Тун бир окумда кыя менен ауди «Сотка» кыйкылдап Ашуу жолу менен өйдө чыкты. Жүгү толтура экени билинип эле турат. Чала-була акталган үйлөрдү аралап отуруп четки үйгө келип токтоду. Бул Кубанын бүтпөй жаткан жаңы үйү. Дарбаза ачык болчу. Ичик жамынган Сагынбек досу ачып күтүп турган эле. Куба кабинаны ачып сыртка чыкса чыкыроон. Кайра башын сала калып, ичик жамынып отурган Айсалкынга:

– Жылуу кийинип ал, – деди.

Сагынбек багажды ачты да, тушалган токтуну топ этип көтөрүп кетти. Кой байкуш маарап-маарап жиберди. Машиненин суусу ысып кетиптир. Буусу асманга көтөрүлөт. Анан эмне, Аксайдан бери үч-төрт ашуу ашса. Аңгыча Айсалкын жоолугун салынып, туалетке чуркап барып келди да, колун чайкап үйгө кирип кетти. Сагынбек багажда калган жүктөрдү түшүрдү. Арасында үч канистра кымыз бар болчу. Экөөнү складка киргизди да, чакан канистраны үйгө көтөрүп кирди. Айсалкын аны карагандан тайсалдап жер карап отуруптур. Сагынбек кесмени жылытып койгон. Эркек башы менен кесмени аялдардан кем жасабайт эле. Эки-үч жолу жеткидей камыр жасап коёт эле колу менен кесип.

Сагынбекти Ат-Башыга Куба досу болбой атып алып келген эле. Экөөнүн отуздай кою, эки саан уйу, эки тайы бар. Ошолорду карачу. Чөп чабат. Кээде малды бирөөго табыштап Өзгөрүшкө келип, картөшкө багат. Тимеле бал картөшкө! Куба, Айсалкын, Сагынбек тасмалга отурушту. Жылытмадан унчукпай жешти. Ангыча Куба Сагынбекке ишаарат кылып башын ийкеди. Сагынбек шкафты ачып, жартысынан ылдый арак алып чыкты да, үчкө бөлдү.

– Анда месе аман-эсен келишиңер менен, – деп Куба Айсалкын менен Сагынбекке стаканды кагыштырды.

Үчөө тең аракты татып ийишти дагы, артынан Аксайдын курутунан бирден тиштешти.

– Кабинанын артында Бурулкан да бар, – деди Куба Сагынбекке.

Сагынбек апкыты басылган ботасын кийип Сотканын арткы кабинасын барып ачты.

– Бурулкансынбы?, – деди, – журу.

Бурулкан Сагынбекке эркелеп, аялдык түрүн көрсөтмүш этти.

Акыры жетелешип үйгө киришти. Сагынбек ага дагы бир чоң чыны кесме куйду. Бурулкан эки кашык ууртап жылдырып койду. Аңгыча Куба бардачоктон дагы жарты бөтөлкө арак алып чыкты. Бул жолу төрткө бөлдү. Ызалана түшкөн Бурулкан ичпейм деп аракты жылдырып салды.

Эми ачыгын айталы, Айсалкын эки балалуу келин, күйөөсу бар, аты – Салбар. Кудайы момун жан. Экөө тең бөйрөк оорулуу. Бул жолу да Куба келгенде “оруп калды” аялы. Куба зоотехниктин орунбасары болгондуктан, Аксайга көп каттайт Соткасы менен. Аксайдын кыз-келиндери Куба дегенде ак эткенден так этип турушат. Эмне дегенде, кызматтуу. Экинчиден, шыңга бойлуу келип негедир көздөрү оттой жаңып турат. Ошол көзүнүн оттору менен кыз-келиндерди арбап алгандай. Үчүнчүсү, жанында дайыма эски гитарасы болот эле. Кымызга тойгондо, кыз-келиндерге тытып ырдап жиберчү.

Аксайым, Аксайым,
Өрөпкүп аккан сайларын,
Күтүрөп батпаган малдарын,
Каттаган сайын көртөнгөн
Асылым, алтын жер, Аксайым!

Андайда кыз-келин атпай керек болсо чечинүүгө даяр эле.

Мындан башка Айлуу түн деген дагы ыры бар. Кубанын жакшы жери койчуларга карта, арак такай алып келчи. Дагы бир жакшы жери – койчулардын өздөрүн, аялдарын доктурларга жакшылап көргөзчү. Бирок койчулар Кубага аялдарын жалгыз калтырышчу эмес, кызганып турушчу. Айла жокто өлүк-сөрүк болгондо ишенип тапшырушчу.

Аксайдай жер болобу! Бирок бир кемчилиги – жаан-чачын менен жолдору. Күн жааса эле жолдорун кыян жеп кетет. Жеңил машине эмес трактор жүрө албай калат. Мындайда баягы эле ажаат ачып жүргөн Токого келишет. Анткени ал жолдун удулун билет эле. Андай айда, мындай бур деп отуруп барчу жерине жеткирип коёт же үйүнө кондурат. Аялы да берешен.

Сагынбек кымызды алып бышылдатып озун ачты да, башын чайкады. Бир кезде жалаң чаначтап ат менен ташыганын эстеп кетти. Жети төрдөн тайга килейген төрт чанач кымыз артып келгенин эстеп кетти. Ылдыйды карай жалаң секиртмек таштар эле. Алардын баарынан өтүп, аскаларды бойлой Өзгөрүшкө жол тартышкан. Жетиш тозоктун тозогу эле. Өздөрү азыкка деп кол чанач наны менен ээрге илип коюшат.

Секиртмиктерден түшкөндөн кийин байкуш тай баса албай солуп, эки-үч жолу чөгөлөй калганы бар. Ошондо артта келаткан чабан кыйкырып-өкүрүп:

– Сенде төрт чанач болсо, менде алты чанач бар, чап кежигеге, жаның барбы! – деп тап берген.

Таң эрте чыккан экөө каш карайганда гана Өзгөрүшкө түшүп барышкан. Аттар жаан тийгендей шөмтүрөп тердешкен. Ага карабай, аса байлап, таң ашырып коюшкан. Анда саамал деген түшүнүк жок эле. Чанаштарда кишилердин аттары жазылуу болчу. Эртеси аманатты жеткизип берип, райцентрге – Ат-Башыга чуу коюшту. Почтодон биртике акча алышмак. Жүктөн бошонгон аттар тимеле жорголоп беришти. Алдыларынан “трый” деген машине чыгып калды. Ал сууга кирип өчүп калыптыр.

*     *     *

Машинени от алдырганга жардам беришти да, андан ары жол тартмак болушту.

– Эй, силер Ат-Башыга барып отурбай эле бул жактан алсаңар болот, – деди шопур.

– Ал үчүн Айчүрөк жеңе менен жакшылап сүйлөшүш керек. Кел эми, Аксайдын кымызынан куй.

Шопур Канат аке башын тырмагылап күлүп калды:

– Айчүрөк жеңе менен мен сүйлөшүп берейин.

Жанында Куба бар эле. Анда кичинекей боз балдардын бири болчу. Бирок ошондо эле көзү күйүп турчу. Канат аке аны жакшы көрүп караан кылып эрчитип алчу. Ичине ичкилик ойногон Сагынбек үйгө кирди. Кирсе, Куба шер төшөктү күтпөй, ичик-пичикти жабынып, Айсалкындын үстүнө жатып алыптыр. Шып этип аркы үйгө кирип кетти. Бурулкан көзүн сүзүп төшөктү салып коюптур.

– Куба досуң эмне мынча шашма? – деп күлүп койду.

Сагынбек колунан кармап төшөккө жетеледи. Эки жыл мурда Бурулкандын эри өлгөн. Алты ай болуп калды. Сагынбек менен жакындашып алганын эл да билип калды. Куба шердин аялы болсо үч кызын эрчитип алып шаарга кетип калган. Сагынбектин аялы рактан өлгөн. Бир кызы калган. Ал студент Кубанын үйүндө жашайт. Жылда бир уйун сатып контрагын төлөйт. Квартплата катарыбы билбейм, эт ашка, картөшкөгө Кубанын үйүн толтуруп салат.

Кызы аябай чырайлуу болуп чоңойуп келе жатат. Куба менен аялы такыр тил табыша албай коюшту. Же эрди катын эмес, же бойдоктор эмес. Куба да шаардын четинен жер алып времянка салып алган эле. Кээде барып турат. Асемага (аял соройүнүн аты) ажыраша тынч жашайлы деп айтып көрдү. Асема болсо ажырашпайм, катын алдыртпайм деп басып кетип калганы бар. Анткени Асема дагы Кубаны сүйчү. Куба Айсалкынды аябай эркелетти. Жаным, жаным деген сөздөр эки ооздон тең жамырады. Бирок Куба чүмкөнүп ийди да, ичинен уйгу-туйгу болуп кетти.

– Мен жиндимин, – деди, – бирөөнүн катыны менен жатам да.

Артынан Айсалкын сүңгүп кирди. Кубанын итиркейи келип Айсалкынды тура калып камчы менен чаап-чаап алгысы келди.

– Сени эч кимге бербейм, – деди Айсалкын, Кубанын кулагына шыбырап. – Сен меникисиң, Асеманын шермендеси чыкты, бүт Бишкекке билинди. Ушундайда кетип кал. Мен сага боорум ачыйт, – деп бышактап ийди Айсалкын.

Кубада уйку болгон жок.

Машинесин кайра от алдырып, моторго суу куюп, дөңгөлөктөргө шыкалган баткакты кетирди. Аксайга машинеси жарабай кыйналып баратат. Мындан чоңураак, күчтүүрөөк машине деле алса болот. Бирок Соткасын көзү кыйбайт. Врач Момун акеге эрте барып Айсалкынды тапшырыш керек эле. Ангыча Сагынбек чыга келип:

– Таң атпай барасынбы? – деди, – анын үстүнө оозуңан арак жыттанып жатат.

Куба ары басып барып арыктагы шыргалаң суудан жутту да түкүрүндү. Ошентсе дагы арактын даамы кетпеди. Кайра келсе, Сагынбек бастырмага чыгып Өзгөрүш жакты карап туруптур. Досум бир жакшы аяштуу болсо деп ойлонду Куба. Канчалаган кыз-келин чыкты, бирине да макул эмес. Эмне ойлогону бар эч ким билбейт. Же аялынан калган жалгыз кызын караан тутуп аял алгандан тайсалдайбы.

– Өзгөрүшкө барайынчы, Куба, бадамдын очураты келип калды, – деди Сагынбек.

– Бир сааттан кийин мен жеткирип барайын, – деди Куба.

– Жок, жол тосуп кете берем, бадам чыгып кетет, – деди.

– Бурулкан кайда барат? – деди Куба.

– Ылдый таштап кой, бара турган жери көп.

Ал ангыча өтүгүн күршүлдөтүп Арсарбек келип калды. Сагынбек менен сүйлөшүп, койлорду айдап кеткенге келиптир.

– Кир үйгө, тамак ич, – деди Куба.

– Катыныңар жок, кайда тамак, ке кымыздан алып чык, нан ооз тийгиз, – деди Арсарбек.

Куба аттап-буттап үйгө кирип барса, Айсалкын чүмкөнүп алыптыр. Нан, кымыз алып чыкты. Кесмедеги эттен бир-экини салып алды. Арсарбек чала-була жуунуп, ташта отуруптур. Кубанын бергенин ары-бери ашап жиберди.

Ангыча Сагынбек койлорду уйларга кошуп айдап чыкты. Арсарбек андан ары айдап кетти. Сагынбек бастырманын үстүнөн бирөөлөргө ышкырып шашып түштү. Көрсө, Өзгөрүшкө бараткан машине экен. Кудай жалгап мындай болобу. Өзгөрүштүктөр кызык эл. Эт, карагай, жайлоо жыттанганы билинбейт. Өздөрү өзгөчөлөнүп турушат.

*     *     *

Кызык адамдар көп. Нурийла деген келин бар эле. Чүйдөн келген, орус тилден сабак берчү, отуз беш жыл сабак берди. Күйөөсүнөн эрте эле ажыраган. Пенсияга чыкканы Чүйгө кетип калган. Орусча окуткан киши жок. Бир күнү ак сакал, көк сакал болуп келип калышыптыр. Нурийла аябай ыйлаптыр. Чын эле өзгөрүштүктөр орусча билбей калабы. Кайра барып сабак берип баштады. Алкабаган киши жок. Куба шер Айсалкынды Момун акеникине жеткирди. Бул дарылаган акыңыз деп тушалган токтуну тыштады. Жүрөгү түкүлдөп ар нерсени сезип туруп алды. Шашкеде Бишкекти көздөй чыкты. Киши да алган жок.

Каш карайганда жер үйүнө жетип келди. Алдынан эмнегедир күтүп тургансып кыздары чуркап чыкты. Үйгө киришпей, артка айдатышты дагы, бир ресторанга алып келишти.

– Ата, лагман жейсизби? – деди.

Куба студент кезин эстеп кеттиби, эки мантынын үстүнө чоктойтуп коюп лагман заказ берди. Унчукпай жеп түгөттү. Кыздардын баары бой жетип калышкан.

– Ата, кечир бизди… – деп калды ортончу кызы, – Апам жинди болду, ар кимден под процент акча алып карыска батты. Аңдып атып чарчадык. Ушуга чейин жаап келген сизде да күнөө бар.

Куба кыздарына ээ бербей, ресторандан атып чыкты да, жер үйүнө айдады. Келсе, Асема күтүп туруптур. Чөгөлөп Кубанын тизесин кучактап:

– Мени башка тепкиле, – деди.

Бул биринчи жолкусу эмес болчу. Куба мурда тээп-тээп, чаап-чаап жиберчү. Азыр антпейт, өзүн кармайт.

– Үйдү ал, балдарды бер, – деди Асемага.

Асема көзүн томолок кылып башын чайкады.

– Сен эмне, жинди болуп жатасың, атагың Ат-Башы эмес, Аксайга жетти! Топоз карыз сурап жүрөсүң! Анын баарын уктук! Баарыбызды шерменде кылдың! – деди Куба.

– Бир операция бар, ошол бүтсө эле кайтарып берем, коркпогула! – деди Асема шыпшынып.

– Эч ким сага ишенбейт, ишеништен чыккансың, баарын алдап бүттүң, шерменде! Өз ырыскыңды өзүң тепкен катын экенсин! – Куба башын мыкчыды.

– Чыдап кой, жалабым, сары арча таштын кыз-келиндерин кырдың! Эми Ат-Башы менен Аксайдын кыз-келиндери калды эле. Жазасыз калбайсың, жалап! – Асема кайра асылды.

Машине от алып турган. Куба отурду да, артка зуу койду. Ал учурда Долондон Орозду айдатып Сагынбек түшүп келаткан. Колунда айнеги сынган соткасы бар. Кайра-кайра Орозгүлгө чалып жатты.

– Мен келатам, – деди, – чыгасынбы?

– Жок, чыга албайм, – деди Орозгүл, – Жанымдагы кичинекей кызым чыгарбайт. Экинчиден, чыга кал десе эле, чуркап чыккан көчөдөгү катын эмесмин. Үчүнчүдөн, башым биротоло ачыла элек, эже-байке дегендерим бар, алар эмне дейт?

Сагынбек Орозгүл менен капыстан таанышып калган. Бир сапар Бишкекке барыш керек болду. Ошо тегеректе жашагандардын бири по пути салып жиберейин деди. Сагынбек эркек шоопурлардын бири деп ойлоптур. Караса эле машиненин оң рулунда келин отурат:

– Байке, түшөспү? Түшсөңүз кетели, жолдо эки подружкам үшүп күтүп калышты. Келиңиз, алдыга отуруңуз, эркек эмессизби! – рулдагы келин такылдады.

Чын эле жолдо эки келин күтүп туруптур. Колдорунда бирден мешок картөшкө. Ангыча артынан Сотка менен кубалап Куба жете келди. Рулга жанындагы баланы отургузуп, таксиге чуркап келди.

– Мен дагы барам шаарга, – деди ал. – Орун барбы? Мага орун барбы? – Орозгүлгө кайрылды.

– Бир орун табылат, тиги сулуу келиндин жанына отуруп алыңыз.

– Сен кайда? – Сагынбек досуна кайрылды.

– Сен барган жакка, – Куба Сагынбектин далына чабып койду, – өзүң капыстан жөнөп кеттиң го.

– Бул рулдагы карындаш бир көргөндө эле арбап алды го, оңой менен баш берчү эмес элең, – деди Куба.

Рулдагы келин машинесин эркектердей шып буруп, Сарыкоо менен өйдө зуулдады. Жанындагы Сагынбек бир аз опкоолжуп, «тормозду» басып ийгенин байкаган келин:

– Коркпоңуздар, таксидей эле жеткизем, – деди. – Дөңгөлөктөрү жаңы.

– Бул жүрүшүңүз менен таксиден деле бат жеткиресиз го, – тамашалады Сагынбек. – Ат-Башынын кызы окшойсуз э?

Келин башын ийкеп койду. Үнсүз, сөзсүз кете беришти. Сагынбекке эмнегедир Орозгүл жагып туруп алды. Аны Куба Шер байкап калды.

– Ат-Башынын эркеги да кыйын, кызы да кыйын. Начарый эле Сагынбек досум, – деди Куба.

*     *     *

– Ооба, көрүнүп турат анысы. – Орозгүл күзгүдөн бирде Кубаны, бирде Сагынбекти карап койду. – Начар досуңуз болсо, кыйыны ким? Мактанган жагынан ат-башылыктар таластыктарды артка калтырдык ко, – деп күлүп калды Орозгүл.

– Байке, шаарга каякка барасыңар?

– Бизди Рабочийде таштасаң болот, андан ары өзүбүз кетебиз.

– Жок, так адресиңерди айткыла, жеткирип коём.

– Таксисттердин атаманысыз го, тейлөөңүз высший экен. Сары-Булакка токтоп коюңуз, балык алып берейин, – деди Сагынбек келинди өзүнө тартыш үчүн.

– Балыгыңызга рахмат, баарыбир пэлядь эмес, андан көрө ырдап барбайсызбы, жолду кыскартып же досуңузду ырдатып.

Сагынбек кыйла кичүү, жылдыздуу, маңдайы жарык, ачык сүйлөгөн келинди чын эле жактырып калды.

– Канча балаңыз бар?

– Төрт балам бар, — деди келин.

– Телефон номуруңузду алсам болобу?

– Эмне кыласыз?

– Кереги тийет. Адамга адамдын иши түшөт.

Келин кыйылып, акыры номурун берди.

– Жөн эле чала бербеңиз. Макулбу?

Күүгүмдө шаарга келип эки жигитти жеткирип таштап, андан ары кетти.

– Сонун келин турбайбы э? – деди Куба, досуна жакканын байкап.

– Ымдаааа, – деди Сагынбек, телефонуна көчүрүп алган номурун карап. – Аман-эсен жетип алыңыз, сизге рахмат, –деп смс айдап жиберди.

Орозгүл менен ушинтип таанышкан. Жекшемби эле. Түшкө маал Элтурдан звонок келди. Тиги түрк келип тынбай эле бирдеме кууруп жатат. Бир майрам бар го. Куба Шердин ичи өрттөнүп чыкты. Асема эңгезердей түрк менен жүрүп алганын уккан.

– Деги сенден келгенди көрдүм. Көзүңдү ойом бүгүн сенин, – деп күүлөндү да, Соткасын барып от алдырды.

Баарын байкап турган Сагынбек досу жылуу курткаларды машинеге ыргытты. Түш оой экөө жол тартышты. Кубанын жанында шамшар бычак жаткан. Аны зонада жатып чыккан бир орустан 200 сомго сатып алган. Шаарга эрте жетти да, түңкү үчкө чейин күтүштү. Куба менен Сагынбек акырын басып барып терезени шыкаалашты. Эңгезердей эркек энеден туума жылаңач жатыптыр. Арыда шейшеп жамынып Асема жатат. Эңгезердей эркек алдан-эмени сездиби, айтор кийимин кийе калды. Шамшар бычагын кармаган Куба каалганы түрткүлөсө илинүү экен. Чуркап келип буту менен бир тепти. Каалга ачылган жок. Асема, андан ары кыздар чуруучу түшүп кыйкырып жатышты. Эркек чуркап барып айнекти талкалап секирип кетти. Куба сыртты көздөй чуркады. Чуркап баратып босогого чалынып жыгылып калды эле, колунан бычак ыргып кетти.

Сагынбектин да жини шакардай кайнап, өзүн карман албай бычакты алды. Алар короодо турган ак машинени көрүшкөн. Тиги эркек ак машинеге отурду да дароо от алдырды. Сагынбектин колуна тамга жөлөнүп турган шиш күрөк урунду. Эптеп кабинаны чаап үлгүрдү. От алган машине дарбазаны сүзүп чыгып кетип калды. Сагынбек артынан кубаласа да жетпеди.

Ангыча көчөгө кишилер толуп кетти. Баары арачалап бирөө күрөктү, бирөө бычакты алып баштады.

– Азыр милиция келсе силер эле жооп берип каласыңар. Сагынбек, акылыңа кел.

Эки эркек жулунуп-жулунуп тынчыды. Баарынан Кубага кыйын.

– Энеңди, бир эмес толтура квартирасы бар болуш керек. Көзгө көрсөтпөй бул жакка эмес, ошол жакка алып барбайбы. Энеңди, барыбир түбүнө жетем! – Сагынбекти токтотуш кыйын эле. Бирок Асеманын ойношун таба албай коюшту, же качып кеткени, же жашынып алганы белгисиз.

Асема да качып жок. Беш күндөн кийин үйгө кайтып келишти. Сагынбек намысынан өлгүсү келди.

– О, энеңди урайын, ат-башылык, өзгөрүштүк, аксайлык болбой кууруп кал! Бир кишиге жарабайсың! – деп күбүрөнгөн Сагынбек өзүн башка-көзгө койгулады. А Куба Шер такыр чүнчүп кетти.

Сагынбектин эсинен атасы кетпей койду. Сексен алты жашында отун ала албай калдым деп ыйлаганын эстеп күлүп жиберди.

– Ата, жинге тийбечи, сенин жашыңдагылар отун алмактүгүл күн чубактап араң жүрөт.

Дагы бир жолу андан мурдараак барса өзүнөн кичүү балдар атасына тийишип жатыптыр. Анын баарын чыдап карап турган Сагынбек, атасы ары басып кеткенден кийин:

– Эй, жарыбагырлар, эмне атамды манзеке чегип жатасынар?.

– Сагын аке, туура түшүнүңүз, кыштакта сөздү куйулуштуруп сүйлөгөн ак сакал калбай калды. Кез-кез ушинтип Жумагул атама тийишип кулагыбыздын кычуусун кандырып кетебиз, – деп бирөө айтканда, Сагынбек унчукпай калган.

*     *     *

Эртеси капыстан Асема келип калды.

– Эмне болду? – деди ага Куба.

– Байкемден бир ат, бир уй карыз сурап келдим.

– Баягы жоруктарыңды баштаган экенсиң да. Мен го мен. Балдардын убалын ойлосоң боло.

– Менин убалымды сен ойлобо. Бул жактан катын алып алыпсың деп уктум.

– Каяктагы катын. Көрсөтчү мага?

– Көрсөткөндө эмне, катын алып эле көр, кислота чачам бетине. Что Сулейман (ойношу), что ты, что Сагынбек, из одного теста. Силерге көт эле керек, – Асема чала орусча сүйлөп үйгө кирип кетти.

Сагынбек мындайда Орозгүлдү эстеп кетет. Ага кат жазат. Сырын айтат. Орозгүлдөн жооп келди:

– Байке, өз тагдырыңыз үчүн өзүңүз күрөшүңүз. Мен кичине адаммын. Өзүмдүн проблемам жетиштүү.

Сагынбек канча аракет кылса да Орозгүл түнкүсүн чыкпай койду.

«Ушундай да көк бет, бекем келин болот экен э, – деди ичинен Сагынбек, – же мен мажүрөөлүк кылып жатамбы?”. Бир сапар картөшкө алам деп камаз айдатып келип калды, Сагынбек жанынан калбай жүрдү. Ошондо бул келин менен жатам го деп үмүт кылган. Бирок Орозгүл акырын чекесинен жыттатып эле түртүп койгон.

– Байке, силер ойлогондой жеңил ойлуу катын эмесмин. Даяр кыздарыңарга барып бара бербейсиңерби.

– Бара бергидей биз дагы ыймансыз балдар эмеспиз, кудай карап турат. Өзгөрүш өзгөчө ыйык жер.

– Силердей кишилер турганда өзгөчө болот да.

Эртеси «КаМАЗга» толтура картөшкө жүктөп Орозгүл Бишкекке кетти. Сагынбек ага улам берилип баратканын сезди.

Айсалкындын бөйрөгү күчөп кетти. Куба Бишкекке алпарыш керегин түшүндү. Ал эч качан койчулардын аялдарын, өздөрүн дагы таштап койчу эмес. Ангыча Аксайдан Айсалкындын күйөөсү Салбар да келип калды. Ал түз эле Кубанын үйүнө өтүп келди.

— Эми эмне кылабыз, Куба баатыр, айла кетти го?

— Саке, шаарга алып кетебиз.

— Макул, эмне сураса, барын беребиз.

Алар ошол күнү эле Айсалкынды шаарга алып кетишти. Кечки маал больницага хирург Эрмекти издеп барышты. Эрмек менен Кубанын мамилеси жакшы эле.

— Операция кылыш керек, — деди Эрмек. – Жырма миңдей болот ко.

— Табабыз.

— Анда бир-эки сааттан кийин жаткырабыз. Азыр операциям бар, — деп Эрмек кирип кетти.

— Анда мен Өзгөрүштөгү уйду пуулдап келе калайын, — деди Салбар шашкалактап.

— Шашпаңыз, — деди Куба — Карыздап турабыз.

Эртеси карыздап акча таап келишти. Уй сатылганда бермек.

— Куба баатыр, ишке жарадың, эми аягына чык. Мен эми кызымдын квартирасына барып уктайын, санаам тынды. Сен дагы укта.

— Саке, кайдагы уйку? Акчасын төлөйбүз. Шаардын врачтары кексе болуп бүткөн. Албетте, аягына чыгам, Саке, камсанаба.

Сагынбек кайра Өзгөрүштү, биринчи иномарка алып чапкылаганын эстеди. Атасын салып алып, айылды кыдырып, досторуна жолуктуруп, черин даалай жазган. Иномаркасы далай талкаланган. Анткени бир отурганда килейген 8-10 киши отурчу, иномарка болсо жапыз. Ага карашпай айдашат. Майы агат, дөңгөлөктөр жарылат, глушитель үзүлөт. Чала-була илип алып кайра айдашат. Арак ичишет. Өткөн кездерди эстеп каткырышат.

Туура эки айдан кийин Айсалкын операция болуп больницадан чыкты. Ал ортодо Сагынбек үч жолу келип кетти. Досуна, Айсалкынга учурашканы келсе да, оюнун баары Орозгүлдө. Орозгүл күндүз жолугат, түнкүсүн чыкпайт.

– Шаарда, айылда кыз-келин толтура турат ко, – деген сөзүнө Сагынбек теригет.

«Деги эле ушул келинден кетейинчи» – деп да көрдү, бирок эмнегедир кете албайт. Досу Кубанын да ажырашып жаңы аял алайын деген нийети жок. Экөөнө эмне болгон. Эрмекке жыйырма миң сом да, бир козу да беришти. Айсалкынды Ат-Башыга алып келип түлөө өткөрүштү.

*     *     *

Эми Аксайга барыш керек. Баягы эле Куба Соткасы менен жеткирип барат да.

Ошол кышта Орозгүл күйөөсү менен сот аркылуу ажырашты. Күйөөсү же иштебейт, ал аз келгенсип ичет. Үйгө тынчтык бербейт. Аялына, кыздарына, ал тургай кайненесине колу тийип бүттү. Бирок ажырашканга сотко бир да жолу барбады. Чакыруу кагаз келсе тытып салат. Бир күнү эле ал дагы турбай калыптыр. Дарт оор окшойт. Ажырашса дагы аялы түтпөй оруканага алып барып жаткырды. Боорунда бар экен. Түнүчүндө машиненин жарыгы келатты. Бул Кубанын Соткасы эле.

Түн бир оокумда Аксайдан жалгыз кайтып келаткан. Аракка да тоюп алыптыр кайран эргул. Бир маалда чоң машине таштап кеткен ташка барып урунду. Дөңгөлөктөрү лысый эле. Канча тормуз берсе да машинеси баткакты сүрүп барып, тик ылдый кулады. Сотка он чакты одарылып барып сайга учуп түштү. Кубанын оозунан кан чыгып жан берген эле. Эртеси таңда жайнаган эл, үч трактор, эки машине Ашууда тизилип турат. Эл кабинадан Кубанын сөөгүн көтөрүп чыгарышты.

– Кайран гана жигит, түнөп кет десе болбой шашып туруп албадыбы, – деди Салбар актанып.

Ал ангыча ылдыйдан машинелеп жамырап, Сагын досу, дагы он чакты киши келип калды. Жерде сулап жаткан Кубаны көрүп Сагынбек өкүргүдөй болсо, киши чыдабайт. Акыры кеңешип данашып, Кубаны Өзгөрүшкө коймок болушту, атасынын жанына. Атасы Жумаке аке да аттан мүдүрүлүп жыгылып жаш кеткен эле.

Сөөк Кубанын Өзгөрүштөгү бүтө элек үйүнөн чыкса да, баарын Сагынбек көтөрдү. Эртеси Кубанын ажырашып кеткен аялы үч кызын ээрчитип келди, көздөрү тоодой шишиген. Бирок эл жактырган жок.

– О, ыймансыз жалап. Буларга жакшылык жок, – деп күбүрөндү Чоң Апа.

Кубанын тайэжеси эле. Жини келгенде же кубанганда Чоң Апа эркекче сөгүнчү. Кубаны жанындай көрчү.

– Ушундан көрө мен өлсөм болмок, – деди Чоң Апа жерди чапчып.

Ошентип Кубанын да күнү бүттү. Турмуш болсо улана берди. Куба ичкен сайын эркек балам болсо деп ыйлачу. Өзгөрүштө бир эрден чыгып келген келинден эркек баласы бар деген шыбыш чыккан. Чоң Апа да, Сагынбек досу да ошого каниет. Чоңойтуп киши кылып алабыз деп ошого каниет.

Айсалкын таң аткыча ыйлап чыкты. Кубаны кошокко салып:

– Сен үчүн жашабадым беле, сен үчүн эки жолу боюмдан алдырбадымбы эле. Ошол туулбай калган балдардын убалы уруп кетти. Мени да убал урат. Кайдан да жолуктук эле. Эми кара жер жазданып жатасың.

Палатадагы аялдар жарыкты күйгүзүп:

– Айсалкын, сага эмне болду? Операцияң текке кетпесин… – деп соротуп атышты. Алар Айсалкындын арманын кайдан билмек.

Ошентип кыш да келди. Сагынбек бир уюн сатып, кызынын контрагын төккөнү шаарга жөнөдү. Оюнун баары Орозгүл. Бурулкандан да кутулган. Ал бечара мени алат деп үмүт кылып жүрбөдү беле.

Эмнегедир илгерки тору жоргону эстеп кетти. Атасы селсоветте секретарь. Эл каттоого тору аты менен барат. Тору жорго атасын түн ортосунда танга маал болобу, үйгө түптүз жеткирчү. Кээде аракка тойгон атасы кантип жеткенин да билбей калчу. Тору жорго үйгө жетер замат кишенелеп жер тепкилейт. Апасы дароо чуркап чыгып атты кармайт да, күйөөсүн сүйөп түшүрчү. Үйдөн башка бирөө эле миңди дегиче, же үркөт, же ала качат. Атасын болсо соосунда да, ичсе да оодарбай жеткирчү.

Өзү да каникул бүткөндө эки-үч жолу учкашып келгени бар. Атасы кез-кез: «Жаныбарым, тору атым» – деп эркелетип койчу. Тору ат ээсин түшүнгөнсүп жаагы менен атасын кашып коймою бар. Кийин карып-арып ажал тапты, кайран гана тору жорго. Ошондо атасы киши өлгөндөй өкүргөн эле. Этин да жешкен эмес. Огороддун башына аң касып көөмүп коюшкан. Кийин атасы далай ат миңди, бирок бирөө да тору жоргого окшободу.

Орозгүл да Сагынбекке билинбей берилип бараткан. Бир чети Сагынбектин өжөрлүгүнөнбү, бир чети кесирленбейин дедиби, айтор Орозгүл кызын уктатып кечинде жолугууга барды.

*     *     *

– Чынын айтам, сенден башкага көңүлүм жок, – деди Сагынбек, Орозгүлдү аймалап жатып:  – Кокус тагдыр кошсо, Кубанын үч кызын, сенин төрт балаңды кошуп багабыз го.

– Мен өз балдарымды өзүм багам, коркпоңуз… – деди Орозгүл, – Эми айылга бара албай калдым. Балдар окуйт.

– А мен нукура айылдык, накта өзгөрүштүк болуп калдым да. Аяктан кете албайм, – деди Сагынбек Орозгүлдү кучагынан чыгарбай.

— Түн ортосу болду, каякка барасыз?

— Таң аткыча сени менен болгум келет.

— Жок, болбойт, азыр кызым мени издеп ыйлайт, үйгө барайын.

— Чын эле кайда барасыз?

— Кубанын эле үйүнө барам да, кайда бармак элем. Же үйүңө киргизбейсиң, жаныңа жатып алайын десем.

— Сиздей жигитке шаарда кыз-келин жокпу?

— Орозгүл, ушул сөздү токтотчу. Кыз-келиндин баарынан кол үзгөнүм качан, а сен айта бересиң.

Ошондон кийин Сагынбек менен Орозгүл түнкүсүн такай жолукмай болду. Сагынбектин дагы бир ую жалаң таксиге кетти окшойт. Ага деле ичи оруган жок. Иши кылса Орозгүл чыкса болду. Өөп, жыттап атып Орозгүлдү жаным деп да айтууга аргасыз кылды.

Бир сапар Орозгүл кичүү кызын кийинтип, жумушуна камданып жаткан. Ажырашкан эри кайдан кирип келгенин байкабай да калды. Колунда бычагы бар, көзү чычаладай кыпкызыл. Орозгүлдү көтөрүп чапты да, муунтуп кирди. Колундагы бычак менен сайгылап баштады. Ары жактан мамалап кирип келген кичүү кызын желкеден алып босогодон ары ыргытты. Аңгыча баары ызы-чуу түшүп калды.

Көчөдө кетип бараткан милиция машинени токтотушту окшойт, милициялар чуркап киришти. Бычакты колунан жулуп алып сүйрөп жөнөштү. 15-20 мүнөттөн кийин тез жардам да келди. Улуган бойдон Орозгүлдү оруканага алып кетти. Ал түнү эч ким уктаган жок. Орозгүлдүн туугандары Сагынбек болуп кайра-кайра келме келтирип, реанимациянын түбүндө отурушту. Орозгүлгө төрт сааттай операция жасалды.

Төрт айдан кийин сот болду. Мурдагы күйөөсүн кесип СИЗОго алып кетишти. Ал сотто эч нерсе билбейм деп жооп берип жатты. Арадан жарым жыл өттү. Мурдагы эринин туугандары чогулуп келиптир:

– Кечир, кечир, – деп Орозгүлдөн, байке-эжелеринен кечирим сурашты. – Встречный жазбасаңыз болбой калды, жеңе, – деди кайниси.  – Агабыз СИЗОдо өлмөк болду.

Орозгүлдүн денеси калчылдап чыкты.

– Мурда кайда элеңер? – деп ортого кирди Орозгүлдүн эжеси. – Эмне жеңенерди бир көрүп койгонго жарабайсыңар? Эмне операциясына жардамдашпайсыңар? Өлтүрүп койсо деле мейли турбайбы э? Ыйман, адамгерчилик деген кайда?!

– Кудагый, акчөп башта, кечириңиз, – деди Курганбектин (Орозгүлдүн мурдагы эринин аты) эжеси башын жерге салып. – Чынында эле инибиз катуу орулуу, чыгарып кетели. Бир гана Орозгүлдүн колунда.

– Чыгып келип союп кетпейт деп ким кепил болот? – деп такыды Орозгүлдүн эжеси.

– Кудагый, аны алыска алып кетебиз, үйгө жолобойт, сөз беребиз. Операциясына деп 20 000 сом берсек жетеби?

Чынында, операциясы 40 000 сом, дарылары эле 20 000 сом болгон. Бирок кеп анда эмес эле, кеп адамгерчиликте болчу. Бирөө да басып келбегенине Орозгүлдүн ага-эжелери нааразы эле.

– Жамандыкка жамандык, – деди Сагынбек сөзгө аралашып. Буларда адамгерчилик деген жок турбайбы. Навстречу барбаш керек.

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.