«Асабанын» баяндамачылары — Кубат Жусубалиев, Чоюн Өмуралиев, Шералы Назаркулов баян курат…

К.Ж.: -Кыргыздарда бир топ бузарлары болот. Эмесе мен топ бузар болуп берейин. Өзүңөр билесиңер, мен чоң бузармын. Биздин сүйлөшө турган кебибиз руханий маселе болсун деп атасыңар. Анан ушунун тегерегинде сөз кылалы деп атасыңар. Анан кийин мен муну айтайын дедим. Менимче бул дүйнөнүн эң опурталдуу болуп кетиши — анын саясатташып кетишинде. Азыркы дүнүйө, эң коркунучтуу, эң опурталдуу, эң кыйкырыгы-сыйкырыгы көп. Эмне үчүн? Саясаттын көптүгү, эй. Турмуш бүт саясатташып кеткенде эмне болот, эй? Ар ким өз акылы менен жашап калат. Мамлекеттен баштап көчө шыпырган кишиге чейин. Көчө шыпырган кишиден Президентке чейин. Эй, эч ким бири-бирине баш ийбейт. Анткени бири-биринин ортосунда эмне бар дебейсиңби? — Саясат, атаңгөрү, баягы эле саясат. Көчө шыпыргандын саясаты эмне дебейсиңби? Ал Президентти жамандайт. Президент болсо жакшы эле иштеп атам дейт; алганым жок, жегеним жок, силер иштей албай атасыңар дейт. Мунун баары саясатташып кеткенинен го деп ойлойм. Себеби мынабу Аристотелдин: «Человек — политическое животное» дегени эми келди, эй. Илгери Афина политизированный шаар болгон. Баары эле көзү ачык, баары эле кыйын. Азыр биздин дүнүйө ошол илгерки Афинанын кейпине келди, эй. Так, что мына ойлой берсеңер болот, жигиттер. Азыр сүйлөшө турган сөзүбүз ушундан чыгыш керек, эй. Менин айтайын дегеним ушу эй, кандай дейсиңер билбейм…

Ч.Ө.: — Кукем дүйнөнүн опурталдуулугу баардыгы саясатташып кеткендигинде деп атпайбы. Эми саясаттан да тышкары боло албайбыз, саясатташпай коё албайбыз. Азыр кыргыз мамлекети мындай абалда турат да: биз эмне деген элбиз, тамырыбыз, тарыхыбыз кайда, кандай абалда жашап атабыз. Эмне деген коомду кургубуз келет? Минтип саясатташып кеткенден кийин бир өз саясатыбызды жүргүзө албай, саясат сырттан таңууланып да жатат. Ошого кантип туруштук беребиз? Кантип туюктан жол табабыз? Ар бир мамлекет күчтүү болуш үчүн дүйнө агымына жуурулуп, ошол эле убакта өз жүзүңдү жоготпош үчүн саясаттан сырткары боло албайсың.

Биз өзүбүздү өзүбүз түшүнүшүбүз керек. Улуттун өзүн-өзү таануу процесси азыр ыкчам темпке келди. Батыш, Чыгыш деген түшүнүк бар. Биз азыр көп мактанып атпайбызбы кыргыз эли ачык эл, бир нерсени тез кабыл алат деп. Жаңы нерсеге эле журулуша берсе улуттун өзүнүн улуттук өзгөчөлүгү кайда калат? Биз ушуну көп айтпай атабыз да. Традициялык коом деген бар, өзүнүн нарк-дөөлөттөрүнөн сызылып чыккан өзөндү сактап жашайт ал. Кыргыз эли, азиялык бүт элдер сыяктуу эле традициялык коомго кирет. Манастан берки рухун сактап келгендиги ошонун өзүн айгинелеп турат да. Демек, маселе ушунда. Өзүңдү түшүнүшүң керек. Азыр жаңыдан күнкорсуздукка жетишкен бүт мамлекеттерде ушул процесс активдүү жүрүп атат. Бышып жетилип калган нерсе өзүнөн-өзү агып чыгып атат. Бул өзү табигый процесс.

Ш.Н.: — Жогорудагы сөздөргө кошулуп айткым келип турат.

К.Ж.: — Сен эмнебизге кошуласың, жөн эле кошула бересиңби?

Ш.Н.: — Улуттук идеянын тегерегиндеги сөздөн алыс калып кеталбайт экенбиз да. Бу дүйнөдө түгөнбөгөн нерсе жок.

К.Ж.: — Шерали, айтчы эй, эмне түгөнбөйт? Түгөнбөгөн нерсе жок дедиң, бирок түгөнбөгөн бир нерсе бар.

Ш.Н.: — Түгөнбөгөн нерсе — бул адамдын үмүтү түгөнбөйт экен.

К.Ж.: — Адамдын үмүтү, анан сүйүүсү деп койчу.

Ш.Н.: — Аң-сезим пайда болгон жерде сөзсүз алдыга умтулуу болот экен. Үмүт болот экен. Улуттук идея кээде фонтан болуп атылып чыгып, кээде жин суудай атылып чыгып атпайбы. Ал эми ошол булактын оозун ачуу маданияты, аны пайдалануу маданияты өзүнчө бир чоң маселе. А болбосо кээде зордукчулукка, улутчулдукка, атүгүл фашизмге алып баруусу да ажеп эмес. Демек, улуттук идея менен бирге аны пайдалануу маселеси экөө бирге коюлуш керек. Азыр саясаттын деңизи каптап турган кези. Саясат наркоманиясы пайда болду. Саясаттын өзүн мен бөтөлкөдөн чыккан жин катары баалайт элем да.

К.Ж.:  -Оп бали эй, жакшы салыштыруу болду.

Ш.Н.: — Ушул жин чыгып атат да. Улуттун кайра жаралуусунда жакшы нерсе менен бирге эле жаман нерсе аралашып чыгып калып атат да. Жана түгөнбөгөн үмүттү айтканым, азыр биз бир улуу, бийик цивилизация келүүчү доордун алдында тургандай үмүттө болуп атабыз.

К.Ж.: — Эй, үка, жакшы нерсе айттың. Бирок мындай, саясат өрт болсо, адам ошондо жаманы күйүп, жакшысы калып чыгыш керек ко. Ошондон күйгөндөн калганы адамдын үмүтү, сүйүүсү, ишеними болот. Менимче адам улуу үч нерсени өзүнө түркүк кылса гана адамзаттын кетип аткан жолуна бир түз мамиле пайда болот ко деп ойлоймун. А болбосо хаос боло бермей, эй.

Кечээ бир бечара космонавт тиги космоско кетип атып интервью берип атат. «Энең дурайын» дейт, «я улетаю от этого хаоса» дейт. «По крайней мере я там делом занят» дейт. Аны көрүп бир чети күлкүм келди, бир чети боорум ооруду. Кайра ойлоп койдум, илгери минтип айта албайт эле, айтса учурбай коёт эле деп атам.

Ч.Ө.: — Маркстын Фейербахты сындаган мындай бир жери бар. Фейербах баардык мезгилдин, баардык замандын, баардык жердеги адамдарына бир окуусун берди дейт. Бирок ал дал ошонусу үчүн баардык адамдар үчүн бирдей мааниге ээ эмес, ал абстрактуу дейт. Көрсө адамзат өзү ар түрдүү баскычтарда турат экен да. Ошондуктан конкреттүү учур тууралуу конкреттүүрөк сөз кылсак.

Жана Шерали экөөбүз сүйлөшүп отурдук. Орустардын бизден кетип жатышын тилден көрүп, кош граждандуулукту албай аткандан көрүп жаткандыктары туура эмес. Мунун себеби бирөө эле — жашоо-турмуштун начардыгы, Мындан анан саясатчылар саясат жасашып, элди өздөрү бузушат. Мисалы, кош граждандуулукту парламент өткөрбөй коёт дейли. Мунун өзү элди бөлүүгө апкелет. Бул Орусиянын таңуулаган саясаты.

Ш.Н.: — Бүгүнкү жүргүзүлүп аткан саясаттын көпчүлүгү жогору жактан түшүп, коомду ошол талкалайт экен. Бизде, буга чейин саясаттын монополиясында жашап келген коомдо дагы эле саясатташып кетип атабыз да. Бул жакшылыкка апкелбейт. Саясат бүгүнкү күндө адам баласынын эң негизги нерсесинен ажырап калган. Азыр пастагы бей-бечаралардын аң-сезими кабыл ала турган саясат ишке ашышы мүмкүн. Анткени, элге, жакшы маанисинде алганда курсак аркылуу өткөн саясат керек. Бизге, тескерисинче, сырттан келип эле аң-сезимге таасир кылып, курсак аркылуу өтпөй атат. Коом деген туманда адашып калган мал сыяктуу. Бирөөсү серкечи жол баштайт, ошол аркылуу алдыны көрөт. Бирок дегинкисинде коомду эч качан адам башкарышы керек эмес. Коомду коомдун кызыкчылыгы башкарыш керек. Көсөмдүн озуйпасы — болгону коомдун кызыкчылыгын коомдун алдына салып берип коюшу керек.

Ал эми улуттук идея бизге кайра кошумча кыйынчылык апкелбей, тескерисинче, кыйынчылыктан чыгып кеткенге жардам бериш керек.

К.Ж.: Эй, мындай да, мага окшогон кишилер, Достоевскийге окшогон кишилер, бечаралар «Красота спасет мир» деп айткан. Анткени апендилигинен эмес, же болбосо бир эле башы көктө, буту покто болуп эле жүргөндүгүнөн эмес, а именно дүйнөнүн эң бир трагический моменттерин билгендигинен, түшүнгөндүгүнөн айткан, эй. Мындай нерселер кур сөз үчүн айтылбайт. Бир чоң страданиядан чыккандан кийин анан ушундай нерселер айтылат. Себеби мен вообще-то, мындай нерселерди жөн айтпайм. Мен билип турам, себеби, дүйнөнү, действительно чоң бир бийик идеялар бар, мисалы сүйүү деген, ошолор гана сактайт. Башка эч нерселер сактай албайт. Мен глубоко уверен, что кечээги бечара бир кемпирдин ыйлап туруп алаканын сунуп беш тыйын сурап турган ыйы дүйнөңдүн баардык нерсесине руханий дейсиңерби, Шекспир дейсиңерби, Мекспир дейсиңерби, алардын баарына татыбайт. Бир ушундай ыйык, жөнөкөй нерселер. Ошолор ишке киргенде гана дүйнө оңолот. Болбосо ушинтип эле сөз болуп калат.

Ч.Ө.: — Коомду коомдун өзүнүн кызыкчылыгы башкарыш керек деп Шерали айтты. Бирок бул жерде көсөмдүк, акылмандык-даанышмандык ролун да жокко чыгарып болбойт. Адамзат турмушунун түпкүлүктүү нерсесин ошол көсөмдөр айтып атат да. Конфуций деген акылман биздин эрага чейин 5-6 кылым нар жакта жашап өткөн кишини ал, бүгүнкү кытай коомун кармап турган нерсе бул Конфуцийдин окуусу. Атургай Жапандарда бүгүнкү күндө Конфуцийликтин негизинде маданий эрага жол ачкан Жапонияны кайра жаратабыз деп атышат.

К.Ж.: — Конфуций деген кыргыз эле болгон. Сен ушуга кандай дейсиң?

Ч.Ө.: — Туура, туура.

К.Ж.: — Себеби ал бечара Кытайга батпай жүргөндө варварларга кетип калам, энең дурайындар деп коркуткан. Варварлар деп бизди айткан. Алардын жүрөгү таза, ою бийик, истинаны силерден жакшы түшүнөт, мен ошолорго кетем деген. Ошондон улам карап көрсөм, бул кыргыз окшойт. Кыргыздардын бүт ойлору, макал-лакаптары бүт Конфуцийдин айткандары…

Ч.Ө.: — Ооба, эгер жана Шекем улут маселесине этиет болбосо, анын арты фашизмге да өтүшү мүмкүн дебедиби. Бийик аң-сезимден мамиле кылбай көчө национализмден чыга албасак, анда ал ошого алпарып согот. Бирок да менимче, Кыргыз мамлекети кайра жаралуу дооруна түшүп атканда сөзсүз терең ойлонулган күчтүү улуттук мамлекеттик саясат керек. Өткөөл учурдун өзүнүн мыйзамы болуш керек менин оюмча.

К.Ж.: — Кечээ, жанагы Текебаев деген жигит бар го. Мага ушул жигит аябай жагат, эй. Ошол жигит интервьюсунда атууну киргизүү керек дейт. Анткени бийликтеги кишилердин оңолуп кетишине мен ишенбейм дейт. Ушуга кандай дейсиңер жигиттер, эй?

Ч.Ө.: — Биздин Конституциябызга, мыйзамдарыбызга батыштын үлгүлөрү кыйла кирди. Бир эле мисал: Чыгышта адам укугу элдин укугунан, улуттун укугунан бийик болгон эмес, «Адам укугу баарынан бийик!» — дегендин артында мина каткан саясат бар да. Бул экинчи бир өлкөнүн ички иштер кийлигишүүчү геосаясаттын бир элементи болуп атат. Адам укугу мамлекет укугунан бийик болбойт, экөө бири-бирин толуктап гармонияда болуш керек. Эми Шекеме суроо бергим келип атат. Экономикада азиялык өндүрүш ыкмасы деген бар. Биз азыр рынок экономикасында туура жолдо баратадызды?

Ш.Н.: — Философиялык жагынан алганда, бул дүйнөдө эч жаңы нерсе болбойт. Коомдун маселеси ошол эскинин урунттуу жактарын пайдалана билүү. Ушундай мезгилде жанагы Текебаевдин атуу керек деген сунушу, Жириновский сыяктуулардын чыгышы — ошол элдин философиясынын жакырдыгы. Азия мамлекеттеринин экономикасынын дүркүрөп өсүшүнүн түпкү себеби — традициялык коллективизмдин сакталышында. Азыркы күндө айтылып жүргөн интеграциянын башаты — бул кооперация. Ошондо рыноктун негизги элементи жатат. Бирок биз прогрессивдүү кооперация менен улуттук большевизмди айырмалай албай келе жатабыз. Прогрессивдүү кооперацияда профессионализм жатат. Эмне үчүн алардын товарлары зор конкуренция туудуруп жатат. Себеби алар улуттук идея менен прогрессивдүү кооперацияны айкалыштыра билүүгө жетишкен. Индивидуализм менен коллективизм гармония болбогон жерде чыр-чатак болот. Андай жерде диктатор чыгат.

К.Ж.: — Биз бул дүйнөдө бүтүндөй эле философиялардын туманында турат экенбиз, бул чындык, эй. Эң бийик деген философтор адамды бул тумандан алып чыга алган жок, туурабы? Демек, эмне кылыш керек? Менимче кыргыздын эле жолуна түшүш керек ко. Конфуцийдин жолуна түшүш керек. Кыргыздар «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» деп койгон. Биз айткан саясаттын болобу, философиянын болобу, бир уй байлаган жиби болуш керек да. Мына, уй байлаган жиби ушул.

Ч.Ө.: — Кыргыздар өзүнүн руханий жолуна кайрылыш керек дебедикпи. Бирок «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дейт. Жакшы эле ойду ойлоп турасың, ошого мүмкүнчүлүк беришпейт. Батыш бирди таңууласа, Орусия дагы бирди таңууласа, биякка кириш үчүн, ислам дүйнөсү өзүнүкүн таңууласа, өзүңдүн чөнтөгүң жыртык болсо, айла канча, ортосунда бир маневр жасаганга аракет кылабыз да. Бирок баары бир туруш керек. Экономиканын артында улуттук мораль деген керек. Экономикалык жолуң улуттук моралдын уңгусун талкалабагандай болуш керек.

Ш.Н.: — Бүгүнкү күндө коом депрессияга учурап, биздин бийликтегилер жаңылыштыктын артынан жаңылыштык кетирип жатышынын себеби: биздин коомдо мораль жок.

Ч.Ө.: — Бар! Талкаланып жаткан мораль бар…

Үч баяндамачынын үшкүрүгү менөн ышкырыгын кагазга түшүргөн

Каныбек ИМАНАЛИЕВ («Асаба») 27-январь, 1994-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.