АҢГЕМЕ

Аял Новосибирск шаарынын темир жол вокзалынан электричкага отуруп, үч сааттан кийин түнт токойдун арасындагы кичине станциядан түшүп, жыгачтан курулган жыйырмадай үйдөн турган кыштакты көздөй эмес, токой тарапка баратты.

Күүгүм кирип калган. Жайында көз жоосун алып жапжашыл, кышында калың кар баскан орус токою. Бийик жоон карагайлардын ийне жалбырактарын аппак бубак баса, сууктан зыңкыя катып көктү тирей керилген токой ичи тунжурап жымжырт. Анда-санда өткөн поезд гана кулак-мээни жеп шарактап келип өтөт да, алыстаган сайын добушу ар тарапка сиңип жок боло кайрадан жымжырт.

Кар абдан калың болгондуктан аял кыйынчылык менен карды жиреп токойдун тереңине кете берди. Бул аял абдан муңдуу жана кайгылуу эле. Жүрөктүн үнсүз солкулдап муңканганы, аны түшүнүп кол сунар эч кимдин жоктугу – жан кейиткен азап. Аял ушундай абалда эле. Өтүгүнө кар толуп, буттарын какшата өзү сууктан калтырап, бирок өжөрлөнө алга жыла берди. Калың токой абдан караңгы болуп, бет алды гана кардан улам агарат. Убакыт канча болду экен. Ойлоп алып капаланды.

Эми өзүнө убакыттын кереги эмне, баары бир эмеспи. Өтө тереңге жолдон алыс кетсе болду. Оор үшкүрүнүп өзүн-өзү аяды. Эстеп көрсө, өзүнө өмүр бою эч ким жөлөк болбой, кайраттанып күчтүү эрки, аракети менен жашаптыр. Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү болбоптур.

Жашында байлыкты, дөөлөттү, жакшы кызмат, кадыр-баркты, алтүгүл бактыны деле берген экен, бирок ошол бактыны өзү ойлонбостук менен ары түртүп коюптур. Бактысын түрткөнүн көп жыл өткөндө түшүнүп, өкүнгөнү аз келгенсип, дөөлөтүн, байлыгын кармап кала албай, жашы 55ке чыкканда мээнетти берип азабы, минтип кар жиреп темселеп калар күнүн буйруган экен. Кайсы жерден ката кетирди, кимдин көңүлүн оорутту? Балким артта калган жылдарында качандыр бир жасаган күнөөлөрүн, бирөөлөрдүн көңүлүн калтыргандыгынын азабын эми тартып жаткандыр. Барына каниет эте шүгүрчүлүк келтирип жашаса болмок экен. Бирок пенде дегени, айрыкча аялзаты, байлык, акча көбөйгөн сайын болду демек турсун, дагы ушунча болсун дейт турбайбы.

Балким өз убагында шүгүрчүлүк келтирип дүйнө артынан түшпөгөндө Ошунан алыс, орус токоюнда кар кечип тоңбостон, өз үй, өлөң төшөгүндө, кең төрүндө небере терметип бейгам отурмак. Же тагдыр ушундай беле. Эми артка кайтууга кеч болуп калгансыйт… Өмүрү ушинтип Ошун көрбөй калууну, балам деп жашаган жалгызына ак сүтүмдү кечтим деп айтууну буйрубай калган экен.

Ток жок лифт иштебей калыптыр. Айсанем 13 кабатка күйүгүп араң чыгып, эшиги ачылгыча кышылдай туруп калды. Батирде кошо жашашкан аялдар сууктан үшүп келишип, соода кылам деп кечке турган немелер чарчап сулап жатышат. Новосибирск шаарында 40 градус суук болуп, соода жакшы болбой, алардын акчалары айланмак турсун ойрону чыгып, соода орунга, батирге, каттого, тамак-аш, жол акыга төлөнүп; пайдасынан чыгымы көп болуп мукурап отурушат.

Кошо жашаган төрт аял өзүбүздүн оштук эжебиз экен, жашы улгайып калганда кыйын, жол акысын, батир акысын өзү табар, тамак-аш алдырбай эле коёлу дешип өзүн аяган сайын Айсанем шылкыйып, канчалык аракеттенип акча топтоюн десе деле бир туруп кийими жыртылып, кээде милиция кармап кетип штраф төлөп, анан батир акысы келип, кээде саткан укроптору өтпөй саргайып кетип ыргытылып, жол акы топтоп Ошко кетсемби деп санаага батып, тамак алдына келгенде батынып жей албай тартынат.

Бүгүн отуз жаштагы жаңы келин кошулуп калыптыр. Айсанем муну кайдан көргөн, тааныш немедей көрүнөт, бирок эстей албады. Келин да өзүн билген немедей тиктеп туруп, салам айтпай терс бурулду. Кыргызда улуусуна кичүүсү салам айтчу эле, энесиндей болгон өзүнө эрдин түйрө жактырбаганын ачык билгизип терс бурулганы эмнеси.

Эртеси экөө эле жалгыз калганда келин чарт жарылды.

— Сиз мени таанып жатасызбы?! Мен Разиянын кызымын,— деди титиреңдеп.

Аялдар соодасына кетип, экөө жалгыз каларын күтүп араң турган экен. Айсанемдин эсине эми түштү, мунун апасы Разия экөө бир эркекти талашып, чачташып жатканда ыйлап жандарында турган беш көкүл сары кыз ушул. Көзү апасыныкына окшоп турбайбы. Мунун курагы апасы ушундай кездегисин кечээ эсине салган экен. Оо, андан бери канча жыл өтсө да тааныганын кара тирмезектин. Баары бүтүп, өзүнө Разиянын кызы жетишпей жаткансып бул кайдан чыга калды.

Разиянын кызы өзүн аябады, бир кезде өзү мунун апасын аяды беле? Келме кезек деген ушубу… Апасынын өчүн кызы алып жатты. Апасы көп жыл мурун айта турган сөздү кызы айтты. Бир сөзгө келбей шалдырап отуруп берди. Кызындай болгон неме менен эмне деп айтышат.

— Эгерде билсеңиз, апам сиздин айыңыздан 35 жашында өлүп кетишине сиз себепкерсиз. Атам сизден келген сайын апамды урчу. Атамды сизге тарттырып ийип, күйүтүнө чыдабай ооруга чалдыккан. Ошондо жаштыгыман түшүнбөпмүн, өзүм турмушка чыгып балалуу болгондо аял үчүн күйөөсүнүн башка аял менен жүргөнүн көтөрүү оор, эрин токтотуш кыйын, күңдөштүк күйгүзөрүн билдим. Көрсө, апам ошол күйүттү көтөрө албай саргайып ооруп өзүн жеп бүткөн экен. Күчүн тилине чыгарып, анысын атам түшүнбөй кайра уруп, апамды азапка салыптыр. Ошону көтөрө албай өлүп кетти. Төрт баласы жетим, эки жаштагы кенжеси эне мээримин көрбөй калды, ушуга сиз күнөөлүсүз. Атамды азгырбасаңыз апам узак жашамак. Келин алып, кыз чыгарып, небере сүйүп төрүбүздө отурмак. Аны ушул бакыттан сиз айрыгансыз. Атам сизден мас болуп келген сайын үйдөн апамды кубалап, бизди жетелеп пахта аралап качып кетчүбүз. Атам уктагыча пахта арасында титиреп отурчубуз. Атам бизге эмес сизге үй салып жардам берген. Апамдын жаш кеткен өмүрү сизди жөн койбоптур. Минтип жашыңыз элүү бешке чыкканда орус шаарында укроп сатып көчөдө отурасыз, жүдөгөн кебетеңизден эле баягы кайкалаган сиздин абалыңызды түшүндүм, апамдын убалы сизге жеткен экен.

Аялдын өтүгүнө толгон кар буттарын какшата алдыга жылууга дарманы жок жыгылды. Кар денесин муздатып эки бөйрөгү, бели жанын көзүнө көргөзө какшап ооруп сулк жатты. Көзүнөн сызылып аккан жаш оозуна кирип шор даамданат, ушундай болорун билип эле чыкпадыбы, башка аргасы калбай үмүтү үзүлгөндө ушуга барбадыбы. Адам үмүт менен жашап, үмүт максатка жетелеп, эртеңкиден үмүт үзүлгөндө гана өмүр бүтөт экен да.

Айсанем бул арманын кимге айта алат? Ишенген жалгыз баласы кекчил, кечире билбеген өзүмчүл болуп калды. Туура эмес тарбия бердиби, уругу ушундай беле, өзүнүкү гана туура, башканын ою менен эсептешпейт. Чоң энесин тартыптыр. Ээрини калбайып чоң энесинин эле өзү, же бир тарбиясын алсачы. Небересин бир гана жолу туулганда көргөн. Баары бир канына тартат тура. Баламан калган бир туяк бар эле деп издешпеди, өзү жаштык курчтугуна, көктүгүнө салып баласын туугандарына жибербей койду. Эми өкүнөт. Бекер кылдым дейин десе кайыненеси жетим кыз, кедейдин кызы бизге тең эмес деп үй бүлөсүнө кабыл албай коюшпадыбы. Күйөөсү экөө ынтымактуу эле. Апаңды же жетеси жок жетим кызды дейсиң деп апасы жарга такаганда, күйөөсү тун баласынын төрөлгөнүн көрбөй, апасына өчөшүп аракты өлгүдөй ичип асылып өлүп тынды. Балабыздын башын жедиң деп кубалап жиберишти.

Айсанем намыскөй тырышчаак эле. Кайыненеси колунда жок томаяктын кызы, жетим деп кабыл албай койгонуна  намыстанып сүйүп алган, өзү сүйгөн күйөөсү апасына өчөшүп 23 жашында гүл жигит кезинде асылып өлгөнүнө күйүп жүргөн, колунда жаш баласы бар 21 жаштагы жаш келиндин абалын сурай турган, акыл айтып кайрат берер, кыйналганда жөлөк болор эч кимиси болбогон. Күйөөсүнөн айрылган күйүттү баласына болгон энелик мээрими жашоого кайтарды.

Өзүнүн кайраты, аракети, тил табыша алган, иштин көзүн таба билгени менен өжөрлөнүп, тиричилигине тың болуп, бир жылдык эсепчилик курсту бүтүп алганы жакшы болгон экен. Ошонун аркасы менен нанын таап жеп кетти. Анда 80-чи жылдар. Иш, айлык бар жыргал заман эле. Курулуш базасында башкы эсепчи болуп иштеп, башчысы экөө ошол мезгилдеги курулуш каражатын каалагандай, эпчилдик менен пайдаланышты, ашык сатып акчага маарышты. Жаш эле, орун алып бактысын табар күйөө деле чыкты. Балама өгөйдүн көзүн каратпаймын деп жаштык кылган экен. Кандай жол менен болбосун, байлык топтоп балам зарыкпасын, мага окшоп томаяк деген сөздү укпасын деп аракеттенген.

Өгөй энеси өгөйлүгүнө барганда атасы интернатка жиберген. Каникулда деле үйүнө барчу эмес, атасы деле кызым бар деп үзүлүп түшпөй көзү өттү.

Мас болгон баласынын чачтары саксая, көздөрү акшыңдап өкүрүп-бакырып, маска теңелбей үйдөн чыгып кетейин десе чыгара койбой корсулдап, каруудан кармап түртүп ийгенде бурчтагы картошка салынган каптын үстүнө лак эте сыздай отуруп калды. Мастыгына салып эмнелерди айтпады, келини укпаса мейли эле, анын укканына жети өмүрү жерге кирип намыстанды, аракка шыкап жалгыз баласын энесине күүлөгөн ошол келини, баласы болсо эмитен аялына сырын алдырып мурдунан жетелетип алган. Көзүнүн агы менен тең айланып тилинен чыкпайт.

Келини колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып эмне болсоңор ошо болгула, бириң өлүп бириң кал дегендей мисирейип карап турат. Ушу келинин ак тилеги менен уулу сегизинчи класстан окуганда эле келинге атап дүйнө топтогон, атасы жоктой болбосун, айыл эли да азалап айтып жүрсүн деп дүңгүрөтүп той берген.

— Эй апа, качан болсо сен үчүн там салдым, сен үчүн дүйнө жыйдым, сени зарыкпай бай болуп жашасын дедим дейсиң да турасың. Керек эмес мага мындай там, керек эмес мындай дүйнө. Ушул үйдү салып жатканыңда коңшу балдардын күлгөнүн угуу мага жеңил беле? Сенин канча атаң бар, сенин канчанчы атаң эмне алып келди, балдардын бир эле атасы болот, сенин мынча атаң бар дешкенин балалык менен сага айта алчу эмесмин. Керек эмес мага мындай… кедей болсо да мага…

Уулу көмкөрөсүнөн түшүп жер муштап бакырына өктөөсүн айтып жаны тынды, кашая сөз сүйлөй албай сыздады. Жалгыз келиндин убайын көрөм, кызымдай болот деп тиледи эле, убайын көрмөк турсун келининин көзүнчө ушул сөздү укмак экен. Кичинесинде “бала чоңойсо – балээ” деген сөздүн төгүнү жок турбайбы.

Келинине бир сөздү он сөз кылып апыртып айткан Токтайым албарсты. Ошо кошунасы менен тамынын жер пайын куруп жатканда тытышкан. Ошондон бери ушул кезге чейин алыскы туугандан жакынкы кошуна болуп жашашпады. Там алба, кошуна ал деген туура экен. Кеп жебеген немеге пас кетип теңелгиси келген эмес. Унчукпай койгон сайын өзү жөнүндө жарымы жалган, жарымы чын сөздү айылга жайып, баркын кетирди. Бирөө жаңы көйнөк кийсе дагы көрө албаган, чуурутуп бала төрөп, араккор күйөөсүнө чыдабаганда айылды башына көтөрүп айкырып, балдары да чоңойгон сайын жайсыз чыгып, кичинесинен эле бирөөлөрдүн бирдемесин билгизбей жула качканга көнүшүп, ата-энеси кой дештин ордуна сатып ийип арак ичип алышса, кайсы тарбия болсун.

Ошол кошунасы Токтайымдын балдары менен уулу мушташпай калган күндөрү болгон эмес. Апасы үйрөткөн сөздү баласы айтпай коёбу, Токтайым Айсанемдин күйөөсү жок туруп там салганын, бай жашаганын, курулуш базасында, май-талкан жерде эсепчи болуп иштээрин көрө алчу эмес.

Ичи таарып эмне деген гана ушактарды таратпайт эле, теңелип кадыр-баркын түшүргөн эмес. Келинине бежирептир да. Уулун байкап жүрөт, эмитен аялынын көзүн карап, аялы эмне десе ошого макул. Үйлөнгөндөн бери аялы гүл, апасы күл болуп четте калды. Аял алгандан кийин аялы гүл көрүнүп, апасы “үүф” деп үйлөп койсо учуп кете турган күл болуп калат экен. Жалгыз келининин сыйын көрөм деди эле, мына сыйы. Сенин апаң жашында андай болгон экен, мындай болгон экен деп кулагына куя берип, өзү араң жүргөн уулун көкүткөн келининин эмне максаты бар эле?

Баягы ак тилеги менен салынган үйү кайда? Небере терметип төрдө отурсам деген тилеги кайда? Келини жайсыз чыкпаса ошол үйдө өзү жашайт эле го. Көрүнө көтөрүп кетет беле, жыйган-тергени баардык ошол келиндики болмок. Кийин билбедиби – келининин ата-энеси үйүн банкка коюп кредит алганын, аны төлөй алышпай банк алып коё турганда баласынын башын айлантып үйүн саттырып, акчасын төлөп ата-энесинин үйүн сактап калыптыр. Баш болбосоң коё кал. Ысык-Көлгө эс алганы кетип кайра келсе, экөө үйүн сатып, өзүнө жатаканадан көчүгү айланбаган бир бөлмөнү алышыптыр да, ишенген жалгыз уулу “апам ары бар, аялым бери кел” болуп аялы менен Россияга кетип калышыптыр.

Токтайым албарстыга куп таба болду. Заңгыраган үйдө жашап, колунда жокторду өзүнө теңебей бой көтөрө кайкалачу эле. Заман өзгөргөндө кассага салган акчасы арзыбаган акча болуп калды. Айсанем бир бөлмөгө тыгылганына намыстанып, акча табамын, дагы байыймын деп өз жашы менен эсептешпей Новосибирск шаарына келип алыптыр. Биртке акчасы чоң шаарда эч нерсеге жетпей, жашы улгайгандарды ишке албай, пол же идиш жуугуч болуп орношоюн десе ага да жаратышпады. Укроп сатып араң кара курсагын тойгузуп калган. Ошунда семичке сатса деле күнү өтмөк. Эми минтип Кыргызстанга кетейин десе акчасы жок, кете албай жүргөндө Разиянын кызы жетишпей жаткансып чыга калды.

Орус токою. Түн. Аял алсырап, турганга шайманы жок селейип тоңуп жата берди. Жаны төрт чарчы болуп кыйнала тез эле өлүп кетишин күттү. Ушундай болорун билген, эртеңки жашоосунда үмүт калбаганда ушундай чечимге келген “садага болоюн балам ай, кайда, эмне кылып жүрөсүң, эненин ордун эч ким баспайт эле, жаман болсом да энең элем, өз колуң менен мени көргө тыгып салбадыңбы, балам ай, балам!.. Эсен бол. Жамандыгыңды көрбөйүн да укпайын, узак жаша, ооруба, бала-чакалуу болуп бактылуу жаша! Арбагыма куран окуп багыштай жүрсөң болду.”

Айсанем баарын эстеди, ооруп жаткандагы абалын сурабаганы, өзүн эмес аялын аздектегени, бир бөлмөгө тыгылганы, өмүр бою балама деп жыйган-тергенин аялынын тилине кирип өзү жокто сатып ийип, кайын эне, кайын атасынын карызын төлөгөнүн… Балким артта калган жылдарында кетирген күнөөлөрүнүн азабын эми тартып жаткандыр…

Санаадан саргайып жүдөгөн Разия өзүнүн алдында кор болуп жалдырап ыйлап турганына манчыркап, өзүнө теңебеди.

— Суранам, күйөөм менен байланышыңды токтотчу, сенден келген сайын жанымды сууруп алгандай болом, көтөрө албай калдым. Айылга деле сөз болуп бүттүңөр, балдарыбыз чоңоюп келатат, көңүлдөрүнө кетпесин, мага эмес сага там салып жатат. Эмнең менен азгырып тартып алдың билбейм. Көз көрүнө жүрүп кеткен эрдин күйүтү күйгүзөт экен, көрбөсөм, билбесем жеңил болот эле.

Ыйлап турган Разияны табалап абалын түшүнгүсү келген эмес.

— Алың жетсе – сеники, жетпесе – меники. Талашканыбыз бир эркек. Мага келиш-коюшун өзү билет. Айылдагылардын айтканын уруп-ойнобойм, билдиңби!  Ошол мени ушактагандар эртең эле менин алдыма жыгач бер, шыйпыр бер, цемент бер, чоңуңа ортого түшүп бер деп келишет, ошондо көрөм ушакташкан кандай болорун.

Разия буркурап ыйлап каргап чыгып кеткен.

— Өз мээнетиңе бүтпөгөн үйүң, балдарымдан кошо талашкан үйүң буйрубай калсын, менден бетер боздоп-сыздап кал, балдарымдын убалы уктатпасын! — деп боздогонун чымын чакканча көргөн эмес.

Бир кыштакты сел алып, өкмөт тарабынан бекер берилген жардамды, элдин билбегенинен пайдаланышып, жетекчиси экөө акчага сатып пайда табышкан, текшерүүчүлөр келсе, оозун акча менен басышкан, акчага ким азгырылбасын. Оо, андан бери канча жылдар өттү. Бетти бырыш, чачты ак басып, жаштык кетип кызылы өчөт экен. Убагы келгенде жакшылыгыңа, жамандыгыңа, күнөөлөрүңө жооп берчү учур баары бир келет экен.

Ошуна кетейин десе акчасы жок. Барганда эмне кылмак, ким күтүп туруптур. Ишенген баласы ал болду, орус жеринин кайсы жеринде темселеп жүрөт, апасын эстейби же аялынын тилинен чыкпай дале жектеп жүрөбү?.. Мейли, эсен болсун, кечирди.

Ошуна кетүүгө арга таба албай калганда кетирген күнөөлөрүнүн азабын эми тартып, өзүн өзү өлүмгө байлап орус токоюнда тоңуп жатат. Акыркы сааттарында башын жөлөп, көзүн жумдуруп, бутун байлаар  жакыны жок, жаназа окулбай, сөөгүн жырткыч эле жеп кетпесе кар кеткенде табылып “неизвестная азиатка” болуп көмүлөр.

Көрсө адам деген адал жашап, күнөөгө батпай, бирөөнүн көңүлүн оорутпай жашап, жооп берер азабын тартаар убакыт эртеби-кечпи болорун билиш керек экен.

2000-жылы орус токоюнда кыргыздын бир аялынын тагдыры ушинтип үзүлүптүр.

Новосибирск шаары, 2004-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.