Ат-Башы районунун Казыбек айылы Ыбырай Абдырахмановдун 130 жылдыгын белгиледи.

Соӊку жылдары белгилүү адамдардын майрам – мааракелерин өткөрүү оюнга жана ооруга айланды. Өкмөт өзүнө келген сунуштарга ары карап ыйлап, бери карап күлүп, токтомун чыгарымыш болот. Артынан сая түшкөн кишиси болбосо, чечимин ошону менен унутат. Бир кездерде чечим чыгаары менен тийиштүү комиссия (топ) түзүлүп, жооптуу адамдар, каржысы каралаар эле. Азыркы атка минерлер катышканын, сүйлөгөнүн колколоп, такыр башка тактиканы тандап алган. Бүгүн ошондой мааракелердин бири тууралуу окурманга отчет берели.

Ыбырай деген ысымды кат тааныгандан тартып билем. 1958-жылы жарым кылым ызы-чуудан кийин «Манас» китеби биринчи жолу толук түрүндө жарык көргөн. Андан бери туура 60 жыл болуптур, өзүнчө юбилей. Ыбырай Абдырахманов Өкмөттү  тажаткан баатырлардын, даткалардын, акелердин жана башкалардын катарына (категориясына) кирбейт. Бул кишинин жолу таптакыр бөлөк.

Ал – алгачкы агартуучу, манасчы, санжырачы, акын, тарыхчы, этнограф, илимпоз, фольклор жыйноочу. Тоодой эмгек кылып, толгон сыйлыктарды алып, ал кездеги туташ сабатсыз кыргыздардан чыккан сейрек билимдүү адам.Анын чыныгы орду Арабаев менен Тыныстановдун жанында. Профессор Эсенбек Мамбетакунов айткандай – кыргыз Ломоносову. Эгер Ыбырай молдо болбосо, манасчылардын төрөсү Сагынбайдын Манасы болмок эмес. Саякбай, Шапак, Тоголок молдо, Молдобасан, Багыш, Жаӊыбай, Акмат, Жакшылык ж.б.манасчылардын варианттары жазылбай, жазылса да толук болбой калмак. Молдокем 60 жыл бою майда эпосторду, жомокторду, фольклордун майда дебей, чоӊ дебей бардык жанрларын чогултуптур. «Манастын» сакталып турган 70тен ашык вариантына тиешеси бар экен, бизге жеткен ондогон манасчылар тууралуу маалымат калтырган бирден-бир окумал киши эмеспи. Ушунчалык укмуштуу байлыкты эл оозунан топтоого жалгыз киши кантип үлгүргөн? — деген суроонун жообу  да, ал тууралуу кенен билбеген адамды таӊ калтырбай койбойт.

Биринчиден, бул кишинин эске тутуусу бир аз апыртсак бүгүнкү магнитофон, диктофон, компьютердей эле болгон экен.Сагынбайды,башкаларды стенографисттик ыкчамдык менен жазып үлгүрүп, калганын эске тутуп, кийин толуктап койчу тура.

Экинчиси, Акмолдо атабыздын аялзатына алаксыбай, бой жашаганы кыргыз маданияты, кыргыз эл оозеки адабияты үчүн чоӊ олжо болгон экен. Катын-бала бакпаган соӊ, молдокем чайын ичип, намазын окуп, бир аз уйку аралаган соӊ, үйүбү, кызматыбы, саатты билбей күнү-түнү күжүлдөп иштей берчү дешет. Алгач арабча жазса, кийин тубаса зээндүү киши латын, орус алфавитинде жорголотчу экен. «Буларыӊ ким, качан кетет?» — деп тергеген кожойкеси болбогон соӊ, калем акыларын чогултуп Герцен көчөсүнөн сатып алган үйү, кадимки эле мейманкана болуптур. Улгая түшүп, колу калтырап калган Тоголок Молдону үч жыл үйүнөн кетирбей жазыптыр. Үч доорду көрүп, үч облуста жашап, үч алфавитте жазып, 700 басма табак (кемиде 25 том) мурас калтырып, Кайран гана кыраакы молдокем, көзү тирүүсүндө эле түбөлүк жатчу жайын каздырып, өзүнө таштан эстелик жасатып кеткен экен. Биз, ага бир эстелик кое албасыбызды билсе керек!.

Эстелик демекчи, Улуттук филармониянын астындагы айкөл Манас, акылман Бакай, ургаачынын төрөсү Каныкей апабыздын, аны айланта салынган манасчылардын эстелигин жасагандар, аларга кеӊеш бергендер «Манас» эпосунун бетин ачпаган пенделер болсо керек! Кайсы бир элдин кайсы бир баатырынын көчүрмөсүнө окшоп, семиз бээ минип турган Сейтектин  орто саар айкелин Манас дешке болобу? Же Сагынбай менен Саякбайдын катарындагы карыяларды кантип Тыныбек жана Найманбай деп айтабыз. Ал жарыктыктардын сүрөтү же өз ооздорунан жазылган “Манасы” жогуна көз жумабызбы?

Эмне үчүн бул төрт манасчынын бирөө – жарым тонна кагазга Манасты жазган, жайнаган сүрөттөрү бар Ыбырай Абдырахманов эмес? Биздин скульптор, архитекторлор, аларга кеңеш берген билермандар кылымдап тура турган мындай чоң эстеликке ушунчалык кайдыгер карайбы?

Шаардын жүлүнүндөгү ушул эстелик комплексти долбоорлогондор курамына К.Маликов, А. Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Юдахин, М.Ауэзов, К.Айтиев, К.Жантөшов, А.Салиев,, Б.Керимжанова, К.Асаналиев ж.б. даанышмандар кирген чоң редколлегия  иштеп чыккан “Манас” эпосунун тарыхтагы биринчи үчилтигинин кыскартылып бириктирилген вариантынын биринчи китебине чыгаан филолог,чыныгы академик Болот Юнусалиев жазган баш сөзүн барактап коюшса  болмок.  Ал жерден Сагымбай менен Саякбайга катар турган 90 жаштагы Шапак Рысмендеев менен 70 жаштагы Ыбырай Абдырахмановдун сүрөтүн көрмөк.  “Манасты” чыгарууда анын ар бир сабын, ар бир сөзүн сыдыргыга салганын, идеологиялык, партиялык өңүттөн өтө жооптуу мамиле жасалганын эске алсак, дал ушул төрт манасчынын сүрөтүн бөлүп алып чыгаруу редколлегиянын аларга берген баасы экендиги сезилип турат. “Манас” китебиндеги даяр сунушту пайдаланбай, оңой жолго салганына караганда, биздин бедизчи- шабашниктерибиз үчүн кимди койгону баары бир болсо керек  (окшобой калыптыр деп эч ким доомат кылалбайт да). Тигил калпактары калдайган эки абышканын  (эмнегедир  биздин айкелчилердин Манасы дайыма жаш бала да, манасчылары картаң чалдар!) астына Тыныбек, Найманбай эмес, Жайсаң, Ырамандын Ырчы уулу деп жазып коё берсе деле, эч кимдин иши болбосун билген үчүн ушундай кайдыгерликке жол берилип жатат…

Ыбырайым Абдырахмановго мамилени карап отуруп, манасчылар Сагынбай, Саякбай, Шапак, Тоголок Молдо; академиктер Б.Юнусалиев, К.Юдхин, М.Ауэзов; акындар А.Токомбаев жана А.Осмоновдор молдокемди өтө бийик баалаганы менен кийинкилер Сагынбай менен Саякбайдан башкаларын изилдеп, китебин чыгарып убара болбогондой таасир калтырат. Дегеним молдокенин юбилейи бир да жолу өтпөптүр. Жогорку,  орто окуу жайларын жайына эле коёлу, мектепке же бала бакчага да атын ыраа көрбөптүрбүз. Уялбай Манас менен жан багып, баарыбыз “Манасты” оозанабыз. Көзү тирүүсүндө, көзү өткөндөн берки 70 жыл ичинде жок дегенде Молдокенин Манасын чыгарып коёлу, деп бирөө чыкпаптыр. Узак жылдар Академиянын Тил, адабият институтун, анын Манас секторун башкарышкан ат-башылык агаларым, алардын бүгүн да министр, ректор  болуп жүргөн балдары өздөрүнө айылдаш улуу агартуучуну унутуп койгонуна түк түшүнбөйм.

Кетбуканын арбагын сүйлөтүп аброй күтүп, тиешеси бар, тиешеси жок сыйлыктарды ала бергенден улам Арзыматка айланган атбашылык “чок” акын бар. Өзүн Айтматов элестетип алган бул эски досум кечээ Султан Жумагуловду бейит башында, гезит бетинде эскерди. Анысына ыракмат! “Манасты” жаза коюп, мансабы көкөлөгөн бул чуу куйрук черик өзүнүн манасчы чоң атасы, бүткүл черик туу көтөрүп жүрө турган Ыбырай Абдырахмановго байланыштуу чуу көтөрүп койгонго жарай албай турат…

Алты-жети миллионго аттын башына эстелик койгон атбашылык жайнаган байлардын кимиси болбосун биринчи агартуучуга бир чоң эстелик тургузгандан баш тартмак эмес. Базардын тилинен башкага кыйналып түшүнгөн көпөстөрдүн “ал ким эле?” деген суроосуна жооп берип отургусу келбеген намыскөй Нарынбек Өскөналиев деген тилчи мугалим эч кимге догурунбай эле 130 жылдыкты жеке өз күчү, жакындарынын жардамы менен тыпыйтып өткөрүп койду. Молдоке  тууралуу китебин чыгарып, эки жума бою радио, телеберүүлөрдөн даңазалап турду. Өкмөттүн, облустун, райондун, башкалардын абийрин жапты.

Куран окулган соң, жыйынтыктоочу жыйын Ат-Башынын Казыбек айылындагы маданият үйүндө жакшы өттү. Бишкектен, көлдөн меймандар чакырылыптыр. Улуктар көрүнбөдү. Алар баары бир бирөөнүн жазганын окуп берип басып кетмек. Бул жолу беш, алты саат бою эл тарабай кызык сөздөр айтылып, улуу фольклорчуну эскеришти.

Ошентип, 13-октябрда Акмолдо атабызга тайынып келели деп Бишкектен барган Академиянын Кол  жазмалар  бөлүмүнүн башчысы Мурат Мукасов, Улуттук университеттин доценти Ишенбек Султаналиев, Славян университетинин профессору Аттокур Жапанов, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ысмайыл Кадыров, Айыл чарба академиясынан тарыхчы Аман Турдахунов  болуп айыл элинин ынтымагына, Нарынбектин намыскөйлүгүнө ыраазы болуп, молдокем сакайтмакчы болуп Алыкулду алып жүргөн жерлерди көрүп таазим кылып, бир чети эс алып кайттык. Катардагы карапайым мугалимдин саамалыгы башкаларга үлгү болсун деп Чеч-Дөбө менен Долондон честь берип турган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.