«Ыймандай сыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал  акын Жедигер Саалаевдин  чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт.  Иш-чара саат 17.00дө  башталат. Кирүү  акысыз. Жедигер Саалаев Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча […]

Македон эл жомогу: Баш кийимдеги аары

Бирөөнүн бал челегин уурдап кетишет. Ал ары ойлонуп, бери ойлонуп, уурунун бетин ача турган эч айла таба албайт. Ушинтип отурганда кошунасы келип калып, жагдайды түшүнүп мындай дейт: — Капаланба, бал челегиңди мен таап берем. Бул үчүн эртең кыштак эли тойго чогулганда эң арты болуп экөөбүз барышыбыз керек, — дейт. Айткандай эле эртеси экөө элдин арты болуп тойго барышып, жайбаракат отурган көпчүлүктүн үстүнө киришкенде кошуна кыйкырыкты салат: — Бал челекти уурдаган кишини мен көрүп турам, тигине анын баш кийимине аары конду! […]

Атантай АКБАРТЕГИН: Динозаврлар жана кыргыздар

Динозаврлар баардыгы тең алп эле, Жердин үстүн жеке бийлеп жатчы эле. Маани берип алар ойго  алчу эмес, Майда жандар сыйлаганын калп эле. Алар билбей биримдиктин керегин, Билбей зор күч жок экенин акылдан, Бирөөсүнүн бирөөсү оюп карегин, Чыгаандарын жайлай берди жашынан. Акылдуусун азуулусу жей берсе, Ушул дүйнөң ууга айланар, арман ов!.. Динозаврлар канча кыйын болсо да, Жер үстүндө бирөө тирүү калган жок… Эң байыркы эл болсо да Чыгышта, Эшик-төрү көрүнгөнгө таланып, Динозавр сыяктанып кыргыздын чыгаандары келет улам азайып. КУДАЙГА ЖАЗЫЛГАН КАТТАР […]

Аман Саспаев: Ак чач жөнүндө кичине тарых

(Документалдуу аңгеме) Кең-суулук мурдагы жоокер Орозобаев Казак баш киймин алган сайын төбөсүндөгү ак чачына эрксиз көзүм түшөт. Адатта, саамайга буурул түс кирип, андан кийин чач акырындап бүт агара башташы керек эле. Бул, албетте, биологиялык процесстин бир нече жылга созулган закондуу жемиши. Казак кырктан жаңы эле ашты. Бул чач агарар мезгил эмес. Ал эми анын төбөсүндөгү капкара чачтын бир бармак басым жери гана куудай аппак! – Бу, сиздин чачыңыз кызык экен? – Чач согушта агарган, – дейт ал. – Кайсы согушта […]

Слава Сэ: Римский-Корсаков. Шахерезада

АҢГЕМЕ «Шахризада» балетин барып көрдүм. Балет коючу, акчанын көбүн аракка салып, колготки менен юбкалардан үнөмдөптүр. Бийчилерге чанда бир жерине алтын түстүү бадыраң түшүрүлгөн сууга түшүүчү ак майкелерди кийгизиптир. Болду, андан башка эч нерсе жок. Курсактарына чейин буттары жылаңач. Мен Персияны ушу сыяктуу элестетчүмүн. Алыскы катарлардан балет кар жаап жаткандай көрүнөт. Кичинекей ак периштелер ары-бери чуркап жүрүшөт. Жакындан бардыгы башкача экен. Бийчилер кадимки эле жөнөкөй аялдарга окшош. Тизелери сүрүлүп айрылган, көк ала болгон жерлерин бети май менен калың шыбап алышкан. Биздин […]

Харуки Мураками: Күзгү

АҢГЕМЕ … Мындай да эми. Силердин сырдуу дүйнө туурасында кеп салганыныңарды угуп отурсам, таржымалыңар окшош экен. Же эки башка дүйнөдөгүлөрдүн  – тирүүлөр  менен тиги дүйнөдөгүлөрдүн, башкача айтканда – арбактар, кайыптар жана башка көзгө көрүнчүлөр менен жолугушуп калганыңар тууралуу. Болбосо акылга оңой менен сыя бербеген жөндөмдүүлүк — көзү ачыктык, окуяларды алдын ала билүүчүлүк тууралуу. Ушундай класификация келип чыгат. Эгерде жалпылагың келсе, экөөнүн бирөө гана башыңдан өткөн:  арбактар менен жолугуп жүргөндөрдүн алдын ала сезүүсү анча эмес,  алдын ала айтуучулардын болсо, өнүккөн алтынчы […]