*   *   *

…Чилдеде, кыш кечинде, асман ачык.
Жаңыдан жанган шамдар шоола чачып.
Көчөдө жакшы тааныш ылдам басып,
Келатам жумушумдан үйгө шашып.

Жылтырайт жылчыгынан боз иңирдин,
Акыркы сар боёгу баткан күндүн.
Керилген бийик тамдар арасында
Кемшейген бир кепенин оту күйгөн.

Көк тиреп, менменсиген зор калаада,
Бармын деп чырак жаккан ошол там да.
Ошондой жер кепеде, шаар четинде,
Эки-үч жыл ижарада мен жашагам.

…Кулагын бурап эски радиоланын,
Айлантып Карамолдо кайрыктарын,
Артынан Бетховенди удаа коюп,
Укчу элем улам кайра кусам толуп.

Катылып арасында китептердин,
Каттары турар эле бир жигиттин.
Ал жигит ырчы болчу. Күйүп көзүм,
Дирилдеп жол карадым. Күттүм өзүн.

Келчү эле күн артынан күндө каттар.
Кечиксе, кадимкидей ооручумун…
Күз бүтүп, кышка таяп калган чакта,
Турмушка чыгып кеткен болучумун.

…Сакталып калгандыгын кайдан билсин,
Каттар ал эстин бекем сандыгында.
Кызганчаак эле күйөөм. Күйөөм бир күн
Чогултуп, бирин койбой өрттөп салган.

Кулагын бурап эски радиоланын,
Айлантып Карамолдо кайрыктарын,
Артынан Бетховенди удаа салып,
Укчумун кайра-кайра, кусаланып.

…Ал кезде, эссиз кезде, кесир кезде,
“Жараткан! Ыр бер, анан бир бала бер,
Жашаткын жалгыз бой”- деп тилечү элем,
Капырай, ал тилегим келгенин көр!

ҮЧ ЖЕТИ ЖЫЛ
Бүгүн конок келет бизге, тур, кызым,
Чаңды сүртүп, үйдү жыйнап койолу.
Тасмалга жай тамак-аштын түрдүүсүн,
Канча адамбы? Калтыр төрдөн бир орун.

Алтоо келет. Алтоону тең жарыгым,
Жалгыз ошол мейман үчүн чакыргам.
(Ал дагы жаш… мен дагы өтө аруу элем…)
Ошол орун болсун үстөл башында.

Үч тал гүл кой, дасторкондун четине
Үч жети жыл өткөн экен арадан.
Ак гүл болсун гүлдүн бирөө… Жок күнөө
Аккан жылда. Сарысында-санаа бар.

Сары гүл кой жанаштырып. Кызыл гүл
Кырчын кезди эске салсын аздыртан.
Ак чачымды байкабасын, агыш нур
Түшсүн жумшак, алысыраак жандыр шам.

Ал конок ким? — Ырдын пири. Жалтырак,
Ат көтөргүс алтыныңа бербеген,
Аны менен келе турган алтоо да
Ыйык тутуп, Ырды сүйгөн пенделер.

*   *   *
“Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким? — дейсиң.
“Унут аны, унут! Мени сүй!”- дейсиң.
Унутканга дагы ошондой бир сүйүү,
Даа бир өмүк керектигин билбейсиң.

Олтурамын. Жанымда жок жан адам.
Олтурамын караңгыда, садагам.

КЫШКЫ КЕЧ
Из, жыты жок тегеректе эч кимдин,
Ит да, куш да жай-жайына тарады.
Кар боройлоп, каш карайып, кеч кирди,
Калмурат, бас! Бас, үйгө кир, карагым.

Жазган элем жаркын, куттуу жылдарда,
Жашоо кызык, күн жайкы бир ысыкта.
Мен карайын кагаздарга, ырларга,
Сен кечээки сабагыңды бышыкта.

Жарыштырып уйкаштуусун, агын да,
Шул шам асты, шул үстөлдүн четинде,
Жазган элем жалындуураак чагымда,
Жарыгым, сен бешиктеги кезиңде.

Алаксыба, улам тышты караба,
Ана, турат коюндашып түн менен
Кардан ийлеп өзүн курган калаа да,
Кар кишиң да, кар экенин билбеген.
2000-жыл

КҮЗ ЫРЛАРЫ

…Күз да келет. Күз келет деп сүйүнөм
Бариктердей дарагынан күбүлгөн,
Шамалындай көчөсүндө жүгүргөн
Ырлар жазган келет менин күндөрүм.

Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт.
Турсун белен кагаз менен калемсап.
Кай учурда келсе дагы. Алтүндө
Күйүп турсун курбум жашыл шамчырак.

…Эс да, жан да эркин турсун баарынан:
Кайгы-муңдан эт жүрөктү каарыган,
Жеңил достон, жеке душман заарынан.
Эс да, жан да эркин турсун баарынан.

Келет ырлар. Келет тагдыр сыяктуу:
Ачык-айкын, күңүрт, татаал жолдору.
Түгөнбөгөн түйшүктөрдөн убак таап,
Мен үлгүрүп жазып калсам болгону.

Күкүк үндөп, гүл гүлдөгөн кез кана?
Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган.
Жакшы кабар күткөндөймүн эрте кеч,
Жапайы каз учуп өтчү жактардан.

Бул болбосо тигил кырдын артында
Кырк тизилип кыйкуу салган каркыра…
Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да
Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап.

Кыйрын кезип, боюн бойлойт боз чалгын,
Боз чалгындан деми келет жаш кардын…
Эстебесим басып келер эске алып,
Бул болбосо башка өмүрдө кез бардыр.

Жаандан кийин… жагып кетер айың бар.
Кылчактабай өт, өтө бер, да бир күз.
Айың барда бар-жогуңа кайылмын,
Жарыктык күз, нээтим сага дайым түз.

…Жумшак, муздак… жайбаракат жааганын
Сен да көрүп турасыңбы, о досум.
Кыштын башын айтып келген жаңылык,
Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.

…Келсек бир кез кереметтүү бул жайга
Кетерибиз анык экен акыры.
Ким эле деп, кайда эми деп сурабай
Мына ушул кар жаай берер акырын.

Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан
Жылдыз сындуу учканыбыз мейли эле.
Дил табышса, тил табыша алышпай
Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге.

Кездер болгон таңын чогуу атырбай
Күн көрбөстөй бирибизсиз бирибиз.
Сен өзүңчө турмуш куруп, капырай…
Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.

Кемип, толуп… аз жүрүппү, көп жүрүп,
Биз кетебиз кайрылбастын айлына.
Азбай, тозбой ага берет мезгилдер,
Абалкы кар жаай берет дайыма.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.