Нурайым Шаршенбаеванын атын уга электе жашыруун конкурска түшкөн аңгемесин  окуган жайым бар. Ошол жашырын сынакта Нурайымдын аңгемеси көп чыгармалардын ичинен тандалып, башкы сыйлыктардын бирине илинген. Кийин китебин, мезгилдүү басма сөзгө, арасында социалдык тармак аркылуу жайылган чыгармаларын окудум. Сөз башында эле баса белгилей кетчү нерсе, Нурайым Шаршенбаеванын адабиятка жасаган олуттуу мамилеси көңүлдү өзүнө бурат. 

Тиричиликтин ыбырсыган түйшүгүнө басырылып калбай, чыгармачылыкка чын дилден берилип, такай изденүүдө келатат. Калемгерликке кызыккан жаш адам үчүн ушунун өзу деле чоң олжо.

Кандайынан келгенде да, улут адабиятыбыздын ушу тапта уучу кур эмес, жаңылануу процесси башынан кечирип, өзгөрүлгөн заман менен өзгөрүлгөн доордун ырын ырдап, муңун муңдап отурат.  Жаңы муун алдында  өз доорунун көркөм сүрөтүн келиштире тартып берүү милдети турат, ансыз адабиятка аралашуунун, түйшүгү түмөн жумушка бел байлоонун кажаты деле жок. Ушуга улай жаңы заман, өзгөрүлгөн шарт-жагдай дегенибиздин көркөм аңдалышын  улут адабиятыбызга жаңыдан баш багып жаткан кыздын аңгемелеринин мисалында көрсөтүп берсемби деп турам. Сөзгө алынчу авторубуз кийинки кездердеги адабий сынактардын биртобуна катышып, анын кыйласынан жеңүүчү болуп, өз каражатына  2014-жылы чакан китебин чыгарган. Нурайым Шаршенбаеванын “Алтын капас – махабат” деген китебинин кыскача чоо-жайы ушундай.

Китепке ат берген повесть, аны улай жети аңгеме, ошону менен жалаң кара сөз туундулары, отузга жакын ырлары да ошол жыйнактан орун алган.  Алдагыдай “винегрет “  китеп көлөмүн көбөйтүү далбасасынан чыкканбы же кош түрдү аралаштырып жиберүүнү  жаш автор эрен-төрөн көргөн эмеспи, иши кылып, үйрөнчүк каламдан чыккандын баары бир китепке топтолгон.  Ага кирген ырлар тууралуу деле узун сабак кеп кылса болчудай.  Жаштык сүйүү, айрылуу, сезимде калган элестер, арман.

Азыр мындай чыгармалар арбын жазылып жатат. Колдон учурган бактысын көл жээгинен күтүү, сүйгөнүнө жагыш үчүн кандай көйнөк кийүү керек, капыс жолуккан махабат азабы, жолукпай койсок болмок, сен комуз болсоң мен кылыңмын, экөөбүз бирикмейин чертилбейбиз жана башка ушул сыяктуу сезимдер. Жаш кыздын арман менен кусалыкка толгон маанайы ал ырлардын негизги лейтмотивин түзөт.

Белгилей кетчү жагдай, автордун  адабий жөндөм-шыгы кара сөз жагына жакындыгы  биринчи китебине кирген аңгемелеринен  айкын көрүнөт.  Ким билет, көжөлүп жаза берсе ушу тапта чыгып жаткан ортозаар ырлар агымында анын поэзиясы деле “көч арасында” билинбей калкый бермек.  Маселен, “Канткенде толот көңүл,\ Биле албай болом ыза. \ Жаз күткөн теребелдей, \ Жакшы ойго болдум куса…” деген саптарын начар ыр деп айтыш кыйын. Экен-токолодо жолуга калчу ушундай “жылт” этчү саптарга азгырылып, акындык өнөрүн уланта берсе деле болмок. Бекеринен автордун өзү да: “Ырларың абдан супсак, \ Ыр жазба, салгын кулак!” Дегенди укканымда, \ Жүрөгүм турду ыйлап”,- деп жазбагандыр. Өзүнө сын көз менен карап, каламдан чыккандын баарын эле чыгарма деп жыйнактарга шыкай берүүнүн опурталдыгын эртерээк сезген шекилдүү.

Иши кылып, жаманбы-жакшыбы жаш автор өзүнө жакын жанрын тандап алыптыр. Анысын кийинчерээк социалдык тармактарда, мезгилдүү басма сөздө жарыяланган онго жакын аңгемелеринен улам байкоого болот.

Сөз башында эле айта кетчү нерсе, Нурайым Шаршенбаева адабиятка чындап кызыгып, анын түйшүгүнө  кайыл экени мына ушул жазгандарынан байкалып турат. Аңгемелеринин арасында кыйла ийгиликтүү чыккандары бар, арасына  арасат кошулуп калгандары деле биртоп. Ошол ийгиликтүү чыккан, автордун потенциалын көрсөтүүгө жарамдуу чыгармаларынан улам убакыт кетирип бул жерде сөз кылып отурабыз.

Нурайым Шаршенбаеванын адабиятка аралашуусу биралдын кызык, экинчи жагынан татаал, карама-каршылыктуу учурга туш келди. Туңгуч китебин өз каражатына чыгарып,  адабияттагы өз киндигин өзү кесип, чоң-кичине кыйынчылыктарга кайыл болуп, көркөм чыгармачылыкка чоң үмүт артып, чыгармачылык изги тилек менен жашап келатат.  Мындан төрт жыл илгери  чыккан “Алтын капас – махабат” деген кара сөзү менен ыры аралаш китебинен кийин чыгармачылыктын жоопкерчилигин сезип, жазгандарынын көркөм дареметин аңдоонун аракетинде жүрөт.

Кыз баланын ички дүйнөсүндөгү сырт көзгө байкалбас ой-сезимдерин көркөм иликтөөгө көңүл буруп, адамдар ортосундагы мамиленин татаалдыгын психологиялык ынанымдуу чечип берүүгө кызыкдарлыгын “Алтын капас – махабат” баянынан деле байкоого болот.

“Алтын капас – махабат” повестке караганда көлөмдүү аңгемеге кыйла жакын, камтылган турмуш көрүнүштөрү, окуялардын курулушу, кульминациялык чечилиши бир аңгемеге “жүк” болорлук тема. Чыгарманынын жанрдык “эн белгиси” тууралуу кеп болуп аткандан улам ага жүйө катары кыргыз адабиятынан эле эки мисал менен чектелсемби деп турам. Алар кыргыз окурмандарына аттын кашкасындай таанымал белгилүү чыгармалар – Касымалы Баялиновдун жаш кезде жараткан “Ажар” аңгемеси менен Мукай Элебаевдин “Узак жол” баяны. Адабий талашты аябай жакшы көргөн а кездеги сынчылардын бир даары “Ажарды”  аңгеме деп, башкалары повестке чыгарып, ошондой эле талашка Мукай Элебаевдин айтылуу “Узак жолу” да түшүп, мына ушул маселе кыйла жылдар кызыл чеке талаштын так ортосунда турбадыбы.

Адабий талаштын кандай жүргөнүн, адабий полемиканын маданияты тууралуу Салижан Жигитовдун “Бир талаштын сабактары” деген 1981-жылы жазган керемет макаласы бар, кызыккандар ошону окуп койсо болот. Кайсы бир адабиятчы повесть, башкасы роман же үчүнчү бирөө аңгеме деп койгондон чыгарманын көркөмдүк баасы кемип калбайт.  Ар кандай мыкты чыгарма адабияттан өз ордун таап, өзүн-өзү ыксыз сындан коргоп калышка кудурети келет. Бул эми автордук сыпаттама боюнча гана повесть деп аталган, а бирок насили көлөмдүү аңгеменин жүгүн көтөрчү чыгарма. Сюжеттик коллизияга сүйүү “үч бурчтугу” бирөөнүн аялынын жаш жигитти сүйүп калышы, экөөнүн “качып кетиши”.  Таанышуу, бирин-бири катуу сүйүп калуу тоо арасында, ушу тапта кадыресе көрүнүшкө айланып бараткан “бээнин сүтүн ичип келүү”  каадасына байланышкан.

Ай чырайлуу келин машинеси менен жайлоого келе жатканда айылдык жигитке кезигип, ортодогу мамилеге ошол капыс кездешүү шыкак болот. Жаш келиндин жашоо-турмушу жакшы, күйөөсү бай, мингени машина, бир гана кемчили – экөөнүн балалуу боло албай жатышы. Карлыгач бээнин сүтү эм болуп калабы деген илгери үмүткө жетеленип жалгыз өзү жайлоого келген. Ал жерден мырза жигитти жолуктуруп атпайбы.  Келишкен сулуу зайып жайлоодо бир көргөн жигиттин этегин кармап кетип калат, башкалар суктанган бардар турмушун таштап кете берет.  Анын бул кадамын жактыргандар-жактырбагандар болор. Экинчиси арбын чыгарын деле талашпай-ак коёлу. Анын үстүнө, жаңы замандагы “алгачкы капитал топтоо” азгырыгы көпчүлүк арасында товар культун — материалдык байлыкты баарынан жогору койгон өзүнчө бир катмарды пайда кылбадыбы.

Үй, машина, көзүн караган күйөө – өлүү дүйнөнү баарынан жогору койгондор үчүн мындан ашкан бакыт жоктур. Бирок «алтын капастагы» жашоону  Карлыгач  жактырбай, «кедей жашоого» бел байлайт, тоодо таанышкан жигитти ээрчип бакыт издеп белгисиз жашоого кадам таштайт.

Карлыгачтын мындай кадамга барышына бардар жашоодон тажагандык эмес, кыйладан бери көңүлүн алагды кылып, башка жолго жетелей баштаган кыялы себепкер болчу.

“Канча жылдап догдурдан догдурга, табыптан табыпка барып, дартына дабаа таппай айласы кетип, ушундан бир натыйжа болор деген үмүт менен тоого келген. Жолдошунун арты менен курорттордон деле калган жок. Догдуру деле, табыбы деле ден соолугуң ордунда, төрөйсүң дешет. Канчасы боюнда болгонго жардам берем деп акчасын алганы менен, эч кандай жардам бере алышкан эмес. Турмушка чыккан сегиз жылдын ичинде сексен жолу көрүндү го. Бирок бир майнап чыкпай койду. Жолдошу “сен да көрүнсөңчү” – деген сөзүнө кулак салбай койгон”.

Карлыгач Соорондун экинчи аялы болчу. Анын төрөй албай жүргөнүнө күйөөсү капа болчу деле эмес. Мурунку аялынан көргөн үч уулу туру эрезеге жетип. Ага экинчи аялынын субай-салтаң жүрүшү жакшы. Жаш, анан сулуу болсо. Келиштире салынган эки кабат үйдүн көркүн ачып турчу сулуу колукту жашы өйдөлөп калган күйөөсүнүн жарпын жазып, эшик кагып кирип келаткан карылыкты алыстатып турушу үчүн керек эле. Карлыгачтын милдети — жарашыктуу үйдүн  көркүн ачып турчу жаркылдаган колукту болуш. Ушуну жакшы аткарса бай күйөөсү ага баарын жасап бермек. Ошон үчүн ал көрөркөз токолунун  эрки менен болуп тоого жалгыз жөнөтүп отурбайбы.

Жакшы турмуш, бардар жашоого коошпой аткан жагдай  Карлыгачтын төрөй албай,  эңсеген наристе үнүн угалбай жатышы болчу. Буга чейин бел оорутуп, кол жоорутпай жетип алган бай жашоонун баасы ушундай катаал  учурга кептелерин ал деле ойлобоптур. Балалуу болсом, наристе үнүн уксам жаркыраган жакшы үйдөгү суздук өзүнөн өзү жоголуп, турмуш-жашоо жакшы калыбына түшөт деп ойлочу. Ошентип  мындан аркы турмушу арасат, эңсегенине жете албай, ыбырсыган сары санаадан жүдөгөн аял тоого келген. Бул жерде ээндик менен тазалыктын кучагында өзүнүн буга чейинки жашоосун электен өткөрүп, мындан ары эмне кыларын ойлоп, турмуштан өз ордун табуунун аракетине киришмек. Жалгыздык деп элеп-желеп болуп атышынын жөнөкөй себеби ушул эле. Ыңаалаган наристе үнүн угуш үчүн ал баарына кайыл болуп, догдур десе догдуруна, табып десе табыпка барып, акыры баарынан үмүтү үзүлүп, мындан ары эмне кылышты билбей турган.

Мына тоо, жылкылар, тигилген боз үй, абасы таза, эч ким жолтоо кылбайт, каалашыңча ойлон, каалашыңча укта, каалашыңча бас. Шаар турмушунан тажаган Карлыгачтын алгачкы үч күнү эңсегендей жакшы өттү. Жалгыздап ээн басып, кыялы менен болуп,  кыйнаган ойлордон арылып, көңүлү жайлана баштаганда ал дагы бир тагдыр сыноосуна кез келди. Шаардагы ызы-чуу, бир калыптагы тажатма жашоодон бир азга болсо да алысыраак болгусу келген селки күн жылууда үңкүрдү үй кылып алган жигит менен кездешип атпайбы.

Баарысы даяр жыргал жашоо менен баарысын өз колу менен жасап, табияттын ээн бурчунда күн өткөрүп келаткан эки жаштын таанышуусунун аягы махабат менен, жөнөкөй кездешүү алоолонгон ашыктыкка айланышы менен бүтүшү керек эле. Чынында эле ошондой болуп чыгат. Карлыгачка Мырзанын жашоосу кызык, таза аба, ээн жер, телефон байланышы жок, кулагы тынч.

Шаардык турмушка көнүп алган эрке келин  “көчмөн” турмушка көнө алабы, дегеле эки жаштын антип тез эле табышып алышы көркөмдүк жагынан канчалык мотивировкаланган – бул азырынча ачык суроо. Эң негизгиси, жаш автор биздин коомдун күрөө тамыр темасын, биртоп талаш жаратчу проблемасын таба алган. “Кандын аксарайында калтырап жатканча, кулдун алачыгында кутуруп жаткан жакшы” принциби бардык эле учурларга, бардык эле жагдайларга туура келе бербейт. Негизи адам коому бар тарабы келишкен ыңгайлуулукка, азыркы тил менен айтканда, цивилизация жетишкендигине умтулат. Жаамы адам коомунун алгачкы жамааттык учурунан берки тарых-ташпиши ушул чындыкты ырастап келатпайбы. Туура, жыргал жашоодон качып, “карапайым” турмуш-тиричилик  издеп, көнүмүш адат-салттарга кашайып каршы чыккандар деле болгон. Бирок алар, адатта, азчылыкты түзөрү башынан белгилүү.

Карлыгач ата-энесинен эрте ажырап, жашоо-турмуштун жыргалына караганда кууралын көп тартып жүргөн чагында атасындай болгон Сооронду өзү жактырып, өзү сүйүп тийген. “Жалаң гана жокчулуктан арыла албай жүргөнүмдө, бирөөнүн мээримине, камкордугуна муктаж болуп турганымда, белек-бечкек берип, жылуу сүйлөп, маңдайыман сылап эркелетип турганында, мен да ашык болдум, сүйүү деген ушул экен дебедимби?!”

Турмушта сейрек кездешчү жаш курагы асман менен жердей айырмалуу адамдардын баш кошуп алуусу, ашыктык отуна кадимкидей жанышы реалдуу турмушта көнүмүшкө айланып бараткан  жосун. Соорон менен Карлыгачтын жашоо-турмушу да ушундай. Элдин көбү Карлыгачтын тандоосун туура деп эсептешет, өз бактысын тапты деп суктанышат.

Ким билет, экөөнүн ортосунда бала болуп, Карлыгач ичине батпай жаткан сүйүүсүн наристеге арнаганда ортодогу  жаш айырма минтип одурайып ачыкка чыгып калбас беле. Сезимтал селки эмнеге бук болуп, эмнеликтен жакшы жашоосун жактырбай, өзүнөн-өзү кысылышын сегиз жылдан бери билбей келбедиби. Көрсө, ал деле башкалар сыяктуу бактылуу болушу, өз теңин табышы керек экен. Жакшы үй, жаңы машине – бардар жашоонун сырт белгилери тагдыр жолу калчанып атканда  эрктүү  адамды азгырбай калат экен.

Буга чейин анын  ич дүйнөсүндө эмне болуп жатканы, сулуу зайып эмнени эңсеп, эмнеге бук болгону эч кимди толгонтчу эмес. Тааныш-билиштерине анын бай турмушта жашаганы, күйөөсүнүн сыйлап-урматтаганы, келиштире салынган үйдүн көркүн ачкан сулуулугу менен жаштыгы ортодогу оңурайган боштукту билиндирбей жаап турчу. “Бардыгы суктанышат: “Күйөөң табышкер… Экинчи аялы болсоң эмне экен? Колунда жок жаш неме менен жашаганча… Улуу болсо да, сый. Сүйүү бар ортоңордо… Кудай эле бербей койду. Жок дегенде бирди төрөп берсең, өмүр бою бөпөлөп  алат…” дешет. А менин ич дүйнөм менен ким эсептешет?!” Карлыгач тагдырына таарына, кимдир бирөөдөн күнөө издеп толгонду.”

Атасындай болгон кишиге баш байлаганы анын өзүнүн гана күнөөсү эле. Апасынан эрте ажырап, атасын жакшы деле билбей таянесинин колунда чоңойгон кыздын тагдыр жолу бойго жеткенден кийин татаалдашты. Таянеси өлгөндөн кийин артынан издеп барса атасы колунда жок, эптеп күн көрүп аткан экен, кайра таякелеринин колуна келип, кийин кафеге пол жуугуч болуп орношот. Ошол жерден күйөөсү менен таанышат. “Анан баары бат эле болуп кетти”, дейт автор. Соорондун экинчи аялына кызыгуусу анын жаштыгы менен сулуулугу болчу. “Кол менен жасап койгондой сымбаттуу мүчөсү, уялыңкы мүнөзү, ичинде арамдыгы жок бала кыялы” Сооронго жагып, ага-тууган, жоро-жолдошторунун айтканына көнбөй, багар-көрөрү жок  сулууга үйлөнүп алган. Бирок “жыл өткөн сайын сонундары таркап, ортодо перзенттин жоктугунанбы, айтор, бири-бирине суук тартып калышкандай… Балдарына шылтоолоп, биринчи үй-бүлөсүнө көп каттточу болду”. Кээде балдарын алып келип алар менен жарпы жазылганын көрүп Карлыгач чоң үйдө өзүн артыкбаш сезип кетет. Андайда “жүрөгү капаска түшкөн чымчыктай туйлап, кайдадыр көкөлөп учуп кеткиси келет.”  Бирок кайда, турмушта өз алдынча кадам таштап, өз жолун таап алыштын ордуна бирөөнүн жылуу уясынан орун тапканына ыраазы болуп жүргөн баёо кыз кайда барат?

Карлыгачтын  ички дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр башталганын, ага себепкер айылдык жигит экенин Соорон да сезет. Боз үй алдында атчан турган жигиттен аялын кызганып, Карлыгачтан жакшы жооп укпай, ал кайра шаарга кетет. Ошондон кийин  Мырза экөөнүн мамилеси ачыкка чыгып, көп балалуу болоруна ишеними артып, бирок да күйөөсүнөн корко берет.  Бирок шаарга келгенден кийин убада кылган айылдык жигит келер бекен деп жол карагандан тажабайт. Көп күттүргөн Мырза өзү менен кошо шаарга жамгырды алып келет. Мырзанын келерин күтүп даяр турган Карлыгач күйөөсүнө кат жазып, сүйүүсүн ээрчип, турмуш жолун башкача баштоого бел байлайт. Шаардык  керемет жашоо аяктап каарман айылга – тоо боорундагы үңкүргө, тынч мейкинде калкыган элет жерине сапар алат.

Капастан чыккан махабаттын сюжеттик схемасы ушундай. Нурайым Шаршенбаева конфликтти ичтен даярдап, окуянын кульминациялык чечилишин ынанымдуу түзө алган.  Катаал турмушка айласыз көнүп, андан өзүнө тиешелүү орунду табыш айылдык баёо кызга биралдын жеңил, экинчи жагынан оор болгонун автор психологиялык ыктуу деталдар аркылуу бере алган.

Ким билет, Карлыгач ата-энесинен эрте ажырап, оор турмушка бала кезинен туш келбесе ал деле башкалардай чечкиндүү, өз турмушун эртерээк таап алар беле? Каргадай кезинен катаал жашоо-турмушка туш келип,  жакын адамдарынан эрте ажырап, турмуштун оор жүгүн өз алдынча тарта баштаган кезинде атасындай улуу кишиге жолугуп, анын жакшы мамилесине эрип, тагдыр жолун эч ойлонбой ага берип койгон. Непадам, мына ушул ортолугу алыс эки муун өкүлүнүн ортосунда бала болуп калса Карлыгач бактысын башка жактан издемек деле эмес. Андайды ойлобойт да болчу.  Бирөөнүн экинчи аялы деген шылдың сөзгө деле терикмек эмес.

Баласына каниет кылып, бул жашоодон таппай калган бактысын  наристесинен таап, оор санаага батпай жашай бермек. Бул жагынан алганда, перзенттүү болуу  Карлыгачтын жашоо-турмушун аныктаган өзүнчө моралдык-этикалык чен-өлчөм болуп калган. Ал мындан кийинки тагдыр-жолун ушуга байлап, ошону менен жашап калган.  Адам жашоосундагы мына ушул уңгулуу маселе автордун “Наристе үнү” новелласында дагы тереңдетилип, конкрет өң-түс алган. Ушул эле тема автордун дагы “Жолугуу” деген аңгемесинде кыйла ачык берилген.

“Наристе үнү” аңгемесинде бул дүйнөгө келе элек түйүлдүктүн дүйнө кабылдоосу алдыңкы планга чыккан.  Баланы төрөгүсү келбеген эне, анын толгон-токой каршылыктарына карабай жарык дүйнөгө келген нарситени башка бирөөнүн багып алышы, кийин өз апасы келип, бирок баласынын оорулуу экенин билгенден кийин кетип калышы баяндалат.

Турмуштун дагы бир парадоксу – бала оорулуу эмес эле, багып алган апасы “күкүк энени”  сынаш үчүн таап алган амалы болчу. Бирөөлөр балага жете албай зарыгып жүрсө, бул жерде бейкүнөө наристени жериген күкүк эненин трагедиясы алдыга чыккан. Карындагы баланы кандай да болсо жок кылуунун толгон-токой амал-аргасын жасаган аял айласыз төрөлгөн баласын бирөөгө таштап кете берет. Арадан эки жыл өткөндөн кийин баласына кайрылып келет. Бирок баланын өз апасы бар болчу, жеңил ойлуу аялга жаны менен бир болуп калган баласын ал бермек эмес.

Нурайым Шаршенбаеванын аңгемелеринде эне менен баланын мамиле-катышы дайыма башкы орунда турат.  Энесин кагып-силккен мерез уул “Байбиче” аңгемесинин сюжеттик негизин түзсө, “Даракта” адам менен табияттын ата-баладай ынак мамилеси алдыңкы планга чыгат.  Ал эми “Жоодар”  аңгемесинде жетим баланы багып алгысы келген боорукер адамдын аракети баяндалат. Адам жашоосунун татаалдыгы, бир келген өмүрдү татыктуу жашоо идеясы “Ак-кара” аңгемесинин квинтэссенциясын түзөт.

Үстүрт сыпаттамадан байкалгандай, Нурайым Шаршенбаеванын аңгемелеринде адеп-ыймандык проблемалар козголот. Алардынайрымдарында конфликт сюжеттик фабулага гана негизделсе, айрымдарында психологиялык жагынан кадыресе чыйрак чечмеленет. “Ак-кара” аңгемесиндеги Жолчунун образы тууралуу ушундай пикир айтса жарашат. Автор Жолчунун моралдык жагынан кедеринен кетүүсү бала кезинен башталып, кийин убакыт өткөн сайын ал күчөп отурганын, жакын досу делген Акыл менен атаандаштыгы акыры барып душмандыкка алып келгенин, ич тардык кылмышка түртүп, жыйынтыгы досунун өлүмү менен аякташы көркөм-психологиялык жагынан ынанымдуу  мотивировкаланган. Кылмыш эртеби-кечпи жазаланышы керек. Жыйынтыгында досун өлтүрүп, кылмышын элден жашырып койгон Жолчу каргашалуу жерден ажал табат.

Нурайым Шаршенбаеванын аңгемелеринин текши баарын мыкты деп айтыш кыйын. Автор азырынча изденүү жолунда барат. Андайда ийгилик менен мүчүлүштөр эриш-аркак жүрөрү талашсыз.  Жаш автордун мүчүлүштүктөрүнүн орчуну деп жалпы адабий билимдин аздыгын белгилөөгө болот. Дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрүн окуп, өздөштүрүп, анан да алардын биртобун кыргыз тилине которуу жаш авторлорго тажрыйба топтоонун ири мектеби болуп берер эле. Баштагыдай чыккан китептердин кыйласын талдоого алып, ийгилик-кемчиликтерин айтып турчу адабий сын жок, бул жаатта аракет кылып жүргөндөрдүн көбү баам сыртында калып калбадыбы.

Жаңы заманда адабий чыгармачылык социализм заманындагыдай материалдык туйтунуу, окурман журтуна таанылуунун ыктуу жолу болуудан калган. А бирок ага карабастан, ушу заманда деле мына ушул  түйшүгү түмөн ишке чарпылгандар көп. Мындан келди көркөм чыгармачылыкка коомдук муктаждык болгону үчүн, жазылгандардын биртобу окурман журтун таап атканы үчүн улут адабиятына жаңы муун келип, көркөм сөз өнөрү  башка рухий формалар катарында өмүр сүрүүдө. Мамлекет  тарабынан баштагыдай көңүл бурулбай, улут адабияты өзү менен өзү болуп калган кезде канча каражат коротуп китеп чыгаруунун, убактты-саатты кетирип чыгарма жазуунун  кажаты канчалык деген суроо мындайда жаралбай койбойт экен.

А негизи ар бир жаңы адабий муун өзү жана мезгили тууралуу айтып бергиси келет. Мына, доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов карама-каршылыгы көп өткөн кылымдын драмасы менен трагедиясын кемелине келтирип жазып берди, анын тереңде катылган маанилери менен көркөм сырларын ачуу улам жаңы муундун энчисиндеги иш болуп кала бермекчи. Жаңы муун Чыңгыз Айтматов баш болгон улут адабиятынын таанымал классиктеринин көркөм дүйнөсүн терең аңдап, андан өздөрүнө сабак алышы абзел.

Улуттук сөз өнөрүнүн бу кезге чейин көркөм-эстетикалык тамыры кенен жайылып, реалисттик өнүгүү жолун андан ары улоо кийинки муундун милдети.  Шүгүрчүлүк, улут адабиятында жетиштүү көркөм тажрыйба, реалисттик  салт топтолуп, бир учу дүйнөлүк көркөм ойлоонун үлгүсү дегидей деңгээлге жетип калбадыбы.

Жаңы муун социализм деген карапайым калктын таламын талашкан, экинчи жагынан анын чыгармачыл жөндөм-шыгын, чек дегенди билбеген фантазиясын тизгиндеп, баарын кожогой идеологиялык калыпка салып башкарууну, көзү жеткен жердин баарын тескөөнү жакшы көргөн коомду билбей чоңойду. Акча менен материалдык дүйнөнүн культу апачык даңазаланып, коомдук кыйма-чийме татаал байланыштардын так чокусунда капитал турарын айгине кылган коомдун балдары көркөм чыгармачылыкка баш багууда. Мурдагы замандын кыбыр  эткенди кылт эттирбес адабий цензурасы, андан өткөндү идеологиялык калбырына салып ийлеп ийчү адабий сыны жок, ээн-жайкын, чыгармачылык эркиндикке үмүт арткан кызыктуу мезгил келбедиби.

А бирок ал эркиндиктин артында талабы күч окурман деген журт туру, ал баарын тандап, көңүлүнө жакканын гана сатып алаары, адабий чыгарма деле катардагы товарга айланып, анын тагдырын жазуучулук шык-жөндөм менен кошо олчойгон каражат чечип калганы ушу азыр эч кимге талашсыз чындык. Парадокс дейбизби же дебейбизби, бирок да бу заманда китеп көп, окурман аз.

Чыгарма ириде мазмунуна төп келиши керек. Адабият өнөрүнүн мына ушул “азбукасын” кайталап отуруштагы максат, кийинки кездери көркөм сабаттуулук деңгээли аябай эле түшүп, орфографиялык, стилдик оркойгон катасы менен чыккан тексттер жайнап кетти. Булардын баары адабиятка карата ишеничти мокоткондон башкага жарабайт. Китеп чыгаруудан мурда ошол окурман журтун сыйлап, көркөм тексттин эстетикалык, андан кем калбаган техникалык талап-шарттарын бекем сактап, китеп деген атка татыктуу  туундуларды сунуш кылуу зарылдыгын айрым жазмакерлер жадынан чыгарып койду окшойт.

Канткен менен, сөз эркиндигинин шартында нукура көркөм дөөлөттөрдүн жаралышына, көркөм текст жаратууга кызыкдар инсандардын текши баарына кенен жол ачылды. Коммунисттик доордогудай идеологиялык көрсөтмө, Ленинди, коммунисттик партияны, эмгек адамын гана даңазалайсың деген тапшырма жок чыныгы чыгармачылыкка дурус дегидей шарттар түзүлдү.

Албетте, базар экономикасынын шартында китеп деле кадимки товар катары жалпыга улам-улам жарыяланып, элге эчен ирет тааныштырылып турушу керек, ансыз анын өтүшү кыйын. Буга кошумча, чыккан китептин көркөм наркын бажырайта ачып берчү, анын улут адабиятындагы ордун аныктап берчү “кыймылдагы эстетика” турушу керек. Азырынча бул иштер кенен жолго салына элек, китепти жалпы окурмандарга жарыялоо жумуштары басма тармагынын, кызыкдар автордун милдетине айлана элек. Саман-топону аралаш бапыраган китеп базарынан ушу тапта мыктысын, көркөмдүк  талапка жооп берчүсүн, массалык адабияттан айырмалуусун табуу кыйын.

Убакты-сааты келгенде, ички муктаждык кыстай баштаганда мунун баары аз-аздан жолго салынып, көркөм адабият деле коом турмушунан өзүнө тиешелүү ордун табарына ушу кезде адабий сынды жандандыруу, китеп жарыясын  жалпыга жеткирүү аракетинен улам “көч жүрө-жүрө түзөлөт” накыл кептин тууралыгына ишенич артууда.

Адабий процесстин учурдагы абалын талдоого алган пикирлер мезилдүү басма беттеринде жарыялана баштады. Баарынан да, адабий кечелер уюштурулуп, адабий басылмалардын айрымдары кайра чыгып, көркөм процесстин көп түстүү агымы баштагы калыбына түшө баштаганын айтпайсызбы. Улут адабиятынын биртоп проблемалары социалдык тармактарда козголуп, автор менен окурмандын “түз байланышы” аз-аздап калыптанууда.

Нурайым Шаршенбаеванын жазгандары алгач мына ушул социалдык тармакка жайгаштырылып, ушул жерден көптөгөн окурмандарын табууда.  Заманбап технология шартындагы бул форманын ийкемдүүлүгү окурман менен түз байланыштын болгонунда.  Жарыяланган чыгарма жайында окурман пикирин ортого салып, кээде ал чыгармачылык талашка айланып, жаңы туундунун “базар баасы” жеринде эле бычылып, аныкталып калышын жаман деп айта албайсың. Жаңы заман шарапаты деген ушул.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.