АҢГЕМЕ

Бектур көнүмүш адатындай эртеңки сабагына камынууга киришкенде күн бешимге таяп калган…

Мүлдө иш өз көңүлүндөгүдөй бараткансыганы менен анын сабагын ынтаа коюп укса да, класста карама-каршы көз караштуу улан бар. Мурат техникалык кесиптерге кызыкканы менен ага тиешелүү сабактарды да көжөлүп окубай, кол учунан бүтүрө турган. Мугалимдин бир cабакта окуучуларды түгөл сурап, эски сабакты бышыктоого шаасы жетпей турганын жаземдебей билчү. Бир баа алган бойдон арадан бир жума өткөнчө: “Бу жумада агай менден сурабайт” – деген кыязда китеп бетин аччу эмес.

Бектур сынакка жакын калганда да жыл башынан бери окуган сабактарын кайра эске салуу үчүн өткөрүлгөн машыктыргыч сабактарга катышпай, курдаштарына тыңсынып, өзүнчө обочолонгон баланын ата-энеси менен сүйлөшүүнү эп көрдү. Уулунун жорук-жосунун агайынан уккан үй ээси мугалимдин кебин жактырбай, тырчый түштү:

— Таң саардан мектепке жөнөйт. Аны сабакка жөндөп катыштыра албаган күнөө — өзүңөрдө. Тиги-бу өнөрү тууралуу бирөөдөн аңыз кеп укпадык. Анан кантип бой жеткен балага андай жүр, мындай бас деп айтат элек?, — деди Мураттын атасы. – Баламдын сыры мага да маалым. Бирок ушу жашка чыкканча, нечен мугалимди көрдүм. Алардын бирөөсү да Мурат тигиндей деп каралаган эмес. Демек, сен көрүпсүң да, анын жамандыгын… — Үй ээси айыпты Бектурга төңкөргөндөй болду.

Окутуучу чүрпөсүнүн кемчилигин укканда намыстануунун ордуна кайра ага тап койгон кишинин кеп жебегенине таң калды. Ага дил ниети менен келгендигин үй ээси капарына албаганына кыжаалат тартты.

Саат чимириктей айланып, күн артынан ай келип, окууну бүтөр маал босогодо турду. Бектурдун маңдайында окуучулар тапшырган дил баяндар… Колуна тийген кезектеги ишти ача салып, ал Мураттын баяны экенин кол тамгаларынан тааныды. Караса, доскага өзү жазып берген “Токтогул – демократ-акын” деген аталыш текшерүү ишке туура көчүрүлбөптүр. МуратШиберге айдалган төкмөнүн өмүр баянын Тоголок Молдонуку менен чаташтырып жазыптыр. Анысы да туура эмес. Түзгөн сүйлөмдөрү өз орду менен кыналбай же ою аягына толук чыкпай, жарым-жартылай үзүлгөн. Айрым тамгаларын айрып окуу кыйын. Каталардын тушуна тиешелүү белгилерди, дилбаянга өз баасын койду.

Муратты мамлекеттик сынакка киргизбөө тууралуу оюн педагогикалык кеңешмеде деректирге жеңдиргенине ызаланды. Деректирдин: “А балким, экзаменди дурус тапшырар”, — деген сунушуна аргасыз көнүп, жумшактык кылган. Эми минтип бөлөк мугалимдердин алдында өзү уят болгону турат. Күздөн берки мээнети күл сыңары тебеленгенине ичи ачышты.

Төрт күндөн кийин оозеки сынакка кезек жетти. Белеттеги соболдорго Мураттын кайтарган жообуна Бектурдун ичи чыкпады. Кошумча соболу жоопсуз калганда, ал аргасыздыктан кутулуунун амалын издеди.

— Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен жетишерлик таанышканбыз, ээ?.. “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөндү ким?

Мураттын кебетеси суроого канааттанбагандай. Ал ишенимдүү түрдө:

— Агай, ошону да билбейт дейсизби. Аны ким тааныбайт?… Ал – биздин мектептин чарба башчысы да… Фамилиясыбөлөк, Айтматов эмес…

Бектур чыгармадагы кейипкер менен турмуштагы дал келүүчүлүктү эстеди да, биресе окуучусунун сыйкаткан жообуна бырс күлдү.

— Туура, биздин мектепте андай чарба башчы бар экенинде талаш жок. Бирок сен жакшылап эстеп көрчү?.. Аты эле айтып турат ээ, “Биринчи мугалим” – Дүйшөн деп… Туурабы?.. Ии кана, айтчы, ким экен?

— Агай, түз жоопту да тамашага бурасыз? Дүйшөндүн ким экендигин бу айылдагылардын баары билет. Ырас, биздин запкоз чыгарманын каарманы болууга татырлык эрдик жасай элек. Билгени – кароолчуга мектепти кайтартып, короо шыпыртат, бак сугартат, кышында от жактыртат. Пол жуугучтарга айнек тазалатып, тактай жуудуртат, мешчилерге күл чыгартат … Кылган жумушу ушу…

Бектур окуучусу эмес, кудум өзү сыноо тапшырып жаткансып, экзамен алуучу топтун мүчөлөрүнө кароодон, аларга сөз айтуудан уялды. Жер тиктеди, тер басты. Сынакка катышкан мугалимдердин көз караштарынан: “Кандай баа коёрду эми өзүң бил” — дегендей маанини сезди да, Мураттын жообун“экиге” баалаганын айтты. Кантер экен деген тейде окуучуга карады. Улан кымындай да камырап койбой, “катырдың” деген кыязда сыртка бет алды….

Бектур үйүндө кийимдерин алмаштырып, кечки тамакка олтурарда кимдир бирөөнүн сырттан чакырганын укту. Далисте казан-аяк менен алпурушкан жубайынын:

— Ал — үйдө. Кире бериңиз! — деген жообунан улам кимдир-бирөө өзүн издеп келгенин чамалады. Аялынын таклибине көнгөн эмес көрүнөт, тиги адам ичкери кирбегендиктен эшикке чыгууга туура келди.

Короодо Мураттын атасы Турат. Бектур андан үйгө кирип, даам ооз тийүүнү өтүндү. Бирок Турат босогого сүйөнгөн калыбын бузбай, мандемдүү кеп бар экенин туюндурду.

— Иштер кызык болуптур го, иним! — деди ал үй ээсин артынан обочо жакка ээрчите басып. – Муратты тың окуйт деп уккам. Же нары, же бери эмес, сынактан бирди бирге кошо албаган араң жандар өтүп, күчүңдү менин уулумдан чыгарганың – адилеттик эмес, бала…

Бектурга бүткүл мугалимдердин таламын талашууга туура келди:

— Аксакал, биздин эч бир балага кара оюбуз жок. Мурат жообуна жараша баа алды. Көтөрмөлөп, алдагым келбеди.

— Балдардын билимине жараша калыс караганыңарга канча саат болду?.. Сен бу мектепке келгенге чейин дайыма макталып, классынан калбай жүргөн бала экзаминге киргенде билгенин унутуп ийбейт. Мунуң – адамдык эмес, иним! Сенин биздин мектепке которулганыңды укканда, мектепти оңдой турган мугалим келген тура деп төбөм көккө жеткен. Көрсө… Бул жердеги карышкырлардын тилине кирип…

— Кайсы карышкыр? Эмнени айтып жатасыз?

— Э араңарда жүрөт ко, же алкаштан, же койчудан айырмасы жок, эптеп, сабакка кирип-чыгымыш эткендер… Мурат мурда тил кайрыган болсо, аларың эми сен аркылуу андан өч алып жатышат да. “Сакоонун тили бир” дегендей, баарыңар сүйлөшүп, бир миңдик болуп алгансыңар да, бириңди бириң жаман дебейсиң. Жакшыны жаман, жаманды жакшы кылуу – силердин колуңарда…

Бектур Туратка эмне дээрин билбеди. Ырас, ал айткандай орто мектептен кийин жогорку окуу жайын сырттан окуп, акчанын күчү менен диплом алып, мугалимдин караанын көбөйткөндөр да жок эмес. Айлыгы аз деп, кесибин таштап, билими терең агай-эжекелердин көбү чет өлкөлөргө же арбын акча төлөгөн жумуштарга которулуп кеткен. Адис мугалимдердин тартыштыгы аз келгенсип, окуучуларга китеп жетпейт. Бектурдун өспүрүм курагындагыдай мектепте да, үйдө да билим алууга талап жетишсиз. Окуучулар класстан класска жөн эле көчүрүлүп аткансыйт, арга жоктугунан… Ошондуктан ал: “Бу балдардын эртеңки келечек-тагдыры эмне болот? Билимсиз түркөйлөрдүн заманы келеби?”- деп ойлоп, башын улам катырчу… Бирок Мурат жөнүндө ага эч ким дайындама бере элек болчу.

Жыйналышта башка мугалимдерден да соңку маалда анын окууну таштап ийгенин, сабагынан жетише албай, жүрүм-туруму да аксаганын уккан. Анткени менен бүтүрүү экзаменинде муну – өткөр, тигини – кулат, жыгыт… деп ага эч ким акыл кошкон эмес. Ошентип, сунуш айткандарды деле ал эшитмек эмес, окуучулардын билимин адилет баалачу. Мунун баарын саймедиреп кайталаганда да Тураттын моюндабай тургандыгы ишенимдүү.

— Арыз жазып, комиссия түздүртүп, кайрадан экзамен тапшыртсаңыз да болот. Мен ал ишке аралашпайм. Башка мугалимдер сынак алсын анда.

— Бааңды кайра оңдо, иним!.. Жолдугуна күрпөң коюм байлануу, сабаа-сабаа кымызы менен кошо бөктөрүнүп келем. Каллективиң менен адырдын тээ көк майсасына чыгып, “маевка” кылып, жыргап-куунап чер жазгыла… Балам үчүн менден кетсе, кетсин, атаң көрү!…

— Ракмат, аныңызга… Кереги жок. Менин айлыгым өзүмө жетет, бирөөнүн акысы аш болбойт, үмүттөнгүм да келбейт. Эгер түшүнсөңүз, туурасы ушундай… Бааны оңдоо мүмкүн эмес, ага экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн баары кол койгон. Аны бузуу – кылмыш менен барабар.

— Ай, иним! Кудум мен эчтекени билбегендей, көрбөгөндөй, асмандан түшкөндөй сүйлөйсүң да! Эгерим мектеп бетин көрбөй, тоодо мал багып жүргөн балдарга, кечки мектепте окумуш болгондорго деле атистатты карматып атасыңар го!

— Андайды сизден угуп атам. Андай ишке менин катыштыгым жок, мектепке быйыл келгенимди билесиз. Ким ошондой жумушка аралашкан болсо, абийир алардын өзүндө, башка бирөө үчүн мен жооп бере албайм.

— Ой, гезитке деле чыгып атат ко, сен сыяктуу эле мугалимдер жалган аттистат берип койгону, балдардан акча топтогону, окуучулары менен ойношуп, арак ичкендери…

— Эл оозунда элек жок, билбей-көрбөй ушак-айың айткандар бар! Үстүртөн ар ким тууралуу ушак-айың сүйлөгөндөр да сурак берет. — Бектур Тураттын жөн сүйлөбөгөнүн баамдаса да, амалы куруду. Мугалимдин кадыр-баркына көө түшүргөн белгисиз кесиптештери үчүн уялды.

— Ар бир ата-эне баланы аруу тилек менен өстүрөт, иним! Менин да көксөгөнүм бар. Ушу уулум көзүм барында билим алып, бир окуу жайды бүткөндөн кийин бакыйган чоң кызматты ээлесин деп, ичпей-жебей, бүт тапканымды ушуга топтодум. Барар окуусуна да бере турган параны камдап койгом. Азыр борбордогу чоңдун балдарынан бөлөк окууга ким бекер өтөт дейсиң? Баары пара берет. Чоң арыктан аттагандай кылып, окууга киргизип койор профессорду былтыртан бери багып жүрөм. Быягын да билип кой… Көп болсо, бир тамчы сыя корор…

Бектурдун аргасы түгөндү. Жол-жобону түшүндүрсө да, ага болбой эле шылтоо тапкан Тураттан кантип кутулуунун ыгын билбеди.

— Уулуңуз эр жеттиби?

— Чоңойгону ушу да, иним!

— Анда качанга дейре аны жонуңузга көтөрөсүз? Өз акыл-эси менен болгонго, өз буту менен басканга көндүрүңүз, желкеңизге миндирбей…

Турат Бектур кыйыткан сөзгө маани бербеди:

— Бирөөгө жүк артканын уга да, көрө да элекмин. Өз буту менен эле басып жүрөт.

— Ал сиздин мойнуңузда отурат, көргөнүм үчүн ичим бышып атат. Чоң окууга сүйлөштүм, тааныш-тунушум көп деп атасыз, туурабы?

— Ооба, Мурат окуучуң дагы беш жылдан кийин ал окууну бүтүп, чоң мекеменин тизгинин кармаса, сени менен ал окуган мектептин абийири го, акыры…- Турат эми үнүн катуулатып, өктөм сүйлөдү. – Жанатан бери кажылдашып атам, дегеле кеп жебеген адам экенсиң. Сенин атаң бирөөгө жакшылык кылууну, жыгылганды сүйөп-тайоону, бел болор баланы алга сүрөөнү үйрөткөнбү? Биздин арабыздан мыктылар чыксын деген тилегиң жок окшойт. Же ичиңерден алдыга озуп баратканды көтөрө чаап, буттан тартып, көптүн арасынан башы бир аз суурулуп чыккандарды төбөгө чаап, ылдыйга тепкилеп тура бересиңерби?

— Аксакал, ар бир иште кара кылды как жарган калыстык керек. Дулдулга канчалык тузак салсаң деле, ага карабай топ жарып чыгат. “Күмүш күл дөбөдөн” таанылат демекчи, билимдүү адамдын жолун канчалык торобо, баары бир ал өзүнүн терең илимдүүлүгүн далилдейт. Эгер сиз жөлөмөлөп көндүрсөңүз, аттистат менен дипломду же кызматты сиздин параңыз, мамиле, кадырыңыз менен алса, башка жумуш, кызматка өтөрдө да өзүнөн чоңдорго жагынуу-бөйпөңдөө менен жан багат. Дүнүйө-мүлкүңүз түгөнгөндө аны эмне менен калкалайсыз?… Анан “мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” дегендей дурусураак иштей албай, көрүнгөнгө түрткүнчүк болуп, акыры бутка урунган ташты бир тепкендей, четке сүрүп салышат… Көчөдө калат, ашка жүк, башка жүк болуп. Үй-бүлө күтүп, бала чакалуу болгондо да, ийнинен жөлөйсүз… А уулуңуз… берсең – ичем, бербесең – кетем деп, бышкан оокаттын үстүндө чымын сыңары айланчыктап жүрө берет… — деди Бектур күйүп-бышып.

Турмуштан ордун таба албай, толкунга чайпалган кеме мисал арасат жолдо калган замандаштарына ичи ачышты. Анткени менен анын ою Тураттын кулагынын сыртынан кетти. Турат ага көңүл деле бөлгөн жок. Ынтаасы менен угуп жаткандай өңдөнгөнү менен анын ою башка жакта турган.

— Э койчу!.. Сүйлөгөндө баарың акылдуусуң. Ак ниет бол, адал бол. Уурулук кылба, калп айтпа деп… Кебим жалган экен, сенден ашкан окумуштуу, тээ борбордогу илимпоз-окутуучулар балдарды эмне үчүн өз күчүнө карап, окууга өткөрбөйт? Билимине эмес, байлыгына карап… Паракорлук эмнеге тыйылбай атат, тааныштык, жердешчилик?… Мен уулумдун башкалардан кем болуусун каалабайм, жакшы билим алып, жакшы кызматтарда иштесин, эл башкарсын дейм…

— Мунуңуз, ак сөз! Айылдык бала өкмөт башчы же андан бийик кызматка жеткенин мен да уга элекмин… Бирок сөзсүз эле атка минер, эл башчы болуу керекпи? Мамлекетибиздегилердин баары эле мансапкөй болуп, үстөлдү кучактап олтура берсе, буудайды ким эгет да, нанды ким бышырып, өндүрүш менен чарбаны ким өркүндөтөт?..

Турат терс бурулду:

— Кантсе да, ишенип кой. Мурат ката жазып, бетиңди жер караткыдай мугалимдик кесипке барбайт. Инжинерлердин окуусуна эне тили менен адабияттан сынак албайт экен, бул жагы ага — утуш…

Бектур талашып-тартышуудан майнап чыкпастыгын сезди. “Демек, тилинен айрылса да, буларга сарткай сары тура! Маңкурттар, жапайылар… Сокур сезим, кайдигер, кош көңүлдүүлүктүн арааны жүрүп турган экен” – деп ичинде ойлонду.

— Сынак тапшырчу сабакты гана билсе, болду дегени турасыз. Бирок көзүңүзгө айтам, эне тилин сүйбөгөн адам – эли-жерин, башка калк менен каада-салтты да сүйүп  жарытпайт. Муну эстен чыгарбаңыз.

Албууттанган Тураттын бетинин түгү сыртына чыкты:

— Анда мен да сенин көзүңө айтайын. Жанаарак айтайын деген кебим катуу тийип, жаш жигиттин шагын сындырбайын деп чочулагам. Эсиңетүй, улуунун назарынан калба! Менин купулума толбогондор оңгон эмес, иним!.. Деректириңе учурасам, “Бектур көнсө, мен макул. Билмексен болом, оңдой берсин!” – деп айтты. Баштыгың буйругандан кийин үндөбөй аткар.

— Кечиресиз, бул ишке менин да, деректирдин да тиши өтпөйт. Сынакты комиссия алган, бааны комиссия койгон. Мен алардын чечимин буза албаймын, антүүгө акым да жок, — Бектур кесе сүйлөдү.

— Комиссиянын деле тамагы, курсагы бар. Бекер жемди баары жактырат. Алар да колун оңдоп койсун!.. Ооздорун ачкыс кылып, майлап таштайм. Биринчи согум сага тиет.

— Бу сиз, кимди болсо да, оокат-ашка сатып ала турган болдуңуз. Билген оюңуз тамак-аш тура! Өзүңүздөн бөлөктү тамаксоо санайт экенсиз.

— Э балам, кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет. Жебеген адам – жер алдында. Ооз-курсаксыз жаралган жаныбар жок…

Экөө ушинтип, кыйлага дейре алым сабак айтышты. Турат Бектурду ийге көндүрүүдөн үмүт үздүбү, акыры нааразы боло кол шилтеди:

— О, кыялыңды урайын сенин!.. Ушу сенден келгенин көрдүм… Жашабай жатып көктүгүңдөн жанбасаң, башыңа тиет далай таш. Ушу сенден бөлөк мугалимдин тукуму куруп, бөлөк мектеп табылбай калса да…

— Шашпаңыз аксакал!.. Мурат даярдансын анда. Комиссия макул көрсө, экзаменди кайра тапшырталы.

— Сага жалынып, сазамды сындыргыча… – Турат артына карабай жөнөдү.

Бектур ал күндүн эртеси сынак алчу топтун мүчөлөрү менен акылдашып, Мураттын кайрадан экзамен тапшыруусуна уруксат алды. Бу ирет анын дилбаянын бөлөк мугалим текшерип, оозеки экзаменди да ошол эжеке алды. Окуучусунун билим көрөңгөсүн билсе да, Бектурдун: “Эми дурусураак жооп берип, жакшы баа алса экен” деген үмүтү демейдегидей акталбады.

Мурат бу сынакта “Кыргыз драматургиясынын жаралышы, өсүп-өнүгүүсү” аталган дилбаянында Токтогулдан тартып, кошуна айылдагы жамакчы акынга дейре драматургдардын тизмесине кошуптур. Катасынын көптүгүнөн текшерүү иши эжеке улам оңдогон кызыл-көк сыяга боёлуп чыкты. Оозеки сыноодо суроолордун бирине да жооп кайтара албай жер тиктеп, үндөбөдү.

Турат, Бектур менен башка мугалимдердин өтүнгөнүнө кулак салбады. Уулунун кайрадан сынакка кирүүсүнө көнбөдү. Муратты кошуна кыштактагы кечки мектепке котортуп, бу мектептегилерге кыр көрсөткөнсүдү.

Бектур окуучусунун келечеги тууралуу жапа тартып, миң түрлүү ойго батты. Бир эсе алгачкы экзаменде эле көз жумуп, Муратты өткөрүп ийбегенине өкүндү. Туратка эгер көнсө, Мураттын тандаган убагында же үйүндө, болбосо мектепте сынакка кайра даярдоого макул экендигин туюнтту. Турат көгүнө таянды. Өспүрүмдүн документтерин сурап, мугалимдин кеңешин четке какты.

Бектурдун окуучусуна мүнөздөмө жазып берүүдөн башка аргасы калбады. Ал Мураттын мүнөзү чогоол, намысчыл, андан башка оңду-солду касиет-сапаттарын, өз камын көбүрөк чоттоорун туюнткан мүнөздөмө жазып, ага кол койду. Турат бу курдай да:“Кур дегенде жүрүм-турумун дурус баала. Сураганыңды таап берейин!”- деп жалбарды.

Бектур анын бу өтүнүчүнө башынан эчен ысык-суукту өткөргөн аксакалдай:

— Байдын ырайы суук кызын күйөөгө тиеринде түрлөнтө кийинтишиптир. Бети-башына упа-эндикти чампалап коюшуптур. Антсе деле болбой, келин болор үйүнө баргыча жүзү жамгырга жуулуп, кайра эле түрү суук кейпи менен калыптыр. Анын сыңарындай балаңыздын мүнөзүндө жок касиетти бар деп кантип жалган сыпаттама берем? Кагазда калп жазылганы менен кийин окуур мектептин мугалимдеринин да көзү бар, Мураттын түз же ийри экендигин байкашпай койбойт,- деп жооп узатты.

Турат аны тирүүлөй жутуп ийчүдөй жек көрдү.

…Манжаны ачып-жумгуча арадан беш жыл өттү. Бирок Бектурдун эси-көөнүнөн Мурат чыккан жок. Басса-турса ал тууралуу ойлонуп, атүгүл өзүн бөөдө айыпкер санап, убайым тартты. “Ка-ап, эмдигиче кине-кемчилик кимде экендигин түшүнгөндөйболду. “Бектур агай убагында билимимди калыс баалаган экен» -деп ойлоду бекен?” – Ушундай собол эстегенде түн уйкусу бузулчу.

Мурат жардам сурап, мугалимине кайрылуудан намыстанды. Турат күпүлдөп айткандай, кимдир-бирөөнүн жөлөп-тайоосу аркылуу айыл чарба институтуна өтүп, окуганы менен сессия сайын атасынын белек-бечкегин көтөрүнүп алып, борборго кумурскадай каттаганынан Бектур да кабардар болчу.

Тек, бак-таалайды табуунун түрдүү жолу бар. Албетте, жогорку билимдүү болуп, өзү каалаган кесипте иштесе, андан өтөрү жок. Куру бекер чабылып-чачыла бербей, адегенде өндүрүштө иштетиңиз деп кесе айтпаганына өкүнөт.

Бу кеңешине Тураттын итатайы тутулуп, көржемеге кептелтери да мүмкүн эле. Мураттын турмуштан өз ордун таба албай же бир окууну оңдуу бүтүрбөй, жыл өткөн сайын ар башка институтту чөп башылаганын туура көргөн жок.

Пайдубалы бошоң дубал акыры бир күнү урайт. Атасынын не бир тааныштары колдоп, сүйөмөлөгөнүнө карабай, Мурат окуудан жок, же иштен жок, кийинки жылы айылга кайтты.

Аны институтка өткөрүп, кышкы, жайкы сессия сайын жөлөп-таяган окутуучулардын алкымын жамайм деп жүрүп, аларга далай оокатын ташыган Турат акыркы ирет берерге эчтемей таппай, жылдызы жерге түштү. Жыгылган курсуна кайра кийирем деген окуу жайдын бир билерманы Муратты зачет, контролдук жумуш, экзамендерине баа койдуруу өңдүү токсон тогуз электен өткөрүү үчүн атасынын кунун сураптыр. Ага мурчасы жетпеген Турат өзүнөн кыйла жаш кичүү Бектурдун кеп-кеңешин эске албаганына кейип, анын акылын азыр ырас көрдү. Каңырыгы түтөп, тизесин муштап, ашка жүк баласын тилдеп атты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.