Бекташ Шамшиев: Капастан чыгуунун кыйындыгы

Нурайым Шаршенбаеванын атын уга электе жашыруун конкурска түшкөн аңгемесин  окуган жайым бар. Ошол жашырын сынакта Нурайымдын аңгемеси көп чыгармалардын ичинен тандалып, башкы сыйлыктардын бирине илинген. Кийин китебин, мезгилдүү басма сөзгө, арасында социалдык тармак аркылуу жайылган чыгармаларын окудум. Сөз башында эле баса белгилей кетчү нерсе, Нурайым Шаршенбаеванын адабиятка жасаган олуттуу мамилеси көңүлдү өзүнө бурат.  Тиричиликтин ыбырсыган түйшүгүнө басырылып калбай, чыгармачылыкка чын дилден берилип, такай изденүүдө келатат. Калемгерликке кызыккан жаш адам үчүн ушунун өзу деле чоң олжо. Кандайынан келгенде да, улут адабиятыбыздын […]

Антон Чехов: Сүйүү жөнүндө

АҢГЕМЕ Эртеси күнү эртең мененки тамакка өтө даамдуу куймак, кой этинен жасалган котлет беришти, алар тамактанып отурганда коноктор түшкү тамакка эмне кааларын билип алайын деп үстүгө ашпоз Никанор келип кетти. Ал орто бойлуу, бети болпогой, көздөрү кичинекей киши эле, муруту кырылып турганы менен бир-бирден терилген сыяктанып турчу. Алёхин, сулуу Пелагея ушул ашпозго ашык болуп калганын айтып калды. Ал киши аракеч жана чатак мүнөз болгондуктан, Пелагея ага турмушка чыкпай эле жүрө бергиси келиптир. А ашпоз өтө динчил болчу, диний көз карашы […]

Людмила Молдалиева: «Ыр. Песнь Чынгызу»

«Ыр. Песнь Чынгызу» — само название дает понять,  что впервые на кыргызской сцене сложена торжественная  песнь, ода творчеству великого писателя. И исполнили  эту песнь — Государственный национальный русский  театр драмы имени Ч.Айтматова и режиссер из Италии Андреа Бенальо.   Перефразируя К.С.Станиславского  можно сказать,   что   здесь «Айтматов, увиденный и рассказанный итальянцем». По жанру спектакль определен как перфоменс-тоже новый  для нас жанр, хотя он уже широко известен  в Европе  и Америке. Перфоменс – форма современного искусства в которой произведение составляют действия художника или […]

Олжобай Шакир: Улуу элдин майдаланган урпагына экмет

Улуу тоолор жакты карап, улуу кыргыз урпагы, эс пештеп көрдүң бекен, акыл пештеп көрдүң бекен?.. Эпаада, улуу тоолордун мөңгүсүнө карап акыл пештеп, эс пештеп көрүң: азыр эле. Ооба, азыр эле! Эртең кеч. Бизге улуу сабак болор уңгу төнүп жатат, тээтиги мөңгүлөрдө. Улуу тоолордун чокусуна чыгып медитация кылбасак да, тек, этегинде отуруп эки көздү чылк жуумп, адырлардын, кыр-кырлардын арасынан салаа-салаа агып келген сууларды көз алдыга элестетип көрөлүчү. Мөңкүп, туйлап, адыраңдап агып келген суулар тоонун этегине жеткен ченде жоошугандай жайлап, бирине бири […]