Бул сүрөт Абылбек Байтерековдун калемине таандык

<<<<<<<<<<Башы

Азык уруусун биз байыркы асиги менен жакындаштырабыз. Гэшу (азыркы кушчу) сыяктуу эле ал Нушиви аймагына таандык болгон (VII к., Батыш түрк каганаты). Ошондой болсо да бул этнонимди Күл-тегиндин жана Тонукуктун урматына коюлган эстеликтердеги орхон жазууларында (Чоң жазуу) эскерилген «аз» элинин аты менен окшоштурууга болот.

VII кылымдагы Жети- Суудагы түргөштөрдүн эки муунунун — тохсиликтер менен азийликтердин — окулушу күмөндүү экендигин белгилеп, В. В. Бартольд мындай деп жазат: «… мүмкүн азийликтер орхон жазууларында эскерилген аз элинин өзүдүр». В. В. Бартольд өзүнүн «Кыргыздар» деген эмгегинде да Тонукуктун эстелигин деги жазууда кыргыздар менен бирге аз эли да бир нече эскерилээрин белгилеп келип, аздарды түргөштөрдүн бир тармагы деп ишенимдүү түрдө айтат.

Аздар-түргөштөр жөнүндө айтылгандарга байланыштуу азык уруусунун тамгасынын сүрөтү (Э-Э) менен Чүй өрөөнүндө казуу учурунда табылган түргөштөрдүн VIII кылымдагы жаа түрүндө салынган тамгасынын окшоштугу көңүлдү бурат. Ушундай эле түрдөгү тамга бугу уруусунда болгон. Ал «жаа тамга» деп аталган.

Азык уруусун азыркы теленгуттар менен ач-кыштымдардын курамына кирген алтайлык «төрт-ас» тобу менен салыштырууга болот, анткени кыргыздын азык уруусунун (же асык) өкүлдөрү да козугуна, байщчук, бынман, бөрү деген төрт бөлүкчөнүн саны боюнча өзүлөрүн «төрт тамгалуулар (төрт тамгалуу азык) деп аташат.

Аталышында багыш деген этноним бар бир нече уруулардын пайда болушу жөнүндө маселе эң татаал маселелердин катарына кирет. Бул уруулар ата-теги боюнча шексиз Борбордук Азияга таандык экендиги жөнүндөгү Н. А. Аристевдин гипотезасын кечээ жакынга чейин далилсиз гипотеза деп эсептеп келдик. Бул гипотеза В. В. Радлов тарабынан ишке ашырылган кыргыздын сары багыш жана чоң багыш (желтый лось, большой лось) урууларынын аттарынын которулушуна негизделген эле. Н. А. Аристовдун пикири боюнча бул этноним Орто Монголиядан, балким жарым-жартылай, а түгүл Саяндын арка жактарынан алынып келиши мүмкүн. Акыркы мезгилде жапайы айбандардын аттары Тянь-Шанга Саян-Алтайдан «алып келиниши» мүмкүн экенин ырастай турган бир кыйла олуттуу далилдер пайда болду. 1953-жылы Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясынын этнография отрядынын иштөө учурунда жазылган жазмаларымдын биринде куну деген тааныш эмес сөз жолукту. Бул жазма менен К. К. Юдахинди тааныштырдым.

Анын изилдөөлөрүнүн, ошондой эле А. М. Шербактын изилдөөлөрүнүн натыйжасында кыргыздын «куну» деген сөзү росомаха (суусардын бир түрү) (салыштырыңыз: хакастарда — хуну, шордуктарда — кунучак) экендиги азыр аныкталды. Росомаха Тянь-Шанда болгон эмес, бул ат Саян-Алтайда пайда болгон.

Л. П. Потапов кең пейилдик менен мени тааныштырган анын соңку изилдөөлөрүнө ылайык челкандарда (түндүк алтайлыктардын курамындагы этнографиялык топтордун бири) шаман зикир чалуу убагында өзүнүн дабын (бубен) «ер пагыч» деп атаган. Зикир учурунда дап — бул мингич унаа болгондуктан (демейде териси дапка керилген жаныбар), демек ер пагыч дегенибиз ошол малдын эркеги (ер). Эгерде пагыч терминин ала турган болсок, бул кыргыздын багыш этнониминин фонетикалык варианты; демек челкандык шаман үчүн дап багыштын символу болгон. Багыштар болсо кечээ жакынга чейин челкандыктар аңчылык кылчу жаныбар болгон жана алардын териси чындыгында да шамандардын даптарын каптоого жумшалган.

«Тувалыктарда шамандардын дапы, — деп жазат Л. П. Потапов, — Саян-Алтай тоолорундагы башка элдердегидей эле зикир чалуу убагында шамандын мингич унаасы катары түшүнүлөт. Даптын аты адатта туяктуу аң жаныбарларын билдирет. Ошентип, Алтай этнографиялык материалы багыш этнониминин семантикасын ырастады. Демек, Н. А. Аристовдун пикири айрым бир негиздерге ээ болгонсуду. Бирок Н. А. Аристовдун гипотезасы багыш этнониминин семантикасында гана жарым-жартылай ырасталып тим калбастан, ошондой эле башка фактыларда да ырасталат. «Манас» эпосундагы архаикалык сөздөрдү изилдеген кыргыз окумуштуусу Биялиев Абак булан деген жапайы жаныбардын атына менин көңүлүмдү бурду. К. К. Юдахин айткандай, чынында да кыргыз эпосундагы булан — жапайы жаныбардын аты, ал кээ бир түрк тилдеринде багыш, бугу дегенди билдирет.

Азыркы кыргыздарга мааниси белгисиз болгон бул архаикалык сөз дал Саян-Алтай элдеринде багыштын аты катарында сакталып калган. Ошентип, багыш этнониминдеги кыргыз урууларынын Енисейде пайда болгондугу жөнүндөгү маселе талаш-тартыш маселе бойдон калып отурса да, жогоруда келтирилген фактылар түпкү теги Саян-Алтай менен байланышкан этникалык компонент кыргыздардын ата-бабасынын курамына кирген деген пикирди ырасташы мүмкүн.

В. В. Бартольд өз кезинде көңүл бурган канды (каңлы) деген бир кыйла чоң уруу, сыягы, түркий тилдүү абориген уруулардын биринен болсо керек. Кара-кытайлар азыркы Кыргызстандын территориясына басып киргенге чейин эле Баласагундун ээсин (Караханилерден) түрк уруулары — канглы менен карлуктар кысымга алышкан, демек, канглы Чүй суусунун өрөөнүндө кошуна жашаган. Балким ошондуктан, В. В. Бартольд өзү келтирген Абулгазынын каңглылар моңголдорго чейинки мезгилде эле Таластан Ысык-Көлгө чейинки территорияны ээлеп турган деген билдирүүсүн четке каккан эмес. Мындай болгондо каңглылар кийинчерээк кыргыз элинин курамына кирген түркий тилдүү башка уруулар менен да жакын байланышта болушу мүмкүн. Ошондуктан каңглылар ушул эле территорияда бир кыйла кийинчерээк мезгилде Могулстандын башка урууларынын арасында да эскерилет. Алар казактардын Улуу жүзүнүн курамына да, ошондой эле кыргыздардын курамына да киришкен.

Кыргыз генеалогиясынын билермандары кыргыздардын этникалык курамында бир кыйла байыркы жана кийинчерээк мезгилдеги уруулардын бар экендигин айырмалашат. Байыркы уруулардын катарына алар кыпчакты, мундузду, кутчуну (кушчу), кандыны кошушат, бул тарыхый фактылар менен толук сыйышат. Ушул эле топко нойгут, катаган, жедигер урууларын кошуу анчалык негиздүү эмес. Кээ бир кыргыз этнонимдери жана генеалогиялык уламыштардын далилдери кыргыз урууларынын бир бөлүгүнүн карлук-уйгур чөйрөсү менен болгон этногенетикалык байланыштары жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет, бул чөйрө моңголдорго чейинки мезгилде Тянь-Шандын жана Тянь-Шандын жака-белдеринин калкынын этникалык тарыхында маанилүү роль ойногон.

Кыргыз урууларынын карлуктар менен байланышы жөнүндө кабарлаган жаңы далилдер Б. X. Кармышева келтирген тажикстандык карлуктардын этнонимдери менен кыргыз этнонимдеринин айрым бир дал келүүлөрүнө көңүл коюп мамиле кылууга мажбурлайт. Алсак, карлук этноними «мажаки» кыргыздардын чоң багыш жана саруу урууларынын курамындагы мачак топторунун атына дал келет. Карлук этноними «гилат» ошол эле чоң багыш уруусунун килет тобунун аталышына дал келет.

Биз уйгур этнонимин келечектеги кыргыз элинин курамынын биринчи этабын түзгөндөрдүн катарына кошконубузда айрым изилдөөчүлөр күмөн санашкан эле. Мындай күмөн саноого негиз жок. X кылымдын «Худуд-алалам» (Б. В. Бартольд тарабынан басылып, В. Минорский тарабынан которулуп жана комментарийлер берилген) чыгармасында кыргыздар жана VII—VIII кылымдарда курамына теле уруулары кирген токуз-огуздар, алардын ичинде уйгурлар жөнүндө коңшу уруулардын конфедерациясы катары бир нече жолу эскертилгени жакшы маалым.

Кыргыз иликтегичфилолог Б. М. Юнусалиев кыргыз тилинин уйгур тили менен байланышын белгилеп, минтип жазат: «Негизги сөз фондусунан келтирилген фактылар дагы да болсо азыркы кыргыз тилин, бир жагынан, ошол эле алтай тили же, андан да кеңирээк тува жана хакас тилдери менен, экинчи жагынан, уйгур тили менен байланыштырып турат… Түштүк кыргыздар болсо Фергана өрөөнүнүн, Памирдин жана Кашкардын өзбек-уйгур-тажик калктары менен өз ара тыгыз маданий-экономикалык жана саясий байланышта турушкан»

Бул контекстте сөз азыркы кыргыз жана уйгур тилдери жөнүндө болуп жатат, бирок кыргыз жана уйгур урууларынын алда канча мурдагы байланыштары жөнүндө да күмөн саноого болбос, анткени байыркы уйгур тили да жана байыркы кыргыз тили да түрк тилдеринин чыгыш же чыгыш-хунн тарамындагы уйгур тобунун бир саласы — уйгур-тукуй саласына кирген.

Түштүк Кыргызстанда катталган уйгур этноними да кыргыздардын уйгурлар менен этникалык мамилелеринин чагылышы катары кызмат кылат. Азыркы учурда өзүлөрүн ата-теги боюнча уйгурлардын бөлүкчөлөрүнө таандык кылган топтор Үч-Коргон районунда, Кароол-Буйга, Авузтам-Пилал, Тегирмеч, Караганды, Керегеташ, Олагыш, Каракыштак, Пум кыштактарында жашап турушат. Мурда Шыпы (Шиббе) кыштагында жана Лянгар жеринде да жашаган. Көпчүлүк информаторлордун маалыматтары боюнча, уйгурлар — тейит («ичкилик» деген ат менен бириккен уруулардын бири) уруусунун өз алдынча турган бөлүкчөсү. Башка бир маалыматтар боюнча, уйгур — ошол эле уруунун чал-тейит бөлүкчөсүнүн же болбосо сары-тейит бөлүкчөсүнүн бир бөлүгү. Өзүлөрүн уйгур тобуна таандык кылган карыялар Айтемиров Кенжебай жана Ормонов Райымберди бул топтун алгачкы ата-бабалары Бухарадан келишкенин (Бухара-и Шарып), ал эми уйгурлардын үч-коргондук топтун түздөн-түз ата-бабасы бул жакка Каратегинден көчүп келишкенин, ал жакта Кош-Тегирмен деген жерде уйгурлар тобунун бир бөлүгү азыр да жашап турушаарын айтышат.

Айрым бир фактыларга караганда, уйгур тобуна киргендер мал чарбачылыгы менен да, дыйканчылык менен да кесиптенишкен. Алсак, Кароол кыштагына жакын жерде Уйгур-арык деп аталган канал бар. Булгачынайман жана уйгур топторунун ортосунда Тегирмеч көлүнүн айланасындагы жайыттардан улам айыгышкан талаш-тартыштар болгондугун айтышат. Ата-теги боюнча өзүлөрүн уйгур тобуна таандык кылгандар Тейит уруусу менен жакын тектеш экендигин белгилешет; тейит менен уйгурдун урааны бир, б. а. тигилердин да, булардын да урааны бир. Айтемиров Кенжебай уйгур тобу ошондой эле кыдырша, канды, кесек жана нойгут топтору менен теги бир (бир жаамы) деп кошумчалайт. Бирок анын буйга жана төөлөс деген эки топ менен да жакын тектештик байланышы бар экендигин билдирген далилдер да бар.Үраан баисы уйгур деген сөздүн таралып айтылып жүргөнү да бир кызык. Бул сөздүн мааниси жөнүндө ар түрдүү уламыштар бар. Алардын бири боюнча илгери ачкачылыктын айынан адамдар туш-тушка тараганда Каратегинден Түштүк Кыргызстандын территориясына ооп келген уруулардын бөлүкчөлөрүнүн башында уйгурлардын тобу турган экен; экинчи бир уламыш боюнча качандыр-бир убакта уйгурлар тобу көп санда болуп, кимдир-бирөөлөргө үстөмдүк кылып турган имиш. Тарыхый көз караштан алганда бул уламыштардын экөөнө тең толук жол берүүгө болот.

Өзбектердин уруу-урууга бөлүнгөн тобунун бир уруусу да уйгур этнонимин сактап калгандай эле, уйгурлардын кыргыз тобу да байыркы уйгур калкынан бери келаткан этнонимди сактап калгандыгынан күмөн саноого болбос. Биз жазып алган бир катар генеалогиялык уламыштарда өзбектердин 92 уруусунун ичинде уйгур уруусу сөзсүз түрдө кошо айтылат.

Кыргыздын кыпчак уруусунун теги «алтайлык» уруулар менен байланышта болгону ачык байкалат. Кыргыз кыпчактарын өзбектер менен каракалпактардын арасындагы кыпчактар менен салыштырууга мүмкүн эмес. Кыргыздардын кыпчак уруусунун курамында (тогуз уруу кыпчак) төмөнкү негизги майда бөлүктөр айтылат: тору айгыр, таз, кожомушкур, жартыбаш, шерден, кармыш, жаманак, омонок, алтыке. Дагы сакоо-кыпчак тобун айтышат. Кыргызстандын түштүгүндө жашаган бул уруунун бөлүкчөлөрүнүн ичинде КНЭРдин Синьцзян-Уйгур автоном районунун территориясында гана жашаган кээ бир топтор: кан-кыпчак, товур-кыпчак жана башкалар гана айтылбайт.

Ошол эле убакта өзбек элинин этногенезине катышкан кыпчак уруу тобунун (кыргыздар аны — сарт-кыпчак деп аташат) структурасы башкача болгон. Ш. И. Иногамов Ферганадагы өзбек-кыпчактарда төмөнкүдөй уруулук бөлүкчөлөрдү каттаган: яхцик, ульмас, бугач, жайдак, кугай, илятан, огин, күчжарак, күмүшай, тикан, сары-кыпчак, тоз, кызылмуш, туртайлык ж. б.

1940-жылдардын акыры ченде В. Г. Мошкова тарабынан мага берилген Өзбекстандын азыркы Наманган областынын территориясында жашаган «кыпчак урууларынын» тизмесинде Ш. Н. Иногамов келтирген айрым бөлүкчөлөрдүн (күмүшай, кугай, бугач, ульмас, яшик, яйдаг, илатан жана тикан) башка да төмөнкү бөлүкчөлөр көрсөтүлгөн: пучукой, бугаз, курама, кулон, айбойра, чляль, чирик, итти кашка (?). Акыркы бөлүкчө, В. Г. Мошкованын айтканына караганда, В. П. Наливкиндин эмгегинде Фергана кыпчактарынын беш ата-бабасынын ичинде аталгандыктан гана бул тизмеге киргизилген. Ошентип, кыргыздардын жана өзбектердин кыпчак урууларынын генеалогиялык структурасы, эгерде кыргыздардагы таз жана өзбектердеги тоз бөлүкчөлөрүн эсепке албаганда, дал келбейт. Ошондой болсо да, бул уруунун кыргыздар менен Орто жүз казактарындагы бөлүкчөлөрдүн арасында тору айгыр деп жалпы ат менен аталган топчолордун бар экендиги көңүл бурат.

Кыпчактардын кыргыз жана казак уруулары жердеген территориялар бири- биринен жүздөгөн километр алыстыкта жатса да, тигинисинде да, мунусунда да аты бир болгон бөлүкчөлөрдүн бар экендиги өзгөчө кызыгууну туудурат. Бул фактыны ушул эки уруунун эзелки этногенетикалык байланышынын түздөн-түз далили катарында кароого болот. Кыргыздардын кыпчак уруусунун кыпчактардын чыгыш, алтай жергесиндеги тобу менен болгон этногенетикалык байланышы жөнүндө жана анын Жети-Суу аркылуу түштүк тарапка оогондугу жөнүндө 1959-жылы айткан божомолум XVI—XVIII кылымдардагы болгон окуялар тууралу баяндаган чыгармалардын кол жазмаларында бул уруу Жети-Суунун жана Чыгыш Түркстандын территориясына көчүп келгендиги жөнүндө айтылган маалыматтар менен да ырасталып отурат.

А. А. Валитованын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, XI кылымда Баласагундук Юсуф жазган белгилүү чыгарманы кыпчак этноними биринчи жолу аталган түрк тилиндеги эстелик деп эсептөөгө болот (автору Баласагун шаарында туулган, бул шаар көптөгөн изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча Чүй өрөөнүндө жайгашкан). А. А. Валитова Махмуд Кашкарлыктын (XI к.) «Диванындагы» кыпчактар жөнүндөгү маалыматтар Жети-Суу менен Чыгыш Түркстандын кыпчак урууларына таандык экендиги тууралу маанилүү фактыны белгилейт.

Кыргыздардын кыпчак уруусунун сарт-кыпчактарга карата катышы жөнүндө ар түрдүү пикирлер бар. Кээ бирөөлөр алардын жалпы түпкү атасы Кыпчак болгон дешет. Анын бир аялы кыргыз, башка бир аялы сарт болгон.

Биринчисинин тукуму — кыргыз-кыпчактар, экинчисиники — сарт-кыпчактар. Башка бирөөлөр бул эки топтун теги боюнча жакын экендигин жөн гана баса белгилешет. Бирок бул экөөнүн ортосунда эч кандай байланыш же жакындык болгон эмес, ал жөнүндө уккан эмеспиз деген маалымат да бар.

Кыпчак компоненти кыргыз элинин этникалык тарыхынын биринчи «катмары» куралып жаткан этабында эле белгилүү бир роль ойногондугунан шек кылууга негиз жок. Бул жөнүндө кыргыз тилинин тарыхы эң ынандырарлык түрдө белгилейт. Кыргыз тили, курамында өз алдынча турган кыпчак тобунун түрк тилдеринин батыш же батыш-хунн тармагынын бар экендигине карабастан, алтай тилинин түштүк диалектилери менен бирге алганда башка классификациялык категория болуп эсептелген чыгыш же чыгыш-хунн тармагынын кыргыз-кыпчак тобун түзөт. Мындайча классификациялоо кыргыз тили да жана алтай тили да кыпчак тилдеринин таасири астында болгондугу менен шартталган. Ошондуктан, кыргыз тилинин субстратын (жалпы негизин) биздин замандын биринчи миң жылында Алтайда жана ага коңшулаш аймактарда жашаган байыркы түрк урууларынын тилдери түзгөн деп айтууга болот.

Кыпчак компонентинин ролу бир кыйла кийинки убактагы — «Мажмуаттаварихтин» кол жазмасындагы маалыматтардан да жакшы байкалат. Мында баяндалган окуяларга кыпчак Ак-Тимурдун Жети-Кашка (жогоруда айтылган итти кашкага салыштырыңыз) деп аталган уулдары, андан кийин Ульмас-Куландын кошууну (аскери) катышат (жогорудагы сарт-кыпчак бөлүкчөлөрү ульмас жана кулонду салыштырыңыз). Муну менен катар бул окуяларда Каркыранын кыпчактары катышат (Каркыранын уулу — Жакыпбек, Жакыпбектин уулу — Манас). Бул кыпчактар Кара-Кышлакта жашашкан.

Аталган кол жазмадан үзүндүлөрдү которууга байланыштуу В. А. Ромодиндин айтуусуна караганда, Кара-Кышлак калыбы азыркы Мерке (Казакстан) шаарынын аймагында жайгашкан болсо керек; азыркы картада ошол эле жерде Каракыстак өзөнү көрсөтүлгөн. Болжол менен XVIII кылымдын орто ченине тийиштүү уламыштар боюнча Меркеге жакын тоолордун батыш тарабында Каракыштак шаары турган, анда калмактардын ханы Коң-таажы жашаган. Кол жазмада Жети-Кашка кыпчактары менен Каркыра кыпчактарынын теги бир экендиги көрсөтүлсө да, калыбы, сөз кыпчактардын ар түрдүү топтору жөнүндө болуп жатса керек, анын үстүнө Каркыра кыргыз эпосунун легендарлык каарманы Манастын чоң атасы деп аталган.

Биз эпос жөнүндө сөз кылган соң, «кенже» эпостордун кээ бир чыгармаларында («Эр-Төштүк», «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан» поэмалары) дал кыпчак уруусунун турмуштары сүрөттөлөт. «Манас» эпосунда Манастын соратниги, кыпчактын ханы Үрбү көрүнүктүү роль ойнойт.

Айрым бир кыргыз уламыштарына караганда, кыпчактардын Шырдак хан башында болгон бүт уруусу Көк-Дөбө — Каркыра жеринен көчүп келишкен (жогору жакты караңыз: Каркыра кыпчактарынын жол башчысы). Шырдак ханды кыпчактардын кожомүшкүр бөлүкчөсү өзүлөрүнүн ата-бабасы деп эсептешет. Кээ бир карыялар кыпчактардын «ак калпак» (кыргыздардын байыркы урууларын ушундайча аташат) элинин ичинен үстөмдүк кылуучу топ катарында бөлүнүп чыгышкандыгын, алар аксакалдар деп эсептелгенин (бийлеп, башкарып чыкты), адегенде бардык кыргыздарды кыпчак уруусу, кийинчерээк — багыш уруусу бийлегенин айтышат.

Дагы бир белгилей турган нерсе, кыргыз орнаментинин курамындагы биринчи комплексти С. В. Иванов кыргыз искусствосунун мүнөзүн аныктоочу негизги комплекс деп эсептеп, аны шарттуу түрдө кыпчактык комплекс деп атайт, «анткени ал курамына кыпчактар кирген бир катар элдерде кезигет. Сыягы, ал кийинки көчмөндөрдүн арасында, б. а. IX—XII кылымдарда калыптанса керек… IX—XII кылымдардагы көчмөндөрдүн орнаменти (оймочиймелери) талаа жерлеринде отурукташкандардын азыркы орнаменттери менен окшоштугу бар, атап айтканда, кыргыз жана казак орнаментине жакын»

Айтылгандардын баары кыпчактардын чыгыш, алтай тараптагы бутагынын этникалык чөйрөсү да жана ошондой эле, тили да, кыргыз элинин, анын тилинин, фольклорунун, көркөм сүрөт искусствосунун жана маданиятынын башка өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышына белгилүү бир таасирин тийгизгендигин далилдеп турат.

Кыргыздардын этникалык топторунун андан кийинки «катмары», алардын этнонимдери жана айрым бир этнографиялык маалыматтар боюнча алып караганда, XII—XIV кылымдарда пайда болгон. Бул мезгил эки ири тарыхый окуя менен: бир катар түркий тилдүү уруулар, алардын ичинде бир канча кийинчерээк кыргыз элинин курамына кирген уруулар жашаган территорияга кытайлардын жана моңголдордун басып кириши менен мүнөздөлөт. Бул «катмарга» теги моңгол уруулар жана айрым бир башка уруулар кирет. Аларга нойгут (Рашид ад-Дин эскерген онгут уруусу болушу мүмкүн), баргы (моңгол уруусу баргу же баргут), коңурат (моңголчо хонкират), катаган (моңголчо хатакин), баарын (моңголчо баарин), найман, кереит, меркит урууларын киргизүүгө болот. Ушул эле катмарга, кыязы, кодогочун (муңгуш уруусунун курамында), кара кунас жана ардай (экөө тең жору уруусунун курамында, адигине тармагы) сыяктуу анча чоң эмес топтор да таандык кылынышы мүмкүн. Кытай уруусу өзгөчө турат, бул уруу кидандардын (кара кытайлардын) кыргыздарга сиңип кеткен алыскы уруктукумдары деп айтса болот.

Кытай уруусу Талас жана Чаткал дарыяларынын өрөөндөрүндө жайгашкан, бирок бул уруунун ири топтору Ысык-Көл боюнда, Чүй өрөөнүндө, бир кыйла майдалары Тянь-Шанда жашаган. Мындан анчалык алыс эмес мезгилде аралаш жашаган башка калктар аларды тамаша иретинде «кара кытай» деп аташкан. Бул уруунун бөлүкчөсү — кыйранын курамында кара-кытай деп аталган топ бар. Кыргыздардын кытай уруусу өз атын ушул урууга негиз салган адамдын аты же анын лакап аты менен аталып калса керек деген пикир бар. Бул пикир менен макул болуу кыйын, анткени ушундай эле аталган (же ушунун эле фонетикалык варианты менен аталган) уруулар өзбектердин, каракалпактардын, казактардын жана башкырттардын курамында да болгон, б. а. кыязы, булардын түбү жалпы этникалык прототип болгон кидандарга барып кошулат.

Бул мезгилде негизги кыргыз урууларынын калыптануу процесси өзүнүн аяктоо тилкесине кирет жана алардын курамынан кыргыз түзүлө баштайт. Үчүнчү «катмар» кыргыздардын этникалык тарыхынын акыркы этабына, XV—XVIII кылымдарга таандык, бул мезгилде кыргыз элинин акыркы этникалык бейнеси калыптанып калган. Мында такталып аныктала элек жергиликтүү түркий тилдүү топтордун (жогоруда айтылган чогорок уруусу жөнүндөгү мисалды караңыз, 37-6.) башка да, казак-ногой тегиндеги топтор көрүнүктүү орун ээлейт. Алардын ичинен биз чекир-саяк (алардын уруктукумдары негизинен Суусамыр, Жумгал өрөөндөрүндө жана Нарын дарыясынын орто агымында жашашат), жетиген топторун, саруу уруусунан (алакчын, колпоч), сары багыш уруусунан кээ бир топторду, ошондой эле азыр Талас өрөөнүнүн калкынын курамына кирген, теги казак болгон айрым майда топторду бөлүп көрсөтөбүз.

Ушул эле мезгилде, кыязы, биз теги моңгол-түрк болгон аралаш топ катары эсептеген, кийин кыргыз элинин курамына кирген айрым бир уруулар калыптанса керек. Буларга баарынан мурда моңолдор менен чериктер кирет. Бул уруулардан биз чагатай могулдарынын топторун көргүбүз келет, булардын этникалык курамы, тарыхый булактарда кандай даражада чагылдырылса, Б. П. Юдиндин баалуу эмгегинде да ошондой эле даражада чагылдырылган.

В. П. Юдиндин кыргыздар Могулстандын жана Могулиянын могулдары менен этникалык жактан байланыштуу экендиги жөнүндө айткандары мага кыйла жемиштүү ой-пикир катары көрүнөт, анын үстүнө кыргыз элинин өзүнүн калыптанышы дал ушул доордо болгон. В. П. Юдиндин пикири боюнча, бул байланыштарды эки этапка бөлүүгө болот: I — Могулстандын «могул» деген этноним менен бириккен урууларынын бирлигинин курамына кирген кыргыздар менен могулдардын жалпылыгынын мезгили (XV кылымга чейин); II — элдердин өз алдынча боло баштоо жана андан кийин могулдарды коңшу элдердин сиңирип алуу мезгили (XV кылымдан баштап).

Биринчи мезгилде түзүлүп жаткан могул элинин курамына келечектеги могул жана кыргыз (жана келечектеги казак) уруулары тең негизде киришкен. Бул процесс аягына жеткен эмес. Андан ары саясий-экономикалык себептер менен уруулар обочолонуп, топторго бөлүнөт да, алардын бири «могул» деген атты сактап калат, экинчи «кыргыз» деген атка ээ болот, үчүнчүсү казак элинин курамына кошулуп кетет.

Этникалык процесстердин мындай багыты эгер төмөнкүдөй эки кырдаалды эске ала турган болсок чындыкка көбүрөөк жакын:

1) бул процесстер кээ бир бөлөк коңшу элдердин (өзбектердин, казактардын) калыптануу процесси менен хронологиялык жактан дал келет;

2) Могулстандын территориясы азыркы Кыргызстандын бир бөлүгүн гана эмес, ошондой эле Чыгыш Тянь-Шань жака-белдеринин бир кыйла мейкиндиктерин да камтыган, б. а. кыргыз элинин келечектеги компоненттери калыптанган этникалык территорияны да кучагына алган.

В. П. Юдин кыргыздардын курамында «нагыз могул жана могул элементтери менен жалпылыгы бар»: баарын, балыкчы, барак, дуулат, керейит, кушчу, моңгол, моңолдор, нойгут жана башкалардын болгондугун адилеттүү белгилейт. Буга баргы уруусун (эгерде В. П. Юдин мисал келтирген барки деген ат туура болсо; бул кээде булактарда да кездешип калат), ошондой эле мекрит (кыргызча меркит), булгачы  (кыргыздарда булгачы-найман) жана черик урууларын кошууга болот.

Черик уруусуна өзгөчө токтолуп кетүү керек. К. И. Петров өз изилдөөлөрүндө Анга (Инга, Инка) төрө Бай Мурад Чериктин улусун кыргыз улуусу деп карайт. Мындай деп айтуу Анга-төрөнүн атынын курамына кыргыздын черик уруусунун атына окшош «Черик» деген сөздүн киргендиги негиз болгон, ошондой эле буга «Мажму ат-таварихте» айтылгандай, Ангатөрөнүн генеалогиясы кайсы бир бөлүгүндө кыргыздардын оң канатынын генеалогиясы менен дал келгендигинин фактысына да негизделген. Бирок бул далилдер ынандырарлык эмес. Биринчиден, белгилүү болгондой, черик — моңгол сөзү (инди тилдеринен кабыл алынган), ал «жоокер, аскер, казат» дегенди билдирет, б. а. аскердик терминге тиешелүү. Бул сөз черик уруусунун атына тиешеси жок эле, Анга-төрөнүн ысмынын (а мүмкүн титулунун) кошумча бир бөлүгү болушу мүмкүн. Экинчиден, «Мажму аттаварихте» баяндалган генеалогиялык уламыштарды иликтеп-үйрөнүп көргөндө Анга-төрөнүн ата-тегинде анын ата-бабасынын 12 ысмынын ичинен (алар моңголдордун ата- бабасы деп аталган) алтоо гана (Ана-л-хакк, Лар-хан, Гуз-хан, Арсланг-бий, Кули-бий жана Мары-бий) кыргыздардын оң канатынын ата-тегиндеги айтылып жүргөн легендарлуу ата-бабалардын ысымдары менен дал келерин аныктоого мүмкүн болду.

Кыргыздардын оң канатында уруу башчысы Ак уулдун ата-бабаларынын ысымдарынын тизмеги 19 ысымдан турат. Бул болсо, кыргыздардын оң канатынын кээ бир ата-бабаларынын ысымдары кыргыз феодал төбөлдөрү тарабынан, белгилүү бир максатты көздөп, Анга-төрөнүн ата-бабаларынын катарына кийинчерээк «жалгаштырылып» жиберилгендигинин далили боло алат. «Мажму ат-таварихте» Анга-төрөнүн улуусу жөнүндө төмөнкү айтылгандар өтө кызык. «Анга-төрөнүн жанына моңголдор топтолушту (ага Тохтамыш кол салганда)»; «Анга-төрө Кара-кожо менен Манаска 10 миң моңголду жардамга жөнөттү»: «Анга-төрө моңголдор менен чериктерди көчүрүп жиберди». Кыргыздар (алардын ичинде черик уруусу да) Ангатөрөнүн улуусуна кирет, бирок ал улус «кыргыздыкы» эмес.

Мына бул маалыматтардан көрүнүп тургандай, XVI кылымда черик уруусу кыргыздардын курамында болгон, бирок ал аралаш мүнөздө болушу мүмкүн. Аталган булактан көрүнүп тургандай, оң канаттын структурасында черик уруусу аталган эмес. Бирок кол жазмасынын башка бөлүктөрүндө черик уруусуна тикелей катышы бар бир топ ысымдар кездешет. Анга-төрөнүн кол башчысы Ахмед Бек-Назардын уулдары — Ак-Чубак, Бай-Чубак, Диван-Черик, Молдо-Черик, Кара-Черик болгон. Черик уруусунун структурасындагы негизги бөлүкчөлөргө, биздин маалыматтарыбыз боюнча, төмөнкүлөр кирет: ак-чубак, бай-чубак. Мындан да майдараак топтордун бар экендиги көрсөтүлгөн, алар: молдо-черик, дубан жана кара-черик.

Ошентип, XVI кылымдагы черик уруусу менен ата-теги боюнча өзүлөрүн черик уруусуна таандык кылып жүрүшкөн азыркы кыргыздардын черик тобунун ортосунда түз генетикалык байланыштын бар экендиги аныкталып отурат. Бирок черик уруусу XVI кылымдан мурда эле калыптанышы да мүмкүн. Бул термин этникалык аталыш катарында көптөн бери эле белгилүү. Ал табгач лексикасынан чечмеленген: чэ-ли=t*siet(-r) — liji(ri) чериктер VIII кылымдагы «сактарга» таандык документте да эскерилет, бул документте «алардын батыш, а мүмкүн, Чыгыш Түркстанды жердегени ачык байкалат, анткени тохарлар алардын жакын кошунасы катарында аталат»

Кыргыздардын моңолдор уруусун могулдар менен, атап айтканда, Ангатөрөнүн улусу менен салыштыруу өтө кызыгууну туудурат. «Мажму аттаварихте» лакап аты Көк-бука болгон Мухаммед бек Анга-төрөнүн уулу деп айтылган. Ошентсе да, азыркы кыргыздардын генеалогиялык уламыштарынын айрым варианттары боюнча, моңголдордун уруу башчысын (Адигине менен Тагайдын карындашы — Наалдын күйөөсү) Көкө деп аташкан, ал эми анын лакап аты Көк-бука болгон. XVI кылымдын кол жазмасында төмөнкүлөр Мухаммед-бектин тукумдары деп аталган: Кувай (төртүнчү атасы), Куу-Сөөк (сегизинчи атасы), Сейид-Газы (тогузунчу атасы), Кувай Буваке Дават-бий (онунчу атасы). Булардан башка дагы Бай Могол жана анын тукуму Чолок Туума менен Кыйра айтылат. Бардык аталган ысымдар (кол жазмада жарым- жартылай бурмаланган болсо да) моңолдор уруусунун азыркы генеалогиялык уламыштарда айтылып жүргөн айрым уруктарынын түпкү аталарынын ысымдары жана бөлүкчөлөрүнүн аталышы менен толук дал келет.

Бул уруунун структурасынан биз төмөнкүлөрдү табабыз: кабай, куу сөөк, бай-могол, чолок туума, улуу кыйра (жана бала кыйра). Бөгөнөк бөлүкчөсүнүн түпкү атасы Сейитказы деп аталат. Уруунун түпкү атасы Баакы-бий деп эсептелет.

Чорас уруусу кубаттуу могул урууларынын биринен болгон. Кыргыздын черик-саяк уруусунун эң ири бөлүкчөлөрүнүн катарына чоро бөлүкчөсү кирген. Ал да өзүнүн согушчандыгы менен айырмаланган. XVIII кылымда анын ичинен аскер башчысы Жанболот чыккан, Бос тумак да ошол мезгилдин көрүнүктүү ишмери болгон, И. Г. Андреевдин маалыматы боюнча ал аты уйкаш «болуштун» башчысы болгон. XIX кылымдын биринчи жарымындагы эки аскер башы — Атантай менен Тайлак да чоро бөлүкчөсүнө таандык болгон, булар бүткүл чекир-саяк уруусунун чет жерлик баскынчыларга каршы күрөшүнө башчылык кылышкан. Чоро бөлүкчөсүн могулдар менен кыргыздар баш кошуп жалпы эл болуп турган мезгилдеги чорас уруусунун тукумдары деп кароого бардык негиздер бар (бул жерде жана башка учурларда «с» көптүк түрдө билдирүүчү аффикс болушу мүмкүн).

Бул «катмарга» «калмак» деп аталган топторду, ошондой эле, жергиликтүү калк тарабынан түпкү аталарынын аты менен аталып, бирок теги калмак деп айтылып жүргөн айрым топторду да кошууга болот. Тигилер да, булар да кыргыздардын ар түрдүү урууларынын бөлүкчөлөрүнүн курамына киришкен.

Акырында, этникалык жагынан жергиликтүү өзбек, жарым-жартылай тажик калктары менен байланышкан (көбүнчө анча чоң эмес) топторду да ушул эле катмарга кошууга болот. Алардын ичинде сарттар, мангыт, сарай, чертшсе, калча жана кээ бир башкалар да бар. Ошентип, кыргыз элинин этникалык курамында ар түрдүү тектеги бир нече уруулардын болгондугу аныкталып отурат. Алардын ичинен борбордуказиялык (негизинен түркий тилдүү, бир азы моңгол тилдүү) жана жергиликтүү орто-азиялык (казак-ногойлорду кошкондо) компоненттерди башкы компоненттер деп эсептөөгө болот.

Борбордук-азиялык компонент дегенибизде биз моңголдор Орто Азияны басып алган мезгилде же андан кийин Тянь-Шандын территориясында пайда болгон урууларды гана түшүнбөстөн, ошондой эле, моңгол мезгилине чейин эле бул территорияда жашаган же бул жакка ооп келген, бирок кандай да болсо өзүлөрүнүн теги боюнча Борбордук Азия менен байланышкан урууларды да түшүнөөрүбүздү билдирип коюшубуз керек (аларга Саян-Алтайдан, Монголиядан, а түгүл мүмкүн Тибетке жакын жерлерден чыккандар таандык кылынышы мүмкүн). Бул мааниде алганда «казак-ногой» компоненттери (аларды кыпчак-ногой компоненттери деп айтса да болот) деген түшүнүк да шарттуу мүнөзгө ээ.

Кээ бир этникалык компоненттердин калыптануу процесси болуп өткөн территория жөнүндөгү маселе да терең көңүл бурууга татыктуу. Тянь-Шанда жана Чүй өрөөнүндө жазылып алынган, этникалык тарыхтын эң баштапкы этаптарына таандык болгон элдик уламыштардын ичинде кыргыздардын мурдагы мекени Алтай болгон дегендери да бар экендигин баарынан мурда белгилеп кетким келет. Ал жерде кыргыздарды Кыргыз-кан башкарган. Бир катар кыргыз этнонимдеринин түштүк алтайлыктардын этнонимдери менен түздөн-түз окшоштугу бар: кыпчак, найман (алтайлыктарда да — айман), меркит (кыргыздарда да, алтайлыктарда да бул топту үркүт же меркит-муркут деп аташат), төөлөс же дөөлөс (алтайлыктарда — телес), мундуз (алтайлыктарда — мунус). Төөлөс жана мундус этнонимдери кыргыздар менен алтайлыктарда гана кездешет. Мындан башка да, алтайлыктардын арасында «кыргыз» жана «бурут» деген этнонимдер бар. Кыргыздарда керейит этноними учурайт. Орто кылымдардагы кераиттердин жана алардын алмат (албат) кераиттерине таандык болгон тункаит тобунун тукумдары түштүк алтайлыктарда «тонг- жоан» жана «алмат» сөөктөрү, түндүгүндө «тонг» сөөгү деп аталат.

Этникалык топтордун өзүлөрүнүн аттарынын гана эмес (алтай сөөктөрү менен кыргыз урууларынын), ошондой эле алардын бөлүкчөлөрүнүн аттарынын да дал келиши өтө маанилүү. Кыргыздарда да жана алтайлыктарда да — кара найман, кеке найман (алтайлыктарда — көгөл найман) деген бөлүкчөлөр бар; алтайлыктардагы «кочкор мундус» бөлүкчөсүнө кыргыздардагы кочкор мундуз бөлүкчөсү дал келет; алтайлык «дьарык» бөлүкчөсүнө (алтайлыктарда — кижү) кыргыздардын жарыке бөлүкчөсү (мундуз уруусунун курамында) жана кээ бир башкалар дал келет.

Кыргыз-дөөлөстөрдүн Ысык-Көл тобу өзүлөрүнүн түпкү атасын Чулум-Кашка деп аташат, ал эми алтайлыктардын курамында «чулгум мундус» бөлүкчөсү бар. Кыргыздардын дээрлик бардык аталган уруулары жана уруу топтору толугу менен (мисалы, найман) же басымдуу көпчүлүгү Түштүк Кыргыздардын аймагынан орун алган. Төөлөс (дөөлөс) уруусу гана башкалардан айырмаланып турат, анын бир кыйла сандагы өкүлдөрү Ош областынын Жаңы-Ноокат районун жана Жети-Өгүз районунун (Ысык-Көл бою) бир катар кыштактарын жердешет. Анча чоң эмес меркит, кереит кыргыз топтору төөлөстөрдүн арасында жашап, өзүлөрүн төөлөс уруусунун бөлүкчөлөрү дешет.

Кыргыздардагы жана алтайлыктардагы аталган этнонимдердин ичинен эң байыркыларына кыпчак, төөлөс жана мундуз таандык кылынышы мүмкүн. Кыргыз элинин этникалык тарыхында кыпчак компонентинин ролу жөнүндө биз токтолуп өткөнбүз. «Теле» деп аталган эң байыркы түрк көчмөн бирликтерин түзгөн уруулар менен түз же кыйыр түрдө, ишенимдүү же болжолдуу түрдө салыштырууга боло турган кыргыз этнонимдер тобу жөнүндөгү маселе да карап чыгууга татыктуу. Бул бирликке кирген уруулар Гоби чөлүнүн түндүк тарабындагы, чыгышта Чоң Хинган менен батышта Чыгыш Тянь-Шандын ортосундагы кеңири мейкиндиктерде көчүп жүрүшкөн.

Теле уруусу көчүп жүргөн аймак азыркы Монголиянын, Туванын жана орус карамагындагы да, ошондой эле Монголия карамагындагы да Алтай территорияларын камтыган. Теле бирлигинин этникалык курамы Л. П. Потаповдун алтайлыктар этногенезине арналган эмгектеринде кеңири баяндалган, бул эмгегинде ал ошондой эле Ф. Хирттин, Э. Шаванндын, В. Томсендин, Е. Пуллибланктын, О. Притсактын, Д. Позднеевдин, В. В. Бартольддун, В. В. Радловдун жана башка изилдөөчүлөрдүн пикирлерин толук карап чыккан.

Кыргыздардын ата-бабаларынын теле конфедерациясына тиешеси бар экендигин баарынан мурда төөлөс (дөөлөс) деген кыргыз этнониминин өзү айгинелеп турат, бул этноним түштүк алтайлык «телес» этноними сыяктуу эле «теле» деген этнонимдин түркчө көптүк түрдө айтылышынын грамматикалык формасы болуп саналат. Теледен пайда болгон уруу аттарынын катарында түштүк алтайлыктарда «телеут» да бар.

Алтайлыктардагы мундус сөөгү же уруусу — телеуттардын курамындагы эң эле байыркы жана кеңири тараган уруу болгондуктан кыргыздардын мундуз уруусунун да генетикалык жактан деле конфедерациясынын урууларына тиешеси бар деп эсептей алабыз.

Л. П. Потапов моңголдордун «Ыйык баян» деген байыркы аңгемесинде айтылган «тенлек» этнонимин тувалыктардын бир кыйла тобунун «телек» же «телег» деген аты менен салыштырат, бул ат да байыркы теле этнонимине туура келет. Л. П. Потапов мисал алып келтирген Л. Лмбис (L/Hambis) тилек кытай булактарында айтылган «толо» (Т’о-lо) деген термин менен берилген этнонимдин диалектикалык формасы катарында каралышы мүмкүн деп эсептейт. Кыргыз этнонимикасында төлөк термини чекир-саяк, баргы (адигине тобу), саяк, солто урууларында бар. Теле «тукумдарынын» катарына бөлөктөр менен катар «пугу» (кыргыздын бугу уруусу менен салыштырыңыз), «байси» (кыргыздын саруу уруусунун кырк уул бөлүкчөсүнүн курамына кирген уруктардын бири — байсу же байзу менен салыштырыңыз), «хойху» же «уйгур» (кыргыздардын уйгур тобу жөнүндө жогоруда айтылганды караңыз, 32-33-66.), «апа» же «аба» (ичкиликтердин курамына кирген кыргыз урууларынын бири — абат, ават, авагат менен салыштырыңыз) кирген. Ушуга байланыштуу эки факт көңүлдү бурат: батыш пугулардын Цзиньвэй-шань округу түндүк-батыш Жунгариядагы Тарбагатай тоо тизмегине ылайык келет, ал эми Пугу-чжень (Бугу-чин) өзөнү — Жогорку Эртишке ылайык келет.

Кыргыздын кытай уруусунун төмөн тамга бөлүкчөсүнүн курамындагы топтордун бири төрдөш деп аталган. Биз бул этнонимди байыркы түрк рун жазууларындагы тардуш менен салыштырып көргүбүз келет (бул термин байыркы түрктөрдүн батыш бөлүгүн же батыш канатын билдирет). Теле урууларынын сеянъто уруусу башчылык кылып, кыска мөөнөт өкүм сүргөн каганатында ээликтин батыш бөлүгү таду деп аталган.

Акырында, теле «муундарынын» биринин паегу же баегу (байырку) деген аты өзгөчө кызыгууну туудурат. 1954-жылы ушул аталышка тийиштүү болгон уламышты жазып алган элем. А. Чоробаев мындай деди: «Байгур менен Уйгур — бир туугандар; Уйгурдан — кашкарлыктар, Байгурдан — тараанчы». Көкөев Абдыке карыялардан башка бир вариантын уккан экен: «уйгурлар — Үйгурдун тукуму, кыргыздар — Байгырдын тукуму». Байгур Байгыр этнонимин баегу (байырку) этноними менен салыштырып көрүү өтө кызыктырчу маселе.

Жогоруда келтирилген салыштыруулардын айрымдарынын ачык эле шарттуу экендигине карабастан, айрым кыргыз уруулары теле бирлигин түзгөн байыркы түрк конфедерациясынын уруулары менен этногенетикалык байланышта болгондугу жөнүндөгү ой-пикир талашсыздай көрүнөт.

Алтайлыктар менен кыргыздардын ата-бабаларынын байыркы этникалык тектештиги этнонимдердин окшоштугу менен гана эмес ошондой эле, алтай (тагыраагы, түштүк алтай) жана кыргыз тилдеринин өтө жакындыгы жөнүндө сөз кылбаганда да, бул элдердин көз караштарынын жана турмуш-тиричилигинин ар түрдүү жагдайларына тийиштүү көптөгөн этнографиялык параллелдер менен да ырасталат.

Кыргыздар менен хакастарда, кыргыздар менен тувалыктарда аз даражада болсо да, бирок жалпы этнонимдер бар (кыргыздарда — желдең, хакастарда — чжельден; бугу; хакастарда — кыргыз), (кыргыздарда — муңгуш, тувалыктарда — монгуш; уйгур; тувалыктарда — кыргыз). Демек, бир кыйла көп сандагы этникалык байланыштар Саян-Алтай, айрыкча Алтай багытында экендиги байкалат. Этникалык аталыштардагы параллелдер жалгыз эмес, алар Алтай элдеринде кыргыздар менен жакындаштыра турган бир катар тарыхый-маданий мүнөздөгү көрүнүштөр менен коштолуп отурат. Бул жерде этникалык жактан алганда, бир кыйла туруктуу келген ырым-жырымдарга жана үрп-адаттарга тийиши бар бир гана мисал келтирейин: географ-альпинист В. И. Рацек Ысык-Көлдүн сырттарында үстүндө жыгачтан күмбөзчө салынган бир катар мүрзөлөрдү жолуктурган.

Мындай курулуштар Ысык-Көл менен Тянь-Шандын азыркы кыргыздарында жолукпайт, алар таптакыр башка түрдө салышат. 1954-жылы географ А. В. Станишеский тарабынан Л. П. Потаповго КНРдин Синьцзян-Уйгур автоном районунун түндүк бөлүгүнүн территориясында, Бийик кырка тоосунун капталдарында орун алган бүтүндөй бир кыргыз көрүстөндөрүнүн сүрөтү берилген. Көрүстөндө В. И. Рацек сүрөттөп жазган эстеликтерге окшош жыгачтан курулган күмбөзчөлөргө, ошондой эле Л. П. Потапов тарабынан белгиленген Алтайдагы мүрзө үстүнө коюлган жыгач күмбөзчөлөргө окшогон курулуштар салынган. Бул көрүнүштү кокустук деп айтууга болбойт.

Бул эмгектин тийиштүү главаларында кыргыздардын Саян-Алтай элдери менен терең этногенетикалык байланыштары жөнүндө далилдөөчү материалдар келтирилген. Ал байланыштар материалдык маданиятка да, коомдук түзүлүштүн айрым белгилерине да, бир катар үй-бүлөлүк ырым-жырымдар менен үрп-адаттарга да, диний көз караштарга да тиешелүү.

*     *     *

Кыргыз уруулары менен тарыхый жана генеалогиялык байланыштын көз карашынан алганда кызыгууну пайда кыла турган дагы бир территория — Чыгыш Тянь-Шань жана Тянь-Шандын жака-бели (биз мында негизинен Жунгария менен Кашкариянын территориясын эске алып отурабыз), ошондой эле Иртыш бойлору. Өз учурунда А. Н. Бернштам тарыхый документтерде (Ф. Томас тарабынан жарыяланган тибет документтеринде) Тибеттин жака-этектеринде жана Чыгыш Түркстандын территориясында жашаган, VIII кылымга — IX кылымдын башына таандык кыргыз уруулары жөнүндө маалыматтар бар экендигине көңүл бурган. С. Е. Малов өзүнүн лобнор тили жөнүндө изилдөөсүндө бул тил байыркы кыргыздардын оозеки тилинин түздөн түз уландысы деген корутундуга келген.

Этнографиялык маалыматтар да бул территория менен эзелки этникалык байланыштардын болгондугун ырастайт. Материалдык маданиятка этнографиялык параллелдер гана эмес, ошондой эле кыргыз урууларынын чыгыштан Борбордук жана Батыш Тянь-Шанга жана Памирдин жака-белдерине ооп келгендиги жөнүндөгү тарыхый уламыштар, көп сандаган далилдер, топонимика, фольклор жана башкалар көрсөтүлгөн территорияда кыргыз урууларынын таралышынын али кээ бир мезгилдерде азыркыга караганда алда канча кеңири болгондугун айгинелейт. Алар Тибет жана Кашмирге танапташ жаткан жерлерге чейин таралган, азыркы Цинхай провинцижынын калкы менен жакын алакада болушкан, Хотанга чектеш тоолуу аймактарды жердешкен.

Этнографиялык жазмалар жана адабий булактардагы маалыматтар аталган байланыштарды көп жагынан даректүү далилдейт. Кыргыздарда, мисалы, жылан, бөйөн-чаяндар жана башкалар чакканда дем салып дарылоо (бадик) сыяктуу эң байыртан келаткан ырым-жырым бар. Жылан жана бөйөн-чаяндар сыяктуу зыяндуу күчтөргө каршы колдонулган бадиктердин биринде мындай деп айтылат: «Көкөн оордун көлүнө көч!… Какшаалдын чөлүнө көч!» Кыргыздардын арасында Күкү-Нор деген ат кайдан пайда болгон? Тибеттин жака-белиндеги алыскы аймактын кыргыздарга кандай тиешеси бар? Айрым информаторлордун, ошондой эле географ А. В. Сташевскийдин айткандарына караганда, кыргыздардын айрым топтору кечээ жакынга чейин эле Тибетке дейре көчүп-конуп жүрүшкөн. Азыр да Куэнь-Лунь тоолорунда, Тибеттен анчалык алыс эмес жерде майда кыргыз топтору жашап турат.

Бул планда алганда «мачиликтер» деп аталуучу жарым-жартылай отурукташкан топтор өзүнө көңүлдү бурат, кезинде алар жөнүндө Н. М. Пржевальский үстүртөн жазып кеткен. Кээ бир информаторлордун айткандарына караганда, бир нече кылым мурда эле кыргыздар Хотан тоолорунда, б. а. аталган мачиликтер жашоочу жерлерге жакын аймактарда жашап, тиричилик кылышкан.

Тянь-Шандын территориясында, бир аздап азыркы Ош областынын территориясында басыз уруусунун өкүлдөрү жашайт. Уламышка караганда, бул топтун түпкү атасы аксуулук болгон; Мундуз уруусунун негизинен Ош областынын территориясынан орун алган бир бөлүгү өзүлөрүнүн түпкү атасын Аксуулук Баймундуз деп аташат. Бул эки ысым тең Чыгыш Түркстандагы Аксу жери менен байланыштуу. Таласта кушчу уруусунун ичинде жана Синьцзян-Уйгур автоном районундагы ошондой кушчу уруусунун курамында кагасты деп бир ат менен аталган уруу бөлүкчөлөрү бар. Таласта саруу уруусунун курамында жана кашкарлык сарууларда бөлөкнал деп жалпы ат менен аталган майда тайпа бар.

Чыгыш Түркстандын гидрографиясына арналган «Си-юй-шуй-дао-цзы» деген чыгармада, — мунун материалдары, кыязы, XVII—XVIII кылымдардан кеч эмес мезгилдерде чогултулган болуу керек, — ушул эле территорияда, ошондой эле Кыргыз ССРинин аймагында азыр да жашап жатышкан бир катар этникалык топтор катталган. Аларга төмөнкүлөр кирет: цзи-бу-ча-кэ (кыпчак), э-дэ-гэ-на (адигине), ху-ши-цы (кушчу), но-и-гу-тэ (нойгут), чунбака-ши (чоң багыш). Азыркы убакта нойгуттар анчалык көп эмес санда Таш-Коргондун аймагында гана бар, бирок бул маалымат текшерүүнү талап кылат. Ош областынын азыркы Баткен районунун территориясында алар өзүнчө топ болуп чогуу жашап турушат.

Кыргыздардын генеалогиялык уламыштарынын системасында сол деген жалпы ат менен бириккен уруулар тобунун жоокерлик урааны — Каратал болгон. Бул топтун өкүлдөрү бир кыйла көп санда Чыгыш Түркстандын территориясында, жогоруда аталган чыгармада көрсөтүлгөндөй Ха-ла-та-лэ же Каратал өзөнүндө да жашап турушкан.

Памир-Алай кыргыздары өстүрүп багып жатышкан топоздор бир катар мүнөздүү белгилери боюнча топоздордун монголдук эмес, тибеттик түрүнө кирет. Адистин далилин келтирели: Топоздордун Түндүк Кыргызстанга, б. а. Тянь-Шань тоолоруна келиши түштүктөн түндүктү карай жүргөндүгү шексиз. Бул болсо Тянь-Шандагы бакма топоздор Монголиядан эмес, Тибеттен чыккан топоздор го деп ойлоймун, анткени, Кыргызстандын түштүгүрөөк жагында, Кашкар тоолорунда жана Какшаал-тоодо ушул эле топоздорду багып өстүргөн кыргыздар жашашат. Алайдагы жана Памирдеги кыргыздар багып өстүргөн топоздор да, калыбы, ушундай эле топоздор болсо керек… Алай топоздору морфологиялык белгилери боюнча Тянь-Шань топоздорунан эч айырмаланбайт, тигиниси да, мунусу да монгол топозуна караганда Тибет топоздоруна жакын».

Мүмкүн, Тибетке кошуна жаткан аймактарды жердешкен айрым уруулар кыргыз элинин куралышына катышкан уруулар менен тыгыз чарбалык байланышта болсо керек; эгер ушундай болгондо, анда кыргыздарда да бийик тоолуу жерлерге мүнөздүү болгон топоз өстүрүү сыяктуу чарбанын маанилүү түрү өнүккөн.

Тянь-Шанга түпкү теги борбордук-азиялык болгон жана кыргыз элинин курамына кирген этникалык топторунун көчүп келишинин жолдору жөнүндөгү маселени чечүү үчүн өткөндө кыргыздар көчүп жүргөн аймактар алыскы чыгышка, Күнөс өзөнүнө жана Жылдыз өрөөнүнө (Чоң жана Кичи Жылдыздар) чейин созулуп жаткандыгын далилдеген бир катар маалыматтар өтө олуттуу мааниге ээ. Бул конуштардын аймактары Алтайдан Ысык-Көлгө чейинки аралыктын дээрлик орто чендеринде жатат.

Кыргыздардын жакын мезгилдерде эле Күнөс менен Жылдыздагы алыскы жайыттарды пайдаланганы, сыягы, бул жайыттардын кеңири белгилүү болгон оттуулугу менен гана байланыштуу болбосо керек. Мында качандыр бир убакта кыргыздар тарабынан өздөштүрүлгөн ошол территориялар жөнүндөгү эскерүүлөр, байыркы уламыштар да белгилүү роль ойносо керек.

Азыр да Күнөс менен Жылдыздын калмак жана казак калкынын арасында түгасү теги кыргыз топторунун бар экендиги жөнүндө маалыматтар кезигет, ал кыргыздар маданий-турмуш-тиричилик жагынан өзүлөрү аралаш жашоочу калктын таасири астында калышкан. Айрым информаторлор, өзүлөрүнүн аталарынын жана чоң аталарынын аңгемелерине таянып, кыргыздар Фергана-Алай тоолоруна көчүп барганга чейин, алар Жылдыз тараптан ооп келишкенин айтышат.

Кыргыздардын эң алгачкы түпкү ата-бабаларынын ичинде Кылжыр да аталат. Түштүк Алтайга танапташ жаткан территорияда Калжыр деген аты окшош дарыя агат. Чыгыш Тянь-Шандын жака-белдеринде кыргыз урууларынын атактуу ата-бабаларынын ысымдары менен байланышта аталган (мисалы, Үрүмчү, Муңаты) же кыргыз урууларынын аты менен аталган (Ават, Меркит, Актачы, Бостон-Терек, Орху ж. б.) жерлер бар. Бул жерлердин көбүндө азыр кыргыздар жашабайт. Алар кээ бир кыргыз уламыштарында жана баатырдык эпосто кыргыздардын байыркы мекени катары эскерилип жүргөн жерлерде да (Үч-Куштай, Жылдыз, Күнөс, б. а Күнгес, Манас шаары ж. б.) жашабайт.

Синьцзян-Уйгур автоном районунун азыр отурукташып калган жана уйгур тилинде сүйлөгөн калкынын белгилүү бир бөлүгү өзүлөрү ата-теги боюнча кыргыз экендигин эскеришет. Бардык ушул жана башка фактылардан көрүнүп тургандай, XVI кылымда Чыгыш Тянь-Шандын жака-белдеринде жашагандыгы жөнүндө жогоруда сөз болгон кыргыз калкы бул крайдын калкынын курамында анчалык деле кечирээк кошулган компонент эмес, ал эми укум-тукуму кийинчерээк кыргыздардын арасындагы бир катар уруулук топторду түзгөн уруулардын бир бөлүгү дал ушул территориянын аймагында куралган.

Жогоруда келтирилген маалыматтар кыргыз элинин куралышында ири роль борбордук-азиялык элементке таандык болгон деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Бул жалаң гана этнонимикада эмес, элдин өздүк атында да чагылдырылган. Ушул эле пикир бир катар тарыхый-маданий мүнөздөгү маалыматтар менен да ырасталат. Бул маалыматтарды жана Борбордук Азиянын азыркы Кыргызстандын территориясына чектеш жаткан жерлериндеги тарыхый өнүгүүнүн бүткүл жүрүшүн талдап көрүү — Енисейдеги байыркы кыргыз уруулары кыргыз элинин этникалык уюткусу боло албагандыгын моюнга алууга мажбурлайт, бирок алардын укум-тукумдары, кыязы, кыргыздардын этногенезине катышкан болуу керек. Бул уютку баарынан мурда түштүк чет-жаканын түркий тилдүү «кыргыз» уруулары болушу мүмкүн.

Кыргыз деген ат ал уруулар тарабынан өзүлөрү түзгөн элди — жаңы этникалык жана социалдык-саясий мааниге ээ болуп, ушул элдин өз атына айланып кетиши ыктымал.

Келечектеги кыргыз уруулары куралган этникалык чөйрө негизинен алтай түрктөрү, бир аздап карлуктар, уйгурлар, ошондой эле башка түркий тилдүү уруулар болгон, бул уруулардын тарыхый турмушу Борбордук Азиянын азыркы Кыргызстандын территориясына жакын жаткан аймактарында өткөн. Бул региондогу тарыхый өнүгүүнүн жалпы жүрүшүн жана аны менен чогуу өткөн этникалык процесстерди аныктоо үчүн 1960-жылдарда байыркы түрктөрдүн тарыхы боюнча жана Борбордук Азиянын өзүнүн айрым жерлеринин жана ага танапташ жаткан аймактардын, анын ичинде Орто Азия менен Казакстандын да социалдык-саясий жана этникалык тарыхы боюнча жарыкка чыккан жалпы эмгектер олуттуу мааниге ээ. Бул изилдөөлөрдү жана басылмаларды карап чыгып, баа берип отурбай эле негизги жобосу илимде калыптанып калган көз караштарга кескин карама-каршы келген эмгекке токтоло кетүү зарыл.

Бул эмгектин автору К. И. Петров мындай дейт: «Түркий тилдүү элдердин ата-бабаларынын эмгек иш-аракетинин башталышы жана чарбалык өнүгүшү алгачкы этаптарда Борбордук Азияда эмес, а Алдыңкы Азияга жакын жаткан региондо болуп өткөн, бул жерде алар индоевропалык жана башка элдер менен бирдикте бир бүтүн этносту түзүшкөн жана ушул жерден жүрө-жүрө Азияга тараган». Өзүнүн жаңы гипотезасын тил маалыматтарына негиздөө менен, К. И. Петров археологиялык жана тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын таптакыр этибарга алган эмес.

Кыргыздардын төөлөс, мундуз, кыпчак, каңды (каңглы), кушчу, бугу, азык, мүмкүн чоң багыш, сары багыш, кара багыш жана айрым башка урууларынын куралышы, биринчи кезекте Түштүк Алтайдын, Эртыштын жака-бойлорунун жана Чыгыш Тянь-Шандын жака-белдеринин территориялары менен байланыштуу болгон. Бул айрым бир кийинки тарыхый булактар менен да ырасталып отурат. Алсак, «Тазкира-и-ходжаган» чыгармасында мындай деп айтылат: Чыгыш Түркстандын территориясында XVI кылымдын орто ченинде эле кушчу уруусу жашаган, ал эми XVIII кылымдын орто ченине чейин Иле дарыясынын бойлорунда кыпчак уруусу жайлаган, кийин алар Хотанга өтүп кетишкен. Айтмакчы, сары калпак (чыгармада — сарыг-калфак) деген ат менен азыр да бугу, сары багыш, солто жана чекир-саяк урууларынын курамында анча чоң эмес топтору бар экени белгилүү.

Чыгармада мунки уруусу да айтылат. Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын арасында мөңкө деген өтө майда топтор бар. Жогоруда айтылгандар кыргыз элинин «этникалык уюткусунун» курамы жөнүндө маселе коюуга мүмкүндүк берет. Кыргыздар кыргыз элин түзгөн эң маанилүү этникалык компоненттерди эстеринде али да тунук бойдон сактап келатышкандыктан, кыргыздардын ата-бабаларынын кайсы бир урунттуу топтору жөнүндөгү уламыштар элдин эсинен таптакыр чыгып кетти деп болжолдоо кыйын.

Бул болсо өзүнүн теги боюнча конкреттүү түрк-моңгол уруулары менен, булардын ичинен айрыкча орто кылымдарда тарыхый аренага бирге чыгышкан уруулар менен байланышкан этникалык катмарларды алда канча ишенимдүүлүк менен бөлүп алууга мүмкүндүк берет. Улам бирин жокко чыгаруу ыгын колдонуу аркылуу биз издеп жаткан этникалык урусунун башкы курама элементтерин таап алууга болот. Бул уюткуга түпкү тегин кандайдыр бир түркий тилдүү же башка бир уруулар менен байланыштырууга мүмкүн болбогон (шарттуулуктун белгилүү бир үлүшү менен) кыргыз урууларын таандык кылууга болот. Буга саяк (чоң саяк) уруусунан башка сары багыш, карабагыш, багыш, солто, жору, жедигер жана айрым башкалар, б. а. оң канаттын урууларынын бир кыйла ири бөлүгү кирет.

Ал эми оң канаттын моңолдор, черик, чекир-саяк жана башка урууларынын, ошондой эле сол канаттын бир кыйла бөлүгүн жана ичкилик урууларынын бирлигин ала турган болсок, бул уруулардын көпчүлүгү этногенетикалык жактан болжол менен X—XV кылымдарда Орто Азиянын территориясында пайда болгон жана куралган түрк-моңгол жана башка уруулар менен толук байланышта турат. Бирок бул багытта андан ары да изилдөөлөр талап кылынат. Уруулардын экинчи тобунун бир бөлүгү да, бир катар түрк-моңгол уруулары тигил же бул даражада башка элдердин (өзбектердин, казактардын, каракалпактардын, башкырттардын,

алтайлыктардын ж. б.) этникалык компоненттерин түзгөнүнө карабастан, кыргыз элинин этникалык уюткусунун өзүнө жакын турушу жана аны менен кошулуп кетиши айдан ачык нерсе. Мисалы, 92 өзбек уруусу жөнүндөгү уламыштардын бардык варианттарында тигил же бул санда кыргыз этноними менен жалпы болгон аттар бар экендиги, ал эми «кыргыз» этноними тез-тез жолугаары бекеринен эмес. Алсак, санжыралардын биринде 92 уруунун ичинде төмөнкүлөр аталат: катаган, сарай, коңурат, найман, кыпчак, кытай, кушчу, арлай (кыргыздарда ардай), маңгыт, меркит, кыргыз, мундуз, тубай, уйгу. Башка бир санжырада: коңурат, маңгыт, катаган, маңгул (кыргыздарда моңгол), уйгур, манап, жапалак, бостон жолугат. Ч.Валихановдун «Өзбектердин түпкү ата-бабалары» деген жазмаларында кыргыз этнонимдерине окшош этнонимдер айтылып өтөт, алар: сарай, кунграт, найман, хтай, канглы, жилжут (кыргыздарда чилжубут), кераит, маңгыт, меркит, кыргыз, тубай, уйгур, бахрин.

Башкырт урууларынын курамына кыргыз уруусу да киргендиги белгилүү. С. И. Руденко билдиргендей, уламыш боюнча, кыргыздар моңгол мезгилине чейин эле башкырттардын негизги он эки уруусунун бирин түзгөн жана Ика дарыясынын баш жагында жана Дёманын боюнда жашашкан. Р. Г. Кузеевдин маалыматы боюнча XVIII кылымда кыргыз уруусу гирей, канглы жана башка уруулар менен бирге Белая өзөнүнүн өрөөнүндө жана анын оң, сол куймаларынын бойлорунда жердеген. Башкырттардын уруулук курамынын таблицасында кыргыздар табын уруусунун кесе-табын уруусунун бөлүкчөлөрүнүн бир катарында, кудей уруусунун шайтан-кудей уруусунун бөлүкчөсү катарында, миң уруусунун илекеймин жана кубоу уруктарынын бөлүкчөлөрү катарында жана батыш башкырттардын ылдыйкы бельск урууларынын танкей жана кадыкей уруктарынын ичинде өз алдынча кыргыз уруусу катарында кирет.

Мындан башка уруулардын аттарында (кыпсак, катай, канлы) да, уруктардын аттарында (аю, мунаш, барын-табын, кошсы, балыксы, миркит-мин ж. б.) кыргыздар менен жалпы этнонимдер бар. Р. Г. Кузеев өзүнүн басып чыгарган башкыр шежересинде, 1913-жылы бугульмалык мугалим Халимов Ахмедгали «Шуро» журналында (Оренбург, № 10) батыш башкырттык кыргыз уруусунун шежересинин кыскача мазмунун жарыялаганын билдирген.

«Кыргыз уруусунун шежереси, — деп жазат Р. Г. Кузеев, — кыскача баяндалса да, башкырттардын бул тобунун пайда болушу жөнүндө баалуу маалыматтарды камтыйт»

Бул шежере айтылган басылмага кирбегендиктен, мен Р. Г. Кузеевге кайрылып, анын мазмуну менен тааныштырууну өтүнүп, андан шежеренин тексти менен орусча котормосун алган элем (учурдан пайдаланып Р. Г. Кузеевге чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдиремин). Менин оюмча бул булак көңүл бурууга татыктуу, ошондуктан мен анын Р. Г. Кузеев тарабынан ишке ашырылган толук котормосун келтиремин.

БАШКЫРТТАРДЫН КЫРГЫЗ УРУУСУ ЖӨНҮНДӨГҮ ШЕЖЕРЕСИ

Биздин ата-бабаларыбыздын мезгилинен бери сакталып калган санжырага (шежере) ылайык, Бугульма уездинин Александровск волостунун Ташлы кыштагында жашаган кыргыз башкырттарынын (кыргыз уруусунун башкырттары деген мааниде) түпкү атасын «Куркод-ата» деп аташкан, ал Саиддин (Магометтин укум-тукумунан) тукумдарынын кыргыз журтунан чыккан; ал Сыр деңизинин боюнда, Бухар жолунда жашаган. Анын (Куркодатанын) уулу — Ахмед бий, андан — Мухамед бий, андан — Янба бий, андан — Кишик бий.

Кишик бий Татыш көлүнүн жээгинде, Белая дарыясынын өрөөнүндө Иске кыргыз (Эски кыргыз) кыштагында жашаган жана Ак бийге кулдук уруп турган.

Кишик бийдин эки уулу болгон: биринчисинин аты — Аккош бий, экинчисиники — Куккуз бий. Аккош бийдин Бугамыш бий аттуу уулу болгон, андан — Буралмыш бий. Куккуз бийдин Кылчан аттуу (азыр кичинекей кыштактын аты) жана Тыныч аттуу эки уулу болгон; бул эки урук (зат) биздин жерге Улуу падыша Алексей Михайловичтен грамота алган деп жазышат.

Кылчандын Уразкилде деген уулу болот, андан — Ыдай, андан -— Модок, андан — Бикмухамед. Жакшы адам Бикмухамед өзүнүн туугандары менен Иске кыргыз кыштагынан көчүп келип, Катай кыштагында жашап калат.

Бикмухамеддин Хусаин аттуу уулу болот, ал 1755-жылы өзүнүн туугандары менен Бугульма уездиндеги Александровск волостунун Ташлы кыштагын негиздеген. Мына ошентип, Хусаин башкырттардагы кыргыз уруусунун атактуу түпкү бабасы — Куркод-атанын (огуз эпосу «Коркут-атанын» каарманынын ысмы менен салыштырыңыз) тукуму, он биринчи атанын уулу болгон. Эң эле бери дегенде кыргыз уруусунун башкырттар арасында пайда болушун XV кылымдын аягы ченинен кеч эмес мезгилге таандык кылууга болот. Р. Г. Кузеев өзүнүн олуттуу методикалык мааниге ээ болгон жана байыркы башкырт урууларынын пайда болушуна арналган этюдунда IX—XIV кылымдарда Орто Азиядан жана Арал жээгинен көчүп келишкен уруулардын ичинде кыргыздарды атабайт.

Мындан төмөнкүдөй корутунду чыгарууга болот: кыргыз уруусу башкырттардын арасына XIV кылымдан кийин көчүп келишкен (бул жогоруда шежереден келтирилген маалымат менен дал келет), же андан мурда, бирок Орто Азия аркылуу эмес башка жактан көчүп келген болуу керек. Ушул эле эмгегинде Р. Г. Кузеев азыркы учурда көпчүлүгү чыгыш Башкыртстанды жердеп турушкан башкырт уруулары менен уруктарынын бир тобунун жалпы аты катары алынып жүргөн «истяк» деген этноним жөнүндөгү маселени карайт. Айрым бир изилдөөчүлөр бул этнонимди Обь дарыясынын бойлорундагы угрылардын «остяк» деген этноними менен байланыштырышат.

XVII—XVIII кылымдарда деп белгилейт автор, казактар менен ногойлор бардык башкырттарды истяктар деп аташкан, кээде бараба татарларын да ушинтип аташкан. Ушуга байланыштуу кыргыздардын солто уруусунун баштыгы болгон атактуу адамдын атасы — Эштектин ысмы (кээде — Эстек, Валихановдо — Истэк) көңүлдү бурат. Мен жазып алган санжыралардын бирине караганда Буруттун Кабыран жана Усун деген эки уулу болот; Кабырандан — Эштек жана Нуркунан. Усундан бардык казактар тараган, Нуркунандан — нойгут, кыргыз жана жедигер, а Эштектен — башкырттар. Айткан киши, теги боюнча башкырттар казактарга караганда кыргыздарга жакын экенин белгиледи. Кыязы, кыргыз этноними башкырттардын жана Батыш Сибирдеги айрым элдердин ата- бабалары менен тарыхый байланыштардын болгондугун көрсөтүп тургансыйт, анткени бул байланыштар жөнүндө башка маалыматтар да бар (атап айтканда кыргыз уруусу азык).

Биздин колдо болгон фактылар Чыгыш Тянь-Шандын жака-белдеринде жана ага чектеш аймактарда моңголдор басып алганга чейинки жана бул басып алуудан кийинки мезгилде теги байыркы түрктөрдөн тараган уруулардан, ошондой эле орто кылымдардагы түрк-моңгол урууларынан турган, кийин кыргыз элинин курамына кирген алда канча ири массив (эл-журт) куралган деп айтууга мүмкүндүк берет.

Антропологдордун изилдөөлөрү ушундай болжоолордун негиздүүлүгүн өтө ынандырарлык түрдө ырастап турат. Алар Кыргызстандын территориясындагы расалык типтердин алмашылуу ыраатын изилдеп чыгышкан.

Кыргызстандын байыркы жана азыркы калкынын антропологиялык курамын талдап чыгып, Г. Ф. Дебец эң нары дегенде усун мезгилинен бери тарта байыркы калктын курамында байкалган моңголдук аралашмалар биздин замандын V кылымынан кийин бир аз күч алганын аныктаган.

Азыркы кыргыздар үчүн мүнөздүү болгон моңголдук белгилердин кескин басымдуулук кылышы бир кыйла кийинчерээк калыптанган. Г. Ф. Дебецтин пикири боюнча кыргыздардын түпкү ата-бабаларынын басымдуу көпчүлүгү Борбордук Азиядан тараган деп айтууга болот.

Муну менен бирге кыргыздардын дене тибинин калыптанышына өтө аз даражада болсо да, Кыргызстандын өрөөндөрүндө биздин эранын экинчи миң жылдыгынын башы ченде эле жашаган байыркы европалык калк да катышкан.

Кыргызстандын палеоантропологиясын изилдеген Н. Н. Миклашевская биздин замандын биринчи миң жылдыгынын орто ченинде ар түрдүү антропологиялык (европеоид, аралаш жана монголоид) типтер бирге жашап турган, биздин замандын биринчи миң жылдыгынын акыры ченде монголоид тиби азайып, биздин замандын экинчи миң жылдыгынын алгачкы кылымдарында ал кайра кескин түрдө көбөйүп кеткен деген корутундуга келет.

В. В. Гинзбург: кыргыздардын азыркы антропологиялык тиби биздин замандын экинчи миң жылдыгынын башында калыптанган деп эсептейт. Биздин замандын биринчи миң жылдыгынын орто ченинде жана экинчи жарымында Кыргызстандын жергиликтүү калкынын дене тибине сырттан келген алгачкы түрктөрдүн топтору таасир тийгизген, булардын антропологиялык тиби Алтайда, ошондой эле Чыгыш Түркстанда пайда болгондугу жөнүндө маалымдайт.

Антропологиялык изилдөөлөрдүн бул объективдүү маалыматтары этнографиялык материалдар менен бирге алганда кыргыз элинин этногенезинин эң маанилүү, түйүндүү учурларынын бири биздин эранын экинчи миң жылдыгынын биринчи жарымындагы окуялар менен байланышкан деген корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Дал ушул доордо Кыргызстандын территориясына чыгыштан азыркы кыргыздардын, лингвисттер айткандай, калыптанып калган кыргыз тилинде сүйлөгөн ата-бабаларынын бир кыйла көпчүлүгү ооп келишкен.

*     *     *

Кыргыздардын башка багыттагы байланыштары, айрыкча уруулардын казак-ногой чөйрөсү менен болгон этникалык байланыштары да олуттуу маселе болуп саналат.

Сол канаттын кыргыз урууларынын аттарынын ичинде бечине (пичине) деген этнонимдин бар экендигине көңүл бурбай коюуга болбойт, бул этноним бизди Тянь-Шандан түндүк-батышты карай, өгүз чөйрөсүнө алып барат, анткени бул этнонимден орто кылымдардагы «печенег» этнонимин оңой эле көрүүгө болот; айрым бир кыргыз уламыштарында Балгар өлкөсү айтылат, айрым уруулар (жетиген, кушчу, күркүрөө) ушул өлкөдөн келишкен; XV кылымдарда Дешти Кыпчакта болуп өткөн окуялардын элестери карыялардын эсинде сакталып калган.

XV—XVI кылымдардагы казак жана кыргыз урууларынын ногой уруулары менен жакын карым-катнашын айгинелеп турган тарыхый окуялар менен уламыштардын Чокон Валиханов алда качан эле белгилеген байланышы автор тарабынан чогултулган этнографиялык материалдар менен да ырасталып отурат. Бул материалдардын ичинде жетиген, чекир-саяк урууларынын «ногойлордон» (ногой, же астрахан ногой) тарагандыгы жөнүндө, кыргыздардын каракалпактар менен этникалык байланыштары жана башкалар жөнүндө уламыштар бар.

Ногой этникалык элементи Алтын Ордонун дооруна таандык. Ал элементтер бир катар кыргыз урууларын Дешти Кыпчактын өзбек көчмөн уруулары менен жана казак, каракалпак уруулары менен байланыштырып турат. Түндүк Кавказдагы ногойлордун урууларынын аттарынын ичинде онго жакыны кыргыздардын этнонимдери менен жалпы келет: найман, кыпчак, коңырат, катаган, уйгур, кытай ж. б.

Кыргыздардын каракалпактар менен этникалык жана тарыхый байланыштары жөнүндөгү маалыматтар жана легендалар бир аз күтүлбөгөндөй болуп көрүнгөнү менен, бирок ал көбүрөөк көңүл бурууга татыктуу. Каракалпактар менен кыргыздардын тектеш экендиги жөнүндөгү (кыргыздардын коңшулары алардын баш кийиминин аты боюнча «ак калпак» деп аташкан) легендалар менен бирге жана каракалпактардын адигине уруусунун кыргыздарынан тарагандыгы жөнүндөгү легендалар менен катар, саяк уруусунун «каба» деп аталган ири тобунун каракалпактардан тарагандыгы жөнүндө да уламыш бар, ошондой эле кыргыздардын Сыр-Дарыянын төмөнкү агымынан келишкен каракалпактар менен кагылышы тууралуу да уламыш бар.

Абдыкалыков Чоробайдан жазып алынган уламыш боюнча каракалпактардын кол башчыларынын бири — Эшмат кыргыз жеринде өлтүрүлгөн. Ушундан кийин каракалпактар менен кыргыздардын ортосунда касташуу башталат. Каракалпактар бирде бул жерде, бирде тигил жерде кыргыздарга кол сала башташат. Алардан: «Силер эмне үчүн кол саласыңар?» — деп сурашса, алар: «Эшмат үчүн кун берген жок, ошон үчүн кол салып жатабыз», — деп жооп беришет. Ошондуктан кыргыздардын айрым бир топторунун арасында «Каракалпак Эшматтын кунундай эле болду» деген лакап кеп бар. Мындай маалыматтардын тууралыгы Т. А. Жданконун каракалпактардан жазып алгандары менен ырасталат.

Алардын биринде мындай деп айтылат: «Ормамбет-бий өлгөндөн кийин (көрүнүктүү ногой мырзасы — С. А.) кыргыздар каракалпактарга кол салышат, ушул себептен алар Түркстандан кетип калышат». Бул кагылыштар, кыязы, XVI—XVIII кылымдардын чектерине таандык болсо керек. Кыргыздар XVIII кылымдын башында — жогорку каракалпактар дечүлөр Сыр-Дарыянын орто агымында жашап турган кездерде да каракалпактар менен кагылышкан болушу ыктымал.

Кыргыздар менен каракалпактардын генеалогиялары менен байланышкан башка фактылар да бар. Кыргыздардын генеалогиялык уламыштарынын биринде кыргыздардын түпкү атасы Ак-Чолпон болгон, андан адигине жана тагай тармактары тараган. Каракалпактарда муйтен уруусунун башчысы Есимхандын кызы Ак-Шолпан болгон экен, анын лакап аты — Муйтен болуптур. Бул ысым ушул уруунун урааны да болгон. 1900-жылы Хивада жазылып алынган санжырага караганда казактар менен каракалпактардын жалпы түпкү атасы — Эр-Калпак болгон экен.

Кыргыздардын түпкү атасы Долон-бийдин уулун бир нече информаторлор Эр-Калпактын аты менен аташкан. Бир катар санжыра уламыштары Калпак-бийди кыргыздардын оң жана сол канаттарына негиз салган Долонбийдин чоң атасы (же атасы) деп айтышат. Түштүк кыргыз урууларынын генеалогиялык уламыштарында кыргыздардын атактуу ата-бабаларынын ичинде Узун-Калпак Маат-бий же Узун-Калпак Муратай көп айтылат.

Кыргыз жана казак элдеринин куралуу мезгилдеринин дал келиши алардын курамына тектеш же этникалык жактан жакын элементтердин киришине алып келген. Казак жана кыргыз уруулары катышкан XVI—XVII кылымдардагы саясий окуялар алардын ортосундагы байланыштарды күчөткөн. Бул жөнүндө биздин таластык информаторубуз өзгөчө кызыгуу менен айтып берди. Бул бекеринен эмес. Дал Талас суусунун бассейнинде көптөгөн кылымдар бою казак-кыргыздардын тыгыз карым-катнашы болгону байкалат.

XVII кылымдын биринчи чейрегинде казак хандары Ишим менен Турсундун ортосундагы чабышка кыргыздардын катышкандыгы жөнүндө уламыш жана тарыхый баяндар түрүндөгү бир катар маанилүү маалыматтар бар. Турсун хандын өлтүрүлгөндүгү жана анын колунун талкаланганы жөнүндө (бул тарыхый фактыларга да туура келет) айтылат. Уламышта бул Ишимге берген антын бузгандыгы үчүн жаза болгон деп айтылат. Ташкент менен Түркстан шаарларынын тарыхына байланышкан окуяларга казактар менен бирге кыргыздар да көп катышкандыгын тарыхый маалыматтар далилдейт.

Саруу уруусунун курамында алакчын жана колпоч бөлүкчөлөрүнүн пайда болушун кыргыз уламыштары дал ушул окуялар менен байланыштырат. Булардын теги казак деп айтылат, бирок ал али ырастоону талап кылат. Бирок буга карабастан, «алакчын» этникалык тобунун пайда болушу атайын көңүл бурууга татыктуу. Абулгазынын жазганында Алакчин шаары кайдадыр түндүктө жайгашкан; ал шаардын эли өз атын өзүлөрү өстүргөн жылкылардын түсүнө жараша (ала) алышкан. Бул жана башка булактардан алынган маалыматтардын фантазиялуу болушуна карабастан, бул маалыматтарда, кыязы, чыныгы бир нерсе жашырынып жаткансыйт.

Ю. А. Зуев өзү изилдеген чыгармадагы этнонимдердин бирин реконструкциялоого аракет жасайт. Ал гэ-ло-чжи = а-еэ-tsie алагчын (алачин, алчин) деген сөз деп эсептейт. Эгерде ушундайча реконструкциялоо жана аны ушундайча негиздөө кабыл алына турган болсо, анда кыргыз этноними алакчын биздин эранын VII—VIII кылымдарындагы этникалык аталыштан келип чыккан.

Кыргыз уламыштарынын бири Астрахан ханы Жедигер жөнүндө баяндайт, ал Казан ханышасы Сүйүн-бийкечтин чакыртуусу боюнча ханышанын өз элиндеги көтөрүлүштү басып салуу үчүн жөнөйт. Чындыгында да XVI кылымдын орто ченинде Казан хандарынын биринин Сүйүнбике деген аялы болгон. Жедигер деген хан Эдигенин тукумдарынын бири болгондугу белгилүү. Ал гана эмес, 1549-жылы Казан Жедигер-Мухаммед хан тарабынан басылып алынат, б. а. кыргыз уламышында айтылып жаткан окуянын болгондугу ырас.

Казак тарыхында Таукехандын тушунда кыргыздарды Көкүм-бий Карачорин башкарган деген маалымат бар. Кыргыз уламыштарына караганда мындан бир нече кылым мурда багыш уруусунун эң атактуу жол башчысы Көкүм-бий экен, ал эми Көкүм-бийдин түпкү атасы атактуу Тагайдын уулдарынын бири Кара-Чоро болуптур.

Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясына катышкан этнографтар үй-жай, кийим-кечек, колдонмо искусствосу боюнча чогулткан материалдарды иштеп чыгуу Талас менен Чаткал сууларынын өрөөндөрүндө жана аларга жакын жаткан тоолуу аймактарда жашаган кыргыз калкы өзүлөрүнүн маданий-турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүгү боюнча башка кыргыздардан бир аз айырмаланаарын көрсөттү. Бул жагдай кыргыздардын материалдык маданиятынын өз алдынча түндүк-батыш комплексин бөлүп көрсөтүү үчүн негиз болду. Мында кыргыздарга да, ошондой эле казактарга, каракалпактарга, өзбектердин айрым бир топторуна мүнөздүү белгилер айкалышып турат. Ошентип, толук объективдүү маалыматтар кыргыз урууларынын «батыш» жана «түндүк-батыш» байланыштары жөнүндө жогоруда келтирилген даректер менен толук дал келет.

Кыргыздардын этникалык тарыхында белгилүү бир роль ойногон этникалык байланыштарынын жогоруда аталган багыттарынын чыныгы мааниси кечээ жакынга чейин эле жеткире бааланбай келген. Бул багыттардын мааниси жогоруда келтирилген «Мажму ат-таварихтин» кол жазмасында баяндалган жарымы чын, жарымы жомок сюжеттерде кайрадан ачылып көрсөтүлөт жана В. М. Жирмунскийдин кыргыздардын баатырдык эпосу «Манаска» арналган изилдөөлөрүндө ынандырарлык түрдө далилденген.

Ал эми кыргыздардын этникалык тарыхында жергиликтүү, орто азиялык компоненттердин ролу жөнүндө айта турган болсок, бул али жетишерлик ачык эмес. Ушул максатта азыр кыргыз элинин курамына кирген этникалык топтордун айрымдарынын аттары кылдаттык менен изилдеп чыгууга муктаж. Алсак, солто уруусунда башка уруулардан кирген «кошундулардын» ичинде кайдоол тайпасы бар. Маалыматтарга караганда ал кушчу уруусунан (сол канат) чыккан, экинчи бир уламышта — багыш уруусунан (оң канат) чыккан. Бирок биз үчүн бул этнонимдин, кыязы, Тохаристандын эфталиттеринин атына («хайтал») жакын байланышы бар экендиги маанилүү.

Эмнеси болсо да, орто азиялык тектеги компоненттер кыргыздарга гана мүнөздүү болгон жана аларды өткөндө бир катар кошуналарынан айырмалантып келген жана азыр да айырмалап турган этникалык бешбейнесинин калыптанышына өз салымын кошкон деп ишенимдүү эле айтууга болот.

*     *     *

Этнографиялык материалдардын жыйындысын колдо болгон антропологиялык, лингвистикалык жана тарыхый маалыматтарды эске алуу менен карап чыгуу кыргыз элинин куралышына таасирин тийгизген этникалык процесстердин багыты жана мүнөзү жөнүндө кээ бир ой-пикирлерди айтууга мүмкүндүк берет.

  1. Кыргыз эли куралган уруулардын түзүлүү процесси негизинен Чыгыш Тянь-Шандын жана Тянь-Шандын жака-белдериндеги территорияларында, ошондой эле Памир-Алайда жана ага канатташ жаткан тоолуу аймактарда (Алтай, Иртыш бойлору, Чыгыш Түркстан) болуп өткөн.
  2. XIV—XVII кылымдарда түзүлгөн кыргыз элинин негизин төмөнкүлөр түзгөн:

а) бул жерде эзелтен бери эле жашап турган жергиликтүү түркий уруулар (анын ичинде карлук-уйгур калкы); булардын бир бөлүгү теги боюнча түрк каганаттарынын, уйгур жана кыргыз мамлекеттеринин, ошондой эле Караханилер мамлекетинин (X кылымдын аягы — XII к.) доорундагы уруулардан тарашы мүмкүн;

б) Борбордук жана Батыш Тянь-Шандын жана Памир-Алайдын территориясына түндүк-чыгыштан жана чыгыштан ооп келишкен, теги борбордук-азиялык болгон, негизинен түркий тилдүү уруулардын тобу;

в) теги моңгол жана казак-ногой болгон уруулар түзүшкөн.

  1. Азыркы Кыргызстандын территориясына ар түрдүү уруулардын өтө көп көчүп келүүлөрү моңгол басып алуусунун башталышына байланыштуу болгон, жарым-жартылайы андан мурда келиши да мүмкүн. Этникалык процесстердин өнүгүшүнө ар түрдүү уруулук топтордун көп санда, ошондой эле өз ара көчүп жүрүүлөрү олуттуу мааниге ээ болгон, мындай көчүүлөрдүн себеби алардын көчмөн жана жарым көчмөндүү турмушта жашагандыгы менен шартталган. Бирок мындай көчүштөрдүн көбү социалдык-саясий себептер менен да жана экономикалык жагдайлар менен да шартталып турган, алар: чет жерлик баскынчыларга каршы күрөш, мындай күрөш кээде өздөштүрүлгөн жерлерди узак убакытка таштап кетүүгө аргасыз кылган; уруу топторуна башчылык кылган феодалдардын ортосундагы чыр-чатактар жана касташуулар уруулардын ортосунда согуштун чыгышына, феодалдардын өзүнө баш ийген калктын бир тобун күч менен башка территорияга көчүрүп жиберүүсүнө алып келген; калктын санынын көбөйүшү; феодалдардын көрсөткөн кысымы калктын кээ бир топторунун жаңы территорияга уюшкан түрдө көчүп кетишине себеп болгон, теги боюнча жакын, бирок территория жагынан бөлүнүп калган топтордун бири-бири менен кошулууга умтулушу; бир атанын ар түрдүү аялдарынын тукумдарынын ортосундагы чыр-чатак; жайыттардын жетишсиздиги; бөлөк кырсыктар, жана д.у.с.
  2. Жогоруда аталган уруулардын чарбалык укладынын бир түрдүүлүгү (көчмөн мал чарбачылыгы, бир аздап аңчылык жана дыйканчылык), маданияты менен турмуш-тиричилик формаларынын жакындыгы, алардын арасында патриархалдык-феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылышы обочолонуунун акырындык менен жок болуп кетишине шарт түзүп, бир уруунун экинчи бир урууну сиңирип алуу процессин жана алардын аралашып кетишин жеңилдеткен, бул болсо социалдык-саясий өнүгүүнүн процесси жана айрым бир тышкы саясий кырдаалдар менен айкалыша келип, жаңы жалпылыктын — кыргыз элинин куралышына өбөлгө түзгөн.

Этнографиялык маалыматтар кыргыздардын этникалык тарыхы өтө татаал мүнөздө болгонун далилдейт. Ошондуктан кыргыздардын азыркы жашап турган территорияда пайда болушун уруулардын кайсы-бир ири тобунун бир территориядан экинчи бир территорияга көчүп келиши менен, мисалы кайсы-бир топтун «Или-Иртыш дарыясынын ортосунан» Тянь-Шанга көчүп келиши менен гана бир беткей түшүндүрүүгө жасаган аракеттен эч нерсе чыкпайт. Тянь-Шань жана Памир-Алай бардык шарттарда тең кыргыз элинин этникалык тарыхында маанилүү роль ойногон этногенетикалык процесстердин зор тоому (түйүнү) болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.