АҢГЕМЕ

Апыш Үтүров биздин группадагы аксакал студенттердин бири. Сөөмөйдөй кичине боюнан улам, байкабаган адам аны жаңыдан бойго жетип келе жаткан он-он бирлердеги өспүрүмдөрдөн экен деп да ойлошу мүмкүн. Бирок бет алышып сүйлөшүп көргөндөн кийин аны жыйырма сегиз менен отуздардын ичинде деп баамдашка аргасыз болот. Анткени, ал өтө басмырт. Кичине боюна ылайыксыз орнотулгандай башы калдайып, ыксыз чоң.

Кыймылсыз суз бетинен кичине да тырыштын изин көрүүгө болбойт. Жыртайган нурсуз көзү гана улгайгандыгына айкын күбө. Бирок аны отузда деп ойлогондор жаңылышат, журналдагы жашы боюнча ал отуз алтыда.

Апыш улгайгандыгына байланыштуу бардык эле студенттер менен чечилип сырдаша берүүчү эмес. Анын оозунан чыккан сүйлөм өтө кыска «жок», же «бар» — иши кылып Апыш менен сүйлөшүү көлгө кайырмак салуу менен барабар. Апыштын мындай мүнөзүнөн улам папаша Гобсекти элестетүүгө болот. Бирок ал романдын каармандарын туурап же романтиканын толкунуна минген адамдардан эмес. Анын үстүнө ал Бальзактан бир да чыгарма окубаган жан. Ошентсе да ал Купринди издеп окучу. Өзү жокто аны студенттер ар кандай атап күлө беришчү.

Биринчи курста эле студенттер Апыштын «Аксакалдыгын» сыйлап, группада профсоюз уюмунун секретары кылып шайлашкан.

Сергек, ишке жөндөмдүү Апыш ошондон тартып бешинчи курска чейин бул посттон түшкөн жок. Ай сайын бирден чогулуш өткөрүп, жатаканадагы советтин мүчөлөрүн ээрчитип алып, кезегинде бөлмөлөрүбүздү кыдырып чыгат. Мындайда кырсык чалып бөлмөдө студенттин бир кынтыгы чыгып калса Апыш анын сазайын колуна берет. Ошондуктан, студенттер комендантка караганда Апыштан көбүрөөк чочулай турган.

Жайкы каникул күндөрүндөгү эки айды Апыш толук пайдалануучу. Анткени, өзүнүн илдетине байланыштуу справкаларын тутамдап жүрүп, айыл чарба жумуштарына катышчу эмес.

Эртең менен лекцияга эртерээк келип, терезеде котолоп чогуу турган студенттердин ичинен куудул Ташбай: «Э, эй балдар карасаңар! Папкесин жетелеп алып, Апыш аксакал келе жатат», — деп кыйкырат. Чын эле шляпасын баса кийип келе жаткан Апышты көрөсүң.

Жатакана менен окуу корпусунун ортосу бир карыш болгондуктан студенттер сырт кийимсиз келишчү. Ал эми Апыш кандайдыр командиравкага чыга турган адамча шляпасын башынан түшүрбөй, галошчон, пальтосун да кийип барып гардеровго өткөрчү.

Апыштын папкеси өтө барандуу келип, колтуктап алууга ыгы келбегендиктен боосунан кармап жүрө турган. Ансыз да Апыштын боюнан бир аз кичине папке жерге бир карыш, жарым карыш тийер-тийбестей салаңдап, жетелеп келе жаткансып сезилчү.

Аны кой, карасаңыз кадимки эле көңканага чыккан козу карындын өзү дейт экинчи бир студент. Баары дуу күлүп калышат. Тыкан Үтүров кадамын санагандай жай тыштап шашпайт, себеби лекция башталарына дагы эки үч минут бар экендигин билет.

Апыш аудиторияга киргенде эч ким менен саламдашпастан жылып барып, алдыңкы орунга отурат. Койчу, кимге салам айтат эле, бардыгы тең өзүнөн кичүү болсо. Ал лекцияда мугалимдин оозунан чыккандын баарын конспектисине шилтей берет. Качан кичине тыным алуу убагында мугалим эмне дебесин маңдай тишин кашкайтып, чери жазыла күлөт (Рас, Апыштын эки маңдай тиши алтын эле). Анын турмуш жолуна кызыккан студенттер Апыштын көңүлү көтөрүңкү кезинде институтка киргенге чейин кандай кызматтарда иштединиз эле деп сураган учур да болгон. Апыш кандайдыр бир уюмда складчы болуп иштегендигин сыймыктануу менен атайт. Бирок ушул убакка чейин Апыштын кандай складда иштегендиги эч кимге белгисиз.

…Баса ал кант заводдо складчы болдубу же райондогу жүн тапшыруу складын башкардыбы – анын кимге кереги бар.

«Улгайып калганыңызда жылуу орунуңузду, складды тыштап, институтка кирүүңүзгө эмне себеп болду?»— деп сурайт, жөн туралбаган Ташбай. Апыш аны жактырбай: «Окуу керек да» — деп бурк этет. Апыштан андан башка сөз чыкпасын билген студенттер аны жайына коюшат. Лекция аяктагандан кийин ал мурдагы калыбында жатакананы көздөй жылып жөнөйт. Бөлмөдө аны Чотур Белеков күтүп отурат. Чотурдун Апышка караганда бою узун, паралына толгон албеттүү студент. Экөөнүн мүнөзүндө карама-каршылык жана окшоштук да бар.

Чотур дайыма унчукпай кабагын түйүп жүргөндөн болуш керек, чекесинен үч бүктөлгөн тырышты такай көрүүгө болот. Эки уурту да салаңдап, сүйлөөгө эп келишпегенсип дулдуюп турат. Ал Апыштын улуулугун сыйлап ар дайым «сиз» деп өтүнөт. Бөлмөгө киргенде же чыкканда үзбөй Апышты алдыга коё берип, өзү артынан утурлайт. Чотурдун мындай ызааттоосу Апышка абдан жагат.

Баятан бери мелтиреп унчукпай отурган Апыш чакан кастрюлдагы тамакты бөлүштүргөнден кийин, «Алыңыз» — дейт. Ушуну менен тамак ичилип бүткөнгө чейин экөө бири-бирине үн катышпайт. Жеп бүткөн табагын жийиркенгендей акырын түртүп коюп, «бир стакандан чай болсо…» деп Чотурду карап коёт.

Чотур бир стакан чайды Апыштын алдына коёт. Кайра баягы эле жымжырттык. Курсагы тоюп көңүлү көтөрүңкү Апыш, «бакылдатпай радиону басып койчу» дейт. Чотур муну да элпектик менен аткарат.

«Терезени ачып койчу» — дейт, бирок Чотур, «суук тийип калбасын» — деп макул болбойт. Ушундан кийин гана экөөнүн ортосунда ар кандай темада аңгемелешүү башталат. Чотур эмнени сүйлөбөсүн Апыш күлө берет. Мындайда Чотурдун аңгемеси күлкүлүү чыгат.

«Эки дос бирге арак ичишип, бири өтө мас болуп, эс учун билбей калса, экинчиси өлүп калган экен деп, кулагынын түбүнө туруп алып өкүрө баштаптыр. Бир кезде эсин жыйган жолдошу өкүрүктү угуп, ал берки жолдошун өлүп калган экен деп кошо өкүрө баштаптыр». Чотур сөзүн бүтө электе эле Апыш ыкшып калат. Апыш күлгөндө эки колун артка силкип тыштап, анан жумуру башы алдын көздөй кулап кеткенсип шылк дей түшөт да, суюк кара чачы куюлуп, эки бөйрөгү гана бүлкүлдөп калат. Бул убакта Чотур ал күлүп бүтмөйүнчө унчукпай тура берет. Андан кийин экөө газет окушат. Газетти Чотур үн чыгара окуп, Апыш угат. Чотур колдураган жоон үнү менен чет элдик кабарлардан баштап, сот залынын жыйынтыгы, кулактандырууларды бүтүрүп, төртүнчү бетте фельетон болсо, ошону окуйт да аягында баланча колхоздун бухгалтеринин… «мынча сом жегенинин бети ачылыптыр» деп баса бүтүрөт.

Апыш «акмак» деп кимдир бирөөнү сөгүп, столду кичинекей колу менен бир муштап, ордунан тура калат. Апыш «Чалкандан» эмнегедир коркот: «Министрди сындаптырбы? — деп кайталап сурайт да, калчылдаган түр менен: — бай болгур, тим эле кой, тим эле кой деп андан ары окууга каршылык кыла баштайт. Газет окулуп бүткөндөн кийин: – Сиз кайсы уюмда складчы элеңиз? — дейт, Чотур. Бирок Апыш уктубу, уккан жокпу – жооп бербестен эле Фрунзе-Ош жолу бүтсө, Тянь-Шанды басып өтөрүн кызуулап сүйлөй баштайт. Чотур да анын сөзүнүн аягын күтпөстөн:

– Сизди кайсы кызматка коёр экен? — деп сурайт.

Рас, Апыш, университеттин акыркы курсунда болгондуктан, мурдагы оюнун аягына чыкпастан, ошол замат кызмат жөнүндөгү темага өтөт.

– Сырт жакка райондун өзүнө же академияга деле калууга болор эле, бирок!.. – дейт.

Кунт коюп угуп отурган Чотур жок:

– Аксакал, сиздин ушул картайганда окуган эмгегиңизди баалап, бир дурус кызматта шаарда кантип калтырбасын, — дейт.

Апыш өзү да:

– Бир дурус кызматта шаарда эле калтырар, – дейт ишенимдүү түрдө.

Кызмат тууралуу аңгеме ушуну менен аяктайт.

— Сиз кайсы айылдан элеңиз?

Апыш көзүн араң кыбыратып, Чүй өрөөнүнүн бир айлын айтат.

– Сиздин канча балаңыз бар эле?

Апыштан жооп болбойт. Оо, Апыш бул кезде куш уйкуга кеткен. Чотур колун бооруна алып, ары-бери баса баштайт. Куш уйкудан ойгонгон Апыш колун карс-курс эттирип, бир топ машакаттан кийин ордунан туруп,

– Бүгүн күнгө эмне эле? – деп сурайт.

– Ишемби эмеспи, — дейт Чотур.

Мурдагы жолку пивонун акчасын өз жанынан чыгарган Апыш:

– Баш сергитсек болмок экен, — деп күңк этет.

Көптөн кийин Чотур:

– Менде эки кружкалык тыйын бар эле, — дейт.

Бир маалда көчөнүн эл азыраак жүргөн жагында колдорун чөнтөктөрүнө салып жай, катар кетип бара жаткан Апыш менен Чотурду көрөсүң. Алар сүйлөшүп бара жатышабы же жокпу белгисиз, тек гана алардын узундуу-кыскалуу денесин бүт өз каалаган жагына зордоп алып бара жаткансыйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.