Марий эл жомогу: Жезкемпир жана кыздар

Бир жолу үч эже-сиңди токойго кулпунай тергени барып адашып кетишет. Алар түнт токойду аралап жүрүп отуруп бир жыгач үйгө келишет. Бул үй Вувер-кува аттуу жезкемпирдин үйү болчу. Кыздар аны билбестен ичине кирип, чарчагандыктан уктап кетишет. Ушул учурда Вувер-кува келип аларды кармап алат да, караңгы бөлмөгө камап коёт. Ал кыздарды семиртип жемей болуп, жалаң жаңгак берип бага баштайт. Корккондорунан семирбей койбосун деп кыздарга жакшы мамиле кылып, күн сайын аларды эркелетип, эт алганын билиш үчүн дене-бойлорунан кармалап көрүп турат. Жезкемпирдин бул камкордугуна […]

Роальд Даль: Мелдеш

АҢГЕМЕ Саат алтыга жакын, бассейнди тегерете тизилген чатырчалардын астындагы аппак столдордун биринде олтуруп, сыра ичип, таза абада эс алгым келди. Бакчанын арасындагы бардан сыра алдым да, бакчаны аралап столдордун бирин көздөй жөнөдүм. Бакча ажайып эле: чөбү тегизделип чабылган жашыл аянтчалар, азалия гүлдөп турган клумбалар, алардын тегерегинде өскөн бийик кокос пальмалары алда немедей көрүнөт. Катуу шамал пальмалардын баштарын ары-бери ыргалтып, жалбырактар жалындап күйүп жаткан сыяктуу шабырттаган үн чыгарышат. Жалбырактардын арасынан күрөң түстөгү салаңдаган чоң мөмөлөр көзгө урунат. Чатырчалардын алдында капкара болуп […]

Гүлжигит Исаков: Кадрдык саясаттагы деградация

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка жеткенине 27 жыл болду. Советтик доордогу жетишкен кадрлардын сапаты жана күүсү менен 2000-жылдарга эптеп жеттик. Бирок андан кийинкиси баарыбызга маалым. Жетиштүү деңгээлдеги жаңы, мамлекетчил кадрлар өсүп чыккан жок. Кошуналарыбыз Казакстан жана Өзбекстандагыдай «Болашак», «Келачак» сыяктуу программага окшоп, четте билим алгандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик кызматка тарткан жок эч ким. Билим алып келгендер мамлекетке иштебей койсо, ал өлкөлөрдө мүлкүн конфискациялаганга чейин барышат экен. Бизде Гарвардды бүтүрүп келсең деле бааланбайсың. Анткени коррупциялык системага ыкташа албаган «АШЫКЧА КҮБӨЛӨРДҮН» (баш оорунун) […]

Дооронбек Садырбаев: Ажырашуу

АҢГЕМЕ Бирөө аябай көкүтсө керек, менден көңүлү сууп, ак кар-көк музга айланып алгансып, күндөрдүн биринде эле Букешимдин сиркеси суу көтөрбөй зиркилдеп калыптыр. — Жетишет! — деди ал чырайлуу жүзүн мисирейтип. — Мындан ары чыдай албаймын! Тойдум ушундай тириликтен! Он гүлүмдөн бир гүлүм ачыла элек жатып солуй турган болду. Сага кор болгон кайран гана өмүрүм. Кайран гана… «Э-эй, укмушуң кургурдуку! Мурда биздин үйгө баш бага элек мындай чоочун сөздөр каяктан келип калды экен? Букештин минтмей адаты жок эле го? Кой, байбичемдин […]

Депрессиянын беш белгиси

Саламатсыздарбы! Менин аты-жөнүм Константин Шереметьев, мен жыйырма жылдан ашык убакыттан бери адамдын интеллектисине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. Бул материалдардан сиздер коркунучтуу психологиялык абал — депрессиянын жөнөкөй беш белгиси менен таанышасыздар. Депрессиянын коркунучтуу жагы – ал байкалбай башталып, акырындап көбөйүп, көп жылдар бою топтолуп, акырында болгон күчү менен сокку урат… Бул баалуу маалыматтарга ээ болуу менен депрессиядан өзүңөрдү жана жакындарыңызды сактап калуу мүмкүнчүлүгүн аласыз! Аяк жагында кичинекей тест, сиздин учурдагы психологиялык абалыңызды аныктоого көмөк болот. Анда эмесе баштадык. Окугандарыңыз пайдалуу болсун! […]

Кожогелди Култегин: Карыялар каякта, карыялар?

Кыргыз акын-жазуучуларынын көбү маек курганга келгенде өтө чоркок, өтө мажүрөө, өтө маани-маңызсыз аңгеме-дүкөн курганга көнүп алышкан. Өздөрүнүн чыгармачылык өмүр-жолун таржымалдап берүүдө ымандай сырын анардын ширесиндей чачыратып айтып бергендери чанда. Көпчүлүгү өздөрүнүн кургак насааттары менен окурман журтун карк кылып тойгузганга көнүп алышкан. Кээси оозун ачканда эле кудум илгерки компартиянын кызматкери же дүйнөнүн классик жазуучуларынан бетер чычайып, ошолордун «позасына» кирип, элге акыл үйрөтө башташат… Ал эми биздин бүгүнкү мейманыбыз – Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин андай сөзү кургак акын-жазуучулардан эмес. Өзүнүн жүрүм-туруму, […]