АҢГЕМЕ

— АСКАРБЕК-экинчи? — деди Аскарбек кийинип жатып.

Робот трюмодон жүзүн бурбай, галстугун оңдоп, жооп кайтарды:

— Эмне акыл сурайсың?

Минтип сүйлөө Аскарбектин шашып жаткандагы учуруна туура келе турган. Айтмакчы, бул робот — өз өңүн типтештирип түзгөн адамдын, башкача айтканда, кадимки Аскарбектин көчүрмөсү гана болуп калбастан — өзүнүн түп нускасынын, Аскарбектин бүткүл кулк-мүнөзүн да өзү менен кошо ала жүрүүчү. Ошол себептүү Кибербиосубмолекулярдык институттагылар Аскарбек менен анын телекөчүрмөсүн көп учурда айырмалай алышчу эмес.

— Кеп мындай,- деди Аскарбек, иштиктүү түрдө роботко,- Саат беште окумуштуулар Советинин кеңешмеси болот. Сен — мен болуп, менин ордума кеңешмеге катышасың. А мен болсо, театрга учуп жетип эки билет ала коёюн. Анткени, саат алтыда Кичи-Жетигенден Лайли келет. Отпускага! Аны тосуп чыкпасам болбойт. Ал экөөбүз быйыл баш кошуубуз жөнүндөгү маселени чечишибиз керек.

— Дурус. — Робот күңк этти.- Бирок… — Ал бир азга тыным жасады. — Кеңешмеге өзүң бар. Лайлини мен тосуп алам…

Робот — Аскарбек-экинчи төш чөнтөгүнөн театрдын эки билетин сууруп чыкты:

— Театрга Лайли мени менен барат!

Аскарбектин шляпасы колунан ыргып кетти:

— Ыя?!

Аскарбек-экинчи кичи пейилдик менен шляпапы ала койду да, Аскарбекке сунду:

— Табият тагдыр ошондой болуп калды. Сен, Лайлини качанкы бир мезгилден бери сагынып, күтүп жүргөнүмдү кантип түшүнбөйсүң?!

Аскарбектин жүрөгү ысып кетти. Кыязы, денесинин кан агымы көз ирмегенче токтой калгансыды…

— Бирок-к… антип жүргөн сен эмес, мен да,- деди ал, араңдан зорго, ынтыгып…

— Кантип? Сен — Менсиңби? Демек, Лайлини…

Роботтун сөзүн үзө чаап, Аскарбек кыйкырды:

— Жок, жок!

Ал туталанып кетти:

— Мен — Сен эмес, Сен — Менсиң!

— Андай эмес…- Робот мурдунан күлдү.- Сен — Менсиң!

— Койсоңчу, кадырман Аскарбек-экинчи,- деди Аскарбек, сыпайылыгын сактап, чычалабоого аракет кылып: — Сени өзүмө окшоштуруп конструкциялаган жана жандандырган менмин да. Демек, Сен — Менсиң!

— Аскарбек! — деди роботтун көзүнөн от чачырап. — Сен, шашылыш учурда кепти көп созбочу. Сен мени түздүңбү, же мен сени түздүмбү — бул, али чечиле элек талаш маселе. Деги, чын-чынына келгенде, азыр практика жүзүндө сени, же мени робот деп эч ким аныктай да, далилдей да албайт. Экөөбүздүн ортобузда бир гана жалпылык бар. Ал Мен — Сенмин, Сен — Менсиң… Мүмкүн, сен мени түзгөндүрсүң, а балким… Бул маселе азыр эчтемени чечпейт. Жүйөлөшө келсек, сен президиумдун мүчөсүсүң, кеңешмеге катышууң керек. Билет болсо менде турат, демек театрга Лайли менен мен барам. Мына ушундай Аскарбек, жолугушканча!

Аскарбек-экинчи көзүн кыса, сыртка баш койду.

Аргасы түгөнгөн Аскарбек роботтун артынан илеше чыкты.

— Ой, ой, Аскарбек-экинчи! Бирок… бирок, сен, сен Лайлини өмүрүңдө көрө элексиң да, анан тааныбай туруп кантип…

— Кантип? Сен эмне, аны менен такыр жолугушкан жок белең?

— Жолугушкам!?

— Анда эмне дейсиң! Эсиңдеби, жамгырлуу түнү вокзалдагы асма көпүрөдөн Лайлини биринчи жолу өпкөмүн?

Аскарбек делдейе түштү. Анын күрөө тамырлары көөп, мойнунан бери кызарып кетти.

— Тү-ү, Аскарбек! (Бул жерде ал, роботту Аскарбек-экинчи деп атаган жок!) — Сенин кандай такыр уятың жок, ыя? Лайлини анда мен өппөдүм беле?

— Сабыр кыл, Аскарбек,- деди робот, кейиштүү күлүмсүрөп: — Экөөбүз бир киши эмеспизби! Мен — Сен, Сен — Мен…

Аскарбек окумуштуулар Советинин кеңешмесинен кеч чыкты.

Ал жай гана көчө бойлоп, ойлуу жүрүп отурду.

Лайлини эстеди:

«Аттиң-ай! Аскарбек-экинчи экөө эмне жөнүндө сүйлөштү болду экен?!»

Анын көз алдына өзүнүн түгөйү — робот келе түштү:

«Чын эле, Ал — Менби, же Мен — Алмынбы?..»

1967

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.