Олжобай Шакир: Жер-Эненин убалынан коркпогон кыргыз

«Башынан оор кыйынчылыктарды өткөргөн эл тагдырын изилдеген тарыхчыларга экмет: жер үстүндө кайсы калк билимсиз болсо, ошол калк эзилип келген». (Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ) 90-жылдардан кийинки кыргыздын кымгуут жашоосу элди дагы бир тарых сыноосуна кептеди. 70 жыл бою бапестеп багып өстүрдү, окутуп-чокутту деген социалисттик түзүм кыргызды борпоңдукка үйрөтүп, элдин аң-сезимин даяр ашты гана аңдыганга көбүрөк тарбиялап келиптир. Эмне болсо Совет өкмөтүнүн камкордугуна үмүткөр болуп көнгөн калкыбыз кийин «өз алдынча эгемен өлкөгө ээ болдук» дегени менен өз чарбасын жүргүзө албай очорулду. Турмушка, эмгекке […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин этникалык тарыхынын маселелери

Бул сүрөт Абылбек Байтерековдун калемине таандык <<<<<<<<<<Башы Азык уруусун биз байыркы асиги менен жакындаштырабыз. Гэшу (азыркы кушчу) сыяктуу эле ал Нушиви аймагына таандык болгон (VII к., Батыш түрк каганаты). Ошондой болсо да бул этнонимди Күл-тегиндин жана Тонукуктун урматына коюлган эстеликтердеги орхон жазууларында (Чоң жазуу) эскерилген «аз» элинин аты менен окшоштурууга болот. VII кылымдагы Жети- Суудагы түргөштөрдүн эки муунунун — тохсиликтер менен азийликтердин — окулушу күмөндүү экендигин белгилеп, В. В. Бартольд мындай деп жазат: «… мүмкүн азийликтер орхон жазууларында эскерилген аз […]

Дилазык: Атасы менен уулу жөнүндө уламыш

Поезд ордунан козголор замат ал терезеден колун чыгарып, шамалга тосту. Бир кезде ал таң кала кыйкырып жиберди: — Ата, карасаңыз, бактар артты көздөй жүгүрүп баратат! Атасы жылмайып койду. Жигиттин жанында олтуруп бараткан эрди-катын тигини таңыркап карап калышты, 25 жаштагы жигиттин кичинекей бала берчү суроо бергени аларга кызык угулду. Жигит кайрадан суктангансып кыйкырып жиберди: — Ата, көрдүңбү көл, жээгинде жаныбарлар жүрүшөт… Булуттар бизди ээрчип келатышат! Күн себелеп, жаан башталды, жигиттин сунулган колуна жамгырдын тамчылары тийгенде сүйүнгөнүн жашыра албаган жигит атасына кайрылды: […]

Чаң жолдон чоң жолго чыккан Раевдин Пусу каарманы

Султан Раевдин “Пусу” аңгемесинде курч социалдык проблема көркөм иликтөөгө алынган. Чыгарманын сюжеттик курулушу шаардагы кызын көргөнү барган айылдык атанын көргөн-билгендери айтып түгөткүс узун жомокко айланышына негизделген. Султан Раевдин адабиятка келиши 1980-жылдарга туура келет. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктагандан кийин ал бир топ жылдар бою басма сөз тармагында иштеди. Алгачкы кара сөз чыгармаларын гезит түйшүгү менен алектенип жүргөн кезинде жарыялады. Кийин жооптуу кызматтарга дайындалган соң деле чыгармачылыктан кол үзбөй, ири эпикалык жанрдагы чыгармаларын тартуулады. Бул ыңгайда анын “Жанжаза” менен “Топон” […]

Бакеева Бурулкан: Апам ары бар, аялым бери кел

АҢГЕМЕ Аял Новосибирск шаарынын темир жол вокзалынан электричкага отуруп, үч сааттан кийин түнт токойдун арасындагы кичине станциядан түшүп, жыгачтан курулган жыйырмадай үйдөн турган кыштакты көздөй эмес, токой тарапка баратты. Күүгүм кирип калган. Жайында көз жоосун алып жапжашыл, кышында калың кар баскан орус токою. Бийик жоон карагайлардын ийне жалбырактарын аппак бубак баса, сууктан зыңкыя катып көктү тирей керилген токой ичи тунжурап жымжырт. Анда-санда өткөн поезд гана кулак-мээни жеп шарактап келип өтөт да, алыстаган сайын добушу ар тарапка сиңип жок боло кайрадан […]

Слава Сэ: Ит аркылуу кыйытып, аялдарга мактоо айтуу

АҢГЕМЕ Адатта, кичинекей балдар чоң овчарка иттүү болсом деп кыялданышат, алар аны бир эле убакта досу, коргоочусу жана көлүгү катары элестетишет. А мен аны — ызгаар суукта, бороон-чапкында көчөгө алып чыгып сейилдетүү деп билчүмүн. Анан дагы мага бир күчүк, бир күндө өз салмагынан төрт эсе оор бут кийимди жеп салат деп айтышкан. Жок, дечүмүн мен балдарга, жаратылышты мынчалык баа төлөп сүйгөнгө мен даяр эмесмин. Эч качан, эч качан биздин үйдө ит аттуу болбойт. Анан мен тагдырыма жазылган түгөйүмдү жолуктурдум. Кадимки […]