Таланттуу жазуучу жана котормочу Бахтияр Шаматов менен чыгармачылыктын оош-кыйышы туурасында маек…

– Бахтияр байке, Сиз адабият астанасын жаңыдан аттаган кезде Нуралы Капаров сиздин чыгармачылык шык-дараметиңиз жөнүндө абыдан мактады эле: «Бахтиярдын көөдөнүндө кайнап жаткан турмуш бар. Өзү да оргуп, ташып турган дем менен шумдук иштейт экен» деп. Нураке айткандай эле, сиздин адабий камылгаңызды Жек Лондондун «Мартин Иден» романын үч ай ичинде которуп таштаганыңыздан кийин көрдүк. Эми котормо туурасында ылдыйда өзүнчө сөз кылабыз, кеп башында адегенде өзүңүздүн эң таанымал чыгармаңыз “Дөңгөлөк жылдардын” жаралышы туурасында айта отуруңуз.  Мындай өзгөчө чыгарма (анткени бул чыныгы окуялардан куралган көркөм чыгарма) жаратуу идеясы сизге кайдан келди? 

— Олжоке, менин чыгармачылыгым туурасында айткан жылуу пикириңе ыракмат. Нуралы Капарович менен биринчи жолу кезигишкенде эле а киши менин жазгандарыма баа бергени эсимде. Мен ал кезде Капаровду сыртынан гана угуп жүрчүмүн. Кеп башында айтып коёюн, Нуралы байке көзү ачык киши. Муну менин чыгармачылыгымды баалаганынан улам айтып аткан жерим жок, а киши негизи эле бирдемени алдын ала көрө билген адам. Бул туурасында ылдыйда дагы айтам.

Жаңылбасам, 2003-2004-жылдар болсо керек эле. Мен Москва-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен бир бай буржуйдун батирин евроремонт кылып бергенге келишим түзүп алып, иштеп жүргөм. “Дөңгөлөктү” да так ошол кезде жазып аткам.

Иш үстүндө оюма жарк эткен бир кызыктуу окуя келип калат да, дароо ишти токтото коюп, жазып калганга жанталашам. Кагаз жок, гезиттин айрыктарына, салфеткага, даарат кагазга болобу, жаза берчүмүн, арга кеткенде чоң-чоң картон коробкаларды бузуп жиберип беттерине жазам, айтор, колго тийгендин баарына чиймелей берчүмүн. Анан чогултуп туруп, үйгө алып кетем да, ал жакта отуруп алып тээ түндүн бир оокумуна чейин кайрадан таза кагазга көчүрүп чыгам. Бул деле эми ойлосом, жазуучулук өнөрдүн бир ыкмасы турбайбы, жылт этип келе калган ойду жазып калбасаң, кийин эле карайлап таппай каласың.

Ошентип иштеп жүрүп бир жолу Эмил иниме (Момунов) жолугуп калсам, бирдеме таймс деген гезит чыгарып атабыз, ошого кабар жазып турбайсызбы деп калды. Дароо эле айттым, бир документалдуу-көркөм, окуганга да жеңил, курч окуялуу чыгарма жазып жүрөм, чоңдоруң уруксат берсе ошондон үзүндү кылып берип турайын дедим. Макул дегенинен, эртеси эле кагазга көчүрүлүп коюлган даярынан редакцияга жеткирип бердим.

-Чынында ошол жылдары ар кандай курч, детективдүү нерселерди жазган абдан модага айланып кеткен заман эмес беле?

— Ооба. Бирок байкасам, элдин баары эле оюнан чыгарып жазат экен. Аталыштары да шумдук.  Мисалы, “Атасынан төрөгөн кыз”, “Кайненесин өлтүргөн келин”, “Депутаттын ойношу” ж.б. ушул сыяктуу укмуш аттарды коюп алышып эле урдура беришет экен, окусаң чылк эле фантазия. Болгондо да орустар айткандай, көбү больной фантазиядан жаралган, адабияттын деми да жок жөн эле бумагамарательство да. Арактан же пийвадан ууртап коюп отуруп алып элестетип, каткырып коюп жаза беришкендей.

Негизи бул көрүнүш деле бизге Россиядан келди. Рекс Статут, Дэшил Хеммет, Чейз дегендерди мурда милийсадан качып жүрүп, катып сатышчу Москвада. Анан эле Союз урап,  батыштык эркин адабият баары жоктун баарын каптап кеткенден кийин, буга чейин идеологиянын куралы болуп келген адабият коммерциялык адабиятка айланды да, элдин баары батыш авторлорун туурап жатып калды. «Крутой малыш катался с горки», «Кровавая жатва», «Громящий кулак», «Возвращение безумного Бешеного», «31-го уничтожить» деген чыгармалар чыкты. Баарынан да мени таң калтырганы – англис жазуучусу Энтони Бёржесттин тээ 60-жылдары эле жазылган “Заводной апельсин” аттуу романы алгачкы ирет 1993-жылы орус тилине которулуп чыкканда элдин баары кадимкидей жинди болгон.

Узундан узун өчүрөт болуп китеп жетпей, таң аткыча туруп, арманда кеткендер канча… Батыштын тыюу салынган чыгармаларын ошондо Москвадан ташып келип сатып, байып кеткендер бизде да  көп болду.  Анан көп өтпөй, Россиянын өзүндө да батыштагылардан эмнеден кембиз деген Александра Маринина (мурдагы милиция подполковниги Марина Алексеева), Татьяна Полякова, Татьяна Устинова, Евгений Сухов (“Я вор”), Чынгыз Абдуллаев (бул да милициянын полковниги) Мария Семенова (“Волкодав”) жана башка жайнаган авторлор чыкты.  Анан буларды туурап биздин кыргыздар да жазып киришти.

Биз негизи эле өзүбүз кандайдыр бир жаңы нерсени ойлоп, мээ ачытып, кыйналбай эле ар кимди туураганды жакшы көргөн калк эмеспизби, Россияда эмне болсо үч күндөн кийин бул жерден көрөсүң. Айрыкча, мындай оору менен телевидение катуу ооруган, азыр деле ошондой. Мисалы, бир куудулубуз ушу тапта Урганттын “Вечерний Ургант” деген теле-шоусун туурап жатпайбы. Ушинтип ачык эле бирөөнү туурагандан кантип уялбайт дейм да. Салыштырып, байкап отурсаң, мындай нерселер абдан көп, кадам сайын жолугат. Россиялыктардын “Кто хочет стать миллионером”, “Поле чудес”, “Будьте здоровы” жана башка теле-шоуларын бүт эле туурап чыкпадыкпы кезинде. Алтургай, бир кезде Листьевдин так өзүн туурап чыккан бир тележурналист да болду. Эстрадабыз деле ошол. Туурамай менен уурдамай.

Ошентип орус, кыргыз адабиятына абдан байкоо салып жүрүп мага фантазия кылып кыйналбай эле өзүмдүн жашоомду жазсам кандай болор эле деген ой келди. Анан шарт эле бир күнү тура калып жазып кирдим. Өзүнөн өзү эле оргуп куюлушуп тимеле агып кирди, жазганга эле үлгүрүп калсаң болду. Эмике да мага так ошо маалда кезигип атпайбы. Болсоң бол, болбосоң кой деп туруп, редакцияга жеткирип берип күтүп коюп жүрөм, анан эле бир күнү “Дөңгөлөгүмдүн” алгачкы үзүмү жаңы келген уяң келиндей болуп ийменип, кысына, гезиттин тээ арткы беттеринин алакандай бир бурчуна басылып чыкты. Кийинкисинде бир аз чоңураак орун беришти. Төртүнчү үзүндү басылап чыккандан кийин “Бишкек-Таймс” гезитинин баш редактору Нуралы Капаров мырза мени редакцияга келип кетсин деп Эмикеден расмий түрдө чакыртыптыр. Эртеси кожоюнга кабарлап, жумушту атайын бир күнгө токтоттум да, алеп-желеп боло Пушкин көчөсүндөгү редакцияга урган бойдон жетип бардым.

Нуралы байкенин кабинети ич жагында экен, журналисттер отурган чоң бөлмөнү аралап кирет экенсиң аякка. Кирсем, салабаттуу зыңгыраган киши отурат, биринчи жолу көрүшүп атсак да: “Оо, Баланча, кел, кел”, — деп абдан жайдары тосуп алды. Түсү ийгиден түңүлбө дейт эмеспи, мындай жылуу приёмду көптөн бери көрбөгөн жаным, кадимкидей ичим ысып чыкты, баштагыдай сүрдөбөй, кенен-кесири отуруп тааныштык. Албетте, биринчи кеп, кимсиң, эмне болгон кишисиң дегенден башталат эмеспи, аны күттүрбөй, шарт эле таржымалымды айтып кирдим. Райондо советтик-партиялык кызматкер болгонумду, шаарга үй-бүлөлүк жагдайдан улам аргасыз келгенимди айттым. Кеп “Дөңгөлөккө” ооду.

Темир жолго кайдан барып жүрөсүң деди Нуралы байке.  Шаарга келип алып, жумуш таппай жүрүп, тааныш агайым аркылуу кирип кеткенимди, ал жакта 7-8 жылдай иштеп калганымды айттым. Ошол жиндикананы элестеткен кыргыздын жүргүнчү калк эмес, товар ташычу унаага айланган алыскы сапардагы поюздарында жүрүп, баштан өткөргөн окуяларымды мына ошол “Дөңгөлөккө” жазып атканымды айттым. “Гениальный Шаматов! -деди Нуралы байкем карсылдап күлүп. – Мындай автобиографиялык чыгармаларды кыргыз адабиятында саналуу гана кишилер жазган”, — деди. Ичимде мен деле курулушта шабашник болуп жүргөнүм менен оңой киши эмес экенмин деп бир топ көтөрүлүп калдым.

Көрсө, гезитти Нуралы байке жакын досу, кадимки эле Темирбек Акматалиев экөө чыгарып атышкан экен ошондо. Акматалиев Темирбек агабыз адабиятты мыкты билген, интеллектиси абдан жогору киши, өзү да катыра жазат, бирок орус тилде. Менин “Дөңгөлөгүмдүн” үзүндүсүн бир окуп эле айтыптыр, жакшы чыгарма экен, эмнеге муну кысып берип атасыңар, орунду кенен бергиле дептир. Ошентип чыгармамдын багы ачылып, кадыры көтөрүлүп, жарым бет, анан толук бир бетке басыла баштады.  Чыныгы турмуштан алынып жазылган чыгарма чынында эле элдин жүрөгүнө жетерине мына ошондо ишендим. Карапайым калк колдон колго талаша окуду. Бир жолу бир журналист кесиптешим айтып калды: “Таластын базарында жүрсөм, кудум Айтматовдун гезит саткан Дзюдосундай болгон кичинекей бир балакай “Бишкек-Таймсты” чыңкылдаган үнү менен кыйкырып сатып жүрөт дейт, окто-санда “Дөңгөлөктүн” жаңы уландысы!” –деп кыйкырып да коёт имиш. Угуп алып абдан кубангам.

Аны калтырбай окугандар редакцияга көп келчү.  Бирөөлөр атайын автор менен таанышсам деп келет, башкалар болсо өзүлөрү жазгандарын ала келет, менин да поюзда момундай окуя башыман өткөн деп. Иши кылса, “Дөңгөлөк” гезиттин нускасын арттырып, элге популярдуу кылууда жакшы эле кызмат өтөп берди.

Нуралы байке көп айтчу: “Сен адабиятка аралашып, чыгарма жазышың керек, анткени сенде биринчиден, потенциал бар, экинчиден, турмушту абдан жакшы билесиң, тынбай чапкылап жүрүп, көрбөгөн нерсең калбаптыр. Эң башкысы, сенде окурманга айта турган сөзүң бар. Балдарың буюрса, бутка туруп алса, сен баарын таштап коюп, чыгарма жазганга отур”, — деп калат. Бу кишини мен абдан сыйлайм, тээ ичиңде ойлоп турганды сыртыңан карап туруп эле билип койгон касиети бар, бу кишиге калп айтып, алдайм деген куру бекер аракет, баарын билип турат, көзү ачык деп башта айтканым ошондон. Анан да дүйнө адабиятын көзүн чыгара мыкты билет, тынбай казып окуганы окуган. Сүйлөшүп отурсаң, өзүнчө эле тирүү энциклопедия Нуралы байке.  Чарчаган жаның жазылып, кадимкидей жанданып, ыракат аласың.

— Ушул жерден бир суроо бергим келип турат. Жараткан жазуучулук шыкты ар кимге эле ыроолой бербейт эмеспи. Бул сизде кайдан жаралган, кыязы, тукумуңузда бар го дейм?

Албетте, туура таптың, Олжоке. Түбүндө бирдеме болбосо, адамда кайдан шык, баары бир тукумунда болот. Менин атамдын бир тууган агасы Абдырайым Шаматов деген советтик-партиялык кызматкер, анан акын болгон. 30-жылдары түштүктө совет бийлигин орнотууга активдүү салым кошкон адамдардын бири болгон.  Тажикстандын Кожент шаарында орус-тузем мектебин аяктап, жооптуу кызматтарда иштеген. Абдан курч, алоодой жалбырттаган адам болгон дешет чоң атамды.  Орус, тажик, өзбек, казак тилдеринен тышкары араб тилин, ислам динин да абдан жакшы билген. А киши отурган жерде кыйынсынган молдолордун бири да ооз ачып сүйлөй алчу эмес экен.

Көралбас адамдардын саткынчылыгы менен 37-жылы сталиндик репрессияга дуушар болуп, адегенде “үчилтиктин” (ГПУ) чечими менен атууга өкүм кылынган. Агезде кара машине түнкүсүн кыдырып жүрүп салып кетчү экен да,  алып кеткен киши ошо бойдон кайрылып келбейт экен. Атууга өкүм кылынгандарды сот-сопкуту жок эле атып салышчу тура. Бирок кудай жалгап Абдыраим Шаматов түшкөн айтылуу ГУЛАГдын курамына кирген КАРЛАГ (Казакстандын Караганды шаарындагы лагерлер башкармалыгы) мусулман туткундарга толтура болгондуктан, басымдуу бөлүгү орустардан турган тергөөчүлөргө тилмеч керек болот да, атамды тилмеч катары пайдаланышкан экен. Өзү да улам Стакеге кат жазып, ак жерден абакка түшкөнүн түшүндүрүүгө аракет кылат. Ошентип атууга өкүм кылынган “эл душманы” Абдыраим Шаматовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, атуу 12 жылдык сүргүнгө алмаштырылган.

Мунун залалы, албетте а кишинин иниси, менин атам Мурзалыга да тийбей койчу беле – ошол мезгилде Ленинграддагы К. Ворошилов атындагы жогорку Аскер академиясынын акыркы курсунан “эл душманынын” иниси катары окуудан айдалган.  Олжоке, көрбөйсүңбү, куу тагдырдын таш боорлугун… эгерде мындай жазмышка туш болбогондо, атам кыргыздын алгачкы генералдарынан болмок экен…

Менин чыгармачылыкка болгон ышкым мына ушу кишилерден жуккан. Эл ичинде “Лейлектин булбулу” деген атка конгон чоң атам Абдыраим Шаматовдун (Абдыраимшама деп да коюшат) чыгамарчылыгын көп жылдардан бери изилдеп келген таанымал адабиятчы Омор Сооронов агабыз болду.  Буга чейин үч ырлар жыйнагы чыкса, төртүнчүсү Омор акенин «Молдо Кылыч. Абдыраимшама» деген аталыштагы китеби болду, кыргыз окурмандары аны Мамтил kg сайтынан окуп атышса керек. Ошол сайтта турат.

А. Шаматовдун ысмы учурда туулган кичи мекенибиз Лейлектин Ак-Суу айылындагы орто мектепке ыйгарылган. Райондогу мектептердин адабият сабактарында өмүр баяны, чыгармачылыгы окутулат. А. Шаматов атындагы адабий сыйлыкты түзүү иши да колго алынууда.

-Сиздин тилиңиз абдан ширелүү, бай, буга кантип жетишкенсиз?

— Жогоруда айтпадымбы, атамды окуудан чыгарып жиберишкен деп. Окуудан чыгып калган соң атам чылгый орус менен татар иштеген Сүлүктүнүн шахтысына карапайым жумушчу болуп кирип, шахты начальнигинин орун басарлыгына чейин жеткен. Бирок ал жактан да “эл душманынын” иниси кызматка көтөрүлүп атат деп жазып атышып кетиришкен. Ал ортодо согуш башталып кетип, атамды мурдакы аскер кадры катары согушка кете турган жоокерлерди алдын ала даярдай турган убактылуу лагерге инструктор кылып дайындашкан. 42-жылы өзү да майданга кеткен. Берлинге чейин жетип, жеңиш менен кайткан. Келгенден кийин Кыргызстанда жашагандан чочулап, кошуналаш Тажикстанга кеткен да, ал жакта мамлекеттик пединституттун өзбек тили жана адабияты факультетин аяктаган.  Ошондуктан биздин үйдө дайыма кыргыз, тажик, өзбек, орус классиктеринин китептери шыкалып турар эле.

Жаңылбасам, 3-4-класстан тарта эле түшүнүп түшүнбөсөм деле ошол китептерди окуп баштадым, жогорку класстарга келгенде кадимкидей окуп калдым. Менин тилим мына ушул тектеш элдердин тили менен жуурулушуп калыптанып калды, ошондуктан мунун таасири жазганда да билинип турат. Жазганда мына ошол тилдерден алынган тектеш сөздөрдү пайдалануу текстти өзгөчө ширелүү кылып, көркүн ачып турат. Бирок мында абдан кылдаттык талап кылынат, андай сөздөр биздин улуттук тилдин адабий нормасын “капа кылбай”, аны менен бир организм болуп, жуурулушуп турууга тийиш. Мындай кылдат чеберчиликти кыргыз жазуучуларынан айрыкча “Теңири Манасында” Ашым Жакыпбеков агабыз абдан кемелине келтире пайдаланган.

— Чынында өрнөктүү текст куруудагы чеберчилигиңиз, көркөм деталдар менен иштөөдөгү көжөлгөн мээнеткеч экениңизди “Мартин Иден” романынын кыргызча котормосун окуп атып да туйдум. Дегеле бул чыгарманы кыргызчага которууга эмне түрткү берди? Арийне, бул чыгарманы мурда Жоробек Султаналиев кыргызчага оодарып койгонунан кабарыңыз бар беле?

— Туура айтасың, Олжоке, бул романды буга чейин тээ 1970-жылы Жоробек Султаналиев деген агабыз которгон экен. Угушума караганда, бул эмгеги ошол кездеги адабиятыбыздын көрүнүктүү окуяларынын бири болуптур. «Мартин Идендин»  ошо киши жасап кеткен кыргызча котормосун болсо кечээ жакында эле кайсы бир адабий сайттан кокустан таап алып, окуп чыктым. Сураштырсам, Жоробек Султаналиевдин көзү эчак өтүп кетиптир. Бирок канткенде да эрдик кылыптыр Жоробек байкем. Жаткан жери жайлуу болсун…

Жек Лондон менин эң жакшы көргөн жазуучуларымдын бири, «Мартин Иден» романын болсо, биринчи курста окуп жүргөндө окудум эле, ошондон бери окуп келатам. Кайра-кайра окугандан түк тажабайм. Дегеле китепти бир окуп туруп, таштап койбойм, окуй берем, улам окуган сайын чыгарма башка бир кырынан ачылып чыга берет. Ч. Айтматовдун «Кыяматын» орусчасын да, кыргызчасын да дагы эле окуп келатам.

«Мартин Иден» — улуу чыгарма. Кайсы бир батыштык китеп Ассоциациясы бул романды дүйнөдөгү эң мыкты шыктандыруучу (мотивациялык) китептердин алдыңкы катарына кошуптур болчу. Бирок чынын айтайын, кыргызча котормосу менин купулума толгон жок. Анткени сөзмө сөз которулган. Көп сөздөрдүн мааниси таптакыр эле башкача болуп өзгөрүп да кеткен. Кыязы, Жоробек байкем алдына Юдахиндин сөздүгүн жайып алып, улам карап отуруп которгондой. Ошондуктан ар бир сүйлөмдү кайра баштан которуп чыгууга туура келди. Мен абдан урматтаган белгилүү котормочу байкем Мырзаян Төлөмүшов аксакал айткандай, мыкты прозада күчтүү ыргак жүрөктүн сокконундай болуп жыйрылып, кайра жазылып турат. Аны туя албаган котормочу ошол мыкты прозаны катардагы эле маалыматтык, супсак текстке айландырып салат.

Романдын кыргызчасын окуп чыгып кемчиликтерин көргөн соң, мындай чыгарманы кайра которуш керек деген ойго токтодум. Мөөнөт коюп алып туптуура үч ай дегенде аягына чыктым. Менин которгонум укмуш чыкты дегенден алысмын, кийин балким мындан да мыкты которгон бирөө чыгар. Айтор, аткарылган ишке сынчы да, тараза да боло турган —  бул улуу урматтуу Окурман.

Мага романдын дагы бир жүрөгүмө жакын жери — кай бир даражада Мартин Иден экөөбүз окшошпуз. Мисалы, Иден матрос болуп жүрсө, будуң-чаң түшкөн 90-жылдары (орустар лихие 90-ые деп коюшат ко) Шаматов алыскы сапарга каттаган жиндикана өңдөнгөн поюздарда көрбөгөндү көрүп, узатуучу (проводник) болуп жүргөн. Орустун эгерим күнү жылытпас көк жашыл кыйырларын түрө кыдырып, мигранттык турмуштун да даамын куп  таткан, жашоо деген кармашка табиятынан жоокер болуп жаралбаган, чабал куниктердин үмүтү өчкөндө, тагдырдан оомат талашып, бирде жыгылып, кайра туруп, өлармандана кармашкандан жазбаган, жадабаган. Мартин Иден тынымсыз жазса, Шаматов да күнү-түнү иштегенге эчак көнүп бүткөн.

Мартин Иденди кыргызчалатканга түрткү берген дагы бир чоң себеп бар. Мартин Иден окурманды көксөгөн максатка жетмейинче жаны тынбаган өжөрлүгү менен тарбиялайт, кантип ийгиликке жетиштин жолун көрсөтөт. Ал эми биз жашап аткан капитализм доорунда ого бетер, буга жетсем деген жаштар көп. Жогоруда айтпадымбы, бул роман дүйнөдөгү эң мыкты мотивациялык он чыгарманын бири деп аталганын. Жолун таппай адашып, тиякка бир, биякка бир урунуп, катын-баласын тыңыраак багалбай, башы маң болуп жүргөн адамдар көбөйдү биздин кыргыз ичинде. Ошондой адамдар кудай жалгап, окуп калса, алдыга умтулган жаштар окуса, жашоосун өзгөртсө деген эле тилек. Биздикилер таптакыр эле окубай калды да азыр. Китеп окуган адам андан жашоо турмушка карата кандай суроосу болсо, баарына жооп таба алат. Мен акылдуусунуп жаткан жерим жок, Олжоке, күйгөндөн айтып атам. Башкысы, биз да алдыңкы, өнүккөн эл болсок, улутубуз мыкты улуттардын катарына кирсе деген үмүт. Орустар айткандай, ради этого стоит жить и биться в доску до последнего! Мына ушундай изги ниет үчүн жашап, карууну казык, башты токмок кылып акыр аягына чейин кармашканга арзыйт!

Акырында айтаарым, “Мартин Иденди” которуу менен кыргыз адабиятына аз гана болсо да салымымды кошкум келди.

– Дегеле жеке чыгармачылык менен алектенүү жеңил бекен же котормо өнөрү менен алышканбы?

— Менин жакшы маанайым да, ыракатым да, эс алуум да чыгармачылык менен алектенүү, жазуу, которуу. Кайсы бир тойго барып, беш алты саат убакыт кетирип отургандан көрө барбай жаман көрүнүп, китеп окуганым артык.  Өзүмө жаккан бир адатым бар, абдан ылдам иштейм. Машиненин ылдамдыгына салыштырып айтсам, саатына 180 чакырым ылдамдык менен жазат болушум керек.  Муну мени менен иштешип калгандардын баары билет, ошондуктан иштин эң эле көлөмдүүсүн да, күйүп атканын да мага тапшырышат.

Ушул жерден бир кызык окуяны эстей кетейин, ал так ушундай ылдам иштегенге байланыштуу. Мени райкомпартиянын мотору деп эсептеген агитация жана пропаганда бөлүмүнө инструктор кылып алышкан эле жаш кезде. Ал жердеги эң барктуу иш — биринчи катчыга доклад жазуу болуп эсептелет экен, аны мыктылардын мыктысына тапшырышат экен. Мага чейинки иштеген киши биринчинин докладын туптуура бир ай жазчу тура. Мени да сынап көрөлү дешти окшойт, ошол ишти тапшырышты. Байке кантип жазганды үйрөттү барганда. Толтура гезитти астына үйүп алып, (“Правда”, “Известия”, “Советтик Кыргызстан”, райондук гезиттин подшивкасы) тигинисинен, мунусунан улам керек жерин тандап, кыркып алат экен да анан кийин райкомдун тийиштүү бөлүмдөрүнөн маалыматтарды чогултат экен. Материал чогулуп бүткөндөн соң өх деп бир күн эс алат экен да, анан келип кабинетин ичинен илип алып, үстөлүнүн астына бир бөтөлкөнү ачып коюп, шымалана докладка отурат экен.  Элдин баары аны доклад жазып атат деп урматтап, эч ким калакат бербей, бары жогу билинбей, кабинеттен бир ай бою чыкпай коёт экен.  Мага: “Сен эми опутуң жок бул жооптуу ишке, ошондуктан жарым ай кошуп берейин”, — деп 40 беттик докладга бир жарым ай мөөнөт чектеп берди.  “Үкөм, эми уятка калтырба, бүтүрө албай каларыңды сезсең, дароо мага кабар бер, экөөлөйбүз”,- деди да таштап кетип калды.

Мен эски докладды окуп чыктым да, керектүү данныйларды ошол күнү эле чогултуп алып, докладды жазып баштадым. Үчүнчү күнү эртең менен бүтүрүп, машинкеге бастырдым да жанагы байкени чакырып астына таштадым. Алактап дароо жетип келди, ушундай болорун билгем, но ничево, ушинтип үйрөнөсүң дейт кирип келип эле. Көрсө, ал мени доклад жазалбай чакыртты деп ойлоптур.  Бүттүм деп колуна карматтым. Оюнуңду койчу дейт. Ачып окуп чыкты, тиягын карады, биягын карады, дагы эле ишенбей турду.

Тиги байкуш киши бир ай бою ыйынып атып, жазганда да чалжырама, уккан кишини уктаткан казыналык супсак стил менен жазат экен. Мен карапайым тил менен эле, негизги ойду алып туруп, жазып салдым да. “Азамат экенсиң үкөм, эми мунуңду шеф жактырат болду бекен?” – деди. Пленумга жакын калганда экөөбүз кечки саат ондордо чарбаларды кыдырып кайткан биринчиге кирдик. А киши шашпай карап чыкты да: “Ким жазды?”- деп сүрдүү сурады. Мен жакпай калган экен деп чочуп кеттим. Тиги байкем да ошентип ойлоду окшойт, шак эле мени көрсөттү. Иш өлдү дегендей кылып, мени аяп да кеткендей болду. Жер тиктеп отурабыз. Бир маалда биринчи катчы башын көтөрдү да мени карап туруп: “Азаматсың, Баланчаев! Докладды мына ушинтип жазыш керек, жөнөкөй, окуганга да жеңил болуптур! Бүттү, эми мындан кийин менин докладымды, ар кандай иш-чараларга сүйлөй турган сөздөрүмдү бүт ушул жигит жазат, сиз башка иштерди аткара бериңиз, Мурат Жайнакович”, — десе болобу. Ошентип ардактуу ишинен айрылып калган Мурат Жайнакович көп өтпөй райондук гезиттин орун басар редактору кызматына которулуп кетти.

Котормо менен алектенүү мага өзгөчө ыракат тартуулайт. Котормо мага спортчу күн сайын машыгып, формасын кармаганга жардам берчү тренажердой сезилет. Убактымдын тардыгы негизги көйгөйгө айланган. Анан азыр китеп жазып бер деп буюртма бергендер көп, кадыр-көңүл сиңишкен кишилерге жок дей албайсың. Буга да убакыт керек, кылып аткан жумушуң да калып кетпеши керек, айтор, көп иштин башын кошоктоштуруп байлап алып келатам.

Баса, бир кезде жарыбаган турмуштун айынан бакты-таалайын издеп чет жактарга чыгып кетишкен, бүгүнкү күндө бутка бекем туруп иштеп атышкан мекендештердин тагдырын чагылткан “Улуу көчтүн урпактары” деген көлөмдүү китеп жаздык Нурдинов Абдыжапар, Болот Таштаналиев үчөөбүз. Китеп калың, бир жагы кыргызча, экинчи жагы орусча “Соотечественники” деген ат менен чыкты. Кыргызча текстин берки эки досум, орусчасын баштан аяк которуп, өзүм жазып чыктым. Китеп КМШнын мамлекеттер аралык китеп көргөзмөсүнө коюлуп, 3-даражадагы дипломду утту.

Окурмандар буга чейин сиздин «Дөңгөлөк жылдар», «Сахалин сапары», «Кумдуу чөлдөгү бейиш же Арабстан таасирлери» сыяктуу чыгармаларыңыз менен жакшы тааныш. Учурда иш үстөлүңүздө эмне жатат, дегеле көркөм чыгарма жаратууга убакыт таап атасызбы?

-Чыгарма жазсам деген оюм албетте бар. Сюжеттер, идеялар, өзөк кылып алар окуялар толтура. Эч кандай зомбулугу, зөөкүрдүгү, каны, өлүмү, бандиттери жок эле жөнөкөй турмуштан алынган карапайым адамдардын тагдырын чагылдырган, окуган адамдын жүрөгүн жылыткан, жакшылыкка чакырган ыйманы ысык чыгарма жараткым келет. Бир окуя көптөн бери көкүрөгүмдө тыбырчылып жүрөт, ошону чакан повесть кылып жазсамбы деп жүрөм. Баштай албай атам, баштасам эле беш алты күндө жазып салмакмын. Убакты сааты келер, ошондо эч кайда качып кутула албайт.

– Сиздин эмгекчил экениңизди билебиз. Бирок кээде чыгарма жазууда дал ошол эмгекчил авторлор бааланбай калган учурлар көп бизде. Сиз да бүгүн өз бааңызды албай келаткан сүрөткерлердин бирисиз. Арийне, ошого карабай жазып таштаган кандай чыгармаларыңыз өз окурмандарынын колуна жете элек болду экен?

Колго жазылган аңгемелер бар эле, алардын баарын компьютерге басканга таптакыр эле убакыт таппай атам. Андан тышкары, жогоруда аталган “Улуу көчтүн урпактары” калың окурманга жетпей калды, анткени китеп андагы каармандарга гана таратылды, бирок электрондук версиясы турат, кааласаң, сунуш кылышым ыктымал.  Анда не деген укмуш тагдырлар баяндалган…

Уландысы>>>>>>>>>>>

Маектешкен Олжобай Шакир

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.