№15

Кыргыз поэзия жанры — проза жана драмага караганда абдан активдүү, тематикалык жана формалык жактан көп түрдүү, адамзаттын жашоосун, сезимдерин, аруу тилек-каалоолорун чагылдыруу жагынан эң эле алдыда өнүгүп келе жаткан түр. Мыкты өкүлдөрү төкмө жана жазгыч акындардан тартып, профессионалдуулукка жетишкен К.Тыныстанов, А.Токомбаев, А.Осмонов, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиев, О.Султанов, С.Акматбекова ж.б. ысымдары менен толукталып келе жаткан азыркы кыргыз поэзиясында кандай жаңылык бар? Улуу көчтүн жолун улагандар барбы, кимдер китептерин жарыялап, кимдер адабий процесске аралашып жатат?

Чыныгы ыр жолун тандагандарбы же акчалууларбы, мактаанчаактарбы же китептеринин санын арбыткандарбы? Айтор мындайда суроо бир, жообу миң. Анткени азыр заман ушундай. Демократия, ар ким каалаганын жазып, китеп кылып бастыра берет. Бирок окугандар барбы? Суроо бир, жообу да бир, ал — түшүнүктүү. Илимий-техникалык прогресс күчөгөн сайын сүйлөбөй да калбадыкпы, баарын жазып калдык. Мейли, социалдык тармактарда, мейли SMS формасында, мейли What’s Appта. Жазганды баары билет дечи, окурмандын жүрөгүнөн түнөк таап жаза билгендер аз го, чамасы. Көңүлгө кыт куйгандай, көөдөнгө уюта ыр саптарын калтыргандар да сээлдеп бара жаткандай. Баары техникалашып бара жаткан сайын көркөм чыгарманын зарылдыгы артып, жан-дүйнөнү бир эс алдырып, рухий канагаттанууну талап кылып турган чакта, 2017-жылы жарык көргөн эки китеп колума тийди…

Адабият – жандуу, ар дайым өнүгүп-өсүп, татаалдашып, дүйнөлүк адабий үлгүлөр трансформациялашып улуттук мүнөзгө ээ болуп турган искусствонун бир түрү. Кыргыз адабияты да профессионалдуулукка жетишкен мезгилден бүгүнкүгө чейин жанрдык-стилдик жактан байып, поэзия көп түрдүүлөнүп, полифониялашып жаткан учур. Ырларынын  сырткы формалык жагы да, ички мазмуну да төп келген Алыкул Осмонов, С.Эралиев, С.Жусуев, А.Рыскулов,  А.Өмүрканов, Ш.Дүйшеев, Ф.Абдалова  ж.б. катарын дагы бир ысым толуктап келе жаткан экен. Ал – Нарынбек Жамангулов.

Акындын “Өмүрдөн өрүлгөн ыргактары” — аталышын чечмелеген, адамзат өмүрүндөгү жан дүйнө жыргалы менен азаптарын, тагдырдын катаал жазмыштарынан эсти оодурган турмуштун оор сыноолорун  жана бакытка балкыган ирмемдерди ыргакка салган китеп. Ырларды окуп отуруп, акынга элегиялык стиль “Атама”, “Атам жөнүндө дастан”, “Ыйыктарым”, “Апам жана түш”, “Жароокерим, жан апам” д.у.с. ырларынан байкалып турат. Аталышынан улам жана окуган соң, ырлардын ар бир сабы эненин мээримине, атанын асылдыгына арналгандыгына баа бердим.

“Эне” темасы поэзияда өлбөс-өчпөс тема эмеспи, бул темага кайрылбаган жан, ырга салбай калган акын жоктур. Эненин алпейимдиги, асылдыгы, мээрими, бырыш баскан жүзү, жүрөгүнүн алдында дагы бир согуп турган жүрөктү алып жүргөн касиети, уздугу, кечиримдүүлүгү, көрөгөчтүгү, айтор, баары ырга айланган. Башкалар сыңары Н.Жамангулов үчүн да эне  —  асылкеч, жароокер колдоочу. Эненин колунан жаралган бардык буюм, зат бала үчүн ыйыктыгы “Апакемдин шырдагы” ырында сезилип турат. Ырды окугандан кийин жан-дүйнөм эңшериле түштү. Анчейин байкоосуздукка алдырып койгон мүчүлүштүгүм көзүмө ийне сайылгандай сайылды. Бир кезде, Аристотель айткан “катарсис” (катарсис-көркөм чыгарма аркылуу окурмандын жан-дүйнөсүн тазалоо) кубулушу менин да жан-дүйнөмдү каптап кетти. Ыр окуучуну арууланта, тазалай да алаарына күмөнүм жок. Акын ырынын максатына жеткенин б.а. окурмандар арасында жүрөктүн түпкүрүндө кала турган ыр жаратканын сезди бекен?  Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет, көөдөндөн чыккан ыр көкүрөктө калаарын төмөнкү саптардан баамдаңыз:

“Апакемдин шырдагы”

Көз жоосун алган көргөндүн,
Көрктөнткөн ичин өргөөмдүн,
Көзүмө бүгүн тартылат
Шырдагын апам берген күн.

Алчудай жолдо жоготуп,
Кынаптап тыкан оротуп,
Жасаган ушул шырдакты
Көзүнүн майын коротуп,

Көз жоосун алып оюсу,
Таң калган көрүп орусу.
Бир бөлмө батир үй ичин
Көрктөнтүп ийген болучу.

Көп жылдар болгон салганым,
Тазалап, күбүп чаңдарын.
Керемет шырдак үстүндө
Керилип өстү балдарым.

Каргаша келип күтпөгөн,
Кайышып бүгүн бүт денем.
Апамдын көрүп шырдагын
Басалбай турдум бут менен.

Төшөбөй жерге кор кылып,
Четтерин түзөп кердирип.
Апамдан калган белекти
Тушума койдум илдирип.  (Жамангулов Н. «Өмүрдөн өрүлгөн ыргактар», 24-б.)

Ал эми “Апам менен түш” ыры акындын оор кайгысын чагылдырган. Эне чыныгы дүйнөгө жол салганында каның муздап, жаның качып турган абал берилет. Өзгөчө:

“… Өкүрүк, өксүк боз үй капталында,
Союлуп мал, короонун арт жагында.
Апакемди өлдү деп өкүргөндөр,
Үмүтүмдү акыркы өчүргөндөр,
Таркагыла, бул түш да, таркагыла…
Атакемди бир кезде жашырган жер,
Калың мүрзө. Жаңыдан казылган көр.
Казганактап топурак салган жандар
Ишенишип бул түшкө алдангандар.
… Бата кылып, үй жакка агылган эл.” (25-б.) – деген саптары акын Шайлообек Дүйшеевдин апасынын ордун баскан чоң энесине арналган ырына үндөшүп, арман жаңырып  турат:

“Чачылган кар, чачылган булут уруп,
Кар да кетти… Карарып, унутулуп.
Баёо тилек үмүтү талкаланган,
Бала кетти үшкүрүп, улутунуп.
Кар да кетти, кара жол караң этти,
Кар да кетти. Кар менен бала кетти.
Боздоттурар бейитиң боз шыбактуу,
Боз шыбактуу элесин ала кетти.
Чачылган кар. Карды жел козгоп турар,
Кайыңдынын шамалы коштоп турар.
Карагайлуу кайкыдан түшкөн издер,
Карагайчы кемпирди жоктоп турар…” (Жаңы Ала-Тоо, 2011, №4-5, 80-б.) Жогоруда байкалып тургандай, балага да, чоң кишиге да  эне – түбөлүк, эне – өчпөс  от. Ошентип, акын эненин гана ролуна токтолбостон, ата тууралуу “Атам жөнүндө дастан”, “Атама” өңдүү ыр серияларын жаратып, кыргыз поэзиясында ата тууралуу баллада жараткан экен.

Н.Жамангуловдун китеби тематикалык жактан “ата-эне”, “үй-бүлө” “арзуу”, арноо ырларын камтыйт. Андан сырткары, кыргыз поэзиясынын пири – Алыкулга, сөздүн күчүнө, касиетине  арналган “Сөздүн күчү” ыры көңүл бурбай койбойт. Ар бир адам сөзүнөн таанылат эмеспи, Нарынбек агай үчүн сөз “… күндөй ысык, жарык, кылычтай курч, антташ достой туруктуу, канкорду да ийге салып, сөз күчү, сактап калган канча элдерди кыргындан, сөздүн күчү ыргак менен айтылып, эр Манасты дастан кылган эмеспи” –деп жазганындай мааниге ээ.

Китептин 18-бетинде жайгашкан “Бул дүйнөнүн асылы” ыры “дүйнөнү сулуулук сактайт” деген эл ичинде афоризмге айланган сөздү тар маанисинде кыздын чырай,  дене-мүчө сулуулугуна чаптай салып, таңдайларын такылдаткандарга жооп катары жазылгандай.

“Сактайт – дешет, — сулуулук бул дүйнөнү”
Ал сулуулук асмандабы, күндөбү?
Салмагына сынып кетпей, үзүлбөй.
Бүт жер шаарын тиреп турган түшүрбөй,
Сулуулукту айтты экен дейм кимдеги? — деп өзү риторикалык суроо коюп, түбөлүктүү сулуулукту издеген акын сулуулукту

“… Бир билгеним, өлчөнбөгөн ченемге,
Касиети бек катылган тереңге.
Мээримине мөңгү түтпөй эриген
Аянбаган мен үчүн жан берүүдөн,
Бекем турган бир сулуулук –ЭНЕМДЕ.

Ишенимдүү жан шеригим жанымда,
Жашоомдогу эң бир кымбат табылга.
Очогумдун отун турган жандырып,
Мен өрттөнсөм кошо күйгөн албырып,
Ченеми жок бир сулуулук – ЖАРЫМДА.

Эч кимде жок жыпары бар жытында,
Үйүмдөгү ырыскым да, кутум да.
Бал тилинен дары жасап ичирген
Бакыт деген океанга тушүргөн,
Бир сулуулук айдай болгон – КЫЗЫМДА.” – деп  жар салат. Дал ушул ыр оригиналдуу жазылып, китептин орусча айтканда изюминкасы болгон.

Акындын китебин улантып барактап жатып, чыркыраган чындыкты издейм деп, күйүп кеткен канчалаган адамдардын тагдыр-жазмышына кайдыгер карабаган, азыркы заманда приоритет чындыкта эмес, жасалмалуулукта, алдамчылыкта экендигине далай жолу күбө болгон агай  “… Бардыгыңа ишене албай турамын” – деп күмөнсүгөн “Чындык” аттуу ыры бир топ ой толгоо жаратат. Деги чындык барбы, чындык азыркы оомалуу заманда кандай “өңдө”, кандай “кийимчен”? Мындай суроо бир катар сөз чеберлеринин калеми аркылуу  берилип келген. Учурунда чындыкка байланыштуу С.Байгазиевдин “Окурмандын бунту” ыры да Н.Жамангуловдун ыры сыяктуу окурмандардын ой толгоосун жараткан:

“… Керек мага поэзия!
Чындык үчүн чырылдаган,
Бороондой уруп турган.
Чындык деп ач бөрүдөй,
Туу жондо улуп турган.”- деп чындыкты сөз менен издегени бар.

“Өмүрдөн өрүлгөн ыргактардагы” көңүлдү бурган табият темасындагы т.а. жаздын илебинен, жамгыр менен ойлорун бөлүшкөн саптарынан, жогорудагы ырлардан башка, “турмуш-тиричилик” сериясындагы “Май саткан кыз”, “Эт саткан кыз”, “Гүл саткан кыз” өңдүү ырларынан да романтикалык маанай сезилип турат. Жыйынтыгында, Н.Жамангуловдун аталган ыр китеби бир дем менен окула турган, сөздүн маанисине терең баа берген касиети, арасынан айрымдары жүрөктүн түпкүрүнө катылып кала тургандай, жөнөкөй, сезимдерин жашырбай ырга салган өзгөчөлүүлүгү аркылуу эсимде калды.

Кийинки сөздүн багытын  “Көз мончок”, “Деңиз муң”, “Чач агарткан чакырым” ыр жыйнактарынын автору, Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Атахан Кожогуловдун “Тоо тумар” аттуу жыйнагына буралы. Чыныгы акындын чыныгы жашоосу ыр саптарында, өлбөстүгү, өчпөстүгү да дал ушул ыр саптарында. Анын сыңары А.Кожогулов да “… мезгилде эмес, ыр саптарында жашап”, поэзия ааламына “… күндө менден сага кетет тарам жол” деп, ырларына аяр мамиле жасаганы көрүнүп турат. Кыргыз Эл акыны С.Эралиевдин “Атахан Кожогулов ырларында эч кимди туурабаска, өзүнчө болууга, ойду терең образдуу айтууга умтулат. Дүйнөгө, турмушка, аны менен бирге ички, тышкы табиятына өз көз карашы бар. Муну ырлары да айтып турат.” – деген ой-пикирин “Тоо тумар” китебинин мукабасынан окуп, ойлонуп калдым. С.Эралиевдей кыргыз поэзиясында табият менен камыр-жумур аралашып, “чөптүн онтогонун” сезген акын болбостур. С.Эралиев – жаратылышынан  табиятка жакын, андан күч-кубат алган акын. Бул туурасында учурунда “Сага айткан сыр” аттуу макаламда жазганым бар. Акындын “Сага айткан сыр” эссе китебин окуганымда, андагы философиялык ой жүгүртүүлөр, турмуштук тыянактар, улуу инсандын ой-туюм, сезимдери абдан таң калтырган. А.Осмоновду устаты катары эсептеген С.Эралиевдин өзгөчө ыр шилтемтемдери көпчүлүк окурмандардын эсинде калды деген ойдомун. С.Эралиевди устат катары пир тутуп, жазгандар канча, алардын арасында А.Кожогуловдун аталган ыр китебинин жарымынан көбү Эралиевдик стиль менен жазылган.

Башкача айтканда, ойлорун табият менен ширелиштире параллель түзүүгө аракеттенген. Мисалы, 50-бетте жайгашкан шамал тууралуу ырындагы  шамал –метафоралуу мааниге ээ, себеби, акын өзүнүн  мүнөзүн шамалга окшоштурат, шамал  акынды жандап, жашоо-турмушунун күбөсү болгон жайы бар, шамал – ата-бабалардын баянын айтып берип турган өзгөчө касиетке ээ экендигин айтып өткөн экен. Дал ушундай нота С.Эралиевдин “Жаңыл Мырза жана Шырдакбектин боз жорго” поэмасында арбын кездешет. Лирикалык каарман менен Жаңыл Мырзанын сүйлөшүүлөрү, алардын диалогун угуп жаткан жел ж.б.у.с. шарттуулук ыкмасындагы сюжеттик өзгөчөлүк А.Кожогуловдун поэзиясында да бар. “Тоо тумардын” тематикасы көбүнесе жаратылыш жана адам, арзуу, мекен жана арноо ырларынан турат. Арасынан кийинки “Сага” аттуу ырына көзүм түштү.

“… Жароокер жар, кыздарыма энесиң,
Жарык күндө мен таянган белегим.
Бүлүнгөнүм, чебер колдой кайра оңдоп,
Чачылганым жыйнап, терип келесиң”, – деп өмүрлүк жарына ыраазычылыгын билдириптир. Көркөм сөзгө берилген адамга жар болуу кыйын окшобойбу, атырылып, оргуштап турган мүнөзгө чыдоо өтө кыйындыгын Шайлообек Дүйшеевдин “Отко чуркаган бала” даректүү тасмасынан угуп-көрүп калган жайым бар. Азыр карасам, Ш.Дүйшеев жана А.Кожогуловдун саптары бири-бирин кайталап отурат. Демек, акындын жары болуу абдан катаал сыноо деген жыйынтыкка келип, ошол чачылганды жыйнаган, бүлүнгөндү бүтөгөн жарларына ыраазычылык билдирип, ырларын арнаганына ыраазы болдум.

Негизи, А.Кожогуловдун поэзиясында Султановдун жолун жолдоп жазылган ырлар арбын  экен. Кыргыздын   сүйүү лирикасын байыткан Омор Султановдун “Сен жөнүндө” поэмасы өз учурунда жана бүгүн да актуалдуулугун жоготпой келгендиги анык. Акындын ырлар циклине атактуу обондор жаралып, кыргыз эли оболотуп ырдап жүргөндөрү бар.  “Сен жөнүндө” поэмасы көңүл кушун козгоп, айрым түрмөктөрдү жат айтууга, ашыгыңа поэма аркылуу сезимиңди билгизүүгө жардам берген учурлары аз эмес. О.Султановдон кийин мындай багыт, т.а., музасына арноо ырлары А.Кожогулов аркылуу улангандай.

“… Калем алып сени жазып бүтпөдүм,
Көздөн учуп, өңдө болбой түштөгүм.
Өмүрүмдүн аягына чыгаармын,
Өзүң болуп түткөнүм да, күткөнүм” – деп өмүр бою “…кайра дагы, күтүп алгым келет сенин жолуңдан” – деп музасына сагынычы артып, “… мага күйөөр өзүңдөй эч болгон жок, келе жатам наристедей аялуу, көрөмбү – деп, карааныңа зар болуп” – өңдүү саптарын тартуулап, алыстагы асылзатына “… барайын десем баралбай, өзөндөй сага агалбай”, “… өзүн-өзү кечирбей жазалап” – жүргөнүн арманга салып, элегиялык нота тартуулап, музасына арналган арзуу ырларында Султановдук стиль байкалып турат.

Албетте, “Тоо тумарда” жогорудагыдай эстетикалык ырахат тартуулаган ырлар менен катар айрым мүчүлүштүктөр кездешпей койбойт. Поэзияны ардактап, ырлар аркылуу көйгөйүн айтып, ырды байлык туткан турбайбы  деп окуп бара жатып, ырдагы муун өлчөмүн сактоо үчүн акын айрым сөздөрдүн тыбышын түшүрүп кураган строфаларды окуганыңда “мүдүрүлүп” кете жаздагандай абалда калган учурлар болду. Сөзүбүз куру болбосун, бир мисалын байкайлы:

“Ырларга сүйүүм артамын,
Ырларда жазар, айтаарым.
Байлыкты эмес, ыр издеп,
буудандай чуркап бартамын.

Жакшылар коштоп жан-жагым,
Жылдызга үмүт байладым.
Бийликке эмес, сүйүүм деп,
Буурулдай чуркап бартамын.” (70-б.)

Кыргыз ырларына мүнөздүү сегиз муундук уйкаштыкты кармоого болгон аракет ырдын кабыл алынышына кедергисин тийгизип койгондугун көрсөтө кетишибиз керек.

“Тоо тумарда” акындын эки поэмасы “Тоолорго табынуу” жана “Эне бешик” орун алган. Сөз кароолуна “Тоолорго табынуу” поэмасы илинсин деген ойдо турабыз. Жанры боюнча поэмабы же жокпу деген суроо туулбай койбойт. Анткени, даярдыгы жок окурман сюжетти кууп окуй албайт. Ал эми  поэма болуу үчүн сюжеттик линиянын болуусу шарт. Айрым учурларда акындар лирикалык каармандын жан-дүйнө кыймылын ырга салып, татаалдаштырып көркөм чыгарма берип койгон учурлар бир далай талаш-тартыштын түйүнүнө айланып келген. Анын сыңары А.Кожогуловдун жогорудагы чыгармасы жөнөкөй ыр түрмөктөрү эмес. Ал – чыныгы поэма. Улуту кыргыз болгон акындын лирикалык каарманы, б.а. өзү кыргыз тоолору аркылуу КЫРГЫЗдын жан-дүйнөсүн кеңири ачып бергенге жетишкен.

Кыр жонунда ызгаар жатат какшаган,
Кыялымда бийиктемин буйдалбай.
Ак келтесин колуна алып аскадан,
Атам Манас мени тиктеп тургандай… — деп башталган поэма кыргыз тоолору ичине карт тарыхты камтып турганын саймедиреп, ачык айтпаса да, кыргыз элинин көз карандысыздыгын сактоо үчүн болгон душмандар менен күрөшү, ошол эле учурда уруулук чабыштар, улуттук-боштондук күрөштөгү кырылган элдин “…тээ кырларда бабалардын сөөгү бар”, “… капилеттен үзүлөөрдө тукуму, кыргыз элин кыргыз тоолор сактаган” деп эскертип өтөт.

Эгемендүүлүккө жеткен элдин колдоочусу да “улуу тоонун кудурети” экен. Элди кулдукка бербеген күч да, калыстык да  кыргыз тоолорунда, ал эми аппак чокулар ак сакал карыяларга салыштырылып алга жол баштаганын “ак чокулар өткөндөрдү терметип, азыр бизди карап турат көсөмдөй” деп, кыргыз эли тоолорсуз жашай албастыгын жазып, акыркы саптарында окурмандарга насааттык мааниде төмөндөгүдөй дейт:

Тоо кырынан муундар чубап өткөндөй,
Бийиктерге бара турган жол болсун.
Келечектин кыргыздары бөксөрбөй
Кенендигин ала жүрсүн тоолордун.
Тоолор баарын жан-жагына сыйгызган,
Теңир берген пайгамбары ойлордун.
Бизден кийин келе турган кыргыздар,
Бийиктигин ала жүрсүн тоолордун. (119-б.)

Ошентип, аталган поэмада А.Кожогулов ушунчалык төгүлгөн экен, мекенчилдик сезими менен оргуштаган түрмөктөрдү жазып, акын үчүн тоо жашоонун нак өзү экенин

Ырды жазбайт элем тоону сүйбөсөм,
Ырым менен тоо узартат жашымы.
Менин жаным тоо мекендеп жүрсө экен,
Ичээр суум түгөнгөндө акыры!- деп баса көрсөтөт.

Жыйынтыгында, А.Кожогулов ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн, эралиевдик мектептин шакирти катары табиятка өзгөчө маани берип, кастарлаган, символдорду кеңири колдонгон акын деген ойго токтодум да, жогоруда 2017-жылдын поэзия түшүмүнүн катарында орун алган эки ыр китептин ички маңызы жана табияты тууралуу азын оолак пикир жазып, эки акынга калеминин сыясы кургабай, жаза берүүсүн каалар элем.

Конкурстук эмгектер топтому

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.