(Чексиз мээримдүү, жана ашкере ырайымдуу Аллахтын аты менен….)

«Чеч-Дөбө» кеңешинин “Улут абийри” наамы маркум журналист Улан Эгизбаевге тапшырылып жатат. Албетте, өтүп кеткенден кийин… Адатта биз, кыргыздар адамдардын жакшылыгын өткөндөн кийин эстейбиз. Улуу тоонун улуугу алыстаган сайын даана көрүнөт демекчи, бизден бөлүнүп ажыраган сайын, алыстаган сайын адамдын да кадыры өсө берет окшобойбу…

Мен  «Чеч-Дөбө» кеңешин айыптагым келген жок, анткени ал өз убагында татыктуу адамдарга сый-ургаалды көрсөтүп, адамкерчиликтин парзын аткарып жатышат.  Публицист Нарын Айыпка, профессор Эмил Шүкүровго берилген сыйлыктар анын жаркын далили. Болгону – негедир, бизге энчилүү сыяктанган жорук эсиме түшүп кетти. Ошол.

Татыктуу эмгекти баалай билүүгө Мухаммад (алейхис салам) пайгамбарыбыз: “Ар бир инсанга татыктуу ордун бергиле, өзүнө жараша урмат-сый көрсөткүлө!”(Абу Дауд, Сунан), деп үндөгөн. Андыктан, бүгүнкүдөй иш-чараны дал ошол бүтүндөй ааламга мээрим болуп жиберилген улуу инсандын жөрөлгө-сүннөтү десек аша чапкан болбойбуз.

Советтер доорунда Кычан Жакыпов, Павлик Морозов сыяктуу пионерлер үлгүлүү болууга үндөгөн жандуу портреттер кайсы бир деңгээлде өзүнүн маанисин жоготту, балким толугу менен жоготту десек деле адашпайбыз. Анткени ал ошол доордун жасалма баатырлары, жарымы жалган жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн жаратылган кейипкерлер эле. Эсил кайран эски доордун кетүүсү менен баары бүттү.

Чыныгы баатырлык, асыл үлгүлөр эч качан картайбайт. Замандын оошуп кетүүсү алардын эрдиктерин эскиртпейт. Жасалма, кара күчкө салып эмес, табигый тандалуунун эсесинде жаралган баатырлар түбөлүк баатырлар.

Улан Эгизбаев да мына ошол муундан муунга акыйкат жарчысынын үлгүсүн чагылдырып жашай берет.

Пайгамбарыбыз  алейхис салам перзенттерге жакшы ысым коюуну сунуштаган. Араб элиндеги “заты атынан” деген кептин төркүнү да ушул хадиске барып такалат шекилди. Уланга ата-энеси арзып ат койгондо улансын, үзүлбөсүн, токтобосун деп ниеттенген экен, жалган өмүрдөн көзү өтүп кетсе да анын тукуму уланып, иши уланып, чын өмүрдөгү жашоосу байсалдуу көчтү улап кетти.

Кыргыз элинин алдындагы улуу милдеттеринин бири мына ушундай таасын баатырларыбызды кагазга түшүрүп, кийинки муунга калтыруубуз кажет. Тарых түбүндө жасагандыкы болгону менен, жашоодо жазгандыкы болуп келе жатуусу эч кимге жашыруун деле эмес.

“Чеч-Дөбө” кеңешинин интеллектуалдар альянсынын мүчөлөрү менен таанышып жатып, эленип келген берекелүү үркөрдөй топтун мыктылыгына таң берем жана келечектеги иштерине ийгиликтерди каалайм.

Мурдатан белгиленген олуттуу иш-чарам бар болуп, аны өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк таба албай калгандыгымдан улам, айтар биртике сөзүмдү Олжобай Шакир мырзага аманат катары таштап кетем. Жаза тайып мага кеп кезеги келип калса менин үзүрүмдү жеткирип, сөзүмдү окуп коюусун үмүт кылам.

Урматтоо менен Чубак ажы…

17\10\2018, Бишкек, Даанышмандык ордосу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.