Бирөөнүн бал челегин уурдап кетишет. Ал ары ойлонуп, бери ойлонуп, уурунун бетин ача турган эч айла таба албайт. Ушинтип отурганда кошунасы келип калып, жагдайды түшүнүп мындай дейт:

— Капаланба, бал челегиңди мен таап берем. Бул үчүн эртең кыштак эли тойго чогулганда эң арты болуп экөөбүз барышыбыз керек, — дейт.

Айткандай эле эртеси экөө элдин арты болуп тойго барышып, жайбаракат отурган көпчүлүктүн үстүнө киришкенде кошуна кыйкырыкты салат:

— Бал челекти уурдаган кишини мен көрүп турам, тигине анын баш кийимине аары конду!

Уурунун көчүгү кууш дегендей, ансыз да ичинен кыпылдап отурган ууру ошол замат өз эркинен тыш башын сыйпалап жиберип, байкабай өз күнөөсүн билдирип койгон экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.