөө Борбордук Азияда пайда болгон деген корутундуга келишти. Ошону менен бирге кыргыздардын борбордук азиялык этникалык уюткусун бир кыйла тагыраак жиктөө жөнүндөгү маселе али жетишерлик даражада изилденип-үйрөнүлө элек деп табылды.

Кыргыздардын этникалык тарыхынын маселелери боюнча баалуу маалыматтар жогоруда айтылган, кечээ жакында илимий иликтөөнүн чөйрөсүнө киргизилген, XVI кылымда Ферганада Мулла Сайф ад-дин Ахсикенди тарабынан жазылган «Мажму ат-таварих» аттуу чыгарманын кол жазмасынан табылды. Ошондой эле Чокон Валихановдун архивинен мурда басылган «Чыгармаларына» кирбеген, кыргыздарга арналып жазылган, бирок толук иштелип бүтпөгөн кол жазмасынын жарыяланышынын чоң мааниси бар.

Айтылган материалдар жана булактар кыргыздардын этникалык тарыхынын башкы этаптарын аныктоо кыргыз элинин пайда болушу жөнүндөгү кээ бир жаңы гипотезаларды негиздөө үчүн жарым-жартылай пайдаланылды.

Азыркы мезгилде кыргыз элинин этногенезин жана этникалык тарыхын изилдөөдө үч багыт аныкталды. Алардын бири А. Н. Бернштамдын кыргыздардын Тянь-Шанга көчүп келиши 1300—1400 жылга созулуп «көп этаптуу» болгон деген гипотезасын өнүктүрүүгө же чечмелөөгө байланышкан (анын жогоруда жана төмөндө көрсөтүлгөн эмгектерин караңыз). Бул гипотезанын азыр да тигил же бул даражада өз тарапкерлери бар, алар кыргыздарды эң болбоду дегенде монголдор басып алаар алдындагы мезгилде Тянь-Шандын аборигендери болгон деп эсептешет.

Экинчи багыт А. Н. Бернштамдын гипотезасына өтө жакын, бул багыт кыргыздар эң байыркы мезгилден бери эле Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолорунда жашап келишкен деп эсептейт. XIX кылымдын Н. Я. Бичурин, Ч. Ч. Валиханов, Н. А. Аристов сыяктуу изилдөөчүлөрү ушундай көз карашта турушкан. Акыркы мезгилде бул маселе боюнча Ч. Ч. Валиханов тарабынан айтылган бир катар ой жүгүртүүлөрдөн А. X. Маргулан: IX—X кылымдарда кыргыздардын саясий бирлигинин борбору Үрүмчү шаарынын аймагында жана Турфандын түндүк тарабында жайгашкан деген корутунду чыгарат.

Бул жактан кыргыздар ар түрдүү багыттарда көчүп жүрүшкөн. Тянь-Шань тарапка көчкөндөрдүн кээ бир күчтүү топтору ушул территорияда калып, бул жерде пайда болгон элге кыргыз деген ат берген. Кыргыздардын негизги уюткусу байыркы мезгилден бери эле Кыргызстандын азыркы территориясында жашап келген деген пикирди А. Хасанов жана кыргыз элинин этногенези боюнча жогоруда эскерилген илимий сессиясынын башка катышуучулары колдошкон.

Кыргыздардын же алардын негизги уюткусунун пайда болушу жөнүндөгү автордук теориянын тарапкерлеринин далилдери же негизделген жок, же жетиштүү түрдө ишенээрлик да эмес жана кыргыздардын азыркы жашап турган жери менен болгон байыркы байланышы да ырастала элек, ошондой болсо да кыргыз элинин байыркы жергиликтүү калктын негизинде пайда болгондугу жөнүндөгү теория кандайдыр-бир жаңы илимий маалыматтарга негизделбесе да жашап жана колдоого ээ болуп келатат. Бул теория Кыргызстандын кээ бир тарыхчыларынын көз караштарына белгилүү даражада таасир этүүдө.

К. И. Петровдун жогоруда аталган эмгектерине негизделген үчүнчү багыт да кыргыз этносу «Енисей-Эртиш дарыяларынын аралыгынан» эки-үч этап менен көчүп келген, бирок бул көчүү бир кыйла кийинчерээк мезгилде болгон жана ал 300—400 жылга созулган деген пикирге негизденет.

К. И. Петровдун гипотезасы жалпы жонунан алганда төмөнкүчө: кийинчерээк кыргыз элин түзгөн жана биздин замандын миң жылдыгында калыптанган уруулардын негизги массиви (массиви-агымы же уюткусу) «Енисей—Иртыш дарыяларынын аралыгындагы» калмак (кыпчак)-кыргыз уруулары, ошондой эле аларга жакын тектеш чыгыш-кыпчак уруулары болушкан. Адегенде Иле-Иртыш дарыяларынын аралыгын (XIII кылымдын ортосунда жана экинчи жарымында) ээлешип, алар кийин Борбордук Тянь-Шанга оой баштаган. Бул көчүп кетүүлөрдү автор согуштук-саясий окуялар менен, айрыкча душмандардын басып кириши менен түшүндүрөт. Алгач Тянь-Шанга майда топтор көчүп келишип, алар башка моңгол-түрк калкы менен аралашкан. Темирден кийинки мезгилде (XV к.) Тянь-Шанга көчүп келүүлөр массалык мүнөзгө ээ болгон. Аталган уруулардын Тянь-Шанга таралышы (XIII—XV к.к), автордун ою боюнча, кыргыз элинин калыптануу процесси менен дал келет.

Азыркы кыргыздардын пайда болушу жөнүндөгү бул гипотеза акыркы мезгилге чейин, кыргыз окумуштуусу Ө. Караевдин макаласын эске албаганда, илимий басма сөздө олуттуу түрдө талдап карап чыгуунун предмети болгон эмес. К. И. Петровдун айрым көз караштарына автордун «Кыргыздар» деп аталган жыйынтыктоо эмгегинде кыскача баа берилет. К. И. Петровдун айрым этногенетикалык жоболору толугу менен жокко чыгарылат.

К. И. Петровдун гипотезасынын негизги жоболору аздыр-көптүр негизделген болжолдоолорго, анын тарыхый булактарды бир кыйла талаштартыш пайда кыла турган, көпчүлүгүндө негизсиз талдоолоруна таянат. Ошондой болсо да, К. И. Петров өзүнүн гипотезалык болжоолорун тарыхый фактылар менен ырасталып, толук негизделген илимий далилдер катарында өтө көп пайдаланат. Ө. Караевдин аталган макаласы К. И. Петровдун эмгектеринин бирин ал өз гипотезаларын негиздөө үчүн келтирген айрым булактарды туура пайдаланганбы жана туура талдаганбы — мына ушул көз караштан карап чыгууга жасалган алгачкы аракет болду.

Ө. Караевдин аракети жалпысынан көңүл бурууга татыктуу болсо да, анын китептин авторуна каршы айтылган кээ бир ой-пикирлери жетишерлик ишенимдүү болгудай негизделген эмес, ал эми Ө. Караевдин айрым жоболоруна макул болуу кыйын.

Мен К. И. Петровдун гипотезасын кеңири түрдө сынга алуудан азырынча токтоп турууга аргасызмын, анткени ал өтө көп орун талап кылаар эле. Бул эмгекте келтирилген этнографиялык маалыматтардын көбү К. И. Петров иштеп чыккан схемага сыйбагандыктан, ал маалыматтар өзүнөн өзү эле анын гипотезасынын бир катар башка пикирлерине жетишерлик даражада далилденген каршы пикир боло алат. Бул гипотезанын тарыхый негизине келе турган болсок, В. И. Юдиндин дал К. И. Петровдун гипотезасына тийиштүү сын пикирине толук кошулууга болот деп эсептейбиз: «Кыргыздардын Тянь-Шанда пайда болушун, баарынан мурда, алардын Алтайдан жана Енисейден монгол басын алууларынан кийинки мезгилде Тянь-Шандын чет-жак аймактарына келиши менен, ал жерде көп сандагы кыргыз урууларынын топтолушу жана алардын кийин Тянь-Шандан монголдорду сүрүп чыгарып жана аларды жарым-жартылай өзүнө сиңирип алгандыгы менен түшүндүрүүгө жасаган аракети анчалык ишенээрлик эмес гипотеза бойдон кала берет, анткени процесс дал ушундай мүнөздө жана ырааттуулукта болгондугу жетиштүү түрдөгү булактар менен далилденип ырасталбайт»

Бул эмгектин автору К. И. Петровдун гипотезасынын бир катар негизги жоболоруна өзүнүн сын көз менен мамиле кыла тургандыгын жашырбаса да, анын бүткүл гипотезасын кайра карап чыгууга же толук бойдон четке кагууга умтулбайт, анын гипотезасы Кыргызстандын кээ бир тарыхчылары тарабынан кабыл алынган.

Белгилеп гана коё турган нерсе: К. И. Петровдун 1960—1963-жылдарда жарык көргөн бир нече эмгектеринде, жогоруда айтылган кыргыз элинин этногенезине арналган илимий сессиянын катышуучулары жана 1947-1959-жылдарда кыргыз элинин этникалык тарыхынын ар түрдүү маселелерин иштеп чыккан ушул эмгектин автору тарабынан көтөрүлгөн айрым маанилүү идеялар жана ой-пикирлер толук же жарым-жартылай кабыл алынган болучу, айрым учурларда кайталанып, башка бир учурларда өнүктүрүлгөн эле (бул изилдөөлөрдүн негизги жыйынтыктары 1954—1960-жылдарда жарыяланган айрым макалаларда жана докладдарда, жарым-жартылай 1961—1963-жылдарда басылган эмгектерде баяндалган).

Мына ошондуктан К. И. Петровдун эмгектери кыргыз элинин калыптанышынын жана анын этникалык тарыхынын маселелери боюнча негизинен өзүнөн мурдагылардын айткандары жана корутундулары менен окшош келген жоболорду камтыйт, ал эми бир кыйла даражада Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясынын жана жогоруда айтылган сессиянын кээ бир катышуучуларынын эмгектерине, айрыкча этнография жагындагы изилдөөлөрүнө, түздөн-түз эле таянат.

Кыргыздардын этникалык тарыхынын маселелери боюнча жогоруда айтылган гипотезалар менен теориялардын авторлору тарабынан сунуш кылынган чечимдер бир жактуу мүнөздө экендигин моюнга алууга туура келет. А. Н. Бернштамдын гипотезасы боюнча Тянь-Шанга көчүп келүүгө баарынан мурда Енисей кыргыздары катышкан. Бул кыргыздардын Тянь-Шанга көчүп келиши жетишээрлик түрдө ачык көрсөтүлгөн болсо да, автордун далилдери бардык эле учурда ынандырарлык боло алган эмес.

Ошол эле убакта К. И. Петровдун калмак-кыргыз урууларынын кайсы бир шарттуу тобунун көчүп келиши жана бул көчүүлөрдүн «ташкыны» жана «тартылышы» болгондугу жөнүндөгү гипотезасы бизге этникалык процесстин өтө татаал сүрөтүн берет. Мында автор этникалык процесстерди кантип болсо да саясий окуялардын чектерине «сыйгызууга» аракеттенет, аларды негизинен саясий тарыхтын таасири астында карайт, этникалык тарыхтын фактыларын эрктүү түрдө же эрксизден саясий тарыхка «дал» келтирет. Бирок этникалык тарых дегенибиз — социалдык, экономикалык жана башка көрүнүштөрдүн, ошондой эле маданий, турмуш-тиричилик жана этникалык салттарды камтыган процесстердин жыйындысы. Этникалык тарыхты негизинен саясий окуялардан жана согуштук кагылышуулардан келип пайда боло турган миграциялар менен чектөөгө болбойт. Мындай ыкманы туура деп айтууга болбостур.

Анын үстүнө К. И. Петров этникалык территория деген факторго тийиштүү маани бербейт. Бирок да Тянь-Шань жана Памир-Алай, жарым жартылай Саян-Алтай жана Куэн-Лунь тоо кыркалары ээлеген кеңири аймактар жана аларга танапташ тоолуу аймактар ар кайсы мезгилдерде ар түрдүү уруулар тарабынан өздөштүрүлгөн. Ошол аймактарда жайгашкан жайлоолор, көчмөн элдер, аңчылык жайлары, айдоо жерлер, андагы конуштар жана айылдар менен бирге толук негизде этникалык территория деп табылууга тийиш, кийин кыргыз элинин курамына кошулган уруулардын калыптанышы жана элдин өзүнүн куралышы да ушул территория менен байланыштуу болгон. Кыргыз эли куралып түзүлгөн көчмөн уруулардын жер которуп ооп жүрүшү жана алардын согуштук-саясий тагдырларынын оомалуу-төкмөлүү болуп турушу кээде алардын этникалык территориясын тарытып же кеңейтип же болбосо ал территориянын чектерин «жок кылып» жибериш мүмкүн болсо да, кыргыздардын этногенезин, алардын этникалык тарыхын белгилүү бир мезгилди кучагына алган туруктуу этникалык территориядан тышкары кароого болбостур.

Кыргыздар терең автономдуу эл деп табууга умтулгандардын ой-пикири да, кыргыздардын этногенезин алда кайдагы алыскы территориялардан Тянь-Шанга кыргыз урууларынын кайсы бир «агымынын» же «массивинин» көчүп келишине алып барып такагандардын көз караштары да мага аша чапкандык болуп көрүнгөнсүйт. Чындыгында кыргыз эли жергиликтүү жана сырттан келген калктын өз ара тыгыз этникалык байланыштарынын натыйжасында куралган, ал эми анын этникалык тарыхы К. И. Петров өз эмгектеринде сүрөттөгөндөй өтө татаал мүнөздө болгон эместир. Ал куралуунун башкы өзгөчөлүгү, эгер ушундай деп айтууга мүмкүн болсо, анын «көп кырдуулугунда».

Кыргыздардын этникалык тарыхы Борбордук Азияда, Түштүк Сибирде, Орто Азияда, азыркы Казакстандын талаа мейкиндеринде болуп өткөн этникалык процесстер менен көп түрдүү байланышуулар аркылуу түзүлгөн; ал тарыхты бул байланыштарды эске албай туруп кароого болбойт.

Дал ошондуктан кыргыз элинин этникалык тарыхынын кыймылдаткыч күчтөрүн жана этаптарын талдоодо пайда болуучу көптөгөн маселелерди бир нече кылымдар бою «Енисей-Иртыш дарыяларынын аралыгынан» ооп келген, болгондо да толук түрдө калыптанып калгансыган кыргыз этникалык жалпылыгы сыяктуу көрүнгөн түрк тилдүү уруулардын кандайдыр-бир бирдиктүү «массиви-агымынын» көчүп жүргөн жолдорунан издөө аркылуу чечүүгө боло койбос.

Айтылганга кошумчалай турган нерсе: эгерде енисейлик жана тяньшандык кыргыздарды бирдей деп билүүнүн мүмкүн эмес экендиги алда качантан эле ачык болуп калган болсо, анда археология, тарых, тил жана этнография маалыматтарын көбүрөөк кылдаттык менен караганда алардын ортосундагы айрым этногенетикалык байланыштардын бар экендиги байкала тургандыгын толук танып салуунун негизсиздиги да ошончолук ачык.

Кыргыз элин түзгөн уруулардын калыптаныш процесси зор территорияда узак убактар бою жүргөн. Азыркы изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү кыргыз урууларынын ата-бабаларынын пайда болушу сактар менен усундардын, динлиндер менен гунндардын эң байыркы уруулук бирликтери менен байланыштуу деген корутундуга келишти.

Кыргыз элинин этникалык тарыхын жана анын этногенез проблемасын карап чыгууда жообун этнография илими да бере турган маселелер келип чыгат. Буларга төмөнкү маселелер кирет: кыргыз эли кайсы этникалык компоненттерден түзүлгөн; бул этникалык компоненттердин калыптанышы жана кыргыз элинин өзүнүн куралышы кайсы территорияда болуп өткөн; алардын кыргыз элинин курамына киришинин ирет-кезеги, алардын «үлүш салмагы» кандай ж. б.

Тилекке каршы, айрым тарыхчылар этнографиялык булактардагы маалыматтарды эске алышкан эмес, ал эми айрым авторлор ал булактарды четтеп да өтүшкөн. Бул болсо изилдөөлөрдүн факты жагынан белгилүү түрдө жардыланышына, айрым бир жактуулукка жана чала негизделген, шашылыш жана талаш-тартыш гипотезалардын, ой-пикирлердин жана концепциялардын пайда болушуна алып келген. Ырас, этнографиянын мүмкүнчүлүктөрү белгилүү бир даражада чектелүү келет, баарынан мурда хронологиялык алкактар менен чектелип калат. Бирок бир кыйла кийинки этнографиялык материалдарды да туура жана көңүл коюп пайдаланганда, аларга олуттуу илимий мамиле жасаганда, ал материалдар этникалык тарыхтын алда канча мурдакы мезгилдерин да баамдоого мүмкүндүк бере алат.

Кыргыз элинин калыптанышы жөнүндөгү маселени изилдөөдө баарынан мурда анын кайсы конкреттүү этникалык компоненттерден куралганын табуу керек эмеспи. Ошондой болсо да, көптөгөн эмгектерде кечээ жакынга чейин жалпы эле кыргыздар жөнүндө, бүт кыргыздардын этникалык тарыхын изилдеп-үйрөнүү да анын курамына кирген негизги компоненттердин пайда болушу аныкталганда гана ийгиликтүү болорун моюнга алышууда. Кыргыздарга карата алганда бул өзгөчө маанилүү, анткени алардын аты менен байланышкан хронологиялык жана географиялык координаттар өтөмө-өтө кеңири.

Кыргыз элинин түзүлүшүнө алып келген этникалык процесстерди туура түшүнүү үчүн «кыргыз» деген этнонимдин өзү жөнүндөгү маселени тигил же бул түрдө түшүндүрүүлөр белгилүү мааниге ээ. Бул этнонимдин тарыхы жана этимологиясы жөнүндө жана кыргыздарга байланыштуу болгон «бурут» деген этноним жөнүндө сөз кылбастан, анын этникалык мазмуну жөнүндө бир нече ой жорууларды гана айтып кетүү керек. «Кыргыз» деген этнонимге анын бүткүл жашап келе жаткан мезгилинде бирдей этникалык мазмунга ээ болуп келген этноним катарында үстүртөн мамиле жасоого (мурда ушундай мамиле жасашкан жана кээде азыр да айрым изилдөөчүлөр ушундай мамиле жасашат) жол берүү туура боло койбос.

Бул маселени чечүүдөгү эң зор кыйынчылык мында турат: «кыргыз» деген этнонимди алып жүргөндөр (эң болбогондо XVI—XVII к.к.) бир эле убакта Түштүк Сибирде, Чыгыш Түркстанда, Тянь-Шанда, Памир-Алайда, Орто Азияда жана казак талааларында, Урал боюнда (башкыр-татардын арасында), б. а. бири-биринен алда канча алыс турган территорияларда жашашкан. Ушул фактынын өзү эле кыргыздардын этникалык тарыхы Орто жана Борбордук Азиянын, ошондой эле канатташ аймактардын көптөгөн башка урууларынын жана элдеринин калыптануу (куралуу) тарыхы менен тыгыз байланышкан, узакка созулган көп кырдуу процесс болгондугун далилдеп турат.

Конкреттүү этникалык мазмунунан ажыратып, курчап турган этномаданий чөйрөдөн тышкары жана хронологияны эске албай өзүнчө алынган элдин аты терең изилдөөлөр үчүн кантип алгачкы негиз боло алмак. Изилдөөчүлөр бири-биринен өтө алыс жаткан территорияларда «кыргыз» деген этнонимдердин бар экендигинин фактысынын өзү ал этнонимди алып жүргөндөрдүн пайда болушунун жалпылыгы жөнүндө айтылгандарды ырастай ала турган жетиштүү түрдөгү олуттуу далил боло албасын бир нече жолу белгилешкен.

Тянь-Шандын жана Памир-Алайдын азыркы кыргыздарынын IX—X кылымдардагы кыргыз мамлекети деп аталган мамлекеттин кыргыздарына кандай тиешеси бар экендиги жөнүндө маселе, кыргыз элинин калыптануу доору жөнүндөгү маселе да өтө татаал маселелердин катарына кирет, бул маселелер боюнча ушул кезге чейин талаш-тартыштар уланып, дискуссиялар болуп, карама-каршы көз караштар жашап келе жатат. Бир жагынан, Тянь-Шань жана Памир-Алай кыргыздарынын, экинчи жагынан, Енисей кыргыздарынын экөөнүн тең аталышынын окшоштугуна гана таянып, алардын ортосунда түз байланыштарды табууга аракеттенүү кандайдыр-бир олуттуу жыйынтык бере алган жок, кыргыз элинин пайда болуу проблемасын илимий түрдө чечүү үчүн негиз боло алган жок. Ошондой болсо да, кечээ жакынга чейин бир катар эмгектерде «кыргыз» этноними аны алып жүрүүчүлөр менен бирге алынып, канча мезгил өтсө да, кандай аймактарда болсо да өзгөрүлбөгөн түрдө көчүп-ооп жүргөн нерсе катарында каралып келди.

XII—XIII кылымдардын кыргыздарына да, XVIII—XIX кылымдардын кыргыздарына да бир тектеш этникалык коллектив, бирдиктүү этникалык жалпылык катарында мамиле жасашты. Енисей кыргыздары менен Тянь-Шань кыргыздары жөнүндө сөз болгондо алардын өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүү деңгээли, саясий шарттарынын аркылдыгы, географиялык чөйрөсүнүн өзгөчөлүгү, өндүрүштүк мамилелеринин башкачалыгы, аларды курчаган ар түрдүү этникалык чөйрө жетишээрлик түрдө эске алынган эмес. Бирок да «кыргыз» деген аттын Енисейдин баш жагынан алыскы түштүк-батышка, Ура-Дөбөгө чейин, Ооган Бадахшанына чейин «ооп» кеткендигинин себебин кантип түшүндүрүүгө болот?

Биздин замандын I миңинчи жылдыгында бул аттын ары жагында эмнелер жашырынып жатты экен: саясий бирликпи, уруулардын административдик-территориялык же жоокерлик-көчмөн бирикмелериби же өзүнүн ушундай аты бар калыптанган элби? Эгер ошол мезгилде (IX—X) кк. кыргыз мамлекетинин жашап тургандыгы жөнүндөгү булактарга толук ишенген күндө да, ошондо да бул мамлекетти уруулук салттар үстөмдүк кылган алгачкы-феодалдык типтеги мамлекетке таандык кылууга болот. Бул мамлекет-бирикменин курамына кирген уруулар өзүлөрүнүн этнонимдерин, өзүлөрүнүн уруулук аң-сезимин сактабай коё алмак эмес. Ошондуктан, кээ бир окумуштуулардын IX—X кылымдарда эле толук куралып калыптанып бүткөн «кыргыз» деген аты бар эл жашап турган деген пикирлери менен макул болуу кыйын. Ал кезде эл болуп куралуу үчүн объективдүү шарттар өсүп жетиле элек эле, социалдык-экономикалык өнүгүү өз алдынча эл куралып түзүлгүдөй деңгээлге али жете элек болчу.

Орто Азия жана Казакстандын дээрлик бүт түркий тилдүү элдеринин куралып калыптанган мезгилдери өтө жакын тушташ болгону жакшы белгилүү. Бул жагынан алганда кыргыздарда кандайдыр-бир артыкчылык болгон деп болжолдоого негиз жок, бирок кыргыз элинин куралып калыптанышы өзгөчөлүү бир белгилерге ээ болгону шексиз.

Ошондой болсо да биз «кыргыз» деген аталыш этнонимге дайыма бир маанилеш болгон деп моюндоо менен жаңылыштык кетирген жокпузбу?

Уникалдык жазууларда, Махмуд Кашкарлыктын өзүнүн «Диванында» айткандарында да, Рашид-ад-Диндин «Жылнаамалар жыйнагында» да, башка булактарда да «кыргыз» деген терминдин этноним болгондугу жөнүндө ишенимдүү далилдер жок. В. П. Юдиндин: «Сыягы, кыргыз элинин пайда болушун түшүндүрүүдө терминди жетекчиликке алууга умтулуудан баш тартуу керек, бул казактарга карата да негизинен кабыл алынган көз караш болуп саналат» деп жазганы абдан туура.

Этникалык жалпылыктын белгилүү бир этабы катарында кыргыз элинин куралып калыптанышы бир кыйла татаал болгондугу чындык. «Кыргыз» деген аталышты эч кимден «өткөрүп алган» эмес, ал акырындык менен, тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө, кыргыз этносунун өзүнүн куралып калыптануу процессинде этникалык өз аты катарында аталып калган.

Кыргыз деген атка тигил же бул адам өзү таандык болгон уруунун атын кошуп айтып келген мезгил анчалык деле алыс узап кеткен жок. XX кылымдын башында, кыргыздын негизги массасынан бөлүнүп алыскы Куэн-Лунь тоолорунда калган жана өзүлөрүн кыпчактарбыз деп аташкан майда тайпалар бир эле убакта өздөрүн кыргыздарбыз деп да эсептешкен. Демек, этникалык өздүк аң-сезим ошондо эле бекем орун алып калууга үлгүргөн. Алыскы өткөн мезгилде ар кыл мезгилде жана ар кандай себептер менен өз «уюткуларынан» ажырап бөлүнүп калган бир катар уруулук топтор өзүлөрүнүн саясий биримдиги жөнүндө ачык түшүнүктү сактап калышкан жана муну менен бирге өзүлөрүнүн жалпы аталышын да жана өз уруу аттарын да карманып жүрүшкөн деп болжолдоого болот.

Тарыхтын бир кыйла алгачкы этабында, айрыкча өтө эле апыртылып жүргөн кыргыз «улуу державасынын» доорунда «кыргыз» деген ат, биздин көз карашыбызда, этникалык эмес, саясий мазмунга ээ болсо керек. Бул ат Минусин ойдуңунда жана Саян-Алтай аймагында жашаган теги ар түрдүү уруулардын топторуна гана тарабастан, ошондой эле бир кыйла түштүгүрөөк жана түштүк-батышыраак тарапка, Жунгариянын жана жарым-жартылай Чыгыш Түркстандын территориясына да тараган.

X кылымдын булактары кыргыздардын түштүк чек арасы Чыгыш Түркстан аркылуу өткөндүгү жөнүндө ынаарлык айтып турат. Демек, кошуналары кыргыз деп аташкан (бул уруулардын өз аттары белгисиз), теги борбордук азиялык болгон уруулардын бир бөлүгү кыргыздар жашаган азыркы территорияга жакын аймактарда, ал эми кайсы бирлери бир эле территорияда жашап турушкан. Эгерде кыргыз урууларынын айрым бир бөлүгү азыркы кыргыздардын жашаган территориясына келип туруп калышы үчүн түндүк-чыгыштан жана чыгыштан Батыш Тянь-Шанга карай, андан кийин түштүгүрөөк тарапты көздөй бир нече жүз километр эле көчүү жетиштүү болсо, анда Енисейлик кыргыздардын кандайдыр-бир ири массивинин ооп көчүп келиши жөнүндө айтуунун зарылдыгы деле жоктур. Изилдөөчүлөрдүн колунда болгон материалдар азыркы Кыргызстандын территориясына негизинен Енисейде жашаган кыргыздар эмес, көбүнчө, мурда Чыгыш Тянь-Шандын жака-белдериндеги, жарым-жартылай Иртыш боюндагы жана Алтай аймактарынын чектеринде жашаган кээ бир түркий тилдүү уруулар көчүп келишкен деген ой жорууга негиз түзөт. Алардын көбү үчүн «кыргыз» деген ат адегенде этноним эмес, алар таандык болгон саясий бирликтин аты болгон.

Бул татаал маселеге диалектикалык түрдө карасак, төмөндөгүлөрдү айтууга болот: эгерде X—XI кылымдарга чейин «кыргыз» деген аттын географиялык таралышы, бул ат этникалык өз аты болгон этникалык уюткуга караганда алда канча кеңири болсо, X—XI кылымдардан кийин, тескерисинче, кыргыз этногенезинин процессине тартылган уруулардын чөйрөсү «кыргыз» деген этнонимге түздөн-түз тиешелүү болгон территорияга караганда алда канча кеңири болгон. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн жаңылыштыгы алардын кыргыздарды «кыргыз» деген аты бар жерден гана издешкендигинде болгон.

Бул ат сыйкырдуу күч сыяктуу изилдөөчүлөрдү өз артынан элпек эрчүүгө аргасыз кылган. Бул аталыштан тышкары турган этникалык топтор кыргыз этногенезине эч кандай тиешеси жок нерсе катарында эсептелген.

Азыр бул проблеманы чечүүгө конкреттүү-тарыхый түрдө мамиле кылуу керек экендиги, б. а. кыргыз элинин куралып калыптануусуна катышышы мүмкүн болгон бардык урууларды жана этникалык топторду эске алуу керек экендиги айдан ачык болуп калды. Бирок кыргыз элинин өзүнүн пайда болушу үчүн бир катар шарттар талап кылынды:

а) уруулардын бири-бири менен байланышын жетишерлик даражада камсыз кыла ала турган бир кыйла туруктуу территориянын болушу;

б) бардык негизги урууларда үстөмдүк кылып турган бир тилдин болушу;

в) негизги чарбалык укладды чарбалык иш-аракеттердин башка формалары менен айкалыштыра турган чарбалык системанын болушу;

г) айрым уруулардын конкреттүү тарыхый кырдаалда бири-бирине белгилүү бир жакындашышына түрткү бере турган жана алыш-бериш, маданий-тарыхый өз ара аракеттенишүүлөрдүн процессинде калыптана турган маданий-тиричилик өзгөчөлүктөрүнүн жакындыгы;

д) идеологиялык көз караштарында окшош белгилердин жана табынууда жалпылык элементтердин болушу;

е) белгилүү бир уруулардын тобун башка коңшу элдер жана уруулар менен болгон мамилелеринин жагдайына жараша бирликке же конфедерацияга баш коштуруучу социалдык-саясий факторлордун болушу;

ж) жаңы, алда канча кеңири этникалык жалпылыгы болгон элге таандык экендикти сезүү.

Бардык ушул шарттар бар болчу. Кыргыз элин түзгөн уруулардын орто кылымдарда эле жалпы территориясы, бир тили (уруулук диалектилери бар) болгон. Бардык ушул урууларда жалпы этникалык өздүк аң-сезим калыптанып калган эле. Алар көчмөн турмушта жашап, мал өстүрүп, мергенчилик кылышып, патриархалдык-уруулук турмуштун жана уруулук өзгөчөлүктөрү бар маданияттын жалпы тиби түзүлүп калган. Уруулук эпостордон бирдиктүү жалпы элдик эпикалык эстелик «Манас» калыптана баштайт. Акырында, ойрот феодалдарынын агрессиялык умтулууларынын келип чыгышы территориялык жактан жакын жана негизинен боордош урууларды бирдиктүү социалдык-саясий биримдикке баш коштурууга түрткү берген.

Жогоруда айтылган шарттар, булардын ар бири жана ар түрдүү даражада болсо да, акырында келип кыргыз элинин куралып түзүлүшүн камсыз кылды. Бул татаал процесстин башталышын болжол менен XIV—XV кылымдарга тушташтырууга болот, бирок бул процесс XVI—XVII кылымдарда алда канча ургаалдуу жүргөндүгү шексиз. Бардык белгилер боюнча кыргыз элинин калыптануу процесси, айрым бир аймактарда ал жарым-жартылай кийинчерээк да уланганы менен, XVIII кылымда аяктап бүтөт. Кандай болсо да, Кыргызстанды Россияга кошуп алуунун алдындагы мезгилде кыргыздар толук калыптанып бүткөн ири эл болуп калган эле.

Этнографиялык маалыматтардын жыйындысы — атап айтканда, адабиятта орун алган, ошондой эле, айрыкча 1953—1955-жылдарда Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясынын этнографиялык отряды тарабынан чогултулган этнонимиканын жана (генеалогиялык жана тарыхый) элдик уламыштардын баяндоолорунун комплекси, тарыхый булактарда айтылгандар менен толукталып келип, кыргыз элин — анын XVI—XIX кылымдардагы бешбейнесин түзгөн негизги этникалык компоненттер жөнүндөгү маселеге алда канча тактык менен жооп берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Үч мамлекеттин территориясында жашап турган кыргыздардын саны 1500 миңден ашык. Кыргыздардын негизги массасы СССРдин территориясында, алардын саны — 1452 миң адам (1970-ж.), Кытай Эл Республикасында — 71 миң адам (1953-ж.) жана Афганистанда — 15 миңдей адам жашап турат. СССРдин өзүндө кыргыз калкынын 88,5% (1285 миң адам) Кыргыз ССРинде топтолгон. Өзбек жана Тажик ССРлеринде 146 миң адам жашайт, калгандары бир аздап башка республикаларда турат. Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда, мында 50 миңге жакыны — Кыргыз автономдуу округу — Кызыл-Сууда жашайт. Афганистандагы кыргыздардын топтору Чоң жана Кичи Памирде, Гиндукуштун жака-белдеринде көчүп жүрүшөт.

Ошентип, кыргыздардын таркалышынын реалы — Тянь-Шандын түндүк тоо этектеринен түштүктөгү Куэнь-Лунь жана Гиндукуш тоо теңирлерине чейин, чыгыштагы Куча оазисинен Түркстан тоо кыркаларынын батыш капталдарына чейин созулуп, өтө кеңири.

Кыргыз элинин этникалык курамы урууга бөлүнүүнүн мурда жашап келген системасы менен тыгыз байланыштуу. Кыргыздардын уруулук курамы жөнүндө, албетте, ошол элдин өз көз карашын билдирген баалуу маалыматтар XVIII кылымдагы кытай булактарында учурайт. Алар И. Бичуриндин, А. Н. Бернштамдын, А. А. Кондратьевдин эмгектеринде каралган.

Аларды XVIII кылымдагы орус автору И. Г. Андреевдин маалыматтары толуктайт. Кыргыздардын уруу-урууга бөлүнүшү жөнүндө толук маалыматтарды өз саякатынын учурунда Чокон Валиханов да чогулткан. Кыргыздардын этникалык курамын изилдеп үйрөнүүгө М. Венюковдун, В. В. Радловдун жана Н. А. Аристовдун эмгектери ири салым кошкон. Памир-Фергана кыргыздарынын урууга бөлүнүшү жөнүндө Н. Ф. Ситняковскийдин эмгегинде баяндалат. Чыгыш Түркстан кыргыздары жөнүндө ушундай эле маалыматтарды Корнилов келтирет.

Совет мезгилинде жарыялангандардан В. Н. Дублицкийдин, Г. Е. Грумм-Гржимайлонун, А. С. Сыдыковдун, С. И. Ильясовдун, Б. Ж. Жамгырчиновдун, Б. М. Юнусалиевдин эмгектеринде каралып жаткан маселе боюнча мурда белгилүү болгондорду толуктай турган далилдер, ошондой эле жаңы маалыматтар келтирилет.

1953—1955-жылдардагы Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясынын учурунда Кыргызстандын түндүк райондорунда — С. М. Абрамзон жана Түштүк райондорунда — С. М. Абрамзон жана Я. Р. Винник тарабынан чогултулган талаа материалдары жаңы булак болуп калды. Ар кайсы мезгилдерде чогултулган маалыматтардын аркасында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунда жашашкан кыргыздардын уруу-урууга бөлүнүшүн кароого да мүмкүндүк пайда болду.

А. Т. Тагиржанов жана В. А. Ромодин Ленинград архив сактагычында сакталып турган, XVI кылымда жазылган Сейф ад-дин Ахсикендинин «Тарых жыйнагы» (Мажму ат-таварих) деген тажик тилиндеги чыгармасынын көчүрмөсүн изилдеп-карап чыкканда кыргыз элинин уруулук структурасы жөнүндө жаңы баалуу маалыматтар табылган, бул маалыматтар алардын генеалогиялык түшүнүктөрүнүн терең традициялуулугун далилдөөгө кызмат кыла алат.

Колдо болгон мол далилдер кыргыздар жайгашкан территорияда алардын бардык топторун кучагына алган урууга бөлүнүшүнүн татаал жана ошол эле учурда бир кыйла ийкемдүү системасын толук, майда-чүйдөлөрүнө чейин кайрадан түзүп чыгууга мүмкүндүк берди. Кыргыздардын уруулук түзүлүшү жалпы схеманын тигил же бул элементтерине, тигил же бул легендарлуу ата-бабалардын же айрым уруулардын структурасына тиешеси бар генеалогиялык уламыштардын көп сандаган варианттарынын бар экендигине карабастан, биздин көз алдыбызда жалпысынан бардыгын кучагына алган бирдиктүү жана текши система катарында көрүнөт.

Жогоруда айтылган XVI кылымдын кол жазмасындагы маалыматтарды биз чогулткан генеалогиялык уламыштар менен салыштырып көрүү кыргыздардын кол жазмада айтылган легендарлуу ата-бабаларынын жарымынан кем эмеси азыр жашап жаткан генеалогияда да бар экендигин ырастоого мүмкүндүк берет. Бул ата-бабалардын арасында (атадан баласына карай) төмөнкүлөр бар: Аналхак, Арслан-бий, Мары-бий, Шүкүр-бий, Сангинбий, Сары-бий, Домбур (Домбул), Долон-бий, Ак уул. Биздин мезгилдеги генеалогиялык уламыштардын көпчүлүгү негизги кыргыз урууларынын пайда болушун Долон жана анын уулдары Ак уул (Агул, Абыл) жана Куу уул (Куул, Кугул, Кабыл) менен байланыштырышат.

XVI кылымда эле, бир кыйла кийинки мезгилдегидей, кыргыздар оң канатка (оң) жана сол канатка (сол) бөлүнүшкөн. Бирок эгерде XVI кылымда оң канат отуз уул тобуна жана Булгачынын тукумдары болгон уруу топторуна бөлүнсө, бизге бир кыйла жакыныраак мезгилде «отуз уул» деген ат менен кыргыздардын көпчүлүгүн оң жана сол канат бириктирип турган, ал эми Булгачынын тукумдарынан болгон уруулардын тобу, аларга кошулган башка уруулар менен бирге, ичкилик деп аталып калат. Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунда жашаган кыргыздар уруу-урук түзүлүшүн бир аз башкача түшүнүшөт. Сол канатка алар отуз уулдун бардык тобун, ал эми оң канатка — ичкилик тобун таандык кылышат.

Оң канаттын курамында Тянь-Шань кыргыздары үч тектеш тармакты: тагай, адигине жана мугушту бөлүп көрсөтүшөт. Булардын биринчисине алар төмөнкү урууларды таандык кылышат: сарбагыш, бугу, солто, тынымсейит, саяк, чекир саяк, жедигер, черик, азык, багыш, моңолдор, баарын, суу мурун.

Адигине тармагына жору, бөрү, баргы, кара багыш, сарттар уруулары кирген. Муңгуш тармагы жагалмай жана кош тамга деген эки бөлүктөн турган, булар да өз кезегинде бир нече урууларга бөлүнгөн. Коңурат уруусу өз алдынча турган.

Сол канатка төмөнкү уруулар таандык кылынган: кушчу (кутчу), саруу, мундуз, жетиген, кытай, басыз, төбөй жана чоң багыш.

Кыргыздардын ичкилик деген ат менен белгилүү болгон үчүнчү тобуна: кыпчак, найман, тейит, кесек, жоо кесек, каңды, бостон, нойгут, төөлөс (дөөлөс), авагат (ават) уруулары кирген. Кээде анын курамына кыдырша тобун да киргизишкен. Кээде жетишээрлик негизи жок болсо да бир нече учурда ичкилик курамында оргу тобуна өз алдынча маани берилген.

Жогоруда айтылган булакта (Мажму ат-таварих) көрүнгөндөй, кыргыздардын уруулук структурасынын дааналыгы кыргыз элинин этникалык курамы XVI кылымга карата турукташып калган деп айтууга негиз берет, ал эми XVI кылымдагы кыргыздар жашаган территориядан тышкаркы жерлерде мындай болушу мүмкүн эмес эле. Колдо болгон маалыматтар далилдеп тургандай, кыргыз эли куралып калыптанган түркий тилдүү уруулардын көпчүлүгү алыскы бир жактан көчүп келген эмес, алар өзүлөрүнүн куралышынын кайсы бир этабын кыргыздардын азыркы жашап турган территориясынын өзүндө эле же буга жакын турган аймактарда өткөрүшкөн.

Кыргыздар XV кылымда эле Жети-Суу аймактарында, атап айтканда, Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаганын өзбек окумуштуусу Б. Ахмедов тарабынан изилденген булактардын негизинде келтирилген, бирок аны башка изилдөөчүлөр этибарга албаганын маалыматтар ишенимдүү далилдейт.

Далилдүү тарыхый маалыматтар колдо турганда, азыркы кыргыздардын этникалык тарыхын алардын Тянь-Шанга массалык түрдө көчүп келиши менен түшүндүрүп жүрүшкөндөр үчүн XV кылымда, а мүмкүн андан мурда эле, Тянь-Шанда «кыргыз» деп аталган этникалык жалпылыктын жашагандыгынын фактысын тануу кыйын болуп бара жатат.

Ушуга байланыштуу «Тянь-Шань» деген түшүнүктүн өзүнүн мазмуну жөнүндө да маселе коюу орундуу. Кыргыз элинин куралышына байланышкан этникалык процесстерге карата көз караштардын ар түрдүүлүгү бир кыйла учурда терминологиянын так эместигинин жана ар башка түшүндүрүлүшүнүн натыйжасы болуп саналат, анын үстүнө бул этникалык да, социалдык да жана географиялык да түшүнүктөргө тийиштүү. Бул толугу менен «Тянь-Шань» түшүнүгүнө да тиешелүү. Көп учурда, Тянь-Шань кыргыздары жөнүндө жазганда жана сөз кылганда азыркы Кыргызстандын территориясын гана түшүнүшөт.

Бул болсо, албетте, кыргыздардын этникалык тарыхынын фактыларын талдап түшүндүрүүдө олуттуу бурмалоолорго алып келет. Ал эми Тянь-Шань тоо системасы катары азыркы Кыргызстандын чектеринен тышкары чыгышты карай алыска созулуп жатканы белгилүү. Ошондуктан, эгерде Тянь-Шанды жалпысынан географиялык түшүнүк катары карай турган болсок, анда бир катар талаш-тартыш маселелер өзүнөн өзү эле түшүп калат.

Кыргыздардын этникалык курамында, жогоруда аталгандардан башка, кээ бир аралаш же тектеш эмес компоненттер да болгон. Аларга күркүрөө, курөң, калча, келдике, калмак, сарт-калмак, калмак-кыргыз, чала-казак жана башкаларды таандык кылышат.

Сарт-калмак этнографиялык тобунун көпчүлүк бөлүгү — 2,5 миңге жакын адам (1959-ж.) — Прежевальск шаарынын (Ысык-Көлдүн боюнда) жанындагы Бөрүбаш жана Челпек айылдарында жашашат, алар бул жерге XIX кылымдын 80-жылдарында биротоло көчүп келишкен. Сарт-калмактардын бул бөлүгү өзүнүн курамы боюнча аралаш топ болуп саналат. Буга кээ бир кыргыз топторунун тукумдары да кирет. Бир нече жүздөгөн сарт-калмактар Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Монгол Курэ (Чжаосу) уездинде кыргыздар менен казактардын арасында жашайт.

Сарт-калмактардын тигилери да, булары да дини боюнча мусулмандар, эзелтен эле эки тилде сүйлөшөт, узак мезгил бою кыргыздар менен чогуу жашап келаткандыктан өзүлөрүн кыргызбыз дешет.

Синьцзян-Уйгур автоном районундагы Эмелгол Монгол автоном округунун Дөрбөлжүн уездинде калмак-кыргыздардын 1000 кишиге жакын болгон өзгөчөлүү бир тобу жашайт. Анын курамына өзүлөрүн сары багыш, мундуз, баарын урууларынанбы деген кыргыздар, ошондой эле бир аз санда ханьцылар, тувалыктар (көк мончок тобу), казактар кирет. Өзүлөрүнүн турмуш-тиричилиги жагынан бул топ моңголдорго жакын, ламаизм динин тутушат, алар кыргыз тилинин элементтери аралашкан казак тилинде сүйлөшөт. Ламалар жана карылар монгол тилин билишет. Алар биерге 300 жылга жакын убакыт мурда «Ала-Тоодон» келгенбиз дешет. Азыр калмак-кыргыздар кээ бири ата-теги кыргыз эмес экенин билишсе да, өзүлөрүн кыргызбыз деп эсептешет.

Бул топтун негизин XVIII кылымдын башында жүнгарлар Сибирден күч менен айдап кеткен кыргыздардын бир бөлүгүнүн тукумдары болушу ажеп эмес.

Кыргыз ССРинде өзүлөрүн кыргызбыз деп эсептешкен чала-казак деп аталган бир нече топ жашап турат. Алардын бири Фрунзе шаарынын батыш тарабында, мурдагы Кызыл-Аскер кыштагында, калган эки тобу Талас өрөөнүндө жашайт. Бул топтордун курамында айрым кыргыз урууларынан (солто, моңолдор ж. б.) чыккандар да, ошондой эле башка улуттардын: өзбектердин, казактардын, уйгурлардын да өкүлдөрү бар.

Биздин көптөгөн информаторлорубуз Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунда жашаган долондор (же доландар) деген этнографиялык топтун ата-тегин кыргыздар менен байланыштырышат, алар азыр да тили жана жашоо-тиричилигинин түрү боюнча уйгурлардан дээрлик айырмаланышпайт. Информаторлордун айткандарына караганда, долондордун өзүлөрү ата-тегибиз кыргыз деп эсептешет. Долондордун дене түзүлүшүнүн тиби боюнча кыргыздарга жакын экендигин, кошуна кыргыздардын улак тартыш, ат чабыш ж. б. салтын колдонушаарын белгилешет. В. П. Юдиндин долондордун ата-теги могулдар деп божомол кылганы, ошондой эле Э. Р. Тенишевдин «долон» этнонимин монголдордун «жети» — долон деген саны менен окшоштурганына макул болгону — кыргыздардын долондор менен мүмкүн болгон этногенетикалык байланыштарына карама-каршы келбейт.

СССРдин жана КНРдин кыргыздарынын негизги уруу-урук топтору таралган чектер төмөнкүчө: тагай тармагындагы бүт дээрлик уруулар жашаган жерлер — Борбордук жана жарым-жартылай Батыш Тянь-Шань, Чүй өрөөнү жана Ысык-Көл ойдуңу, Текес дарыясынын бассейни, Көкшаал тоо кыркасынын түштүк капталдары менен чектелет; адигине жана муңгуш тармактарынын уруулары Фергана жана Алай тоо кыркаларынын капталдарында, Фергана ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө жана Кыргыз автоном округунун (КНР) Улугчат уездинде жашаган; сол канаттын уруулары Талас жана Чаткал дарыяларынын өрөөндөрүндө жана ушундай аталган тоо кыркаларынын теңирлеринде, жарым-жартылай Фергана тоо кыркасынын этектеринде, ошондой эле Көкшаал тоо кыркаларынын түштүк капталдарында жашашкан; ичкилик тобуна кирген уруулар Алай жана Түркстан тоо кыркаларынын бир бөлүгүнүн этектеринде жана аларга танапташ жаткан Фергана ойдуңунун аймактарында, Алай өрөөнүнүн батыш тарабында, Каратегиндин чыгыш тарабында жана чыгыш Памирде, ошондой эле КНРдин Синьцзян-Уйгур автоном районунда: Ак-Тоо, Улугчат, Таш-Коргон уездинде, Кашкар, Янги-Гиссар жана Яркенд шаарларынын батышында жана Куэнь-Лунь тоо этектеринде — Гума уезддеринде жашашкан.

Кыргыздардын арасында өз ичине кирген уруулардын курамы боюнча гана эмес, ошондой эле алардын материалдык жана рухий маданиятынын бир катар өзгөчөлүктөрү жана айрым үрп-адаттары боюнча да айырмаланышкан эки топ даана байкалып турат. Биринчисине Кыргызстандын түндүк бөлүгүнүн жана КНРдеги Синьцзян-Уйгур автоном районунун калкы кирет, булар өзүлөрүн отуз уул урууларынын тобуна таандык кылышат, экинчисине Кыргыз ССРинин Түштүк райондорунун жана Тажик ССРинин жакын жаткан райондорунун, КНРдеги Синьзян-Уйгур автоном районунун түштүк бөлүгүнүн кыргыз калкы кирет, булар өзүлөрүн ичкилик тобундагы урууларга, ал эми жарым-жартылай отуз уулдун оң канатына (адигине жана муңгуш тармагына) таандык кылышат. Бирок мурда эки топтун көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгына байланышкан жашоо шарты, маданияты менен турмуш-тиричилигинин эң маанилүү белгилери, алардын этникалык аң-сезими жана түндүк кыргыз, түштүк кыргыз диалектилеринин бир экендигине карабастан тили жалпы болгон.

Кыргыздардын бул аталган ири топторуна мүнөздүү өзгөчөлүктөр, сыягы, алардын этникалык тарыхындагы айырмачылыктардан улам келип чыккан болуу керек. Ушул топтордун ар бирин түзгөн этникалык элементтердин калыптануу процесси кандайдыр-бир даражада бири-биринен обочо жагдайда өтсө керек, бирок бул алардын белгилүү бир мезгилде жалпы бир этникалык коллективге — кыргыз эли болуп баш кошушуна жолтоолук кылган эмес.

Кыргыздардын этникалык курамынын эң башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири — анын татаалдыгы, ар түрдүүлүгү жана аралаш болгондугу. Мындан бир кыйла жакын мезгилдерде эле болуп өткөн этникалык процесстердин натыйжасын көрбөй коюуга болбойт.

Этникалык курамдын бул татаалдыгы кезинде В. В. Радлов жана Н. А. Аристов сыяктуу изилдөөчүлөрдү алтайлыктардагыдай кандаш-уруулук бирикме катары түшүнүлгөн «сөөк» сыяктуу эле кыргыздарда да уруулук структурасынын өзгөчө бир звеносу болгон деген жаңылыш корутундуга алып келген. Чындыгында кыргыздардын арасында мындай звено жок.

Айрым аты уйкаш уруулук жана уруктук топтордун өткөндө бир кыйла кеңири территорияларда жашашканы орун алган социалдык-саясий окуялардын, ооп кетүүлөрдүн, ар түрдүү топтордун кошулушунун, бөлүнүп кетишинин жана башкалардын натыйжасы болуп саналат. Мисалы, бугу уруусунун негизги бөлүкчөлөрүнүн бири болгон кыдыктын курамында теги өтө ар түрдүү майда топтор бар, алар: кыпчак, кутчу, тынымсейит, катаган ж. б.

Бир катар уруулардын курамында теги башка майда топтордун, мисалы моңолдордон, чериктен, кутчудан чыккандардын ж. б. болушу моңолдор, черик жана дагы ушул сыяктуулардын «сөөктөрү» деп атала тургандардын бар экендиги жөнүндө дегеле билдирбейт, кайра этникалык топтордун өтө тез-тез жер ооштуруп тургандыгынын фактысын гана ырастайт. XIX—XX кылымдарда сөөк нике боюнча кудалашуу катарында каралган, мында кудалардын ортосундагы мамилелерге тең маанилеш келген эки тайпанын ортосундагы мамилелер (сөөкчүлүк) эске алынып жатат.

Ысык-Көл боюндагылар үчүн түштүк кыргыз урууларынын топтору менен жана Талас дарыясынын өрөөнүндөгү топтор менен олуттуу этникалык байланыштарынын болгондугу шексиз экендиги белгиленүүгө тийиш. Алсак, бугу уруусунун кээ бир ири бөлүкчөлөрүнүн ичинде тейит, жору, кара багыш ж. б. сыяктуу түштүк кыргыз урууларынан чыккан майда топторду жолуктурууга болот. Ысык-Көлдүк мундуздардын анча чоң эмес топтору түштүк кыргыздардын бир кыйла ири келген мундуз уруулары менен түздөн-түз генетикалык байланыштары бар. Ушунун эле өзү Ысык-Көлдүн жээгинде жана Кочкор өрөөнүндө жашаган, Таластан чыккан кутчу жана кытай топторуна да тиешелүү.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги жергиликтүү калктын негизги массасынын арасында чачыранды түрдө жашаган анча чоң эмес бир катар башка топтор бир кездерде ар кандай себептер менен башка территорияларда жашап турган өз уруулаштарынын тобунан бөлүнүп калышкандар. Мындайларга, жогоруда аталгандардан башка, дөөлөс, баарын, керейлер кирет. Тянь-Шанда келдике (өзүлөрүн багыш сыяктуу чоң уруу менен байланыштырышат), жетиген, төбөй ж. б. майда топтор жашайт.

Бул топтордун айрымдарынын тарыхында татаал этногенетикалык процесстерди түшүндүрүү үчүн маанилүү болгон көптөгөн баалуу белгилер бар. Патриархалдык-феодалдык мамилелер үстөмдүк кылып турган шартта мындай майда топтор көп учурда «кул-кутандардын» (букаранын) абалында болушкан, алар үстөмдүк кылып турган уруулук топтордун феодал төбөлдөрү тарабынан ырайымсыз эксплуатацияланган.

Этникалык курамы жагынан көп түрдүүлүк эки ири уруу: сары багыш менен солтого мүнөздүү. Сары багыштардын ичинде теги казак болгон топтор менен катар теги «сарт» болгон (чертике) топтун, Таластагы өзүк, чечей, молой ж. б. сыяктуу теги белгисиз уруулардан чыккан кулдардын тукумдарынын бар экендиги белгиленген. Солто уруусунун курамына моңолдор, кыпчак, багыш, баргы, сарттар, саяк ж. б. кыргыз урууларынан чыккандар, ошондой эле «жети кулдун» тукумдары деген ат менен белгилүү болгон майда «кул-кутандардын» тукумдарынан турган бир кыйла чоң топ кирген.

Булар солтонун ири манаптарынын ортосунда мурас катарында бөлүнүп алынган. Бул эки уруунун курамы этникалык тарых социалдык өнүгүүнүн процесси жана таптык карама-каршылыктар менен кандайча чырмалышып кеткендигин далилдейт.

Ири уруулар: бугу менен сары багыштын, солто менен сары багыштын, бугу менен саяктын ортосунда бир кыйла кийинки тарыхый мезгилде генеалогиялык байланыштардын болгондугу жөнүндө маалыматтар бар, ал маалыматтар бул уруулардын ортосунда ургалдуу карым-катнаштардын болгондугун айгинелейт. Бул тамга жөнүндөгү маалыматтар менен да ырасталат. Байыркы жагалмай тамгасы көңүл бурууга татыктуу, бул тамга өткөндө, баарынан мурда, бугулар менен сарбагыштардын арасында таралган; тамганы жылкыга гана салбастан, башка буюмдарга да (мисалы үзөнгүгө) салышкан.

Ушундай эле же белгилери боюнча ушуга өтө окшош тамга черик жана моңолдор (тагай тармагы) урууларында, сарттар, баргы жана кара багыш (адигине тармагы), жагалмайдын (муңгуш тармагы) бир бутагында бар экендиги байкалган; ушундай эле же ушуга жакын белгиден тамга багыш уруусунда (тагай тармагы; аты жок тамга), бөрү уруусунда (адигине тармагы; бөрү талаасы), саяк уруусунда (тагай тармагында; саяк тамгасы), кыпчак (кыпчак тамга) жана коңгурат (аты жок) урууларында, басыз уруусунун бай согур бутагында (байсогур тамга) да болгон.

Чекир-саяк уруусунун кайчы талиа деп аталган тамгасы бугу уруусунун көп түрдүү тамгаларынын бири менен жана формасы боюнча мунгуш тобунун тамгаларынын ушуга окшош тамгасы менен абдан окшош.

Саруу уруусунун (сол канат) ай талаа деген бөлүкчөсүнүн тамгасынын белгиси бугу уруусунун жаа тамга деп аталуучу тамгасы менен, азык уруусунун тамгасы, ошондой эле бугу жана сары багыш урууларынын жогоруда аталган «жагалмай» тамгасы менен окшош.

Солто уруусунун (тагай тармагы) тамгасы бул тармактагы көпчүлүк уруулардыкынан айырмаланып, ай тамга деп аталган. Ушундай эле типтеги жана ушундай эле аталган (наал тамга деген ат менен да белгилүү, наал — така деген сөздөн) тамга сарттар (адигине тобу) уруусунда, чоң багыш (сол канат) уруусунда, ошондой эле дөөлөс (төөлөс) уруусунда байкалган. Дөөлөс уруусунун (Кыргызстандын түштүгүндө) ай тамга деп аталган бутагы болгон. Кушчу уруусунун (сол канат) тегерек түрүндөгү тамгасы мунгуш тармагында жана жору (адигине тармагы) уруусунун теңсизбай деген бөлүкчөсүндө кайталанат.

Белгилери окшош, көп учурда аталыштары да окшош тамгалардын ичинен төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот: керки тамга — саяк уруусунда жана басыз уруусунун керки тамга (керкиден улам) деп аталган бөлүкчөсүндө болгон; босого тамга (босогодон улам) — кара багыш жана баарын урууларында, саруу уруусунун бөлөк чал деген майда тобунда жана кадырша уруусунда болгон; ача тамга — мундуз (сол канат) уруусунда, саруу уруусунун алакчын бөлүкчөсүндө жана ушундай эле белгиде мунгуш тармагында болгон; бөрү (аты жок тамгалардын бири) уруусунун жана саруу уруусунун оготур тайпасынын тамгалары бирдей болгон (ал көөкөр тамга деп аталган; көөкөр — кымыз куюучу булгаары идиш) ж. б.

Эгерде кээ бир учурларда тамгалардын белгилеринин окшош болушу түздөн-түз этногенетикалык байланыштар менен шартталган эмес деп болжолдоого мүмкүн болсо, оң канаттын негизги урууларында жана топторунда (бугу, сары багыш, багыш, кара багыш, черик, моңолдор, баргы, сарттар, бөрү, саяк, чекир-саяк, азык, жагалмай ж. б.) колдонулган тамгалардын чоң тобу бул уруулардын этногенетикалык жактан тектеш экендигин толук түрдө ачык ырастап турат. Сол канаттын урууларына таандык болгон тамгалар алда канча ар түрдүү келип, анын курамынын өтө аралаш болгонун далилдебей коё албайт.

Ю. А. Зуев VIII—X кылымдарда «Танхуйяо» деген чыгармадан үзүндү которуп басып чыгарышынын аркасында байыркы түрк урууларынын тамгаларын кыргыздардын тамгалары менен салыштырып көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ар түрдүү уруулардын жылкыга сала турган тамгаларынын таблицасында кыргыздардын тамгалары менен окшош же аларга жакын тамгалар учурайт. Цзе-гу (киргут, б. а. байыркы кыргыздардын) уруусунун тамгасы оң канаттагы бугу, сары багыш, черик, моңолдор, азык сыяктуу мурдагы ири кыргыз урууларында, ошондой эле сол канаттын саруу уруусунун бөлүкчөлөрүнүн бир бөлүгүндө таралган тамгага (жагалмай тамга жана жаа тамга) окшош болгондугунун фактысы айрыкча кызыгууну туудурат.

Н. Г. Маллицкий тарабынан келтирилген «кара-кыргыз» (б. а. жалпы кыргыз) тамгасы цзе-гунун тамгасы менен окшош экендиги да кызык нерсе. Пу-гу уруусунун тегерек түрдөгү байыркы тамгасы карыяларга кыргыздардын адигине жана муңгуш топторунун жана кушчу уруусунун тамгасы катарында белгилүү. Хуй-гэ (уйгур), чэ-ли (черик) жана хүнь (күн) сыяктуу байыркы уруулардын тамгалары жазылышы боюнча кыргыздардын төөлөс (дөөлөс), мундуз жана солто урууларынын тамгаларына окшош. А-шина уруусунун тамгалары адигине тармагынын тамгаларынын бирине окшойт.

Байыркы цзюй-ло-бо (күрабор; кыргыз этноними — кара боор менен салыштыргыла) уруусунун тамгалары да кыргыздардын төөлөс, саруу урууларынын тамгалары менен жана адигине тармагынын тамгаларынын бири менен салыштырылышы мүмкүн. Жогоруда келтирилген салыштыруулардын айрымдары өтө терең көңүл бурууга татыктуу, себеби алар этникалык байланыштардын жибин кечээ жакынкы учурдан байыркы көөнө мезгилди карай чубап, өткөндөрдүн учугун табууга мүмкүндүк берет.

Колдо болгон материалдардын негизинде кээ бир учурларда кыргыздардын этникалык тарыхынын алда канча мурдагы, XVI—XVII кылымдарга чейинки мезгилинин изин табууга мүмкүн болуп отурат. Буларга кыргыздардын казак, өзбек жана ойрот уруулары менен болгон этникалык байланыштары жөнүндөгү маалыматтар таандык. Жергиликтүү калк сары багыш уруусунун курамындагы абыла, сабыр жана чагалдак топторун, бугу уруусунун курамындагы отуз уул тобун жана башкаларды ата-теги боюнча казактар деп айтышат. Экинчи жагынан, Н. А. Аристовдун эмгектеринде келтирилген маалыматтар ырастап тургандай, кээ бир казак этникалык топторунун ата-теги кыргыздар менен байланыштуу болгондугун көп ирет көрсөткөн далилдер да аз эмес.

Бугулардын ичинде такабай уулу, торгой, сары багыштарда жумаш ууху ата-теги боюнча өзбектер деп аталат. Бир катар учурда ата-теги ойрот (калмак) болгон муундар да катталган; алар: бугулардын ичиндеги жээренбай, чурум, кызыл сакал топтору; сары багыштардын, суу мурундардын, адигиненин жана башкалардын ичиндеги калмактар. Жогоруда айтылган жана башка теги боюнча ар түрдүү топтор бир кездерде тигил же бул кыргыз уруулары менен сиңишип кеткен, ошондуктан алардын ата-теги башка экендиги жөнүндөгү генеалогиялык уламыштарды сактап жүрүшкөн карыялардын эскерүүлөрүндө гана айтылып калды.

Айрым топтордун курамынын аралаш мүнөзү сары багыш уруусундагы жети кул тобунун мисалында жакшы байкалат. Буга калмактардан төрт, кутчу уруусунан бир, моңолдор уруусунан бир жана мундуз уруусунан бир адамдын тукумдары кирет. Алгач (Эсенгул феодалдын кулдарынан), социалдык топ катарында пайда болуп кийин жети кул тобу этникалык жалпылыктын белгилерине ээ болот.

Кыргыздардын ойроттор менен узакка созулган байланыштары кыргыздар менен ойроттордун этникалык курамында гана эмес, ошондой эле алардын көп сандаган уламыштарында, айрым каада-салттарында, тамгаларында жана башкаларында да терең из калтыргандыгын белгилеп кетүү керек.

Бул фактылар, мурда келтирилген маалыматтар менен бирге, өткөндө кыргыздардын өз урууларынын ортосунда, ошондой эле, бир жагынан, Чыгыш Түркстанга канатташ райондордо жашаган, экинчи жагынан, «Анжиян» деген жалпы термин менен бириккен Чыгыш Фергана райондорунда жашаган түркий тилдүү жана моңгол тилдүү уруулар менен кыргыздардын ортосунда тынымсыз жана ургалдуу түрдөгү этникалык байланыштардын болуп турганын айгинелейт.

Жунгариянын жана Чыгыш Түркстандын, Түштүк Жети- Суунун, Фергананын жана Алайдын территориясы өткөн чакта бир бүтүн чоң казан сыяктуу болуп, мында акыры келип кыргыз элин түзгөн этникалык компоненттер уюп отуруп, ийине жетилишинин узакка созулган процесси болуп өткөн. Буга мындан ары жакта каралуучу көп окуялардан далил табууга болот.

Алыскы бир көөнө мезгилде болуп өткөн окуя, жогоруда айтылгандай, карыялардын эсинде калган. Алсак, жетиген тайпасынын пайда болушу жөнүндөгү уламышта (Куланак району, Тянь-Шань) Эдигенин да, Токтомушкан (Тохтамыш) менен Баракандын (Боракхан) да ысымдары айтылат, бул болсо уламыштын XV кылымдын отузунчу жылдарындагы, Могулстанды да кучагына алган окуялар менен байланышы бар экендигин көрсөтүп турат.

Баса, жетиген уруусунун түпкү теги «Ногойго» таандык кылынат. Уламышта Баракан тарабынан Эдигенин үч уулу өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү каптаган каардуу кара тумоонун эскерилгени да кызык (1428—1430-жылдарда дешти. Кыпчакта чуманын катуу тарап турганы белгилүү)

Кыргыздардын ата-бабасы жөнүндө таралган легендалардын биринде Дайыр деген келгин эскерилет, ал кийин казактарга барып, казактардын жалаир (башка вариант боюнча — албан) тобунун түпкү атасы болот. Бул ысым тарыхый инсан — казак ханы Тахирдин ысмы менен толук үндөшүп турат, ал XVI кылымдын 20-жылдарында бир аз убакыт могулстан кыргыздарынын башында турган. Уламыштар менен легендалардагы айтылган бир катар маалыматтар XVII кылымды кымтыйт. Алардын ичинен эң кызыктуусу — кыргыздардын Кудаяр хандын башчылыгы менен батышка жасаган жортуулу жөнүндөгү баян; бул жортуулду баянчылар «казактар кайың саап, кыргыздар Гиссар менен Кулябга кеткен» (казак кайың саап, кыргыз ысар-көлөпкө кетти) кыргыздар үчүн ачарчылык, оор мезгил менен байланыштырышат.

Кээ бир легендаларда кыргыздардын Кудаяр баштаган жортуулу «каратегин» деп аталган элге кол салуу катарында мүнөздөлгөнү бир кызык; Кыргыздардын чоң тобунун (12 миң үй-бүлө) 1635—1636-жылдарда Каратегин аркылуу Гиссарга көчкөнү белгилүү.

Кыргыздардын айрым топторунун этникалык курамынын татаалдыгы жана аларга тигил же бул элементтердин киришинин белгилүү бир шарттуулугу ичкилик тобунун мисалында түшүндүрүлүшү мүмкүн. Демейде бул топтун курамына киргизилип жүргөн уруулардын көпчүлүк бөлүгү Чыгыш Түркстанды өзүлөрүнүн байыркы мекени катары эсептешет. XVI—XVII кылымдардагы булактар алардын айрымдары ошол мезгилде Чыгыш Тянь-Шань аймактарында жашаган кыргыз урууларынын арасында бар экендигин эскерет. Ичкиликтердин негизги уюткусу Орто Азиянын территориясында, калыбы, XVI—XVII кылымдарда пайда болсо керек, кээ бир уруулар бул тарапка кийинчерээк ооп келишкен. Мисалы, нойгут уруусу XVIII кылымда эле Чыгыш Түркстанды жердеп турган.

Азыр нойгуттардын тукуму, бир азынан башкасы, Кыргыз ССРинин Ош областынын түштүк тарабында жашайт. Ичкилик тобуна киргизилип жүргөн кыргыз уруулары Орто Азиянын территориясына келген соң, бул жерде мурда жашап турган жергиликтүү түркий тилдүү калк менен тыгыз аралашып, бул тайпалардын бир бөлүгүн өзүлөрүнө сиңирип алган. Мунун түздөн-түз далилин биз султан Бабурдун мемуарынан табабыз («Бабур-намэ»).

Ферганадагы социалдык-экономикалык абал менен байланышкан бир катар көрүнүштөргө токтолуп, Бабур кадимки Фергана менен Кашкардын ортосунда бир нече миң үй-бүлөдөн турган, мал чарбачылыктагы чоң уруунун көчүп жүргөнүн белгилейт. Бул уруу көчүп жүргөн тоолорду жетүүгө кыйын тоолор деп, ал көчмөндөрдүн көп жылкысы жана койлору бар экендигин, уйлардын ордуна алар сандаган топоздорду багып өстүрөрүн көрсөтөт.

Бул жерде, атап айтканда, кыргыздар менен гана байланыштырууга боло турган топоз багуу сыяктуу өтө маанилүү этнографиялык белги бар. Орто Азияда топоз багуу негизги кесиптеринин бири болгон кыргыздардан башка бир да эл белгисиз.

Бабур келтирген уруунун аты ар түрдүүчө окулат: чакрак, чограк, чагрек, чегерак. Мен өзүлөрүн ата-теги боюнча тейит, нойгут жана бостон урууларына таандык кылышкан түштүк кыргыздардын калкынын арасында ушул күнгө чейин чогорок деген этнонимди алып жүргөн анча чоң эмес топтордун бар экендигин таптым. Мына ушулардын бардыгы Бабур атаган уруу ичкиликтердин курамына кирген деп болжолдоого негиз берет.

Ичкиликке тийиштүү болуп жүргөн уруулардын баары эле аларды бириктирип турган бул жалпы атты кабыл ала беришпейт. Булардын теги ар түрдүүчө келип чыккан. Алардын бул топко кириши ар кайсы убактарда болуп өткөн. XIX—XX кылымдарда «ичкилик» деген ат менен белгилүү болгон негизги он уруунун ичинен «Мажму ат-таварих» чыгармасында бешөө гана Булгачынын тукумдары катарында аталат, мында кесек сыяктуу ири уруу, ошондой эле кыпчак, найман ж. б. уруулар дегеле жок. Ошондой болсо да, башкалардан айырмаланып турган бул топтун негизги урууларынын маданий-турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүктөрүнүн жана диалектилеринин байкалган окшоштугу алар этникалык жана социалдык-саясий тарыхтын жалпы этаптарын башынан бирге өткөргөндөрүн айгинелеп турат. Ошол эле убакта өткөндө бул топтун бир катар изилдөөчүлөр тарабынан белгиленген айрым урууларына мүнөздүү этнографиялык белгилери ичкилик тобунун баш кошуу процесси өтө эле алыскы мезгилде болуп өтпөгөнүн көрсөтөт.

К. И. Петровдун эмгектеринде азыркы Түштүк Кыргызстандын территориясында куралган ичкилик тобу менен (же анын «уюткусу» менен) жана XIII кылымда Енисей боюндагы Баргужин Токум аймагында жашаган ачык эле моңгол тилдүү булгачин жана кэрэмучин урууларынын ортосунда түздөн-түз этногенетикалык байланыштын болгондугун далилдөөгө аракет жасалат. Бул байланыш бизге апыртылгандай көрүнөт. Биз жазып алган генеалогиялык уламыштарда бир катар кыргыз урууларынын ата-бабаларынын аттарынын ичинен Булгачы деген ысымды (ошондой эле Булганч, Булганчы түрүндө) табабыз, бирок бул ысым түрк тилинин негизинде келип чыккан деп болжолдоого болот (караңыз: Кыргызча-орусча сөздүк, 1957—1958).

Азыр ичкилик тобуна киргизилип жүргөн бир катар уруулардын ата-бабасы болгон Булганчтын ысмын мен биринчи жолу 1953-жылы жазып алган элем. Кийинчерээк, 1955-жылы ошонун эле өзүн Курманалиев Сарт да ырастады. Анын варианты боюнча Булганчтан тейит, каңды, жоо кесек, нойгут, кыпчак, кызыл аяк, кесек, найман уруулары пайда болгон («Мажму аттаварихте» булардын биринчи үчөө гана аталган; демек, ичкилик бирлигинин курамы өзгөрүп кеткен).

Чормошев Закир Булганчтын ысмын жору уруусунун (адигине тармагынын курамында) негизин салган Жорунун уулдарынын ичинде атады. Акырында, Исламов Низам найман уруусунун курамында булгачы-найман тукуму бар экендигин айтты; анын өкүлдөрү Өзбекстандагы Шаарканда (Шаарихан) жашашат, өзүлөрүн эми өзбекпиз деп аташат. Анын айтканы боюнча, мурда булгачы-найман чоң тайпа болгон, бирок ачкачылыктын айынан алардын көбү Ысарга (Гиссар) кетишип, ошол жерде жашап калышкан. Алардын тукумдарын азыр ал жерде калдык-найман (калдык же карлык, б. а. карлуктар) дешет.

В. П. Юдин Низамуддин Шаминин «Зафар намасына» таянып, булгачы уруусу Темирдин заманындагы салучилер менен бирге айтылаарын белгилейт. Вайсхан өлгөндөн кийин, деп көрсөтөт В. П. Юдин, булгачы уруусу калучилер жана бир катар башка уруулар менен бирге Дашти Кыпчакка Абул-Хайр-ханга кетип калышат. Ал жөнүндө могул уруусу катары айтылат.

«Тарихи Рашидиде» да XV кылымдын экинчи чейрегинде «булгачы» деп аталган уруу Абу-л-Хайр-хан башчылык кылган көчмөн өзбектер менен биригип кеткендигин кабарлайт. Ушул маалыматтардын баары К. И. Петровдун гипотезасы менен дегеле дал келбейт. Бул гипотезаны далилденген деп айтышка али эч болбойт. Ичкилик тобунун пайда болушу гипотезанын автору ойлонгондон алда канча татаал.

Кыргыздардын азыркы этникалык курамынын калыптануу тарыхын изилдөөгө киришүү менен, кыргыздын баатырлык эпосу «Манаста» кезиге турган этнонимика этникалык тарых үчүн да олуттуу маалыматтарды камтый турганын белгилеп кетүү керек. Ал этнонимиканы 1946-жылы мен бир аз талдап чыккан элем. «Манастагы» этнонимдерди, өзгөчө алардын этимологиясын изилдөөдө баалуу тажрыйба тилчи Б. Ө. Орузбаевага таандык.

Кыргыздардын этникалык курамын мүнөздөй турган колдогу маалыматтарды тарыхый жана географиялык чыгармалардын маалыматтары менен жана байыркы, орто кылымдардагы түркий тилдүү, ошондой эле моңгол тилдүү уруулардын жана элдердин этнонимикасы менен салыштырып чыгуунун негизинде аталыштарында кыргыз элинин этникалык тарыхынын эң маанилүү этаптары чагылдырылган бир нече этникалык топтордун «катмарларын» бөлүп көрсөтүүгө болот.

Мындай топтордун биринчи «катмары» биздин замандын VI—XI кылымдары менен чектелген мезгилде жатат. Бул мезгилдин акырында гана феодалдык мамилелер биротоло калыптанып бүтөт. Мына ошондуктан карала турган бүт ушул мезгил бою эл сыяктуу этникалык жалпылыктын жашап тургандыгы жөнүндө сөз кылуунун кереги деле жоктур. Бул «катмарга» байыркы түрк урууларынын жана орто кылымдардын баштапкы мезгилиндеги уруулардын чөйрөсү менен өтө жакын түрдө байланышкан этнонимдер, атап айтканда: төөлөс, мундуз, кыпчак, каңды (б. а. каңлы), кутчу, арык, уйгур, бугу, азык уруулары жана болжол менен солто, саяк (жарым-жартылайы), багыш, сары багыш, чоң багыш, кара багыш, жедигер жана айрым бир уруулар кирет.

Бугу уруусунун генеалогиялык уламыштарын кунт коюп карап чыкканда анын курамына кирген арык тобунун (же арык тукуму) бөлөк экендиги ачык байкалат. Бугулардын XVIII кылымда Ысык-Көлгө келиши менен байланышкан уламыштарда да арык өз алдынча топ катары айтылат. Бул болсо Г. Е. Грумм-Гржимайлонун арыктын ата-теги уйгурлардын арык деп аталган уруусу болуп саналат деп айтканын колдоого мүмкүндүк берет.

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.