«Чеч-Дөбө» кеңешинин чечимине Чубак ажы Жалилов өз тилектештигин билдирди

(Чексиз мээримдүү, жана ашкере ырайымдуу Аллахтын аты менен….) «Чеч-Дөбө» кеңешинин “Улут абийри” наамы маркум журналист Улан Эгизбаевге тапшырылып жатат. Албетте, өтүп кеткенден кийин… Адатта биз, кыргыздар адамдардын жакшылыгын өткөндөн кийин эстейбиз. Улуу тоонун улуугу алыстаган сайын даана көрүнөт демекчи, бизден бөлүнүп ажыраган сайын, алыстаган сайын адамдын да кадыры өсө берет окшобойбу… Мен  «Чеч-Дөбө» кеңешин айыптагым келген жок, анткени ал өз убагында татыктуу адамдарга сый-ургаалды көрсөтүп, адамкерчиликтин парзын аткарып жатышат.  Публицист Нарын Айыпка, профессор Эмил Шүкүровго берилген сыйлыктар анын жаркын далили. […]

Бахтияр Шаматов: Бизде жалаң туурамай менен уурдамай (1-маек)

Таланттуу жазуучу жана котормочу Бахтияр Шаматов менен чыгармачылыктын оош-кыйышы туурасында маек… – Бахтияр байке, Сиз адабият астанасын жаңыдан аттаган кезде Нуралы Капаров сиздин чыгармачылык шык-дараметиңиз жөнүндө абыдан мактады эле: «Бахтиярдын көөдөнүндө кайнап жаткан турмуш бар. Өзү да оргуп, ташып турган дем менен шумдук иштейт экен» деп. Нураке айткандай эле, сиздин адабий камылгаңызды Жек Лондондун «Мартин Иден» романын үч ай ичинде которуп таштаганыңыздан кийин көрдүк. Эми котормо туурасында ылдыйда өзүнчө сөз кылабыз, кеп башында адегенде өзүңүздүн эң таанымал чыгармаңыз “Дөңгөлөк жылдардын” […]

Абдул Фараждын акылман ойлору, уламыштары

Атактуу Абдул Фараж “уламыш — бул акыл сергитчү жана жүрөгүңдөн кайгы-капаны айдап чыгуучу аңгеме” дечү экен. Абдул Фараж өзү дүйнө элинин уламыштарын көп айткан. Атанын көрөгөчтүгү Жашоо жөнүндө уламыштарды эстегенде, бул окуяны айтпай кетүү мүмкүн эмес. Бир жолу каалга кагылып калды, үйдүн ээси эшикти ачканда, босогодо көздөрү тоодой шишигенче ыйлаган кызы туруптур. Үйгө кирер замат, атасы оозун ача электе эле, ал арыз-арманын төгө баштады: “Мындан ары минтип жашай албайм, жашоом күндөн күнгө оорлоп барат. Күндө бийик тоонун чокусуна эптеп тырышып […]

Бурул Догдурбекова: Үзүлбөгөн үмүт (конкурска)

Чачырадым… чаркым кетип, ташыдым. Чаалыккансыйм алдан тайып басыгым. Чакчалекей ойлорумду чар тарап Чогулта албай айлам куруп, жашыдым. Кыялым бай. Көкүрөгүм кур жалак. Карыш түшүп, кабагым да сурданат. Кар аралаш борошолоп жан дүйнөм, Күнүмдүгүм көз ачылгыс бурганак. Алсырадым, алым кетип. Бул кандай? Арманымды баары билип тургандай: Теребел да булут басып, түнөрүп… Тынчсызданып мага көңүл бургандай. Кышкы аязда көңүлдөргө гүл өнүп, Жытын сезип, колдор жетпей жүдөдүк. Үмүт болуп үзүлө албай кыялдар, Тээ ыраактан бүл-бүл жанат бүдөмүк. Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын саламы ‒ «Арыбаңыз», алиги ‒  «Бар болуңуз»

Салам-алик  ‒  адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан өтө байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын амандыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «а+ны-бу+ну (муну)», «а+ры-бе+ри» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн дүйнө элдеринин алфавитинде «а», «б» тыбыштары удаалаш турганы да кызык. Сыягы, «а» дегенде сөз (суроо), «бу» дегенде кеп (жооп) – диалог болгон өңдөнөт. Абалкы маалыматтарда […]