АҢГЕМЕ

… Мындай да эми. Силердин сырдуу дүйнө туурасында кеп салганыныңарды угуп отурсам, таржымалыңар окшош экен. Же эки башка дүйнөдөгүлөрдүн  – тирүүлөр  менен тиги дүйнөдөгүлөрдүн, башкача айтканда – арбактар, кайыптар жана башка көзгө көрүнчүлөр менен жолугушуп калганыңар тууралуу. Болбосо акылга оңой менен сыя бербеген жөндөмдүүлүк — көзү ачыктык, окуяларды алдын ала билүүчүлүк тууралуу. Ушундай класификация келип чыгат.

Эгерде жалпылагың келсе, экөөнүн бирөө гана башыңдан өткөн:  арбактар менен жолугуп жүргөндөрдүн алдын ала сезүүсү анча эмес,  алдын ала айтуучулардын болсо, өнүккөн алтынчы сезими арбактарга жолукканга мүмкүндүк бербейт. Эмне үчүн андай экенин билбейм. Кыязы, ар бир адамдын өзүнөн го.

Арийне, андай шыктан кур жалак калган адамдар да бар деңизчи. Мен, мисалга алсак. Жашым отузга чыгып калса да, арбактар менен бир да жолу жолуккан эмесмин. Аян берүүчү түш деле көрбөйм. Бир жолу лифте бирге келаткан эки жолдошума арбак көрүндү. Мен болсо эч нерсе байкаган жокмун. Экөө: “Лифте боз костюмчан аял бар болучу. Биз менен катар турган”, —  дейт. Мен аларга: “Аял-пайалыңарды көргөн жокмун. Силер айныгандан соосуңарбы?”- дейм. Жолдошторум мени антип шакаба чекпейт эле. Алар андай балдардан эмес. Мен өзүмдү абдан эле  ыңгайсыз сездим, бирок андан кийин деле мен арбактарга жолуга элекмин.

Дегинкиси, арбактар менен байланышым жок, көзү ачыктык шыгым деле билинбейт, кадимкидей эле жай турмушту башыман кечирип жатам.

Ошентсе да бир жолу, мени өлгөндөй коркуткан окуя башымдан өткөнү бар. Арадан он жылдай өтсө да, мен аны эч кимге айткан эмесмин. Корккомун. Бир башталып алса андай окуя дагы уланып кетеби деп корккомун. Эми бүгүн башыбыздан өткөн сырдуу да, коркунучту да окуяларды кезектешип эскерип жаткандан кийин, мен да үйдүн ээси катары айтып беришим керек да.

Ошентип…

Жо-жок. Кол чаппай эле койгула. Бул окуяда андай деле укмуш жок.

Мен башта айтпадымы, тиги дүйнөдөгүлөр менен байланышым деле, көзү ачыктык шыгым деле жок.  Балким, менин окуямду угуп,  “Ой-ата! Мунун эмнеси коркунучтуу?” — дээрсиңер. Мүмкүн. Мейли. Ошенсе да угуп тургула.

Мен мектепти өлкө астын-үстүн болуп жаткан 60-жылдардын акырында бүтүрдүм. Калыптанган система талкаланып жаткан. Мен да ошол толкундун кучагында калдым. Университетке тапшыргым келген жок, бир нече жыл бүт өлкө боюнча каңгып, көрүнгөн иштерди аткарып жан багып жүрдүм. Жашоо деген ошол деп эсептеген экемин. Эмне гана кылган жокмун! Бир нече жолу бычак мизиндеги  тобокелчилик да  башымдан өттү. Эх, жаштык, жаштык! Азыр эми эстеп алып ойлойсуң: атаңдын гөрү, сонун мезгил экен го! Ошол өткөн турмушумду кайра баштан, башкача жашоону сунуш кылса, баш тартат элем. Өттү-кетти. Кандай өтсө ошондой калсын.

Өлкө кыдырып каңгып жүргөн экинчи жылдын күзүндө, Ниигата префектурасынын кичинекей шаарчасында, эки айга бир мектептин түнкү кароолчусу болуп орноштум. Жай бою тыным албай жанталаша иштеген элем, бир аз эс алгым келди.  Түнкү кароолчулардын иши – иш деген эле аты бар. Күндүзү керээлдин кечке уктайсың, түнкүсүн мектепти эки жолу айланып кой, болду. Бошсуң. Андан кийин музыка кабинетинде пластинкаларды коюп музыка укчумун, китепканада китеп окучумун, болбосо спортзалда өзүм менен өзүм баскетбол ойночу элем. Түнкүсүн мектепте жалгыз калган жаман деле эмес, коркчу деле эмесмин. Дегинкиси, он сегиз, он тогуз жашыңда, коркуу деген эмне экенин да билбейсиң да.

Силер мектепте түнкү кароолчу болуп иштеп көрдүңөр беле? Анын милдеттери мындай: эки жолу – саат тогузда жана саат үчтө мектепти айланып коёсуң.  Эреже ошондой. Мектеп деле чакан, жакында эле  бетондон курулган, үч кабаттуу, он сегиз, жыйырма класстардан турган мектеп болучу. Ага кошумча музыка кабинети, лаборатория,  кол эмгек, сүрөт тартуу кабинеттери, мугалимдердин жана директордун кабинеттери бар эле.  Ашкана, бассейн,  физкультура жана жыйындар залы — өзүнчө курулган. Бардык  болгону ушул.

Мектепти айланып жүргөндө атайын китепчеге белгилеп коюучу жыйырма “контролдук точкалар” бар эле. Мугалимдер кабинети — китепчеде белги, лаборотория – белги, спорт зал – белги, ушул тартипте. Бул белгилерди кароолчу үчүн бөлүнгөн бөлмөнүн диванында жата берип толтуруп койсо деле болот деңизчи. Бирок уят да. Кыйналып кеткендей ишиң деле жок, анан сен уктап жатканда мектепке бирөө кирсе…

Ошентип, саат тогузда жана үчтө чоң электрофонар жана союл көтөрүп алып мектепти айланганы жөнөйм. Фонарь – сол колдо, союл – оң колдо. Мен мектепте, жогорку класста окуп жүргөндө кэндо[1] менен машыккан элем, ошондуктан союл колдонгонду жакшы билчүмүн. Ал мезгилде ким менен болсо да, каршылашым чыныгы самурай кылычтуу болсо да, согушканга даярмын деп ойлочумун. Мастерден башкасы менен, албетте. Бирок  андай ой – ошол мезгилде. Азыр болсо кайдан, – дароо качмакмын.

Октябрь айы эле. Түн шамалдуу болгон менен жылуу, бир аз үп тартып турган. Кечинде чиркей каптап, алардан арылайын деп эки ароматтуу шам күйгүзүп койгонум эсимде. Шамал токтобой эле шуулдап жатты. Бассейндин каалгасы сынык эле,  шамал катураак соксо, нервге тийип карсылдайт. Оңдоп коёюн деп ойлоп, бирок караңгыга чыккым келбеди. Карсылдайт.

Саат тогуздагы кыдырып чыгуум ойдогудай болду. Бардык “контролдук точкаларда”  абал өз жайында. Бардыгы бекитилген, бардыгы өз ордунда. Эч өзгөрүү жок. Кароолчунун бөлмөсүнө келип, будильникти саат үчкө койдум да, уктап калдым.

Будильник чырылдаар замат эмнегедир чочулап, бир нерсе болду  деген сезим менен ойгондум.  Жаным жайында эмес.  Түшүнүксүз бир кооптуу сезим пайда болду – кандай айтарымды да билбейм. Ойгонгум, тургум келбей, денем эркиме көнбөй каршылык көрсөтүп жатты. Мындай абал деги эле болчу эмес, мен дайыма сергек ойгонуп, жеңил турчу элем. Өзүмдү күчтөп туруп, мектепти айланып келгенге даярдана баштадым. Каалга дагы эле мурдагыдай карсылдап жатат. Мурдагыдай болгон менен…  мурдагыдай эмес. Балким жөн эле чочулап жаткандырмын, бирок каалганын карсылдаганынан денем дүркүрөйт.  “Чыккым келбейт.  Барбай эле койсомбу!» деп ойлойм. Бирок барайын деп чечтим.  Бир эле жолу өзүңө жеңилдик берип,  өзүңдү-өзүң алдасаң болду, – кийин көнүмүш болуп калат. Фонарь менен союлду алып бөлмөдөн чыктым.

Түн эмес бекен! Шамал катуулап, нымдуу аба ичиркентет. Мен өзүмө келалбай, оюмду жыйнай албай жаттым.  Абалы физкультура жана жыйналыш залдарын, бассейнди текшердим… Бардыгы жайында. Бассейиндин эшиги шамалда оңду-солду, бирде — “ооба”, бирде — “жок” деп башын чайкап жаткан жинди кыздын мойнундай шалкылдайт. Андан да бир калыпта эмес:  ооба-ооба-жок-ооба-жок-жок-жок. Кызык салыштыруу бекен?  Бирок ошондо мага так ушундай сезилген.

Мектептин имаратында да чектен тыш эч нерсе байкалбайт. Бардыгы мурдагыдай эле. “Точкаларды” кыдырып китепчеге белгилей баштадым. Бардыгы жайында. Жаным бир аз жай алгандай болуп, ишимди акырына жеткирейин деп ойлодум, Акыркы “контролдук пункт” — бойлер жана ашкана имараттын чыгыш жагында жайгашкан. А менин бөлмөм имараттын батыш жагында. Артка дайыма биринчи этаж, караңгы,  узун коридор аркылуу кайтчу элем.  Айдын жарыгы болбогон күндөрү эч нерсе көрүнбөйт. Фонарь болсо алдыңдагы эле бир аз тилкени жарык кылат. Ошол түнү ай дээрлик  көрүнгөн жок. Тайфун жакындап калган. Анда-санда гана үзүк булуттардын арасынан көрүнө калып, кайрадан караңгылык… Ошол түнү коридордо буттарым демейдегиден тезирээк шилтенип, бутумдагы баскетболдук кеда линолиум менен биригип “вжик”, “вжик” деген үн чыгат. Коридорго жашыл линолиум төшөлгөн болучу. Азыр да эсимде. Коридор так ортодо вестибюлга биригет.  Андан өткөнүмдө бирөө артыман түртүп жибергендей болду, караңгыда бир караан көрүнгөндөй… Дене боюм дүркүрөп, колтуктарым муздап  кетти. Таякты бекем кармап, ошол жакка бурулдум. Фонардын жарыгы да кошо бурулуп, бут кийимдерди чечип коюучу шкафты, артындагы  дубалды жарык кылды.

Анда… мен турам. Тагыраак айтканда —  күзгү, күзгүдө менин сөлөкөтүм. Кечээ эле бул жерде күзгү жок эле. Өзүмө келе түшүп ойлоп коём: “Ой кокуй о-ой! Эмне болуп атам!” Күзгүнүн алдына барып, фонарды полго койдум,  сигареттин кутусунан тамеки алып түтөттүм. Өзүмдүн сөлөкөтүмдү карап турдум. Терезеден түшкөн көчөдөгү фонардын шооласы күзгүдөн чагылышат. Артта бассейндин каалгасы күчөп карсылдайт.

Мен тамекимди үч соруп, күтүүсүздөн кооптуу  бир сезим пайда болду:  тигил, күзгүдөгү, – мен эмесмин да. Тышкы келбети — албетте, менмин.  Жүз процентке. Ошону менен бирге менин алдымда тап-такыр башка адам турат. Муну мен сокур сезим менен сезип турам. Жок… тагыраак айтканда, ал мен экендигинде шек жок . Бирок ал өзүмдөн бөлөк, менден тышкаркы мен.  Кадимки “мен” эмес.

Силерге кантип түшүндүрөрдү да билбейм.

Ошол замат мен бир нерсени түшүндүм: Күзгүдөгү сөлөкөт мени абдан жек көрөт. Кап-кара, айсбергдей зор, аны жеңүүгө эчкимдин колунан келбей тургандай  жек көрүү менен. Мен муну даана сездим.

Мен ордумда катып калдым. Сигарет колумдан жылмышып полго түштү. Күзгүдөгү сигарет да ошондой болду. Бири-бирибизди тиктешип турдук. Колу-бутумду кишендеп, тулку боюмду матап койгондой кыймылдай албай, шал абалда калдым.  Анан күзгүдөгү тип колун кыймылдатты. Шашпай бармактарынын учу менен ээгин кармалап, анан бетиндеги курт-кумурскадан арылып  жаткансып жүзүн сылай баштады… . Мен да анын кылып жаткан ишараттарын кайталап жаткандыгымды сездим. Мен мен эмей эле күзгүдөгү сөлөкөттүн сөлөкөтү болуп калгансып. Башкача айтканда, сөлөкөт мени баш ийдире баштады.

Акыркы күчүмдү жыйып, кыйкырып жибердим. “У-у-у!” же “ге-ге ге!” дегендей болду окшойт. Мени кармап турган кишен бошогондой болу. Аз-маз. Көп ойлонуп турбай союл менен күзгүгө берип калдым. Айнектин быркыранганы угулду. Ал жерден качып жөнөдүм. Артымды карабай чуркап бөлмөмө жетип, аны ичинен бекитип, одеалга чүмкөндүм. Бассейиндин эшиги таң аткыча карсылдап жатты.

Ооба-ооба-жок, ооба-жок-жок-жок…

Бул окуя эмне менен бүткөнүн боолголоп жатасыңар го. Эч кандай күзгү болбоптур. Күзгү болгон эмес!  Эч ким вестибюлга күзгү койгон эмес. Ушундай.

Ошондо мен эмне, өзүмдүн күзгүдөн чагылган сөлөкөтүмдү эмес, арбакты көргөн болуп каламбы.  Ошондо кандай коркконумду эмдигиче унута албайм.

Баса, менин үйүмдө бир дагы күзгү жок экендигин байкадыңарбы? Өзүңдүн түрүңдү көрбөй туруп сакалыңды кырган кандай мүшкүл экендигин билсеңер эмне! Ишенип койгула.

Орусчадан оодарган Марсел Исаков

[1] Бамбук таяктар, жыгач кылычтар менен чабышуу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.