АҢГЕМЕ

Эски тамдын үстүнө келип, эки чабалекей уя жасоого балчык ташышты. Балчыгын катар-катар кылып тизмекчи болушту. Бирок балчык токтогон жок, жылбышып туруп алды.

Ошондуктан, чабалекейлер балчыкты топонго, жүнгө, кылга аралаштырып алып келишти. Аны балдардын таштан жыйган жүгүндөй кылып биринин үстүнө бирин эп кыйыштырып, тизе баштады. Балчык мурункусундай жылбышпай, желимдей болуп жабыша берди.

Уя бир нече күндөн кийин чөйчөккө окшоп, даяр болду. Сырты быдыр ала тартып, аралашкан кыл, жүндөрү самсаалап чыгып турат.

Эки чабалекейдин бирөө күн-түн дебей уясында жатты. Экинчиси ага тамак ташып келет. Беш-алты күн өткөндө уяда жатканы беш жумуртка тууду.

Бир нече күндөн кийин төрт балапан чыгарды, жумурткалардын бирөө сасыткы болду.

Балапандар энеси жем алып келгенде, жандары калышчу эмес. Бардыгы оозун ачып, бирине-бири сүйкөнүп, алга умтулуучу.

Бир күнү энеси жем алып келди эле, балапандардын бирөө мурда жетип жемекчи болуп, илгери жүткүнүп, уядан ыргып кете жаздады. Энеси: «Балаа басып, буларды бош койсом, учуп өлөт экен»— деп балдарынын буттарын кыл менен байлап салды. Күн чак түш эле.

Чабалекей балдарына жем берип бүтүп, эс алууга уясында жаткан. Ал бир мезгилде устундун үстүндө жаткан жыланды көрдү да, коркуп:

— Ой, сен ким болосуң? — деди.

— Менин ким экенимди кийин билерсиң. Мени көрдүңбү? Оболу ошону айтчы! — деди жылан.

— Бийик жерде туруп сени кантип көрбөйүн, көрдүм.

— Көрсөң да мени тааныбапсың.

— Кантип сени тааныбайын, тааныдым.

— Таанысаң, мен ким болом, кана, айтчы!

— Ким болмок элең. Жылансың!

— Мына, айтпадымбы, ошентип, бийик жерде турсаң, мени тааныбайсың. Мени тааный турган болсоң, бери ылдыйлап, жаныма түшүп кел,— деп жылан башын көтөрүп койду.

— Тигини, мени алдап жатканын, муну көрбөйсүңбү? Сен жылан элесиң, жаныңа барбайм, барсам – чагып аласың. Жыландан корком— деди чабалекей.

— Жыландан мен да корком. Анын тиши узун болот. Тишинин учунда уусу бар. А меникин карачы: тиштерим майда, кичинекей, бирок тилим узун,— деп жылан тилин соймоңдотуп чыгарып койду.

— Жылан болбосоң анан эмнесиң?— деп чабалекей таң калды.

— Кескелдирик болом.

— Мен көргөн кескелдириктердин буттары болучу эле. Сенин буттарың кана?— деди ал.

— Эмесе, сен кескелдириктердин көбүн көргөн эмес турбайсыңбы. Көргөн болсоң, бул сөздү айтпас элең. Кескелдириктин кайсы бирөөндө бут жок болот. Муну жакшылап билип ал! Менин бутум жок болсо да, буттуу кескелдириктен кем жүрбөйм. Кем жүрбөгөндөн кийин буттун эмне кереги бар?— деп жылан башын дагы көтөрүп койду.

Жыландын анда-санда башын көтөрүп, балапандарын караганынан чабалекей шектенип:

— Жок, ишенбейм, жылан элесиң,— деди.

— Мага ишенбейт экенсиң го. Эмесе, жаныңа барып ишендирейин, — деп жылан устунга оролуп, жогору сойлой баштады.

Чабалекей жылан балдарымды жейт экен деп коркту. Жаны калбай чырылдап, уясынан учуп, тышка чыкты. Кайтып уясына келип конду. Балдарынын оозун ачып жем сураганын көрдү.

— Шордуу балдарым ай! Оозуңарды ачып жем сурайсыңар. Өзүңөр бирөөгө жем болгону жатканыңарды билбейсиңер, байкуштарым ай!— деп чабалекей жалооруп кетти.

Жылан сойлоп чыгып келе жатты. Жылан ачакейлүү уулуу тилин соймоңдотуп чыгарып алган. Ал желмогуздай уулуу тил жандап эле кетсе, кызыл эт балапандар соо кала турган эмес.

Чабалекей чырылдап уясынан дагы учту. Тышка чыкты. Кайта учуп тамга кирди. Экинчи чабалекей да балдарына көпөлөк тиштеп келип калды, жыланды көрдү. Ал оозундагы көпөлөгүн таштап жиберип, кайрат кылды. Балдарын жоодон сактамакчы болуп, канаты менен жыланды чаап өттү. Бирок аны жылан тоотподу, башын көтөрүп коюп, жогору жыла баштады.

Тамды жандап өткөн жалгыз аяк жол бар эле. Ошол жол менен өгүз минген абышка бир таңгак сабоо өңөрүп тоодон түшүп келатты. Анын камчыланып келаткан колунда да бир узун ыргай сабоосу бар. Ал тамга жете берген кезде, эки чабалекейдин тамды айланып, тамга кирип-чыгып, чырылдап учуп жүргөнүн көрдү, таң калды. «Жарыктыктарга эмне болду» деп, өгүзүнөн түштү. Тамдын эки жагын карады, андан келип тамдын ичине кирди. Жыландын жаңы уяга башын салып баратканын көрдү да, колундагы ыргай сабоосу менен бел талаштыра жыланды тартып жиберди. Жылан тоголоктошуп жерге түштү. Жерге түшкөндө жыландын эки көзү челейип, агып түшкөн экең.

Бирөөгө зордук кылам деген жылан, ошентип өз азабын тартты.

Чабалекейлер балдарынын аман калганына кубанып, абышкага алкыш айтышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.