Табышмактуу тагдырга баш ийип жашаган пенде жашоодо ар кандай сыноолорго туш болот. Турмуш  өзүнүн өйдө-ылдыйы, ысык-суугу менен пендени тарбиялап келет. Жашоодо бир нерсеге жеттем десең дароо эле башка муктаждыктар чыга баштайт. Нан тапсаң май жок, май тапсаң нан жок болгон бир кем дүйнөдө адам баласы чексиз нерселерди каалап жашайт эмеспи.  Ошондуктан пенденин каалоосу жана муктаждыктары таптакыр бүтпөйт. Каалоолорунун артынан жүрүп отуруп (адашууга, туура жолун жоготууга ийкемдүү жаратылган пенде) өзү тойсо да көзү тойбой, бул жалган дүйнөдөн кош айтышат.

Адам баласы тиричилик менен күрөшүп жатып кудайга болгон ишеними да өзгөрүп кеткенин байкабай калат. Арийне, мусулман ишениминде эң негизги нерсе, бул — Алланын жалгыз экендигине ишенүү. Илгертеден элибиз «лаа илааха илла аллах, кудай өзүң бир сакта» деп оозунан түшүрбөй айтып келген. Кыргызча мааниси болсо «Алладан башка кудай жок» дегенди түшүндүрөт. Тагырак айтканда, ишенүүгө сыйынууга жалгыз сен ылайыктуусуң. Сенден башка кудайларды кабыл кылбайм, эч кандай күчкө, абройго, мал-мүлккө жана мансапка сыйынбайм дегендик. Эми мусулман коомуна көз чаптырсак кээ бир адамдар Аллага ишенет, бирок коркпойт. Элден уялат, бирок кудайдан уялбайт. Жаратканга эмес, жаратылгандарга сыйынат. Эл көрсүн, кожо көрсүн үчүн жашап, мактанчаактыгы менен өзүн өзү сүйүнтүп келет.

Инсан чексиз каалоолоруна кабылып жатып кээде Алладан башка акча, мансап, кадыр-барк жана напсиге[1] кулдук уруп кеткенин сезбей калат. Албетте, акча муктаждыктарыбызты толуктоо үчүн керекүү, мансап жана кадыр-баркка да адам өз аракети менен жетиши мүмкүн. Бирок менин бул жердеги максатым, жашоо маңызын байлыкка, мансапка байлагандар үчүн болуп жатат.

Акча үчүн сойкукана ачкандар,  акча үчүн элин-жерин саткандар, акча үчүн элин тоноп качкандар, акча үчүн элин алдап жаткандар, акча үчүн баңги затка баткандар коомдо жок эмес. Тез байыш үчүн кээ бир адамдар элди алдоо жолу менен жашап, жашоонун туу чокусуна акчаны максат кылып коюп алган. Кудум акча алардын кудайы сыяктуу болуп калган.

Мансапка жетиш үчүн адам баласы эмнелерди гана кылбайт. Ал үчүн кээ бирөөлөр бардык нерсесин берүүгө даяр турушат. Бийликке келиш үчүн жан талашып аракет кылып, жаратканын ойлобой элди алдап келгендер болушу мүмкүн. Бул мансап деген жалган кудай, илгертен бери бийликти эңсеген адамдарды өзүнө кул сыяктуу кызмат кылдырып келген. Ал мансап деген кудай азыркы учурда да өзүнө ишенген кулдарын ар кандай жумшап, керек болсо ордун сактап калыш үчүн башкаларды кордоого да үндөөсү ыктымал.

Кадыр-барктуу болгон жакшы, бирок эл ичинде таанымал болуш, дайым эл алдында мактанып жүрүш үчүн кадыр-баркты гана көздөгөндөр коомдо арбын. Кадыр- барктуу болуу кээ бир учурларда башкалардан өзүн өйдө койуу, кыйын экендигин билдирип сүйлөп, катардагы адамдарды тоготпоого жол ачат. Кадыр-баркка жетем деп, аны кудайлаштыргандар башкаларды ойлобой калат.

Напси адам баласынын ичиндеги ажырагыз өзөгү. Адам напсисин тарбиялоо менен жакшылыкка жана туура жолго жетет. Тескерисинче, напсини тарбиялабай анын ар-ар каалоолорун аткаруу ага кулдук уруу болуп эсептелет. Куранда да напсинин жаман жакка үндөгөнү жөнүндө баяндалган.[2]

Азыркы учурда өзү тойсо да көзү тойбой, напсинин жаман каалоолорун аткарып, адамдарын укугун тебелеп байыгандар жок эмес. Туура жолду тандап баспай, кыйынчылык көрбөй, тез байууну көздөгөндөр напсинин жаман жоруктарын аткарып, ага кул болуп калгандар жанды кейитет. Өзгөчө напсиге азгырылып ала жипти аттап, төшөк кумарын кандырыш үчүн шуркуяларга баргандар дал ошол напсиге кул болгондордун өзү. Мындайлар жалаң кыз-келинден сүйлөп, атүгүл башкалардын жубайына да көз артып, түнкү кулубдарга, сауналарга төшөк кумарын кандырыш үчүн гана барып калат…

Жогорудагы жалган кудайлар инсанды адамдык сыпаттан айбанга айлантып, өзүнө кул кылып алат. Мусулман коомунда Аллага ишенги менен жалган кудайларды ээрчип кеткендер азыр арбын кездешет. Анкетни Алладан башка кудай жок деген соң, байлык-бийлик келип-кетүүчү нерсе. Атактуулук жана напси мени дайыма азгырат деп билип, Алладан башка жалган кудайларды ээрчүүдөн баш тартыш керек. Адамды адам болгондугу үчүн кадырлап, баалап сыйлоо зарыл. Жараткандын жалгыз экендиги, бизди адамдардын байлыгына, бийлигине, кадыр-баркына карап мамиле кылбоого чакырат.

Андыктан биз жалган кудайлардан арылып, «жараткандын жалгыз экендигине ишенүү» бизден эмнени талап кылат, бул ишенимди азыр кандайча иш жүзүнө ашырабыз деп, акыл калчасак коомдун туура жакка бурулуусуна өбөлгө түзгөн болор белек.

[1] Mehmet Hayri Kırbaşoğlu, Ahir Zaman İlmihali, Анкара 2014, 33-бет

[2] Юсуф сүрөсү, 53- аят.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.