ЖОМОК

Илгери-илгери кыргыз элинде бир ырчы кедей жигит болуптур. Анын өнөрүнөн башка эч кандай оокаты болбоптур. Колундагы комузу — анын мал-мүлкү да, бар байлыгы да ошо экен. Эл аралап ырдап, аш-тойдо өнөр көрсөтүп, ата-энесин бакчу экен.

Ырчы кедей комуз чертип, мукам үнүн созуп ырдап жатканда адамдар эле эмес, жаны жоктон тоо-таш да тыңшап угуп турчу дейт. Ал тургай, түрдүү түстө тилин безеген акын булбул да, көккө чыгып алып миң кайрып ырдаган торгой да ырчы кедейдин ырын тыңшап унчукпай калчу экен.

Ошентип жүргөн күндөрдө, көктөм жазда ырчы кедейдин боз үйүнүн үстүнө торгой уя сала баштаптыр. Аны көргөн ырчы кедей мукам ырын токтотпой ырдап, торгойдун мукам кайрыктарын комузга кошуп, анын акындыгын бирге айтып, узакка эргип ырдайт. Торгой да анын ырына ого бетер эргип-жибип, улам-улам кайкып учуп келип, боз үйдүн чамгарагына бат эле уя салып коёт экен.

Аны көргөн кары ата-энеси да бул сырдуу кереметти жакшылыкка жоруп, жалгыз уулунун тегин эмес экенин ойлошот.

Торгой ошентип, кедей жигиттин боз үйүнүн чамгарагындагы уясына күн сайын бирден жумуртка тууп, күн сайын кечке мукам үн менен миң түркүн кайрып сайрайт экен. Муну элдин баары билип, кедей ырчыга дагы бир ирет тан беришет.

Ошол күндөрдө сырттан жоо келип, тынч жаткан элди чаап, эл бириндеп, туш-тушка кача баштаптыр. Торгой ырчы элин бир болууга үндөп, жоого каршы күрөшүүгө чакырат. Бирок күчтүү жоо күчүнө салып, элдин белин майыштырат. Ошондо эл туулуп-өскөн жерин таштап көчө турган болот. Эли-жерин душманга таштап көчүү, албетте, баарына кыйын болот. Бирок айла жок, душманга билинбей, түн ичинде жапырт көчүп кетишет. Бир гана Торгой ырчы карыган ата-энеси менен кара боз үйүндө көчпөй кала бериптир. Ал жөнүндө эч ким билбейт экен, анткени караңгыда кимдин кайда экенин чакчалекей түшкөн эл билбейт эле да.

Арадан эки-үч күн өткөн соң, арттан кууп келаткан жоонун жок экенин көргөн эл тыныгып, өргүү алышат. Элдин эсебин алышса, баягы Торгой ырчы жок экен. Ал эмне үчүн көчпөй калганын адегенде эч ким деле таназар албаптыр.

Аны жоо колуна түшүп өлгөн экен дешип, баары кейишет. Бир кезде гана бир акылман карыя:

— Анын боз үйүнүн чамгарагына торгой уя салып жумурткалап жатпады беле. Ал ошол үчүн көчпөгөнүн эми билдим…- деп муңая тиктейт элге.

— Коюңузчу, ошол чымчыктын уясы үчүн жанын жоого салып бергидей, ал акмак эмес да, аксакал! — дейт эл ичинен бирөө.

Акылман карыянын жогорку сөзүн уккан баатыр жигит гана:

— Аттиң… Баарыбыз ошол кедей ырчыдай болбоппуз,- деп бармагын тиштептир да, кайратына келип, элине кайрылыптыр: — Эл-журт! Кыл чайнап кырчылдашар жигиттериңерди топтогула. Кайра баралы да, кайран кедей ырчыбызды жоодон сактап калалы. Аны жоого таштап коюп, минтип эрсинип турганыбыз жарабаган жорук!.. Чын эле Торгой ырчы эмне болду экен? Ошондон кабар алалы.

Торгой ырчы да «эл менен бирге көчөлү» деп, үйүн бүгөлү дешсе, түндө баягы торгой уясынан чукуранат экен. Ошондо эсине келип, жараткандын бир макулугунун уясын бузууга колу барбаптыр. Анын үстүнө, ошол күндөрдө жумурткалардан кызыл эт балапандар да чыга баштаган экен. Үйдү чечип, түндүктү алганда, сөзсүз торгойдун үйү бузулат эле да, анын жумурткалары сынып, кызыл эт балапандары өлүп калат эле. Ошол үчүн элге жалдырап, бизди таштап кайда баратасыңар? — деп айталбай же үйүн таштап кеталбай, көчүп жаткан элге жолтоо болушпай, үн-сөзсүз кала беришкен  экен.

Жоо эртең менен кыр ашып келип, ээн калган айылды көрөт. Бир гана эпейген кара боз үйдүн журтта калганын көрүп, душмандын баатыры өз жигиттерин жиберет.

Жигиттер келип, анын ким экенин, элдин кайда кеткенин, анын эмне үчүн көчпөй калганын билишип, шылдың кыла күлүп, баланы баатырсынып алдына байлап келишет экен. Жоонун баатырынын алдына келип, кедей ырчы баягы торгойдун мукам үнүн туурап комузун кайрып келет да, үйүнүн чамгарагына торгой уя салып жумурткалаганын, анын уясын бузуп, кызыл эт балапандарын өлтүрүүгө колу барбай, көчө албай журтта жалгыз кала бергенин узак ырга кошот. Чаптырган жигиттеринен чын эле ошондой экенин билгенде, жоонун баатыры ага ары ыраазы болуп, ары таң калат да:

— Кара баштуу адамдын үйүн эмес, айбан чымчыктын уясын бузууга колу барбаган адилет бул жигиттин айылын бузуп, элин чабууга менин да колум барбай калды,- деген экен. Анан: — Менден эмне тилейсиң, тартынбай айт, Торгой акын, — дейт жоонун баатыры.

— Менин башымды кессеңиз, кесиңиз. Элимдин азаттыгын бериңиз. Элим менен элиңизди жоолаштырбай, достоштуруп кетиңиз. Менин мындан артык сурарым жок! — дейт ошондо кедей ырчы тартынбай.

Ошол маалда кырдан кылкылдаган көп колдун карааны көрүнөт экен. Алар баягы жоодон качып көчүп кеткен кедей ырчынын эли болчу. Алар кедей ырчыны жоо колунан сактап кайрып кетүүгө кол курап келаткан болчу.

Бирок акын кедей эки элдин ортосуна түшүп, аларды жоолашуудан сактап калыптыр. Эки эл ынтымактын тоюн өткөрүшүп, акын кедейге ыраазы болушат. Анын кедей аты өчүп, «Торгой ырчы» аталып, эл эркеси болуп бактылуу жашап калыптыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.