«Улут абийири» наамын аталган сыйлыктын 2017-жылкы лауреаты Н.Айып У.Эгизбаевдин апасы Ж.Сариевага тапшырууда

Бүгүн, 18-октябрь күнү интеллектуалдар альянсынан куралган «Чеч-Дөбө» кеңешинин чечими менен Улан Эгизбаевге ыйгарылган «Улут абийири» сыйлыгы анын апасы Жыпаркүл Сариевага тапшырылды. «Чеч-Дөбө» кеңеши уюштурган сыйлык берүү ишчарасы Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүп, кеңештин мүчөлөрү – белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, «Азаттык» радиосунан бирге иштеген кесиптештери, Жогорку Кеңештин депутаттары Уландын жарк этип улуттун жүзүн жаркыткан да, улут абийирин ойготкон да инсан болгондугун таасын белгилешти.

«Бешик боо бек болсун!» деп Жыпара айымды Уландан калган Белеги менен куттуктап сөзүн баштады «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир. Андан ары сөзүн улап, жомоктогу жети баштуу ажыдаарды жалтанбай барып жеңген баатырдай болуп, Улан мамлекетте жети баштуу ажыдаардай болуп турган коррупцияга каршы жалтанбай күрөштү, сиз баатырдын апасысыз деген кубаттоо сөздөрүн жолдоду.

Бир нече куттуктоо сөздөн кийин сөз алган белгилүү публицист Эсенбай Нурушев улут абийирин жоготуп турганда, улут абийири болуш кыйын деди. Каргашалуу күндөн бир күн мурда жазылган Уландын фейсбуктагы «Кыргыз бирин-бири өлгөндө гана өлөрчө мактайт…» деген сөзүн эскерип, жалпы эле коомчулукка, саясатчыларга мындай суроо салды: ошондо, Улан ачык ашкерелеп жатканда, эмнеге унчуккан жоксуңар? Дымыңар чыккан жок эле го.

Бул суроого өз кезегинде сөз алган Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз мындайча жооп кайтарды: «Саясатчылар да элден, коомдон чыгат. Коомдо түркөй, бейбаштар көп болсо, парламентте да көп болот. Жүрөгү таза, эмгеги актар коомдо аз болсо, парламентте да аз болот. Чындыкты айткандар, ашкере кылгандар болду. Аларга каршы аёосуз күрөш болду, камашты. Али күнчө камалып отурушат айткандар.

ЖК депутаттары: А.Нурбаев, К.Иманалиев, С.Шер-Нияз

Жай жүрөсүңбү, тез жүрөсүңбү, маанилүүсү – түз жүрүү керек. Улан тез жүрүп, түз жүргөн экен. Мына минтип урмат-сыйга татып отурат», — деп белгиледи.

Дин аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев

Кесиптешинен кийин сөз алган депутат Каныбек Иманалиев чындыкты айтып күрөшүп, бийликтин ур-токмогуна алынып аткан кезде, «Азаттык» радиосу менен Улан чоң колдоо көрсөткөнүн, сот залындагы башаламандыктарды эч кимден жалтанбай түз алып элге жеткирип турушкандарын белгиледи. Мамлекеттик сыйлыктар шопур, жан сакчыларга берилген убакты эске салып, эл өкүлү «Улут абийир» сыйлыгын жүрөгү улут деп соккон Улан Эгизбаевге берип жаткан «Чеч Дөбө» кеңешине терең ыраазычылык билдирди.

Көз жашы менен уулунун сыйлыгын колуна алган Жыпара айым уюштуруучуларга, Уланды урматтап эскерип турган жакын санаалаштарына терең ыраазычылыгын айтты. «Сыйлыкты Улан өзү алса болмок, бизге анын сыйлыгы эмес, тирүүлүгү керек эле», — деген эне жакында жалпы элдин кубанычына жарык дүйнөгө келген Уландан калган туяк – небереси Белек чоң сооронуч болгонун айтып, анын өмүрү үчүн, ата уулу болушу үчүн  элден бата сурады. Отургандар эненин тилегине жапырт кошулуп, Белекке бата тилешти.

Кеченин соңунда жаш акындар ыр окуп, «РухЭштин» дайымкы окурманы, мурда апасы окуп берип жүрсө, эми өзү эле окуп калган кичинекей Элиза жогорку чеберчиликте жомок айтып берип, кеченин көркүн чыгарышты. Андан соң меймандар дасторкондон даам татып, кеңири баарлашышты.

Улан Эгизбаев дагы да жакшы жөрөлгөнүн себепкери болуп келет…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.