Атактуу Абдул Фараж “уламыш — бул акыл сергитчү жана жүрөгүңдөн кайгы-капаны айдап чыгуучу аңгеме” дечү экен. Абдул Фараж өзү дүйнө элинин уламыштарын көп айткан.

Атанын көрөгөчтүгү

Жашоо жөнүндө уламыштарды эстегенде, бул окуяны айтпай кетүү мүмкүн эмес. Бир жолу каалга кагылып калды, үйдүн ээси эшикти ачканда, босогодо көздөрү тоодой шишигенче ыйлаган кызы туруптур. Үйгө кирер замат, атасы оозун ача электе эле, ал арыз-арманын төгө баштады: “Мындан ары минтип жашай албайм, жашоом күндөн күнгө оорлоп барат. Күндө бийик тоонун чокусуна эптеп тырышып чыгып, эртең менен сапарымды кайра эле тоо этегинен баштагансып кетем. Ата, мындан аркы жашоом кандай болот? Канткенде бул абалдан чыгам?” Атасы жооп берген жок, ал унчукпай барып үч мискейге булактын тунук суусунан куйду да, бир мискейге сабиз, экинчисине жумуртка, үчүнчүсүнө кофе салып, күйүп турган мештин үстүнө койду. Суу кайнагандан соң, 10 мүнөттөн кийин кызына бир чыны кофе куюп сунду. Эки табакка бирине сабизди, бирине бышкан жумуртканы салып, астына койду. Кызы кофени жаңы эле ууртай баштаганда ага мындай деди:

— Кызым, кана айтчы, буларда кандай өзгөрүш болду байкачы? – Сабиз бышканда жумшарды. Жумуртка тескерисинче, катуу болуп бышты. Ал эми кофе эч нерсеси калбай эрип кетти. Тиш өтпөгөн катуу жашылча жумшарды жана жагымдуу болуп калды, жумуртка сыртынан карасаң ошол бойдон тургансыганы менен ички суяктугу, катуу жана бекем затка айланды. Ал эми кофе ысык сууга түшкөдө ошол замат эрип, өзүнүн жыпар жыты жана жагымдуу даамы менен кадимки сууну өзүң ырахаттанып ичип жаткан ысык суусундукка айландырды.

Адамдардын жашоосу да дал ошондой. Күчтүү адамдар турмуштун оор сыноосунан жумшарат, назик, жумшак мүнөздүү адамдар кубаттанып, чыйралышат.

— А кофечи, анын өзгөрүшүнөн кандай сабак алабыз? – деп кызыга сурады кызы.

— Алар бул жашоодогу эң көрүнүктүү адамдар, алар кандай татаал абалга туш келбесин, аны менен камыр-жумур болуп, боло жүргөн окуядай кабыл алышат да, ага өзүнүн бир бөлүгүн арнап, пайда болгон көйгөйдү кыйналбастан кызыктуу жолдорун таап чечип алышат. Мындай адамдар өзгөчө жаралышкан, алар турмуштун улам бир жаңы баскычына көтөрүлгөн сайын, жаңы нерселерди ачып, дүйнөнү өзүнүн жан-дүйнөсү менен тазартып турушат.

Роза гүлү жөнүндө уламыш

Кубаттуу шамал дүйнө кыдырып жүрчү, анда эч кандай сезим жана каалоо деген нерселер болбой турган. Бирок ал бир жайдын жаркырап ачык күнүндө кыпкызыл роза гүлүнө жолукту. Шамалдын эпкини тийип, желге ыргала түшкөндө ал мурдагыдан да татынакай эле. Анын кызыл желекчелери шамалдын жумшак демине жагалданып, жумшак желбиреп, жыпар жытын чачып жооп берип жатты. Шамал, үлбүрөгөн өсүмдүккө өз сүйүүсүн жетишсиз берип жаткандай туюлуп, анын назиктигин эсинен чыгарып жиберди да, болгон күчүн жумшап дуулдап жиберди. Кубаттуу соккуга туруштук бере албай розанын сулуу желекчелери бириндеп учуп, бутагы ортосунан бүктөлүп сынып калды. Шамал эсине келип, күчүн азайтканда кеч болуп калган эле. Ал канчалык назик жана жеңил кыймылдабасын, роза акырындап өлүп баратты.

Шамал озондоп жиберди: «Мен болгон күчүм менен сага чоң сүйүүмдү арнадым! Кантип сен жөн эле сынып калдың?! Демек, сенин мени менен түбөлүккө калганга алың жетишсиз болуп чыктыбы». Роза жашоосунун акыркы секундасын, шамалдын жан ачыган сөздөрүн жоопсуз калтырып, жыпар жытынын калганын ага арноо менен аяктады.

Жөн эле жаш төгө бербегиле

Бир топ жашка барып калган мугалим, кезектеги илимий ишин студенттерге түшүндүрүп жаткан. Капыстан, жүрөк тушун кармап токтой калды да, бир аз эс алып сабагын кайра улантмак болду. Ошол кезде арткы катардагы угуучулардын биринин үнү чыкты:

— Профессор, сизге азыр кандай кыйын болуп жатканын жакшы түшүнүп жатабыз, айтыңызчы, өзүңүздүн кыйналып жатканыңызды билдирбес үчүн күчтү кайдан алып жатасыз?

Жооп бергендин ордуна профессор узун жана күлкүлүү анекдот айта баштады. Отургандардын баары кыраан-каткы болуп угушту. Аудитория тынчтанганда ал баягы анекдотту кайрадан баштады, бир аз эле киши жылмайганы болбосо калгандарынын жүздөрүндө айтылбаган суроо турду. Профессор анекдотту үчүнчү жолу кайталай баштаганда залда жымжырттык өкүм сүрдү, алар аны таң калуу жана чочулоо менен карай башташты.

— Балдар, менин тамашама эмне үчүн үч жолу катары менен күлгөн жоксуңар? Силер бир эле көйгөйүңөрдү күн сайын ойлоп кайгырып жүрбөйсүңөрбү, —деп жылмайды профессор.

Залда олтургандар ар кимиси өз жашоолору тууралуу ойлонуп жатышты.

Тагдыр

Күндөрдүн бир күнүндө кичинекей шаарчанын четине бир акылман жолоочу келип туруп калды. Ал чакан мейманканада жайгашып, анын атагын угуп жүрүшкөн шаардыктар, кеп-кеңеш сурап келе башташты. Бир жаш жигит өз тагдыры кандай болорун билгиси келип, толгон токой акылдуу китептерди окуп, көптөгөн акылмандарга барып өз суроосуна жооп издеп таппай жүргөн эле. Кээси агым менен бирге агып, көйгөйлөрдөн алыс болууга чакырса, айрымдары тескерисинче, агымга каршы сүзүп, кыйынчылыктар менен күрөшүп, чыйралуусун сунушташкан. Ал тагдырын дагы бир жолу ушул акылмандын айтуусу менен сынап көргүсү келди. Ал мейманкананын бөлмөсүнө киргенде, сандыктан бир нерсе издеп жаткан кишини көрдү. Тиги бурулуп бир карап, колу менен өйдө өтүүгө ишара кылды.

— Айта бер, сени кандай маселе кызыктырат, угуп акылымдын жетишинче кеңешимди берейин.

Жаш жигит ага окуган китептери жөнүндө, башка акылмандарга барганы жөнүдө, алардын берген кеңештери жөнүндө айтып берди.

— Агым менен бирге жылганым жакшыбы же агымга каршы барганым туурабы? – деп сурады ал сөзүнүн аягында.

— Кечирип кой, уулум, кары кишинин кулагы каңырыштап калат экен, жакшы укпай калдым окшойт. Сен өзүң кайда барайын дедиң эле? – деп сураптыр акылман, өз ишин улантып жатып.

Сөздүн күчү

Сокур абышка калың кагазга өтүнүчүн жаздырып алып, кайыр сурап олтурган. Алдындагы картон кутучада бир аз майда тыйын жатат, тийген  күндүн нуру анын арык, узун буттарын куйкалайт. Ошол кезде анын жанынан өтүп бараткан маңдайы жарык жагымдуу айым бир азга токтой калды да, кагазды алып бир нерсе деп чиймелеп, кайра ордуна коюп кетип калды. Абышка унчуккан жок. Бир сааттан кийин ал айым кайра кайрылды, абышка аны шайдоот, майда кадамдар менен баскан басыгынан тааныды. Ал убакта кутуча жапжаңы жалтыраган тыйындарга толуп калган, өтүп бараткандар дагы эле тыйындарын таштап жатышат.

— Кызым, жана кагаздагы жазууну оңдогон сен эмес белең? Эмне деп жазганыңды билгим келет.

— Чындыктан башка эч нерсе деле жазган жокмун, бир аз гана оңдоп койдум. Кагазда азыр мындай жазуу турат: «Айлана азыр укмуштай кооз, тилекке каршы, мен аны көрө албайм.» Эки-үч монетасын таштап, айым абышканы жылмая карады да жолуна түштү.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.