ЭССЕ

Эртең сен жарыкка келген февраль жаңырат. Сен тоспогон туулган күнүң келет… Мендей же элдей болуп сүрөткө да түшпөптүрсүң. Айырмабыз эки жаш болгон үчүн эгиз козудай ээрчишип өстүк. Бир жолу сенин жамбашыңа сыздоок чыкты. Аксап басып, отура албай аябай кыйналдың. Апамдар мени Нарынга жиберди. Сени кошо ээрчитип алдым. Кадимки ырчы тууганыбыз Мергендин атасы Турганбек папабыздын үйүнө жаттык. Экөөбүзгө чогуу төшөк салып беришти. Кучакташып жатканбыз. Уктап кетип, сен ары оодарылганда мен да уйкунун кызуусу менен так ошол сыздоогуңду тээп алыптырмын…

Кудайга үнүң жетип боздодуң. Үмүт мамам келип, ириң аралаш канды тазалады. Сен ыйладың. Мен кечирим сурадым. “Бир тууганбыз го, кечирчи?! Мен деле уктап калыптырмын, атайын тепкен жокмун…” Кудай сенин жараңды менин бутумду себепчи кылып айыктырды. Эртең менен куландан соо сүйүнүп турдуң.

Экөөбүз ээрчишип жөнөдүк. «Ак-Коргондун балдары киши тонойт. Абайлагыла. АКШ деген хулиган балдар бар» деди Үмүт мамам. “Ак-Коргондун шайкалары” деп чечилет экен. Экөөбүзгө Ак-Коргон эмес, Америка кошмо штаты кол салса да коркпойт элек. Анткени мен сага, сен мага, экөөбүз Кудайга ишенип өскөнбүз.

Нарындын көчөсүндө айылдагыдай эле жүрчүбүз. Базарга барып помидор алдык. Аны жеп түгөтө албай калганда базардын дубалын койгуладык. Эки кабат эле базар болчу. Ыргыткан помидорубуз базардын бетине «балч-булч» эте чачырап жабышканына сүйүндүк.

Сен өмүрүң өткөнчө менин сөзүмдү эки кылган жоксуң. Жада калса мен ал деген кызды алдың. Жүрөгүң менен жашаган жоксуң. Менин жүрөгүм менен жашадың. Мен иштейсиң деген ишти иштей бердиң. Акыры менин ордума мен үчүн өлүп бергендей болдуң… Дегеним, сен айылда, мен шаарда  болчубуз… Сенден «ажырап калдык» деген кабар келгенде, экөөбүз дубалга чапкан помидордой жүрөгүм жанчылды.

Мен сени сүйгөндөй, сен мени сыйлагандай бир туугандык сезимди ар бир адамга каалайт элем. Менин турмуштагы кемчилигимди көрүп, өзүнчө мага акыл айтып калар элең. Мен болсо сага чоңсунуп, сени кагып-силккен болумуш эткеним менен, бирок эт жүрөгүм элжиреп турчу. Сенин өлүмүң мени аябай чоңойтту…

Атам байкуш сени «жалгыз жатпасын» деп, жаныңа барып жатып алды. Энем болсо айылда сенин 3 кызың менен жалгыз уулуң Исламды эш тутуп, абышкасынын мүрзөсү менен сенин мүрзөңдү эртели-кеч тиктеп отурат…

Курсакта калган туюк кызың бүгүн тили чыгып тыкчыңдаган кыз болду… Жакшы көргөн Рахима кызың созулган кыз болду. Салима болсо кол арага жарап калды. Сен эле жоксуң. Калганы баары өз ордунда.

Сени менен кошо менин жанымдын жарымы кошо көмүлгөнсүп жүрүп, акыры мен да тагдырга баш ийдим. Сени басып калган желмогуздай кытай трактору дагы эле тырпылдап жүрөт. Ошонун тетигин чечип кетпесин деп барып жыгылып басылып калганыңды эстейм. Кайсыл жери кандай басты экен деп тиктей берем. Классташтарыңды көргөн сайын каңырыгым түтөйт. Арасында баш-көз болуп баарын чогултуп алчу элең.

Жетим жетилет дегендей, Ислам чоң азамат болуп келе жатат. Сенин ордуңа аны эркелеткен чоң атасы да жок. Эркектин тарбиясын сенден көргөн менин улуу балам Жаныбектин колунда. Жаныбек сага окшош. Сенин жаныңда жүрө берип так эле сендей мээнеткеч.

Мен болсо баягы эле бойдон жүрөм. Тирүүңдө баркыңды билбедим, бир боорум менин. Мен сыяктуу бир туугандын баркын билбегендер окуса сабак болор.

Жалган дүйнөнүн кумарынан бир тууганыңдын бир тал чачы артык. Бир тууганыңдан айрылганың — бир канатыңдын сынганы…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.